Африка жомогу: Пилдин кежир баласы

Африкада пилдин бир абдан кежир баласы жашаптыр. Бир жолу пилдердин бүткүл үй-бүлөсү сейилге чыкмай болушат. — Жүргүн,- деди атасы. — Барбайм,- деди кежир баласы. — Жүрү, — деп өтүндү эне пил. — Барбайм,- деп баш чайкады. — Жүрүгүн,- деди улуу бир туугандары. — Барбайм,- деди кайрадан кежир балакай. — Андай болсо биз сенсиз эле сейилдеп келебиз,- пилдер кетип калышты. Ошентип бала пил өзү жалгыз калды. Бирок анын дароо эле баардыгы менен бирге сейилдегиси келип, башкалар аны жалгыз таштап кеткенине аябай […]

Рамис РЫСКУЛОВ: Ким турмуштан башын калкаласа, артына чоң из калтырбайт

Ушул жашка келгиче бөкчөйүп чал болбогон себебим, мен эчкачан тамакты тойгончо жебейм. Эртеден-кечке шаар аралаганым эле жеңил гимнастика. Шаар кыдыруу деле марафондо жиниккендей. * * * Бир кабарчы: — Иттей шыйпаңдаган арзымат акындар көбөйүп кетти, — дейт. — Колуңдан куу сөөктү көргөн ит тикесинен тик туруп бийлеп жиберип атса, карта-чучук бар жерди көргөн акын кантип шыйпаңдабасын, — дедим. * * * Заман жакшы экенинде чөнтөк дептерим жука болчу. Кыйын заман келип, мени кыйын акын чыгарды. Калың дептер алалбай жүрөм. Идеялар […]

Дилазык: Мага сүйүү тартуулачы, апаке!

ПРИТЧА Бүгүн алар чогуу даярданып жатышты. Бул алардын күнү болчу. Жоопкерчиликтүү жана таң калыштуу күн эле. Кереметке айланган күн эле. Дал ошолор үчүн бүгүн Дүйнөнүн Күзгүсү ачык болчу. Акылдуусу жана акылсызы, жашы да, карысы, жакшысы менен жаманы, бардыгы алардын көзүн ачты. Бир гана бүгүн, алар өздөрүнө ата-эне табуусу керек. — Мөөнөт бүттү, силердин чечимиңерди угууга даярмын, сен биринчи, Лучик, — деген периштенин үнү чыкты. — О, мен тээтиги жаш жубайларды тандайм. Алар бири-бирин абдан сүйүшөт. Мени да ошончолук жакшы көрүү […]

Нуралы КАПАРОВ: Досума кат

(Ш. Дүйшеевге) I Теңтуштарың жаныңда Шакелешип, тентектериң артыңда акелешип, көрдүң далай төгүлгөн ини сыйын, көрдүң далай агылган ага сыйын, сыйдан бүткөн бул дүйнө сага кымбат, бул дүйнөнү тышташың сага кыйын!   Саткындарды көп көрдүм шарактаган, акмактарды көп көрдүм карактаган, таяк жедим көбүнөн, таяктадым, кармаш менен башталып кайран өмүр, кармаш менен жаштыкты аяктадым.   Болушунча кармаштым, боройлоттум, бороон болоор кездерде сени ойготтум, бул дүйнөдө жашоомду кыйындатып, бул дүйнөдөн кетүүмдү оңойлоттум…   … Теңтуштарың жаныңда Шакелешип, тентектериң артыңда акелешип, көрдүң далай төгүлгөн […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Жол түгөнбөйт

АҢГЕМЕ Биз мектептен 3-классты бүтүп, жайкы каникулга тараган күнү кечинде апам, чоң энем үчөөбүз чай ичип отурганбыз. Энем башта эле айтып жүрчү оюн апама дагы айтты: – Эми убакыт жетти. Мен да көр оозунда турам. Неберемди көзүмдүн тирүүсүндө атасы жоктой кылбай үйлөнтүп коёюн. Кана, Сабира, кимдин кызын алып берсек? – Шаарда окуп жүргөнүнө эки жыл болуп калды. Нуржан өзү бирге окуган кыздарынын бирөө-жарымы менен сүйлөшүп жүргөндүр. – Эмне-е!!! – Энем чакчая апамды карады. Мен неберемди кадым-каадасы менен үйлөнтөм. –Апа, апа […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Анын чыгармалары жоргонун жүрүшүн элестетет…

Мурзаш Аширбеков, экөөбүз, илгеркиче айтканда бир колхоздон болобуз. Колхозубуздун аты да компартия жыттанып турчу – «Ленинизм» деп, ошол колхоздун үч участкасы болор эле: Кызыл-Аскер, Ленин, Съезд деген, булар да ыраматылык социализм заманынын ысымдары эмес беле. Ошентип, биз коммунизмди курабыз дегенбиз да. Кызыл-Аскердин түпкү аты – Куу-Майдан, биздики болсо – Съезд, азыр эми ал атын экиге бөлүп Шанкол жана Котур-Булак дейбиз, эки сайдын арасы, тоонун түбү. Аширбековдун документтеги аты Мурзаш, айылдыктар да Мурзаш дешет, эмнегедир кийин чыгармаларында ысымын Мырзаш деп бериптир, […]