Марага чейинки убакыт жакындаган сайын бийлик тагы көзүнөн учкан Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы түрдүүчө түрү шумдук мифтерди күндөн күнгө ойлоп таап, караламан калктын үрөйүн учурган ыкмаларды колдонууда. Бийлик кызганычы кызуулап, эми күчтүү атаандаштарын саясый оюндан жыдытуу үчүн мамлекетти басып алууга аракет кылган деген кине менен Канат Исаевди камай салган иш-чаранын сценарийи менен эң башкы атаандаштын бири саналган Өмүрбек Бабановдун мойнуна чалма ыргытуудан башка амал табышкан жок.

Артында калбыры калың АША командасы бийлик тизгининде колдору карышып, административдик ресурска жабышып, улам бир үрөй учурган компроматтарды табышып, ишенчээк элдин ичине дүрбөлөң салуу жолу менен А.Атамбаевдин мураскерин мурундан сүйрөп келип такка отургузуудан башка жолду көрбөй туру. А Борбордук шайлоо комиссиясы көзкарандысыз иш алып баруусу мүмкүн эместиги эбактан эле бештен белгилүү болуп калган…

Бүтүндөй мамлекеттик түзүм бүгүн Атамбаевдин мураскери үчүн гана шымалана билек түрүнүп, мамлекеттин акырынан жем жеген маалымат каражаттарынын бири калбай кара шыбакчынын милдетин катырууда. Ал эми мектептерден баштап, жогорку окуу жайлар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атургай бийликтин жогорку бутагында отурган аткаминерлер бүгүн бир гана С.Жээнбековдун шайлоо штабынын мүдөөсүн канаттандырар тапшырманы аткарып калышканына калк күбө. Бийлик бүгүн жалпы элди таяныч туткандын ордуна кара түнөк кылмыштуу топторго таянып калганын – абактагы айрым крим чөйрөнүн өкүлдөрү бошотулушунан эле баамдасак болор. Ал эми Башмыйзамда жазылган диний жамааттардын шайлоо үгүтүнө аралашуусуна тыйуу салынган норманы өлкөдөгү эң таасирдүү диний аалым Чубак Жалилов уруп да койбой, Жээнбековду ачыктан ачык үгүттөп чыкканы…

Президенттик мөөнөтү улам кыскарган сайын амалы куруган Атамбаев бир гана Сооронбайды мерчем кылбастан, Темир Сариев же Өмүрбек Бабановго ыктап, кимисинин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө чейин сары эсеп салып келди көрүнөт, бирок акыркы окуялар көрсөткөндөй: Бабанов акүйгө моюн толгоп, тескерисинче, анын командасы менен абактагы Өмүрбек Текебаевдин көздөй ишенимдүү адамдары саясый альянс түзө баштаганы түн уйкусун бузуп турган учур… Себеби, Бабанов президенттик такка келип калчу болсо, соттордун адилетсиз чечими менен абакка камалган Текебаев бошотулат. АША үчүн анык кокуй ошол! Андыктан кандай да болбосун Бабановду каралоо жолун иштеп чыккан сценаристтер көбөйдү.

Албетте, мен дагы өмүрүмдө Бабановдун саясый ишмердигин жактоодон алыс кишимин, ага караганда Темир Сариевди колдоого дилгирленип келгенимди жашырбайм. Бирок буга чейин Сариевдин шайлоо штабын жетектеп келген Элмира Ибраимованын кетип калуусу да көп нерсени каңкуулайт. Себеби Сариев бийлик менен жең ичинен кызматташууга даяр экенин мен мындан эки ай мурда баамдап, Сариевдин штабына экинчи басып баргыс болгон журналисттердин биримин (ал өзүнчө узун сөз).

Бирок кептин тузу башкада, эң кооптуусу – шайлоочулардын алдында С.Жээнбеков да, Т.Сариев да келечекте Атамбаевдин саясый курсун уланта берер убадалары – алардын мурундан алысты көрбөй турганы… Арийне, элдин баарынын эле эстутуму темененин көзүндөй тар эместир. Эсиңиздерде болсо, президент Атамбаевдин элге шардана кылган кыйгыл кеби бар: президенттиктен кеткенден кийин деле Арашандан Бишкекке түшө калчу жол 15-20 мүнөттүк деген таризде. Демек, бийликтин колдоп-буттоосу менен С.Жээнбеков менен Т.Сариевдин кимиси президент болуп калган күндө да, Атамбаевдин саясый таасири сакталып кала берери – Кыргызстандын келечеги үчүн өтө кооптуу жол экенин унутпайлы, бурадар!

Арийне, бул шайлоодо элдин каалоосу менен тандалып келинген адам бийлик тизгинин колго алабы же тизгин кайра эле АШАнын айланасындагы бир ууч топтун колунда калабы?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.