ПРИТЧА

Уулум, мени ук, мен сени менен сен уктап калганда сүйлөшөм. Сен кичинекей колдоруңду жазданып, чекеңден тер жалтырап, чачтарың нымдалышып уктап жатканда бөлмөңө акырын баш бактым. Азыр эле бир нече мүнөт мурун китепканада кагаздарды окуп отуруп, капысынан өкүнүч пайда болду. Азыр жаныңда отуруп сенин алдыңда өзүмдүн күнөөмдү сезип жатам.

Уулум, бугүн сага ачууланганым тууралуу ойлонуп жатам. Мектепке жөнөр алдында бет жуубастан жөн гана сүлгүгө аарчынып жатканың үчүн катуу уруштум. Бут кийимиңди тазалабай койгонуң үчүн сөгүп да салдым. Полго бир нерсени түшүрүп алганыңда кыйкырдым. Эртең менен тамактанып жатканда сага эскертүү берүү үчүн шылтоо издедим. Сен чайды төгүп алдың. Тамакты чалпылдатып чайнап жаттың. Чыканагыңды үстөл үстүнө койдуң. Нандын үстүнө майдан калың кылып сүйкөдүң. Ал эми короонун ичинде топ ойноп атып менин жумушка кетип баратканымды көрдүң да: “Ата, жакшы бар” деп колуңду булгадың. А мен башымды ийкеп: “Далыңды түздөп басканды унутпа!” дедим.

Андан соң калганы кечинде уланды.

Үйгө келип, айнек шариктер менен тизелеп ойноп жатканыңда; байпагыңдан тешиктер көрүндү. Сен менин алдымда баратканыңда бул көрүнүш досторуңдун алдында кандай басынуу болорун ойлобопмун. Байпак кымбат турат, эгер аны сен сатып алганда абдан кылдат болмоксуң! Муну атаң айтып жатат, уулум, ойлонуу керек!

Андан соң китепканада китеп окуп отурганымда тарткынчыктап кирип келип, күнөөлүү карадың. Кагаздарга алаксып отуруп, күтулбөгөн тоскоолдукка нааразы болдум. Сен чечкинсиз болуп эшиктин жанында турганыңда “Сага эмне керек?” деп дароо сурадым.

Сен эч бир сөз айтпай мени кучактап өптүң. Кичинекей колдоруң мени кысканда бир гана Кудай бере алган чоң сүйүүнү, ал сүйүү жандүйнөнү толтурарын сездим. Керек болсо менин басынтуу менен жасаган мамилем да ал сүйүүнү кемите албасын сездим. Андан соң сен кетип калдың, тепкич менен өйдө көтөрүлгөн дабышыңды угуп жаттым.

Уулум, сен кеткенден кийин колумдагы барактар жерге түштү. Мен коркуп кеттим, сени күнөөлөөгө, сага эскертүү берүүгө көнүп калган экемин. Бул сенин ушундай бала болууңа берген сыйлыгым болду. Жок, мен сени жакшы көрөм. Көрсө, сенден көп нерсе талап кылат экем, а сен кичинекейсиң. Сени өз курагымдагы адамдай баалайт турбаймынбы.

Сенин мүнөзүң кооз, сонун, таза, кичинекей жүрөгүң жаркыраган күндөй жарык. Бул сенин күнөөлүү болсоң да мени кучактап, бейпил түн каалаганыңдан кабар берет. Мындан өткөн нерсе жок, уулум. Мен сенин керебетиңе келдим, караңгыда тизелеп жаныңда турганым үчүн уялып турам. Сен ойгонгон кезде муну айтсам түшүнбөсүңдү билем. Бирок эртең чыныгы ата болом! Мен сени менен чогуу кайгырып, чогуу каткырып, досуң да болом! Эгер ачууланып урушкум келсе, тилимди жутайын. “Ал – бала да, кичинекей бала!” деп кайталоодон тажабайм.

Сенден чоң адамды көрүп турам деп ойлойм. Бир күн кечке оюнга чарчап, жууркан алдында бүрүшүп жатканыңды көрүп, али бала экениңди көрүп турам. Жакында эле апаң сени колуна көтөрүп жүргөндө ийинине башыңды коюп жаттың эле. Мен сенден көп нерсени каалаптырмын, ооба, ооба.., көп нерсени.

P.S. Чоңдор өз көйгөйлөрү менен алышып жатып балдарына көп көңүл бура беришпейт. Керек болсо, өздөрү да качандыр бир кезде бала болгонун, ошондогу күнүмдүк жашоонун маңызы ата-энесине арналган таза жана улуу сүйүү болгонун да унутуп калышат!

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.