Француз тилинен которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

АҢГЕМЕ

Бүгүн баардыгыбыз мектепке көңүлүбүз  куунак келдик. Анткени жалпы классыбыз менен сүрөткө түшө турган күн. Эжейибиз айткандай, ардакталып өмүр бою бизде сактала турган сүрөткө түшүүчү күн. А түгүл баардыгыбыздын таза, тыкан, жуунуп-таранып келүүбүздү да эскерткен эле.

Ушундай сонун маанай менен кыялдарга чулганып келдим да, баягы биздин класс чогулган жыйынга аралаштым. Жыйындын так ортосунда Жофройду эжейибиз ортого алып жемелеп аткан экен. Жемелей турган деле жөнү бар, анткени ал сүрөткө түшүү үчүн моряктын формасын кийип келиптир. Жофройдун атасы бардар адам болгондуктан, баласынын оозунан чыккандын баарын дароо сатып берер эле. Бирок ал эжейибиздин урушканына карабай, эжейди кайра коркутуп кирсе болобу.

— Эгерде мен моряктын кийими менен сүрөткө түшпөсөм, анда таптакыр түшпөйм, — деп көгөрдү.

Ал аңгыча сүрөтчү келип калды. Аны көргөн эжейибиз да шашып калды: эртелеп сүрөткө түшпөсөк арифметика сабагыбыздан кечигерибизди айтып. Аны уккан классыбыздын эң жакшы окуган окууучусу, ар дайым эжейибизге сөз ташыган кошоматчы Анъан да жөн турган жок. Арифметика сабагы өтүлбөй каларына кейип-кепчимиш этип, үй тапшырмасынын баарыдыгын кынтыксыз аткарып келгенин кошумчалай кетти. Аны уккан классыбыздын атаманы Өөд ага тап берип калды. Көзайнеги болбогондо көзгө жейт эле, карабайсыңбы Аньандын да көзайнек тагынып калганын. Ушу көзайнегинин жардамы менен далай токмоктон кутулуп келет да. Ал экөөнү көргөн эжейибиз кыйкырып, биздин сөз укпаган бейбаштыгыбыз чектен ашып баратат, эгерде дагы бир кайталанса баардыгыбызды сүрөткө түшүрбөй туруп класска алып кирээрип айтты. Аны көргөн сүрөтчү:

— Жүргүлө-жүргүлө, алтындарым! Бир аз тынчтангыла, тынчтангыла! Мен жаш өспүрүмдөр менен кантип сүйлөшүүнү жакшы билем! Баардыгы ойдогудай болот, — деп калды.

Сүрөтчү биздин үч катар болуп туруубузду сунуштады. Биринчи катар отургучтарга отуруп,  экинчи катар туруп турушат, ал эми үчүнчү катар болсо жашиктердин үстүнө чыгып турмай болдук. Сүрөтчүнүн бул кеңеши бизге да абдан жакты. Ал жашиктер мектептин сарайында болгондуктан, биз аны алып келүүгө бардык. Сарайдын ичи караңгы экен, Рүфү башына колундагы баштыгын кийип, бизди коркутуп кубалап кирди.

— Уу-уу… мен көрүнчүмүн… ууу.

Аңгыча эле эжейибиз кирип келди. Анын уруша тургандай түрүн көргөн биз, жашиктерибизди көтөргөн бойдон шыпылдап чыгып, чыгып кеттик. Рүфү гана башындагы баштыктан эжейди көрбөй калып калды.

— Уууу, мен көрүнчүмүн, — деп аткан анын башынан эжей баштыкты сыйрып алды.

Маңдайында турган эжейди көрүп, мындайды күтпөгөн анын кебетеси ушунчалык киши күлөөрлүк эле. Аркабыздан эжей Рүфүнү кулагынан сүйрөп келип, өпкөдөн ары согуп калды.

— Кебетеңер кантет?! Мокочодой болуп! — бизди көргөн эжей дагы кыйкырды.

Чынында сарайдын ичин үч көтөрүп ойногонубузда, башы-көзүбүз анча-мынча чаң болуптур. Бирок сүрөтчү башкалар жашик менен отургучтарды тизгиче, жуунунуп-кагынууга болот деп жооткотту. Анъан менен моряктын кийимин кийип келген Жофройдон башкабыздын үстү-башыбыз бозала чаң болучу. Башындагы моряктардын шапкеси менен вино ичкен бокалга окшоп турган Жорфой кыйынсынып кирди:

— Мына, көрдүңөрбү? Баарыңар мага окшоп кийинип келсеңер, эч балээ болбойт болчу.

Ансыз да жаны кашайып турган эжейдин аны кулактан алайын деген аракети ишке ашпай калды. Анткени анын башындагы винонун бокалындай шапкеси кулагын жаап калган экен, аны ошол сактап калды.

Биз жуунуп, тазаланып, таранып, бат эле келип калдык. Бирок баардыгыбыздын кийимдерибизге суу чачырап нымшып калганын көргөн сүрөтчү анын баары сүрөттөн билинбей деле калат деди:

— Жакшыы… эми силер эжейиңерди тилин угуп бир сүйүнткүлө, макулбу, балдар?…..

–Ооба! — деп жалпыбыз бир ооздон жооп бердик.

Ананчы, биздин эжейибиз эң сонун эжей, кээде эле бизди кыйкырып урушканы болбосо.

— Эми баардыгыбыз оорун алып отурабыз, кичинекейлер алдыңкы катарга отургучтарга отурабыз. Орто бойлуулар аркасына тургула да, бою узундар жашиктерге чыгып, соңку катардан орун алабыз, — деди сүрөтчү.

Анан эжейге ары карап алып, жаш өспүрүмдөрдү ушинтип тынчтандырып алдап турсаң тил алышат деп акыл айтып кирди. Анын айткан кеңешин эжейибиз аягына чейин укканга жетишкен жок, бир заматта ызы-чуу түшкөн биз жакка көңүл бурду. Анткени баардыгы жашиктерге чыгып турабыз деп эч кимиси отурбай, жашик талашып аткан элек.

— Бул класста баарыңардан менин боюм узун, мындай тур, –деген Өөд жашикке жаңы гана чыгам деп түрткүлөшүп  жулунгандарга кыйкырып аткан.

Жофрой каршылашып тиреше калды эле, анын башындагы моряктыкындай шапкесинин төбөсүнө бир уруп жиберди. Соккусу катуу тийди. Анткени эжей бир нече ирет ошол шапкесин чечтирем деп аракет кылганда, ал аны жапырып баса кийгендиктен, чокусундагы көңдөйлүккө башы кирип кеткен экен, чын эле катуу тийди.

Эжей акыркы жолуу эскертүү берди. Эгерде тынчтанып айтканды кылбасак, түздөн-түз класска барабыз да, арифметика сабагын баштайбыз деген. Аны уккан биз акырындык менен орун ала баштадык. Жофрой сүрөтчүнүн жанына жакындап келип:

— Фото апаратыңыз кандай үлгүдөгү фото апарат? — деп калды эле, сүрөтчү жылуу жылмайып:

— Бул бир кичинекей куту, ичинен чымчык учуп чыгат,- деген жообуна Жофрой:

— Фото апаратыңыз эски турбайбы. Атам мага күн калкагычы менен эле эмес, керек болсо электрондуу экран айнекчеси бар фото апарат  берген, — деп шылдыңдап салбаспы. Аны күтпөгөн сүрөтчүнүн жылмайган жүзү мостойо түшүп, анын ордуна барып отуруусун талап кылды.

Жофрой ага болбой:

— Жок дегенде электрондук фото апаратыңыз жокпу? — дей салды эле, жини кайнаган сүрөтчү:

— Акыркы жолу айтам, оордуңа отур! — деп кыйкырып жиберди.

Баарыбыз орун алдык. Мен биринчи катардагы Алсесттин жанына отурдум. Алсест деген менин тамак жегенди аябай жакшы көргөн толмоч досум. Анан калса ар дайым баскан-турган жеринен оозунан тамагы түшпөйт. Азыр да май  менен варенье  сыйпаган нанын мойсоңдoп атты. Сүрөтчү анын тамак жегенин тезинен токтотуусун эскертти. Ага Алсест болобу, тамаксыз туралбасын айтып, маймаңдаганын токтоткон жок. Аны байкаган эжейибиз:

— Ташта дедедим, алдагы наныңды! — деп кыйкырып жиберди чыдабай.

Күтүүсүз кыйкырыктан солк эткен Алсесттин наны колунан ыргып,  көйнөгүн булгап салды.

— Мына, баары өлдү! — деп бышаңдаган Алсест ошондо да сөөмөйүндөгү  вареньени жанталашып жалап жуктап алды.

Айласы кеткен эжей көйнөгүндөгү вареньенин тагы көрүнбөш үчүн Алсестти Өөд менен орун алмашуусун талап кылды:

— Өөд, досуңа ордуңдү бошотуп, алдыга өт.

— Ал менин досум эмес! — бурк этти Өөд. — Сүрөткө далысын салып түшө берсин, көйнөгүнүн тагы да, дундуктай болгон семиздиги да байкалбай калат, — деп кыйынсынды.

Анын жообуна ачуусу келген эжей: “Мен варенье менен көйнөгүн булгап алып, досума ордумду бошотуп берүүдөн баш тартпоом керек” деген этиштин жакталышын кайталоону жаза иретинде талап кылды. Бирок Өөд үн чыгарбастан ордун бошотуп, ылдый түштү. Ылдый түшүп келатып, ордунан козголуп жаңы турган Алсестке муштуму менен тап берди эле, Алсест жооп иретинде буту менен бутка бир тепти. Тилеке каршы, Өөд шамдагай болгондуктан буйтап кетти да, ары жакта отурган Анъандын бутуна Алсесттин олчойгон буту “шак” дей түштү. Бактысына жараша, ошол тапта анын ар дайым тагынган көзайнеги жок экен. Ошентсе да мындайды күтпөгөн Анъан бакырып ыйлап:

— Көзүм көрбөй калды-ы…. мына карагылачы… мени эмнеге эч ким жакшы көрбөйт? Менин жашагым келбейт, — деп арманы аттын башындай болуп озондоп кирди. Эжейибиз аны сооротуп, бетин жууп, чачы-башын тараган соң Алсестти жазалады. Ал анан: “Мен ар дайым өзүн тартиптүү алып жүргөн, анын үстүнө көзайнек тагынган досумду урбашым керек” деген сүйлөмдү жазарын эскертти. Табасы канып, ыраазы болгон Анъан:

— Туптуура кылдыңыз, ырас болду, –деди.

Бирок эжейдин бул жазасына ыйлап чатак салат ко деп күткөн Анъанды таңгалтырып Алсесттин көзүнөн бир тамчы да жаш аккан жок. Эжей бүгүнкү тентек кылгандарга жазалардын ар түрдүүсүн бөлүштүрүп берди:

— Эгерде азыр баардыгыңар өзүңөрдү тартиптүү кармап, тынч отуруп, урушпай-талашпай сүрөткө жакшынакай түшө турган болсоңор, баардыгыңардын жазаңарды жокко чыгарам. Кана эмесе, баарыбыз түздөнөбүз да, жылмайып сүрөтчү агайыңарды карайбыз!

Бул сунуш баардыгыбызга майдай жаккандыктан, баш ийип, эжей айткандай түздөнүп, күлүмсүрөп туруп бердик.

Бирок өмүр бою бизде сакталып кала турган ардактуу эстелик үчүн түшүүчү сүрөткө түшпөй калдык. Анткени эжейибиз баш болуп, ошондо гана сүрөтчүнүн, тээ алда качан эле бир ооз сөз айтпастан кетип калганын байкадык…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.