Беларус жомогу: Тоңкулдак, түлкү жана карга

Тоңкулдак карт даракты тоңкулдатып терең оюп уя салат, жумуртка басып үч балапан чыгарат.

Балапандар чоңойгон сайын сүйкүмдүү көрүнгөнүнө тоңкулдак кубанат:

— Балдарымды чоңойтуп алсам, карыганда мага өбөк-жөлөк болушат.

Бирок “Тоңкулдактын тумшугу тынч болгондо аны эч ким токойдон таба алмак эмес” деген сөз жөн жеринен айтылды дейсиңерби.

Ал өз ичинен кубанганды билбегендиктен өзүнүн балдары кандай татына экенин бүт токойго жар салып жүрдү. Кимди жолуктурбасын “Ох, менин кандай жакшы, акылдуу  балдарым бар! Эч кимдин бул дүйнөдө меникиндей балдары жок!..”

Муну уккан түлкүнүн шилекейи куюлуп, жаш балапандардын этине тойгусу келди. Бирок дарактын бийиктеги коңулунан аларды кантип тумшукка тийгизерди билбейт. Бакка чыга албайт, канаты жок. Тоңкулдак болсо балапандарын ичирип-жедирип өстүрө берет, алардын канаты жетилип учуп кеткени калат. Муну ойлогон сайын түлкүнүн айласы кетти.

Бирок акыры чыгынган түлкү куулугуна салмай болду.

Ал карт даракка шашпай басып келип, аны куйругу менен ургулай баштады. Тоңкулдак уясынан башын чыгарып сурайт:

— Түлкүм, сен эмнеге менин балдарымды коркутуп атасың?

— Охо-о! Сенин да балапандарың барбы?

— Бар,- дейт тоңкулдак. — Бар болгондо да кандай керемет балапандар дейсиң!

— Андай болсо аларыңды алгын да көздөн далдоо жогол! Азыр мен бул даракты кыям!

— Бул дарактын сага эмне кереги бар?..

— Эмнеге керек болмок эле? Отун кылып жарып, мешке жагам.

— Айланайын, түлкү аке, балдарымды чоңойтуп алайын,- деп жалына баштады тоңкулдак.-  Андан кийин бул карт даракты эмне кылсаң ошо кыл! Болбосо кичинекей балапандарым менен кайда барам?

Аны түлкүнүн уга турган түрү жок, ого бетер даракты катуулай ургулады:

— Сенин балдарың чоңойгуча күтө албайм! Сенин бул даракка уя салып алганыңа мен күнөөлүү эмесмин. Же мындан башка бул токойдо дарак калбай калды беле?

— Аның деле туура дечи,- дейт тоңкулдак айласы кете.- Бирок токойдогу толгон дарактын ичинен ушул ичи чириген карт дарак сага отун үчүн керек болуп каларын ким билиптир.

— Уя салардын алдында менден сурашың керек болучу!- деп ого бетер жинденди түлкү.- Өзүң күнөөлүүсүң!

Өзүнүн ала башын кашып алган тоңкулдак түлкүнү үмүттүү карайт:

— Эми эмне кылам, Түлкү аке, кеңеш берчи?

Ичинен кымылдаган түлкү куйругу менен азыр эле даракты кыя чапчудай боло анысын түз кармап, кызыл тилин жаланып минтет:

— Мага бир балапаныңды түшүрүп берсең, даракты кыйбайм.

Терең ойго баткан тоңкулдак: “Даракты кыйчу болсо үчөө тең өлөт, андан көрө бирөөнү салып берейин”, — дейт ичинен. Ошентип ал ыйлап-ыйлап бир балапанын жерге түртүп жиберет. Аны түлкү абадан эле “ап” деп тосуп алып, бадалдардын арасына кирип жеп койду.

Кийинки күнү уятсыз түлкү кайра келип, тоңкулдакты коркутуп кирди:

— Дагы бир балапаныңды ыргыт, болбосо даракты кыям!

Тоңкулдак канчалык жалынып суранса да түлкү карайып эле болбойт. Аргасыз тоңкулдак дагы бир балапанын салып берет.

Түлкүгө тоңкулдактын балдары аябай жагып калды. Бир күн өткөндөн кийин ал кайра келди. Тоңкулдак акыркы балапанын аяп ыйлап отуруп берди. Анан башка айла таба албай мындай деди:

— Балапаным менен коштошууга бир күн бер. Жыттап жытын көкүрөгүмө сактап калайын.

— Болуптур,- дейт түлкү боорукерлигин көрсөтүмүш боло.- Эртең келем.

Тоңкулдак коңулунда ошентип кайгыга батып отурса, курдашы ала карга конокко келет.

— Менин конок сыйлагыдай маанайым жок,- деп тоңкулдак узун мурдун жерди карай салаңдатып, түлкү менен болгон окуяны каргага айтып берет.

Ала карга көптү көргөн, башкалардай маңыроо эмес, акылдуу канаттуу эле.

— Келесоо,- дейт ал тоңкулдакка жини келип.- Сени алдаган турбайбы!

— Кандайча алдайт. Ал бакты кыйганда баары бир балапандарым өлмөк да.

— Ал жөн эле коркутуп жатат. Даракты баары бир кыя албайт. Эртең келгенинде ага: “Кыйсаң кыя бер!”- деп айт.

Тоңкулдак буга аябай сүйүнүп кетти. Жакшы кеңеши үчүн аны дарак жегич курттар менен жакшылап сыйлап кетирди.

Кийинки күнү түлкү жетип келди.

— Кана тоңкулдагым, убадаңды аткар! Болбосо даракты кыям!

Тоңкулдак коңулдан узун тумшугун чыгарып:

— Кыйсаң кыя бер! Мен сенден коркпойм!

Маңыроо тоңкулдактын маң башына акыл кирип калганына түлкү таңгала түштү.

— Сага минтип сүйлөгөндү ким үйрөттү?

— Мени курдашым ала карга акылга келтирди.

Түлкүнүн ала каргага ачуусу келип өч алмак болуп, ойлоно баштады. «Карап тур сага бирди көргөзбөсөмбү!” — деп кекенди.

Акыры бир куулук ойлоп тапты. Талаага чуркап чыгып, өлүмүш болуп жатып калды. Аны бакта отурган ала карга алыстан көрүп: “Аа белен эт талаада жатат”,- деп кубанды.

Заматта кош канатын сабалап түлкүнүн жанына жетти. Алгач акылдуу карга куу  түлкү арамза өлүп, алдап жаткан жокпу деп куйругунан чокугулап көрдү. Тиги буга былк этип да койбоду. Түлкү чындап эле өлүп калгандай сезилди каргага. Ушул жерден ала карга: “Башка куштар келгиче көзүн чукуп жеп жиберейин”, — деп ач көздүккө алдырганында сактыгы дароо жоголуп, бир канат шилтеп, түлкүнүн баш жагына конуп, көзүн чокуурда түлкү капысынан жанданып “шап” эттире бутунан тиштеп калды!

— Ии-хи-хи,- деп тишин ырсайтып күлдү түлкү.- Тоңкулдактын кичинекей балапанынын ордуна сендей чоң карганы жемек болдум!  Акылың жок туруп бирөөгө үйрөткөндү эмне кыласың дейм да!

— Болуптур,- дейт ала карга ач азуудан кантип кутулуштун амалын издеп.- Сен менден куу жана акылдуу экенсиң. Азыр эми сенин энең менин энемди кыйнап жегендей кыйнабай жесең экен деген бир гана тилегим  калды.

— Качан менин энем сенин энеңди кыйнап жеди эле? Негедир эстей албай турам…

— Анда сен кичинекей болчусуң…

— Кана, өлөрүңдө ошол окуяны айтып берчи.

— Болуптур айтып берейин,- деп дароо макул болду ала карга.- Азыр сен мени кармап алгандай, сенин энең да менин энемди кармап алган…

— Ал түшүнүктүү,- деп карганын сөзүн бөлдү түлкү.- Менин энем сенин энеңдей маңыроо эмес болучу.

— Ооба, ооба,- деп жооп берди карга шашыла.- Сенин энең чынында эле абдан акылдуу болучу, ал менин энемди канат-жүндөрү менен жеген эмес. Алар менен кошо желген эттин даамы бузулат да.

— Албетте, жүн менен кошо жеген этте кайсы жакшы даам!- деп макул болду түлкү.

— Сенин акылдуу энең менин энемдин жүндөрүн адамдар сыяктуу отко куйкалап жиберип анан жеген. Оо тирүүлөй отко куйкалануу деген кандай гана кыйноо! Мени анте көрбө-ө!

— А менин энем сенин энеңди каяктагы отко куйкалады эле?

— Адамдар жаккан отко алып барган.

— Кантип?

— Сенин ыраматылык энең акылдуу гана эмес эр жүрөк да болучу. Токойго эс алгана келген адамдар жаккан отторунан нары карап алаксый түшкөндө чуркап барып менин энемди тирүүлөй отко салып жиберип, бүт канат-жүндөрү күйүп түшкөн соң окчун алып барып бышып калган энемдин этине тойгон. Сен бышкан эт кандай даамдуу болорун билесиңби?

— Жок,- деди түлкү.- Чын эле бышкан эт абдан даамдуу болсо жеп көрүш керек экен.

— Бир келген өмүрдө бышык эт жеп көрбөсөң… Мына мен дайыма адамдардан артып калган бышык эттерди жеп жүрбөймүнбү. Аны жесең канаттууларды экинчи жүн-пүнү менен чийки жегиң келбей калат.

— Ошондойбу?

— Ошондой! Бул жагынан сенин ыраматылык атаң да кыйын болучу.  Дайыма адамдар жаккан отко эт бышырып жечү. Бирок мен сени түшүнөм. Баардык эле балдар энесинин акылдуулугу менен атасынын эр жүрөктүүлүгүн тарта бербейт да. Андан көрө мени отко куйкалап, кыйнабай жүн-пүндөрүм менен эле жөн жеп койчу. Суранам!

— Мени ата-энемди тарткан эмес деп ким айтат?! Мен муну сени адамдар жаккан отко куйкалап жеп далилдейм! Буга өзүң күбө болосуң!- деп намыска алдырган түлкү ала карганы тирүүлөй тиштеп алып, адамдар дайыма от жагып эс алуучу токойдун четин карай салып-уруп жөнөдү.  Адамдарга жакын барып караса, оңдой берди болуп, жалбырттап күйүп жаткан оттун жанында эч ким көрүнбөйт. Ушул жерден карга кайра түлкүдөн суранымыш болуп, дагы көкүтүп койду:

— Отко эт бышырып жеш үчүн атаңдай баатыр болушуң керек! Андан көрө мени ушул жерден эле жеп койчу.Суранам!

— Аа куу каргам, отко куйкаланбастын амалын кылып баштадың ээ! Мен сага атамды тарткан эр экенимди азыр  көргөзөм!- деп катуу чуркап отко жакындаганда айланадан:

— Түлкү!

— Түлкү!

— Кутурган түлкү!- деген адамдардын кыйкырыктары угулуп, ага аралаш мылтыктын тарс эткен катуу үнү чыгып, түлкү оңкосунан барып жыгылганда ала карга оозунан ыргып, жерге түшпөстөн калкылдап уча качты.

Ошентип балдарым, бул жомокто тоңкулдак маңыроолугунан түлкүгө алдатты. Ал эми түлкү канчалык акылдуу жана куу болсо да,  кур намыска алдырып, ажалдын оозунда айласы куруп турганы менен сабырдуулугунан жазбаган ала каргага жеңилди. Калганын өзүңөр дагы ойлонуп көргүлө…

Орусчадан оодарган Кубаныч АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.