Илгери-илгери өткөн бир заманда бир абышка-кемпир жашаптыр. Алардын ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу жалгыз кызы болуптур.

Абышка-кемпир жалгыз кызды эркелетип, бир да жумушка салбай өстүрүшөт. Күзгүдөн чыкпай, даяр оокатка көнгөн кыз жалкоо болуп чоңоёт.

Убакыт деген учкан куш эмеспи. Кыз чоңойгондо күйөөгө беришет. Жашынан жалкоолукка көнгөн кыз айласыздан оокат кылууга мажбур болот. Бирок мойнунан байланган иттей болуп көңүлсүз кыймылдайт. Күйөөсү айтып көрсөтмөйүн эч нерсе кылбай, бар оокаты көрүнгөн жерде чачылып жатканы жаткан.

Бир күнү күйөөсү кап-кап болуп үйүлүлгөн жүндү көрсөтүп:

— Тиги жүндөн ийирип, таар согуп, чепкен жасап бер, — дейт.

— Ой, байым, жип ийирейин десем ийигим жок, өрмөк сокконго адыргым жок. Андан көрө токойго барып табылгы кесип ийигимди сапта. Ылайыктуу жыгач кесип адыргы жасап бер.

(Балдарым,силерге түшүнүктүү болсун үчүн айта кетейин.Илгери азыркыдай даяр кездеме жок, бардыгын өз колдору менен жасашкан. Ийик дегени жумшак калып таштан же коргошундан ортосун тешик кылып жасап алышат. Ага табылгы деген бекем, ийилчээк өңү кызыл бадал сыяктуу жыгачтан же башка катуу жыгачтан эки карыштай ичке, түз бутагынан жасалган таякчаны тешигине киргизип саптап коюучу.

Чоң энелерибиз жүндү ичкертип алып, анан ийикке саптачу. Ийикти чимирилтип жип ийричү. Ал жиптерди боёкко салып түрдүү кооз жиптерди алышчу. Ал эми адыргы дегени өрмөккө салып, жиптерден өрүп таар жасаганда жиптерди тегиздеп, бири-бирине тыгыздоочу. Ал өзү кылычка окшогон, мизи быдыр ала болгон өрмөкчүнүн куралы эле. Ал эми таар болсо өрмөктөн чыккан ошол учурдун калың кооз кездемеси. Таардан кап (мүшөк) жасашкан, чепкен, куржун тигишкен. Жерге салган. Мына балдарым, эми эски сөздөрдү да билип алдыңар.)

Ошентип, күйөөсү балтасын алып токойго жөнөдү. Кургак дарак таап, балтасын көтөрүп чаба турган болгондо бир үн чыгат:

— Эй, адамзат, адыргы алган азыр өлөт, өрмөк соккон үйдө өлөт. Жан керек болсо балтаңды ал да кайра кайт.

Эки жагын караса, эч ким көрүнбөйт. Балтасын кайра шилтээрде баягы үн кайра чыгат:

— Эй, адамзат, адыргы алган азыр өлөт, өрмөк соккон үйдө өлөт дебедимби. Жашоодон тажадыңбы?

Эки жакты карап, бир жан көрбөйт. Элеңдеп коркуп ойлонот: “Адыргы алам деп токойдо өлсөм, өрмөк согом деп аялым үйдө өлсө жакшы эмес го. Кой, ушунчамда кете берейин”, — деп кайра кайтыптыр.

Көрсө, амалдуу аял күйөөсүнө көрүнбөй артынан ээрчип барып, үнүн өзгөртүп, күйөөсүн коркуткан экен. Көрүнбөй үйүнө келип, эч нерсе билбеген киши болуп отуруп калат. Артынан келген күйөөсүнө:

— Ээ ботом, адыргың кана?

— Байбичем, мен токойдон бир сырдуу үн уктум. Адыргы алган анда өлүп, өрмөк соккон мында өлөт дегенинен чочуп албай келдим. Таар чепкен кийем деп экөөбүз тең өлгүчө, жылаңач болсок да аман-эсен жүрөлү, алып кел аркы үйүлгөн жүндү, — деп жүндү алдырып өрттөп жибериптир.

— Рахмат сага Май эне деп машакаттуу көп жумуштан кутулган баягы амалкөй аял оттун ээси Май энеге жалынган экен. Мына балдарым, жалкоо киши бир ишти кылгандан көрө, ал иштен кантип кутулуштун жолун жакшы табат тура. Эрке болбой, жалкоо болбой жакшы өскүлө, берекелерим.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.