Армян жомогу: Сыйкырдуу роза

Илгери, илгери бир хан жашаптыр. Анын аксарайынын алдында жалаң роза гүлдөрүнөн турган бакча болуптур. Бакчада бир түп сыйкырдуу роза гүлү өсчү экен . Хан канчалык каарын төгүп эскертпесин, багбандар кандай амал таап аракеттенип кайтарышпасын, сыйкырдуу роза ачылып баштаганда эле аны зыяндуу курт жеп кетчү экен. Ошентип жыл сайын кайталана бергендиктен хан өзүнүн сыйкырдуу розасын көп жылдар бою такыр көрө албады. Күндөрдүн биринде ханга жаш бакчы жигит келип мындай деди: — Мени жумушка алсаң, розаңды курттан сактап калам. Ал гүл ачаар […]

Долон ашуусу жөнүндө уламыш

Кыргыз санжырасында Долон бийдин орду айрыкча басым коюлуп айтылып келет эмеспи. Демек, ал кыргыз турмушунда тарыхый орду бар чоң инсан болгондугу чындык. Бирок Долон ашуусу ошол Долон бийдин аты менен аталып калганы жалганбы, чынбы, белгисиз. Кантса да, Нарын тарапка кеткен жолдогу ашуунун Долон баатырдын ысмына байланыштырылган мындайча бир баяны бар. Кадимки Чынгыз хан кыргыз жерин чаап кирген кезде Долон кыргыздын баатыры да, бийи да болгон экен дешет. Ошондо Долон баатыр Чынгыз хандын жер майыштырган көп колуна каршы кыргыз элинен аскер […]

Олжобай ШАКИР: Тоталитардык бийликтин айдоосуна көнүп, идеологиясына ууккан талапкер

Икаянын ток этер жеринен баштайлы кепти. Ал мамындай эмеспи: жан-жаныбарлар алтынга ширетилген такка баканы отургузушат. Падыша болуп бер дешет. Падыша болуу баканын оюнда жок иш эле да. Кең сазда чардап, балчыкта заңдап жашаган баканын башына падыша болуш кайдан келмек! Арийне, башына алтын таажы, астына алтынга ширетилген такты камдап коюшкан экен. Мурда эле. Өктөм бирөөсү чыгат: – Ушул такка отурасың да, баарын башкарасың! Өмүрүндө башчылык кылып көрбөгөн баканын көзү тостоёт. Болбой отургузушат. А бакага не: көнгөн адаты менен улам балчыкка секиргенин […]

Абийрбек АБЫКЕЕВ: Калмуратдын сөздөрүнөн

ЭТЮД «Турмуш деген ар кандай, \ Жинди катын алгандай», — деп Жаныбек акын айткандай,турмушта ар кандай окуялар болот турбайбы. Айылдык бир жигит бели камчыдай буралган татынакай келинчегин ал мончоктой эки уулу менен таштап, байлыгына кызыгып, энесинен бир аз эле кичүү, Союз кезде ашыгын совхозко алып алат дешип, бир теше жердин чөбүн чогултуп, ой-да тебелеп алачыктай кылып салган чөмөлөдөй көлөмдүү орус аялдын үстүнө кирип жашап жүргөнүн уккан айылдыктар уу-дуу. Бири баласындай болгон немеге тийген жинди катын го десе, экинчиси, тиги жинди […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ «Мен Алым байкенин метафораларынан корком» дейт

Китеп ыр, эссе, котормолордон турат. Китепти окуп жатканда бир жагымдуу жыт уруп турат. Ал — кыргыз жыты. Мен билгенден Алым байкеден өткөн окумал адам жоктур. Бирок ошолорго көмүлүп калбай, кыргызча кыйкырып жатпайбы. Өз кезегинде Чыңгыз атабыз да кыргызча чыңырып чыгып, алакандай кыргыз элине бүт дүйнөнү багындырып берген. Мен «Саманчынын жолун» айтып жатам. Согуштун бети жок экендигин ааламга ушу чыгармадай чыркырап далилдеп берген бир чыгарма дүйнөлүк адабиятта бар болду бекен!.. Алым байке да жыргалынан жыласы көп бул дүйнөнү кыргызга кыргызча түшүндүрүүгө […]

Поэзия: «РухЭштин» адабий антологиясынан (1-бөлүк)

* * * Кыр мурун, бото көздүү, кыйылган каш, Бермет тиш, эрди гүлдөй, алмадай баш, Буудай өң, жайык маңдай, субагай суз, Кыргый төш, күзгү далы, кундуздай чач. Орто бой, сыйда мүчө, келген сымбат, Бир албан, жүрүш-туруш таза кылдат. Укканга, көргөнгө да, билгенге да, Төрөлгөн катарынан чыккан кымбат. Буларды азат кылуу кимге милдет? Биздин милдет, жоюлсун ушул илдет. Теңдигин аялдардын биз айтпасак, Өздөрү качан учат канат ирмеп?!. («Кандуу жылдар» романынан) Аалы ТОКОМБАЕВ  * * * Жүз жылдар мындан кийин да Бул […]