Тогуз-Тородогу алтын кени казылган Макмал тоосун ким гана билбейт. Мына ошол тоо тууралуу элде мындай окуя айтылат.

Калмактар кыргыз жерин басып жаткан доор экен. Ошол кезде калмактын Дорбу деген байынын жер жайнаган жылкысын баккан бир кыргыз жигити болот. Ал жигит сымбаттуу жана акылдуу жигит экен. Аны көргөн калмак байынын кызы Макмал жактырып калыптыр.

Байдын кызы Макмал да абдан сулуу экен да. Ойлогон оюнан кайтпаган кыз ак сезимин кызматкы кыздары аркылуу жигитке жеткизет. Жигит да кызды бир көрүп жактырып, алоологон сүйүү отуна кабылат. Дорбу абдан каардуу жана кыргыздарга жакшы ооз кеп айтпаган, залим неме экен. Ачык айтууга мүмкүн болбогон мындай сезимди бай укса жакшылык болбосун билген кыз менен жигит көз көргүс жакка качууну ойлошот.

Экөөнө эки күлүк атты таптап даярдаган жигит бир күнү түн жамынып кызды Теңир-Тоону көздөй ала качат. Аны туюп калышкан калмак жигиттери экөөнү баары бир узатпай туткунга түшүрүшөт.

Колго түшкөн жигитке аео берилбейт. Азыркы Макмал тоосунун чыгыш тарабындагы тегиз жайлоодо Дорбу жайлап турган экен. Ошол жерге ор каздырып, жигитти кырк күнгө орго салдырат. Ордо жатып, оор азап менен ачкачылыкка чыдабай, жигит набыт болот.

Аны уккан Макмал кайгыга батат. Ошол күндөрдө Дорбу кызын башка бир байдын уулуна күйөөгө бермей болуп той өткөрөт. Бирок кыз ал байдын уулуна өлсө да баргысы келбейт. Кыз курбулары менен тоого сейилдеп келейин деп уруксат сурайт. «Мейли, көңүлүн ачып келсин» деп атасы менен энеси уруксат берет.

Макмал азыркы алтын кени казылып жаткан тоонун башына гүл термекке курбулары менен чыгып барат да, өзүн чексиз сүйгөн жигити жатып өлгөн ор тарапты карап көз жашын көл кылат да, «кош бол, сүйгөнүм» деп кош айтышып, тоонун башынан боюн таштайт.

Ошондон тартып бул тоо Макмал тоосу деп, ал эми жигитке ор казылган жер Ор-Казган деп аталып келет экен.

Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ

4-апрель, 2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.