АҢГЕМЕ

Ал кѳптѳн бери жѳтѳлүп жүргѳн. Суук тийгизип алса керек. Андан калса быйыл күн мурдагы жылдарга караганда бир топ муздак. Күз бүтүп-бүтпѳй, кыш эрте түшкѳн. Ошондон бери кыш. Кар бир жолу жука жааган, анан карандай суук кайтпай койду. Жѳтѳлүп жүргѳндѳр кѳп, ѳзгѳчѳ жаш балдар. Алар куушуп ойногондо тердеп кетип, үстүндѳгү сырт кийимдерин чечип туруп ыргытып жиберишет. Анан терин жыйгандан кийин суук тийип калып, ѳзгѳчѳ түнкүсүн, жылуу тѳшѳккѳ киргенде жѳтѳлү башталат. Энелери баласын жылуулап, дары берип, айыктырганга аракет жасашат. Какылдап жѳтѳлѳ бергенден угуп отуруп жадашканда:

— Ай, ташка тийгир ай, ташка тий!- дешет айласы кетип.

Жѳтѳлгѳ каршы айтылган мындай каргыш илгертен бери келатат. Аны менин чоң энем айтчу, энем айтчу, атам айтчу, эми биз, биз түгүл бизден кийинкилер айтышат. Жѳтѳлдүн жаны бар нерсе катары кѳрүшүп,  аны адаштырып, ташка тийсе жарылып, чачылып жок болот деп санашкан бир заманда. Анан жѳтѳлгѳ болгон мындай каргыш кийин адетте айтылчу сѳзгѳ айланып кеткен окшойт. Бирок антип каргыш айткандан жѳтѳл кетип же басылып калбайт. Айыкмайын какылдата берет.

Анын жѳтѳлгѳнүнѳ эки айдан ашып кетти. Сиңдиси менен инисине догдурга барып кѳрүндүм, суук тийиптир, дары ичип жатам, жакшы болуп баратам деген.

Ырас, ал догдурга барган, эки-үч күн жүрүп анализдерин тапшырган, жыйынтыктары шектүү чыгып калгандыктан, догдурлар кайрадан экинчи ирет анализдерин алган. Анда деле мурдагысындай жыйынтык чыккан болучу. Догдурлар аны шаардагы онкология борборго жиберишкен, биз жаңылып калышыбыз мүмкүн, аерден кайрадан текшерүүдѳн ѳтѳсүң, кечикпей тезирээк баргын дешкен. Анан ал бейтапкананын догдурлары жазып берген тилим-тилим бир нече баракты үйүнѳ алып келип, тирмийип, кунт коюп окуду. Латынча жазылган түшүнүксүз сѳздѳр бар экен, аларды медициналык диагностикалык кыскача сѳздүктѳн таап окуп, ѳзүнүн дартын аныктап билди. Ал дарт жаман оорунун аты экен. Бул дартка чалдыккандар узакка жашай албайт, жасаган аракеттерден эч майнап чыкпайт, тууган-туушкандарды бекерге убара тарттырбайм деген ой кѳкүрѳгүнѳ кылт этти да кышкы чилдедеги үшүктѳй ошол бойдон мээге бекем орноп калды.

Ошо кезде ага жаркырап тийген Күндүн жарыгы, күздүн саргыч тарткан кооздугу, үч бурчтук болуп сапка тизилип, жылуу тарапка учуп баратышкан кыйкуулаган каркыралар, тоолор, талаа-түздѳр, кыбыраган жандуу-жансыздардын бардыгын кѳтѳрүп турган Жер, күпүлдѳп аккан кашка суулар, түндүн ачык асманындагы Айды тегеректеген жыбыраган жылдыздар, күүлдѳп-шаалдаган турмуш, дегеле бул жарык дүйнѳнүн бары-жогу бирдей болуп турду. Ѳмүр кереметинин куну качып, кумары жанып кеткендей болду. Буларды ал акыл-эси менен эмес, кѳкүрѳгү менен туйду. Ѳзү отуз жылдан ашуун мезгил иштеген мектеби, аердеги мугалимдер, окуучулар, кошуналары чоочун кѳрүнүп калды. Дем алган абасы, ичкен тамагынан бери тигилерден обочо, бѳлѳкчѳ туюлду.

Анын жѳтѳлү баштала электеги бир түшү эми эсине келе калды.

Кыш. Айлана-тегеректин бардыгы аппак кар. Суук. Бир жакынкы айылдын чети болуу керек, ээн жолдо кетип баратса, үстүн шагыраган муз каптаган бир кара күчүк кыңшылап жүгүрүп келип, секирип койнуна кирип, ыргытып жибергенге канчалык аракеттенсе да тырмышып жабышып алат. Алып ыргытканга каруусу жетпейт, анан күчүктү тарткан сайын ал ого бетер жабышып, бара-бара күчүк анын денеси менен чапташып, бир дене болуп, кѳкүрѳгү муздап кетет. Күчүктү алып ыргытам менен аябай убара болуп, бир кезде ойгонот. Уйку-соонун ортосунда кѳкүрѳгүн сыйпаласа, муздак эч нерсе билинбеди. Ошондо жаш кезиндеги кошуна кыздын үйүнүн алдында топ таш ойноп  атканда томполоңдоп чуркап жүргѳн эки кара күчүк эсине түштү. Ал күчүктүн бирин мурду-башынан сылап эркелетип атса үй ээси кѳрүп, кааласаң үйүңѳ алып кеткин, сага бердим деген. Кыз буга аябай сүйүнүп, кемселинин ичине салып, кѳкүрѳгүнѳ катып апкелген. Күчүк жупжумушак, жыпжылуу, супсулуу, эрке болучу. Ал кийин чоңойгондо аябагандай сак, короочу, балбан, эр жүрѳк болуп, далай малчылардын кѳзүн кычыштырган. Уурдап кеткенге эч ким итке даап келе албай койгон.

Ошол кара күчүк эсине бир кылт этип эле кайра кайым болгон. Алтымыш- алтымыш беш жыл мурдагы неме эсиме түшкѳнүн карасаң, муну демейде эстемек эмесмин, небак унутуп салбадым беле, мээнин бир кычыгында сакталып калса керек деп ойлоду. Түшүндѳгү үстүн муз баскан кара күчүктү ошол жупжумушак, жыпжылуу, супсулуу эрке күчүктүн окуясына жоруп койгон. Ошондогу топ таш ойногон кошуна кыз аталары бир туугандын кызы Сыйна болучу, ал келаткан күздѳ биринчи класска барам деп турганда катуу оорудан кѳз жумган. Мектептен окубай калган. Азыр канчалык аракеттенсе да эмне оорудан кеткенин эстей албай койду. Айтор айыкпаган оору экен дешкен ошондо. Андан бѳлѳгү эсинде жок. Айыкпаган оору кѳп, кандай, эмне оорудан ѳлгѳнүн билбейт. Азыр андай оорулардын аттарын билет. Чоң кишилер эмес, балдарга да белгилүү кѳп оорулар. Баамында ал кыз ак кандан кетсе керек эле.

Ал кезде айыкпаган оору жѳнүндѳ терең ою жок болучу, айыкпаса, айыкпайт турбайбы деген. Кийинки кездерде ушул айыкпайт деген оорудан кѳп эле адамдар кайтыш болгонун билет. Андай илдет ѳзүнѳ тийиштүү болбогондон кийин кѳңүлүнѳн тез эле чыгып кете турган. Бул дарттан чын эле айыкпай турганына беш-алты жыл мурда кѳзү жеткен.

Мектепте бирге иштеген курбусу эч жери оорубай туруп эле арыктагандан арыктай баштаганда анын кебетесин кѳргѳндѳр догдурга баруусун айтышат. Бирок ал эч жерим оорубаса догдурга эмнеге бармак элем деп күлүп коюп жүрѳ берет. Ортодон эки айча мезгил ѳтүп, жѳтѳлѳ баштайт. Анан аялдын күйѳѳсү менен кызы экѳѳ догдурга алып барышып, текшерүүдѳн ѳткѳрүшѳт. Аерден дартын так коё алышпай, борбордогу ооруканага жиберишет. Ооруканадан бир жума текшерүүдѳн ѳткѳндѳн соң мурдагы догдурлардын шектенген дарты такталып, жаман оорунун аты аталат. Мурдараак алып келгениңерде жаңы башталган ооруну айыктыруу колубузда эле, эми дарт ѳпкѳдѳн боорго чаап кетиптир, жалаң эле боор эмес, бѳйрѳккѳ да залал кеткен, эми бир жума жаткыралы, андан эч жардам болбойт, кѳңүлүңѳр калбасын дешет аердегилер. Ошентип, ооруканага бир жума жаткырышып, анан үйүнѳ алып кетишет.

Кеселдин абалы күн сайын оорлой берет. Догдурдан киши болбойт деп чыгарып салган оорулууларды айыктырган табыптар бар экенин ар кимден угушат үй бүлѳсү. Адегенде бул дартка жыландын сорпосу миңдин бири экен дешкенден оорулууга билдирбей жыландын сорпосун, этин беришет. Жыландын бардыгы эле жарай бербейт, уулуу кара чаар жыландыкы гана жарактуу экен дешкенинен аны да таап беришет. Бирок булардан дабаа болбой, орулуунун абалы улам оордой берет. Анан Ат-Башынын кызыл бакалары дары экен, ошону жегенде баланча жердеги түлѳнчѳ деген киши какыс айыгып кетиптир, андан бери он жылдан ашык убакыт ѳттү, азыр жаш жигиттер менен талашып кѳкбѳрү тартып жүрѳт деп айтышты. Оорулуунун үй-бүлѳсү, кыйбас туугандары түнү менен Ат-Башыга жетип барышып, аерден ончакты кызыл бакаларды алып келишип, муну беришет. Оорулуу эки-үч күн ѳзүн тың сезип калат. Үй-бүлѳсү аябай сүйүнүп, кызыл бакадан дагы алып келишип, түбү терең ийдишке суу куюп, салып коюшат.

Эки-үч күндѳн кийин оорулуу кайра кыйналып чыгат. Анан үй-бүлѳсү табыптан табыпка барышып, бир топ чыгым тартышат, бирок булар чыгымына кайыл эле, кеселманды айыктырып, жок дегенде дагы он жыл жашап турса олжосу ошол болмок. Кулак угуп, колу жеткен табып, кѳзү ачык дегендерди коюшкан жок, догдурлар киши болбойт деген мындай дарттын далайын айыктыргам дешет барган жериндегилер адегенде. Алардын берген дарылары, оорулууга жасаган дубалары, айткан кеңештери бир топ пулду талап эткен менен тилекке каршы биринин да жардамы тийген жок. Оорулуунун абалы күн сайын эмес, саат сайын оордой берип, бат эле ѳлүп тынган.

Ошол курбусуна маал-маалы менен барып, ал-акыбалын сурап, кѳңүлүн кѳтѳрүп келе турган. Ал барганда курбусу кудай мени сенден ажыратып салмай болду деп кѳзүн жаштап калчу. Ал ичинен курбусун аяп турса да сыртынан сыр бербей, мындай түгүл, мындан жаман дарттардан айыгып кеткендер кѳп экенин айтып, сен пессимист болуп алыпсың, мындай эмес элең го, ушинтсе берсең айыкмак белең, оптимист болгун, ал сенин колуңан келет деп кѳтѳрѳ чалат. Ушул кебетем менен кайсы арыма оптимист болмок элем, мен эми бери эмес, ары карап калдым го дейт курбусу ырсайып. Экѳѳ мурда кѳпкѳ сүйлѳшүп олтура турган, курбусу аны кетирбей, жѳлѳк-таяк кѳрүп, үч күнгѳ каттабай калса, балдарына, күйѳѳсүнѳ айтып, чакыртып ала турган. Анан ал келгенде кѳңүлү кѳтѳрүлүп, азга болсо да дартын унуткарып, ѳзүнѳн башка эч ким билбеген сырларын айтып берчү. Андай учур кѳпкѳ созулган жок, аз күндѳн кийин курбусу эч кимди жактырбай калды, келгендерге кайдыгер болуп, кээде тескери карап жатып ала турган  болду. Бул дарт адамдын мүнѳзүн ѳзгѳртүп, кайдыгер, таш боор кылып салат экен деп айтышчу. Оорулуу адам ошондой кайдыгер абалга келгенден кийин узакка жашабайт, бат эле кѳз жумат дешет. Айткандай эле курбусу киши кѳргүсү келбей калгандан бир жумага жетпей оо дүйнѳ сапар салып кеткен. Ошонун астында эле барган болчу кѳңүлүн сурап коёюн деп, бирок оорулуунун чоң кызы эшиктин алдынан тосуп алып, апам азыр эле тынч алып уктады эле деп артка узатып жиберген.

Эртеси, анын эртеси да ошол жоопту айткан. Тѳртүнчү күн дегенде оорулуунун кызы кѳзүн жаштап, апам эч кимди кийирбегин, эч кимди кѳргүм келбей турат, менин азыркы кебетем ѳтѳ аянычтуу, атурсун коркунучтуу экенин билем, андыктан тааныган, билгендердин эсинде мурдагы абалымдай элестелип калайын дегенинен уктап жатат деп жалган шылтоологонун айткан. Ошо бойдон курбусуна жолукпады, экѳѳ эки дүйнѳ ортосунда турганда кѳз ирмем убакытка болсо да курбусунун кѳңүлүн жубатып, ичиндеги купуя катылуу бир сырды айта албай арманда калган. Ал ошол купуя сырын бир канча жолу айтмак болуп келип, кайра кийин айтармын деп айтпай сактап жүргѳн. Айтууга кудурети жетпей койгон. Ал ушул жолу кандай болсо да айтмак, айтууга камынып келген. Балким ал сыр ѳз жаны менен алек болуп, денеси бирде ысып-күйүп, бирде какшап муздап жаткан курбусуна кереги деле жоктур, кереги жок болсо да дал ушунда айтмак. Ал купуя сыр ичине батпай, сыртка чыгууга мезгили жетип калган. Ошондон кийин, курбусунан айрылып калгандан соң ал купуя сыр муштумдай түйүлүп, эрибеген арманга айланып кетти. Кѳкүрѳгүндѳ дүпүйүгѳн ошол эрибес арманы кѳз жашын салаалатып ыйлаткан. Маркумдун кызы аяш апасынын боздоп олтурган абалына зээни кейип чыдай албай,  апасынын курбусуна кайрат айтып, кѳңүлүн улап соороткон болучу.

Ал ушуну эстеди. Андан бери бир топ мезгил ѳтүп кетсе да, бардыгы күнү бүгүнкүдѳй эсинде экен. Маркум курбусун боз үйдүн сол тараптагы капшытына кыбыла баштантып жаткырып, кѳшѳгѳ тартып, үстүнѳ кызыл кыжымы жаап, баш жагына шам жагып коюшкан. Боз үйдүн сыртындагы кырчоодогу чакан килемге маркумдун толукшуп турган жаш мезгилиндеги жылмайып түшкѳн сүрѳтүн илишиптир.

Тууган-туушкандары, жек-жаатары кѳп экен, андан калса айыл жеринде ѳлүктү узатууга бардыгы түрүлүп келишет, маркумдун үй-бүлѳсүнѳ кайрат айтышып, ар кими колунан келген жардамын аябайт, жеңилин жерден, оорун колдон алып, жапа тырмак турушат.

Сѳѳк боз үйдѳ эки түнѳдү. Кыш мезгили болсо да күн жаркырап тийип, жылуу болуп, тажияга келгендер менен сѳѳк ээлери жүдѳшкѳн жок. Күн маркумдун пейлиндей болуп берди, бечеранын эч кимге зыяны жок, мүнѳзү жумушак, ѳзү шайыр-шатман жан эмес беле, табият да пейлине жараша ошондой болду дешти.

Экинчи күнү чоң шашкеде сѳѳктү сууга алышып, үстүнѳ кызыл кыжымы жабылган табытты үйдүн алдына алып чыгышты, эркектер жаназага турду. Анан имамдын кѳрсѳтүүсү менен жаназа намазы окулган соң маркумдун жакындары табытты жерден кѳтѳрүп, мүрзѳгѳ жѳнѳштү. Жанатан бери жардашып турган аялдар бакырып ыйлашып, бири бирин кучактап сооротуп, сѳѳктү узатып кала беришкен. Ошондо ал курбусунан эми чындап айрылганын сезди. Ыйын токтото албай койду, канчалык аракеттенгени менен ѳпкѳсү ѳпкѳсүнѳ батпай, кѳкүрѳктү куйкалаган ачуу нерсе түгѳнбѳй, кѳз жашына аралашып, ѳксѳтѳ берди. Анан денеси шалдырап, алы кетип, мууну бошоп, жерге олтуруп, боюн кармай албай жыгылып кала турганда эки аял жетип келип, эки колтугунан сүйѳп, жыкпай кармап калышты. Ал ыйын токтото албай койду, букка толгон кѳкүрѳктѳгү ыйдын оозу ачылып калыптыр, аны жаап коюуга кубаты жетпеди, ый ала-далаа болуп тѳгүлѳ берди, тѳгүлѳ берди… Ѳпкѳсү кѳкүрѳккѳ батпай, деми кысылып, эси ооп кала турган болгондо бетине муздак суу чачышып, эсине келтиришти. Анда да маркумдун кызы жанына келип, аяш энесин кѳпкѳ чейин кѳкүрѳгүнѳ бекем кысып кучактап отуруп араң соороткон.

Анын эсине ушул түштү. Ал курбусунуку да дал ѳзүнүкүндѳй дарт болучу. Адегенде догдурлар диагнозду туура эмес коюп алыштыбы деген түкшүмѳл ойлор да болбой койгон эмес, бирок бардыгы туура, так экенин билишкенден кийин колдон келишинче ѳмүрүн узартканга аракет жасашкан. Ырас, адегенде курбусу бул дарт ѳпкѳсүндѳ орун алганын билбеген, ага айтышкан эмес. Курбусу кѳз жумгуча дартын ачык билбеген, жашырышкан, ѳзү түкшѳмѳлдѳп айтса, үй-бүлѳсү менен туугандары, санаалаштары, дегеле тааныштарынын бардыгы бѳлѳк дартты атап, ишендирип коюшкан. Маркум ошо бойдон дарты эмне экенин ачык билбей кѳз жумган.

Ошо билбей калганы деле туура окшойт деп ойлоду ал. Билгенде, билбегенде эмне? Баары бир эмеспи. Баары бир ажалы ошондон. Ал айыкпаган оору. Билгенден же билбегенден эч нерсе ѳзгѳрүп кетпейт. Билгенде ѳмүрү кыскарып, билбегенде узарып кетмек беле. Билбегенде болгону жалган үмүт менен жүрѳ берет, ана айыгып кетермин, мына айыгып кетермин деп. Ал эми жалган үмүттүн кимге пайдасы бар дейсиң. Жалган үмүткѳ берилип алгандардын акыл-эси баамчыл адамдарга кандайдыр бир деңгээлде айнып калгандай шек жаратат. Дарттуунун жалган үмүткѳ берилип алганына бѳлѳктѳрдүн боору ачыйт. Кѳпчүлүгү оорулуунун дарты айыкпас экенине караганда бечеранын жалган үмүткѳ берилип алганына ичтери ачышат, ошонусун аяйт. Бүгүн-эртең бул жарык дүйнѳнү таштап кеткенинде аны тааныгандар жоктошот. Ошол биротоло, түбѳлүккѳ кайра жолугушпай, кѳрүшпѳй калардын астында дарттунун жалган үмүт менен убактылуу жашап турганы аны шылдыңдаганга жатпайбы? Курбусу узакка жашай албасын билбегенден улам ичине бир далай сырын айтпай кеткендир, балким оорусунун айыкпасын билгенде кѳп нерселерди тѳгүп кетмек беле? Ошол айтылбаган сырлар адамдын кѳкүрѳгүн тынбай эзип, дарттын күчѳшүнѳ түрткү болор.

Кѳкүрѳктү ѳйүгѳн сырды сыртка чыгарганда адам кадимкидей жеңилдеп, үстүнѳн басып турган оор жүктү силкип салгандай болуп, кѳңүлү ачылып, ою тазарып, бир балакеттен кутулгандай сезет ѳзүн. Бечера курбусунун кѳп сырлары айтылбай, ѳзү менен кара жерге чогуу кетип калгандай болду. Ал экѳѳ бирин бири сырдашпыз деп эсептешкени менен ачылбаган сырлары ѳз-ѳз кѳкүрѳктѳрүндѳ кала берди. Курбусунун ѳмүрү узагыраак болгондо балким ошол сырларга кезек келип, ортого, ачыкка чыкмак. Себеби, айрым бир иштердин сааты чыкмайын бүтпѳйт деп айтышат, маркум курбусунун ѳзү менен кошо кеткен ошол сырларынын сааты чыкпай калган. Ал сырлар курбусунун ѳмүр сааты токтогондо ошо менен кошо токтогон.

Эми ал сырларды эч ким, эч качан билбейт, ал маркум курбусунун денеси менен кошо топуракка айланып кетет. Балдары, күйѳѳсү, тууган-туушкандары, тааныштары, достору да билбейт. Түбѳлүккѳ эч ким билбейт. Эгерде акыры кыяматтан кийин жан-жаныбарлардын бардыгы кайра тирилет деген аңыз чын болсо, балким ошондогу тирилиште айтылар. Бирок ал кыямат кайың тирүү адамга ѳтѳ эле узак, алыс мѳѳнѳттѳй сезилет. Ыйык китептерде ошентип жазылган, кыяматта адамзаттын бардыгы тирилип, сурак беришет, ал сурактан кийин жашоо кайра уланат экен. Мусулмандардын Курани каримде мусулман баласы акыры аягында бейиштен орун алат деген ишеним бар.

Ал ушуну да ойлоду. Курани каримде жазылгандай канча бир сыноолордон кийин бейишке чыгаруучу диндин ѳкүлү болуп калганына сүйүнбѳдү, ѳкүнгѳн да жок. Анын оюнда азыр бул жаман оорунун кыйноосунан эртерээк кутулуп, колдон келсе бүгүн эле кѳз жумуп кеткенге кайыл болучу. Бул айыкпас оорудан курбусунун кѳргѳн азабы кѳз алдында турду, адеп оюна ошол келди. Ал ѳлүмдѳн, караңгы кѳрдѳн, тиги дүйнѳнүн суроо-сопкутунан, тозоктун азабынан корккон жок, аны чочутуп турган айыкпас оорунун кыйноосунун ѳзү болуп турду. Бул оорунун айыкпас экени акыл-эси ордундагы адамдардын бардыгына маалым. Бир жылдары бул коркунучтуу, аты жаман дарттын дарысы табылып, колго кирген тикенекти сууруп таштагандай жеңил болуп калар. Ошондо бул оорудан жаш кезинде жайралгандарды далайлар аяшар, медицинанын азыркы кездеги алсыздыгына таң калыштары мүмкүн.

Баса, курбусу бул айыкпас оору менен кеселдеп калганда дабаа издеп барган кѳп табыптардын кайсы бири айтыптыр, атайын арнап курмандык чалып, кан чыгарсаң дарт ошол кан менен кошо сыртка чыгып кетет деп. Мунун жарасы жеңил эмеспи деп, курбусунун күйѳѳсү бир коюн союп, түлѳѳ ѳткѳрѳт. Түлѳѳгѳ келгендер чын ниеттен бата беришет кеселманды айыгып кеткин дешип кудайга жалынып. Кеселман ошол түлѳѳ ѳткѳргѳндүн эртеси күнү кадимкидей кѳңүлү ачылып, кѳзүнѳ нур кирип, жашоого кумары артып тургандай туюлат. Кеселман ѳзү, үй-бүлѳсү, тууган-туушкандары, бардыгы сүйүнѳт, табыпты алкашат. Буюрса эми оңолгонго ѳттү дешет. Бирок алар сүйүнүп бүтѳ электе бир күндѳн кийин кеселман кайра тѳшѳк тартып, мурдагы абалынан айырмасы болбой калды. Анан ошондон кѳп ѳткѳн жок, курбусу о дүйнѳ ооп кетип калган.

Бечера курбусу догдурдан огожо болбой калгандан кийин айыгып кетем менен адегенде табыптарга, кѳзүм ачык дегендерге, молдо-бакшыларга, бал ачкандарга, айтор угуп-билгендеринин кѳңүлүн калтырбай түгѳл барып берди. Анан абалы аябай оордоп калганда дарты жаман оору экенине шектенди, бирок аны эч кимге айткан жок, ал үй-бүлѳсүн, тууган-туушкандарын, санаалаштарын, курбусун аяды, оорусунун аталышын билмексен болуп, сыр берген жок. Ѳзүнүн ѳмүрүнѳ караганда тигилердин кѳңүлү кымбат болуп турду, айыкпас дартка кириптер экенимди билгенимди тигилер шекшибей эле калсын, ансыз деле бул жаман оорудан мени айыктырып алабыз менен далай убара тартышты, бѳѳдѳ чыгымга учурашты, мен баарыңарга ыраазымын, азыр менин колуман ыраазылык билдиргинден бѳлѳк эч нерсе келбей калды, тирүү болуп, алы-күчүмѳн тайыбасам жакшылыгыңарга жакшылык менен жооп берет элем, мынтип тѳшѳк тартып, бечера болуп калдым, канча болсо да силер менен бирге кѳрѳ турган күндѳрүмѳ ыраазымын. Бирок кѳрѳ турган күнүм бүтүп баратканын билип турам, баарыңарга ыраазымын.

Курбусу буларды ооз ачып эч кимге айткан жок, кѳкүрѳгүндѳ айлан кѳчѳк айланып жүрдү. Тилден калбагандан кийин бир ооз сѳзүн айтып койсо болмок, ал үй-бүлѳсүн, тууган-туушкандарын, санаалаштарын, курбусун аяды, дартын билмексенге салды, билбегендей түр кѳрсѳттү ыраазы болгондордун баарына.

Ал курбусунан ушинтип кол жууп калган. Бул оорунун кара мүртѳз, ѳмүрдүн келишпес душманы, жалаң гана жамандык үчүн жаралганын жакшы түшүнѳт. Ошол түшүнүгүнѳн улам бул дарттын алдында ѳзү алсыз экенин билет. Ушул дартты айыктыруунун жолун изилдеген канча бир миңдеген окумуштуулардын ѳздѳрү ошол дартка кабылып, ѳмүр менен кош айтышты. Байлыгы ашып-ташыган, кулагы угуп, кѳзү кѳргѳн нерселердин бардыгын сатып алууга кудурети жеткен, дүйнѳдѳгү менменсиген байлар да бул оорудан айыгып кетишпеген. Дымагынан тоо кулап, дайра буулган кѳйкашкалардын далайы ушул дарттан кѳз жумган. Атагы дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн акылмандарды, каарынан бороон улуп турган канкорлорду, падышалардын падышаларын  бул дарт жанын сууруп алып, кара жердин түпкүрүнѳ түшүргѳн.

Жаркыраган дүйнѳгѳ жаралып келгенин жакшы түшүнүп-түшүнбѳй, энесинин эмчек сүтүн кана эмбей, атасын кѳргѳндѳ кош канатын кѳтѳрүп кубанып, али там-туң басууга кубаты жете элек наристелерди жаш кезинен жайрап салган ушул дарт. Жүрѳгүн махабат чалып, кѳкүрѳгүндѳ ашыглык ашып-ташып, ѳмүр гүлүнүн миңинин бири ачыла электе гүлгүндѳй  кыз-жигиттин сунган колдорун бири бирине жеткирбей жер алдына алып кеткен бул дарт. Балдарынын түйшүктѳрүн тартып, күнү-түнү тыным билбей кара жанын карч уруп жүрүп, уул-кыздары эми эр жетип, тѳргѳ олтуруп, сый кѳрѳрдѳ энени эми, атаны анан алып тынган бул жаман оору. Эмнеси болсо да ал оору адам жанын талашып, адам ѳмүрүнѳ ѳч экен. Ошол сууруп алган жандары менен азыктанып, улам жашарып, күч алып турат окшобойбу.

Ал дартынын дайнын билген соң  жарык дүйнѳгѳ, ѳмүргѳ, дегеле тирүүлүктѳгү бардык нерселерге кайдыгер болуп калды. Дарт анын келечеги жок экенинен кабар берди, ушунча жашка келгенине ѳкүндү, артында калган күндѳр бактысыз, кунарсыз сезилди. Ушул жаман ооруну денеси менен багыш үчүн мынча жыл жашап келгендей туюлду. Түшүндѳгү кыштын күнү үстү шалдырап муз болгон кара күчүк басса-турса эсинен кетпей койду. Ал ошол түшүн унутуп салууга аракет деле жасабады, түшү кѳңүлүн чѳгѳрүп турса деле ага баары бир болуп калды. Бирок ал сыртынан эч кимге шек санаткан жок, мурдагысындай бир калыпта жүрүүгѳ аракет жасады. Анын ал аракети ишке жарап турду; ѳзгѳчѳ туугандарынын кѳзүнчѳ демейдегидей жайдары кѳрүндү, жаман дартка кабылганын эч кимге билдирбеди, болгону кээ-кээде гана “тык-тык” жѳтѳлүп калат. Атайын дарыканага барып, жѳтѳлдүн дарысынын үч-тѳрт түрүн сатып алган, ал дары убактылуу гана жардамы тийбесе, ѳпкѳсүнѳ жабышкан дартты айыктырып жибербесин билет. Дарыны ѳзү үчүн эмес, эки-үч кѳчѳ аралыкта жашаган сиңдиси менен инисине кѳрсѳтүш үчүн алган, аны ичкен деле эмес, ичкен күндѳ да пайдасыз экенин түшүнѳт.

Күздүн капортосунда аныкталган дарт күн санап күчѳй берди. Дарттын күч алып баратканын сезип, ал сиңдиси менен инисине мүмкүн болушунча кѳрүнбѳй, алардан оолак болгонго аракеттенди.

Иниси мурда бир күн коюп, экинчи күн дегенде сѳзсүз үйүнѳ келе турган, келгенде ар дайым дасторкон жайып, чай берип узатчу. Анан иниси шартка байланыштуу жумуштан колу тийбей, жумасына бир ирет гана каттап калды. Ал эми сиңдисинин үйү бир топ ыраак болгондуктан, алар кѳбүнчѳ телефон аркылуу байланыш жасап турушчу. Мындай шарт ага оңдой берди болду, туугандарынын кѳз алдына дартка кабылган, кыйналып турган абалында кѳрүнгүсү келбеди. Телефон менен байланышкандарга ар дайым жайдары үн менен жооп бере турган. Мындан улам анын ден соолугу боюнча бир туугандары шек санашмак тургай, ойлоруна да келчү эмес. Күн ѳткѳн сайын анын дарты денесине жайылып, бир жүрѳктѳн башка органдарына тамырлады, эми күн эмес, саат ѳткѳн сайын абалы оорлой берди. Ал тирүү күндѳрү бат эле ѳтүп, бул кыйноо тарттырган жарык дүйнѳдѳгү ѳмүр сааттары тез түгѳнүүсүн тиледи. Анын бул тилеги дарты менен кошо бир максатта болду. Дарты менен максаты экѳѳ бири бирине жѳлѳк-таяк болуп, жардамдашып турду. Жүрѳк гана буларга жалгыз каршылык кѳрсѳттү, ал күнү-түнү тынбай сого берди, андан таралган кан денеге ѳмүр жаратып турду. Анын жүрѳгү күчтүү болучу.

Балээнин баары жаңы жылда башталды! 2010-жыл бүтүп, 2011-жыл босогого келип калган. Ар ким жаңы жыл түйшүгү менен алек: конок тосмой, конокко бармай. Кээ бирѳѳлѳр жаңы жылда айта турган каалоо-тилектерин иретке келтирип жаттап, белектерин даярдап, айтор ар бир үй-бүлѳ даярдыктары менен алек. Андан калса эл арасында жаңы жылды кандай тоссоң жыл аягына чейин турмушуң ошондой болот деген имиш айтылат.

Жаңы жылга бир күн калганда адегенде иниси менен келини экѳѳ телефон чалышты жаңы жыл майрамын дасторкондо бирге ѳткѳрѳлү дешип. Бирок ал быйыл жаңы жылды ѳз үйүндѳ тосууну күн мурунтан белгилеп койгонун айтты. Иниси менен келини экѳѳ кайра бир ѳтүнүп кѳрүштү, эжеси кайра дагы мурдагы жообун айтты. Анан күн түш оой сиңдиси телефон какты жаңы жылды бирге тосуу сунушун айтып. Ага да быйыл ѳз үйүндѳ олтуруп тосууну туура кѳргѳнүн айтып, ал жакка барбай турганын билдирди. Жаңы жылдан кийин барамын деп жооп узатты. Анан жаңы жылдык саат жебесине он беш мүнѳт калганда борбор шаарда жашаган инисинин аялы телефон чалып, кайнежесин куттуктады.

Кайнежесинин үнү шаңдуу угулду, экѳѳ бири бирине жакшылык, аманчылык каалашты. Андан беш-алты мүнѳттѳн кийин айылда жашаган эң кичүү иниси телефон чалып, экѳѳ бири бирине жаңы жылда бакыт-таалай, ден соолук тилешти.  Ошо бойдон бардыгы тынчып калды, ар кими ѳз үйлѳрүндѳ балдары, неберелери менен эски жылды узатып, жаңысын шаан-шѳкѳт менен тосушту. Жакшы тилектер, каалоолор айтылды.

Ошол жаңы жыл алдында анын эки буту бирдей шишип кеткен болучу. Жерге такандаса шыйрактары чыдатпай ооруп, телефонго боору менен жылып жетип аткан. Үнүнѳн жаны кыйналганын билдирбей, бардык күчүн жыйнап, жайдары жооп берип, сѳздү кѳп узартпоону каалаганын айтпа! Анын ар бир сүйлѳгѳнү, калптан күлгѳнү ага ѳтѳ кыйынчылык менен келип атты. Жаңы жылдын шаан-шѳкѳтү бат эле ѳтүп кетсе экен деп тиледи. Ал эч ким менен жолуккусу келген жок, атүгүл телефондон да сүйлѳшкүсү келбеди, ѳзү менен ѳзү болууну каалады. Оорусу ѳтүшүп кеткенин, эми артка жол жок экенине кѳзү жетти.

Жаңы жылдын эртеси түш оой эки кѳчѳ арыда жашаган иниси келди. Каалганы такылдатып, туруп калды, эжеси бир жакка чыгып кеткен го деп ойлоп, кайра артка кайтмакчы болгондо эшик ачылды. Иниси үйгѳ кирди, кирип эжесинин түрүн кѳрүп ордунан жылбай туруп калды! Ал колундагы таякка салмагын салып туруптур! Иниси эмне болуп кеткенине түшүнбѳдү!

— Жаңы жылың кут болсун!- деди эжеси күчкѳ салып жылмайып.

Инисинин кѳзүнѳ эжеси бѳлѳкчѳ кѳрүндү; кѳзү чүңкүрѳйүп ары кирип, чачы саксайып, жүзү кер сары тартып, жаны кыйналып турганын сезди.

— Эмне болду?- деди иниси чочулап.

— А, бутум бир аз ооруп…- деди эжеси дагы күчкѳ салып жылмайган болуп.

Иниси босогодо олтура калып, эжесинин бутун карады, кызыл ашыгы дулайдай шишип кетиптир!

— Эмне болду?- деди инисинин оозуна бѳлѳк сѳз кирбей.

— Бир аз ооруп…- Эжеси дагы күчкѳ салып жылмаяйын деп ойлоду, бирок таягына сүйѳнѳ албай, жерге олтуруп калды. Турам менен бир обдулду, тура албады, кайра обдулду, күчү келбеди. Иниси эңкейип, эжесин кѳтѳрүп, керебеттин четине олтургузду. Эжесинин кѳзүнѳн жаш ыргып кетти, ал ѳзүнүн жаны кыйналганга эмес, инисин аягандан ошентти.

Иниси телефон менен келинчегин чакырып, экѳѳ догдурга алып жѳнѳштү.

— Догдурга барбай эле коёлу, дары сүйкѳсѳм шишиги жанып кетээр,- деди эжеси жолдо машинеде баратып.- Барбай эле коёлу…

Ал оюнда булардан жаман оорусун жашыргысы келди, ѳзүнѳн бѳлѳк эч ким билбесе экен деп ойлоду.

Аны ооруканага алып калышты. Эки күндѳн кийин рак кесели жүрѳгүнѳн башка органдарына тарап кеткенин аныкташты. Догдурлар аны оорулуудан жашырып, туугандарына айтышты.

— Операция жасагандан эч пайда жок, оорулууну кескилегенден эчтеме чыкпайт, дары менен бир-эки ай кармаса болот, биздин колдон эчтеме келбейт,- деди доктур чынын айтып.

— Табыпка алып барсакчы?- деп сурады сиңдиси.

— Аны ѳзүңѳр билгиле, бирок оорулууну убарага салып коёсуңар го,- деди доктур кайдыгер үн менен.

Ошо бойдон аны үйүнѳ алып кетишти. Бутуна дары сыйпашып, укол аткандан кийин шишиги бир аз жангансыды. Үй ичинде ѳзү басып калды. Мурдатан ушундай дарыларды алганда балким оңолуп кетер беле деп ойлошту туугандары. Ат-Башынын кызыл бакаларын угушту, бирок азыр кыш мезгили болуп, бакалардын жок экенин айтышты, күн жылып, жаз келсе эле ошол бакалардан алып келе турган жергиликтүү адам менен сүйлѳшүп, дайындап коюшту. Кара чаар жыландын сорпосун да жыландар чээнден чыкканда беребиз дешти. Чээнге кире элегинде дартты билип калышканда ушуларды таап беришкенде билким илдетке даба болуп кетер беле… Анан сиңдиси имиш-имиштен буерден үч-тѳт саатык аралыкта бир чакан шаардагы табып жѳнүндѳ угуп, дайнын тактап, иниси экѳѳ ошол жакка барышты. Ал табып таң аткандан баштап, күн кичи шашкеге чейин гана кабыл алат экен, экѳѳ кечигип барып, ал күнү кабылдамасына кире албай кайра кетишти. Эртеси түн оой келип, кезекке турушу. Үч адамдан кийин табыпка киришти, табып орто жаш чамасында немис улутундагы ѳндүү-түстүү аял экен. Анын жашы алтымышты ооп кетиптир, бирок ѳз курагынан алда канча жаш кѳрүнѳт.

Эжеси менен иниси экѳѳ табып аялга оорулуунун рентгенден чыккан сүрѳтүн кѳргѳзүштү. Табып сүрѳткѳ бир сыйра кѳз жүгүртүп, оорулууну алып киргиле деди. Ал алыста, буерге келиши кыйын, бутунда шишиги бар экенин айтышты. Табып кайра сүрѳттү дыкаттык менен карап туруп:

— Догдурга алып бардыңарбы?- деп сурады.

— Бардык, кѳрсѳттүк, алар биздин колубуздан келбейт, алып кеткиле деп айтышты,- деди экѳѳ.

— Туура, догдурлардын колунан келбей калыптыр,- деди табып аял кайрадан сүрѳттү айнектин жарыгына салып карап. Анан бир топко ойлонуп туруп калды да:- Оорулууну бул жакка алып келгениңерди догдур билеби?- деп сурады.

— Жок, билбейт, аларга айтканда-айтпаганда эмне, догдурлар ѳз бүтүмүн чыгарышкан,- деди сиңдиси табыпты жалооруй карап. Бул жүзү жарык, кабагы ачык табып аял ага эмне десе ошол айтканы аткарыла турган кудайдай туюлду. Дарылаганга макул болсо экен деп ичинен кудайга жалынып жиберди. Табып алдында турган экѳѳнү алмак-салмак карап:- Экѳѳңѳр оорулууга кандай жакындыгыңар бар?- деп сурады.

Экѳѳ бир туугандары болорун айтышты.

— Ѳзүңүздү атайын эш тутуп келдик,- деди сиңдиси кѳзүнүн жашы айланып. Иниси кѳзүндѳ кылгырып келген жашын кѳрсѳтпѳй тескери бурулуп кетти.

— Макул,- деди табып,- мен колго алайын…

Оорулу эжеси азыр айыгып кеткенсип, экѳѳ тең сүйүнгѳндѳн табыпты алкап жиберишти.

Табып ички бѳлмѳсүнѳ кирип, дары салынган кичинекей айнек ийдиштерди алып чыгып, экѳѳнѳ берди. Анан кагаз жабыштырылган ийдиштегини күнүнѳ үч маал, ал эми кагазы жок жылаңач айнектегини ар бир тѳрт саатта ичет деп түшүндүрдү. Бул дарылар бир топ акча турат экен, экѳѳ дарынын кымбаттыгына караган жок, табылганына сүйүндү. Табыпка таазим этишип, ыраазылыгын билдиришти.

— Ылайыгы келсе оорулууну эки-үч күндүн ичинде алып келсеңер дуба окуп берем,- деди табып.

— Алып келебиз,- дешти экѳѳ жарыша.

Эжеси бул дарыларды ичип, куландан соо жүгүрүп кетчүдѳй сүйүнүштү экѳѳ жолдугата. Жайында тоого боз үй тигип, таза абага, бээ байлап, кымызга алып барабыз дешти.

Табыптын айтканындай, дарыларды бѳлүп-бѳлүп беришти. Эки күндѳн кийин бутундагы шишик азайып, таяк менен ѳзү таканчыктап басып калды. Туугандары буга аябай сүйүнүштү, оорулууга да ишенич пайда болду. Ал ѳзү соо кезинде баланча жердеги табып бастанча ооруну айыктырыптыр, түкүнчѳ табып догдурлар адам болбой калды деп ооруканадан чыгарып салган жаман дартты айыктырыптыр деген имиш-имишти кѳп уккан. Алардын кѳбүнѳ ишенген. Эми ошол жагдай ѳз башына келип туру.

Бир күндѳн кийин иниси менен сиңдиси машине менен аны табыпка алып келишти. Жолдугата кыйналганын билдирбей, ар нерсени айтып, тиги экѳѳнү алаксытып барды. Экѳѳ эжесинин айыгып баратканына кубанып, ооздорунан кудай менен алиги табып аял түшпѳй калды.

Бу жолу табып аларды кезекке тургузбай  ѳзү чакыртып алды. Оорулууну кѳрүп:

— Коркпоңуз, сизди айыктыруу колуман келет, дартты кууп чыгам. Мындан жаман ахыбалда келгендерди айыктыргам,- деди.

— Оозуңа май,- деди сиңдиси табыпты алкап.- Сураганыңызды берели…

— Мен дуба окуйм, дары берем, үстѳк акча албайм. Акча беребиз деп убара болбогула, ал жаратканга жакпайт. Эгерде мен акча алсам анда эмим түшпѳй калат. Тиги дүйнѳдѳ тозок отуна күйгүм келбейт. Ашык алган акча эч качан жакшылык алып келбейт. Элди алдагандардын жыргап кеткенин кѳрѳ элекмин. Айтор мага андай нерсе таптакыр жакпайт,- деди табып аял.

Табыптын ак ниет, ачык сүйлѳгѳнү үчѳѳнѳ аябай жакты. Оорулуу бул аялды эш тутуп калды.

— Эми ичти тазалаш үчүн рецепт беремин, ал рецепт силерге  бекер болсун.

— Тѳлѳп беребиз,- деди оорулуунун сиңдиси сумкасн колуна алып.

— Жок, жѳн эле койгула,- деди табып аял.- Силер экинчи ирет келип олтурасыңар, ьекер берем.

Оорулунун сиңдисине кагаз, калем берип рецепти жаздырды. Бир тоголок капустаны тѳрткѳ бѳлүп, бир бѳлүгүнѳ эки баш пияз, аш кашык менен үч кумшекер кошуп кайнатып, жылуу кезинде жедириш керек күнүнѳ бир жолу жети күн катары менен. Ал ичти тазалайт. Анан ич тазалангандан кийин дарылардын таасири күчтүү болот деди. Мурдагыдай кичинекей айнек ийдиштеги дарыларынан дагы ончактыны берди.

Бул аялдын кеңештери менен дарылары оорулууга чоң ишенич арттырды. Ал ичтеги дартты колу менен алып салчу сыйкырчыдай туюлду, бул жарык дүйнѳдѳ ага тең келүүчү табып, мээрман адам жок болуп турду. Оорулуудан мурда сиңдиси менен инисинин сүйүнүчүн айтпа! Жолдугата табып аялды мактап келишти.

— Маңдайы жарык, жүзү жаркын адам экен мээри тѳгүлгѳн. Кудайым колдосун мындай жакшы адамдарды,- деди сиңдиси жолдо келатканда.

— Эмнеси болсо да колу жеңил болгой эле,- деди иниси.

— Ѳз сѳзүнѳ турган, айтканын аткарган дарыгер экен. Акчага кызыккан башка бирѳѳлѳр болсо, ич тазалаган рецепти бекер бербей сатмак, алкы ачылбаганы билинип турат.– Сиңдиси табып аялдын мамилесин жактырып калыптыр, аны колдон келишинче мактагысы келип турду. Ага узун ѳмүр, ден соолук тиледи. – Кудайым колдогон адамдар ушундай болот, ушундай адамдардын кубаты жандуу, жансыздар мекендеген бул жарык ааламды бузбай кармап турат,- деди мактоого сѳзү түгѳнгѳндѳ.

Оорулууга да ишенич пайда болду, эми жан кейитип сыздаган оорудан кутула турганын ойлоду. Ал мындай маңдайы жарык, жүзүнѳн нур тѳгүлүп турган бул аялга кудай күч-кубат берүүсүн тиледи.

Баарынан да капуста, пияз, кумшекерди аралаштырып кайнаткандан кийин аны жеш кыйын болду, даамынан мурда жыты жүрѳгүн айлантып, кускусун келтирди. Бирок жеш керек, сиңдиси менен келини кооз гүлдүү ак табакка салып алып келгенде оорулуу анын жытынан бир окшуп алды. Анан кайра ѳзүн кармап, бул нерсе дары экенин эстеди. Кашыкты оозуна алып келатканда ар бир жолу окшуп, ичиндегисин кусуп сала турган болуп барып, шилекейин кайра-кайра жутуп атып оңолуп кетет. Ошентип, үч күнү үч жолу жеди, үч күнү тең ага азап болду, жан кейиткен кеселден да ушунусу кыйнап салды. Аны жегенден кийин чай кайнамча убакыт ѳткѳн соң алиги жеген немеси ичин кайра-кайра ѳткѳрүп, мунусу андан ашкан азап тарттырды. Акыркы күнү жыты келгенде эле куса берип, жей албай койду. Анан ошо бойдон эки күн жатты ордунан турбай. Үчүнчү күн дегенде оңолгондой болду. Бир аз тамак ичти. Анан дагы эки күндѳн кийин каруусуна келип, таякка салмагын салып ордунан турду. Бирок кадам шилтѳѳ кыйын болду. Анын ордуна турганына тууган-туушкандары сүйүнүп, акыры айыгып кете турганына бекем ишеништи, оорулуу да сүйүндү.

Эртеси оорулуу таякка салмагын салып, эки-үч кадам шилтеди. Анын эртеси бир колу менен инисине сүйѳнүп, бир колуна таяк кармап, үй ичинде ончакты кадам жасады. Буга бардыгы кудайга шүгүр дешти, табып аялды алкап турушту.

Ал ортодо табыпка барышып, кичинекей айнек ийдиштеги дарысынан дагы алып келишти. Ал эки түрдүү дарыдан күнүнѳ беш-алты жолдон ичет, бири тырмактын агындай жалпак, бир түрү майда мѳндүр сыяктуу томолок. Эки дарынын тең даамдары кыйгыл-татуу.

Бир жолку барышында табып аял:

— Бул дарыларды бѳлѳктѳргѳ кѳрсѳтпѳгүлѳ, бекем жерге катып койгула, уурдатып албагыла. Буларды кээ бирѳѳлѳр оорулуу адамга беребиз деп менден жалдырап алып кетишип, эки-үч эселеп кымбатка саткандар бар экен, айтор сак болгула,- деп эскерткен.

Ошондон кийин бул дары туурасында эч кимге айтпай, эч кимге кѳрсѳтпѳй калышкан. Атүгүл күндѳгү иче тургандарын санап туруп ѳзүнчѳ бѳлүп коюшат да калгандарын катар-катар чүпѳрѳккѳ ороп туруп, оорулуунун керебетинин алдына катышат.

Ошентип, арадан дагы бир жума ѳтүп кетти. Жуманын аяк жагында оорулуу кайра кыйналып кирди, тѳшѳк тартып жатып калды турганга каруусу жетпей. Денеси албырып күйүп, тамакка табити тартпай, жүрѳгү тырышып, жаны кыйналып чыкты. Сиңдиси догдур чакырды. Тез жардам келип, оорулуунун ахбалын кѳрүп, ооруканага алып кетебиз деди. Буга бардыгы макул болушту. Ооруканага жетер менен ага оорусун сездирбеген укол сайышты эле бир аздан соң жаны жай алып, мемиреп уктап калды. Сиңдиси түнү менен жанында болду. Эртеси кайра үйгѳ алып кетишти буерде жаткандан кѳрѳ үйдѳ бололу дешип. Догдурлар да муну эп кѳрүштү. Алар оорусу күчѳгѳндѳ сездирбей уктатып салуучу күчтүү дары алууга мүмкүндүк алган рецепт жазып беришти.

— Мындан башка биздин колдон эч нерсе келбейт, ушул дарыларды алып, укол аттырып тургула кыйналып баратканда,- дешти.- Илдет ѳтѳ күчѳп, жайылып кетиптир, буга азыркы медицинанын күчү жетпейт…

— Табыпка барганбыз, дары беришкен. Адегенде жакшы болгонсуп кеткен, анан ал дарылардын да күчү келбей калгандай болду,- деди сиңдиси кѳзүн жашылдантып.

— Эми аны ѳзүңѳр билгиле, биз барбагыла дебейбиз, бирок табыпка салып убара болбогула деп айтпадык беле,- деп эскертти догдур.

Ошо бойдон оорулууну кайра үйүнѳ чыгарып келишкен. Эртеси иниси таң атпай, табып аялга кетти. Барып, оорулуу кыйналып жатканын, мүмкүн бѳлѳк дары сунуш этерин айтты эле, табып алиги дарыдан ѳтѳр эчтеме жок экенин, кагаз жабыштырылган айнек ийдиштеги дарыдан мурда күнүнѳ үч маал ичсе, эми эки эсеге кѳбѳйтүп, алты маал  бергиле, ал эми кагаз жабыштырылбаган идиштегини мурда ар бир тѳрт саатта бирден ичсе, эми экиден бергиле жакшы болуп кетет, ичкен дарылары дарт менен күрѳшкѳндѳ оорулуунун абалы ушундай болуп анан оңолот, баягүнү аны ѳзүм кѳрбѳдүм беле, эми дарыдан он күнгѳ жетерлик алып кеткин кайра-кайра келе бербей убара болуп, кудай буюрса дартты кол менен алып салгандай айыгып кетет  деп айтты.

“Оозуңа май”,- деди иниси оюнда. Анан алиги эки түрлүү дарыдан бир баштыкка салдырып, акчасын санап берди. Табып аялдын айткан сѳзү ага канат бүтүргѳндѳй кубанычы ашып-ташып, үйүнѳ келди. Келип, оорулуу эжесин кѳргѳндѳ баятан берки жолдугата ойлоп келаткан үмүтүнүн толгоосу жанып кеткендей болду. Эжесинин абалы кечээгиге караганда бүгүн кыйла кыйындай түшкѳнүн туйду.

Ошентип, дарыларды табыптын айтканындай ичирип калышты. Кыйгыл даамдуу бул дарылардан эжеси бир туугандарынын кѳңүлү үчүн гана ичпесе, кѳрѳйүн деген кѳзү жок калды. Ошо менен кеселмандын абалы улам начарлай берди. Ал бери карабай, ары карап калганын сезип жатты. Жаны кыйналып баратканда уктатып салчу дарыдан укол алгандан кийин тынчып, мемиреп уктап калат.

Арадан дагы тѳрт күн ѳттү. Оорулуу ордуна туралбай, тѳшѳк тартып, дары ичмек тургай тамак ѳтпѳй, шилекей куса берди.  Инисинин догдур уулу келип, тамырына дары тамызып, уктатып салчу укол сайып турду. Бир туугандарынын бардыгы чогулду, бир гана сиңдисинен бѳлѳктѳрү ушул кыттай уюп тунжураган убакыттар оорулуунун бул жарык, тирүүлүктүн  дүйнѳсүндѳгү акыркы сааттары экенин сезип турушту. Сиңдиси гана эжесинин бул оорудан айгып кетерине ишеничи жанбай, илгери үмүтү балбылдап күйүп, ажалга каалга болуп жабылгысы келди.

Жан кыйнаган оорудан жеңилдей түшкѳндѳ кеселман бир туугандарына, келин-кыздарга убара тарттырып жатканын айтып аяйт.

— Эми мага дары куйбай эле койгула, мени бир-эки күнгѳ жашаткандан пайда жок, бир күн, эки күн деген ѳмүр эмес, ансыз деле баарыңарды кыйнап бүттүм,- деди бир күнү.

— Жок, эмнеге кыйналмак элек, — дешти туугандары бир ооздон. – Буюрса жакшы болуп кетесиң, ѳгүнкүгѳ караганда ѳңүң дурус болуп калды кадимкидей.- Муну кеселмандын кѳңүлүн кѳтѳрүү үчүн айткандарын ал түшүнүп турду.

— Анда силердин мээнетиңер кайтып аткан турбайбы, жакшы болуптур,- деди ал да туугандарынын кѳңүлүн кѳтѳрүш үчүн атайын.

Туугандары бул сѳздү чын дилинен айтып аткандай кабыл алышып, кубанып калышты.

Бир кезде инисинин догдур уулун жанына чакырып, кулагына бирдеме шыбырады. Догдур бала башын ийкеп койду. Эжеси керебетте жаткан калыбында догдур балага эрдин тиштеди эч кимге айтпагын дегендей белги берип. Догдур бала дагы башын ийкеди да:

— Эжеке, бир эле жолу, анан токтотобуз,- деди оорулууну жалооруй карап.

— Жок,- деди эжеси бул жолу кескин.- Болбойт, кереги жок. Айтпадымбы…

— Бир эле,- деп догдур бала жанына туруп алды тамырга куюла турган айнек шишедеги дарыны колуна кармап.

— Макул, азыр эмес, анан, үч-тѳрт сааттан кийин,- деди эжеси догдур баланын кѳңүлү калбасын деген кыяста.

Карап турган туугандары оорулуунун догдур балага эмне шыбыр айтканын баамдап билишти.

— Мейли, ѳзү айткандай үч-тѳрт сааттан кийин деле жасагын анда,- дешти туугандары.

— Анда кеч болуп калышы мүмкүн,- деди догдур бала.

Оорулуунун бир туугандары, келин-кыздары эжекебайлашып дары куйганга кѳндүрѳ албай коюшту. Аларга да анан куйсун деген жообун айтты. Туугандары үч-тѳрт сааттын аралыгында оорулуунун абалы эмне болорун сезишкен жок, анын талабына акыры макул болушту.

Догдур бала эжесинин жанынан кетпей, улам тамырын кармап, кан басымын ченеп турду. Бир саат ѳтүп-ѳтпѳй, оорулуунун жаны кыйналып чыкты, ал кѳзүн чылк жумуп алып, үнүн ичине катып, бекем тиштенип жатты. Денеси алоолоп, ѳрттѳнүп бараткандай болду. Бирок акыл-эсин жоготкон жок, бардыгын сезип, бардыгын кѳрүп, атүгүл бул азабы кѳп, жыргалы ченелүү жарык дүйнѳдѳн бѳлѳк дүйнѳгѳ кетип баратканын билип турду.

Оору чыдатпай баратты, канчалык тиштенгени менен онтогон үнү чыгып, жаны кыйналып кетти.

— Уктатчу дары атчы,- деди бир маалда кашында олтурган догдур балага шыбырап. Үнү ѳтѳ алсыз чыкты. – Тезирээк атагѳр, кагылайын… чыдабай баратам…

Бул оорулуунун дары сураган эң биринчи жана эң акыркы ѳтүнүчү болучу.

Эки колуна тең ийне кѳп сайылгандан тамырлары качып кетиптир, табыш кыйын болду, манжаларынын сыртындагы тамырлар да ийне сайдырбай, качып кетип атышты.

Оорулуунун оор онтогон үнү күчѳдү. Туугандары эч жардам кѳрсѳтѳ албай жалдырап карап турушту. Адам катуу кыйналганда ушинтет турбайбы деп ойлошту кээлери ичинен. Айрымдары чыдап тура албай, бѳлѳк бѳлмѳгѳ чыгып кетишти. Догдур бала айласы кеткенде акыректин үстүндѳгү күрѳѳ тамырды таап, ошерге уктатчу дарыны атты.

— Ыракмат, садага кетейиним,- деди эжеси бир маалда денесине дары тарап, ооруну сезбей, жаны жай ала баштаганда. Анан туугандарын чакырып, бардыгын мойнунан кучактап, кезеги менен бетинен ѳѳп:- Мен баарыңарга ыраазымын,- деди үнү кайраттуу чыгып.

Ал кайра ойгонбостой, жолукпастай болуп, уктап кала электе бир туугандары менен коштошуп жатты. Бир туугандары анысын түшүнүшкѳн жок, ойлоруна да келбеди, демейдегидей кабыл алышып, жаны тынчып калганына сүйүнүштү. Бир туугандардын ортосунда чоң эжесинин акыркы мүнѳттѳрү ѳтүп жатканын догдур бала гана сезип турду. Анан оорулуу инилеринин биринин аялын жанына чакырып:

— Эркек балаң тѳрѳлгѳндѳ мага энчилеп бергиле деп айтканга оозум барбай койгон,- деди мойнунан кучактап.

Ал ушул догдур баланы айтты. Догдур бала анын бул сѳзүнѳ түшүнгѳн жок, чоң эжесинин ахбалына кѳз салып, жанынан карыш жылбай турду. Бир аздан соң оорулуу кѳшүлүп уйкуга кетти. Ал тынчып калганда туугандары терең дем алып, эс ала түштү. Алар оорулуунун кайра ойгонбосун билишкен жок, аны догдур бала гана сезип турган.

Догдур бала оорулуунун тамырын кармап, кан басымын улам текшерип, маңдайынан сылып, бармактары менен тамагындагы эки тамырдын кагышын санап, мындай учурларды башынан далай ѳткѳргѳндѳй оор басырыктуу кѳрүндү. Анын мындай жай, беймарал кыймылы оорулуунун туугандарына ал оор уйкудан кайра ойгончудай ишенич арттырды. Бир кезде илең-салаң дем алып жаткан оорулуу коңурук тарткан адамдай күркүрѳп-шаркырай баштады. Догдур бала эжесинин бакалоорундагы эки тамырдын кагышын байкады.

— Эжемдин жүрѳгү токтоп калды,- деди догдур бала жанындагы энесине.

— Дем алып атпайбы,- деди энеси.

— Мээ тирүү али,- деди баласы.

— Кайра ойгонбойбу?- деп сурады энеси.

Баласы үнсүз баш чайкады.

Анын бул сѳзүн уккандардын кѳздѳрүнѳ жаш айланып толуп, тѳгүлүп кетти, бирок бирѳѳ да үн чыгарган жок, бирин бири да карашпады, бул жаш тѳгүү купуя болду.

Догдур бала эжесинин тамагындагы кош тамырдан эки бармагын алган жок. Бир кезде оорулуу ѳкүнүчү таш жаргандай катуу үшкүрүк чыгарды да дымып калды.

Догдур бала анын кѳзүнүн жапкагын ушалап, ээгин оңдоду да:

— Бүттү,- деп башын ѳйдѳ кѳтѳрдү. Анын эки кѳзүнѳн аккан жашы кѳйнѳгүн суу кылып таштаптыр. Ал баш кѳтѳрбѳй ыйлай бериптир башкаларга билдирбей.

Үйдүн ичи бир заматта чуру-чуу түшүп калды.

Оорулуу жылдыз толгондо үзүлдү.

Сыртта түнү менен кар жаап чыкты. Кар күнү бою жаады. Анын эртеси күн чыкканда кар эрип баштады.

Жарык дүйнѳ тирүүлѳргѳ мурдагысындай эле бирде толуп-ташып, бирде бѳксѳрѳ түшүп, кубаныч-арманы аралашып ѳтүп келет. Тирүүлүктѳ кѳп нерселер унутулуп калат экен: кубаныч да, арман да, алкыш да, таарыныч да. Түбѳлүктүү адам болбос бул дүйнѳгѳ түркүк боло турган. Бир гана арман – бул чыгарманын каарманы ѳзүнчѳ үй-бүлѳ күтпѳгѳнү. Балким ал ѳзү буга арман этпесе керек. Аны мен арман дебатканым.

Бардыгыбыз кудайдын колундабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.