Урматтуу «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандары жана күйөрмандары! Баарыңыздарды 1-октябрь (жекшемби), саат 11-00дө боло турган адабий-музыкалуу салтанатыбызга чакырабыз! Каалоочуларга кирүү акысыз!

Бир жылдык тушоо кесүү аземибизде жазма акындардын бирден тандалма ырлары окулат. Ошондой эле төкмө акындардын алым сабак айтышын жана жазма акындар менен төкмө акындардын өнөр таймашын көрө аласыздар. Кечебизде таланттуу өнөрпоздор Элмирбек Иманалиев, Асылбек Насирдинов, Бакыт Капаров, Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Болот Назаров, Асылбек Маратов, Чыңгыз Кожошов, Кадырбек Бейшенов, Элзада Нарынбаева жана Роман Чыныбаев сымал таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ошондой эле Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» жана Ишенбай Абдуразаков атындагы
«Рухий эш» наамдары кимдерге тапшырылаарына күбө болосуздар. Салижан Жигитов менен Ишенбай Абдуразаков атындагы наамга татыктуу делген эки адамга 100 000 (жүз миң) сомдон 200 000 (эки жүз миң) сом байге жана атайы статуэткалар тапшырылат.

Бул иш-чарадан сырткары жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» аттуу китебинин бетачары белгиленет.

Маданий иш-чарабыз «Манас» кинотеатрынын чоң залында өтөт (1-октябрь, саат 11-00дө). Ага дейре саат 10-20да кинотеатрдын алдында акын-жазуучуларыбыздын китеп көрсөтмөсү уюшулат. Андыктан китепкөй окурмандарыбыз бул иш-чарага кайдыгер карабайт деген ишенимдебиз…

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.