АҢГЕМЕ

Он бешке караган Акмат тула боюн жылытып, кубаныч ыроологон сүйүнүчүн ким менен бөлүшөрүн билбей баратты. Бир аз мурда болгон чогулушта “эң мыкты окуганы үчүн” деп ага мектептин мактоо баракчасын беришти. Кол чапкандардан сүрдөдү. Апасы Сейилкандын “атаң экөөбүздөй бекерчи болгуң келбесе, окууну мыкты бүтүрүп, бир кесиптин башын карма. Көрдүңбү, колхоз-совхоз жоюлганы диплому бар кызматтагылар бизге окшоп мүңкүрөгөн жок. Адиси менен иштеп, бала-чакасын эчтемеге жалдыратпай, багып, окутуп атат. Иши жоктугунан атаңдын Казакстанга кеткенине  кыйла болду, кабары дайынсыз. Кайда жатып, кантип күн өткөрүп атат, тамак-ашы, кийим-кечеси кантти, белгисиз”, — дегени оюна түштү.

Жок, алган сыйлыгын бөтөн бирөөгө кулак каккан жарабас. Ар кимге жар салгыдай сабагын жакшы окуганы каадалуу деле жумуш эмес. Тоону томкорсо да көөдөн керип, мардайбаш керек. Балким, мактоо баракчадан да өткөн чоң сыйлык бардыр. Кыргыз жерине көз арткандардан эл-жерин коргогон Манастай баатыр болсо, ошондо “ии эми кичине иш жасадым” десе бир жөн. Өзү окуган мектепти алтын медаль менен бүтүп, азыр ажо менен бирге иштеген айылдаш эжеси да  алигүнчө “мен” дебейт тура! Баракча тийгенин апасына деле сүйүнчүлөбөй, катып койгону оң. Ал башкалардан уксун. Анткени Сейилкан “баа артынан түшпө! Билимиң “беш” болуп, башыңда илим-билим ашып-ташсын!” деп басса-турса насаатын кулагына куят.

Бала оюн андан ары узартып кете берер беле, бет маңдайынан чыга калган Өмүрзак анын каркырадай тизилген ойлорун чатыштырды.

— Кандай дос, окууларың “беш” окшойт, — деди ал мылжыя,  күрөктөй алаканын сунуп. — Апаңды урматтап, киного киргизгенимди унутпа! Оо Сейилим… Сейилкан оу!..

Ушу күнгө дейре мындай энооз сөздү эшитпеген Акматтын деми жалп өчө, чекеси тырышты. Чылымын буркураткан сөөк-саактуу кишинин желге ыргалган чөп башындай теңселгенинен улам анын алагүү экенин билди.

Көөдөктүн эсине кайсы бир өткөн жумада айылга жаңы келген “Ак кеме” аттуу кинону көргөнү клубга барганы түштү. Болжолунда кенен туюлган, бирок шыбы жапыс, чакан залга кирүүчү каалганын капталында турган киночу акы төлөгөн көрүүчүлөргө белет айрып берип аткан. Өспүрүмдүн кагаз тыйын сунган колун анын соңунан келаткан бирөө четке түрттү. Кылчая караса, төбөсү эшиктин шыбына тие жаздаган Өмүрзак астанада турат.

— Ичкери кирип, орун ээлей бер!- деди ал, акчасынын кайтарымын берүү үчүн жаңы чыккан элүү тыйын, бир сомдуктарды эсептеген киночудан көзүн албай.

Акмат  күтүлбөгөн окуяга ыңгайсызданды. Тартынчаак мүнөзү кармап, тигинин колу ачыктыгына ыраазы болгондугун туюнта албай, белеттин акчасын узаткан.

Өмүрзак:

— Эмитен майдачылыкты үйрөнбө!.. Жакшы көргөнүмдөн кийирип атам, – деп ошондо таарынгандай күңк этип, колун сууткан.

Өспүрүм анда Өмүрзактын кийин минтип ал берешендигин колкоо кылып, намысына тиерин ойлобоптур.

Андан ары туюк сүйлөгөн:

– Апаң үйдөбү?.. Адеп оюнга алаксыбай, атаң келгиче энеңди жакшылап кору! Көзү кызарган дөбөттөр Сейилге тамшанып жүрөт…

Өспүрүм анын жандырмаксыз кебин жамандыкка жорубады:

— Кайсы дөбөттү айтып атасыз? Түшүнбөдүм.

Өмүрзак мыйыгынан жылмайды да, эңкейип, Акматтын чекесине тырс чертти:

— Ээнбаш адамдарды кутурган дөбөткө салыштырат. Муну билбесең, уят, дос!..

— Андайлардын бирөөсүн да апамдын жанына жолотпойм!- Акмат муштумун түйдү.

Тестиердин ишенимдүү, ары эрдемсинген жообу Өмүрзакты териктирди. “Сен уктап калганыңдан кийин терезеңерди чертсем, менин барганымды билип калып, энең эшигин ачпай койгонун сага мактанбас”, — деген сөз тилинин учунда турса да, аны айта албай өспүрүмдөн жазганды.

— Тегирменчиден этият  бол…

— Ийи…

— Кызык ко, бу! Мадыра баш десе! Мындай ой жүгүртсөң… Азыр кимдикине кирбе, алдыңа загара же арпа  нан коёт. Калкоз таланып-тонолуп бүттү. Өзүбүзчө мамлекет болгону беш-алты жылдан бери этек-башты жыя албай атабыз. Айлык жок, иштермандын көбү башка жакка тентип кетти. А силердин жашооңор дурус. Эки-үч күндүн биринде жегениңер буудай нан, – деп заматта Өмүрзактын ыктытканы да, теңселгени да жоголду. Ал Акматтын апасы колхоздон акыркы эмгегине тийген буудайын тегирменге тарттырып кайтканда көргөн учурун арам ойлоду. – Буудайдын унун азыр аял эмес, мага окшогон төшү түктүү эркек да таба албай жүрөт. Демек, аны кайдан алды? Же талаада кап-кабы менен кароосуз жаткан ун барбы?.. Тегирменчи, бекер карматпа, — айт.

Өспүрүм ойго батты. Өмүрзак шектенген айыптын  “үлүшүн” кыялданып, Сейилкандан тапкандай болду. “Анда мен бой жеткенче канаат кылбай, ошонун чүпүрөк-чапырагына алданыптыр да… Муну тим калтырбайм. Тегирменчиге кордотуп, элге шылдыңдатып койбойм. Кара курсагыбыздын айынан бирөөгө күнкор болгонуңду сезбесең, көзүңө айтам. Же атама угузсамбы? Кой, атам укса, энемди жанчып салат. Апама шилекейи аккан Өмүрзакты да ойрондотот. Андан көрө тегирменчи менен эсептешейин” деп өзү менен өзү акылдашып, көздөрү каканактай ыза туткунунда баратты. Атүгүл энеси жанында тыңшап тургансып, “жебейм, андай наныңды. Ундун баарын чачам азыр. Атам үйдө болбосо эле нан тапканга жарабай калат бекем?! Керек десең эртеңден тартып окуудан кийин талаага чыгам. Бирөөлөрдүн жумушун бүтүрүп, акы табам.  Шаардагы балдардай жүк ташып, сүт сатып, араба сүйрөш менин да колумдан келет”, -деп бурк этип, оюнда ага капалана сүйлөдү.

Ал босогону аттап, үйгө кирер замат далысына асынган китеп баштыгын догуруна жерге ныктап койду. Мунусу кандайдыр окуя болгонун Сейилканга ишара кылганы. Караса, карындашы китебин жайып, иниси чүкө ойноо менен алек. Жолдо элестеткенин кошо көргөндөй, суроо жөнүн башын ачпай, мештин жанында анын тигиши сөгүлгөн шымын тигип жаткан энесине бүдөмүк суроо салды:

— Апа, ушул чынбы?-

Бирок соболу жоопсуз калды. Сейилкан үн катпагандыктан “түшүнсө да айтпайт. Билмексенге салат” — деп жоруду, көңүлү чөккөн Акмат. “Акылдуулар чүрпөсүнө даттанбайт. Мени турмуштун аркы-беркисине, өөдө-ылдыйына баамы жетпейт, — деп ойлойт. Антпесе, ооз ачат эле го!.. Унчукпаганы иштин жайын угупсуң, биле туруп, анткорлонбо!- дегени. Мындан чыкты, Өмүрзактын кебинде мандем бар”.  Бала бир бүтүмгө токтогон чечимин орундоого кам урду. Энесине күмөн алдырбай, үйдөн чыгып кетүүнүн жолу калды.

Сейилкан чайын демдеп, үйдө болгон ашын тасмалга коюп, уулун күттү. Сырттагы шоокумга кулак түрүп, Акматтын баскан-турганы билинбегендиктен үн да салды. Демейде түштөн кийин үйүнүн жака-белинен алыстабаган чүрпөсүнүн бул өнөкөтүнөн коопсунуп да койду. “Теңтуштары менен көчөдө жашынмак ойноп жүрбөсүн, каралдым? Ире-ширеде үйдөн чыкчу эмес эле. Кумга түшкөн ийнедей кайда житип кетти, аскар тоом?..”  Кызын жиберди эле, кошуна-колоңдордон сураштырып, ал да таппай келди. Ой-кыялы кодура таштай ыдыраган аял эми кылар айласын айыра билбей, там аркалай басты.

Бурулуштан көрүнгөн Өмүрзак ага “токто” дегендей кол булгады. Маңдай-тескей келгенде дароо тийишип, айткан саламы менен “бур” эткен ачкыл жыт каңылжаарын жарган бу пенде кызылга тойбогон ач бөрүдөй Сейилкандын жолун аңдып, тооруп жүрөт. Ал эки-үч кур төшөк жаңырткан. Кийин алган  зайыбы бир аз чогуу жашагандан кийин төркүндөрүнө кеткен бойдон талагын албай, кайра келбей койгондугунан айылдагылар түгөл кабардар.

— Сейилтай, уулуңду издеп атасыңбы?

Бу киши башта учураган сайын “күйөөң башка бирөөнү таап алды го! Алыста жөн жүрбөйт. Мага тийден” башканы оозанчу эмес. Эми оолактоого кам урган зайып баласына тиешелүү суроодон улам ага назар бурду.

— Кайдан билдиң?

— Көчөнүн баш-аягын карап атасың го. Убакытты бөөдө өткөрбөй, тегирменчиникине бачым жет… Мага карабаганыңдан мен сени ушактап койдум окшойт,  кечир…

— Күүгүм ченде  аныкында эмне бар? –  Сейилкан тигинин кебине анча көңүл бурбай, кайра сурады.

Аялдын теше тиктеген көз карашынан жалтактаган киши “мен кайдан билдим?” — дегендей ийнин кысымыш этип, жер карады. Өспүрүм экөөнүн ортосунда болгон сөздү эбиреди.

Тегирменчи ажатканадан чыга берди. Бурчта аны аңдыган Акмат айры менен капталдата качырды. Карыя тамашага сала кетенчиктесе да, айрынын учу курсагына мээленгенин көрүп,  арт жакка кетенчиктеп, күрөлгөн карды таканчыктай токтоду. Адегенде сенсиреп буйрумак болгон тестиер тегирменчиге бар ачуусу менен көз жүгүрттү. Кишинин каршылык кылбаганына менти тайды. Тегирменчи апкаарыбаса, куралын тартып алууга кудуреттүү экенин болжоду. Сакалдуу кишиден биртке айбыккан болду.

-Колуңузду көтөрүңүз!…- Акмат сүрдүү унчукту. – Мен сизге апамды кордотуп койбойм, билип алыңыз! Атам бизге керектүүнүн баарын камдап койгон, –деп сөздөрүн бөлө сүйлөгөндө кирпиктери исиркектенди. Жоругу абышкага караманча түшүнүксүз болуп жатканы менен иши жок. Күтүүсүздөн эрки мокоду да, колу шалдайды. Быякка эмнеге келгенин эстеп,  айрынын сабын кайра мыкчый кармады. Ийнинен жерге сыдырылып түшкөн тонун алмакчы болуп, эңкейген үй ээсине дагы тап берди.

— Жардамга көзүбүз каткан жок, ачка эмеспиз. Унуңузду, өзүңүз жеткирип бергенсиз, сизден эч ким сураган эмес, өз колуңуз менен аны кайра алып кетиңиз. Эгер кеч калсаңыз, эшикке апчыгып, чачып таштайм. Анда убал болот. Анан…кыйшаңдап, апама дагы катылат экенсиз, мобереки челкейген курсагыңызды жарып таштайм, ичегиңизди чубалтып, – деп ичин ичкери тарта берген тегирменчинин киндик тушуна айрыны сая жаздап, кайра тартып алды.

Атасына болгон кусалыгы аны өксүттү. Ызага муунду. Көз жашынан улам дарактардын бутак-шагы алда-кайдан жете келип, жылдызы түшө бир четте турган энесинин карааны боз туман арасынан суурулуп чыккандай тунарыңкы чагылды. Бир эсе түш оогондон берки көкүрөгүнө түйүлгөн ойлорунун үдөөсүнө чыга албаганына эңсеси катты. Аны сыртынан эркелете наристедей мөмөөрүгөн тегирменчинин былк этпей, буйругуна кыңк этпей, баш ийгенине таң калды. Анын сүттөн ак же Өмүрзак мүнөздөгөндөй кара мүртөз экендигин айыра билбеди. Жаш жүрөгү жан аттууга кесирин тийгизүүнү чеки санап, айрыны бак жакка ыргытты. Ушунусу менен эртеден берки өчү жангандай болду. Дене-бою титиреп, үн чыгара ыйлабаса да, араакта турган апасынын кейигенине көңүл бурбады.

Тегирменчи иштин жайын аңдап, түшүнгөндөй болду. Саамдан кийин ал Акматка жакындады да, далысын каккылап, аны кайраттандырымыш этти:

-Сени чоң жигит болуп калды десем, чыт курсак турбайсыңбы! Жигитке жашыктык жарашпайт. Атаң сага ишенип, сени билимдүү кылмакка иштеп жүрсө…

Тестиер жаш чыгаргангабы же үшкүргөнгөбү, көөдөнүндө уюп турган кара зилден кутулгандай, аң-сезими тазарып жеңилденди.

Тегирменчи кепке тартты:

— Бая эмне дегениңе баамым түк жетпеди. Ирети менен даанарак айтчы, садага.

Акмат үндөбөдү. Унчукпаса да, иштин жөнү айкын болду. Өмүрзактын калпы билинди.

Сейилкан уулунун жүүнү бошогонун жактырбай:

— Кайдагы жок имишке ишенип, эси жоктун айдагы менен ээлигип келген тура!- деп сүйлөндү, ал. – Укканына ишенбесин деп, жараткан Кудай көрөргө көз, акыл менен иш тутканга – баш, эс-акыл берген…Таянаар аска-тоом, неге эсиң кемиди, билбейм. Жаза тайып, сайып алсаң, чоң атаңдай киши эмне болот? Учтуу-шиштүү курал, мылтык  менен ойногондор эзели оңгон эмес!.. Кечирип коюуңуз, байке!

-Э-х-ее, иш быякта де!- деди тегирменчи күлүп. – Алдаса болот жаш башты, канетсе болот как башты?.. Өмүрзактын тилине кирсең… Колтугуңа суу бүрккөн экен, туруму жок… Жөн-жай сураштырып, аныктап алчу иш экен го, балалык кылган турбайсыңбы! Апаң кызым менен тең болсо… Ишенчээктигиңдин кээрин тартып, карачы, ыйлап да алдың. Унду мен эмес, Сейилге окшоп, эмгек күнүн толтургандарга калкоз бөлгөн.  А көчө таптап,  жинди суудан бөлөктү билбеген Өмүрзак нанга колу жетпей, ичи ачышканда сени тукурган тура! Ун сурап келгенде жалкоолорго жок деп бербей койсом, “сага бирди көрсөтөм” деп кекенип кеткен эле. Көрсөтөрү ушу тура, наадандын! Эсиңди таап, андайдан обочо жүр, балам!

Тегирменчинин кеби орундуу туюлду. Энесинин токтоо көздөрү туюктан туюк күмөн санабай, ошент, чын эле дегенсиди. Абышка менен апасына алмак-салмак көз жиберди. Өмүрзактын кебине ушу маалга дейре баам жүгүртпөгөнүнө уялып, жер тиктеди. Тегирменчинин бети бырышып, башы ак ала чач. Субагай тарткан Сейилкан анын жарым жашында сымал.  “Казакстанда иштеп жүрөт” деген атасына эле ылайыктуудай. Акматтын жүзү майда кумурска баскандай чымырап, аязды да сезген жок.  Уяты козголуп, тегирменчини дит багып карай албай, тизе бүгүп, андан үзүр сурамак болгон ниетин бир жаңсыл кылууга шайы жетпеди. Дароо терс бурулду да, артына карабай качты.

Көрсө, укканга эмес, көргөнгө ишенүү керек тура! Ушул жагына акылы жетпептир. Өзүн бүгүн алган мактоо баракчасына татыксыз санады. Сабагын мыкты окуганы менен өз алдынча ой жүгүртүүгө даяр эмес тура! Кабыргасын карч уруп, жылдын үч мезгили бою талаада кетмен чаап, маңдай тери менен сыйлык алган энесинин эмгегине бир чети кубанса, өзүнүн эмелеки жоругу түмөн элге шардана болгондой, башка адамдардын көзүнө чалдыккандан айбыкты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.