ПРИТЧА

Бүгүн алар чогуу даярданып жатышты. Бул алардын күнү болчу. Жоопкерчиликтүү жана таң калыштуу күн эле. Кереметке айланган күн эле. Дал ошолор үчүн бүгүн Дүйнөнүн Күзгүсү ачык болчу.

Акылдуусу жана акылсызы, жашы да, карысы, жакшысы менен жаманы, бардыгы алардын көзүн ачты. Бир гана бүгүн, алар өздөрүнө ата-эне табуусу керек.

— Мөөнөт бүттү, силердин чечимиңерди угууга даярмын, сен биринчи, Лучик, — деген периштенин үнү чыкты.

— О, мен тээтиги жаш жубайларды тандайм. Алар бири-бирин абдан сүйүшөт. Мени да ошончолук жакшы көрүү менен кооз кийимдерди кийгизишет деп ишенем, бул керемет эмеспи!

— А сенчи, Резвушка, тандадыңбы?

— Ооба, менин тандоом жөнөкөй, алар төрт кызы бар ата-эне. Кыздарды бирөө коргоо керек. Менин колдорум атама керек, ал жалгыз өзү эркектин жумушун кылып калбасын. Ооба, мен аларга керекмин!

— А сен эмне ыйлап атасың?

— Тээтигилерди көрдүңбү? Алар абдан түрү суук да, жүдөмүш дагы. Алар мага татыктуу ата-эне боло алышпайт, ошондуктан ыйлап атам…

— Буга сен милдеттүү эмессиң!

— А аларга ким кам көрөт, ким аларды жакшы көрөт? Ооба, алар менен болуу мага кыйын, бирок менин сүйүүм аларга кичине болсо да жардамын берет. О, периште, суранам, мен дагы алардын бири болгум келет. Эгер мен күнөөгө малынсам, суранам, менден баш тартып кетпе! Кандай кыйынчылык болбосун кол сунуп жардамыңды бер!

— Бул сенин тандооң! Мага оор болсо да ар дайым сени менен болом. Эстей жүр! А сагачы, Лучик, кимиси жакты? Бөбөк периштени кайгылуу көздөрү менен карап:

— Бул жерде менин апам жок.

— Жок? Ал кайда кеткен?

— Карачы, тээтигини карачы. Кайгырып турган аялды көрдүңбү, ошол менин апам! Ал абдан жалгыз.

— Жок, Лучик, ал сенин апаң боло албайт. Ал картайып калган жалгыз аял… Башкасын изде.

— Мага башкасынын кереги жок! Дал ошол аял мага сүйүү тартуулай алат, а мен аны жалгыздыктан куткарам. Суранам, периште, бир нерсени ойлоп таба калчы!

— Чечимибиз бар, бөбөк! Бирок ал муну аткара албагандыктан чоң тобокел турат. Сен жетим калышың ыктымал. Бул коркунучтуу го?

— Мен макулмун.

— Чындап эле бул аялга макулсуңбу?

— Ооба, суранам, мага жардам бере көр! Бирок эрежелерди ал аткара албагандыктан түшүндө мени менен жолгууга уруксат берчи, бир эле жолу? Жалгыздыктан куурап кетсечи?

Аял үйүнө келди. Үйүндө аны эч ким деле тосуп чыккан жок. Подъезддин алдында эл толуп турган. Алардын жанына өтүп кеткиси келгени менен эмнегедир токтоп калды.

— Нюрка, шалаакы, эмнени ойлоп таптың?

— Ырас, ал энеби, өзү бала го?

Аял Нюрканы жакшы таанычу, мектепте өзү окуткан, эми анын боюнда бар экенин туйду.

— Ал эмне деп чечти?

— Баланы калтырууну чечиптир. Баладан баш тартуу…

Аял үйүнө кирип, адатынча тынчтыкка бөлөнгөн бөлмөдө отурду.

— Апа, мен үйдөмүн!- деп телефон менен сүйлөшүп, дептердин жанына отурду.

— Апа, апа, мен сени тандап жаңылган жокмун!

Аял кайрадан жумушка барып, адатынча окуучулардан ар нерсени сурап жатты.

— Апа, биздин кыялдарыбыз кандай? Биздин сейилдөөбүзчү? Китептерди мага ким окуп берет? Дайыма жоготуп жүргөн көз айнегиңди ким таап берет? Сен мунун баарын чийип сала албайсың, Апа, апа!

Аял үйүнө чуркап, шашып келди.

— Нюрочка, Нюра! Мен…Мага… Мен аны сүйүп алам, таарынтпайм…

Дүйнөнүн терезеси кайрадан жабылды. Периште жеңилдеп алган соң чоң дем алып алды. Баардыгы ойдогудай болду!

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.