Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир. Алардын ар бири адамдын жашоосу дал өзүнүкүндөй болушун каалашыптыр.

Таш мындай дептир:

— Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт.

Камыш каршы чыгат:

— Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам.

Таш:

— Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды дагы тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин жашоом чекиз. Мага оору эмне, кыйналуу эмне, түйшүк эмне дале белгисиз. Мына адамдын жашоосу да ушундай болушу абзел.

Камыш:

— Жок. Адамдын өмүрү дал эле меникиндей болушу керек. Менин өлөрүм чын, бирок менин өмүрүм балдарымда уланат. Же андай эмеспи? Менин айланамды карасаң жапжашыл болгон балдарым мага башын ийип, курчап турушат. Жакында алардын дагы жапжашыл жана ийилчек балдары болот.

Буга таш жөндүү жооп таба албай, эч нерсе деп каяша айта албай түнөргөн бойдон кетип калды. Талашта жеңген камыш шаңдуу шуудурады.

Мына ошондуктан адамдын жашоосу камыштыкына окшоп калыптыр…

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.