Жан дүйнөмдө ак кара эки башат,
Айыгышып күрөшүп келет жашап.

Ак башатым жеңгенде оюм тунук,
Кара жеңсе дүйнөмдө бороон улуп.

Ак жеңгенде кубанып эргип согуп,
Кара жеңсе мыжыгат жүрөк ооруп.

Кара жолдун коштогон жолдошу көп,
Ак жолумдун түзүнөн өрдөшү көп.

Напсим турат ортодо жолумду бууп,
Ак жолумдан карага айдайт ал кууп.

Жаман адат жолумду бууп турат,
Жалгыз жалган миң калпты тууп турат.

Билбестигим бекитет кең жолумду,
Көрбөстүгүм кыскартат тең жолумду.

Көпкөнчүлүк көбүртөт угут сымал,
Көрдү көздөй сүйрөшөт арак, кумар.

Жалкоолугум диванга жамбаштатат,
Кайдыгерлик кара ишке жамбаш тартат.

Ак жолума алладан жардам тилейт,
Айыгышкан кармашта кайран жүрөк.

* * *
Отурганда күн чубактап дөңсөөдө,
Көп жыл жашап ак чач болгон карыя.
Жолоочулар салтты сактап, нарк сактап,
Салам айтып түшүп калды жанына.

— Күүлү күчтүү турасызбы аксакал,
Мал-жан аман, балдар эсен турабы?
Ар жагында токсон жаштын эмне бар,
Айтып отур, биз да кабар угалы.

— Ээ, балдырым, карылыгың курусун,
Жер тарыды, жол кыскарды, азайды эл.
Жаш кезиңде талбай иштеп эл таанып,
Жер кыдырып, арманы жок жашай бер.

— Аксакал ай, чечмелечи кебиңди,
Эмнегедир калдык окшойт түшүнбөй.
— Аа, балдарым, өмүр октой тез учат,
Балалыгым кечээ көргөн түшүмдөй.

Жер тарыды, жол кыскарды дегеним,
Үйдөн чыкпайм, алыс барбайм, алым жок.
Кыймылдабай ушул жерде отурам,
Курсант болуп болгонуна карын ток.

Тактап айтсам  эл азайды дегеним,
Тели-теңтуш бирге жүрчү суюлуп.
Сыйлашаарга сырдашаарга курбу жок,
Бук боломун, ой-санаага куюгуп.

Ээ, балдарым, кары көрсөң кайрылып,
Салам берип, ал-жай сурап өткүлө,
Эртең эле аман болсоң карылык
Буттан тушап, аркандаарын сезгиле.

* * *
Болор эле бүкүр чоң энем,
Чоң энеме өзүм «чоң» элем.
Этегине ээрчип жармашып,
Ойночумун, минип, кармашып.

Түйүнчөгүн жатса түгөлдөп,
Ат кылчумун токуп, жүгөндөп.
Карааныма турчу кагылып,
Өөп-жыттап улам жалынып.

Күн өтөт деп күрмө кийгизип,
Коркот ко деп түндө сийгизип.
Калкалоочу мени күн-түнү,
Эзилчү эле укса күлкүмдү.

Ойноок бала ошол секелек,
Ак чач болдум жылдар жетелеп.
Эске түшүп бүкүр чоң энем,
Бир бүлүккө түштү делебем.

* * *
Мактанабыз бетин бербей кагаздын,
Урпагыбыз, тукумубуз Манастын.
Эл журтумдун кейпин көрүп бүгүнкү,
Эмнегедир келип кетет талашкым.

Болсок эгер кан Манастын тукуму,
Башка элге өтпөй тууган жердин укуму.
Уулдарың намысына бек турмак.
Кытай, немис жетелебей кызыңды.

Дүжүр болбой нарктуу болмок карыбыз,
Базарлабай жанда болмок жарыбыз.
Башын сактап, кара жанын калкалап,
Элин таштап качмак эмес ханыбыз.

Какыр чөлдө кантип гүлдүү чөп өссүн,
Беттер калың таманындай көлөштүн.
Ойлоп көрсөм курсак камын ойлогон,
Тукумубуз Абыкенин, Көбөштүн.

* * *
Куурайды минип ат кылып,
Кайгыны билбей каткырып.
Жыргап жүрчү балачак
Жериди бизди жат кылып.

От жалын көрсөң жалтанбай,
Оокатың эмне барк албай.
Убайым билбес жыйырма жаш
Узады кайра  кайталбай.

Жалтанбай октон, курч элек,
Жалындап күйүп турчу элек.
Отуз жаш өтүп кетерин,
Оюңа качан илчү  элек.

Күндөрдүн көрдүк неченин,
Күүлдөп, албай эсебин.
Кыйкырып жүрүп билбеппиз,
Кырк жаштын өтүп кетерин.

Сайманын түркүн жибиндей,
Сан жылдар өттү бириндей.
Элүү жаш өтүп кетиптир,
Сай сайга сиңип билинбей.

Айланса мезгил закымдап,
Алтымыш келди такымдап.
Ажалдын алчу мезгили,
Акырын жылат жакындап.

Жетимиш жашка жетербиз,
Сексенде балким кетербиз.
Артыңда изиң калбаса,
Келген бир менен бекербиз.

Токтобой жолду улаарбыз,
Токсонго балким чыгарбыз.
Топудай үйгө кирербиз,
Топурак үйгөн чыга алгыз.

Жүз кадам үйдөн чыга алгыз,
Жүз жашка балким чыгарбыз.
Чырагың өчүп, кирербиз,
Чым баскан үйгө чыга алгыз.

* * *
Жаңы үйлөнүп, эзилишкен эки жаш,
Мындай чечим кабыл алып алышты:
«Бир ай бою киргизбейли эч кимди,
Мейли жакын, мейли бизге алыспы».

Биринчи күн, эшик түрс-түрс кагылат,
Ата-энеси келишиптир жигиттин.
Сүйгөнүнө келин эшик ачтырбайт:
«Сөзгө турбас эмне деген жигитсиң».

Экинчи күн, бүгүн эшик алдында,
Ата-энеси, кыздын келген кезеги.
Ыйлап жатып ачтырыптыр эшикти,
Кыз кааласа, жигити алыс кетеби.

Жылдар өтөт, удаа жети уул төрөлөт,
Жетиден соң, кызды кудай берди деп.
Атакеси сүйүнгөндөн төгөт жаш,
Эшик ачаар кызым бүгүн келди деп.

Икаянын мааниси ушул аңдасаң,
Кыз кайрымдуу, кыз боорукер, күйүмдүү.
Уулуң жанда, кол-бут болуп жүрсө да
Кыз балага көп арнайсың сүйүүңдү.

* * *
Анда менин студенттик курагым,
Троллейбус, көп ичинде турамын.
“Берип ийчи бул билетти байке”, — деп
Бирөө айтса тызылдаган кулагым.

Байке десе кары сезип өзүмдү,
Ал жигиттен алгым келген өчүмдү.
“Ата, жыл”, — деп кечээ бирөө базардан
Аттиң чиркин, жаштык демим өчүрдү.

Бир тепкичтен бир тепкичке секирип,
Өмүр жашың баратканын кетилип.
Кабарлашып арт жактагы инилер,
Кууйт тура калбасын деп кечигип.

One Reply to “Абийрбек АБЫКАЕВ: Тукумубуз Абыкенин, Көбөштүн”

  1. Чеберчилиги дa, жөндөмү дa бaр, билинбей жүрүп жетилген aкын экен. Куттуктaйм. Бaшкa чыгaрмaлaры дa бaрбы? Сөзсүз болсо керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.