Кыргыз адабиятында Камбаралы Бобулов менен Мурза Гапаров деген эки бийик аска бар. Жылдар жылып, алардын карааны бизден алыстаган сайын алардын карааны кичирмек турмун, кайра улам бийиктегени бийиктеген. Мунун себеби, дагы да болсо ал экөөнүн турмушта башкаларчылап өзүнүн, тууган-туушкандарынын кызыкчылыгы, күнүмдүк үчүн эмес, түбөлүктүүлүк үчүн кызмат өтөшүп, артында опол тоодой тарбиялык таасири бар көркөм чыгармаларды калтырып кеткени болсо керек… Акмат Бобулов Камбаралы Бобуловдун аталаш инилери болуп кетет.

— Акмат агай, сизди кыргыздын дагы бир таланттуу уулу, жазуучу, легендарлуу парламенттин депутаты, кыргыз тилине жан дили менен күйүп-бышкан, “Түштүк кызынын” жана ашыктык казалдарынын автору Камбаралы Бобуловдун аталаш иниси катары билебиз?

— Мындай да, мен өзүм кесибим боюнча тиш доктурмун. Кесибим чыгармачылыктан алыс болгону менен жаштайымдан китеп дүйнөсүнө жакын өстүм. Жаштыгымда менин бир кыялым боло турган: поюз менен учу-кыйры көрүнбөгөн алыс сапарга чыксам, ал сапарда вагон толо китебим болсо, китеп окуп өзүм жалгыз кете берсем, а поюз жүрүшүн эч токтотпосо… Мына ушундай кыялдар менен бой тарттым. Китеп дүйнөсүнүн жаратуучулары болгон Камбаралы абам менен Мурза Гапаровдун жанында көп жүрдүм.  Мурза акем жөнүндө айтчу болсом, ал киши элдин баарына кичипейил мамиле жасаган, өзгөчө пакиза, өзүнөн кичүүлөргө да сиз деп сүйлөгөн табигатынан башкача сылык жан эле. Институтту бүткөндөн кийин Жерге-Талга кеткен Мурза акем кайра келгенден кийин шаардын Аламүдүн тарабында чогуу жашап калдык.

Камбаралы абам экөө теңтуш, замандаш, калемдештер болушкан. Мурза Гапаровдун чыгармасы боюнча тартылган “Көчө” фильминдеги тиш доктурдун жашоодогу кейипкери мен боломун. Азыр ойлоп көрсөм, Камбаралы абам менен Мурза Гапаровдун көп окшош жактары бар экен. Экөө тең элим, жерим деп күйгөн, сулуулукту баалай билген, пакиза, таза инсандар тура… Турмушта чыныгы достор, чыгармачылыкта бири-бирин жакшы түшүнгөн курдаштар эле. Ошондо мен жаш бала болсом, алар 22-24 жаштардагы жигиттер эле. Абам теледе иштеп жүрүп Москвадагы Горький атындагы адабий институтка окууга кетти. Ал жерде окуп жүргөндө абама Чыңгыз Айтматовдун ордуна “Правда” гезитинин Кыргызстан боюнча кабарчысы болуп иштөө сунушу түшөт. Ошол кезде Айтматовдун “Жамиласы”,  “Бетме-бети” жарык көрүп калган кез. Камбаралы абам бул боюнча биздин Илимдер академиясына коңгуроо кылып, мен бул орунга барсам, менин аспирантурадагы илимий ишим улана береби, мага бекитип берилген тема калабы-калбайбы деген маселе койгондо унчукпай калышкандарынан улам бул кызматтан баш тартып коет.

Ошондо абамдын илимий жетекчиси ачууланып, “эми мен кантип “Правда” гезитинин башкы редакторуна менин аспирантым бул орундан баш тартты деп айтамын” деп капаланат. Кийин кайра куруу башталып, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, атактуу адамдардын башын коштурган “Ысык-Көл форуму” Айтматов тарабынан уюштурулуп калды. Ошондо мен Камбаралы абамдан, “аба, бул форумдун бизге кандай пайдасы бар, муну өткөрүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле?” деп сурагам. Абам мага бул иш Михаил Горбачевдун шыкагы менен уюштурулуп жатканын айтып бергени эсимде. Горбачев өзүнүн кайра куруусун баштап, “кургак мыйзамын” жарыялап, өзүн жер жүзүнүн эң кыйын адамы катары баалап, бир кездеги улуу империя болгон СССРди кулатууга өтөгөн кызматы үчүн, түпкүрдөгү максаты – Нобель сыйлыгын алуу болуп турган учуру экен. Ошол максаты үчүн биздин залкар жазуучубузду пайдаланып, Нобель сыйлыгын алган Артур Миллер сыяктуу атактууларды ажайып Ысык-Көлүбүзгө чакырткан экен.

— Камбаралы Бобуловду кыргыз тилине жан дили менен күйгөн инсан катары да билебиз…

— “Кыргыз тили коомун” уюштурууда абамдын да көрүнүктүү орду бар. Абдыганы Эркебаев анда Басма сөз жана маалымат министри болуп турганда ушул коомду уюштурушат.

1990-жылы Камбаралы Бобулов Ноокаттан депутат болуп шайланат. Ошондо классик жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков менен Абдыганы Эркебаев экөө Бобуловду сүрөгөнү Ноокатка барышкан. 1991-жылы Эркебаев вице-премьерлик ишке өткөнүнө байланыштуу коомдун төрагалыгына абамды шайлашат. Азыркы Свердлов райондук акимиятынын экинчи кабатынан бөлмө беришип, ошол жерде иштеп калды. Камбар абам коомдун ишин кескин жандандырып, Жогорку Кеңеште кыргыз тили деп тынбай кыйкырып турду. Абамдын иш ордун оңдоп, иш кабинетине айлантууга мен да катышкам. Сүйлөгөн сөзү дайым калыс, туура болуп, эл менен болобу, туугандар ортосундагы мамиле болобу,  адилеттүүлүктү баарынан бийик койчу. Андай сапаттарына бир мисал, абам айылга барганда дайым эң биринчи чоң энебиздин үйүнө кирип учурашып, ал-жайды сурап, андан кийин  улуулатып, ага-инилеринин үйүнө башбакчу. Баары менен учурашып бүткөндөн кийин гана “болуптур анда, мен Акматтын үйүнө кеттим” деп меникине жөнөөчү. А меникинде “кой деген кожо жок” кенен-кесир олтуруп, ойдогудай чер жазып, баарлашчубуз.

— Камбаралы агай адабияттын үч бутагында бирдей эмгек өтөгөнүн билесиз да?

— Ооба, окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынып, атын чыгарган “Түштүк кызы” чыгармасынан кийин абам поэзияга да, публицистикага да аралашты. Бул боюнча мен абама: “Аба, сиз үч атты минип алдыңыз го, эми кандай болот? Бир жагын эле алып барсаңыз балким мындан да чоң ийгиликтерге жетишмек элеңиз” десем абам: “Иним, сен башкасына аралашсаң да бул жагын тим эле койчу” деп күлүп жооп бербей койгон… Бирок кийин муну чоң жазуучуларыбыз деле айтып чыгышты. Дагы бир өкүнүчтүү жагы, чыгармачыл адам саясатка аралашпай эле коюусу керек экен. Саясат да абамдын жүрөк оорусунун себептеринин бири болгону анык.

— “Лалахан казалдарындагы” Лалахан ким болгон?

— Лалахандын турмуштагы кейипкери абамдын биринчи жубайы болгон. Көп жылдар бирге жашап, анан ажырашып кеткени абама катуу тийген. Жеке жашоосундагы бул арман абамдын башы менен кошо кеткендей…

Маектешкен Назгүл ОСМОНОВА

Камбаралы Бобуловдон ыр шиңгил

Элим бар
Ала-Тоо гөөхар таштанбы,
Ойлосом ысык жаш тамды.
Аймагым бүткүл кучактап,
Жүрөккө кысып жатсамбы?

Ысык-Көл тунук жаштанбы,
Эстесем мелт-калт жаш тамды.
Толкунун бекем кучактап,
Түбүндө уктап жатсамбы?

Лалахан казалдары
Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын,
Күбөсүбүз арманы көп жылдардын.
Тузум ичип, туз баштыгым булгаган,
Жүзү кара ыйманы жок шылдардын…

Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын,
Сен энеси, мен атасы балдардын.
Эч күнөөм жок тагдырында алардын,
Өмүр бою балдарым деп жалбардым…

Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын,
Азабыңда чач агарган Камбармын.
Кыйын кезде сен карабай кетсең да,
Лалахан деп ырларымды арнадым.

* * *
Караңгы түн жүрөгүмө сайылган,
Кастык менен капысынан далымдан.
Көз тунартып алсыраткан алымдан,
Курч канжардын айыкпаган изи бар,
Билгиң келсе абалымды Лалахан.

Жабыркадым жаным кейип жараттан,
Душман эмес, ынак достор тараптан.
Бүт денеме уусун чачып тараткан,
Сур жыландын кан тамырлуу уусу бар,
Уккуң келсе арманымды Лалахан.

Айыктырсаң жүрөк эзген дартымдан,
Мен качпаймын убадамдан, антымдан.
Кумарланып ээрчий берем артыңдан,
Ишенип кой, ак периштем Лалахан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *