* * *

Ош шаарында базарды аралап баратсам, бир киши соода кылып отурган тестиер баладан “Апаң Москвадабы?” деп сурап калганын кулагым чалды. Баланы жалт карасам, ыраңы өчө, ошол суроону уккусу келбегендей бир үшкүрдү да башын ийкей жер карап калды. Секундчалык көз ирмемде калган көрүнүш: баланын эне мээримине зар болуп турганы, сагынычтан куса болгону, балалык баео сезими менен эркелей албай, жылдардын жагымсыз өтүп жатканы, башкалардан кодуланганы, баарын, баарын анын көзүнөн көрүүгө үлгүрдүм. Өз жарандарын бага албай калган өлкөдө жашоо кандай оор болуп жатканын ошол кичине баланын көзүнөн көрүп, денем чыйрыгып кетти. Москва болсо аркы эле айылдай айтылганына таң калдым.

* * *

Журналист болом деп ак эткенден так этип келген жаш бала мыкты журналисттердин арасында урду-сокту, чала-чарпыт бирдемелерди чүргөй жазып, аны мыкты оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүп, публикага чыгарып койгондон кийин аты чыкканына эреркей мурдун көтөрө, чоң сүйлөөгө өттү. Улам түзөтүү менен чыгып жаткан материалдарына корстон болгон ал журналистиканын казанында кайнап, ысык-суукта калбай туруп, бир жылдан кийин депутат болууну самады.

Адамгерчилик, сый-урмат, кесиптин чыныгы ээси болуу, улуу-кичүүнү сыйлоо, тилди үйрөнүү деген касиеттерди алдыга чыгаруунун ордуна тез эле бийлик креслосуна жетүүнү самаган жаш кыргызга Ак үйдөгү чала-сабат, акча менен бийликке жеткен, сүйлөй албаса да, иштей албаса да таанышы менен таанылып, акча жасоону алдыңкы планга койгон эргулдар катуу таасир берген окшойт. Жалаң акчаны, бийликти, байлыкты, таасирди каалаган маңкурттар муундан-муунга ушинтип бири-биринен үлгү алып өтө берсе, кандай өлкө болобуз?

* * *

Эне, аял баркталган өлкө өнүгүп-өсөт. Азыр Кыргызстанда күйөөгө тийе албай калган же ажырашып кеткен кыз-келиндер абдан көбөйүп, алардын армиясы өсүп бараткандай сезилет. Себеби эркектер аз санда, анысы аз келгенсип көбү түрмөдө, көбү ичкич, көбү наркоман, көбү мигрант. Жакшыларынын 2-3төн аялдары бар. Аялдардын жан дүйнөсүн түшүнбөй, назик сезимин өзүнүн майда-барат түшүнүгүнө сыйдырып, ошого жараша аялды да майдалап мамиле кылган эркектердин саны качан токтойт? Кыргыз эркектери кордогон кыргыздын кыздарын чет элдиктер четинен аялдыкка ала башташты. Ачык эле корейлер, кытайлар, арабдар, түрктөр, жапондор, европалыктар ушунчалык көп санда кыргыз кыздарын аялдыкка алып, кыргыз эмес балдардын санын көбөйтүп, жээндердин желесин тартышууда. Мурда кыргыздын мыкты уулдары башка улуттан кыздарды алып, акылдуу кыргыз балдарын тарбиялап чыгышкан. Азыр баары тескери, кыздар кыргыз эместерди төрөп жатышат. Демек, таза улутту сактоо аялдардын колунда экенин аңдабай жатышат.

* * *

Өмүр бою университетте студенттерге сабак окуткан агай жалаң алдым-жуттумдук, ачык акча суроо, ачык үй жумуштарын жасатуу, өз пайдасынын кызыкчылыктарын кылдырып алуу адатынан арылбай сабак берип жүрүп, 70 жашка чыкты. Дипломдук иш, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жаздырууда жана текшерүүдө, экзамен жана мамлекеттик экзамендерди алганда кудай ургандай акчаларды шыпырып алчу. Аны өзүнүн чыныгы эмгеги деп эсептечү. Бирок алардын азы аныкы болсо, көбү башкалардыкы боло турган.

Ал кагаз иштерин ары-бери чампалап жатып, бир топ акчаларды тапчу. Бир жылдары бир чоң жыйында басып баратканын көрсөм, кебетеси бакадай болуп калыптыр. Ошондо абдан таң калдым, кудай адамдын ички дүйнөсүн сырткы кебетесине окшоштуруп коеруна. Ал басып барып, бир жерге кирди да чөнтөк телефонунан бирөөгө чалып: “Эй сен, болбойсуңбу батыраак, акмак десе” деди. Кайра кирип, эл арасына отуруп калды. Анын бир эле ушул сөзүнөн адамдар менен канчалык сый-урматта жашаарын, намаз окубаарын, бул жашоонун негизги ченем-аспектилерин билбээрин баамдадым. Бир университетте сабак берген башка агайдын “алыскы өлкөдө көп жыл иштеп келсем, менин досторумдун жалаң алдым-жуттумдук менен акча табуунун айынан бири букага, бири бакага, бири итке окшоп калган кебетелерин көрдүм” дегени эске түштү.

* * *

Эжейим мени “жоголуп кайда жүрөсүң? Тез кел!” — деп чакырды телефондон. — Азыр барам, — дедим да барган жокмун. Анын эртеси да. Кийинки күнү жаңы эле чыккан китебимди көтөрүп бардым. Карап, барактап, телефондон ар кимдер менен сүйлөшүп отура берди. Көпкө ошентти. Ал мага таарынып, коркуткандагысы эле. Мен дагы унчукпадым. Мени китеп куткарып жаткандай болду. Ортодон чай кайнам убакыт өтүп кетти. Мага карап эч сүйлөбөйт. Мен дагы сүйлөбөйм. Анан аны карап туруп: мастандыгына, бийликке манчыркоосуна, керсейгенине, тажаалдыгына, заарына, майдалыгына, терс кыялдыгына, ачуулугуна назиктиги, аялдык амалкөйлүгү, энелик боорукердиги, далай эркектерди ашык кылчу сулуулугу, иште такшалган тажрыйбасы, акылмандыгы, балдарды мыкты тарбиялаган даанышмандыгы, күйөөгө жароокер жар болгону, жарашыктуу кийингени, боенгону, басканы жуурулушуп турду. Мен аны бир гана мүнөт тиктеп, ушунун баарын көзүнөн көрдүм. Көрдүм да, азыркы алдыңкы сапта, бийликте жүргөн кыргыз аялдарынын образын таптым.

Сентябрь, 2016-жыл

* * *

Апам байкуш баягыдай Бишкекке келүүсүн токтотту. “Карып калдым, өлсөм да өз үй, өлөң төшөгүмдө өлөйүн” деген оюн жүзүнөн окуп турам. “Андан көрө силер келип тургулачы” деп чакыра берчү болду. Барып калсак, кымыңдап сүйүнөт. Апамды карап отуруп, биз бала чакта биягынан отун жагып, казан асып, каттама, тамак жасап, самоор кайнатып, кирин жууп, короо шыпырып, төшөк салып, деги койчу, эмне деген гана жумуштарды жасап, баарыбызды зымырайтып таптаза багып, зымга тизгендей зыңкыйтып тарбиялап коер эле. Эмичи? Эч нерсе жасай албай, бирөөнүн жардамына муктаж болуп, турмуш агымына баш ийип отуруп калганына миң жолу үшкүрүп, миң жолу түйшөлөм. Бир күнү “карылык жаман экен”,- деди ички күйүтүн бир сөз менен. Ушул кыска сөздүн ичинде канчалык азап, канчалык мүшкүл жатканын жон терим менен туюп-сездим.

Карылык кимдин башына келбеген, кимди мөгдүрөтүп, алсыратпаган?! Өткөндө барсам, үйдүн ичинде эле үшүп олтуруптур. Сыртта күн бажырайып тийип турганынан отургучту эшиктин алдына алып чыгып, отургузуп койдум. Абдан жылып чыкканын айтып, сүйүнүп калды. Анан ка-а-ар-к этип бактын башынан карга каркылдап калды. “Тигине карасаң”, — деди апам. “Апа ал каргалар 300-500 жыл жашашат. Сиз анын жанында секелек кызсыз да” десем, “чын элеби?” – дей таң калып, карганы бурулуп карап калды. Анан алда кайда учкан ою түпсүздүккө сүңгүп кетти…

Октябрь, 2016-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.