№1

Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» деген прозалык китеби (Шайдуллаева Т. «Кызыл өрүк»: аңгемелер, эсселер жана киноповесть. – Б.: «Улуу тоолор», 2017. – 236 б.) чыкканын угарым менен менин элестөөмө башка бир китеп келе калды. Ал Орозбек Айтымбетовдун 1980-жылы чыккан «Кызыл өрүк» деген аңгемелер жыйнагы эле. Анда адабият болуп-толуп, советтик жазуучуларга партиялык камкордук көрүлүп, бир жылда кыргыз жазуучуларынын жүздөн ашык прозалык китептери жарыяланып, элге таратылып турган кез. Айтымбетовдун «Кызыл өрүгү» кыргыз адабиятына жаңы көз караштагы, адабиятты классикалык деңгээлге көтөрө алчу жаш жазуучунун, турмуштун өтө эле көлөкөлүү, ачуу жактарын реалдуу чагылдыра билген автордун келгенин тастыктаган.

Анда А.Саспаев, К.Жусупов, К.Жусубалиев, А.Жакыпбеков, М.Байжиев, К.Акматов сыяктуу «алтымышынчылардын» аңгемедеги илеби бир аз сууп,  бир тобу роман, повесть, пьеса жанрларына көчүп, чакан жанрдын мурдагы «буму» өчүп аткан кез. Ошол «Кызыл өрүк» топтому, андагы «Бүтпөгөн ыр», «Жымжырт шаар», өзгөчө «Ак чыйыр» деген аңгемелери окурман катары мага өзгөчө таасир эткен. Бирок кийин О.Айтымбетов тарых кууп кетип, «Кара кыргыздары» менен алектенип, аңгеме талаасын ээн калтырды.

Ошондон кийин кыргыз аңгеме казанын Ж.Жапиев, А.Матисаков, Б.Усубалиев, С.Раев, М.Сабыров ж.б. аңгемечилер өз-өзүнчө толтуруп турду да, жаңы кылым башталып, чакчалекей заман келгенде аңгеме «базарына» баса турган да, окуй турган да кардар жок калып, жанр адабияттын, жалпы эле маданияттын башка салаалары сыяктуу эле терең кризиске кабылды. Ошол терең кризиске тушуккан мезгилде Т.Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» китебинин чыгышы мени аргасыздан кырк жылдай мурдагы О.Айтымбетовдун «Кызыл өрүгүнө» «кыялый саякат» жасатты…

Албетте, эки китептин окшош жагы – экөө тең окурмандардын жана адабий сындын көңүлүн бурдургандыгында, айырмачылыгы – эки автордун эстетикалык көз карашынын, турмушту чагылдыруу диапозонунун эки башка экендигинде, бири шамалдуу шаар Балыкчынын жана анын айланасындагы абрикостуу айылдын адамдарын жазса, экинчиси Баткендин кызыл өрүгүн жана баткенчилердин мүнөз-куйун жазып чыкты. Биринчи автор адабиятка партиялык цензура күч болуп турганда, дал ошол коммунисттик коомдук негативдерин көрсөтүп келсе (Ысык-Көл тууралуу очерктери үчүн партиялык чогулушта сындалган), экинчи автор да социалисттик доордогу жана андан кийинки эгемендүүлүк жылдарындагы негативдерди цензурасыз шарттарда, демократиянын шарданы менен алып чыкты.

Т.Шайдуллаеванын китеби адабият оожаланып турган өткөн кылымдын 60-70-жылдарында чыкканда «көптүн бири катары» көрүнбөй өтө берер беле, анын багы адабият «өлүп», анын акыркы демине бир аз дем берип, оозуна суу куюп турган бири гана «РухЭш» сайты жашап турган учурга туш келгендигинде болду. Китепке кирген аңгемелер жана эсселер адегенде ошол электрондук булак аркылуу да элге жетип турду.

Китептин биринчи бөлүгүнө «Кызыл өрүк» деген циклдеги он алты эссеси кирген. Адегенде окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн эссенин табиятын ачып алсак: «эссе» сөзү француз тилиндеги «тажрыйба», «иштелип бүтпөгөн чыгарма» деген маанилерде болуп, очерктин өзгөчө бир түрү, анда жазуучунун турмуш көрүнүштөрүнөн жаралган ой жүгүртүүлөрү, кыялы берилет да документалдуулук менен адабий көркөмдүлүк бирдей катышып келет.

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында эссе өзүнчө жанр катары XII кылымда Европада пайда болот, анын өзгөчө өнүккөн жери Англия эсептелген. Эссенин стили образдуулугу, сүйлөө речине жакындыгы жана курчтугу менен айырмаланат, анда философия, эстетика, адабий сын, көркөм публицистика аралаш келет. Ф.Франс, бир тууган Манндар, Б.Шоу ж.б. авторлор эссенин эң мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Кыргыз адабиятында эссе деп аталбаганы менен ошол жанрга кирген чыгармалар бир топ эле жазылган. Атайын эссе деген жанрдык белги менен акын Алыкул Осмоновдун тагдыры жана чыгармачылыгы тууралуу Кеңеш Жусуповдун «Ыр сабындагы өмүр», жазуучу, драмачы Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарын ачкан Абдыкерим Муратовдун «Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров» деген чыгармалары жарыяланган.

Т.Шайдуллаеванын эсселерин окуп отуруп, автор бир колхоздун, тагыраагы, Баткен районундагы «Москва» колхозунун тарыхый таржымалын, адамдарынын тагдырларын көркөм баяндар аркылуу ачып бергенин байкайбыз. Демек, бул айрым эсселердеги ретроспекцияларда коллективдештирүү учурлары тууралуу баяндалып кеткенин эске албаганда, баары автордун балалык кезиндеги, б.а., XX кылымдын 60-90-жылдарындагы окуялар, мунун өзү кандайдыр бир даражада бул чыгармаларга автобиографиялык маалыматтардын аралашып келгенин көрсөтөт. Бөлөк-бөлөк эсселер болгону менен аларды бириктирип турган жип бар, ошол жиптин башы 1934-жылдагы дарыя боюндагы айылдын колхозго кириши, мына ошол тарыхый окуянын карапайым бир адамдардын тагдыры аркылуу өтүшү менен башталат. Ошол айылдагы «бою узун, сөөк-саактуу, колдору тарамыштуу, узун, көздөрү күйүп турган», «мандаш урунуп отурганда тизесине койгон колдорунун манжалары жерге чейин тийип, төөгө мингенде буту жерди чийип калган» Бекмат бай «колхоздун суусун ичпеймин, нанын жебеймин» деп айылдан алыс Суу-Башы жайлоосуна кетип калганы турмуштук реалдуулук. Ушул кылыгы үчүн автор каарманын актабайт да, каралабайт да.

Коллективдештирүү темасы – советтик прозада ийнине жете иштелген тема, бул теманы тээ 1932-жылы эле М.Шолохов «Көтөрүлгөн дың» романы менен совет адабиятында, 1937-жылы эле Т.Сыдыкбеков «Кең-Суу» романы менен кыргыз адабиятында өтө бийиктикке жеткире жазышкан. Ошентсе да, совет адабиятында А.Твардовскийдин «Кумурскалар өлкөсүндө», А.Платоновдун «Котлован», «Чевенгур», В.Быковдун «Облава» деген классикалык чыгармалары жазылып тема дагы да тереңделген. Жанагы Т.Шайдуллаева бир айылдын колхоз тарыхын жазып жаткандай Б.Можаев «Мужики и бабы» деген чыгармасында да бир гана Рязанщина деген айылдагы окуялар хроникасын жазып, ошол чакан аймак аркылуу бүт өлкөнүн масшабындагы колективдештирүүнүн оош-кыйышын көрсөтүп берет. Т.Шайдуллаеванын «колхоз эсселеринен» да жалпы эле кыргыз колхоз-совхоздорунун тарыхын биле алабыз.

Жогорудагы «Колхоз» эссесинде Бекмат байдын элден оолак жашап калышына карабай, өрүкзар чөлкөмүндөгү алгачкы колхоз – «Москва» деген ат менен ишин баштайт. «План» деген эсседе ошол колхоздун эт планы толбой раистин буйругу менен келген торпок чогулткучтар Токтожан кемпирдин өлүмтүгүнө деп багып аткан торпогун «оозунан көбүгү чыгып кыйналып», «оромолу башынан түшүп»: «мени сой да, анан алып кет торпогуңду» дегенине карабай тартып алган окуяны аябай таасирдүү, трагедиялуу баяндап берет. Социализмдин катачылыгы да, катуулугу да «Ополномочун» эссесинде жумшак юмор менен чымчыланат. Мындай юмор «Тандалган аңгемелер» бөлүмүндөгү «Доктур», «Молдо», «Кантор катын», «Прокурор» деген чыгармаларында да улантылат.

Ал доордун дагы бир элеси «Коммунизм оттору» аттуу аңгемеге сиңдирилген. «Жүрөгүбүз, жүрөгүбүз, коммунизм менен жалындай» деп «Кыргызстан отторун» хор менен ырдаган муундун жеке жашоосу, пендечилик турмушу жоктой, алар коммунизмди куруу үчүн колхозго күнү-түнү иштешип, мал багып, чөп чаап, тамеки тизип, аз гана айлык алып, ошонусуна ыраазы болуп жүрүшөт. Алардын бири Т.Шайдуллаеванын каарманы – жаш келин бригаттан коркуп, ооруп аткан баласынын жанында тура албай же суранып догдурга алып бара албай колхоз чөбүнө кетип, түшкү тамакка балдар багылган «Талаа станына» келсе, ал жердегилер «Келинди жолунан тосуп эки билегинен кармап угузушту: «Кичинекейиң учуп кетти, кайрат кыл…» Муну уккан келин бир бакырып алды дейсиз, учу-кыйырсыз ысыкта мемиреп жаткан тынч талаа «дүң» деди. Келин чөптү колдору менен аймап жерге сулап жатып калды. Аны тегеренген аялдар бири колунан, бири бутунан, бири башынан кармап, жөлөп-таяп, көтөрүп сөөрүгө алып келишти. Бетине муздак суу чачышты. Бир аз эсине келген келин чарчап калган наристесин көтөргөн бойдон атып айылды көздөй жөнөдү». Мына ушул бир келиндин, анын жашабай калган наристесинин тагдыры социализм доорундагы колхозчулардын жалпы тагдырынын типтүү көрүнүшүн чагылдарат.

Автор өзү катышкан жана өткөн кылымдын экинчи жарымында жашаган муун жакшы билген колхоз хронологиялары кийинки эсселерлерде улам бир-бирден ачылып барат: коргондорду сүздүрүп, ордуна рещетка койдуруу; алгачкы комсомолдук той; колхоз клубу; колхоз кызыл үйү; шайлоо; айылга келген лөлүлөр ж.б.

Анын турмушту ар тараптуу чагылдырышына, адамдардын түрдүү катмарын көрө алышына узак жылдардан бери аркалап келе жаткан кесиби – социологдугу да, аялдар темасына көп кайрылышына гендердик саясат боюнча өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышып жатышы да  таасирин тийгизген сыяктанат.

Ырас, айрым эсселерде документализм басымдуулук кылып, көркөмдүүлүк артка сүрүлүп калганын эске албаганда колхоз баяндары жалпысынан кызыктуу жазылган, алардын таанытуучулук жана тарбия берүүчүлүк жагы да бааланууга тийиш. Кечээ эле болгон сыяктуу окуяларды бүгүн карасаң – тарых, дал ошол тарых жазуучунун калеминен жандуу чыгармаларга өтүп, бир бүтүндүккө – кыргыз колхоздорунун көркөм летописине айланган, бул керек, кийинки муун үчүн керек.

Соңку жылдарда «Айтыш», «Калемгер» фонддору аңгемелер үчүн конкурстарды жарыялап келет. Мына ошол жарыштарда Элмира Ажыканованын «Боз дүйнө», Абдыкерим Муратовдун «Гаргарчи», Мусакун Сатыбалдиевдин «Көз ирмем», Элдияр Элчибектин «Иззудин» деген аңгемелери жакшы бааларын алды, Низамидин Мурзаев, Абдинаби Дабеков, Ризван Исмаилова, Кубанычбек Аркабаев, Насыпбек Асанбаев дегендей авторлордун аңгемелери менен тааныштык. Мына ушул аңгемечилердин сап башында Топчугүл Шайдуллаева жүрдү. Жогорудагы, эгер ушундай атоого мүмкүн болсо «жыйырма биринчилердин экинчи он жылдыгындагылардын» окшош оорусу бар, алар: көркөм ойлоолорунун стеоротиптүүлүгүнөн улам каармандарынын жана образдарынын, турмушту чагылдыруу ыкмаларынын окшошуп калышы; тилдик байлыктарынын улам азайып, чектелип баратышы. Ошол эле кезде алардын оң жактары да көрүнөт, ал: редакторлордун жана рецензенттердин, басманын көзөмөлү жоктугунан ар кимиси өз айылынын тилин батыл колдонуп жатышы, бул болсо, сөз жок, адабий тилдин байышына эң башкы булактардын бири болуп берет; экинчиси, социализм учурунда турмуштан жолу болбой, элден бөлүнүп калган, адамдар арасында, коомдо баа-баркы жок, майда, билинбеген пассивдүү каармандарды жазууга тымызын тыюу салынса (А.Саспаевдин «Сарала ит», Н.Сайдуллаевдин «Муса ава» аңгемелерин эстеңиз) эми дал ошондой каармандар авансценага чыкты.

Жогоруда бүгүнкү аңгемечилердин тилдик булактары тууралуу айтып өттүк. Бул өңүттөн караганда Т.Шайдуллаеванын да баткенчилердин лексикасын («каксоо», «даш», «чарпая», «жүк», «паркант», «пул», «этек», «саар», «жөөк», «панжара», «пешайван», «сөрү», «чилдирман», «идара», «кадакчы», «карасаң», «кисаапыр», «дүт», «орунча», «тана» ж.б.) ыктуу колдоно билгени кубаттоого татыйт.

Анын «Чыныгүл», «Долу» аңгемелери адабий сында да, окурмандар чөйрөсүндө да жакшы баага арзып келген. Буга «Орунча» деген аңгемени да кошууга болот. Бул чыгармаларда турмуш абдан кылдат изилденген, аялдардын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү бекем гармонияда тартылган, түштүктүк аялзатынын психологиясы, табышмактуу татаал да, сырдуу да жашоосу дал ошол баткендик колорит, баткендик фон менен ишенимдүү берилет.

Жазуучунун аңгемелериндеги маңыздуу стилдик ыкма – контрасттуу бүтүмгө келүү, финалда эки каармандын эки жээкте калышы же бир эле окуянын эки түрдүү концовкасы. Мисалы, «Абысындар», «Көр казгыч» деген аңгемелер ушундай эки уюлдагы окуя-кырдаалдарды көрсөткөндүгү менен кызыктуу да, таасирдүү да.

Ошондой эле символикалуу образдарды да жакшы пайдаланат, мисалы, «Кара туман» деген аңгемеде бир күнү айылды кара туман каптайт, элдин баары караңгыда калат, бир гана жалгыз бой, эки көзү азиз келин туманды билбеди, өзү менен байланышып жүргөн кошунасы Эргеш жылуулук алып келип, төшөгүн жылытып кетмек. Шарп-шурп эткен дабыштан улам азиз келин: «Эргеш, сенсиңби? Эрте келдиң го, абайла, мен төшөктөмүн» дейт келген караанга. Ал Эргеш эмес эле ширеңке сурап келген Эргештин аялы Сайра болчу. Ушул окуяны баяндап келип автор аңгемесинин финалын: «…алааматтай болгон бул күн бир үй-бүлөнү чырга толтуруп, бир керилген сулуу келиндин көкүрөгүнө кетпес туман түшүрүп, бактысын колунан жулуп кетти», — деп бүтүрөт. Кара туман айылдан кетти, бир кара туман бир адамдын дилине кирип келди. Символ, жакшы табылган көркөм параллель.

Эл арасында, өзгөчө Баткендин Бужум айылында колдонулган «кара жаздык», «кантор катын», «Өрүк-Эне» деген ылакапка айланган адамдардын тагдырын бөлүп алып, ошолорду жалпыланган образ деңгээлине көтөрүп чыгат.

Китепке кирген көпчүлүк аңгемелерге мүнөздүү көрүнүш – сюжеттеринин кыскалагы, композициялык структураларынын жыйнактуулугу, ойлорунун контрасттуулугу.

Жалпысынан, Т.Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» жыйнагы турмуш көрүнүштөрүн, адам жана коом тагдырын аялдык, энелик көз менен сүрөткерлерче караган китеп болуптур…

Конкурстун жобосу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.