Чокмордой чоң муштумун шилтегенде

«чарт!» этип дарак сынган,

тытышкан тармал чачын тараганда

«тарс!» этип тарак сынган,

олбурлуу жигит эле

он кадамды бир аттаган,

боорукер жигит эле

болоор ишке тим жатпаган.

 

Чындык үчүн чындап күйүп чырлашса,

чыгаан уулуң Чынгыс ханың тең келбеген,

калпыңды калдактатып калмактай кууп,

калкагар чындыгыңды

кара шумкар бүркүттөй чеңгелдеген.

 

Жашады жаштык отун жалындатып,

эшейтип эшек минди,

алкынтып айгыр минди,

айырплан минди анан дарылдатып.

 

Сүйдү анан сулуулардын нечендерин

бооруна бек кучактап өпкүлөдү

көз күйгүзөөр сулуунун гөзөлдөрүн.

Талашканын «талп!» эткизип талпайта чаап,

жабышканын «жалп!» эткизип жалпайта чаап,

алдырган жок бирин дагы өмүрүндө,

айланып чоң сүйүүнүн пашаасына,

айланып ак сүйүүнүн эмирине.

 

… Сексеңдеген сегиз жашар балалыкты

согуш деген желмогузга жалматканын,

карабастан алыс-жакын аралыкты,

төөдөй чөгүп жатып алган турмушуңду

тургузам деп жан талашып жармашканын,

өзгөртөм деп өзгөрбөгөн кыргызымды

өз менен да, жат менен да кармашканын,

солкулдаган сонун кезин эстейт эми,

селейип эстейт азыр,

момурайып момунтип

сексен сегиз кар малтап,

кар басканын…

 

Өспөй калган жаты менен,

баспай калган аты менен,

көзүн сүзсө баса калаар катын менен

иши да жок,

арсайып күлсө маңдай тиши да жок,

жайы жок,

күркүрөгөн күзү да жок,

кандайсың деп кол берер киши да жок,

боор толгоор досу да жок,

боройлогон касы да жок,

жакалашаар талашы жок,

секетпайлап созуп алаар обону жок,

күпүлдөтүп төгүп алаар «Манасы» жок,

тоосу жок, талаасы жок,

жалдырап жалгыз жатат палатада,

тайыса өбөк болор жакыны жок,

жыгылса жөлөк болор катыны жок.

 

Тикирейтип маңдайында ийне кармап,

туш-тушунан ажал деген найза сунуп,

тушамыштап, тизелетип тооруган,

күнү-түнү жакалашып, кармашып,

кол бошобой калган кези оорудан.

 

Кол көтөрүп багынбастан,

«жансоогалап!» жалынбастан,

какыр ташты камыр кылаар кайрат менен,

башын кандап душман жеңээр айбат менен,

туйлатып кит сүйрөгөн деңиз менен,

кыйратып төө сүйрөгөн тегиз менен,

атырылган айгыр жокто

өчөңдөтүп өгүз минген,

моюбаган мойнуна каамыт кийип,

чокмор болуп чорчойгон чорун жыйып,

кабат-кабат карт кетпес жоору менен,

качыргандай карышкырды челип-сүзүп,

кармашып жаткан кези оору менен.

 

Буура булчуң баскынчы жигиттерден

сүйгөн кызын тарттырбай талашкандай,

талашканда тарттырып жибербеген

канда жүргөн кайнаган адат калбай,

боюн бербей, кол бербей жарашууга,

буттан алган ажалдан булкуп-жулкуп,

бүгүн минтип өмүрүн талашууда.

 

Карабай күч азына, кан азына,

карсылдашып көнүп алган оору менен,

айланып Алмамбетке, Манасына,

бут баспай калса сойлоп боору менен,

кармашканда кан чыгара кармай алган,

касташкандын каңкы башын кандай алган,

кайран эр жаш кезинде жарыша алган,

алышкан акмак менен алыша алган,

эңишип жүргөн эргул бүгүн гана

элүүсүндө эңишкендей эңише албай,

эсти алган оору менен жеңише албай,

өмүрүн байлап коюп бүт алына

өмүрдүн дарагынан оодарылып,

кургуй көздөп күм-жам түшүп кулаарында,

эки колу жабышып бутагына,

төбөсүнөн жер сүзчүдөй салаңдап

башы айланып,

жаратканга датын айтпай жашы айланып,

ажалдын күчтөнгөнүн туюп туруп,

бутуна туруп кетти

бойдо калган бүткүл күчүн жыйып туруп.

 

Ажалдын куралы го оору деген

баш бошосо чачтан алып,

кол бошосо буттан алып,

булкунуп чыгаарында кыл кырктырбай

кырк күнү суу ичирип аштан алып,

сүйрөндүгө айлантып сүйрөсө да

сексен сегиз жашыңдын соңку кезин

азап менен тозокто кыйнаса да,

айланып бир өмүрдүн тажаалына,

багынып бергиси жок илдетиңе,

баш ийип бергиси жок ажалыңа,

өтчүдөй өрттү кечип, тоо кулатып,

каруусу жеткичекти жанталашып,

онтоткон оору менен койгулашып,

касташкан оору менен салгылашып

жатканын көрүп чындап азамат дейм,

өмүрүн кастарлаган сүйгөнүндөй,

өмүрүн мындан мыкты жашамак дейм,

өмүрдүн кыска экенин билгенинде.

 

Жаштык жок жалындатып жарак кылаар,

чачы жок тараганда тарак сынаар,

бутунан жол тайыса,

бутактан кол тайыса,

төбөдөгү төрт чачынан илинип салаңдаган,

жалтанбай ажалыңдын бычагынан

жалаңдаган,

Өмүр деген дарактын

каршы-терши тарбайган бутагынан

биринен колу чыкса бирин кармап,

биринен буту тайса бири жалгап,

эти ысып, оозу кургап,

миң өлүп, миң тирилип,

жаш кезинде ойносо турникте

Өмүр деген дарактын бутагында

турникте ойногондой чимирилип,

ал жетсе аласалып оодарылып,

күч жетсе көмкөрүлүп имерилип,

тээ төмөндө дөмпөйгөн

чөккөн төөдөй дөңдү көрүп,

дөң үстүндө оңурайган

оозун ачкан көрдү көрүп,

өмүрдүн дарагына жабышкан

колдорумду чыгарбайм деп,

өмүрдүн дарагынан бут тайыса

кулун-тайдай атырылып туралбайм деп,

көрдү көздөй куласам…

көк бөрүчү кезимдей

көккө атылып кайрадан чыга албайм деп,

батаар күндүн кызылына

өчөөр көзүн канталатып,

өмүрдүн бутагында дарчылардай

өмүрүн өтөп жатат жанталашып.

 

Жыйырмасында душман жеңген кайрат

менен,

жыйырма беште кыз талашкан намыс менен,

кырк бешинде эл башкарган айбат менен

кармашсам деп кадимкидей

мокогон алп кылычын каңгыратып,

отуруп калбай көзүн жалдыратып,

сүйгөнүн талашкандай

жанын бербей жанталашып,

каршыккан ажал менен салгылашып,

колдон алган ооруну түшүрө чаап,

буттан алган ооруну сындыра тээп,

арсак-терсек тиштерин бирден чагып

жан кечти акмак менен жанчышкандай,

оору менен күнү-түн карсылдашып,

аягына чыгам деп ант ичкендей

колундагы «кылычын» жаркылдатып,

токсон тогуз ооруну кыя чапса,

токсон тогуз оорусу жайнап чыгып,

тамтыгы жок денеден кайнап чыгып,

кайран чалым айласын таппай турат,

ажалыңдын оозуна аңырайган

алп денеси алпынан батпай турат.

 

Кезди эстеп мөрөй алган, душман жеңген,

кезди эстеп кара жанын кор кылбаган,

кезди эстеп чын сүйүүсүн алдырбаган,

жаш кезин, жалын кезин туюп туруп,

акыркы калган күчүн жыйып туруп,

кармашса жыйырма беши келээр бекен?

Салаңдайт кара жаны Өмүр бакта

карт эргул кантээр экен? Эңээр бекен?

Оору жаш. Карт улакчым калтаң-калтаң,

оо Кудай, кандай болот? Жеңээр бекен?..

Же шордуу буту тайып Өмүр бактан,

кармаган колу чыгып бутагынан,

кокуйлап «кош-кош!» айтып чымын жаны

«күп!» этип көргө башы тыгылабы?!

 

… Жедирбей жемин дагы, намысын да,

душмандын эскилерин жапшыра чаап,

жер менен жексен кылып жаңысын да,

атты актап Өмүр деген, Адам деген,

«өх!» эми эс алсам деп турган кезде

дагы бир душман чыгып ажал деген,

калтаарып кол куушуруп туруп бербей

кашык каны калгычакты карсылдашып

кармашып турган кезин ажал менен

карайм да, мен өзүмөн баркым качып,

кулатаар душманыман кулагамын,

кармашпай койгон кезди өкүт кылып,

калжайган ушул чалдан уяламын…

One Reply to “Нуралы КАПАРОВ: Өмүр дарагы жөнүндө ода”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.