Шалбаада көпкө чейин чөп чапкан чалгычы чарчап чөп үстүнө отура кетти. Баштыгынан көмөч нан алып чыгып, шашпай чайнап жей баштады.

Токойдон чыгып келаткан ач карышкыр чалгычынын даамдуу бир нерсе жеп атканын көрдү да, ага жакын келип сурады:

— Эй адам, сен эмне жеп атасың?

— Нан,- деди чалгычы.

— Ал даамдуубу?

— Оо, даамдуулугун айтпа!

— Берчи, ооз тийип көрөйүн.

— Көрсөң көр.

Чалгычы нандан сындырып карышкырга берди.

Нан карышкырга абдан жакты, анан мындай деди:

— Мен күнүгө нан жегим келет, бирок аны кайдан табам? Айтып берчи?

— Макул,- деди чалгычы,- мен сага  кайдан, кантип нан табышты айтып берейин.

Ошентип ал карышкырга үйрөтө баштады:

— Эң биринчиден жерди айдоо керек…

— Ошондо нан болобу?

— Жок, досум, токтой тур. Андан кийин жерди тырмоо керек…

— Ошондо анан нан табылабы?- карышкыр куйругун шыйпаңдатты.

— Жок, күтө тур. Андан соң жерди малалап, буудайдын үрөөнүн сээп, кайра тырмаш керек…

— Ошондо анан нан болобу?- деп чыдамы кеткен карышкыр жаланды.

— Жок! Күтө тур, буудай өнүп, тутам болуп өсүп чыккан соң сугарыш керек, анан күзгө чейин баш алып,  дан байлап, бышышы зарыл.

— Ох,- карышкыр күрсүнүп алды,- узак экен, бирок күзгө чейин күтө деле алам. Ошондо анан нанды тойгончо ээн-эркин жеймби!..

— Кайдан тоймок элең?- чалгычы анын сөзүн бөлдү.- Дагы эле эрте. Андан соң бышкан буудайды чаап, жыйнап, боолап, кырманга ташып келип, бастырып, саман-топонунан арылтып тазалап, тегирменге алып барып ун кылып тарттырыш керек.

— Оо-уу, кандай узак!- деп улуп жибере жаздады карышкыр.- Ошондо нан жеймби?

— Э, кандай гана чыдамсызсың!- чалгычы бөрүнүн сабырсыздыгына баш чайкады.- Унга көптүргүч кошуп камыр жууруп, ал ачыганча күтүш керек.  Ошондон соң от жагылып, кызытылган мешке салынат.

— Анан нан бышабы?!

— Ооба, нан бышат. Мына ошондо гана сен аны тойгончо жейсиң,- деп чалгычы сөзүн бүтүрдү.

Карышкырдын нан жегиси келбей калды,  башын кашып мындай деди:

— Жок! Бул абдан оор да, узак да иш экен.  Андан көрө сен мага оңой тамакты кайдан, кантип тапса болорун айтчы.

— Демек,- деди чалгычы,- оор нанды жегиң келбесе, оңойун же. Жайыт  тарапка бар, ал жакта жылкы оттоп жүрөт.

Карышкырга бул жага түштү. Жайытка келсе чын эле жылкы жүрүптүр.

— Жылкы, жылкы! Мен сени жейм.

— Жесең же,- деди жылкы. — Бирок биринчиден менин туяктарымдагы такаларды чыгарып сал, аларга тишиң тийип сынышын  каалабайм.

— Чын эле,- деген карышкыр такаларды чыгарайын деп жылкынын артына келгенде ал  ээктен ары тээп калды… Карышкыр кулап түшүп, тура калып качып жөнөдү.

Дарыя тарапка каңгып келип, анын жээгинде каздардын оттоп жүргөнүн көрүп: “Ушуларды жесемби?”- деп ойлоп мындай деди:

— Каздар, каздар! Мен силерди жейм!

— Макул, жесең же. Бирок сен биздин бир өтүнүчүбүздү аткар.

— Кандай өтүнүч?

— Бизге ырдап берчи, өлөөрдө ыр угуп калалы.

— Ырдаса болот.  Ырдаганды өзүм да жакшы көрөм.

Карышкыр дөңгө чыгып, мойнун созуп улуп  кирди. Каздар болсо карышкыр алыстаары менен канаттарын каккылап  учуп жөнөштү.

Карышкыр дөңдөн жүгүрүп түшсө, каз эмес алардын канаты да калбаптыр.

Кетип баратып ал ичинен өзүн-өзү жемеледи:  “Кандай гана акмакмын! Эмнеге ырдайм деп макул болдум экен? Эми кимди жолуктурсам да сүйлөшүп отурбай эле  баса калып жейм!”- деп ойлонуп оюн жыйгыча, жолдо ак сакал кары баратканын көрдү.  Карышкыр ага чуркап келип:

— Абышка, абышка, мен сени жейм!

— Эмнеге мынча шашасың?- деди абышка.- Баары бир жейсиң да! Андан көрө өлүм алдында жыпар жыттуу тамекиден бир жыттап алууга жол бер, таксыр бөрү. Өзүң да жыттап көрсөң болот.

— Ал жыттуубу?

— Жыттап көрсөң билесиң…

— Алып кел!

Абышка чөнтөгүнөн тамекини жыттап көрүп, карышкырга берди. Карышкыр болушунча демин тартты эле, тамекинин баары мурдуна кирип кетти. Анан ал токойду жаңыртып чүчкүрө баштады… Көздөрүнөн  жаш агып, эч нерсе көрүнбөй, мээси кеңгиреп мас болуп калды. Ошентип баардык тамекини чүчкүрүп атып мурдунан чыгарып, соолуккуча бир сааттай убакыт кетти. Эсине келип айланасын караса, абышканын өзү турмак изи калбаптыр.

Карышкыр, андан ары жөнөдү. Бара берди, бара берди. Бир маалда караса эле талаада бир короо кой жайылып жүрөт, ал эми койчу болсо беймарал уктап жатыптыр. Карышкыр ошончо  койдон бир семизин тандап кармап алды да:

— Кой, кой, мен сени жейм,- деди.

— Макул, жесең же,- деди кой. — Сенин көпкө чейин  эт чайнатып кыйнап жүрбөй,  менин катуу сөөктөрүмө тишиңди тийгизип мокотпостон ичиңе өзүм эле кирип кетейин. Сен барып тээтиги дөбөнүн этегине оозуңду чоң ачып өйдө карап турсаң, мен дөбө ылдый чуркап келип курсагыңа өзүм эле кирип кетем.

— Бул жакшы кеңеш экен, рахмат,- деп ичинен кымылдады карышкыр.-  Мейли дал ошондой кылалы.

Ал дөбө этегине барып оозун ачып, күтө баштады. Ал эми кой кырга чыгып барып, ушундай бир катуу жүгүрүп келип карышкырды ооздон ары сүздү эле, көк бөрүнүн көздөрүнөн учкун жанып, башы кеңгиреп, өзүн жоготуп кулап түштү.  Аңкоо карышкыр бир топто барып эсине келип, башын чайкап, өзү менен өзү сүйлөштү:

— Мен аны жедимби же жеген жокмунбу?

Ошол убакта чалгычы жумушун бүтүрүп үйүнө кетип баратып, карышкырдын бул сөздөрүн угуп мындай деди:

— Жээриңди го жеген жоксуң, бирок оңой нандын даамын татып калдың!

Ошентип маңыроо карышкырдын жоругу да бүттү, атаңардын жомогу да бүттү.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.