«РухЭш» сайтынын бир жылдык тушоо кесүү аземинде аталган сайттын «Чеч-Дөбө» кеңеши тарабынан белгилүү адабиятчы жана коомдук ишмер, залкар окумуштуу Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамы менен белгилүү публицист Нарын Айып сыйланды. О.э. «Улут абийри» наамынын лауреатына 100 000 (жүз миң) сом жана атайы статуэтка менен диплом ыйгарылды…

Сыйлык тапшыруу аземинде аталган сыйлык кандай критерийдин негизинде тапшырылгандыгы туурасында «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү, белгилүү журналист Аскер Сакыбаеванын баяндамасын окурмандарга сунуш кылмакчыбыз…   

Кыргызстандагы адам укугу, сөз, ой эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу укуктар үчүн талбай күрөшүп, президенттен да, соттон да жана мамлекеттин башка “танкаларынан” да коркпой, өз ишенимин, көз карашын жана позициясын эч кимден таюу тартпай келе жаткан бир адам — Нарын Айыпович Идинов агабыз тууралуу азыноолак айта кетсем дейм.

Нарын ага дүйнөдөгү абдан аз, өз ишенимин, позициясын кандай мезгил, шарт болбосун сактай билген, бир гана акыйкаттык үчүн кызмат кылган, тукуму аз адамдардын уркуна кирет. Ал Кыргызстанга тоталитардык коомдон эркиндиктин желаргысын алып келген алгачкы адамдардын бири десек да туура болот. Анткени Нарын ага Москва мамлекеттик университетинде аспирантурада окуп жүргөн өткөн кылымдын 1987-жылдары эле “Мүрөк” деген кыргыз тилиндеги эң алгачкы эркин гезитти чыгарган. Андан кийинки алгачкы эркин гезиттердин бири болгон “Республика” гезитине ошол кезде элди да, бийликти да селейткен бир топ резонанстуу макалаларды жазган. Ошолордун бири “Республика” гезитине жарыяланган “Жажда власти” аттуу макаласы болуп, Акаев бийлигинин күнгөй-тескейин ачып берип, коомчулукта катуу резонанс жараткан.

Чындыгында ушул макаладан кийин, бийликти сындоого, эркин ой жүгүртүп, өз позициясын ачык чагылдырууга жол ачылган деп айтсак  ашыкча болбостур. Ошол кездеги калемдеш кесиптештери чынында эле ушундай болгонун жакшы билишет. Андан көп өтпөй, Нарын ага Прагадагы  “Эркин Европа” радиосуна, бизче айтканда “Азаттык” радиосунун жетекчиси болуп иштеп калат. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгон алгачкы жылдары “Азаттыктын” деңгээли кандай экендигин бардыгыбыз билебиз.

Кийинки эки революциянын башаты болгон Аксы окуясында “Азаттык” радиосу кандай милдет аткарганы да баарыбызга белгилүү. Нарын ага Аксы окуяларынын хронологиясын мүнөтүнө чейин тактап, шурудай тизип чыккан. Дагы бир белгилеп кое турган иш, Нарын ага “Азаттыктын” маалыматтарын англис тилине которуп, “Кыргыз кабарлары” деген атайын бюллетень түзүп, аны эл аралык абройлуу уюмдарга таратып турган. Мындай ишти ал “Азаттыктын” ишинен тышкары убакта, жеке хоббиси катары аткарып келген. Мисалы, БУУ, “Чек арасыз кабарчылар”, “Фридом хаус” сыяктуу уюмдар Нарын Айып тараткан маалыматтарды жарыялашып, отчетторго кошуп турушкан. Ал мындай ишти Россиядан чыккан ММКларга да таратып келген. Нарын ага “Азаттыктан” кеткенден кийин мындай ишти эч ким аткарган эмес.

Кийин Кыргызстанга келип, “Кабар” улуттук маалымат агенттигин жетектеди, Коомдук телерадиокорпорацияда да иштеди. Нарын байке бул мекемелерде иштегенде да өз принцибинен тайган жок, позициясын бек кармады. Тилекке каршы, айлана-тегерегиндегилердин принципсиздигинен, эң башкысы, бийлик менен көз карашы туура келбегендиктен ал жерден да кеткен.

Эми акыркы жылдарга келсек, бийлик акыркы 3-4 жыл ичинде ММКларды каалагандай калчап, кааласа соттоп, кааласа башкаларга тартып берип, алдачусун алдап, коркутканын коркутуп, сөз эркиндигине буга чейин болуп көрбөгөндөй зомбулуктарды жасап келатат. Тилекке каршы,  “токмогу күчтүү болгондуктан кийиз казык жерге кирип”, Кыргызстандагы ММКлар бийликтин токмогуна туруштук бере алышкан жок. Мына, азыркы шайлоодогу үгүт иштеринде да көрүп жатабыз, ММК өзүнүн табият тартуулаган озуйпасын — коомчулукка бейтарап, акыйкат, калыс маалымат таратууну унутуп, талапкерлердин камчысын башкалардан ашыра чаап жатат. Ушундай караламандын арасынан бир гана бүлбүлдөгөн жашыл чырак — Нарын Айыптын сергек, окуганды ойго салган терең салмактуу публицистикасы гана айырмаланып турат.

Акыркы эки жыл аралыгында Нарын Айыптын ар бир күнү кармаш, психологиялык, моралдык басым-кысым алдында өтүп жатканын акыл-эстүү, окумал адамдардын баары эле туюп турушат. Себеби, президент баш болгон мамлекеттик бийликтин машинесине, судьялардын миллиондогон айып пулун мойнуна илип, жашап турган үйүн камакка алып койгон адилетсиз чечимдерине жалгыз өзү түтүп жатканы, баарыбызды ойлонто турган иш. Бийлик муну менен тим калбай, аны моралдык жактан сындырууну көздөп, каалашынча жамандап да көрдү. Ошондо да сынбай, чөкпөй, чет өлкөгө чыга качпай, ичип кетпей, позициясынан бир саам да жазбай, бийликтин кылыктарын кашкайта бетине коюп, күн сайын калемин курч куралга айлантып жазып келатканына тан бербей койбойсуң. Бардык эле адам акчага, бийликке сатылбай турганын Нарын ага ушундай позициясы менен, күнүгө далилдеп келүүдө. Нарын аганын жаны күйүп жазгандарынан кыскача, орусча келтире кетейин:

«Беда в том, что никто не чувствует свою персональную ответственность за то, что происходит в стране, потому что все привыкли быть ведомыми, никто не хочет и не умеет мыслить самостоятельно, никогда не считал и не считает общую страну чем-то своим – они видят и понимают только то, что рядом, что непосредственно касается их, родственников и друзей, а государство – что-то далекое и абстрактное.

Именно вот такая отчужденность граждан от своего государства породила всеобщий застой в советский период 30-40 лет назад, что в конце концов привело к краху всей идеологии и распаду империи, когда никто не имел ни желания, ни возможности ее защищать. Она была как богатая, но нелюбимая мать, карманы и банковские счета которой можно обчищать, но заступаться за нее – никогда.

Именно поэтому наше общество и страна сейчас не развиваются – все умом всё понимают, но действуют вопреки этому пониманию”.

Негизи ички руху күчтүү, жеке ишенимин, тутунган позициясын бийлик да, байлык да сындыра албаган мындай адамдар бардык доордо болуп келген. Ар бир доордо, ар бир мамлекетте колдун беш манжасы менен гана санала турган Нарын агадай адамдар коомду өнүктүрүп, цивилизациянын өзөгүн түзүп турушат. Бийлик алар менен кармашып, андай адамдарды отко, сууга да салганда да, алар өз позициясын саткан эмес. Демек, мындай адамдар өлүмдөн да коркпойт.

Мындай адамдык принцип, позиция кийинки муун үчүн кандай мыкты сабак болуп жатканын азыр аңдоос албаганыбыз менен, кийин баары бир таасири тийбей койбойт. Бийлик адилетсиздик менен, күчкө салып сындырып жаткан адамды абийир ар-намысы бар коомчулук баалап, бүгүнкүдөй сыйлап жатканы да, демек, коомчулуктун сергек чөйрөсүнөн Кыргызстан такыр куружалак калбаганын көрсөтүп турат. Биз, Нарын Айыптын замандаштары кыргыз элинен ушундай мыкты эр адам чыгып жатканына чындыгында кубанышыбыз керек.

Сыйлыгыңыз кут болсун Нарын ага!

One Reply to “Аскер САКЫБАЕВА: Нарын Айып – Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгынын алгачкы лауреаты”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.