Убакыт өтүп атат, ал эми жашооң болбогон нерселерге короп жүргөнүнөн кабарың бар бекен?

(Макс Фрай)

* * *

Ийгилик формуласы өтө татаал болсо, азаптын формуласы жөпжөнөкөй экен. Ал: баардыгына жагуу үчүн болгон эле аракет.

(Дональд Трамп)

* * *

Ийгиликтин багыты биз жылуу жайдан ызгаарга чыкканда гана көрүнөт.

(Майкл Жон Бобак)

Акылман акчаны жүрөгүндө эмес, акылында кармайт.

(Жонатан Свифт)

Актануу адамды жакырчылыкка жетелейт.

(Роберт Киосаки)

Сен акчаны башкарасың, же жок акча сени башкарат.

(Дейв Ремси)

Жакыр адам бул — акчасы жок адам эмес, бар акчасына канааттанбаган адам.

(Сенека)

* * *

Дүйнө иштебей туруп акы алгысы келген бекерпоздордон жана тытынып иштеп жарыбаган аңкоолордон куралган.

(Бернард Шоу)

* * *

Эгерде көйгөй акча менен чечилер болсо, ал көйгөй эмес.

(Еврей акылмандарынан)

* * *

Акчанын аркасынанан түшпөй, жөн гана алдын тосуп чык.

(Аристотель Онасис)

* * *

Акча эч убакта адамдын акылын алган эмес, ал аңкоолордун аңкоолугун гана көрсөткөн.

(Кин Хаббард)

* * *

Иш үзүрүбүз акы менен гана чектелсе, анда бизди сатып алды деп эсептей бер.

(Леонид Сухоруков)

* * *

Байлык менен тукумуңду өзгөртүү мүмкүн эмес.

(Гораций)

* * *

Акча баардыгын жасайт деген адамдын өзү акча үчүн баарына барат.

(П.Буаст)

Ийгиликке жетем десең, өзүңдү ийгиликтүү адамдай алып жүр.

(Т.Мор)

* * *

Кандай гана кара түн болбосун, аркасынан жаркып чыгуучу күн да бар.

(Низами)

* * *

Максатыбызга жетүү үчүн эки гана нерсе талап кылынат. Бири — иш тартиби, экинчиси — убакыттын тардыгы.

(Леонард Бернштейн)

* * *

Көнүмүш адатыңдагы иш жүргүзүүнүн аркасында, көнүмүш болгон жыйынтыктарды алаарыңды унутпа.

(Тонни Робинс)

Кыргызчалаган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.