Бир карасаң айылда турмуш илгерки түссүз кино сыяктуу, көңүлсүз, бир кылка өтүп жаткандай. Тээ илгери бир чала-була шаар көрүп калган жаш жигиттен:

— Кандай, айыл-апа аман жатабы, жашоо кандай? — десе:

— Айылда жашоо кандай болмок эле, эртең менен корову проважаем, кечинде корову встречаем, — дегенин уктум эле.

Шаардагыдай эс алуучу жайлары, көчө толо кыздары жок болсо, эртең менен таң атпай уйду бадага кошуп, кечинде казылып жаткан картөшкө жеп ичи көөп өлбөсүн же огородуна кирсе бирөө айры менен жара сайып салбасын деп ата-энеси күндө какшап, көчөнүн башына күндө барып уюн тоскондон тажап айткан сөзү да. Бирок үңүлө карасаң айылда деле көп кызыктар кезигет. Негизи кыргыздар кызык эле элбиз. Ар бирин бирден карасаң терс кыял, терс аяк, өз билгенин бербеген тежик адамдар. «Кой аксагы менен миң” дегендей, чогулуп келип эле карапайым, жөнөкөй, кең пейил, бала кыял бир сонун эл болуп чыга келебиз. Алыска барбай эле өзүмдүн айылымдан эле баштайынчы.

Биссимилда деп көчөнүн башынан ылдый түшөлү. Ырысбай деген байкебиз бар. Ал кара жумуштун балбаны, таң атпай туруп малын жайытка айдап коюп, үйүнө чайга кирбей түз эле дүкөн тарапка жөнөгөнүн көрөсүң. Уйлары бададан келгенче үч жолу мас болуп, үч жолу соолугат. Аракка өз чөнтөгүнөн бир тыйын чыгарбай ичкенге маш. Кызыгы, ал бирөөгө кадырын салып алып бер деп айтпайт. Бирөөнүн  бададан качкан уюнун дарегин айтып таап берсе, бирөөгө капыс жерден эле жолугуп, автобустан көтөрө албай келаткан чаар сумкасын ээрине кыйшая отуруп  жеткиришип коёт. Дагы бирине келини төрөп сүйүнчү маңдайына батпай, сапырылып чачылып турганда жолугат. Айтор, качан болсо жолдуу, дайым бир себеби табылып “сыйдын” үстүндө. Кечинде сопсоо, малын жайлап жүргөнүн көрөсүң. Кудай таала ага ден-соолукту ченебей эле бериптир. Болбосо максымды ачуу деп ичпей, ысык күнгө чыкпай көлөкөлөп, алакан жоорутуп жумуш кылбай өз жанын дегеле кыйын караган адамдар деле онтолоп ооруп, гаймарит, гастрит деген «иттердин» түрлөрүн жабыштырып жүрүшпөйбү. Агын, кызылын, башында шариги бар импортун, жылтырак целлофан жоолук салынган самопалын, манты казанга кайнаткан самогонун деле ылгабай соккон Ырысбайдын бир  эле эртең мененки баш оорусунан башка оорусу жок.

Ал көнүмүш оорусунун дабасын өзү жакшы билет. Сопол куйрук тору аты да көнүп бүткөн, кайсыл үйдө той-топур же жөн эле көңүлдүү отуруш болуп жатканын издегенсип, кудум илгерки бригадирдин аты сыяктуу киши көрүнсө тык токтоп, ачык дарбаза көрсө ээ бербей кирип барат. Аялы болсо бир күнү көлдө, бир күнү Чүйдө. Жок болбой калды дегенде, айылдын аягына чейин түрө кыдырып, жок эле дегенде алты үйдөн чай ичип келгенге үлгүрөт. Экөө аш-тойлордон эле бирге боло калышпаса, чогуу жашайт деп айтыш да кыйын аларды.

Андан ылдый түшсөк Кулболду. Бул кишинин колунан көөрү төгүлгөн уста. Үйүнүн тегереги, илгери мектептин жаныдагы тапшырма алып, кызыл жагоочон пионерлер ар кайсы жерден терип келип чогулткан темир-тесектен кем калышпаган, шамалга калган чөмөлө чөптөй чачылган темир. Темир анын оорусу. Тээ, Сталиндин заманындагы станоктон баштап, бутуна чалынган дат баскан зымдан бери кыя өтпөй чогултуп алган. Андан бир дат баскан чулку темирден көрө, кой же жылкы сурап алыш оңой.

Акын-жазуучулар менен усталарга тиешелүү ит мүнөз бул кишиде да бар. Башкалардын кылганын өлүп баратса да жактырбайт. Бир кыйшыгын сөзсүз табат. Анан кежирлигин айтпа. Айтканын бербей оң жыгыл десең, тетир жыгылат. Сырын билгендер бир жума мурда жакындап, жерге-сууга тийгизбей көкөлөтө мактап, алып берчүсүн алып берип, куюп берчүсүн куюп берип, анан барып керектүү жумушун бүтүрүп кетишет.

Ал эми анын кошунасы Токберген алдында темир эмес ат башындай алтын жатса да байкабай өтүп кете берген ток пейил, сөз кадырын билген, даамдуу, кызыктуу  сөздү чыкса анын артынан кууп Ат-Башы, Нарын, Ташкент, Таласка чейин болсо да ээрчип кете берген, өзү да куюлуштуруп сүйлөгөн сөзмөр, куудул адам. Анын Аякбек деген ити тууралуу аңгемеси кызык. “Жаш кезимде бир овчарка түспөлдөшкөн күчүк бактым дейт. Ал кезде өзүм дагы ошол күчүгүмдөй оюнга тойбой турган убагымда, баягы күчүгүмдү кинодон көргөн чегарачылардын иттериндей акылдуу кылып чоңойткум келет. Апамдын жапкан нанынан уурдап алып, күчүктү үйрөтө баштадым. Калпагымды ыргытам, алып келет. Нандан сындырып берем. Куйругун шыйпаңдатып сүйүнүп калат. Таяк ыргытам. Бир заматта алып келип, чокчоюп отурура калып кайра нан сурайт. Ал антсе мен сүйүнүп калам. Иши кылып жайлата күчүгүм жакшы эле үйрөнүп, кээ бир нерселерди өзү эле тиштеп келип алдыма таштачу болду. Кызыктын баары кышында башталды.

Ал кезде айылда башкарма менен мектеп директорунукунан башка үйдө даараткана жок, кайсы үйгө барба, үйдүн артындагы тапталган аппак кар ар кай жеринен сары жамаачы болуп оюлуп, саңырсып турар эле. Аял, эркек дебей суурлар кишинин дабышын сезгенде эки бутуна тура калып, тегеректи алаңдай карап, ийнине секирип кирген сыяктуу, эки жакка тез көз жүгүртүп, тамдын түбүнө шып отура калып ишти бүтүрүп, күндө келчү газетадан же эски китептен айырып алып тазаланып туруп кете беришчү.

Бир жылдары жайдын чилдесинде байкемдикине казак досу конокко келип, байкабай өсүп турган чалкан менен аачып алып: “Ой-бай онагуңар шагатын чөп гой”, — деп бакырганы эсимде. Жарым метр жерди чукуй коюп, кылтылдаган эки тактайды таштап, тал-теректен жонуп жасаган төрт казык орнотуп, мүшөк менен же совхоз сарайдын үстүн жапкан кара кагаздан сыйырып келип, белден ылдый жагы жабылгандай тартылган, тамекини буркурата тартып, ары-бери өткөндөр менен саламдашып коюп, жайбаракат отурчу дааратканалар кийинчерээк пайда болду го.

Ал кез бир кенен заман экен да, азыркыдай жесең да, сийип-чычсаң да акча төлөмөй учур келерин үч уктасаң түшүңө кирчү эмес. Кыскасы, жай бүтүп, күз узап, кычыраган кыш да келди. Ал кездерде суук да катуу болчу эле. Күндө эртең менен турсам эле баягы үйрөтүлгөн “окумуштуу күчүгүм” калдайып тоңгон бокторду эшиктин алдына жыйып коюп, чоң олжо алып келгенсип шыйпалаңдап турчу адат тапты.

Өзүбүздүкү аз келгенсип, аркы-берки кошуналардыкынан бери ташыйт десең. Урсам да ал адатын таштабай, кыштата бок чыгарып чыктым. Жазга жуук совхоздун белдүү чабанынын бири Жумгал таякем келип: “Кой көк кууп, кыйкырсаң да укпас болду, алдагы итиңди мага бер кой айдачудай кейиптенет”, — дегенин андан кутула албай жүргөн жаным, ичимден кымылдап, кармап байлап бердим. Таякем шашма киши эле, итти жетелеген боюнча зым менен тосулган корукту карай жөнөп узап бараткан, бурула калып итиңдин аты эмне? — деп кыйкырды. Мен: “Таяке, аяк бек, бери бастыр”, -десем болбой эле зымды аты менен жөөлөтүп өтүп кетти.

Кийин барсам баягы итимдин атын Аякбек коюп алыптыр. Көрсө, менин аяк бек, жол жок дегенимди чала угуп, иттин атын Аякбек деп ойлогон экен. Токбергендин аялы Какиш апа да жолдошундай шайыр адам. Бир жолу Токберген той бербейби. Тойго чакырылган Какиш апанын инилери кур келбей бир 5-6 айлык торпок жетелеп келишет. Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, тойдон жарым айча өткөндөн кийин корукта аркандалып турган баягы музоонун жанында кошуна айылда турган кыргыздын түшүн жоруган Жорка деген орус айланчыктап жүрөт.

— Бул менин музоом, — дейт Жорка Токбергенге.

Аңгыча ары жакта жүргөн Какиш апа жүгүрүп келет.

— Ой Жорка, бул менин инилеримден тойго түшкөн кошумча, кандайча сенин музооң болуп калат экен ал?

— Байбиче, экөөбүз катар туралы да музоону чакыралы, кимибизге келсе ошонубуз алалы, макулсуңбу?

— Макулмун, ой чал, музоону агыт, — дейт Какиш апа.

Музоону бошоткондо Жорка:

— Зойка, ко мне, — деп алаканын шакылдатса, музоо ага жүгүрүп келбеспи. Көрсө, колдон тамак жеп көнгөн неме тура.

Жетимчиликте өсүп, турмуштары алигиче оңоло элек Какиш апа өзү айткандай “эптеген төркүндөрү” кур келгенден намыстанышып Жорканын музоосун жетелеп келе беришкен экен. Какишти шылдыңдашкан абысындарына моюн бербей Какиш апа: “Ошол эптеген төркүндөрүмө рахмат, чогулган элдин көзүнчө торпок жетелеп келип менин арбагымды көтөрүп коюшпадыбы, кимиңердин төркүнүңөр тойго торпок кошту эле. Торпогун таанып алып кетсе ала берсин. Мага алардын торпогунун деле кереги жок, өздөрү аман болушсун”, — деген экен.

Токбергендин мындай аңгемелери ого эле көп, жанына барсаң эриктирбейт. Андан ылдый түшсөк Жылкычы. Аты Жылкычы болгону менен сайдагы балыкты жылкыдан жакшы көрөт. Алибетте, жылкынын казы-картасынан кыя өтпөйт дечи, бирок эрте жаздан кеч күзгө чейин дүкөндүн «современный» узарып-кыскарган кайырмагын асынып, өзүндөй болгон эки-үч фанаттар менен балык уулап жүргөнү жүргөн. Үй ичиндеги жумушту мындай кой, картөшкө чаап-отомой, чөмөлө салып, чөп жыйнамай сыяктуу ички-сырттагы жумуштун баары аялынын мойнунда. Үйүң өрттөнүп жатат десе деле Акинтайым бар деп камырабай кайырмагын салып жүрө берет.

Атасы өлгөндө үч күн балыкка барбай калганын эстеген сайын ичи ачышат. Анын мүшөк-мүшөк кылып кармап келген балыгын Акинтайы эле көрбөсө, башка киши деле көрө элек. Пилдей көтөрүмдүү, нерви кытайдын сепилиндей бекем Акинтайы анын үйдө бар-жогуна көнүп, кожоюнунун аман-эсен жүргөнүнө эле кайыл. Жараткан кудай ушундай талыкпаган күжүрмөн аялга туш кылып, Жылкычынын бактысын ачкан экен. Болбосо окшошконго мушташкан, үшүгөнгө шишиген болуп, биринен бири өткөн жалкоо, биринен бири өткөн кемпай эрди-катындар толуп эле жүрбөйбү.

Жылкычы эми балыгына бара берсин, анын берки коңшусу, Токбергендин тетириси, качан болсун заманына, ушул заманда жараткан атасы менен энесине, аялына, кошунасына, өкмөткө, депутаттарга, президентке, жада калса минип жүргөн атына, кийип жүргөн кытай ботинкасына да нааразы болуп, аларды катуу сынга алып наалып жүргөн Азообайга келели.

Азообайдын жанында жарым саат турсаң, дүнүйө кара түскө боёлуп, асманың кулачудай болуп, бул турмуштан безе качкың келет. Ыйлагың келет. Ушундан көрө тез эле болчу акыр заманы болсо экен деп тиленип да жибересиң. Азообайдын бир нерсеге кубанып, ыраазы болгонун айылдыктар укпаса керек. Киши көргөндө наалыганы менен байкуш, оокаттан башын көтөрбөйт. Балдары жаш, түйшүк көп болуп наалымайы да ошондон болсо керек. Ага салыштырганда Кудабайды турмуш деген зор океандын кубаттуу алп толкундарын тоотпогон аска-зоо экен дейсиң. Кыркка чыга элек жалгыз уулу он эки жолу аял алып, он экисинде тең Ырысбай агасын баш кылып ээрчитип алып “ачуу басарына” барды. Улам кийинки келини менен жашап кетет деген үмүтүн үзө элек.

Анын уулунун он жыл мурун бир айда төрт кыз алып келип кетиргенин уккан, эки аялы кетип, бир аялы өлүп калган элүү жаштагы Дүйшөнбек: “Мен 30 жылда араң төрт аял алдым, мунуңар менин жашыма барганда канча аял алат болду экен”,- деген тура. Дүйшөнбектин айтканындай эле болду. “Ой, Кудабай, бул балаң канчанчы аялы менен жашап жатат?» — деп сурагандарга: “Акыркысы менен”, — деп жооп берип коюп камырабай жүрө берет.

Ушул акыркысынын “ачуу басарына” иниси Курман кошо бармак болуп, кафелердеги тойлорго кийип, кайра катып коюп жүрчү кара костюм шымын кийип жетип келсе, анын шашмалыгы жакпай калган агасы “Сен эми кийинкисине бар”, — деп ээрчитпей кеткенин айтып жүрүшөт.

Наалыса мына ушул Кудабайга жарашмак. Короосундагы 50-60 бодону жалаң кудага барыш үчүн эле камдап, кудага барыш үчүн эле багып жүргөнсүйт. Бир эсептен карасаң, он эки уулу болсо деле ошончо малы кетмек экен да. Эми Тазабекке келели. Эми бул Тазабек ченде жок таза неме. Эшигинин алдына бир тал саман түшсө да кемпирдин алып салма тишиндеги ак тиштердин арасындагы сары тиштей жаркырап, кокустан батинкеңден түшкөн алакандай даңкан, аппак кардагы түлкүнүн богундай болуп көрүнүп калат. Шыпыргы, тырмоо, күрөктү кашык, вилкадан да артык көрөт. Жада калса огородундагы бедесинин арасынан бир тал башка чөп көрбөйсүң.

Кокус бир түп уйгак өсүп калса, аны тамырынан бери казып салып, ордуна беденин уругун таштап, бир ууч кык салып, анан суу куюп коёт экен, шумдук. Бир жылы уругу менин огородума түшөт экен деп кошунасынын кашаасынын четинде өсүп жаткан уйгакты тазалаган жери бар. Жумуштун түрүнө жараша кийчү кол каптары, кийимдери өзүнчө жайда тыкыйып илинген. Кеч киргенде алмасынын арасына дырдай чечинип, майке-турсисинен бери күбүнмөйүн өзүнөн өзү жүдөп, байкабай кумурсканын уюгуна отуруп алган немедей денеси кыбыр-сыбыр боло берет экен.

Калпы-чынын ким билет, бээси чычса, атайын камдап, короосунун устунуна мык кагып илип койгон жумшак чүпүрөгү менен бээсинин көтөнүн аарчып жиберет дешет. Бирөөнүкүнө барса эшигинин алдындагы кол жуугучун карап, анысы бир аз кир болсо болду, чай ичмек турсун нан ооз тийбей баса берет. Жийиркенип жүрүп көп жерден ачка кеткенин көрүп, кээде бооруң ооруйт байкушка.

Тазабектин кылгандарын жактырбай, ага мурун чүйүргөндөр да аз эмес. Андайлардын бири Самтыр. Ал айына эки жолу мончого түшкөн адамга балыкты көргөнсүп карайт. Баягы ыраматылык СССР кулап, дыйкан чарбаларга бөлүнүп, ар бир үйдөн папке көтөргөн башкармалар чыккан заманда, күзүндө айылдын эли эки-үч эсеге көбөйүп кетчү эмес беле. Себеби, ар бир дыйкан чарбасы өзүнө тийген жер үлүшүнүн бир гектарынан кем эмес жерине  картошка отургузуп, мурда алакандай жерге отургузган картошкасын бир жумалап араң жыйнап көнгөн эл, эми жыйым-терим башталганда айласы кетип, шаардагы окуп жүргөн бала-бакырасын, кайын журтун, тели-теңтуштарын, кудаларын, кудаларынын кудаларын, айтор Союз учурунда айлыктарын убагында алышып, кычырашкан маданияттуу, картошканы базарда өсөт деп ойлошкон, күтүүсүздөн төбөң түшкүр капитализм деген немеси келип, кризиске туш болуп, жокчулуктун айынан келип жардам этимиш болуп, кышкы жегидей картошкасын камдап алсак деген шаардык тааныштарын топтоп алчу.

Ошол жылдары элден кем калбай Самтырдыкына да  жардамчылар келип, бир досу  араң жан орусту ээрчите келбейби. Үч күндөн кийин эле Самтыр баягы орусту кет деп кубалап жатканын көргөн досу себебин сураса:

— “Бул энеңди урайын өлө албай жүрүп күндө бутун жууйт экен, аны көрүп алып аялым карачы, тиги орусту, орусча жоксуңбу деп төшөккө жаткызбай жатпайбы”, — дептир. Кой кыркын маалында мунусун кой кырккан кезде, мунусун кечинде кийип жүр деп аялы эки өңү окшош шым бербейби. Бир күнү кечинде жумушчу шымын чечип, “парад” шымын киймекчи болуп караса, эки шымы бирдей, жалтырап чыбаш. Көрсө, эртең менен жаңы шымын которбой кыркынга кирип кеткен экен. Тазабекти балиттике, Самтырды тазалыкка үйрөтүш атты эшекке, эшекти атка айланткандай эле нерсе окшобойбу. Аны Самтырдын аялы кайдан түшүнсүн, эрин Тазабекке салыштырып урушканы урушкан. Самтырдын кошунасы, өмүрү алганын бербеген, «алса бергис»  атка конгон, жүзүн буруп, элден жашынганды билбеген Жакшыбай. Өзү сөзгө чечен неме, алганга келгенде кандай сараң, кандай бекем адам болбосун ары-жак, бери-жагына чыгып жатып сураганын сөзсүз алып тынат. Мурдагы карызын ала албай жүргөн дүкөнчүлөр, ага жаңы карызды кантип берип коюшканын билбей да калышат. Тилинде мээр чөбү бар деп коюшат экен андайларды. Райондогу айыл банкка барсам:

-Женя, когда возвратишь долг? — деп килейген банктын, очойгон орус катыны Жакшыбайдан карызын сурап жатканын көрүп, кайран Жакеңе орусу, кыргызы деле баары бир экен го деп таң калгам. Айылда дүкөнчүнүн бири аны бир ашта жолугуп калып эл алдында уят кылмакка:

— Ой, Жакшыбай,баягы карызды качан бересиң? Үч күндө эле берем деп жалынып жатып албадың беле… Үч күн эмес, үч жыл болду. Уят-сыят деген барбы сенде, десе:

-Байке, ымандай сырымды айтайынбы?

— Ии, эмне болгон сыр экен?

— Байке, ошол карызды сени көргөндө эле эстейм. Акча болгондо унутуп калып жатпаймынбы, — деп элди күлдүрүп кутулуп кетти.

Айылды андан ары аралай берсең басып жаткан тоогунун жумурткасын уурдап дүкөнгө өткөзгөн Эмил, базарга сатам деп барып колунда жетелеп турган  бээсин уурдаткан Доктурбек, сары торпогун өтүмдүү болсун деп чач бойогон боёк менен капкара кылып боёп саткан Мурас, өтүгү эле 2000 миң сом экен, өзүн-өзү актабайт деп аял алгандан качкан карт бойдок Абдыш, колуна тийген кескелдирик жыландар аз келгенсип, секирип бараткан баканын башын чоң өтүгү менен басып, арткы бутун жулуп, канын чуурта жеген ит жээр, бир жээр Дамир, шайлоо учурунда төрт партиянын айылдык өкүлү болуп жазылып, төртөөнөн тең акча жеген Арык, ичип отурган жеринен эле ал тургай райондун ооруканасында жасоого кыйын шишик-пишиктерди бычагын жартылай ичкен арагына чайкай коюп операция жасап жиберчү “айылдык хирург” Мелис, тойлорго чакырылбай барып, бербес улагын кошумчага кошуп, улакка татырлык сый-урмат көрүп, “бир улак” атка конгон Калы, айыл боюнча колунан китеп түшүрбөй окуган, китепкананын жалгыз кардары, китеби менен бирге телевизордун жаагын айрыган Курманбай, өмүрү туз салган сүт чайды да ачуу деп арак ичпей өткөн Шамшы, бою шыргыйдай, өзү ыргыйдай, катуу ичип алып өз үйүнүн короосунан жыгылса башы кошунасынын короосундагы иттин тамак ичкен аягына тийип жарылган куркут Такин сыяктуу биринен бири кызык адамдарга жолуга бересиң.

Бирок эң кызык нерсе — жылына эки-үч жолу болуучу айылдык жыйында болот. Жыйынга буулугуп, ичтерине кара буусу толуп калган, өздөрүн айылдын алдыңкы адамдарынанмын, менсиз маселе чечилбейт деп эсептешкен элүү, алтымыштай улуу-кичүү эркек таналар, арасында буудайдын арасына түшүп калган арпа сымал активист чалыш  үч-төрт аял чогулат. Эки-үч саат адатта шайлоо учурунда, анан ушундай айылдык жыйын болгондо кана ачылчу клубдун ичи, кайнаган казандай боркулдап, айылдын көйгөйлөрү катуу талкууга түшөт. Туура сүйлөгөнү, туурадан чыгып сүйлөгөнү биринин сөзүн бири укпай бир топко ызы- чуу болушат. Баары эле өзүнүкүн туура, башкалардын баары былжырактар деп ойлошот.

Ошентип, жарым жылдан бери чогулган кара буулары чыга баштайт. Нервтери жукалары, кайра-кайра эшикке чыгып, тамекисин алып чыкса, ошону эле күтүп турушкан аңдып келип “атып чекчү” үч-төрт эргул жанында пайда болот. Бул тамекиң да өзүнчө балээ турбайбы. Бир байке айткандай сатып чекме, катып чекме, атып чекме дегендери болот экен. Бир чөнтөгүнө сары чыпкалуу төрө тамекини катып алып, бир чөнтөгүнө сурагандар үчүн махорка салып алгандар, катуу нервденгенде  унутуп калып, катып чекмесин сууруп чыкса атып чекчүүлөр дароо пайда боло калат.

Акыры ызылдашып жатып бир бүтүмгө келишет. Катчысы акыры токтомун токуп, маанилүү иш бүтүргөндөрүнө сыймыктанышып, маашырланышып, майда-майда топторго бөлүнүшүп, бир азы дүкөндүн тегерегинде калып, көпчүлүгү алеки заматта айылдын тарам-тарам көчөлөрүнө сиңип жок болушат. Жыйындын жаңырыгы тез эле тарабайт. Башталган сөздүн аягы көчөлөрдүн күндө чогулуп, жаңылыктар алмашылуучу мерчемдүү бурчтарында, анан  үй-үйлөрдө уланат. Жанагы чогулушта токулган токтомдун тагдыры да ошол жакта чечилет. Бөтөнчө акча тууралуу сөз болсо. Акыркы кездерде эркек башкарган заман аяктап, аял баштаган заман келе жатпайбы. Эри чогулушта айылда курула баштаган спорт аянтчасына же каналды оңдоо үчүн баланча сом бергенге макулдугун берип келгенин чочутуп албайын деп ары-жак, бери-жагына чыгып, талантынын жетишинче жумшактап айтканына карабай, аялы буркан-шаркан түшүп, отуз жыл илгери берген акчасын айыл башчысы жеп алганын эстеп, такай эле элге жедирип жүргөн эринин келесоолугун козгоп барып басылат.

Ак көңүлү кармаса бороондоп барып, элден чыкмак белек деп макул болот, болбосо баш бармагын сөөмөйү менен ортонун ортосунан чыгарып, эринин мурдуна такайт. Мындай көрүнүш бир эле убакта бир нече үй-бүлөдө болуп өткөндүктөн токтом жашоосу туула элек жатып өлдү дей бер. Ошону менен кийинки жыйынга чейин жашоо эч өзгөрбөстөн улана берет.

Ар түрдүү түстөгү айнектин сыныктарын призма менен карасаң көз тайгылткан кооз гүлдөрдү жараткан калейдоскоп сыяктуу, үңүлө карасаң айылдан деле көп кызыктарды табасың, атаңдын көрү, Шайлообек Дүйшеевдикиндей талантым, ошонукундай колго тийе электе эле жоргологон сүрөтчү калемим болгондо ар биринен бирден “Агындыны”жазып салбайт белем. Аттиң, десеңчи.

07.07.16

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.