ПОВЕСТЬ

Адам баласынын башына түшчү эң оор окуя бул — согуш. Ал адамдарга кыйроо, өлүм, жоготуу, кыйноо, ачарчылык, жетимдик жана ушул сыяктуу жамандыктардан башка эч нерсе алып келбейт. Мен муну так билем, анткени балалык кезим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка туш болду. Азыркы жаңы заманда ал апаат биздин жаш муундарга тарыхтын жөнөкөй гана барактары сыяктуу сезилсе, бизге өмүрүбүздүн унутулгус күндөрү болуп, жаман так салып кетти.

Ойлоп көрсөм, андан бери жетимиш жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бирок ошол биздин үй-бүлөбүздүн башынан өткөн оор, каардуу күндөр али деле көз алдымда турат. Кээде ошол убакыттагы болгон окуялар кэчээ, бир күн эле мурда болгондой сезилет. Чынымды айтышым керек: ооба, оңой болгон жок, тагдыр экен, айла жок, башка түшкөндү аргасыз көтөрдүк. Бир гана биз эмес, бүтүн эл ошол трагедияны келечектен жакшылык тилеп, чыдамдуулук менен, жеңишке жетиш үчүн жанды аябай эмгектенип, сабырдуулук менен көтөрдү. Бирок биздин үй-бүлөнүн башкалардан айырмасы – ошол согуштан бөлөк дагы бир жагдайдын кысымына кириптер болгонубуз эле. Бул — атабыздын сталиндик репрессияга кабылып, “эл душманы” (эл арасында “контр” деп коюшчу) деген жалган айып менен кесилип кеткениндигине байланыштуу болчу. Ал кезде бийлик тарабынан “эл душмандарынын” үй-бүлөлөрү да атайын куугунтукка алынчу. Ошентсе да жөнөкөй адамдар, калың эл бул адилетсиздик экенин сезгенденби, бизге жылуу мамиле жасашчу. Биздин айлана-чөйрөбүздө дайыма жакшы адамдар көп болду. Алар — атамдын инилери, карындаштары, жөнөкөй эле коңшу-колондор. Ошолордун колдоосу менен заманга жараша эл катары жашадык. Алардын көбү менин адамдык сапаттарымдын түптөлүшүнө түздөн-түз себепкер да болушту. Жашоо ушундайбы же адам өзү ушундайбы, жамандык унутулат экен, жакшылык ар дайым эсте калат. Ал кишилердин да ар биринин бизге кылган мамилелери азыр да көз алдымда элестеп турат. Болгону гана өкүнүчтүүсү, түбөлүктүү эч нерсе болбойт экен да…

Эмне дейсиң? Убакыт — зымырап учкан куштай, дарыяда аккан суудай, жаадан атырылып учуп чыккан жебедей, чаап бара жаткан аргымактай болуп өтө берет экен. Бул — эчким четке кагалбай турган чындык. Кимдир бирөөнүн убакытты артынан кууп жетип, аны тизгиндегенге кудурети жетпейт. Адамды эмес, заманды өзгөрүүгө дуушар кылган убакыт. Ал эч кимди, эч качан аябайт. Убакыттын руху — заманды, доордон доорду алмаштыруу. Ага мисалдар көп. Анын бирин айтсам…

XX кылымда, эл сабаттуу болуп, колуна калем сап алып, кагаз бетине кат жазып, бири менен бири кабарлашып, байланыш түзүп, өздөрүнө керектүү маалыматтар менен алмашып турушчу. Ал каттарды биринен-бирине жеткизиш үчүн почточу деген кызмат болору баарына белгилүү эле. Азыркы муундагы жаштарга аны айтсаң аябай күлүшөт чыгар, анткени, бүгүнкү күндө адамзатка “почта” кызматынын кереги деле жок болуп калбадыбы. Себеби азыр баарыбызга белгилүү интернет деген нерсе пайда болду. Эми ал аркылуу миңдеген чакырымдарга карабай, каалагандай кабарды бир заматта жибере алабыз. Бул жаңы доордун түздөн түз белгиси болбогондо, анда ал эмне? Ошондо, тээ алыскы 1942-согуш жылдары, мен Жийде айылынын он эки жашар почточусу болуп иштеген кезимде, мага адамдар бул кызмат жетимиш жылдан кийин кереги жок болуп калган заман келет десе, түк ишенбейт элем…

Эмне үчүн мен почточу жөнүндө сөз баштадым деп сурап калышыңыз мүмкүн? Буга бир гана себеп бар: мен бала кезимде ойноп, жыргап жүргөндүн ордуна, чоң кишинин жумушун аткарып, кагаз-каттарды ташып почточу болуп иштедим. Ошону азыркы жана кийинки жаш муундарга айтып берчү жөнүм бар болуш керек деп ойлойм. Азыр баш көтөрбөй интернет менен алек болгон урпактарыбызга бир гана ал жөнүндө эмес, ошол кездеги элдин башынан өткөн кыйын заман жөнүндө жана жеңишке жетиш үчүн алардын кошкон салымы тууралу айтып кетишим да абзел. Анткени, бул — алар үчүн да унутулгус тарых болушу керек. Тарыхтан алган таалим – келечек үчүн сабак…

Биздин атабыз азыркы биз жашап жаткан эгемендүү өлкөбүздүн пайдубалын салып кеткен кыргыздын көрүнүктүү, чыгаан уулдарынын бири болгон деп сыймыктануу менен айта алам. Ал өз өмүрүн кыргыз эли жакшы турмушка жетип, социалдык адилеттүлүк орногон, өнгөн, өскөн мамлекетте жашаса экен деген максатта жан –дили менен өлкөсүнө кызмат кылган. Бирок тилекке каршы отузунчу жылдары репрессияга кабылып, атабыз он жылга, кат жазышып, кабарлашып туруу укугунан ажыратылып, алыскы лагерлерге айдалып кеткен деген НКВДден билдирүү алганбыз.

Он жыл… Анан дагы он жыл өттү… Ошол жыйырма жыл бою биз аны тирүү жүрөт деп, андан кат- кабар күтүп жүрдүк. Көрсө, бизге атайын жалган маалымат беришиптир: алыскы лагерге эмес, атамды 137 адам менен бирге атып өлтүрүп, сөөктөрүн Бишкекке жакын эле жерге(азыркы Ата-Бейитке). көмүшүптүр 53 жылдан кийин алардын көмүлгөн жери табылды. Ошол атам камалган каргышы тийген 1937-жылдан тартып биздин үй-бүлөнүн түйшүгү апамдын керт башына жүк болуп түштү. Ал төрт баласы менен жалгыз калды. Улуусу — Темир тогуз жашар. Мен сегиздемин, карындашта-рым Алия — үчтө, кичинекей Салия — эки айлык…
Атам камалгандан үч жылдан кийин каардуу Улуу Ата Мекендик согуштун түйшүгү кошулду. Аял кишиге жалгыз төрт баланы багыш азыр деле оңой эмес деп ойлойм. Анын үстүнө өтө оор кайгылар, күтүлбөгөн кыйын жагдайлар башынан өткөн соң ал оорулуу болуп, кара жумушка жарабай калды. Апабызга (колхоздо бухгалтер болуп иштөөчү) жеңилирээк болсун деп биз бала болсок да колдон келишинче чарба жумуштарды өзүбүз аткардык.

Согуштун учурунда мен он эки жашыман баштап Талас өрөөнүндө, Жийде деген айылда “почточу” болуп иштедим. Ошол жылдары бир эле мен эмес, бардык жаш балдар, өспүрүмдөр чоң кишилердин ордуна иштегенге аргасыз болгон оор учур болду. Аталар, агалар, дегеле камчы сапка жарап калган эркектер мылтык көтөрүп майданда. Түйшүк — аялдарда жана алардын өспүрүм балдарында. Менин курбуларымдын жеңишке жетиш үчүн жанын аябай жасаган салымы да эбегейсиз зор. Алардан улуурактары тракто-ристтерге жардамчы, айыл катчылар, мугалим, чалгычы болушту. Андан башка талаачылык, отоо, орок оруу, машак терүү, эгиндерди айдоо, сугаруу, жыйноону кичүүрөктөрү аткарды… Айтор кандай оор жумуштарды аткарышса да, айтарым, анын баарын өздөрүнүн каалоосу менен, чарчадым, кыйналдым дебестен, тайманбастык менен жасашкан. Көп нерсени сөз менен жеткире албайт экенсиң. Дагы бир нерсени белгилеп кетким келет. Элин-жерин сүйүү, мекенчилдигибиз абдан жогору болчу. Ал түгүл эбин таап фронтко качып барып фашисттерди талкалап келсек деген да ойлорго чөмүлгөндүгүбүз болду. Мына, өспүрүмдөрдүн согуш убагындагы абалы ушундай болчу.

Менин почточу болуп иштегеним үчүн мага колхоздон эмгек күн жазылат. Бардык өспүрүм балдардын жашы жетпегендиктен иштеп тапканыбыз ата энебиздин эмгек күнүнө кошулуп жазылат. Менин эмгек күндөрүмдү да апамдыкына кошуп коюшат. Күзүндө, жыйын-терин бүткөндө, ар бирибиздин тапкан эмгек күнүбүзгө жараша колхоз бизге буудай, жүгөрү, арпа берер эле. Албетте, ар эмгек күнгө аз-аздан эле дан берилчү, анткени колхоз адегенде алынган түшүмдүн эң чоң бөлүгүн (мурунтан пландаштырылган) мамлекетке өткөрөт, анан калган түшүм бүт колхозчулардын эмгек күндөрүнө карата бирдей бөлүштүрүлөт. Агам Темир он төрт жашта, трактористтин жардамчысы болуп иштейт. Ал да күзүндө буудай, жүгөрү менен жумуш акысын алат. Андан тышкары, там артындагы отуз соткеге (чарбакка) жашылча-жемиш эгебиз. Айтып кетсем, так ошол жердин түйшүгү менин мойнумда. Ал жерге жүгөрү, картошка, ашкабак жана башка майда барат жер-жемиштерди айдайм. Айтор, түшүм алгыча чарбакта иштегеним иштеген. Чынымды айтсам, мага дыйканчылык жасаган абдан жакчу, өзүм ошого жакын болчумун. Темир байкем болсо, эртеден кечке трактордун майына карала-торала болуп талаада жүрөт. Чабык, айдоо кезинде да талаа жумуштарын аткарып, ага да оңой болгон жок. Ошентип иштебесек үй-бүлөбүз ачка калат да, бул бир. Экинчиси жана эң негизгиси колхоздун планы аткарылбай калат. “Баардыгы фронт үчүн!”, “Жеңиш үчүн!”, “Сталин үчүн!”деген демилгени эл жогору тутуп жүргөн. Мына ушинтип, бир жагынан үй-бүлөнү багуу, экинчи жагынан бардыгы жеңиш үчүн…
Биздин апабыздын билармандыгы, срамжалдуулугу, тапкан тамак-ашыбызды бир жылга бөлүштүрүп жеткизе билгени, бизге чоң өбөлгө болду. Бир да күнү бизди ачка калтырган жок…

Кийинчерээк, биз менен апамдын эжеси — Гүлшат–таяжебиз чогуу жашап калды. Ал кишинин тагдыры да кыйын: күйөөсү “эл душманы” катары атылып кетти, жалгыз баласы фронтто. Таяжемдин апам менен бири-бирине жөлөк-таяк болуп чогуу жашаганы бизге да жакшы болду. Ал киши кичинекей Алияны жана Салияны карайт…

Ошол кезде элдин турмушу канчалык оор болсо да бири-бирине карамдуу, кайрымдуу эле, бир сындырым нанды тең бөлүшүп жешчү. Эсимде, апам: “Кудай таала элге берсин, элде болсо, бизде да болот” деп тилечү эле. Ошондой каар жылдарда да көчөдө кароосуз жетим балдар жокко эсе болчу. Жок дегенде аларга алыс же жакын боор тартышып, туугандары каралашып, же өз үй-бүлөрүнө алчу. Азыркыдай балдарын карабай таштап койуу кайдан болсун. Баланчанын балдары талаада калыптыр, суранып-тиленип жүрөт деген сөз туугандарынын намысына тийчү. Ошондуктан, жетим-дерин кайыр тилетпей колунан келген жакыныраак тууганы багып алчу. Элдин азыркы жашоо деңгээлин ошол кез менен салыштыруу – асман менен жердей. Бирок, ошого карабастан бүгүн бары-жоктун баары бар болсо да, ал кездегидей кайрымдуулук жок. Бизден ыйман кетип баратабы деп өзүмдөн кээде сурайм. Бирок жооп табалбайм. Эмнесин айтасың…
Кичинекей кезимде, түнкү асманды кароону жакшы көрчү элем. Тамаркадагы иштеримди бүткөндөн кийин апам бизге чай берет. Тамак жеген соң, чарчап тамбашына чыгам. Анда эмне, тамдардын азыркыдай чатырлары жок болчу. Устундар ташталып үстүнө чырпыктар төшөлчү, анан саман, топурак менен жабылган. Ал жерден өзүмө жата турган кичинекей алачык жасап алгам.Чымчыктын уясындай болуп, мага эптүү. Биринчиден, анын пайдасы, түнкү соккон шамалда салкында жатасың, экинчиден үйдөгүлөрдү жүдөт-пөйм. Аялдар, кыздар кичинекей үйдө кенен жатышат…

Ошентип чарчап, шатыдан там башын карай чыгып бара жатканда апамдын жылуу, ары мага жагымдуу үнү кулагымда жаңырып дале угулуп турат:

— Атай, жолго кичинекей токоч жасап койдум, аны эртең менен унутпай алып кет, курсагың ачып калбасын, макулбу,- деген сөзү менин тулку-боюмду эриткенсип жиберер эле. Мен болсом ээн- эркин төшөккө кулайм. Анан кичинекей алачыгымдын оозунан көрүнгөн жылт–жулт этип нур чачкан жылдыздарды карап, балалык оюмду ааламдын булуң-бурчуна жөнөтөм. Баламын да, батышта каардуу согуш болуп жатса да, оюм таза, асмандай ачык. Келечектеги жашоонун бакыбаттулугун оюмда элестетем. Анан атамды эстей берем. “Жүрөгү таза, акыйкатчыл, эл жерин — сүйгөн адам эч качан элине кастык жасабайт, ал эч качан “эл душманы” боло албайт”,- деген апамдын сөзү кулагыма куюп койгондой ар дайым угулуп турат. Ал тирүү экенине да ишенем. Анын себеби бар…

Бир жолу апам Гүлшат таяэжем менен атам жөнүндө кеп салып жаткандарын угуп калдым.

-…Ал тирүү. Сибирге же Алыскы түндүккө айдалып кеткен болуш керек. Мен НКВДга издөө катын жазсам, мага “Кат жазышып кабарлашууга укугу жок” деген жооп келген. Ошол үчүн бизге кабар бералбай жатат болуш керек деп ойлойм. Болбосо, өзүн эчак эле бир билдирет эле да. Санаам чыдабайт. Түрмөдөн бирөө бошонуп келди дегенди уксам эле, аларга барып менин күйөөм жөнүндө укканыңар барбы деп сураштырып жүргөнүмдү билесиң го. Кечээ эле Жайылган айлынан бирөө түрмөдөн чыгып келиптир дегенди угуп, ага да барып жолугуп келдим. Алыскы Уралда тактай тилүүчү заводдо иштеген экен.

— Менин күйөөм жөнүндө көргөн укканыңыз барбы? – деп сурадым андан.

— Кечирип коюңуз, билалбадым аны. Азыр ким кайда айдалганын билиш оор. Сиздин күйөөңүз мен камалган жерде жок болуш керек. Ал жерлердеги лагерлерде кыргыз бар деп укпадым, деди мага. Кудайга тапшырдым, башка айла жок, кайда болсо да, аман болсо экен, — дегенден кийин апамдын көзүнө жаш кылгырып, терең үшкүрдү.

Гүлшат таяэжем болсо:

— Кой Айша, ыйлаба. Кайрат кылып күтүш керек. Мен анын тирүү экенине ишенем. Бир күнү кат-кабар келип калаар. Ошондо биздин почточу бала өзү сага сүйүнчүлөп алып келип колуңа тапшырар. Ал күн келгенде балдарың менен кучакташып кубанарсың. Ишен, күт…

— Ооба, баарын түшүнүп турам. Канча болсо да күтөм. Эми менин негизги милдетим балдарды аман-эсен чоңойтуп, буттарына тургузуу. Заман өзгөрбөй, ушу бойдон калса, булардын келечеги кандай болот?… Кандай болсо да менин энелик парзым — балдарга билим берип, келечекте турмуштан өздөрүнүн ордун таап, өз оокаттарына тың болуп кеткидей кылып тарбиялоо деп эсептейм.

— Сөзсүз, сен туура айтасың Айша.

— Чарбалык иштерди го өздөштүрүп алышты. Эми жакшы мектептен окушса, жакшы билим алышса… Бирок ушул каргыш тийген согушта кантип окушат? Эртеден кечке чоң кишилердин жумушун аткарышат, чарчайт. Атайды карасаң, арык, бою да кичирээк. Кээде аны карап, боорум оруйт. Мектепке барам деп Талас суусун күнүгө ары-бери кантип кечип өтүп жүрөт? Анысы аз келгенсип, почточунун жумушун иштейт. Тырышчаактыгынан чыдап жүрөт.

— Согуш деле бир күнү бүтөт, Айша. Тынчтык болгон күн келет, ошондо окуп алышат. Ушул апааттан аман-эсен чыгып кетсек, келечектери сөзсүз кенен болот деп ойлойм. Атасы да бошоп келип калар, мөөнөтү бүтүп калат да ошол кезде…

Очоктун оозунда апам менен таяэжемдин сүйлөшкөн мына ошондой сөздөрүнө байкабастан күбө болуп калдым…

Атамдын тирүү экенин ишендирген дагы бир окуя.

Кээде айылга эчкимиси жок, үстү-башы тозгон, аса-муса таяк таянган, чачы саксайган мусапыр кемпир келип калчу эле. Анын түрү суук болчу. Кичинекей балдар андан аябай корко турган. Аны айылдагылар Бүрүш кемпир деп коюшар эле. Балким бүрүшүп басканынанбы. Айтор биз балдар, аны Бүрүш апа дечүбүз.
Айылдан айылды кыдырып үйлөргө кирет. Баарынан кызыгы, аны эчким куубайт. Тескерисинче аны үйлөрүнө жат-кызып, колдон келген тамагын да беришээр эле. Азыр ойло-сом, бир касиети бар кемпир болсо керек. “Төлгөнү жакшы салат” деп кишилер айтып калчу. Анысына мен да ишендим…

Бир күнү жумуштарды бүтүрүп, үйдө карындаштарым менен алек болуп отурсам, короодо Додик деген итибиз үрүп калды.(Биз Москвада жашап турганда мен, Темир байкем жана атам болуп циркке барганбыз. Циркти биринчи жолу кө-рүшүбүз. Биздин эсибизден чыккыз окуя болгон. Мына ошол циркте секирип ойногон “Додик” деген кичинекей иттин атын күчүгүбүзгө койгонбуз. Цирктеги Додик жат десе жатат, отур десе отурат, үр десе үрөт. Айтоор акылдуулугун айтпагыла. Биздин Додик болсо, секиргенди билбесе да, кыйын короочу болчу). Бул кимге үрүп жатат деп мен эшикке чыксам, кашаа-нын жанында ошол Бүрүш апа туруптур.

— Үйдө ким бар? — деп ал үн салды.

— Баарыбыз эле барбыз, — дедим.

Үйгө кирип апама Бүрүш кемпирдин келгенин айттым.

— Балам, чакыр ал кемпирди үйгө. Жатар жери жокко ал бечеранын…, — деди.

Итибиз токтобой ажылдайт.

— Додик, болду эми, кет, — деп, мен аны кууп жибердим.

— Бул эмне деген ат койгонсуңар итиңерге. Додик деген иттин аты да болобу? — деп, мусапыр кемпир башын чайкап үйгө кирди. Таягын бурчка таяп, апамды сынап бир карады.

— Саламатсызбы, келиңиз, төргө өтүңүз, — деп, апам аны сыйлап өөдө өткөздү.

— Айша, кандайсың, аман жатасыңарбы? – деп, ал сөзүн баштады.

— Шүгүр, баары жакшы, — деп апам чай куюп ага сунду.

— Жакшы болбой калсын. Согушта эмне жакшы болсун?- деп, ал ысык чайдан уурттады. Анан загара нандан алып, тиши жок кызыл ээги менен чайнап кирди. Биликтин бүлбүлдөгөн жарыгында, кемпирдин сөлөкөтү мага бир башкача, коркунучтуу көрүндү.

Ал озундагы нанын чайнап бүткөн соң, чайдан баса-баса урттады. Анан:

— Бул ким? — деп, эми таяэжемди сынай карады.

— Эже-сиңдибиз. Аты Гүлшат, — деп жооп берди апам.

— Сенин да башыңа бир оор күн түшүп турат окшойт, – деп, кемпир чынысын апама узатты.

Таяэжем унчуккан жок. Ошентип чай ичкен соң, апам кемпирге төшөк салып берди.

— Жатасызбы? — деп сурады андан.

— Жатса жаталык. Силер мени карабай эле койгула. Эртеңки күндүн камын көрө бер, Айша, — деди.

Бир убакытта апам айтып калды:

— Эже, төлгө салып бербейсизби.

— Салса салып берелик, — деп кемпир баштыгынан тоголок таштарын чыгарып жерге жая баштады. Жылмакай таштар ар тарапка тоголонуп токтоп калышты. Бүрүш апа аларды карап, бирдеме деп сүйлөндү. Апамдар унчукпай, демдерин ичке тартып, кемпирди эмне айтаар экен деп, аны үмүттүү карап турушту.

— Сенин келечегиң ачык, куда кааласа жакшы болот экен. Балдарыңды жетилтип баарын адам кыласың, — деди Бүрүш апа. Алдыда бир топ жакшылык күтүп турат сени. Уулдарың атасындай мыкты чыгышат. Элдик кишилер болушат. Кыздарың сени тартып, алар да мыкты болот. Мына ошондой, Айша. Таштар алдабайт мени.

— Ал эми балдардын атасычы? Ошону айтсаңыз — деп, апам чоң үмүтү менен кемпирге карап, акырын ага гана угузуп сурады.

Кемпир апамдын суроосуна унчукпады. Анан таштарын дагы бир карап мындай деди:

— Күйөөң жакында келбейт, балдарды жалгыз чоңойтосуң. Бирок ал силерге кабар берет, балким кагаз түрүндө. Айтор, сөзсүз бир кабар аласыңар…

Ошол күндөн тартып, атамдан кабар келип калабы деп муруңкудан да эңсөөчү болдум. Почтага баратканда кээде атамдан кат келип калганын элестетчүмүн.

Ал көзүмө төмөндөгүдөй көрүнөөр эле:
Мен камсанабай почтага кирип келем. Райондун почтасынын башчысы Нүрбүбү эже мени жылмайып карап:

— Ай, Атай, сүйүнчү, атаңдан кат келбедиби — деп, мага айтат. Мен болсом ошондо ага ишенбей, кубанычымды койнума батыра албай:

— Чын элеби, Нурбүбү эже? — дейт элем.

Ал болсо катты алып:

— Ишенбесең мына, — деп сунат.

Мен болсом атамдын катын колума кармап алып, апама шамалдан тез учуп чуркап барат элем:

— Апаке, апаке, атамдан кат келди, кат келди! — деп.

Анан баарыбыз чогулуп, катты кылдаттык менен ачып, аны окуйт элек. Менин оюмча апам өзү үн чыгарып бизге окумак:

Башында “Сагынычтуу салам кат”. Андан кийн биздин аттарыбызды санап, акыбалыбызды сурайт. Силерди аябайгандай сагындым. Мен болсом жакшымын, жакында үйгө келем… — деп апам ал катты өөп , бизди карап:

— Мына, атаңар кабар берди…

Биз болсо үн чыгарбай апабызды жым-жырт болуп угуп отурмакпыз.

Бирок арга жок, андай болгон жок…

Ошондо, там үстүндөгү алачыкта жатып, атамдан кат келсе экен деп эңсеген учурда, бир көзүмдү жумуп, жылдызга кол сунар элем.

— Жылдыз, колумдун муштумуна батып кетет экенсин. Ошончолук алыстан жарык жибересиң, сен күчтүүсүң. Сенден бир нерсени суранам. Атам үйгө кайтып келсин. Бизди баарыбызды кучактап, чогуу бололук, — деп аманатым-ды тээ алыскы жарыктарга айтам. Андан соң таттуу түштөрдү көрүп уктап калам…

* * *
Балалык сезимдер унутулбайт, ар дайым көкүрөктө кала берет экен. Андан бери дарыялардан канча суу агып кетсе да, алардын баары али жүрөгүмдө. Азыр апам да, Темир агам, карындашым Алия да жок. Менин асыл кишилерим… Силер менен жашап, чогуу болгон күндөрүмдү эстесем жүрөгүм бир жагынан жылыйт, бир жагынан силер азыр биздин арабызда жок болгонуңарга сыздайт. Алтындарым, баары эсте…
Буйрук экен, мурда айтып кеткендей, он эки жашыман баштап почтодон элдин каттарын, айыл кеңешине гезиттерин жана багуучусу жок үй-бүлөлөргө өкмөттүн жөлөкпулдарын (пособиелерин) ташып калдым. Айылдагылардын көбү өз атымды деле билбейт. “Каткелди бала” деп коюшкан. Ал атка конгонумдун өзүнчө окуясы бар болчу. Каттарды алып, даре-ги менен үйдүн жанына келсем иттери үрүп, мага асылып жолотпойт. Өзүм да алардан корком, каап алабы деп.

— Кат келди! — деп, кыйкырып үн чыгарам, үйдөн бирөө чыксын деп.
Кишилер болсо:
— Кат келдиби? — деп кубанышат, анан “Кет, эмне үрөсүң, кат келди!” — деп иттерин кубалашат.
Ошону менен эл арасында “Каткелди” деген атка кон-дум. Бирок эл мени кандай айтышса да, ага таарынчу эмес-мин. Менин оюм — жумушумду так, кечикпей, ирети менен аткаруу. Себеби, ата-энелердин, бир туугандарынын жазган каттарын убагында, жоготпой почтага жеткирүү жана кайта согуштагы балдарынан келген жооп каттарды үйүнө алып баруу, мен үчүн эбегейсиз чоң жоопкерчилик болчу. Кичи-некей болсом да, жоокерлердин жана алардын үй-бүлө-лөрүнүн ортосундагы байланышы мен боло турганым мага анык эле…

Почточунун жумушу таң атканда башталат. Эртең менен эрте туруп, апам даярдаган чайды ичем. Жылуу төшөктө кичинекей ымыркай карындаштарым ой-санаалары жок, таттуу уйкуда жатышат. Бөбөктөрүмдү карап жылмаям, алар менин көзүмө жакшы көрүнүшөт. Кыязы аларды көрүп, атабызды жоктотпой, мен өзүмдүн агалык жылуу сезим-деримди аларга бергим келсе керек. Чай ичип бүткөн соң, апама рахматымды айтып жолго чыгам.

— Балам абайла, жолдон сак болуп жүр — деп, апам даярдаган кичинекей токочун баштыгыма салып мени жөнөтөт.

Азыр ойлосом, апам кичинекей арыкчырай баласын карап “Жолдон кудай сактасын, жамандыктан алыс болсун” деп жүрөгү далай сыздаган тура. Андай болушуна да бир себеп бар эле. Почтодон, жөлөкпулдун акчасын кеңсеге алып бара турган күндөрүм да бар болчу. “Кимдир бирөө балама кол салып акчасын тартып алып кетпейби,” – деп апам байкуш ошондон коркчу. Анын үстүнө тоодо жашырынып жүргөн качкындар да тегеректе тамак издеп жүрүп калышчу. Аларга ишенич жок эмеспи…

Апам мага жолго батасын бергенден кийин мен короодон короо кыдырып кат жыйнаганы жөнөйм. Жоокер-лердин ата, энелери жазган каттарын көкүрөктөрүнө бекем кысып мени карайлап күтүп турушат.
— Каткелди, айланайын, сени эртеден бери күтүп турам? Мына, биздин катыбыз. Балабыз аман болсун, катыбыз колу-на жетсин. Сен да аман бол, — деп, алар өз батасын мага да беришет…

Айылда кайсыл үйдө кимдин баласы же атасы согушта экенин мен баарын биле турганмын…
Согуш учурунда катты баракка жазып, аны үч бурчтук түрүндө бүктөп, бир бетине даректи жазып коюшар эле. Ошол үч бурчтуктарды баштыгыма салып жыйнаган соң, аларды Покровка айылындагы почтого алып барып тапшыруу менин милдетим. Айылдан ошол жерге чейин төрт-беш чакырымдык жол. Ортодо Талас суусун кечип өтүшүм керек. Каттарды почтага өткөргөн соң, мектепке барып окуйм. Окууларым бүткөндө, почтага кайра барам, ал жерден биздин айылдын гезиттерин жана согуштан келген айылдаштарымдын кат-тарын баштыгыма салып, кайта айылга карай жөнөйм. Алдыда дагы бир ирет Талас суусун кечип өтүү. Эртең менен-кидей кайра бут кийимимди чечип, шымдын багалегин өйдө түрүп какшаган муздак сууга кирем. Жылмакай таштардан жыгылып кетпейин деп баштыгымды бекем кармайм. Жыгыл-сам оңбойм. Бирок ал эч нерсе деле эмес эле. Эң коркунуч-туусу каттар баштык менен чогуу сууга агып кетиши, же сууга тийип жөн эле ным болуп калышы. Анда кагаздардын беттериндеги сыялар өчүп, алардан эч нерсе окулбай калат эмеспи. Суудан аман-эсен өтүп айылга жетерим менен кат-тарды таратам. Кээ бирөөлөр, айрыкча эски кишилер тамга тааныбайт. Мени, “ Кана, Каткелди балам, катты окуп берчи” –деп, суранышат. Мен аларга даректелген үч бурчтуктарды ачып окуп берем. Алар мени абдан кунт коюп угушат. Кээде:

— Токточу, ал жерде эмне деп жазыптыр? Кайталап койчу, — дешет.

Түшүнбөй калган саптарын кайтадан окуп берем…

Жоокерлерден келген каттар болсо көбүнчө бирдей башталат: Салам кат. Жазамын ушул катты андагы Таластын салкын абасында жашап турган чоң атам баланчага, чоң энем түкүнчөгө, атам, апам, жана … Каттын ушу жерлерине келгенимде алардын беттеринен жаш ага баштайт.
Атам кандай, агам, иним кандай, туугандарыбыз кан-дай? Мен болсо эрикпей окуйм. Себеби аларга баласынан фронтон келген ар бир сөз маанилүү.
— Күчүгүм, аман экен, айланайын, жакшы кабар алып келдиң – деп, мага ыраазычылык билдиришет. Мен ошондо өзүмдү керектүү, маанилүү иш аткарып жаткан киши катары ичимен кубанам…
Кээде тамеки талаасында иштеп жүргөн аялдарга чейин каттарды жеткирүүгө аргасыз болом. Себеби алар эрте кетип, үйлөрүнө кеч-курун гана келишет. Убакытымды текке кетирбейин деп ошол жерге барам. Тамекичи аялдар:
— Каткелди келе жатат! — деп мени көргөндө чурулдап чогула калышат.
Төкөр бригадир Кабакбай аке аларга үн салып кыйкырат:
— Ай, катындар, чурулдабагыла. Жер көчкөнсүп кумурскадай болуп быжырайсыңар да. Он минута эс алуу, катыңарды алып кайта жумушка киришкиле.
— Ай, бригадир аке, каттарды окуйлук. Күйөөлөрүбүздүн кат–кабарын угалык, — деп, алар дагы бир ирет чурулдашат.
— Ээ жараткан, окугула, — деп колун шилтеп тамекисин оозуна тиштеп, аны түтөтүп көлөкөлөйт.
— Кана Каткелди, кимди бүгүн кубандырасың? – деп, аялдар мени тегеректеп туруп калышат.
— Ажар эже, сизге — балаңыздан, Зулайка эже, — күйөңүз Аскар байкеден жана Жаңылкан эже, — улуу баланыздан… — деп үн чыгарам, кабар алчу аялдардын атын айтып, анан ал каттарды колума кармап башыман жогору булгалай көтөрүп баарына көрсөтө алардын колуна тапшырам. Окуй албаган апаларга да ал жерден каттарын окууга туура болот.

-Айланайын, бизди кубандырбадыңбы. Рахмат Кат-келди, рахмат. Балам аман-эсен экен. Сен да бар бол, аман жүр — деп, талаада иштеп жүргөн апалардан, жеңелерден да бата алам.
Жаш келиндер кат алса, алар элден алысыраак барышып, көбүнчө арыктын боюна отуруп алып эч кимге көрүнбөй окушат. Анда баламын да, түшүнчү эмесмин, “Эмнеге жашынып окушат?” – деп ойлор элем. Балким катта жоокерлер келинчектерине бир купуя сырларын жазса керек. Анын үстүнө бул да улуулардан ыйбаа кылгандык экен.

Эмнеси болсо да элден көп бата алдым. Бирок дайыма эле андай болчу эмес. Мен жек көргөн “Кара кагаз” деген кулк-мүнөзүмө сыйбаган жаман нерсе бар эле. Андан баары коркушчу. “Кара кагаздар” төрт бурчтук түрүндөгү конверттер болуп келчү. Сыртында аскер штампы коюлуп майор, капитан же башка штабдык кызматкердин колу менен. Анда бирөөнүн баласынын, же күйөөсүнүн же атасынын согушта курман болгондугу жөнүндө суук кабар болор эле.

“Кара кагазды” колдоруна тапшырууну, колхоз жетек-чилери аксакалдарга ыйгарышчы. Эгерде каттардын арасында “кара кагаз” болсо, мен аны кеңсеге алпарам. Ал жерде айылдын аттуу-баштуулары чогулуп, катчыны кошо алышат, чогуу ошол үйгө, салтыбызга жараша, катуу үн чыгарып өкүрүп барабыз. Ошондо энелердин, келинчектердин, карындаштардын зыркырап ыйлаган үнүн укканда, менин жүрөгүм түйүлүп жаман болом. Жер аңтарылып, акыр заман келгендей. Асман да ал күнү боппоз, жел жок, зымырыңкы…
Майдандан баласынан айрылган энелердин кайгы-муңу акылга эч сыйбай турган нерсе. Ошондо бала болсом да, согуштагы айылдаштарымдын өлүмүнө менин тиешем бар сыяктуу жаман сезем өзүмдү. Себеби кандай болбосун, суук кабарды почтадан мен алып келем да. Андай күндөрү үйгө келип, там башына чыгып, кичинекей алачыгыма кирип кетип бекинем. Менин балалык кулк-мүнөзүм бушайман болуп, жалгыз болгум келет. Ушундай оор учурлар болгондо сөзсүз атамды эстейм. Анткеним, таянарга бир жөлөк издейт болушум керек. Ал өзү жок болсо да, мага элеси ошондой болуп берилгенго сыягы.

— Ата, кайдасың? Сен жаныбызда болсоң, балким баары башкача болот беле. Биз сени сагындык… — деп ага кайрылам. Анан бул дүйнөдөгү болуп жаткан адилетсиздикке чыдай албай буркурап ыйлайм.
Бир жолу ушундай жаман болуп жатсам, апам мени чайга чакырды. Ал абдан кыраакы киши болгондуктан менин бушайман болгонумдун себебин жакшы түшүндү окшойт. Башыман сылап:

— Эмне болду сага балам? – деп кылдат сурады.

— Апа, болду, почточу болуп иштебейинчи, — деп мен анын жүрөгүн орутпайын деп акырын айттым.

— Чыда, балам. Майдандагы өлүм, эл үчүн болгон кайып. Сенин күнөөң жок мында. Ал — каардуу согуштун кесепети — деп, менин жайымды энелик мээрими менен тынчытты.

— Апа, убакыт жеткенде Темир да согушка барабы? — деп, агамдын келечектеги тагдыры башкалардыкындай болуп кет-пейби деп, сурадым бир жолу ошондо. Менин оюм: агамдан “кара кагаз” келсе апам эмне болот? Байкемдин “кара-кагазын” апакеме кандай берем деген жаман ой кетти ошондо.

— Балам, баары кудайдын колунда. Ал бойго жеткиче согуш бүтүп калар. Жараткандан ошону тилейм – деп, ал акырын айтты мага.

— Сиз кандай ойлойсуз, атабыз тирүүбү? – деп, мен көкүрөгүмдү кысып жүргөн суроомду ага узаттым.

— Аман, аман… Бир жерде лагерде камалып жатат болуш керек. Убакыты келгенде, аны бошотушат. Ал күнөөлү эмес. Бир күнү акталып үйгө келет. Анан баарыбыз чогу болобуз,-деди, апам мени мээримдүү карап. Кыязы мени атамдын өңүнө окшотконго ошондо:

— Сен да Темирдей чоңойгон сайын атаңа, окшошуп баратасың, — деди ал бетимен өөп…

Экинчи апамдын жүрөгүн орутпайм деп, мен да анын мойнунан кучактап, бетинен өптүм. Көзүнөн туздай ачуу жашы агып жатканын сездим. Ошол убакытта апама бир чоң сырымды айткым келип кетти. Бирок айталбадым. Ал төмөн-дөгүдөй сыр эле.

Ошол кезде айылда бир жесир аял жашачу эле. Анын аты Акылай болчу. Мына ошол аялдын эки баласы — майданда. Экөө тең согушка удаа кетишкен.Үйдө Акылай апа өзү жалгыз калган. Ошол аялга ай сайын жеткирип барган жөлөкпулдан колхоз ага каражат бөлүп берет. Эчкими жок болгондуктан ошол акча менен эптеп-септеп жан багат. Мен болсом, балдарынан сүйүнчү кылып кат жеткирем.

— Апа, сизге кат келди, — дегиче ал алдыман чуркап чыгат.

— Ырас болбодубу садагаң кетейин. Кимисинен экен?!

— Улуу балаңыздан — деп, ага кабарлайм.

Кийинкисинде: Акылай апа, кичүүңүздөн кат келди- деп, сүйнчүлөйм. Кемпир калтыраган колу менен катты алып, биринчи өбөт, андан кийин жыттап күкүрөгүнө кысат. Биринчи сөзү дайыма мындай болор эле:
— Тирүү экен! Кудайга ошонусуна миң мертебе рахмат!
Катты алган соң кубанган бойдон жаман кепесине кирип кетет. Ошол жерден күбүрөнүп–шыбыранып катты окуйт. Мен болсом аны биртике убакыт тыңшап, анан ичимен бир сүйүнүп, өз ишим менен ары кетем …
Күндөрдүн биринде почтага барсам, улуу баласына “кара кагаз” келиптир. Майдандан, Сталинград салгыла-шуусунда эрдик менен каза болуптур. Шордуу эне, ага баланын эрдиги эмне. Күн-түн бөпөлөп өстүргөн баласы өлүп кеткен баатыр болбой, ага тирүү керек да, Акылай апанын ыйы айылдын бир башынан экинчи башына чейин жүрөктү оорутуп угулуп турду. Улуу баласын жоготкондон кийин ал оңбой калды. Айылда өкүргөн үндөрдү укса титиреп кетет. Чачын ак басып, арыктап, бети башынан өңү кеткен. Бою киченекей неме, ого бетер чүкөдөй болуп калды. Бир жагынан мени күтөт, кичүүсүнөн кат алып келеби деп, бир жагынан менден коркот, “кара кагаз” алып келеби деп. Кантет анан байкуш киши…
Эртен менен, түштөн кийин күнүнө бир маал эски малканасынын жанында отуруп алып мени күтөт. Кат чогултар, анан таратар убагымды сааттай так билет.
— Алтыным Каткелди, күчүгүм Болсунбектен кат–кабар барбы? — деп, жалдырап сурайт.
Мен унчукпайм. Анда ал:
— Эсиңдеби, мен ага баягыда эле кат жаздым эле, унутпай почтого алып бардың беле? …Алиге чейин жооп жок, качан келет? – деп, көздөрү сумсайңкы, оту жок, өчүп калган-дай мага чоң үмүт салат.
— Акылай апа, баары жакшы болот. Камсанабаңыз, Болсунбек байкемден жакын арада сөзсүз кат келет — деп ага балалык сөзүм менен күч-кубат берем. Ким билет, ошондо канчалык мен ага кайрат бергенимди. Бирок кантседа менден ага жылуу сөздөр айтылбады беле.
— Ошентсең, Каткелди. Айтканың келсин… Мына дагы бир кат жаздым деп мага жаңы катын берет. – Унута көрбө муну. Почтонун башчысы болуп иштеген келиндин өз колуна кармат…
Анан туруп :
— Мен шордуу андан айрылсам, мага жашоо жок… — деп терең үшкүрөт. Анан акырын шыбырайт мага.
— Каткелди, суранам сенден, мага жаман кагаз алып келе көрбөчү…
Мен болсом кудайдан тилейм: ушул аялдын баласы аман эле келсе экен…
Күндөрдүн биринде кудай жалгап Болсунбек байкеден кат келип калды. Кубанганымды айтпагыла.
— Акылай апа, сизге балаңыздан кат келди, кат келди! — деп үйү айылдын аягында болсо да эч кимге кирбей, учуп бардым.
— Шүгүр, шүгүр айланайын Каткелди, — ал да алдыман чуркап чыкты . Катты шак карматтым. Ал аны өпкүлөдү да жүрөгүнө бекем кысты.
— Алдыңа кетейиним, тирүү экен – деп, ыйлап жиберди.
— Айтпадым беле, Акылай апа, мынакей кат келди Болсунбек байкеден,-деп мен да анын кубанычына кошул-дум.
— Ооба, Каткелди. Оозуңа май!
— Мейли, анда эмесе мен башка каттарды таратышым керек, барайын, — дедим ага.
-Койо турчу, катты ачып, окуп берчи. Көзүм анчейин көрбөй жатат, – деп суранды.
Улуу баласына көз жаш төгүп жүрүп көзү да болбой калыптыр байкуштун деп мен аны аядым. Катты алып окуй баштадым:
Саламатсызбы алтын энекем!” Дениңер сакпы? Кандай жүрөсүз деп баштаптыр.
— Ананайын, шүгүр. Алдыңа кетейин, мага сен аман болсоң эле болду. Окуйгой, оку Каткелди.
— Тамак-ашыңар жетип жатабы? Отунуңарды ким жарып берип жатат? Кышкыга камынып жатасыңарбы?… Агам кат жазып жатабы? Менден ага салам айтыңыз…
— Шордуу балам, агасынын өлүп кеткенин билбейт да, — ошол жерден эненин көз жашы кетти..
Кыскасы, Акылай-апанын ыйлаганына карабай, ага баласынын катын шашпай эч нерсесин төкпөй чачпай окуп бердим.
— Айланайын Каткелди, сага чоң рахмат. Балам эсен-соо экен. Мына сага — деп, шырмалынын чөнтөгүнөн бир кызыл алма алып чыкты.
– Ме, жейгой, бул — таттуу алма. Мага дайым ушундай жакшы кабар алып келсең, алма берип турам…
Мен рахматымды айтып, жемишти чөнтөгүмө салдым да, жөнөп кеттим. Ал алманы кайдан алганына таң калдым. Себеби, жемиш бак деле жок болчу айылда. Покровкада жашаган орус кишилерде гана болор эле. Акылай апа берген алманы үйгө алпарып карындаштарым менен бөлүшүп жедим. Аларга кызыл алма бир керемет көрүндү окшойт. Алия да Салия да мен бөлүп берген жемишти абдан тамшанып жешти.
— Атай байке рахмат, алма татту экен – деп, алардын кубанычы менин жүрөгүмдү жылытты. Ичимен Акылай апага дагы бир ирет ыраазычылыгымды айттым…
Кээде ойлойм, эмнеден корксоң, ошол келет экен. Бир күнү почтага барсам мен корккондой эле, Акылай-апанын кичүү баласы Болсунбекке “кара кагаз” келиптир. Аны көрүп жаман болдум. Кемпирдин жалдыраган көзүн элестеттим. Айылга кандай келгенимди жакшы билбейм. Көзүм туман. Бир гана эсимде, Талас суусун кечип баратканда, биринчи жолу таштан тайгаланып жыгылып, баштыгым ошол “кара кагаз” менен кошо агып кетсе жакшы болот эле деп да тилендим. Бирок тилекке каршы тайгаланган жокмун. Менден бир жолу нанымды тартып алган түрү суук качкын кайта алдыман чыгып, баштыгымды тартып алса деген ойго кеттим. Бирок, ал да ошол күнү алдымдан чыккан жок. Ошентип, айылдын четине кандай келип калганымды билбейм. Арыктын боюна отуруп эмне кылыш керек деп, катуу ойлондум. Жобосу боюнча, сүйлөшкөндөй, мен “кара кагазды” кеңсеге алып барышым керек. Анан чалдар чогулуп өкүрүп барышат. Ойлогонум, Акылай-апа кичүү баласынын өлүмүн билсе, анын жүрөгү чыдабайт. Мына ошол ой-санаа менен эмне кыларымды билбей көпкө отурдум…
Бир убакта мага мындай бир ой келди. Ал “кара кагазды” мен эчкимге бербейм да, эчкимге да көрсөтпөйм. Бул чечим башымда пайда болору менен, мен аны аткарганга шашылдым. Үйгө барып, аны эски чңпүрөккө ороп, сандыктын түбүнө катып койдум.
Ошентип, Болсунбек байкенин кара кагазын мен эчкимге көрсөткөнүм жок. Акылай-апа болсо дале мени көргөндө:
— Ай, Каткелди, баламдан кат-кабар барбы? — деп үмүт этет.
— Апа, күтүңүз, жакында келет — деп, аны мен тынчтандырам.
Муну айткандан кийин, өзүм бушайман болом. Кирерге жер таппайм. Уурулук кылгансып, уятыман от болуп күйөм. Бирок, баласы майданда жок болуп кеткенин айталбадым.
Ушул менин сырым болчу. Бирок, апама канчалык айткым келсе да, ошол күнү бул окуяны айталган жокмун. “Кара кагаздын” сыры менин ичимде кала берди…
Аңгыча болбой, билинбестен суук да келип калды, ал жылы. Талас суусун кечкенге шартым жок болду. Буттарым сууга муз болуп тоңот. Колхоздон бир карыга-а-ан ат бе-ришти. Арыктыгын айтпагыла. Бирок кантсе да, ат да. Сууну кечип өткөнгө күчү али жетишерлик экен. Азыр ойлоп көрсөм “Каткелди, арык, кичинекей бала, бул ат ага жарайт. Сууну кечип өтсө болду” деп беришкен окшойт.
Бир күнү, баягыдай эле мектептен кийин почтого келдим. Айдын аягы болгондуктан, элдин жөлөкпулун беришти. Ал акчаны кокусунан жоготуп жибербесин деп, апам күпайкенин ичине атайын чөнтөк тигип берген. Ошол акчаны жашыруун чөнтөккө бекем каттым. Баштыгыма фронттон келген каттарды, анан айыл жетекчилигине даректелген гезит-журналдарды салдым. Жаныбарымды минип айылды көздөй бет алдым. Араң эле басат. Мен мингенден кийин такыр эле теңселип басып калды.
— Чү, чү,- деген сөзүмдү тоготуп да койбойт. Кыязы өзүнүн күлүк кезин эстеп кылдырап бир калпта кыймылдайт.
— Эй, ат, түшүнүп турам сени. Карыдың, арыдың, чарчадың. Эс алгың келсе үйгө мени батыраак жеткир. Менин ойюма койсо, сени деле минбейт элем. Ошол үчүн кечир мени, сен жок сууну кечип өтө албайм. Апалар болсо кат алалбай калышат анда, — деп ага күч бергенсип сүйлөйм. Ал болсо бышкырынып кылдыр-кылдыр…
Ошентип, ат менен сүйлөшүп бара жатып Талас суусуна жете бергенде алдыман бир түрү суук киши чыга калды. Мен аны шак тааныдым. Баягы менден апам берген эки алмамды жана токочумду тартып алган качкын болчу. Ошондо жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпагыла. Желкемден алып чөнтөктүрүмдү аңтарды. Анан баштыгымды ачып нан менен алманы таап алып, ачкалыгынанбы мени унутуп, арыдагы жалгыз теректин артына чуркап кетти. Ошол жерден жан талашып жей баштады. Мен болсо акырын жылып отуруп, ошондо андан качып кеткем.
Андан кийин ага дагы жолугуп каламбы, деп абдан коркуп жүргөм. Так эле ошондой болду. Мен аны тааныдым, ал да мени тааныды. Бул жолу, ал такыр эле кебетеси кетип, арык, буттарын эптеп сүйрөп, менин карыган атыма окшоп калыптыр.
— Ай, жашабагыр, сен белең токто,- деп кыйкырды, да мени көздөй жулунду.
Мен коркуп кеттим. Жанымда акча бар. Ачка, алсызданган адам жамандыкка барары көрүнүп турду. Анын үстүнө баштыгымда баягыдай тамак бар деп ойлоду окшойт. Качкын мага жакындай берди, мен болсом атты чапкыладым. Ат камарап да койгон жок. Менин эки көзүм төрт. Жүрөгүм лакылдайт. Ат сууну көздөй басканда, качкын эңкейип колуна таш алып, мени көздөй ыргыта баштады. Эми коркконумду айтпагыла. Ташты катуурак ыргытканда мага тиймек. Кудай жалгап бир таш атка тийиди. Эмне болгонун билбейм, жаныбарыма күч толуп, күлүктөн күлүк болуп жоргосун салды. Сууга шар кирип эле мени аркы өйүзгө бир заматта алып чыкты. Андан соң бир эки кадам шилтеп, суунун жээгине чыкканда шалдырап барып кулап калса болобу. Аттиң ай, бул эмнеси, – деп ойлондум. Аңгыча болбой, кайдан-жайдан экенин билбейм, шамал-куюн учуп келип баштыктыктын түшүп калган каттарды тегерекке сапырып жиберди. Мен далдырап калдым. Тигил качкын аркы өйүздө сууга кире албай кыйкырган бойдон турат.
— Бери кел, жашабагыр! Кармасам өлтүрөм сени!-деп коркутат. Анан кайта туруп:
— Суранам нан берчи, ачкамын…-деп жалынат.
Мен болсом аны укпай эле, көпөлөктөрдөй болуп учкан үч бурчтук каттардын артынан чуркап жыйнап жүрөм. Бул каттарды шамал учуруп кетсе, жоокерлердин ата-энелерине алар жетпей калат да. Ошого мен күнөөлүү болом. Эптеп бирин калтырбай каттардын баарын жыйнадым. Андан соң, аттын жанына барсам, байкуш жыгылган бойдон өлүп калыптыр. Аны көрүп коркуп кеттип селейип туруп калдым. Анан ыйлап жибердим. Аргымагым, илгерки күлүктүгүн эстеп, акыркы кучүн жыйнап менин жанымды аман алып калыш үчүн өзүндү курмандыкка чалдың. Ошонуна рахмат,- деп эмнеси болсо да башкармага болгон ишти айтыш үчүн жана негизгиси жанымдагы акчаны элге жеткирүү максатында атты калтырдым да кеңсени көздөй жөө кеттим. Качкын аркы өйүздө калды…
Кээде азыркыга чеийн өзүмдөн сурап, таң калам. Эгер ошол качкын киши мени кууп жетсе эмне болот эле? Мен кичинекей өспүрүм, ээн талаада жалгыз коркпой кантип жүр-дүм? Кандай болсо да, кудай сактаган экен. Согуш, башка түшкөн тагдыр, адамды эрте жетилтет экен.

******
…Азыркыга чейин тобо дейм, чынында эле эмнелер гана башыбыздан өткөн жок, ошол каардуу күндөрү. Андан башка да “эл душманынын баласы” деп кордук көргөн күндөрүм болгон.Чынында, ошол күндөр, согуш күндөрдөн да мага оор болду…
Жийдеде мектеп жок, окууга коңшулаш айылдын мектебине барам, анда мен башталгыч класстарда окуйм. Жийдеден 5-6 бала болуп барчу элек. Алардын ичинен эң жакын досум Аман. Мугалимибиз эмне үчүн билбейм, башынан эле мага жаман карачу болду. Сыягы “эл душ-манынын” баласы деп жаман көрүп жүрдү окшойт. Айтоор кезеги келген сайын мени кемсинтет. Мен бала, анысын жакшы сезем.
Бир күнү сабак бүткөндөн кийин агайыбыз:
— Бүгүн саат төрттө кайра мектепке келгиле, Улуу Өктөбүр революциясынын 25 жылдыгына даярдык көрөбүз. Оюн коёбуз, — деди.
Баарыбыз макул болдук. Күн жаап, суук болуп турган кез. Мен үйгө жеткенче өтүгүм көл-шал болуп калды. Үшүгөнүмдү айтпагыла, тоңуп калдым.Үйгө келип от жагып өтүгүмдү мешке кургатайын десем, саат төрткө чейин кургачудай эмес. Ошентип убадалашкан репетицияга барбай калдым. Эртеси мектепке келсем, агайым чуркап келип эле мени аябай урушту:
— Сен эмне үчүн Өктөбүр революциясына арналган даярдыкка келбей койдуң? Каршысыңбы? — деп жемеледи.
— Жок, агай, өтүгүм суу болуп, башка бут кийимим жок болгондуктан келбей калдым. Кечириңиз, — дедим.
— Сенден башканын өтүгү суу болбоптурбу, же алардын экиден өтүгү бар бекен? Жо-ок! Сен Өктөбүргө каршысың! — деп мени ого бетер зекип кирди.
— Жок, каршы эмесмин,-деп мен турдум. Чынында өктөбүр революциясы деген эмне экенин жакшы түшүнбөйм. Баламын да.
— Мен сени кимдин баласы экениңди билем, — деп мугалимим атама шек келтирди. Көздөрүм жашылданып кетти. Класс жетекчим болсо андан бетер күчөдү:
— Азыр сен менин айтканымды аткарбаганың үчүн көргүлүктү көрөсүң! Чеч кийимиңди, иттин баласы, — деп эле үстүмдөгү купайкемди жулуп алды, анан көйнөктү чечтирди, бир эле шымчан калдым, жылаңаякмын.
— Эми бурчка тур, кечке чейин турасың — деп менин кийим-кечемди, китеп баштыгымды алып “мугалимдер бөлмөсүнө” көтөрүп кетти.
Ал кезде күн суук, мектепке деги эле от жагылбайт болчу. Өзүм болсо ансыз деле кичинекей, арык баламын. Көгөрүп тез эле үшүп кеттим. Ыза болгонумду айтпагыла. Ошондо суукту деле сезгеним жок. Атамды эстеп, ыйлагым келди.
— Менин атам эл душманы эмес, — деп тиштенип көк бет болуп бурчтан бир кадам жылган да жокмун.
Биринчи сабак бутүп, коңгуроо кагылды. Аман досум менин ахвалымды көрүп, чыдабай эң биринчи болуп кийимдеримди алып келейин деп класстан атып чыкты. Тилекке каршы мугалимдер бөлмөсү кулпуланган экен. Анда ал мектептин аркасынан барып мугалимдер бөлмөсүнүн терезесин ачып, коркпой менин кийимдеримди алып чыгып берди. Балдар мени тезинен кийиндирип, эшикке чыгарып жиберишти.
— Атай, сабактан кет, үшүп кеттиң, — деп, досум мени үйгө узатып жиберди.
Досчулуктун чоң сабагын ошондо Аман курбумдан көрдүм. Ошентип экөөбүз жакын дос болуп калдык. Амандын мага жасаган жакшылыгы дайыма жүрөктө жүрдү. Таласка баратканда атайын анын үйүнө кирип, саламдашам, ал да менин үйүмө келип кетип жүрдү. Экөөбүз чай ичип, өткөн кеткенди эстейбиз. Ошол окуяны да сөзсүз эскерип күлөбүз. Ал досум азыр жок. Убакыт аны да аябады. Бирок канча жылдар өтсө да, досум Аман, баардыгы эсте…
Мен болсо, достор мени качыргандан кийин, үйгө келип бардыгын апама айтып бердим.
— Болду, башка окубаймын, — дедим.
Апам мени карап, эч нерсе деп айтканы жок. Бирок ичинен жаман болгонун көрдүм. Азыр ойлосом, апамдын ансыз да кайгыда жүргөн абалына ошол мугалимдин мага кылган мамилеси катуу сокку болуптур. Мени биринчи жолу “эл душманынын баласы” деп куугунтукташканы ачык-даана апама көрүндү. Биздин келечегибиз үчүн анын күрөшү ага ошол күндөн башталдыбы деп кээде ойлоп кетем.
Эртеси апам мектепке барып директору, анан ошол класс жетекечим менен сүйлөшүптүр. Эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн билбейм. Андан кийин мен мектепке барып окуумду уланта бердим. Ошол күндөн тартып ал агайым мага бир да катуу сөз сүйлөгөн жок. Кийинки жылы апам мени Покровкадагы орус мектебине которду. Ал мектептин мугалимдери абдан күчтүү экен. Себеби алардын көбү илимдүү-билимдүү болуп, СССРдин ар кайсы булуң-бурчтарынан куугунтукталып, депортацияга учурап келгендер эле. Маданияты жогору, адамкерчиликтүү, сабаттуу кишилер болчу. Алар мага адам катары да, мугалим катары да абдан көңүлүмө жакчу. Өздөрү ошол убакыттын запкысын жеп, менин ахыбалымды жакшы түшүнсө керек. Мага жасаган мамилелери түз болду. Мен болсом, эчтекеге карабай тырышып, эң мыкты окуучулардан болуп чыктым. Алтын медалга чейин көрсөтүлдүм. Бир гана кыйынчылыгы, Покровкадагы мектепке барыш үчүн Талас дарыясын кечип өтүш керек эле. Так ошол убак согуш маалы, мен почточу болуп иштеп, Акылай апанын баласына келген “кара кагазды” катып жүргөн кез. Ошентип, мен өзүмдүн ошол сырымды эчкимге ачып берген жокмун. Суук кабардын кагазы Акылай апанын колуна тийбеди. Ага мен түздөн түз себепкер болдум. “Кара кагаз” эски чүпүрөккө оролгон бойдон, сандыктын түбүндө катылып жатты. Эне болсо баласынан баягыдай эле кат күтөт. Эртең менен кечинде, менин жолумду карайт.
— Каткелдини көрдүңөрбү? — деп, кезиккендерден сурайт. Мен болсо, Акылай-апанын көзүнө көрүнбөйүн деп качып калдым. Себеби аны менен кезиккен сайын, анын көзүн тике карай албайм. Башымды ылдый салып, оозума суу толтуруп алгансып, бирдеме деп күңкүлдөп, анан ары басып кетем.
Бир күнү чарбакта картошка отоп иштеп жатсам, биздин үйгө өзү келиптир.
— Иш илгери. Ай, Каткелди, бери келчи – деп, чакырды ал мени.
Кетменимди жерге таштап жанына басып бардым.
— Сен эмне мен жакка каттабай калдың? Менден качып жүрөсүңбү? Кемпир башымды орутпасын деп жатасың го? Же почточу болуп иштебей калдыңбы? Бир жумадан бери күтсөм, жоксуң. Болсунбегиме дагы бир ирет кат жаздым эле. Алтынчысы окшойт. Андан кат кабары жок болгону жарым жыл болду. Жүрөгүм туйлап турат, жаман нерсени сезип жатам, деди ал мени сынап карап. Кемпирдин кебетеси баягыдан ого беш бетер кеткен…
— Жок, сизден качкан жокмун. Шарт ошондой болуп калды. Мына, тамаркада иштеп жатам. Апама да жардам берип жатам. Сиз катты калтырып коюңуз. Эртең аны почтого сөзсүз ала барам,- дедим башымды ылдый салып,ага.
— Мейли Каткелди, мынакей, — деп, ал мага катын үшкүрүп сунду.– Дагы бир нерсени айтып коёюн дедим эле. Эртең почтага барсаң, анда иштеген келинден жакшылап сурачы. Балким, баламдын катын сага беребиз деп эле унутуп калышып жатабы. Макулбу?
— Болуптур, сурайын, — дедим.
— Унутпа Каткелди, унутпа. Мейли, басайын анда эмесе мен,-деп ал жоолугун оңдоп, жолго түштү. Мен да кетменимди көздөй бастым.
— И-и баса, бери келчи – деп, ал токтоп мени кайта чакырды.
— Угуп жатам, Акылай апа – деп, жанына кайрылып басып бардым.
Ал бешмантынан кичинекей кагазды алып чыгып
— Мында шекер бар. Мегой Каткелди. Таттуу канттан же. Баласың го…
— Рахмат Акылай апа. Тим эле койсоңуз болмок, — деп, мен ого бетер күнөөлүү кишидей башымды ылдый салдым.
— Жейгой, балага таттуу керек да — деп, ошону менен басып кетти.
Мен кагаздагы кантты кармап туруп калдым. Короодо чуркап ойноп жүргөн эки карындашымды чакырдым.
— Салия, Алия бери келгиле.
Алар өз аттарын укканда тамаркага чуркап келишти.
— Атай байке эмне болду? — деп, улуусу Алия карап калды, менин колумда бирдеме бар экенин көрүп.
— Мына силерге таттуу кант, — колумду сундум аларга.
— Кант?- деди ал кубанып кетип

— Ооба,- дедим мен башымды ийкеп
— Аа…, — деп алар мен берген кантты экиге бөлүп ооздоруна салып көздөрүн жумуп тамшанышты.
— Рахмат Атай байке. Таттуу экен – деп, баягыда алма жегендей карындаштарым ыраазычылыгын билдирди мага. Аларды карап туруп мага бир башкача жылуу сезим келди. Алардын кубанычтары, маанайымды ачып мени кубандырды.
— Туура айтасың. Кант деген таттуу болот, — дедим мен Алияга ошондо. Карындаштарымды мен агасы катары абдан жакшы көрчүмүн, себеби алар атамдын жана апамдын алтын кыздары болчу. Алар чуркап кеткенден кийин, мен кетме-нимди алып картошканы түптөгөнгө кызуу кириштим. Себеби мен убагымда жасаган иш аракетим, Алия менен Салиянын токтугу.

******
Согуштун терс көрүнүшү ачкачылык. Ал кезде айылда ич келте, дизентерия ж.б. жугуштуу оорулар көп эле. Ачкалыктан, ошол жугуштуу ооруулардан бүтүндөй кырылып калган нечен-нечен үй-бүлөөлөр да болду. Апам бизди – балдарын ошондой оор шарттарда оорутпай, ачка калтырбай өстүрдү. Мен жогоруда айтып кеткендей, апам тамак-ашты абдан кылдаттык менен үнөмдөп, бир жылга жеткире билчү. Бизди да ушуга үйрөткөн. Карындаштарымды да ошого көндүргөн. Ошого жараша кичинекей Салияга кичинекей баштыкча тигип берген.
Ал кезде комбайын жок, буудайды орок менен оруп, кырманга алып келип анан аны таш менен бастырчу. Жерге түшкөн буудайдын дандарын жыйнап алып, үстүндөгү саманды от жакканга үй-үйлөргө бөлүштүрүп берчү. Ал самандын арасында дандары түшпөгөн буудайдын бүтүн баштары көп болчу. Казанга тамак бышырыш үчүн буудайдын саманын жагабыз. Ошондо самандын арасында калган бүтүн баштар отко күйүп куурулган буудайдын жагымдуу жыты чыгат. Апам данды отко жөн эле күйгүзгөн убал болот, кудай астында күнөө дечү. Ошондуктан отко жагардын астында “самандын ичиндеги бүтүн баштарды терип ал” (самандын от жаккычы Салия болчу) деп, кичүү кызын ынандырып, ал болсо апамдын айтканы боюнча буудайдын бүтүн баштарын самандын ичинен терип чыгарып, ушалап, дандарды баягы баштыкчага салып коёт. Ошентип отуруп, Салия баштыкчанын жарымын толтурду. Бир күнү Темир байкем жумуш акысына жарым кап буудай алып келди. Эртеси апам ун тартып келейин деп, атка минип, капты артына салып, астына Салияны өңөрүп тегирменди көздөй кетти.
— Апа, биз кайда барабыз? – деп кичинекей кыз апасынан сурады.
— Сенин баштыгыңа буудай толуп калыптыр. Аны тегирменге алып барып ун тарттырып келелик, — деди апам Салияга.
— Мейли апа, андан нан жасайбыз да? – деп, кичинекей карындашым кубанып кетти. Ошнтип алар кетишти.
Тегирменде болсо, ал кезде Михаил деген орус киши иштечи эле. Колхоздун, элдин буудайын ун кылып тартат. Өзү тегирмендин ишин жакшы жана так билген адам эле. Апам тапшырган будайдын ордуна таразага тартып тиешелүү унун салып берди.
— Салия да буудайын тапшырам деп келди – деп, апам Михаилга баштыктагы буудай жөнүндө айтып берет.
Михаил шек алдырбай чоң кишиге айткансып:
— Мейли, анда тапшырсын, ордуна ун берем, — деп карындашымдын будайын алып, ордуна баштыкчасын толтура ун салып берди. Салия болсо баштыгын карап:
— Апа, меники жарым баштыкча эле буудай болчу, эмнеге ордуна толтура ун болуп калды. Андай болушу мүмкүн эмес. Мен муну албайм – деп, Михаилди карады.
— Эмнеге албайсың? — деп ал таңкалды.
— Бул көп. Меники аз эле дан болчу.
— Жок. Сен билбейт экенсиң. Будайды ун кылганда, анын көлөмү чоңоет. Ошол үчүн баштыгың толтура болуп калды.
Айтор Михаил менен апам киченекей Салияны араңдап жатып көндүрүштү.
Михаил капты атка жүктөп, апасынын астына кызды өңөртүп жатып апама:-Айша, кызың азамат экен. Чынчыл кыз болуп өсүп жатыптыр, — деп Салияны мактаптыр.
Карындашым ошондо эле, азыркысындай абдан чынчыл экен. Бул адамдык жогорку сапат. Азыр деле мен Салиянын адамдык сапаттарын жогору баалаймын.
Эртеси апам, Салиянын унунан куймак жасап, кичинекей үстөлүбүз бар эле, ошонун үстүнө дасторкон жасап коюптур. Ар бирибизге бирден кичинекей тарелкеге куймак салып, алардын үстүнө шекер себилиптир. Үстөлдү тегерете кичинекей орундуктар бар эле, бирок кичинекей карында-шыма орундук жетпей калгандыктан, мен өстүргөн чоң ашка-бактын үстүнө кичинекей төшөк салып отургузуп койчу элек.
Баарыбызды дасторконго чакырып, апам:
— Балдарым, бүгүн Салиянын туулган күнү. Ал алтыга толду. Аны куттуктап коёлу, — деп карындашымды бетинен өптү.
— Бүгүн сенин туулган күнүңө арнап, атайын сенин унуңан куймак жасадык. Сен азаматсың, эринбей самандын ичиндеги буудайларды терип, андан ун жасадың.
Салия куймактын бирин алып кантты таңкалып карап:
— Апа бул куймактын үстүндөгү агарган эмне? — деп сурады .
— Бул деген кант. Жейгой алтыным.
— А-и-й, укмуш турбайбы – деп, Салия өмүрүндө биринчи жолу таттууну ошондо жеген.
А мен болсом Москвада жашап калган жаным мын-дайларды жакшы билип калгам:
— Бул эмне! Шоколадды жесең ал мындан да укмуш. Мармелад деген да болот, — дедим.
— Шоколад дейсизби? Ал эмне ошончолукпу, кууруган жүгөрүдөн да таттуубу? – деп Салия баарыбызды күлдүрттү ошондо. Анда Алиянын эсинде болушу керек эле.
-Жок байке, эсимде жок деп, ал Москвадагы окуяларды эстей албай койду
— Ооба, кайдан эстейсиң? Сен анда үчтө эле болчусуң.
Апамдын көзүнө жаш кылгырды, сыягы кызым эч нерсе көрбөй өсүп жатат деп кейиди окшойт. Кантсе да ошол күн баарыбызга абдан жакшы өттү. Мага алиге чейин унутулгус күндөрдүн бири болду. Согуштун оорчулугу кандай болбосун, апам кичине болсо да, көңүлүбүздү көтөргөнгө аракет кылганы көз алдымда…
Эртеси дагы бир нерсе болду. Салия уктап туруп:
— Апаке, апаке мен атамды түшүмдө көрдүм,- деп кубанычы менен бөлүштү.
— Кандай көрдүң? – деп апам андан сурады.
— Ал мени колдоруна көтөрүп өөдө көкөлөтө бийик ыргытты.
Апамдын көздөрү жашылданып кетти. Кичинекей Салияны энелик терең мээрими менен карап:
— Атаң сени эстеп жатат. Ал тирүү экен, — деп акырын айтты.
Кечинде, баарыбыз уктаган соң, мен апамдын очоктун жанында ыйлап жатканын уктум. Атамды эстеп кайгы муңун чыгарып жаткан окшойт. Апамды аядым. Бирок, мен туруп жанына басып барганга кудуретим жетпей койду. Апама ошондо дагы бир баа бердим…
Баса, апамдын кандай киши болгонун сүрөттөгөн дагы бир окуя бар. Мен почтаны таратып бүткөндөн кийин, көзгө көрүнүп, өсүп, көгөрүп калган картөшкөнү үйдүм. Картөш-көнү убагында отоп, үйбөсө анда түшүм начар болгону. Эртең менен сугарып койсом тез эле түйүлүп жегенге жарап калар деп, ишти бүтүрүп абдан чарчап үйгө кирдим. Апам тамак даярдап койгон экен (тамагыбыз талкандан жасалган көжө), аны баарыбыз отуруп ичтик. Тамактанган соң, жатар маалда келип калды. Баягы өзүмдүн уяма чыгып жаттым. Бирок уктай алган жокмун. Башымдан Акылай апанын сөздөрү кетпейт:
— Каткелди, неге балам мага кат жазбайт? Аманбы ал? Куруп кетти го майданда, каргыш тийгир согуш!
Кандай оор болбосун, чындыкты айтуу туура окшойт деп катуу ойлондум. Акыры эртели-кеч ал баласынын тагды-рын билет да. Ошондо мага ал айтат:
— Каткелди! Эмне себептен менден чындыкты жашырып жүрдүң? Балама куран түшүрүп үйдө жыт чыгарат элем да. Эми анын жаны кыйналып жатат…
Аны ойлоп башым маң. Бир убакта мага бир чечим келди. Мен шамчырагымды жагып, дептерден бир барак кагаз алдым да Болсунбек байкенин атынан Акылай апага кат жаздым.
“Саламатсызбы улуу урматтуу энекем, кандайсыз, дениңиз сакпы, аман жүрөсүзбү? Сизди сагындым. Өзүм жакшымын. Кудайга шүгүр. Сизге көптөн бери кат жазбаган себебим бар. Биз чабуул жасап күндө алдыга бара жатабыз. Фашисттерди жеңип жакында келебиз. Кат жазганга шарт болгон жок. Анын үстүнө почта улам артта калып калат” деп баштадым.
Фронттон келген каттарды окуп жүрүп, аскерлердин жазган тилин жакшы үйрөнүптүрмүн. Айтоор катым окшоду. Аягында:
“Мейли, анда эмесе жакшы тургула, энеке аман болуңуз! Катты жазган сиздин балаңыз Болсунбек” – деп бүтүрүп колжазмамды үч бурчтук кылып бүктөдүм. Сыртына Акылай апанын дарегин жаздым. Катты даярдап коюп, бир нече убакыт ойлонуп турдум. Бир жагынан өзүмдү – бул туура болобу?- деп сурадым. Экинчи жактан Акылай апанын да бул катты окугандан кийин кантсе да өмүрү узарат деп ойлодум…
Аңгыча болбой, бир убакта Додик итибиз үрүп калды. Тыңшап көрсөм, там аркада шүбүр–дүбүр деген добуштар угулду. Кимдир бирөө жүргөнсүйт. Башымды чыгарып карасам, айдын жарыгында белгисиз адамдын картөшкөнү аралап жүргөнү көрүндү. Бул ким болду экен, уурулар болуп жүрбөсүн деп шатыдан түшүп кыйкырдым.
— Эй, сен кимсиң? Эмне кылып жүрөсүң биздин жерибизде?
Менин үнүмдү угуп тиги дүр коюп качты. Мен болсом анын артынан кууп чуркадым. Додик да менин артыман чуркап, үрүп ууруну кууп жөнөдү.
Тез эле кууп жеттим ага. Себеби, ал биздин айылдын төмөн жагында жашаган карыя экен.Чуркай албайт, араң эле жаны бар.
— Мени кечир, кечир, балам — деп бетин жапты.
Аны көрүп, мен шак токтоп калдым. Ал мени бир карады да, күшүлдөп акыркы күчүн жыйнап, эптеп чуркап качып көздөн кайым болду. Мен артка кайттым. Үйгө келсем апамдар ойгонуп, эмне дүбүрт болуп кетти деп тынчсызданып жатышыптыр.
— Апа, бирөө биздин картөшкөбүзгө уурулукка келип, бир–эки түбүн жулуптур. Картөшкөсү деле түйүлөлек болчу да, — ыза болуп айттым.
Жинимдин келгенин айтпагыла. Эмгек менен үй-бүлөм үчүн өстүрүп жаткан картөшкөмдү кимдир бирөө урдап жатканына ушунчалык күйдүм.
— Ким болду экен, көрдүңбү? — деп сурады апам.
— Бир карыган киши экен. Абышка… Ким экенин билбейм, -деп чалдын атын айткан жокмун апама.
— Карыя турбайбы. Балам, ага колуң тийген жокпу? – деп, мени сынап сурады.
— Жок, колум барбады – деп, мен чынымды айттым.
— Туура кылыптырсың Атай, ал да жыргагандан биздин картошкөгө келген жок. Ачкадыр, же болбосо, үйдөгүлөрү ачка болуп отурушат. Куураган заман болбодубу, — деп кейиди
Бир күнү, ал абышкага баласынан кат алып бардым.
— Ай, Каткелди, мага таарынба, ачкачылыктын кесепети. Үйдө эки неберем бар.Аталары согушта, ишенгени менмин.
— Ата, эч нерсе эмес. Мен сизге таарынган жокмун – деп, катын бердим да жөнөп кеттим…
Күн алыс узабай эле анын бир баласынан “кара кагаз” келди. Ошондон кийин абышка Акылай ападай болуп оңбой калды. Бир жагынан кайгы муң, экинчи жагы ачкачылык. Акыр аягы анын эки баласы тең согуштан кайтпай калышты. Чал өзү да каза болду. Жакындары жок болгондуктан, айылдын кишилери чогулуп, ал чалды биригип жерге бериш-ти. Биз да балдар аны көмгөнгө жардам бердик. Себеби айыл-да калган эркектер –өтө карып калгандар же колунан иш келбеген оорулуулар, жарат алгандар эле, анан биз өспүрүм-дөр. Караке молдоке бизди чогултуп жай каздырды. Минт-киле, тигинткиле деп көрсөтмө берди. Иши кылып баарын анын айтканындай жасадык. Чарчадык жай казып. Чалдын кепесинде молдоке анын жаназасын окугандан кийин, бизге табыптты көтөргүлө деди. Чоңураактар алдыга турушту биз кичиректээри артта. Менин жанымда Аман досум:
— Жай баскыла, жетишпей жатабыз, — деп ал акырын үн салат. Анан мага шыбырайт.
— Байкуш чал жеп-жеңил болуп калыптыр. Болбосо, тээ алыска алпаралбайт болчубуз.
Мен унчукпадым. Анын уурулукка киргенин эстедим. Аны акыркы сапарга жөнөтүп жатып, ошондо чалга колумду көтөрбөгөнүм жакшы болгон экен деп ойлондум. Апамдын айтканы туура келди. Ачкалык эмнеге гана алпарбайт. Чалга бир ууч топурак салып жатып, мен да андан кечирим сурадым…
Чалдын келини көп узабай ич оорудан кайтыш болду Туугандыры жок болгондуктан, анын неберелерин балдар үйүнө (детдомго) алып кетишти. Мен ошол күнү, ушул чалдын тагдырын ойлоп, согуш болбосо анын жана үй-бүлөсүнүн турмушу тап-такыр башкача болмок дедим. Азыр ойлосом, согуш болбосо, чал бактылуу турмуш сүрүп, бал-дары менен неберелеринин колунан кетмек …
Ошентип, биздин картошкага ууру кирип менин жашоомдо бул да бир сыноо болду. Эртеси менин дагы бир сыноом бар эле. Бирөөнүн ордуна жазган катымды энесине беришим керек болчу. Ооба, бул алдамчылыкка жат-мак. Бирок ал эне чындыкты билсе, шору бүткөнү, аман калбасына көзүм жетип турбадыбы. Эненин жүрөгү ал чын-дыкка чыдабайт болчу. Жалгыз калган баласын жоготуу деген эмнеге барабар болорун мен кичине болсом да түшүнүп турдум.
Эртеси туруп, демейдегидей эле кат жыйнадым. Акылай апанын үйүнүн жанынан өтсөм, ойлогондой эле мени күтүп туруптур.
— И-и, Каткелди! Барбы?… – деп мени жалдыраган көзү менен карады.
— Саламатсызбы! Баралекмин почтого. Ал жактан түштөн кийин келем. Буюрса бүгүн болуп калар, — деп башымды ийкедим.
— Болор бүгүн, кудай жалгап, — деп, чоң ишенич менен көзү менин артыман узата берди.
Айткандай, түштөн кийин почтадан келдим. Элдин каттарын таратып, Акылай апанын үйүнө басып бардым. Өзүм жазган кат төш чөнтөгүмдө, бүтүндөй дээримди ысытып турат. Кемпир ордунан жылган эмес окшойт, мени көрүп колун алдыга көздөй сунду:
— Ии?…
Менин жүрөгүм лакылдайт, буттарым шалдырап араң эле жылат.
— Кат келди, кат келди, — деп, мен даярдап койгон катымды өйдө көтөрдүм. Акылай апа мына айтпадым беле, кат келди балаңыздан – деп, үнүм араң чыкты .
— Айланайын кудай! — деп, ал жүрөгүн кармады. Кагылайын Болсунбегим, мына сенден да кабар келди. Эмне ушунча күттүрдүң, ыя?- деп колуман катты алып, кичинекей кагазды өөп жиберди.
— Кагылайын, аман экен, аман… Каралдым…Чырагым! — деп, баласын сагынып балбалактап ыйлап кирди кары киши.
Менин бушайман болгонумду айтпагыла. Көзүм караңгылай түштү.
— Окуп берчи Каткелди, кана эмне деп жазыптыр күчүгүм?
Өзүм жазган каттын тамгаларын көрбөйм. Көз алдымда баары туман, жатка билген кагазды окумуш болдум…
Окуп бүткөн соң, кемпирдин үйүнөн атып чыктым. Азыр ойлосом, балким анда көзү көрсө, уч бурчтукта почтанын мөөрү (штамп) жок экенин байкап калышы мүмкүн болчу. Анда менин калпым анык чыкмак. Ошондо кандай жагдай болуп кетиши ыктымал болорун ойлобоптурмун. Ырас аны байкаган жок жарыктык киши…
Ошентип, баш аягы Болсунбек байкенин ордуна үч жолу кат жаздым. Байкуш кемпир, чындыкты билсечи. Бул окуя-нын аягы эмне болуп чыгарына анда балалык пейил менен ойлонгон жокмун. Эненин жүрөгүн ойлодум. Мен үчүн бул өмүр үчүн болгон калп болду. Бирок кантсе да жасаган ишиме бир өкүнбөйм. Себеби, бул кемпирдин окуясы мага бир башкача аяктады. Ал жөнүндө сөз кийин болот…

 

******
Ар бир башталган нерсенин, качандыр бир күнү аягы да болот экен. Улуу Ата Мекендик согуш да соңуна жетти. Бирок ал кандай кыйынчылык-азап, канча өлүм алып келди. Элибиздин руху эбегейсиз зор экен, анын баарына чыдады.
Туура 9-май күнү почтага барган күнүм. Анда мен кайдан билем, ошол Жеңиш күнү экенин. Бүчүрлөр жалбырак болуп чоңоюп калган кез. Ошол күндү эстесем, асман да бир башкача чайыттай ачык, куштардын сайраганы да бир башка. Почтага жетсем, ал жердеги Нурбүбү эжеке да бир башкача, жүзү жарык, жылмайып турат. Мен кирип келсем:
— Атай, сүйүнчү, согуш бүттү, — деп кыйкырып жиберди мени көрүп.
Мен ал кабарды укканда далдырап калдым.
— Эмне турасың, секирбейсиңби – деп, менин эс ооп калганымды көрүп жаркылдап күлдү.
Мен болсом ишенбей турдум. “Согуш бүттү!” деген анын үнү кулагымда тоодогу жаңырыктай бир нече кайталанды.
— Бизге каттар барбы, — деп жибериптирмин эмне кыларымды билбей.
— Кайдагы кат, Атай жеңиш, жеңиш! – деп почточу эжеке мени кучактап өптү. Мен ошондо гана өзүмө келдим. Биринчи ойлогонум эле:
“Эми Талас суусун күндө кечип почтага барбайт экенмин. Айылга “кара кагаздардын” келгени токтойт. Энелердин көз жашы төгүлбөйт. Атамдын да кабарын эми анык билет болушубуз керек…”
— Баса, тиги силердеги Чекиров Болсунбек деген бар беле, — деп сурады
— Ооба, — деп анын атын укканда чочуп кеттим. Менин калпым ачылган турбайбы деп, көзүм алайды. Биринчи эле Акылай апа эсиме түштү. Жеңиш күнү ага болбойт экен да, шорду эне.
— Эмне болуптур ал киши, — деп үнүм араң-араң чыкты.
— Ал өлгөн эмес турбайбы, — деди Нурбүбү-эже. Бул сөзү мага чагылган тийгендей болду.
— Кандай өлгөн эмес? – деп үнүм бүтүп калды.
— Ага туура эмес «кара кагаз» жиберилиптир. Кезектеги салгылашуудан кийин көп сандагы жоокерлердин өлүктөрү талаада жатып калган. Алардын документтерин алышып даректери боюнча “кара кагаз” жазып салып жиберишет. Жарадар болуп эс-учун жоготуп жаткан Болсунбек да алардын арасында болгон. Бирок эртеси жоокерлерди көмүп жатканда, Болсунбектин түрү экенин байкап калышып, аны госпитальга жөнөтүшөт. Кабар жазгандар аны билишпей, бул жерге Болсунбек өлдү деп, “кара кагазды” жаңылышып салып жиберишиптир. Мына ушундай болуптур Атай…
— Аны сиз кайдан билдиңиз? — деп,сурадым эс учумду жыйнай албай, дагы эле укканыма ишенбей.
— Военкоматтагы кишилер бая почтага келип кетишкен. Ошолор айтты: “Болсунбек Чекиров деген жараңга фронттон жаңылыш “кара кагаз” жиберилиптир. Бул каталык жөнүндө, билдирүү маалымат келди. Мына ошол билдирүү кагазы… Сен аны унутпай ала кет. Жарыктык энесин барып кубандыр, — деп Нурбүбү эже мага ал билдирүүнүн кагазын бекем табыштады.
— Унутпайм, эжеке, унутпайм,-деп көзүм жашылданып кетти. Почтанын башчысы аны байкаган жок. Ал аял кайдан билсин менин сырымды. Эми менин жүрөгүм тынч болду. Акылай апанын да жүрөгү тынч болот…
Ушул окуянын аягы мага мына ошондой бүттү. Баарынан да Акылай апага баласынын тирүү калганы бул кудайдын бир чоң белеги болду. Ошондо мен Болсунбек байкенин ордуна жазган каттарым анын тирүү табылганына түрткү болду бекен деп ойлодум эле. Менин жүрөгүмдөн чыккан кааломдун , каттарымдын күчү канчалык…акылай апа да ошонун аркасы менен аман турду
Жеңиш күнүнөн кийин катылып жаткан “кара кагазды” сандыктан алып чыгып Талас суусуна бардым. Багалегимди түрүп муздак сууга кирип, төрт бурчтукту чөнтөктөн алып чыктым да, аны агызып жибердим. Ал тээ алыста суунун үстүнөн жок болуп кеткиче, артынан көпкө карап турдум…
— Эми “кара кагаз” башка эчкимдин үйүнө келбейт,- деп айттым.
Ошондо согуштагы жамандыктын баары мага суу менен тазаланып кеткендей сезилди. Өзүм кандайдыр бир жеңилдей түштүм. Болсунбек байкенин суук кабар кагазы жок болуп кеткенден баштап, мага согуш бүткөнү анык болду. Үйгө келе жатып, бүткүл ааламга угулта бир кыйкыргым келди:
-Ата жеңиш келди!…Жеңиш!… Жакында сен да үйгө кайтып келесиң! …
Жеңиш күнү ар бирибизге эч бир унутулгус күн болду. Нурбүбү-эжеден жакшы кабар угуп, айылга барсам, зым карагайдын (столба) башына илинген калдыркан радио сүйлөп жатыптыр. Ошондон жеңиш жөнүндө кабарлап жаткан экен. Левитандын үнү айылдын баарына жаңырат. Эмне деп жатканын айылдыктар түшүнгөнү жок. Себеби, орусча аз гана кишилер билчү. Бирок баары аны кунт коюп угуп жатышты. Көрсө, анын сүйлөгөнү, түшүнүксүз болсо деле, адамдын тулкубоюна жеткиликтүү болуптур, ошол күнү. Элдер бири бири менен кучакташып кубанычы ичине батпайт. Кишилердин маанайы ачылып, жылуу сезимдер айланага төгүлдү. Жашын кылгыртып ыйлагандар да болду. Бирок бул жаш, бул жолу бакыттын жашы болду. Баарынан кызыгы, айылдагы Караке молдокенин кубанганы бир башкача. Ал ар бир үйгө кирип, элдин баарын куттуктап чыкты. Биздин үйгө да кирип.
— Айша, эми жашоо жакшы жагына өзгөрөт, саясат өзгөрөт, сенин да күйөөң келет, — деди апама.
— Айтканыңыз келсин, рахмат – деп, апам өзүнүн ыраазычылыгын билдирди ага.
— Ишенип кой, бир кезде сенин кызыңа окшогон балага бир сындырым нан берсең, “жебейм” деген күндөр да келет, — деп айтып жатты.
Бир башкача, жакшы молдоке эле, биздин айылдын, кудайдын кишиси болчу. Кубанычын ичине батыра албай, согуштун кесепетинен мүңкүрөп турган элдин рухун көтөрөйүн деген окшойт. Бул бир. Экинчиси, мындан ары курман болгондор болбойт деп тирүүлөргө айтканы. Азыр ойлосом, чыныгы молдолук үчүн жаралган адамдар ошондой болот окшойт…
Жеңиш! Балдай таттуу сөз!Айылдыктардын кубанганын айтпа. Биринчи жолу элдин маанайы ачылып, көчөлөрдө- сүйүнгөн эле кишилер. Канчалык зарыгуу менен кандай оордук менен күткөн күн болду.
Ошол күнү апам бизге мындай деп кайрылды:
— Кудай буюруп элдин күч-кубаты менен согуш бүттү. Бизге, элге ал абдан оорчулук алып келди. Силер эл катары анын азабын көтөрдүңөр, эчтекеге карабай чыдадыңар. Кудайга шүгүр. Эми балдарым окуганга, убактыңар кеңири болот. Турмушта билим-алуу бул чоң нерсе, ошого умтулгула-деп, баарыбызга энелик акыл-насаатын айтты. Мектеп бизди күзүндө күтүп жатты. Орто мектепке барып окуубузду уланттык…
1946-жылдын июль айында мен үчүн бир чоң окуя болду. Анда мен он төрттөн он бешке карап калган кезим. Биздин колхозго бир чоң комиссия келип калды. Баарыбызды чогултту, анын ичинде мен да бармын. Жыйналыш өткө-рүштү.
— Урматтуу Жийде айылынын тургундары! Согуш бүттү. Биздин баатыр уул-азаматтарыбыз өз жанын аябай бизге Улуу Жеңишти алып беришти. Бирок, силер да, бул жерде, күн–түн дебей, орукта (тылда) жеңиш үчүн күжүрмөн иштеп ага өбөлгө болдуңар. Ошол себептен СССРдин Жогорку Кеңеши алдыңкы күжүрмөндөрдү медаль менен сыйлайлы деп чечти. Сыйлыктардын күбөлүктөрүнө Калинин өзү кол коюптур. Силердин оюңарды угалык. Жийде айылынан кимдер татыктуу ошол медалга?
Ошентсе, эл эң эле биринчи менин атымды аташты:
— Каткелди, Каткелдиге берели, — деп, кишилер чогулушта чурулдап кетишти. Мен чынымды, айтсам таңкалган бойдон эстеликтей туруп калыптырмын. Бир убакта элдин алдына Акылай апа чыгып:
— Айланайындар, туура айтасыңар, Каткелдиге медаль бериш керек. Ал татыктуу болбогондо ким татыктуу болот. Ысык-суук, жаан-кар дебей бизге, балдарыбыздан талыкпай кат ташыды. Өзү кичинекей болсо да, чоң кишинин жумушун так аткарганын мен деле далилдеп берем. Кээде ойлойм, Каткелди болбосо балам Болсунбек согуштан келген күнгө чейин жетет белем. Ага чоң рахмат! — деди
— Ооба, Акылай апа туура айтат,бизге кат алып келип, окуп да берчү, – деп арттан дагы бирөөлөр кыйкырды.
— Каткелдиге сыйлык бербесек туура болбой калат, — деп, башкалар муну коштоп кетишти.
— Ал ким? — деп, комиссия сурады.
— Тээтиги бала, — деп эл мени көрсөтүштү.
— Кана, келчи бери, — деп чакырды өкмөттүн кишиси.
Мен анын жанына басып бардым.
— Атың Каткелдиби? — деп сурады.
— Жок, Атай.
— Эмне үчүн Каткелди деп жатышат сени?
— Мен почточу баламын.
— Ошол үчүн Каткелди дешет турбайбы, — деп жылмайды ал.
— Согуш кезинде почточу болуп иштеген, бул эң маанилүү, элге керектүү кызмат,-деди ал. Ошентип мага элдин суранычы боюнча медаль ыйгарылды.
Мен ошондо атамды эстедим. Эгер атам азыр жанымда болсо, мени менен абдан сыймыктанмак деп ойлодум ичимен. Чогулуштагы кишилердин арасынан апамды көзүм менен издедим. Апам чет жакта, колдорун көкүрөгүнө коюп, көздөрүнөн жылуу нур төгүп мени карап отуруптур. Ал да атамды эстеп кеткенго ошондо.
— Мына, балаң сенин атыңды жерге түшүрбөй элге кызмат кылып батасын алды…, — деп ичинен ойлоп жатса керек.
Мен азыр, кыргыздар айткандай, сексен алтынын чайын ичип жаткан мезгилим. Басып өткөн жолума сереп салып карап көрсөм, көп эле ийгиликтерге жетишип, жогорку деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болуптурмун. Бирок салыш-тырып көрсөм, мен үчүн ошолордун баары биригип, 14 жашымда почточулук кызматым үчүн алган медалым бир тең.
Ошентип согуш аяктап, мен “Каткелдиден” кайта Атай болуп калдым. Бирок “кат” менен болгон байланышым үзүлгөн жок. Окууга өтүп, кийн тоолордо иштеп үйдөн алыс жүрдүм. Ошон үчүн апам менен болгон байланышым, жалаң кат аркылуу жүзөгө ашырылып жүрдү. Баарынан да, атамдан кат-кабар келет деп көпкө үмүтүм үзүлбөй жүрдү. Ошону менен турмушум акырындап жыла берди…
Апамдын насааты боюнча төртөөбүздүн тең негизги максатыбыз окуу болду. Темир сегизинчи класстан кийин техникумга окуп кетти. Ал эми мен, карындаштарым менен Покровканын мектебинде окудук. Айтмакчы, Алия менен Салия да абдан мыкты окушту. Мен өзүм болсом, окуула-рымдын жыйынтыгы боюнча алтын медалга татыктуу болдум. Белгилеп кетчүү нерсем, баарыбыз апабыздын бизге койгон максаттарын толугу менен аткардык. Бул жагынан аны кейитпедик…

******
Мектепти бүткөн соң, Москвадагы геология институтунда окуп калдым. Баса, ал окуу жайына киргенимдин да бир себеби бар болчу. Алар кийим кечени — геологдун формасын бекер берчү. Ал форма ушунчалык жарашыктуу эле: кара драптан тигилген, эки ийининде “алтын” (өңү сары) погон (эполет сыяктуу), шапкесинде ”алтын” кокорда, шымы — клеш…
Өзүм күлгүндөй жаш жигитмин, анын үстүнө геологдун формасы мага аябай жарашат. Жайкы каникулга поезд менен келип, Жамбылдан (азыр Тараз) түшөөрүмдө күндүн ысыгына карабастан формамды кийип алдым. Анан биз жакка бараткан чоң машинага (ал кезде автобус, жеңил машинелер жок эле). түштүм. Киши көп экен, машиненин кузовуна эптеп чемоданымды коюп, үстүнө отуруп жатсам, бирөө эле мени: ”Эй, сен Атайсыңбы?” — деп сурап калды. Карасам, баягы мектептеги класс жетекчим.
— Ооба, — деп жооп бердим.
— Чын эле Атай турбайсыңбы? – деп ал менин формама баштан аяк көз жүгүртө суктана карады.
— Саламатсызбы агай? Кандай турасыз? — деп ал жайды сураштык. Бирок чынымды айтсам аны көргөнгө кубанган деле жокмун. Мени жыңалачтап суукта кийимимди сыйры-ганы шак эсиме келди. Ошондогу аябай ызыланганым эстен чыккыс болуп жүрөгүмдө калыптыр. Айтоор жан талашып айылдагыларды сураган жокмун, башкалардан деле сурап алармын дедим, ичимден…
Кийин, мен кандидаттыгымды жактап, Тоо-кен институтунун деректири болуп иштеп жүргөндө, аны менен дагы бир ирет жолугуштум. Жаңы эле мектепти бүткөн баласын ээрчитип кабинетиме келиптир.
— Баягы апаңдын айтканы туура болуп чыкты. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет” — деди эле ошондо апаң…
Эмне жөнүндө айтып жатканын билдим. Бирок мен унчукпадым, ал сөздү уланткым келген жок…
Кыскасы, ал баласын окууга өткөргөнгө менден жардам сурап келиптир. Колдон келген жардамды берип, ал кишини да, баласын да кийин эскерген жокмун…
Айткандай, Москва шаарындагы геолгия институтунун чалгындоо факультетине экзамендерди бешке тапшырдым. Бирок, ал факультетти бүткөн адистер кийин мамлекеттик жашыруун маалыматтар — алтын, күмүш, уран жана башка казылып алынуучу пайдалуу — кендер, менен иштейт экен. Баягы 37-жылы чыккан буйрук боюнча, мага окшогондорду, мамлекеттик деңгээлдеги жашыруун иштерге жолотчу эмес, ошондуктан мен тандап алган факультетке албай коюшту (анда атам актала элек болчу). Арга жок, анда “тоо” факультетине окуйм дедим. Орусча айткандай “горняк” болуп калдым. Дагы бир айтып кетчү нерсе:
Мага уруксат бербеген факультетке комиссия НКВДнын камагында болуп, кийин андан бошонуп чыккан бир адамдын баласын кабыл алды. Кийин билсем, анын атасы НКВДга сөз ташыган экен. Камерада отургандардын эмне жөнүндө сүй-лөшкөндөрүн аңдып тыңшап, кээде бийлик же саясат жөнүндө өзү атайын сөз баштап, анан алардын көз карашы жөнүндө НКВДнин кызматкерлерине айтып барчу. Ошол киши элдин айтымына караганда бат эле түрмөдөн чыгыптыр. Андайларды эл арасында “Бакан ооз” деп коюшчу. Бирок, эмнегедир анын баласы жарыган жок. Кийин билсем, ичип кетиптир деп уктум. Ким билет себебин. Ичимен ойлоп калдым, апам айткандай: “Бирөөгө жамандык жасаган киши акыры кудайдан көрөт. Өзүң болбосоң, жасаган жамандыкка балаң жооп берип калышы мүмкүн…”
Ошентип, окуумду “эң жакшы” деген баа менен бүтүп, Кыргызстандын тоолорунда иштеп калдым. Ошондо көрдүм жер астындагы шахталарда, өткөөлдөрдө (проходка) иштеген адамдардын иштөө шарттары абдан ыңгайсыз жана кооптуу экенин. Тоолордо болгон ар кандай жарылуулардан, жер көчкүдөн жер үстүндө нечен адамдар, ошондой эле жер астында иштеген адамдардын нечени калып набыт болушат. Мен жер астында иштеген адамдардын, техникалык коопсуз-дугун азайтууну чече турган маселелерге кызыгып, аспиран-турага өттүм. Кийин бул боюнча докторлук диссертация коргодум. Менин иштеримдин мааниси тоо кендеринде же гидротехника менен иштеген адамдардын коопсуздугун сактоо. Сыягы тагдыр өзү маңдайыма адамдардын кайгысын (Акылай апага окшогондор) жеңилдетүүгө, оор жана кооптуу жагдайларда иштеген адамдардын иштөө шарттарын оңдоп, өмүрлөрүн сактап калуу маселелерин чечүүнүн үстүнөн иштөөнү күн мурун жазган окшойт. Бул кесибим менин бүт өмүрүмдүн жумушу болду. Адамдын иштөө шартын жеңил-детип, коопсуз кылып, өмүрүн сактап калыштан жогору эмне болсун?Азыр 85ке чыкканда мен ушул гумандуу кесипке өз өмүрүмдү бүтүндөй арнаганыма ыраазымын жана ошого канааттанам…
Айтмакчы, ошол Москва менен байланыш болгон бир окуя али көз алдымда турат. Ал менин атам менен байла-ныштуу болду. Турмуштун бурулуштары…
Атамды дал ушул шаарда “Кызыл профессура” институтунда окуп жатканда камакка алышкан. Анын тагдыры бизге жыйырма жыл бою белгисиз болду. Тым-тырс бир да кабар жок, атабыздан. Мен атам камалгандан кийин эмне болгонун Москва шаарында аспирант болуп окуп жүргөн мезгилимде билдим. Ошол күндү эстесем, азыркыга чейин жүрөгүм зыркырайт…
Бул окуя мындай болду. Илимий изилдөөлөргө байла-ныштуу Донбасстын шахтыларына барууга туура келди. Эртең менен чемоданымды көтөрүп жатаканадан чыгып, көнүмүш адатым менен почтамды карасам, апамдан кат келиптир. Аны дароо окуганга шартым болгон жок. Поездге кечигип жаткам. Кийин окуйм деп вокзалга шашылдым. Вагондогу купеге орношкон соң, ыңгайлашып отуруп алып апамдын катын алып окуй баштадым. Катта апам атамдын тагдары жөнүндө жазыптыр. Мындайча айтканда “кабар” бериптир
“…Балам, кайрат кыл. НКВДдан атаң 1938-жылы каза болгон деген маалымат алдык. НКВДга өзүм бардым. Колума өлгөн жери – белгисиз, өлгөндүгүнүн себеби — белгисиз деген кагаз берилди. Эч күнөөсү жок болгондуктан акталыптыр. 20 жыл бою бизди алдап жүрүшүптүр…
Бул кабарды окуп алып абдан жаман болдум: бүт денем дүүлүгүп , көзүм караңгылады. Себеби, биз атабыз тирүү, Сибирге айдалган, бир күнү буюрса бошоп келет деп, даыйма ишенип жүргөнбүз. Ичимен өзөгүм өрттөнгөндөй болду. Дем жетпей кысылды. Вагондун тамбуруна атып чыгып, денемди таштап көз жашымды жамгырдай төктүм. Буркурап ыйладым. Көзүм туман, алдымда атамдын гана жаркын элеси. Тээ алыста, бала чак кезимдеги жап-жаш атам, бизди узатып перрондо кол булгап, жалгыз турганы көзүмө даана көрүндү. Биз болсо поезд менен, атамдын кийинки тагдыры кандай болорун билбей, андан алыстай бердик. Көрсө, ошондо атамды акыркы жолу көрүптүрбүз. Ал качан камаларын билбей, бизди өз жергесине качырыптыр. Себеби, ал кезде эл душмандарынын аялдарын да өзүнчө лагерлерге айдап, балдарын атайын режимде иштеген балдар колониясына камап коюу жөнүндө приказ чыккан болчу.
Мына, турмуштун жазган буйругу, айланып келип, атамдын каза болгондугу жөнүндө кабарды мен поездде баратып билип отурам…
Атамдын тагдырын ойлоп тамбурда канча турганымды билбейм. Жолдон, кичинекей станциядан вагонго бир кемпир түшүптүр, аны да байкабаптырмын. Ал мени карап туруп:
— Балам, сен эмне түрмөдөн чыктынбы? Өңүң кер-сары, кебетең сумсайыңкы болуп турат,- деп, мага суроолу карады.
— Жок, — деп, ага кыска жооп бердим.
Демим кысылып сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүгүм жок эле. Мени кемпир саясый камактан чыккан го деп боору ооруган окшойт. Ал кезде атамдай саясый статьялар менен камал-гандар миңдеген кишилер эле да. Абактан бошоп жаткан кездери.
— Кайрат кыл. Жаш экенсиң, али баары алдыда. Көрөсүң, сен бактылуу болосуң, — деди мени аяган көздөрү менен карап…
Апамдан алган катка жооп жаздым ошондо:
…Апа, сиздин катыңыздан атам тууралуу кабарды билүү мага абдан оор болду. Жыйырма жыл өтсө да атамдын тирүү экенинен күдөрүмдү үзгөн эмес элем. Атам бул өмүрдөн жап жаш, неге эрте кетти?!
Атамды эл душманы дегендерге мен эч качан ишенген эмесмин… Апа,баарыбыздан да сен өтө кыйын күндү баштан кечирдиң… Бирок, сен чыйрактыгың, карандай мээнетиң менен бизди адам катарына коштуң. Мунун өзү ат көтөргүс эрдик эмей эмне! Сен коом алдында, үй-бүлө алдында өзүңдүн энелик жана жарандык парзыңды аягына чейин мыкты аткарган адам катары зор сыймык менен башыңды бийик көтөрүп жүрүүгө тийишсиң. Мен башка бир туугандарым сыяктуу эле өткөндөрдү эстегенде сага башымды ийип таазим кылбай коё албаймын…
Мына ошондой, кат дале менин өмүрүмдө өзгөчө бир орун ээлеп жүрдү. Калем менен өзүмдүн жүрөгүмдөгү ой-сезимдерди так бергенди үйрөндүм. Апамдан алыс болсом да кат алышып жазышканыбыз мени ага жакындатат. Сагынам аны…
Ошол апама жазган жооп каттын экинчи бөлүгүндө өзүмдүн кесибиме байланыштуу маселелер боюнча, апам менен ой бөлүштүм. Мен Донбасстын шахталарындагы иштетилип жаткан техникаларды, аны иштеткен жаш адистерди көрүп, аябай кызыкканымды айттым. Биздин Кыр-гызстандын шахталарында да ушундай жаңы техника, техно-логиялар колдонулса кана. Андай техникаларды колдоно билген адистерди даярдаш керек, бирок аны ойлогон жетекчилер жок. Биз тоолуу өлкөбүз, биздин гүлдөп өсүшүбүздүн бир багыты тоо кендерин иштетүү деген ой пикирлеримди апама айттым.
Кийин карындашым мага ал кат жөнүндө мындай айтып берди:
— Сиз жазган катты окугандан кийин апабыздын көзү жашылданып, “Кыргызстан дегенде күйүп-бышкан, атасын тарткан айланайыным ай” — деп, катты өөп, архивин сактаган кутучасына салып койду. Ал кат али да бар, аны Салия сактап жүрөт.
Мына ошондой, менин турмушум, каттар менен байланышта болду.
Үйлөндүм, балалуу болдум, турмуш өз нугу менен бара жатты. Агам Темир, карындаштарым да үйлөнүп, турмуш куруп жайланышты. Баарыбыз атабыз менен апабыз эңсегендей жогорку билимдүү болдук. Баарынан да бири бирибизден кол үзбөй ынтымакта жашадык. Апабызды туудай көтөрдүк. Баарыбыз чогулуп калганда, ал — биздин төрүбүздө…
Бирок бул өмүрдө түбөлүктүү эчтеме жок экен. Апабыз оорусунун кесепетинен каза болду. Али жаш болчу, дагы жашап, биздин сый-урматыбызды көргөнгө татыктуу эле…
Согуш бул эң оор нерсе деп ойлочу элем. Энени жоготуу бул андан да оор нерсе экен. Аска–зообуз кулагандай болдук. Ооруканада, апамдын алдында төртөбүз, башыбызды ылдый салып, ага таазим этип ыйлап турдук.
“Балдарым баарыңарга ыраазымын, рахмат силерге. Мен бактылуу кишимин”,- деп узай берди.
Атам менен жаш кезинде чогуу түшкөн сүрөтүн сумкасына салып, дайыма жанына алып жүрчү эле. Ал сүрөт кашында туруптур. Тээ алыскы, 1932-жылдары сүрөткө түшкөн жылдыздуу, сулуу адамдар бизди — балдарын карап турушуптур. Апамдын бою түзөлүп, көзүн жумду…
— Кош бол апаке! Бизге жасаган мээнетиң үчүн чоң рахмат сага! Атамды өмүр бою күттүң. Эми жаның аны менен кошулсун,- деп буркурап ыйладым апамды акыркы жолго узатып жатып…
1991-жылы акылга сыйбаган бир чоң окуя болду. Чоң-Таштагы Ата-Бейит ачылды. Башында айтып кеткендей, репрессиянын себебинен жазыксыз курман болгондордун көмүлгөн жери, атасынын кэрезин аткарган Бүбүйра эженин жардамы менен табылды. Коопсуздук министрлигинин капитаны Абрахманов Болот болсо, ошол күнөсүз атылган 137 шейиттин жаткан жерин казып сөөктөрүн таап чыкты. Аларга рахмат! Эч нерседен коркпой, биздин тарыхтын жашырылып жүргөн оор күндөрүн элибизге ачып беришти. Бул да өзүнчө баатырдык деп ойлойм…
Дагы бир акылга сыйбаган нерсе, апатты казгандар атамдын өкүм кагазын дап-даана бойдон таап чыгышты. Кудайдын буйругу го! Болбосо кичинекей кагаз 53 жыл бою жер астында жатып чирибей, кандайча сакталып калды!?
Ал кагазды көргөндө, «Баягы мусапыр Бүрүш апа айткан атамдын кагаз кабары ушул турбайбы” деп ичимен жүрөгүм сыздады. Кайдан билди муну кемпир? Атам атыларда төш чөнтөгүнө салып койгон окшойт кыязы, бир күнү чындык келет деп…
Элүү үч жылдан кийин, анын төрт баласы, небере-чөбөлөрү таазим этип, башыбызды ылдый салып Чон-Таштагы аза митингинде турдук. Чачтарыбыз агарган атабыздан эки эсе улуубуз. Канча күнөөсүз жан кыйылды, канча бизге окшогон балдар “контурдун балдары” деген запкыны көрдү…
Ойлоп койдум ошондо, атылган шеиттер өз өмүрлөрүн бекер бербесе керек. Алар Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн, урпактарынын жашоосу бактылуу болсун үчүн деп өз башын кыяматка коюшкандар…
Күзөттөгү жоокерлер курман болгондордун урматтына сый көрсөтүшүп, үч жолу ок атышты. Мылтыктардын үнү тээ алыскы кандуу жылдардагы тоолорду жаңыртты. Бирок бул жолу жаңырык чындыктын жаңырыгы болду. Кандай болбосун , чындык дайыма кайрылып келет экен.
Ошол жаңырыктарды угуп, күнүгө атасынан кат күтүп жүргөн почточу бала Каткелдини эстеп кеттим. Апамдын да жаркын элесин эстедим. Ага ичимен кайрылдым:
— Апа кат келди! Чындык келди!
Апамдын тунжураган өңү көз алдыма элестеди, ал мага:
— Айланайыным, мен муну сезип жатам… Эң негизгиси –биздин башыбыздан өткөн трагедия эми эч кимде, эч качан кайталанбасын…
Мына ушул менин башыман өткөн тарых…

Бишкек шаары, 2016-жылдын 19-апрели.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.