Күндөрдүн бир күнүндө түлкү менен каз чогуу жашай баштайт. Мунун эң жакшы жери — бири тамак издеп кеткенде, бири балдарды карап калмак болот. Ушинтип ынтымак менен бир топ убакыт жашашты.

Бир күнү каз токойго тамак издеп кетип, түлкү балдарды карап калды. Күн ачык-жарык болгондуктан ал өзүнүн бачкилери менен каздын жөжөлөрүн сыртка ойнотуп чыкты.

Курсагы ачкан түлкү чыдабай кетип бир жөжөнү жеп алды. Каз кайтып келип, түлкүдөн сурайт:

— Мен жокто эмне жаңылык болду, балдарыбыз кандай?

— Ишибиз чатак, — деп ыйламсырап жиберди түлкү. — Бир балабыз жоголуп кетти.

— Сенин бачкиңби же менин жөжөмбү? — деп сурады каз.

— Айырмасы кайсы? Балдардын баары бирдей да. Бир гана эсимде калганы — жоголгон баланын узун моюну бар болучу,- деди түлкү өлүмүш болуп.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.