Кыргыз санжырасында Долон бийдин орду айрыкча басым коюлуп айтылып келет эмеспи. Демек, ал кыргыз турмушунда тарыхый орду бар чоң инсан болгондугу чындык. Бирок Долон ашуусу ошол Долон бийдин аты менен аталып калганы жалганбы, чынбы, белгисиз. Кантса да, Нарын тарапка кеткен жолдогу ашуунун Долон баатырдын ысмына байланыштырылган мындайча бир баяны бар.

Кадимки Чынгыз хан кыргыз жерин чаап кирген кезде Долон кыргыздын баатыры да, бийи да болгон экен дешет. Ошондо Долон баатыр Чынгыз хандын жер майыштырган көп колуна каршы кыргыз элинен аскер курап, катуу каршылык көрсөтөт. Бирок күрөштөрдө катуу бышып такшалган, тажрыйбасы мол,  куралы күчтүү монгол аскерлерине кыргыздар туруштук бере албайт. Кыргыз колу багынып берип, кол башчы Долон баатыр катуу жарадар болуп, азыркы Долондун бели аталган тоонун кокту-колотторунун бирине жашынат.

Жарааты күчөп айыкпай, азык-оокаттын жогунан ошол тоонун койнунда жан берет. Жанындагы ишенимдүү сакчылары да өз баатырын душмандарга кыйбай, акыркы күнүнө чейин жанында болуп, салгылашып курман болушат.

Ошондон кийин кыргыз эли өз баатырынын урматына ошол тоонун белин «Долондун ашуусу» деп аташып калган экен.

Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ

4-апрель, 2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.