(Ш. Дүйшеевге)

I

Теңтуштарың жаныңда Шакелешип,

тентектериң артыңда акелешип,

көрдүң далай төгүлгөн ини сыйын,

көрдүң далай агылган ага сыйын,

сыйдан бүткөн бул дүйнө сага кымбат,

бул дүйнөнү тышташың сага кыйын!

 

Саткындарды көп көрдүм шарактаган,

акмактарды көп көрдүм карактаган,

таяк жедим көбүнөн, таяктадым,

кармаш менен башталып кайран өмүр,

кармаш менен жаштыкты аяктадым.

 

Болушунча кармаштым, боройлоттум,

бороон болоор кездерде сени ойготтум,

бул дүйнөдө жашоомду кыйындатып,

бул дүйнөдөн кетүүмдү оңойлоттум…

 

… Теңтуштарың жаныңда Шакелешип,

тентектериң артыңда акелешип,

көрдүң далай төгүлгөн ини сыйын,

көрдүң далай агылган ага сыйын,

сыйдан бүткөн бул дүйнө сага кымбат,

бул дүйнөнү тышташың сага кыйын!

 

II

Кармашта кол башчыга, ханга айланып,

кара жаан жерге түшпөй карга айланып,

кынына кылыч кирбес жоокерим,

күтүүсүз кучак жайган жанга айланып,

боорунан таш алдырган боорукерим.

 

Атанын, эненин да мээрин көрбөй,

баладай эркелебей чала бойдон.

Жаандан үмүт үзбөй жаткан чөлдөй,

жетимиш жеткичекти бала бойдон.

 

Маңдайлаш чыга калып сыйлашканда

шаарыңды төркү үйүңдөй тебелеген,

Теңирдин берген күчү туйлатканда

тентеги ашып түшөөр небереңен.

 

Береним жетим өскөн, эркин өскөн,

береним сууну кечкен, өрттү кечкен,

буюккан тоо бүркүттөй бура тартып,

Нарынга батпай калып Бишкек көчкөн.

 

Атагың асман-жерди дүңгүрөткөн,

аймакты жарып өткөн чагылгансың,

кыйырың чеги чексиз бүлбүл эткен,

тулпарым, шумкарымсың, табылгамсың.

 

Калтырбай ой кербенин кечээ күнгө

поюздай болот жолун шарактатып,

жетем деп сенин түпкү өзөгүңө

батмандап миң-миллион барак жаздым.

 

Кыдырып гүл бакчаңды, өрөөнүңдү

себеп көп кубанууга, сүйүнүүгө,

таптым мен сенин түпкү тереңиңди,

көз жетпей койду бирок бийигиңе.

 

Кыдырдым кең таалааңды, кычыгыңды,

кыдырдым деңизиңди, кысыгыңды,

лабиринттей туптунук муздарыңды,

лавалардай батташкан ысыгыңды.

 

…Кычыраган кышымсың, бороонумсуң,

береримсиң, алаарым, тоноорумсуң,

бирде байкуш жер биттей жер менен жер,

бирде бийик тактыда королумсуң.

 

Асман-жерге батпаган шамалымсың,

арга кетсе жол табаар амалымсың,

береринде берешен бапыраган,

алаарында кысылган сараңымсың.

 

Өлбөстүккө таштаган алп арышың,

ырлар менен узарткан тирүү чегин,

башым ийип байке дээр залкарымсың,

он жаш улуу өзүмөн… иничегим.

 

Жаркылдаган жан бирге жаз айымсың,

кирген суудай оонаган жапайымсың,

жагылганда жалындап кошо өрттөнүп,

жаңылганда жегизээр сазайымсың.

 

Алдыдасың, ортодо, катарымсың,

январым, февраль – баш айымсың,

арыласаң алп акын Пушкинимсиң,

берилесең Байдылда, Атайымсың…

 

Совет адамы

Кетип жатат, кетип жатат,

чет-четинен кетип жатат асылдарым,

кетип жатат карысы, жашылдарым,

бир бирине бир тууган күйгөндөрүм,

бирин бири чын сыйлап сүйгөндөрүм,

өмүр бою илим-билим жыйгандарым,

биригишип бир уяга сыйгандарым.

 

Өтүп жатат, өтүп жатат кайрандарым,

чөнтөгүндө ашыкча он сому жок,

өтүк кийип бутуна оң-солу жок,

тартибине советтин көнгөндөрүм,

урмат-сыйга татыбай тирүүлөрү

урмат-сыйга бөлөгөн өлгөндөрүн.

 

Өскөн элге жасаган бурулушту,

өтүп жатат өтүкчү, курулушчу,

ар бир сөздү маанилеп сүйлөгөндөр,

бириктирип кыргызды бийлегендер,

өмүр бою күйгөндөр, күйбөгөндөр…

 

Тоо суусундай шар аккан жолдууларым,

Кудай жок деп окуган шордууларым,

ВУЗду бүткөн, ТЮЗ бүткөн кайрандарым,

өрттү кечкен, кан кечкен ойрондорум,

шаар салган, ГЭС салган берендерим,

кара баштын камында – тайыздарым,

калың калктын камында – тереңдерим.

 

Бакыт издеп, бак издеп «күт!» дегендер,

кымыз сатпай, сүт сатпай «түш!» дегендер,

карга болуп кой багып кыраңдарда,

улар болуп уй багып биттегендер.

 

Бир сөз айтпай бардыгын билем деген,

илимиңди илмийтип соруп бүтүп,

билимиңди мингендер килеңдеген.

 

Туңгуюктун дүйнөсүн ачамын деп,

күнү-түнү түрүнүп тирешкендер,

жылдызыңды таруудай чачамын деп,

океанды оонатып күрөшкөндөр.

 

Өтүп жатат советтик берендерим,

тоодой бийик, деңиздей тереңдерим,

Лениндин жолунда түз жүрө албай,

Сталиндин камчысын жегендерим.

 

Агаларым асылдар, аталарым,

адам сүйгөн акактай тазаларым,

алоо отко бир жанын кактагандар,

адам атын чын бийик сактагандар

өтүп жатат өмүрүн толкун сүрүп,

совет доордун кулуну – жакшы адамдар.

 

* * *

Тонолгон машинадай

жүрбөй турган,

Суу кошкон бензин өңдүү

күйбөй турган,

Таланган шаар окшоп,

ташталган кыштактардай

кереги жок.

Тартылган деңиз өңдүү тереңи жок,

Күлүктөй камчы жеген –

кареги жок.

Жалгызмын

чыкпай калган гезит менен

көчөсүз, телефонсуз, дареги жок…

 

* * *

От көрдүм күйө албаган,

очорулуп очогунан туралбаган…

 

Жаз күнүн жайкы күнгө алмашалбай,

күндө жаан каргашадай.

Диртилдеп канат каккан жалын жансыз,

жалбырттап жармашалбай,

жарымы суу отун менен кармашалбай.

 

Кемеге. Көз ачышат. Ачуу түтүн,

канчалык жумшаса да бардык күчүн,

муздак күл жылып койбой үтүрөйгөн,

казандын мелт-калт суусу мисирейген,

аба ным, шүүдүрүм чөп, шамал, туман…

Чабандын эски тамы бүкүрөйгөн.

Көк дөбөт тумшук катып үлүрөйгөн.

Ат мамы. Аңгыраган-шаңгыраган

боз айгыр демейкиден кичирейген.

Ооналактап от ооруйт,

түтүн бурайт.

Дүйнө суз. Жашым кулайт, жамгыр кулайт.

Майда жаан, майда жашоо жолун улайт…

 

КЕҢЕШ

Конькини жаңы тепкен жаш баладай

ийреңдеп ийри-муйру из калтырып,

кылтылдап жыгылчудай карманалбай,

жаз-жайды жашыл бойдон бүт калтырып,

кеч күздө бышпай калган алмалардай

ырыңдын жайын сурап турган кезиң

бирикпей, бир мааниге айланалбай,

жупташпай,  жуурулушпай жугуму жок

тим гана тизип салган тамгалардай,

жеталбай жетем деген мерчемине,

өсө албай өсөм деген өлчөмүнө,

калганын сураптырсың,

айтаарым бу:

сен канча ыр жазам деп азаптанба,

турмуштун чын азабын тартпай туруп,

ыр жазуу азабыраак азаптан да.

 

Жонуңан кайыш тилип камчылашып

баштаса бет келишип жанчышмайын,

турмуштун тоң жеринде салгылашып,

мурдуңан кара кочкул кан чыкмайын,

жылуудан, жумшагыңан чыга качып,

катуунун калтегинен кагылмайын,

бороондо, ызгаарыңда жылаңайлак

ой-тоодон арга издеп ак урмайын,

азапка, тозокко да туш келгенде

турмуштун чын маанисин толгой кармап,

жакшыны, жаманды да бүт жеңгенде

жыргалдуу жылдарыңан жылып келип,

азаптуу кездериңен агып келип,

өкүттүү өзөгүңдү жарып келип,

сызылып чыгат ырлар жүлүнүңөн,

кан үрөп какшап турган тилегиңен,

чыныгы чыгат ырлар атырылып

мыкчылып муң көтөргөн жүрөгүңөн!

 

Албетте сүйүүнү да унутпагын,

аралап ай-жылдызын, булуттарын,

сулууну соолугуча сүйүп калгын,

сулуу үчүн күл болгуча күйүп-жангын,

сүйүүгө мажунун бол,

башың жогот,

жетсең жет, жетпей калсаң арга канча,

көзүңө кан аралаш жашың толот,

түбөлүк чын сүйүүнүн муңун айткан

жүрөккө чын сүйүүнүн ыры конот.

 

 

Шарт ушу: дос да күткүн,

кас да күткүн,

оңколоп отко түшкүн, сууга түшкүн,

турмуштун айланыштуу азабын тарт,

турмушта өзүң куугун, өзүң качкын,

жашоодо өзүң туткун, өзүң баскын,

тагдырдын тоңу ээрисе тумчуктурган

бийлиги колго тийет жаркын жаздын,

көңүлдүн көктөп чыгат жашаң чөбү,

башталат жүрөгүңдө жазгы ташкын…

Турмуштун сыноосунан өткөнүң ал:

акыным акын болсоң анан жазгын!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.