Кыргыз жомогу: Абылай жетим

Илгери заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен: — Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?- деп сурайт. — О, балакетиңди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен. Бала катуу ичи күйсө да атасын экинчи көрө албай турганына көзү жетти. — Энекебай, менин атам эмне кесип кылчу эле? — Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу. — Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, […]

Чоор жөнүндө уламыш

Илгери-илгери тоолордун койнунда бир жигит кой кайтарып жүргөн экен. Койлорун жайып коюп, эс алып олтуруп куш ушку салат. Уйку-сонун ортосунда магдырап, тоонун жумшак жели бетин сылап жатса, кайдан-жайдан сыбызгыган жумшак үн кулагына угулат. Ал үн эмненин добушу экенин туя албай магдырап кулагын салат. Анан ордунан туруп, койчу жигит баягы добуш чыккан тарапка басат. Жай өтүп, чөп бышып, күз жакындап калган кез экен. Куурайлардын мал жегенинен калган сабактарынан башка адырдын тулаңы желге ойнойт. Бу адырда андан башка эч нерсе деле байкалбайт. […]

Дилазык: Аталар эмне тууралуу унутат

ПРИТЧА Уулум, мени ук, мен сени менен сен уктап калганда сүйлөшөм. Сен кичинекей колдоруңду жазданып, чекеңден тер жалтырап, чачтарың нымдалышып уктап жатканда бөлмөңө акырын баш бактым. Азыр эле бир нече мүнөт мурун китепканада кагаздарды окуп отуруп, капысынан өкүнүч пайда болду. Азыр жаныңда отуруп сенин алдыңда өзүмдүн күнөөмдү сезип жатам. Уулум, бугүн сага ачууланганым тууралуу ойлонуп жатам. Мектепке жөнөр алдында бет жуубастан жөн гана сүлгүгө аарчынып жатканың үчүн катуу уруштум. Бут кийимиңди тазалабай койгонуң үчүн сөгүп да салдым. Полго бир нерсени […]

Сымбат МАКСҮТОВА: Үзүм ойлор

* * * Ош шаарында базарды аралап баратсам, бир киши соода кылып отурган тестиер баладан “Апаң Москвадабы?” деп сурап калганын кулагым чалды. Баланы жалт карасам, ыраңы өчө, ошол суроону уккусу келбегендей бир үшкүрдү да башын ийкей жер карап калды. Секундчалык көз ирмемде калган көрүнүш: баланын эне мээримине зар болуп турганы, сагынычтан куса болгону, балалык баео сезими менен эркелей албай, жылдардын жагымсыз өтүп жатканы, башкалардан кодуланганы, баарын, баарын анын көзүнөн көрүүгө үлгүрдүм. Өз жарандарын бага албай калган өлкөдө жашоо кандай оор […]

«Телевизор тиктеп отургандарды ар дайым китеп окугандар башкарат»

Чынжырлуу байдын үйүнөн чакан телевизор, дубал тиреген китепкана көзгө урунса; итке мингендердин үйүнөн чоң телевизор анан бирин-экин китептерди көрөсүң. (Зиг Зиглар) * * * Жылтылдаган оттун табы жылымык гана жылуулукту бергендей, бүдөмүк тилегибиз бүдөмүк жыйынтыкка гана алып келет. (Наполеон Хилл) * * * Жакшы жашоо үчүн мээнеттенүү керек. Ал эми байлыкка уучуң толуш үчүн жоктон барды табуу зарыл. (Белгисиз ишкер) * * * Эки эсе жаркырап жанган шам, эки эсе эрип жок болот. * * * Башкаларга окшобо, ошондо гана […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Тукумубуз Абыкенин, Көбөштүн

Жан дүйнөмдө ак кара эки башат, Айыгышып күрөшүп келет жашап. Ак башатым жеңгенде оюм тунук, Кара жеңсе дүйнөмдө бороон улуп. Ак жеңгенде кубанып эргип согуп, Кара жеңсе мыжыгат жүрөк ооруп. Кара жолдун коштогон жолдошу көп, Ак жолумдун түзүнөн өрдөшү көп. Напсим турат ортодо жолумду бууп, Ак жолумдан карага айдайт ал кууп. Жаман адат жолумду бууп турат, Жалгыз жалган миң калпты тууп турат. Билбестигим бекитет кең жолумду, Көрбөстүгүм кыскартат тең жолумду. Көпкөнчүлүк көбүртөт угут сымал, Көрдү көздөй сүйрөшөт арак, кумар. Жалкоолугум […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Үшкүрүктүн сыры

АҢГЕМЕ Ар кандай… Кээ бир ойлорумдун башталышы бар, аягы жок. Кээ биринин аягы бар, башы кайдан башталганын билбей калам. Бу башымдын ичи “кымгуут-кыйсыпыр», «ызы-чуу”… Чарчап да калат окшойм, анан үшкүрүгүм башталат. “Мага окшоп үшкүрүгү токтобогон ким эле?” — деп элесин да элестете албай, ысымын да таба албай, акыл-эсимди убарага салып келгем. Таптым! Алыбай ата экен!.. * * * Алыбай ата биздикине дайыма келип турчу. Көрсө, чечилип сырдашары, тең-туш болуп тамашалашары тай атам менен тай энем болуптур. Келбей, ортодон көбүрөк убакыт […]