(Досторум Табылды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеевге)
Эски деп, жаңы дешип,
эки заман элдешип бириге албай,
жөнүкпөй жол талашып жүгүрө албай,
жөөлөшкөн эрлеринин арасында
жөө калган Кыргызстаным тириге албай,
бирине бири душман айгак чыгып,
жаңы жол эски жолдон тайгак чыгып,
жаккан оту «жалп!» өчүп чоктоно албай,
ынтымагы ыдырап токтоно албай,
ырыскысын ыркырап бөлө албаган,
достор чыкты бир бирин көрө албаган,
жорголор жорток болуп жоор түшүп,
биринин ийгилиги бирине оор түшүп,
бирин бири көрө албай түтөгөндө,
ичи тар деген илдет,
көрө албас деген дартың күчөгөндө,
кармаарга тутка болоор,
айтаарга нуска болоор
дөө көрдүм кошоктошкон,
жакшыга экөө бирдей жалындашып,
жаманга экөө бирдей кошок кошкон,
дөө көрдүм жупташышкан,
өнөрдүн дулдулуна,
ишкердин тулпарына учкашышкан,
дөө көрдүм экөө бирдей «мен!» дешпеген,
бирөөсү китеп жазып кол жетпеген,
бирөөсү максым салып боржоктогон,
бирин бири сыйлаган дөөнү көрдүм,
бирин бири «сен! мен!» деп кордошпогон.

Тең көрбөс дегениңди тээп салып,
көрө албас дегениңди көөмп салып,
агарып ак мөңгүдөй,
тазарып мөл булактай,
бир бирине таш ыргытып,
көң кулатпай,
батпайт деген бир казанга башы батып,
баштаган чыгармасын бакылдатып,
экинчиси бизнесин дүпүлдөтүп,
ичи тар дегениңди
каргадай кууп чыгып какылдатып,
бир жүрөккө айланып дүкүлдөгөн,
бир дайрага айланып күпүлдөгөн,
бир билекке айланып буралышкан,
бир талаага айланып суналышкан,
бирөөсү китеп жазып батмандаган,
бирөөсү шаар салып асмандаган,
бириккен дөөнү көрдүм,
бириккен акыл көрдүм какчаңдаган,
бириккен намыс көрдүм чакчаңдаган,
бириккен күчтү көрдүм
Тай буурулдай жол бербей тастаңдаган.

Балилеп жол бошотуп бизге окшогон
кумурскалар,
бирөөсүнүн колунда китеби бар,
бирөөсүнүн колунда ырыскы бар.

Карапайым деген бир касиетин,
жупуну деген журтун көчүралбай,
Кудай деген напсисин, каниетин
орден менен, медаль менен
бомбудай төшкө таштап өчүралбай,
чындык деген чырымтал касиетин
кара көздөн карарып кан чыкса да,
атак деген, даңк деген чокмор менен
карсылдатып жанчышып
кетире албай,
адал деген албан, зор касиетин
акча менен азгырып алдай албай,
«кыргыз!» деген кыйшайбас касиетин
душманы да, досу да
кыл жип менен кылкынтып байлай албай,
байлыкка батса дагы,
атакка тунса дагы,
кара суудай каптаган арамдыкты
душманындай кубалап жолотпогон,
адам деген аттарын жоготпогон
ошол дөөлөр:
бирөөсү акын экен
күнү-түнү кытыратып кагаз жеген,
бирөөсү ишкер экен
күнү-түнү күтүрөтүп нават жеген,
кыргыздын суусундугун урматтаган,
кыргыз деген чамынып кур жатпаган,
кыргыздын кыздарындай өңүн ачып,
кыргыздын суусундугун кийиндирген.
Кыргыздын тамак-ашын
таанытам деп тим жатпаган,
кыргызды кытай таанып сүйүндүргөн,
жетимиш жыл чогуу жүргөн орусуң да
кыргыздын тамак-ашы таттуу экенин
Табыкенин колунан кийин билген.

Билими бийлик бербей,
акылы ашып-ташып күлмүң эткен,
кыргыздын тамак-ашын,
кыргыздын каада-салтын
дүйнөгө дүң түшүрүп дүңгүрөткөн,
кайран гана асыл дөө,
асыл досум,
бир кылымдык акыл таап бир мүнөттөн,
жүзү «жарк!» деп жылдыздай жымың эткен.

Кайран достор,
каргадайдан жетим өскөн,
бирөөсү эне көргөн,
бирөөсү эне көрбөй, ата көрбөй,
экөө бирдей тарбиясын
көрбөй өскөн абышканын,
абышка болгон кезде бул эки дөө
көрдүм мен «Супарадан» табышканын.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн ошол досум,
досун таап Шаке деген,
тирүү Манас тапкандай таалайына,
жармы булут бул заман асманынан
жаркыраган күн тийип маанайына,
бирин бири Таке деп, Шаке дешип,
«Супаранын» сайында дос болушкан,
«Супаранын» сайында жетелешип…

Табыке «Супараны» түптөймүн деп
таш көтөрүп,
Шакебай «Эки дөөнү»… батырган
баш көтөрүп,
Табыкенин кымызынан «кылк-кылк» жутуп,
суйдаң чачын суулабай тараганын,
«Кандай гана керемет Табыкең!» – деп,
Табыкенин курулушун
кумарланып караганын,
көргөн элем көмүскө жата бербей,
«Табыке!» деп, «Табыке, кагылайын,
кантип сага калайын бата бербей:
«О, Табыке,
ылайым,
сен баскан жайык көктөсүн,
сен түшкөн кайык чөкпөсүн!..»

Жакшы сөздү жакуттай жаркылдатып,
учкул сөздү кемедей калкылдатып,
бата берген эр Шакем балпылдатып:

«Табыке, кагылайын Табыке!» – деп,
киши баскан жерлерге килем жайган,
ити баскан жерлерге таар салган,
«Табыке, айланайын Табыке!» – деп,
Чуңкурчакка боз үйдөн шаар салган,
кыргызыма кызмат кылган береним деп,
таш талкалап,
жыгач жонуп,
кум шилеген өнөгүм деп,
кайып куштай кайдан-жайдан
учуп келген тирегим деп,
маңдайымда жанып турган
кара боорум,
кызыл тилим,
кан үрөгөн жүрөгүм деп,
баскан изден ырыскысы агып турган
жөлөгүм деп…

Шар кеталбай Шакем анда,
шаа жетпеген гүл кучактап,
гүлдөп дагы,
тоо томкоргон Табыкенин жумушунан,
билим оргуп,
акыл кайнап турушунан
сүрдөп дагы,
ташын таштай, кумун кумдай
сүйлөтө алган Табыкенин өнөрүнөн
адам тилин араң билген
Шакем өзүн түркөй санап,
тоо кулаткан, зоо ураткан
Табыкенин астында
тоодой, зоодой Шакем өзүн
чымын санап, чиркей санап,
«Кагылайын Табыке!» – деп
жокко айланып, барга айланып,
Ат-Башыдан жаңы келген
аргасыз бир чалга айланып,
шаңы күчтүү шаар салган Табыкенин
жанында
шайы да жок, алы да жок
учуп жүргөн чаңга айланып,
ыр жазбаса куруюн деп,
ыргыштаган мүнөз күтпөй,
илкип баскан жанга айланып,
өңгөлөрдү сөкмөк кайда,
өчү бардай өзүн сөгүп,
өзү жазган саптарына өзү «асынып»,
өзү жазган ырларына өзү чөгүп,
жактырбай жагымсызды, жагымдууну,
«Кыргызга кызмат кылган
карачы Табыкемди, Табылдыны!»
бир айтып, бир коё албай,
эки айтып эки койбой,
жасаган ишин дагы,
жымың эткен жылдыздуу жүзүн дагы
тим коё албай,
чийнеге толгон жыйма ишин карап,
чиймеге толгон алтын башын карап,
баа берип акылына,
билимине, өнөрүнө,
мүмкүн эмес экенин моюнга алып,
Табылдыдай кайрадан төрөлүүгө,
тооңду түзгө айлантып
түзүңдү тоого айланткан
таң берип Табылдынын
тайсалдабас жүрөгүнө,
Табыкеге адам чыкпас теңтайлашкан,
миллионду миң сомчо эсептебей
кара жерди каңтарып жолун салган,
келет же келбейт дебей
элине барын берип,
жогун алган,
каарылып суугуңа,
кызарып ысыгыңа,
безе качып кышкысын
жылуу жай, жылуу үйдөн,
бутуна керзи өтүк,
үстүнө өңү өчкөн чапан кийген,
Табылдыны Шайлообек барктагандай,
Табылдыны Шайлообек даңктагандай,
бир да кыргыз барктай албай,
бир да кыргыз даңктай албай
турганында,
«Шайлообек, Шайлообегим!
Таамай, таза талантым!» – деп,
«Коноорго куйругум» – деп,
«Учаарга канатым» – деп,
калтырбай окуп күкүм, таарындысын,
дүйнөдө мындай китеп жок деп чыкты
окуп алып Шакемдин «Агындысын».

«Шакебайым, Шакебай, Шакебай» – деп,
«Көргөн элем жазууну мурун жазып,
мендей жазган жоктур деп ойлоп жүрсөм,
бирок чиркин жазыпсың куюндатып,
жанар тоодой атылып «Агындыңда»,
«Эки дөөнү»… салыпсың кыйын жазып!»
деген сөздү кайталап шуу үшкүрүп,
жасап жүргөн иштери дем бербестей,
«Супарасы», «Шоросу» Табылды үчүн
Шайлообектин сабына тең келбестей,
аптап күндө ал кетип куйкаланып,
аяз күндө дем кетип уйпаланып,
«Жазам, жазам!…» деп жүрүп жазбай калган,
Чуңкурчакты гүлдөтүп шаар салып,
чөнтөгүндө дептери актай калган,
тагдырына таарынып үтүрөйүп,
тоодой Такең ийилип бүкүрөйүп,
албан иштен бир ишти жасабаган
алп Шакеңдин алдында кичирейип,
туурап салган тууранды нанга айланып,
туурдукка жабышкан чаңга айланып,
«Шайлообегим, Шайлообек,
Шайлообегим,
карагайым, кайыңым, четиним» – деп,
«Шайлообегим, Шайлообек,
Шайлообегим,
каргадайым, каралдым, жетимим» – деп,
«Жалбырттаган түтөбөс отунум» – деп
«Жоого салса жеңилбес кошуунум» – деп,
Шайлообекти сөз кылса бак-бак этип,
тийген октой аскага «чак! чак!» этип,
«Агындыны» сөз кылса кирген төөдөй
адабият алптары сөзгө илинбей,
тезек терип жүргөнсүп «…Полянада…»
Толстоюң, Чеховуң көзгө илинбей…

Төгүлүп бир сүйлөсө төрдөн кулап,
төрт бурчу жок төгөрөк жерден кулап,
өзү жазган эмедей кумарланып,
«Агындынын» ар бир сап сүйлөмүнөн
алгысы бар мойнуна тумар тагып…

Көк туусундай Шакемдин ыргап турган,
талантына Шакемдин жыргап турган,
Хан-Теңирдей Шакемди тоо санаган,
Кошоюндай Шакемди дөө санаган,
Табылдыдай ак ниет дөөнү көрдүм,
аалам баткан айкөл жан адам көрдүм,
карасы жок туптунук мээни көрдүм.
Бириккенде бул экөө былчыгыңды,
былыгыңды, бузуку, кырсыгыңды,
калпты чындай ышкырткан «чынчылыңды»,
көрө албасты көмкөрүп буттан алып,
кара ниетти, кытмырды чачтан алып,
шумпайыңдын, шүмшүктүн шору шорлоп,
куйтуларың кум сүзчү талкаланып…

«Жалпы кыргыз алдында милдет эми,
жатып албай оо Шаке ырыңды жаз,
жашык кыргыз элимди гүлдөтөлү,
мен жасаган иштер не?
Чымын канат,
сендей талант көрбөгөм бул жарыкта,
жазгын Шаке, жаз Шаке, ырың калат!»
деген сөздү кайталап кайран залкар,
бир тууганын үгүттөп жатканындай,
«Агындыны» деңиз деп түпсүз чалкар,
«Эки дөөнү»… көз жетпес асманындай
коюнунан түшүрбөй окуп жүрдү,
китеп көрбөй жутаган жаш-карыдай.

Бирин бири мактаган кыйыныңды,
бирин бири колдогон кыйыныңды
кыйырыңды кыдырып таппаганмын,
жыргап уктум сөздөрүн эки дөөнүн
бирин бири колдошуп мактаганын.

Аттиң деймин кез-кезде аста гана,
аттиң деймин ким угат какшаганда,
Кремлге чуркаса кыргыздарым,
акыл сурап чуркаса Астанага,
тоосу калбай калганбы кыргыздардын,
дөөсү калбай калганбы кыргыздардын,
күнү түшүп калганбы башкаларга?!
Унуттуңбу кыргызым Манасыңды,
акыл салаар адилет Кошоюңду,
акыл салаар акылман Бакайыңды?

Каймагы бар нак сүттөй нагыз болбой,
өңгөлөрдү өз тутуп чуркаганы
баратабы кыргызга намыс болбой?

Кыргыз азыр кыргызга бирикмейин,
кыргыз азыр кыргызга ийикмейин,
тебишмейин коймоюн, урушмайын,
эки дөөнүн жолоюн, жолун жолдоп,
ынтымактын Ордосун курушмайын,
Кремлге шыйпаңдап шылдың болуп,
Астанага барганын коюшмайын,
кыйын болоор кыргызга, кыйын болоор,
кыргыз чечпей кыргыздын маселесин,
кыргыз анда бөлөккө буюм болоор,
кыргызыңды сатышып кыргыздарың,
кыргыз анда кыргызга тыйын болоор…

Токтоор жери тоо болот булуттун да,
бөлүнмөйдү, бөлмөйдү унуткун да,
кайрымдуу бир эл болсоң каймактаган,
тентектериң токтолот дардактаган,
душмандарың жок болот айдактаган,
коңшуларың көп болот ардактаган,
сен чуркабай казакка,
казак келет:
«Ай, казагым, казагым, казак!» дешип,
«Үч жүзүнө бөлүнгөн казактарда
казак болуш чынында азап» дешип…

Кан Манастай акыл айт казагыңа,
сен ошондо жетесиң качанкы бир
кыргыз жеткен чыныгы атагыңа.

Казакты угуп алдыңа орус келет:
«Орусумдун жарымы кыргыз болду,
орусума кыргыздан добуш керек!»

Жер караган оруска жаш айымдай,
акыл айткын оруска Бакайыңдай.

Түркүң келет алдыңа:
«Түбүм кыргыз,
Эрдогандын бийлиги кууп чыкты,
коюн ачкын кардашым, мени киргиз!»

Коюн ачып ошондо Кошоюңдай,
кабыл алгын кардашты ботоюңдай…

Орусту айттым, казагың, түркүңдү айттым,
карышкырды, аюуңду, түлкүңдү айттым,
акыл чукак болгондо акыл сурап,
кыргыздарым кыйын деп жакынсырап,
келишеби, келбейби, ал бир кыял,
жөө калдым деп жалбарып атың сурап,
келишеби, келбейби, бу да кыял,
бир билгеним карысы, жашаңы да,
уюп алган орусуң, казагың да,
уюбаган кыргызга келбейт азыр,
барбайт алар бөтөн бир «болуштарга»,
казагыңдын тагдырын казак чечип,
орусуңдун тагдыры орустарда.

Аксакалын издешпей бөтөн элдин,
өз элинин тагдырын өзү чечип,
үлгү болуп жатпайбы чечендериң.

Кыргыз болуп уюган, уюбаган,
ушул сөзгө муюган, муюбаган,
алтын башты тоголок топ дегендер,
акыл айтаар аксакал жок дегендер,
акылдууну табыш бир азап иштей,
алды-артыңды карагын касам ичпей,
Табылдыдан акылдуу ким бар эле,
Табылдынын акылы ашып турчу,
кедейиңен, ортоңон, эчен байдан,
акыл сура эми сен Шайлообектен,
акыл сура Анатай, Эсенбайдан.

Акыл сура калыс сөз – кеп кургандан,
акыл сура калдайган Бексултандан.

Акыл сура өскөн шаар, элетиңен,
акыл сура Өскөн чал, Кеңешиңен.

Кен илинген чукулук, керкисине,
Талас жакта эс алып жүрөт дешет,
жетип баргын Орозбай Темписине.

Айрылышпай, адашпай топ-тобуңан
кыска жылда кыйланы кыргыз кылды
акыл сура Костюктан, Бобкобуңан.

Акыл сура айбыкпай жаш-карыдан,
Салымбектин ишкер уул Аскарынан,
Рыскулдун элчи уул Акбарынан.

Табам десең үйүнө таң атпай бар,
жегичтерди согом деп барак жайган,
Обаманын Барагы акыл айтпайт,
акыл сура «боксёр» Баратбайдан.

Бийлик жакка жабышкан жарты жаны,
жакшы акылын айтаар дейм Абдыганы.

Чыккан күндүн күңүртү, жарыгы бар,
Ыбрайдын окумал Калыгы бар.
Түмөнбайдын эстүү кыз Жаңылы бар,
Байдөбөттүн бакыйган Дүйшөнү бар,
Арым Актан, Акундун Бейшени бар,
Бирназардын билимдүү Темири бар,
Дүйшөкенин дүйнөлүк Эмири бар,
Накени бар Касынын көптү көргөн,
Салижаны Шариптин көктү көргөн.

Далай кары күүсүндө бакылдашып,
Мамакенин Мамбети накыл жазып,
акыл кантип чыкпасын аз да болсо
Сагымбекти ырдатсаң какылдатып,
кырк чилтенден ашыра акыл айтат
Мамеевдин турсаңар башын жазып…

Акылы бар Бекташтын билем деген,
билими бар Искендин килеңдеген,
көп акылды үйрөтөт кошо жүрсөң,
Жантай уулу Жумабек, Күмөн менен…

Акылдуу көп шахтаны тешип жаткан,
акылдуу көп темирди кесип жаткан,
акылдуу көп алыска алма тарткан,
акылдуу көп «Шорого» жарма тарткан,
акылдуу көп базарда кесме саткан,
акылдуу көп төрүңдө теспе тарткан…

Алыс-жакын созулган чакырымды –
бөтөн элге агылган акылыңды
бир тешигин калтырбай бүтөп туруп,
бүтөлбөйм деп качканды тыйып туруп,
кыргызыман акылдуу элиң чыкпас
бүт акылды берсеңер жыйып туруп…

Кыргыз эли сай эмес кагыраган,
акылман көп кыргызда шагыраган!

…Дөө деп айттым бир азын, дөө дегеним,
элдин жүгүн алгандар дөө болушат,
аркы-терки урунбай акыл салып,
алчактаган ат минбей жөө болушат.
Өзүн гана ойлогон өлүк оокат –
өркөчү май лөк желген төө болушат.

Кандай ишти бүтүрдүң, кана айтчы?!
Жараткандан жыргатпас шумуңар көп,
дөөлөр өзүн дөө дебейт, бирок арман,
дөө санаган өздөрүн чымындар көп.

Кагылайын атчандар жана жөөлөр,
эки дөөгө биригип, калган дөөлөр
эки-экиден согушпай, ураалашпай,
бир уруунун айланбай кыйынына,
бир өрөөндүн айланбай төбөлүнө,
аксакалы кыргыздын деген сөздүн
туура келип тургула көлөмүнө!

Бирин бири колдосо оңот деген,
дөөлөр дөөгө кошулса болот деген
оюмду айтып жатамын, урматтуулар,
эки дөөнү башкадан бөлгүм келбейт,
эки дөө деп какшанып өлгүм келбейт
уюткусу бу дөөлөр улутумдун
эки дөөнү эч кимге бергим келбейт.

…Ынтымагын изилдеп терең жаздым,
калк түшүнсүн дегендей кенен жаздым,
«Дөөлөр дөөгө кошулду! Сүйүнчү!» – деп
кабарчысы болсо экем келээр жаздын!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.