Илгери-илгери тоолордун койнунда бир жигит кой кайтарып жүргөн экен. Койлорун жайып коюп, эс алып олтуруп куш ушку салат. Уйку-сонун ортосунда магдырап, тоонун жумшак жели бетин сылап жатса, кайдан-жайдан сыбызгыган жумшак үн кулагына угулат. Ал үн эмненин добушу экенин туя албай магдырап кулагын салат.

Анан ордунан туруп, койчу жигит баягы добуш чыккан тарапка басат. Жай өтүп, чөп бышып, күз жакындап калган кез экен. Куурайлардын мал жегенинен калган сабактарынан башка адырдын тулаңы желге ойнойт. Бу адырда андан башка эч нерсе деле байкалбайт. Баягы сыбызгыган мукам добуш кайдан чыгып жатканы белгисиз.

Жайлооонун эрке жели басыла калса, баягы добуш да басылып калат, жел ойносо ал кайра башталат. Ошондо тиги жигит, демек, бул добуш шамал үйлөгөн куурайдан чыгып жатпасын деп айлана-тегерегинен издейт.

Айткандай эле добуш кыйгачынан сынган элик балтыркандын шоодураган куурайынан чыгып жатыптыр. Аны өзү да кармап көрүп, кыйгач сынган жерин үйлөп көрсө, ышкырып шуулдаган үн чыгат. Койчу жигит аны макиси менен кесип алат да, адегенде ышкырып көрүп, андан соң ар түркүн добуш чыгарып үн созот. Анын добушун тыңшап кой жаныбарлар да керемет үнгө кулактарын төшөйт.

Ошондон баштап койчу жигит ал куурайды адегенде ышкырык катары пайдаланып — мал айдап үйрөнсө, андан соң андан ар түрдүү добуш чыгарып, ал тургай обон созуп, кадимки чоор ошентип пайда болгон экен.

Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ

4-апр.2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.