
Чынжырлуу байдын үйүнөн чакан телевизор, дубал тиреген китепкана көзгө урунса; итке мингендердин үйүнөн чоң телевизор анан бирин-экин китептерди көрөсүң.
(Зиг Зиглар)
* * *
Жылтылдаган оттун табы жылымык гана жылуулукту бергендей, бүдөмүк тилегибиз бүдөмүк жыйынтыкка гана алып келет.
(Наполеон Хилл)
* * *
Жакшы жашоо үчүн мээнеттенүү керек. Ал эми байлыкка уучуң толуш үчүн жоктон барды табуу зарыл.
(Белгисиз ишкер)
* * *
Эки эсе жаркырап жанган шам, эки эсе эрип жок болот.
* * *
Башкаларга окшобо, ошондо гана башкалар сендей болгонго аракет кылышат.
(Белгисиз ишкер)
* * *
Колунан эч нерсе келбеген жалкоонун калкаланган сөзү – “Тагдыр”.
(Жоди Фостер)
* * *
Жашоосун эркиндик үчүн курмандыкка чабууга эрки жетпеген адам кул болуп өтүүгө толук татыктуу.
(Георг Гегель)
* * *
Кызыгың түшкүрдүкү, кай бир адам колунда турган нерсени дүйнө кыдырып издейт десең. (Вольтер)
* * *
Эгерде болуп көрбөгөн ийгиликти жаратам десең, аткарып көрбөгөн ишти аткарууга туура келет.
(Коко Шанель)
* * *
Оозун ачып телевизор тиктеп отургандарды ар дайым китеп окугандар башкарат.
(Белгисиз ишкер)
* * *
Аз эле адам бүгүнкү күн менен жашайт, а калгандары кийинчирээк жашап баштоого даярданышат.
(Жонатан Свифт)
* * *
Биринчи кадамды таштаган соң, жол өзүнөн өзү пайда болот.
(Стив Жобс)
* * *
Ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз эле башкалардан акылдуу болуштун кереги жок, тек, башкалардан алдыда болуу зарыл.
(Лео Сцилард)
Кыргызчалаган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы