Бразилия жомогу: Адамдын жашоосу

Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир. Алардын ар бири адамдын жашоосу дал өзүнүкүндөй болушун каалашыптыр. Таш мындай дептир: — Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт. Камыш каршы чыгат: — Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам. Таш: — Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды дагы тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин жашоом […]

Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы менен Эмил Шүкүров сыйланды

«РухЭш» сайтынын бир жылдык тушоо кесүү аземинде аталган сайттын «Чеч-Дөбө» кеңеши тарабынан мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы менен география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүров сыйланды. О.э. «Руханий эш» наамынын лауреатына 100 000 (жүз миң) сом жана атайы статуэтка менен диплом ыйгарылды… Сыйлык тапшыруу аземинде аталган сыйлык кандай критерийдин негизинде тапшырылгандыгы туурасында «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү, Назгүл Эсенгулованын баяндамасын орус тилинде сунуш кылмакчыбыз…    Уважаемые гости, дорогие друзья! Сегодня мне выпала огромная честь представить Вам человека, […]

Аскер САКЫБАЕВА: Нарын Айып – Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгынын алгачкы лауреаты

«РухЭш» сайтынын бир жылдык тушоо кесүү аземинде аталган сайттын «Чеч-Дөбө» кеңеши тарабынан белгилүү адабиятчы жана коомдук ишмер, залкар окумуштуу Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамы менен белгилүү публицист Нарын Айып сыйланды. О.э. «Улут абийри» наамынын лауреатына 100 000 (жүз миң) сом жана атайы статуэтка менен диплом ыйгарылды… Сыйлык тапшыруу аземинде аталган сыйлык кандай критерийдин негизинде тапшырылгандыгы туурасында «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү, белгилүү журналист Аскер Сакыбаеванын баяндамасын окурмандарга сунуш кылмакчыбыз…    Кыргызстандагы адам укугу, сөз, ой эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу укуктар үчүн […]

Аман САСПАЕВ: Ымандай сыр

АҢГЕМЕ Жаңы көчүп келген туугандардан (бири узун бойлуу, бири жапалдаш) эки жигит көрүшпөгөнүнө бир нече жыл өткөндөн кийин гана айылдык советтин конторасынын алдынан жолугушту. Мурда, жапалдашы «Аксай» сокосунун туткасын карыштыра кармап, алды жагында илбий баскан эринчээк алты өгүздү «соп-соптоо» менен жүргөн. Ал эми узун бойлуусу болсо, түн баласы уйку көрбөй, жылкы кайтарып, кокту-колоттордун түнкү кожосу болгон. Экөө тең бир айылда бирге ойноп, бирге өскөндөрдөн. Капысынан кезиге кеткен достор көрүшкөнүнө катуу кубанышты. Тышкы кебетелеринин, ачыгын айтканда, кийимдеринин бүт өзгөргөндүгүн көрүшүп, ички […]

Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынын кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбековго, Боршайкомдун Төрайымы Н.Шаилдабековага, КР Башкы Прокурору И.Жолдубаевага, КР Өкмөтүнүн Премьер-министри С.Исаковго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө… Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге кайрылуу менен биз учурдагы кызмат абалына карата 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө түздөн түз милдеттүү, ошону менен бирге өлкөнүн келечеги үчүн жоопкер мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылып жатабыз. Шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде, жергиликтүү тургундарга жана бюджеттик мекемелерде иштеген адамдарга административдик кысым көрсөтүлбөй, “ыплас технологиялар” жана добуштарды сатып алуу […]

Нуралы КАПАРОВ: Достошкон дөөлөр (поэма)

(Досторум Табылды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеевге) Эски деп, жаңы дешип, эки заман элдешип бириге албай, жөнүкпөй жол талашып жүгүрө албай, жөөлөшкөн эрлеринин арасында жөө калган Кыргызстаным тириге албай, бирине бири душман айгак чыгып, жаңы жол эски жолдон тайгак чыгып, жаккан оту «жалп!» өчүп чоктоно албай, ынтымагы ыдырап токтоно албай, ырыскысын ыркырап бөлө албаган, достор чыкты бир бирин көрө албаган, жорголор жорток болуп жоор түшүп, биринин ийгилиги бирине оор түшүп, бирин бири көрө албай түтөгөндө, ичи тар деген илдет, көрө албас […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Айыл сүртүмдөрү

Бир карасаң айылда турмуш илгерки түссүз кино сыяктуу, көңүлсүз, бир кылка өтүп жаткандай. Тээ илгери бир чала-була шаар көрүп калган жаш жигиттен: — Кандай, айыл-апа аман жатабы, жашоо кандай? — десе: — Айылда жашоо кандай болмок эле, эртең менен корову проважаем, кечинде корову встречаем, — дегенин уктум эле. Шаардагыдай эс алуучу жайлары, көчө толо кыздары жок болсо, эртең менен таң атпай уйду бадага кошуп, кечинде казылып жаткан картөшкө жеп ичи көөп өлбөсүн же огородуна кирсе бирөө айры менен жара сайып […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Чыныгүлдүн чындыгы же «Кызыл өрүктүн» данеги тууралуу сөз

Топчугүл Шайдуллаеваны коомдогу талылуу маселелерди иликтеген социолог, изилдеп аныктаган фактыларын кургак стилдеги илимий баяндама же расмий отчёт түрүндө чаң бастырып койбостон таасирдүү макалаларды жазып, элге жеткирип келген публицист катары сыртынан таанычумун. Жакында жарык көргөн «Кызыл өрүк» жыйнагын окуп чыгып, бул эженин жазуучулук таланты да бар экендигине ынандым. Китепке киргизилген эсселерин, публицистикалык макалаларын окуганда, автордун көркөм чыгармалары менен өзөктөштүгү – алардын негизин турмушта анык болгон, реалдуу окуялар, көрүнүштөр түзгөндүгү байкалат. Т. Шайдуллаеванын чыгармаларынын баары көлөмү чакан, тексти да негизинен жөнөкөй сүйлөмдөр […]