Икаянын ток этер жеринен баштайлы кепти. Ал мамындай эмеспи: жан-жаныбарлар алтынга ширетилген такка баканы отургузушат. Падыша болуп бер дешет. Падыша болуу баканын оюнда жок иш эле да. Кең сазда чардап, балчыкта заңдап жашаган баканын башына падыша болуш кайдан келмек! Арийне, башына алтын таажы, астына алтынга ширетилген такты камдап коюшкан экен. Мурда эле.

Өктөм бирөөсү чыгат:

– Ушул такка отурасың да, баарын башкарасың!

Өмүрүндө башчылык кылып көрбөгөн баканын көзү тостоёт. Болбой отургузушат. А бакага не: көнгөн адаты менен улам балчыкка секиргенин койбойт.

Икая мааниси кыргыз саясатында да кайталанган жокпу? Кайталанды. Сыягы дагы кайталанчудай!

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү такка отургузган Алмазбек Шаршенович да саясый саздын балчыгына улам секирип, өзүнүн өлкө башчы экенин эсинен чыгарып койгон учурларга жамы журт алты жыл күбө. Эми минтип президенттик мөөнөтү соңуна чыгып калган кезеңде – саясый олимпте олуттуу орду жок мураскери Сооронбай Жээнбековду бийлик тагына отургузуп кетүүнүн аракетинде…

Эпаада, эл улуттук лидерге чукак болуп турган кыйын кезеңде – мамлекет жүгүн аркалай алаар талапкерге ишеним артса, башка кеп эле. Татыктуу жаштардан жутагансып, советтик доордогу тоталитардык бийликтин айдоосуна көнүп, идеологиясына ууккан муундун өкүлүнө өз тагын калтырып кетүүнүн түрдүүчө амалын кылууда.

Мейли, дейли. Жээнбековго президенттик так буюруп калган күндө да сыртта жаңы заман туру! Прогресске жол чалаар жаңы күчкө ээ болгон жаштар турса, АШАнын айланасындагы бир ууч топ президенттик ат салышка чыныгы тулпар эмес, чобур атка окшотуп – Жээнбековду кандай критерийдин негизинде тандашты деп ойлойсуз, ишенимдүү шайлоочу!..

Алдындагы алтын тактан саздагы балчыкка улам секирер «падыша баканын» икаясы бүтөр күн бизге качан келет-ов!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.