Топчугүл Шайдуллаеваны коомдогу талылуу маселелерди иликтеген социолог, изилдеп аныктаган фактыларын кургак стилдеги илимий баяндама же расмий отчёт түрүндө чаң бастырып койбостон таасирдүү макалаларды жазып, элге жеткирип келген публицист катары сыртынан таанычумун. Жакында жарык көргөн «Кызыл өрүк» жыйнагын окуп чыгып, бул эженин жазуучулук таланты да бар экендигине ынандым.

Китепке киргизилген эсселерин, публицистикалык макалаларын окуганда, автордун көркөм чыгармалары менен өзөктөштүгү – алардын негизин турмушта анык болгон, реалдуу окуялар, көрүнүштөр түзгөндүгү байкалат.

Т. Шайдуллаеванын чыгармаларынын баары көлөмү чакан, тексти да негизинен жөнөкөй сүйлөмдөр менен жазылган, ошондуктан бир дем менен окулат. Буга аңгемечинин (көркөм чыгарманы талдаганда адабиятчылар муну «автор» түшүнүгүнөн айырмалашат) окуяга өзү да түздөн-түз аралашып катышкандай өтө дилгирлик менен баяндагандыгы да өбөлгө түзөт. Кээде окурман текст окубай эле чер жаза сырдашкысы келген бир адамдын толкундана сүйлөп жатканын уккандай болушу мүмкүн. Ошондуктан каармандардын кубанычы менен кайгысы, кыжаалат ойлору менен арманы окурманга түз таасир этет.

Абысындардын алтымыштан ашкан абышка менен андан кыйла жаш аялдын нике түнүн аңдыганы («муздак жууркан ичинде бүрүшүп, малга чөп салганы кеткен чалды күтүп жаткан келин эмнелерди ойлоду экен?»); алгач ирет этек кири келгенде мунун жөнүн эч кимден уга элек өспүрүм кыздын азапка түшкөндүгү; башка бир кыздын атлес көйнөк кийем деп шаардагы базарга барып, атасын чөнтөкчүлөр тоноп кеткенде катуу капаланганы; элден жашырылган алтынды кайтарып жүрүп ээлеринин куураганы; дүкөнчү келин менен башкарманын ойноштук сырын эч кимге айтпаган боз бала орто өмүр куракка жеткенге чейин ошол окуяны эстеген сайын ирээнжигени; дайрага агып өлөм деп келин-кызын, бала-бакырасын коркутууну адатка айланткан долу кемпирдин акыры артынан эч ким чуркабай койгондо, жээкке жетип эмне кыларын билбей отурганы, чалы шашпай келип кучактап эркелеткени; майып күйөөсү сокур келинге барып жүргөнүн билип калган аялдын бактысыздыгы; согуштан кайтып келген эркекти катуу тамашалап, аялын өтө оңтойсуз абалга түшүргөнү; окуучу кезинде жетимдигин эске салган жапжаңы пальтону албайм деп өксүп ыйлаган кыздын кийин доор алмашкан кезде гумжардам талашып алгандыгы үчүн заманды каргабастан, өзүн жаман көргөнү… дээрлик бардык аңгемелердин өзөгүн түзгөн окуя, жагдайлар окурманды кайдыгер калтырбайт. Булардын катарында сатиралык маанай басымдуулук кылган «Доктур», «Молдо», «Кантор катын», «Прокурор» сыяктуу баяндары да бар.

Мистикалык нукка ыктаган «Көр казгыч» менен «Кара жаздык» аңгемелерин (кийинкисине шайыр маанайда жазылган «Кызылчачы келиндерин» да кошуп) сюжети жетик чыгарма жазууга пайдаланса болчудай. Жаңы чыгармаларда турмуштагы сыйкырдуу же сырдуу көрүнгөн кубулуштардын моралдык-психологиялык шарт-жагдайларын ачып (же бул жагына ишаарат жасап), каармандарына каргышты жандыруу жолун издетиңиз деп жазуучуга сунуш кылам.

Жазуучунун аңгемелеринин негизги өзгөчөлүгү – кыскалык. Албетте, орус жазуучусу Антон Чехов «кыска-нускалык – таланттын эжеси» дегендей, айрыкча аңгеме жанры үчүн бул жакшы сапат. Бирок кыска-нуска жазам деп ушул жагына басым жасаганданбы же автордун убактысы (же даярдыгы) жетпегенденби, кээде өтө эле үзүл-кесил баяндалып калган текст келкилери кездешет. Буларды кайра иштеп, өзөгүндөгү окуялардын, жагдайлардын жок дегенде дагы бирден өңүтүн камтый жазса, көркөм куну кыйла жогору, идеясы бай чыгармалар жаралышы мүмкүн. Айрыкча драмалуу, кээде курч жүрүүчү окуяларга шыкалган «Амансыңбы, Айгүл тоо» киноповестин көлөмү эле эмес, көркөм-идеялык сапаты жагынан да ийине жеткире иштелген роман кылып жазса болор эле. Албетте, бул үчүн жалаң кат баянды жакшы тизмектеп берүү эле жетишсиздик кылат…

Эми бул жыйнактагы кыйла чыйрак жазылган «Чыныгүл» аңгемесине бир аз токтололу. Былтыр «Калемгер» клубу жарыялаган конкурста муну бир катар аттуу-баштуу замандаштар өтө жогору баалаганда, ашыра мактап ийдиңер деп кайчы пикиримди ортого салганымды эскере кетейин.

Аңгеменин автору мен сыртынан таанып, жарандык позициясы туруктуу инсан, жакшы публицистикалык макалалардын автору катары сыйлаган Топчугүл эже экенин кийин билдим, бирок баары бир ошондогу пикиримден кайтпадым. Бул чыгарма колубуздагы жыйнагына киргизилгенин көрүп, кайрадан окуп чыктым. Конкурска деп фейсбук барагына илингенде айтылган айрым сын пикирлерди автор эске алып, аңгемени кыйла оңдогонун байкадым.

«Алгач жааган кардын суугу сөөктөн өткөн кеч күздө Чыныгүл уулунун үйүнө кайтып келди». Аңгеме ушундай элестүү, мааниге сыйымдуу сүйлөм менен башталат. Кеч күз – жыл мезгилиндеги кыштын босогосу эле эмес, бул өмүрүнүн соңку күндөрүнө келип калган кемпирдин жан маанайы дагы. Кайтып келгенин жактырбай «неберелерин багышпады» деп келинин наалыганынан эле бул кемпир уулунун үйүндө турбагандыгынын көп себептеринин бирин билсек болот.

Ырас, Чыныгүл – өтө күйүмдүү жан. Кыргыз менен кылымдар бою кырылышып келген калмактардын «Орто жолго барганда атың өлсүн, орто өмүрлүү болгондо катының өлсүн» деген каргышы Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсаратында» эскерилет эмеспи. Ушул ыңгайдан алганда, канат-бутагы жайылган куракта өмүр шеригинен айрылып калган чалдарга Чыныгүлдүн боор ооруганы да түшүнүктүү. Арасат калганда айрыкча эркектер жаман кыйналары, ошондуктан кемпиримден мурда өлөйүн деп тилээри жалпы кыргызга жакшы белгилүү. «Киринтип-жууп, сакал-мурутун кырып тазалаганда абышка бу кем сөз, арык, узун бойлуу кемпирди кучагына кысып, колуна көтөргүсү келип кетчү, бирок дарманы жок», — дейт аңгемечи.

Чыныгүлдү акыркы сапарына узатуу зыйнатынын учкай эле сүрөттөлүшүнөн да кыргызга абдан жакын, тааныш жагдайды көрөбүз. «Акыры уулу көмөт деген ушу да» … деп, кийитке келген баалуу чүпүрөк-чапыракка суктанган аялдар; согумга жетеленген мал; соопту мол топтоду, акыретте бейишке барат деп жобураган молдо – баары кыргыз окурманына тааныш, түшүнүктүү.

Чыгарманын «Ушунча сый-урматтын баарын тирүүсүндө көрүп-туя албаган кемпир гана армандуу суналып жатты» деп аяктаганы да туура болуптур. Бирок эгер удаалаш каза болгон беш чалды кезеги менен асырап-баккандыгын статистикадай эле белгилеп койбостон, бешөөнүн тең болбосо да эки-үч кейипкердин мүнөзүн же кемпир ар кайсы чоң үй-бүлөгө баргандагы айырмалуу психологиялык жагдайларды ишаарат түрүндө белгилеп койгондо, чыгарманын мазмуну, идеясы кыйла бай, ынанымдуу болмок. Ошондо автордун (аңгемечинин) атынан акыркы жыйынтык сүйлөм жазылбай, чыгарманын куну кыйла артмак. Бул жагынан «Орунча» аңгемесинин дал ушундай өтө күйүмдүү каарманынын жандуу, реалдуу чөйрөсү «Чыныгүлгө» салыштырмалуу кыйла жетик, ынанымдуу сүрөттөлгөн.

Бул чыгарма Чеховдун «Каражан» («Душечка») аңгемесин да эске салат. Анын кейипкери – «бирөөнү сүйбөстөн жашай албаган», артистке тийгенде эси-дарты театрда болуп, көрүүчүлөр бийик өнөргө кайдыгер деп күйөөсүн туурай наалыган, кийин токой кампасын башкарган киши менен баш кошкондо театр ж.б. бекерпоздордун эле эрмеги деп калган, аягында, карып-арыган чагында мурдагы күйөөсүн аялы менен кошо үйүнө киргизип алып, алардын гимназияда окуган баласын өз баласынан бетер жакшы көрүп чебелектеген аял.

Өзүнөн аша кечип, башкалардын бактысына жанын курман кылгыдай болгон кейипкерине Чехов шакабалагандай караган. Бирок ар бир окуя эки-үч сүйлөм же абзац чегинде ушунчалык ынанымдуу баяндалып, эпизоддук кейипкерлер кыймыл-аракети, сүйлөө, ой жүгүртүү өзгөчөлүгү менен элестүү сүрөттөлүп мүнөздөлгөндүктөн, окурман эч бир өксүгү жок иштелген көркөм чындыкты ыраазылык менен кабылдайт; ал эми баш каарманды дегеле жаман көрбөйт, анын чексиз мээримдүүлүгүнө таң калат, кең пейилдүүлүгүнө таасирленет. Ошондуктан Лев Толстой бул аңгемеде көркөм чындыктын кадиксиз чагылдырылганына тан берип, астыртан келекегендендей сезилген мамилеси үчүн авторду жемелеген.

Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүгү» тууралуу башкалар да жазышар, кеп кылышар. Китептин аталышына байланышкан Баткен жергесинин табияты, жергиликтүү элдин мүнөзү, багуусуз калганына карабай ачуу да болсо мөмө байлай берген өрүк бактын метафоралык мааниси ж.б.у.с. атайын сөз кылууга арзыгыдай жактары көп. Балким, Т. Шайдуллаеванын калемин Мурза Гапаровдун, Василий Шукшиндин стилине салыштырып, шык-жөндөмдүү студенттер дипломдук иш, илимий изденүүчүлөр диссертация жазар.

Мен бул чакан макаламды жыйынтыктап жатып, жазуучуга дагы да көп издениңиз, адабият теориясын тереңдете окуп, айрыкча композициялуу сюжет куруу, полифониялуу подтекст түзүү, метафора жаратуу ыкмаларын өздөштүрүңүз деп кеңеш бергим келет. Дагы бир кеңеш – айтылуу Толубай сынчы таптаган тулпарга такымдап жетип барган күлүктөрдүн бири мактоодон мүдүрүлүп кеткендигин чыгармачыл инсан катары эч качан көңүлдөн чыгарбаш керек. Анткени жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын кызыл өрүк данегиндей өсүү даремети бар.

Башка көпчүлүк авторлор, атүгүл расмий наамдарга жетип алгандардын кыйласы бүгүнкү кайнаган турмуштан алыстап, өзүнүн пенделик тар түшүнүгү же утурумдук майда мүдөөлөр менен эле чектелип калгандыктан, жазгандары жасалма чыгып жатат. А кыргыз коомунда болуп жаткан эң орчундуу өзгөрүүлөрдү ичкериден билген, кейипкерлеринин прототиптери менен социолог, психолог, журналист жана коомдук ишмер катары дайыма сырдашып, муңдашып келген Топчугүл эжеде ар бири аңгеме эмес, повестке, романга негиз болгудай окуялар абдан көп экен. Кеп ошол окуяларды жалаңкат фабула деңгээлинде калтырбай, толук кандуу сюжетке жеткире иштеп чыгууда гана.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.