ЭТЮД

Өмүрүмдөгү эң урунттуу, эң таттуу учур — балалыгым болду. Биздин балалык Советтер Союзунун акыркы 10-15-жылын ичине камтыды. Сексенинчи жылдардын ичи балалыгымдын бал ширин учуру эле. Ошол кезде үйдө төрт кыз бар болчубуз. Улуу эжелерим турмушка чыккан, бир агамды армиядан кийин таэнемдер колуна алып, бир агам шаарда жашачу.

Удаа төрөлгөн төрт кыз үй жумуштарынын баарын аткарчубуз. Мен эркек болууну самачумун, көйнөк кийбей ыйлачумун. Узун көйнөк кийгизип койсо “мени кыз кылбагыла, баары бир кыз болбойм” деп көйнөктүн этегин шымымдын ичине ныгырчумун. Атам мектепте мугалим, апам бала-бакчада тарбиячы болчу. Огородубуздун нары жагы 9 га алма багы, андан өйдөрөөгү саз болчу. Саздын наркы этегинде мүрзө турчу. ХIХ кылымдын 1860-жылдарынан баштап тынбай келе баштаган орустар ХХ кылымда Ысык-Көлдө биротоло өз таасирин тийгизип турган кез экен азыр ойлосом.

Ар бир дүкөндө “Русская водка” суудай агылчу. Арактардын башкача аталаарын билбептирбиз, бир эле ушул арак өтүмдүү болчу. Ыраматылык атам жумуштан келгенден кийин же дем алыш күндөрү алма бакта кошунасы Ашым ата менен эң даамдуу ак алмалардын сыртын макиси менен аарчып отуруп, ойноп жүргөн мени чакырып, апамдан каткан 5сом,.30 тыйынын берип, аракка жумшачу.

Ал кезде азыркыдай пакеттер жок, жиптен токулган сеткалар болчу, эмне көтөрүп келатканыңдын баары көрүнүп турчу. Тешик сеткага “Русская водканы” көтөрүп келчүмүн. Алар шашпай сүйлөшүп отуруп арагына алманы закуска кылышчу. Ошондогу беш кыры бар сары алмаларды азыр негедир эч жерден көрбөйм.

Эркек болууну самагандыктан чачымды да тасырайтып кырдырып алчумун. Эркектер кечкисин мал тоскончо деп биздин үйдүн жанына келип, сүйлөшүп калышканда Зарлык атага чуркап барып, чачымды шыпырып салышын суранчумун. Ал куруна байлап алган устарасын алып чыгып, шылдырап агып жаткан суудан кочуштап алып чачымды суулап, кырып салчу.

Кошуна Ашым атанын аялы Кишим апа болчу. Тентек балдар алардын жанынан өткөн сайын “ичим ий, Кишим, тишим ий Кишим”, “башым ий, Ашым” деп ооруп аткан кишидей болуп тийише берчүбүз. Бир айтып бир койбой, аларды көргөн сайын ушул сөздөрдү айтып, ичибизди, же тишибизди, же башыбызды басып калар элек.

Өйдөкү көчөдө Койчукен ата да жашачу. Аны да “баланча антип койчу экен, түкүнчө тигинтип койчу экен” деп сүйлөнүп өтчүбүз. Жарыктык кишилер, биздин ал кылыгыбызга эчтеке деп унчугушчу эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.