* * *
Кыр мурун, бото көздүү, кыйылган каш,
Бермет тиш, эрди гүлдөй, алмадай баш,
Буудай өң, жайык маңдай, субагай суз,
Кыргый төш, күзгү далы, кундуздай чач.

Орто бой, сыйда мүчө, келген сымбат,
Бир албан, жүрүш-туруш таза кылдат.
Укканга, көргөнгө да, билгенге да,
Төрөлгөн катарынан чыккан кымбат.

Буларды азат кылуу кимге милдет?
Биздин милдет, жоюлсун ушул илдет.
Теңдигин аялдардын биз айтпасак,
Өздөрү качан учат канат ирмеп?!.

(«Кандуу жылдар» романынан)
Аалы ТОКОМБАЕВ

 * * *
Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат,
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келип,
Ушинтип чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар жерге ыргала
Шуудурап турат ушинтип…
Биз жокпуз анда бир гана.
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Кездешүү
Көздөрүң көздөрүмө чагылышып,
Кездештик, капыс жерден… жаңылышып.
Бир кыйла мезгил өтүп арабыздан,
Биз азыр калыптырбыз сагынышып.

Калдык деп кай себептен кабылышып,
Каректер улам кетет чагылышып.
Сезимде ал ансайын жалын ойнойт,
Сен жакка алып учуп, жанып учуп.

Сапырып жан дүйнөмдү буюктурдуң,
Санаамдын баарын түгөл унуттурдуң.
Ашыкча мындай кезде сөздүн өзү
Ансыз да не дээримди туюп турдуң.

Башында теңир сага жолуктурду,
Мас кылып махабатка оолуктурду.
«Кечиктиң» деген өңдүү, бирок азыр,
Башыңда жоолук турду, жоолук турду.

…Ажарың турат эсте гүлүңдөгөн,
Ал кезде мен өзүңдү «Гүлүм» дегем.
А сенин эсиңдеби айткан сөзүң:
Ай эмес, Айдан жарык Күмүш деген…

…Билемин, неге үнсүз угуп турдуң,
Билемин, неге мынча улутундуң.
Азыр мен Айың эмес, Күнүң эмес,
Ай, күндүн бетин тоскон булуттурмун.

… Сөз айтпай, сөз сүйлөбөй дымып турдуң,
Сезимди мынча неге думуктурдуң?
Азыр мен кусалыктын шамалы айдап,
Көзүңө жаш толтурган булуттурмун.
Рысбай ИСАКОВ

 Керек элең
Кыйырсыздын демин уруп, кыбыладан согот жел,
Кыры шаардын, бою суунун, кызгалдактуу көк шибер.
Оюн, күлкү, аңгемеси өзүңдөй от бербеген,
Олтурамын көк шиберде көңүл ачкан эл менен.

Ак чыныда кызыл шарап бир толтура, бир бөксө,
Алып учуп эт жүрөгүм сени издедим күн кечке.
Телефондон сураштырдым, сүрүштүрдүм өз, жаттан,
Сууга аккандай угулбайсың, туюлбайсың эч жактан.

Жоксуң жерде, жоксуң көктө, же үйүңдө, же жумушта.
Жолукканың ырас беле, бул ызы-чуу турмушта.
Чындык беле каттаганың, о кайсы бир чактарда,
Чыгып бардык тоскоолдордон мен жашаган жактарга.

Эмнегеби, эмнегеби? Эмнегесин ким билди,
Эмнегедир өткүм келди, өзүң менен бул күндү.
Каалашыңдай болсун баары, мейли сүйлө, сүйлөбө.
Катарлашып олтурушуң керек эле тим эле.

Ирээти жок шамал жүрүп, киймиң тийип киймиме,
Илептериң илебиме, ийниң тийип ийниме.
Телмиртип көз бир багытка, көө, чаңынан иргелип,
Тегиз алган төгөрөктү, оюң ойго нур бөлүп.

Керек эле, керек эле, жылдыз, мээриң төгүлүп,
Керек эле жок дегенде коюшуң бир көрүнүп.
Кара жолдон түр машине өйдө-төмөн зуулдайт,
Кайсыл кулптуу каалгадасың, түк кабарың угулбайт.
Сагын АКМАТБЕКОВА
2003-жыл

 Токойчунун тамында өткөргөн түн
Карарып терезеде түн түнөрөт,
Түн үшүп, айнекти аймап, калч-калч этет.
Капчыгай шамал үйлөп күңгүрөнөт.
Жыпжылуу мен ичинде жаткан төшөк.
Шуулдайт жаңгак токой азап күтүп,
Шуулдайт салмак менен, дүмөк менен.
Шуудурап жалбырактар жатат түшүп,
Мен аны угуп жатам жүрөк менен.
Күркүрөйт шамал күчөп кезек-кезек,
Бутактар кычырашат алда кандай,
Каргалар чочугандан «карк! карк!» этет,
Уюлгуйт жалбырактар кар жаагандай.
Толтуруп эс-дартыңды коркунучка,
Капчыгай карт токоюн гүүлдөтөт.
Ит улуйт. Ал улубас жакшылыкка.
Улушу бүткөн бойду дүрүлдөтөт…
Уңулдап сур учурган түн койнунда
Уйкуга кеттим чөгүп… Бир оокумда
Мен чочуп… Жымжырттыктан ойгондум да,
Таң калдым… терезенин кыроосуна.
Тыңшадым. Дүйнө тымтырс. Эшик жакты
Карадым басып барып, терезе ачып:
Акыркы жалбырактар түшүп жатты
Биринчи жааган карга аралашып…
Салижан ЖИГИТОВ

Ак кыял
Ак шөкүлө, ак көйнөк кийип алып,
Алыс жактан карааның күткөн кезде
Алып кетчи ак боз ат минип алып,
Ак мөңгүлүү чокулар бүткөн чекке.

Ак чокуга ак сарай курдуралы,
Ак сүйүүнүн көтөрүп асабасын.
Аруулукка жан-дилди тундуралы,
Азыктанып ак карын, таза абасын.

Ачык асман алдында ак той өтүп,
Арзып күткөн бактыбыз ташып турса.
А асмандан теңирим ырым этип,
Аппак кардан чачыла чачып турса.

Ак батасын ыроолоп аскалар да,
Алп кучагын кең жайып сүйүнсө, ээ?
Ак үлпүнчөк алдынан уяң карап,
Ата-энең деп тоолорго жүгүнсөм, ээ.
 Айзаада АБАЗОВА

Кыш
Жел жүрөт — жел ойгонот.
Жымжырттык эчкиргени
камданат.
Кар алдында
калгандай эч ким мени
жоктобойт. О, сен аны
ойлобо, эстен чыгар!
Жылтырайт терезелер
Жаш толгон көздөр сыңар.
Кар басып чуңкур, түздү,
короону шамал тинтет,
түнт түтүн түрмөктөлүп
алыстайт бу тирликтен.
Көөдөндө тилсиз булбул —
өрөпкүп жүрөк качат.
Дүйнөдө жол бүткөндөр
күтүүдө сыяктанат.
Керексиз качандыр бир
Карт баскан жараны ачыш…
…Кайдандыр башка бирөө
башка итти авалатат…
Алым ТОКТОМУШЕВ

 * * *
Эрте таңда сан чымчыктар сайраган,
Эх, Чычкандын токоюнан айланам!
Ушул жакка келсе сонун болмок ээ,
Ушак угуп олтургандар сандаган.

Шыбырашып жанын жебей кулактын,
Шыңгыраган үнүн укса булактын.
Таранчылар “дүрр” учканга кубанып,
Тазаланса карегинен тору аттын.

Туш тарабың жан жыргаткан шоокумдар,
Ушак-айың айтпайт кайың, каакымдар.
А таштары сөз ташыбай бирөөгө,
Миң жыл бою ооз ачпаган “баатырлар”.

Артистенип, арча кийбейт “масканы”,
Бийик-паспы, өйдөсүнбөйт бактары.
Мен – эргежээл, менсингенден уялам,
Карап туруп төш какпаган асканы.

Айгай салган ак дарыя ынагым,
Асман карап жээгиңе бир куладым.
Делбектеген чокулардын үстүнөн,
Деле жерге түшкүсү жок кыялым!
Карбалас БАКИРОВ

 * * *
Мен эми кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып, карып сапар.
Дарчыдай басып өткөм араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай жолун татаал.

Түн каткан жолоочудай кетти жаштык
Таскактап таштуу жолдо ат дабышы.
Биз бастык, эч ким баспас жолду бастык
Суктантып кабар алган кары-жашты.

Буюрулбас жөрөлгөгө айып-күнөө
Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.
Сага эми кезиксе экен мендей бирөө
Болбосо менден жакшы, менден эстүү.

Таалими айкөл, таза өзүңө окшоп
Муңдурбас тамашакөй болгой эле…
Баары бир бассаң-турсаң мени жоктоп,
Баары бир ойлойсуң го болбой эле…
Омор СУЛТАНОВ
* * *
Кеңдиги билинбес бу турмуш тар кокту,
Кеги бар немедей көргөздү бар жокту.
Карасаң күлкүлүү, жашасаң азаптуу
Тирүүлүк өзүңдө ушунча ар жокпу…

Мээ бөксө, бет калың, курсак ток, жан ачка,
Бир дене түшүүдө ушундай талашка.
Көндүм да баарына, ойлонтпойт эч эми,
Көзүмдөн бир күнү жаш эмес кан акса…

Жыртылган тизесин ырлары кымтыган,
Заманга сүйөнүп, жүрөгү сылтыган.
Кыялы эскирип, дүйнөсү эчкирип,
Бир жигит күндө өтөт бакыттын сыртынан…
Бердикбек ЖАМГЫРЧИЕВ

Күз жөнүндө санаа тартып сиз деле
Күз жөнүндө санаа тартып сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан.
Бир өмүрдө эки келбес күндөргө
Бир сырыңыз бар өңдөнөт алдырган.

Сан жалбырак сабалаган дарактын,
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?…

Кантип айтып берсем экен анда мен,
Табышмактуу ал күздүн сулуулугун.
Алда-неден айбыгып аяр каткан,
Сиз көп кирчү түштөрдүн жылуулугун.

Балким сизде болор бир аз таңдануу,
Ал жөнүндө айтып кирсем үнүм пас.
Мен да сиздей токтоо карап тагдырга,
Болуп калгам кайгы-шатты унутпас.

Жылуу-жумшак кыял менен узайсыз,
Көңүл күзгө жетелейт бак аралап.
Санаамдай сапырылган сан булуттар,
Сиз кеткен жакты көздөй сапар алат.
Айгүл УЗАКОВА

 * * *
Кар лапылдайт
Кар лапылдайт. Биз экөөбүз жолугуп
Олтурабыз тааныш кемпир үйүндө.
Тар, караңгы бөлмө. Бир аз корунуп
Колдоруңду апкелесиң мүрүмө.

Биздин турмуш башкаларга белгисиз,
Түшүнүксүз бул сыйкырдуу мамиле.
Жүрөк күсөп жүргөн күүнү чертебиз —
Кантип сыйды бул жапан күч денеге?..

Бир кезекте канат күүлөп учалбай
Калып калган арманыбыз төп келип
Шуктурабыз, пайдаланып учурдан
арабыздан далай жылды өткөрүп…

Сен баягы шыңгыраган күлкүңдү,
Ким бирөөнүн кучагында калтырып,
Токтоо тартып, ого бетер сүйкүмдүү
Көрүнөсүң. Таарын, наздан, алтыным!

Кар лапылдайт. Тааныш кемпир үйүндө
Ээн-эркин аалам менен иш болбой
Буркан-шаркан жуурулушуп сүйүүгө —
Жаңырабыз шаңдуу, бийик обондой.
Эгемберди ЭРМАТОВ

 Кара күчүк
Улуйт көңүл, көөдөнгө жара бүтүп,
Ушул кышта жүрөктү алат үшүк.
Жалгыз калдым, жапжалгыз дебейинчи,
Жандап калды бир гана кара күчүк.

Кетти жарым баамды барктабаган,
Кейигенде көзүмдү жаштап алам.
Кара күчүк, бир гана өзүң белең,
Каран күнү ээңди таштабаган.

Багытым жок, максат жок жетелеген,
Барам түнкү ызгарлуу көчө менен.
Кара күчүк, калбастан жанымдасың,
Калганымды сездирбей көчөдө мен.

Кара күчүк, күчүгүм, күчүгүм ай,
Кыш түнүндө калчылдап үшүдүк ай,
Карегиңден сен дагы жаш айлантып,
Карайсың да ээңди түшүнүп ай.

Бир өмүрдү ушинтип суулайбызбы,
Бир көчөдө бир күнү куурайбызбы.
Бир кездеги бактылуу бүлөбүзгө,
Биз экөөбүз ашыкча турбайбызбы.

Жан дүйнөмө калды зор жара бүтүп,
Жашайм эми арман, муң, санаа күтүп.
Сүйөм дечү жарымдан өйдө экенсиң,
Таштай көрбө сен эми, каракүчүк.
Зайырбек АЖЫМАТОВ
* * *
Кар жааганын карап
Ушул дүйнө кандай керемет!
Кар жааганды курбум карачы.
Жым-жым этип жумшак шилтенет
Анын жылуу аппак канаты.

Үбөлөнүп түшүп жылдыздан
Катар бузбай кайткан аккуудай —
Аруу ырын мурда, азыр да
Ырдап келген, ырдайт басылбай.

Сыйкыры көп сырдуу ууз кар,
Силерге окшоп келет муундар.
Ким болбойлу мезгил алдында
Милдет өтөп жайнап туруу бар.

Арты өкүнүч ушул өмүрдүн,
Ар мүнөтүн, ар бир ирмемин,
Кана карап барктап калгын деп
Кайра демеп төгөт күүлөрүн.

Балбалактап тынбай чубалган
Карың мисал өткөн сан кылым.
Жексен болгон акын, баатырдын
Айтып жатпа татаал тагдырын?!

Бир-бирине арзып жетпеген
Эки жаштын арман ыры окшоп
Самсаалайсың… сен да, мен дагы
Бу дүйнөгө келген бир конок.
Оо, тирүүлүк канбай күүңө,
Тоо-ташыңды өөп, эркелеп —
Жазмыш буйруп жашоо өзүңө
Кардай жаап кайра келсем, эх…
Анатай ӨМҮРКАНОВ

 Киши жегич машина
Жомоктой табийгаттын жайы-кышы,
Жол болуп, шаар болуп шагыл-ташы.
Дүрүлдөп жүрөктү өйүп жүрүп турат
Дүйнөнүн киши жегич машинасы.

Ажалга моюн сунуп кары-жашы,
Адамдын жерге кирип алтын башы,
Дүлөйдөй бир сөз укпай жутуп турат,
Дүйнөнүн өлүк жегич машинасы.

Баратып машинада жубай менен,
Байкатпай мен өзүмөн сурай берем:
«Түшөбүз машинага, түшкөн сайын,
Ой келбей кайсы туштан кулайм» деген.

Бул эмне? Бул дүйнөнүн айлампасы:
Сорулган адам башы, аккан жашы.
Эрнис ТУРСУНОВ

Кыш
Чуркап ойнойт кар жылдыздар
Чуудасында дарактын.
Бектер, хандар беките албас
Бермет кечип бараттым.

Сапырылып жал куйругу
Сакалдары титиреп.
Аңгыраган ээн көчөдө
Аяз жүрөт кишенеп.

Үшкүрүнүп, улутунуп
Үйлөйт жолдун таманын.
Шыпыргысыз чачат карды
Шылдыңындай баланын.

Чөөдөй муңдуу ачууланып
Чөптөй учуп ызылдайт.
Хан жамынбас каухар кийип,
Карт дарактар суз ырдайт.
Сирень САРБАЛАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.