Беларус жомогу: Тоңкулдак, түлкү жана карга

Тоңкулдак карт даракты тоңкулдатып терең оюп уя салат, жумуртка басып үч балапан чыгарат. Балапандар чоңойгон сайын сүйкүмдүү көрүнгөнүнө тоңкулдак кубанат: — Балдарымды чоңойтуп алсам, карыганда мага өбөк-жөлөк болушат. Бирок “Тоңкулдактын тумшугу тынч болгондо аны эч ким токойдон таба алмак эмес” деген сөз жөн жеринен айтылды дейсиңерби. Ал өз ичинен кубанганды билбегендиктен өзүнүн балдары кандай татына экенин бүт токойго жар салып жүрдү. Кимди жолуктурбасын “Ох, менин кандай жакшы, акылдуу  балдарым бар! Эч кимдин бул дүйнөдө меникиндей балдары жок!..” Муну уккан түлкүнүн […]

Асан АХМАТОВ: Каткелди

ПОВЕСТЬ Адам баласынын башына түшчү эң оор окуя бул — согуш. Ал адамдарга кыйроо, өлүм, жоготуу, кыйноо, ачарчылык, жетимдик жана ушул сыяктуу жамандыктардан башка эч нерсе алып келбейт. Мен муну так билем, анткени балалык кезим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка туш болду. Азыркы жаңы заманда ал апаат биздин жаш муундарга тарыхтын жөнөкөй гана барактары сыяктуу сезилсе, бизге өмүрүбүздүн унутулгус күндөрү болуп, жаман так салып кетти. Ойлоп көрсөм, андан бери жетимиш жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бирок ошол биздин үй-бүлөбүздүн башынан өткөн […]

Фоторепортаж: «РухЭштин» бир жылдыгынан сүрөттөр сүйлөйт (5-бөлүк)

Фото-сүрөттөр Владимир Сергеевич Пархоменко менен Бакытбек Абдыллаевдики

Акмат БОБУЛОВ: Камбаралы абам менен Мурза Гапаров экөөнүн көп окшоштугу бар эле

Кыргыз адабиятында Камбаралы Бобулов менен Мурза Гапаров деген эки бийик аска бар. Жылдар жылып, алардын карааны бизден алыстаган сайын алардын карааны кичирмек турмун, кайра улам бийиктегени бийиктеген. Мунун себеби, дагы да болсо ал экөөнүн турмушта башкаларчылап өзүнүн, тууган-туушкандарынын кызыкчылыгы, күнүмдүк үчүн эмес, түбөлүктүүлүк үчүн кызмат өтөшүп, артында опол тоодой тарбиялык таасири бар көркөм чыгармаларды калтырып кеткени болсо керек… Акмат Бобулов Камбаралы Бобуловдун аталаш инилери болуп кетет. — Акмат агай, сизди кыргыздын дагы бир таланттуу уулу, жазуучу, легендарлуу парламенттин депутаты, кыргыз […]

Нуралы КАПАРОВ: Өмүр дарагы жөнүндө ода

Чокмордой чоң муштумун шилтегенде «чарт!» этип дарак сынган, тытышкан тармал чачын тараганда «тарс!» этип тарак сынган, олбурлуу жигит эле он кадамды бир аттаган, боорукер жигит эле болоор ишке тим жатпаган.   Чындык үчүн чындап күйүп чырлашса, чыгаан уулуң Чынгыс ханың тең келбеген, калпыңды калдактатып калмактай кууп, калкагар чындыгыңды кара шумкар бүркүттөй чеңгелдеген.   Жашады жаштык отун жалындатып, эшейтип эшек минди, алкынтып айгыр минди, айырплан минди анан дарылдатып.   Сүйдү анан сулуулардын нечендерин бооруна бек кучактап өпкүлөдү көз күйгүзөөр сулуунун гөзөлдөрүн. […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Азгырык ойдун кээри

АҢГЕМЕ Он бешке караган Акмат тула боюн жылытып, кубаныч ыроологон сүйүнүчүн ким менен бөлүшөрүн билбей баратты. Бир аз мурда болгон чогулушта “эң мыкты окуганы үчүн” деп ага мектептин мактоо баракчасын беришти. Кол чапкандардан сүрдөдү. Апасы Сейилкандын “атаң экөөбүздөй бекерчи болгуң келбесе, окууну мыкты бүтүрүп, бир кесиптин башын карма. Көрдүңбү, колхоз-совхоз жоюлганы диплому бар кызматтагылар бизге окшоп мүңкүрөгөн жок. Адиси менен иштеп, бала-чакасын эчтемеге жалдыратпай, багып, окутуп атат. Иши жоктугунан атаңдын Казакстанга кеткенине  кыйла болду, кабары дайынсыз. Кайда жатып, кантип күн […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Үстүн муз каптаган кара күчүк

АҢГЕМЕ Ал кѳптѳн бери жѳтѳлүп жүргѳн. Суук тийгизип алса керек. Андан калса быйыл күн мурдагы жылдарга караганда бир топ муздак. Күз бүтүп-бүтпѳй, кыш эрте түшкѳн. Ошондон бери кыш. Кар бир жолу жука жааган, анан карандай суук кайтпай койду. Жѳтѳлүп жүргѳндѳр кѳп, ѳзгѳчѳ жаш балдар. Алар куушуп ойногондо тердеп кетип, үстүндѳгү сырт кийимдерин чечип туруп ыргытып жиберишет. Анан терин жыйгандан кийин суук тийип калып, ѳзгѳчѳ түнкүсүн, жылуу тѳшѳккѳ киргенде жѳтѳлү башталат. Энелери баласын жылуулап, дары берип, айыктырганга аракет жасашат. Какылдап жѳтѳлѳ […]

Фоторепортаж: «РухЭштин» бир жылдыгынан сүрөттөр сүйлөйт (4-бөлүк)

      Фото-сүрөттөр Владимир Сергеевич Пархоменконуку  

Фоторепортаж: «РухЭштин» бир жылдыгынан сүрөттөр сүйлөйт (3-бөлүк)

Фото-сүрөттөр Владимир Сергеевич Пархоменконуку