Беларус жомогу: Бай менен жомокчу

Бир бай жомок укканды абыдан жакшы көрчү экен. Ага жомокту канчалык апырта айтышса деле баарына ишене берчү дешет. Ошентип жүрүп ал бир күнү өзү ишенбегидей жомок уккусу келип: — Кимде ким “калп айтасың!”- деп мен ишенбей турган жомок айтып берсе, ага бир табак алтын берем”, — дейт. Көптөр жомок айтат, бирок байдын алтынын ала алышпайт. Бир күнү Янка аттуу жомокчу байга келет. — Байым, алтыныңды чоңурак табакка толтура сал, мен аны алып кеткене келдим. Бай табакка алтынын үймө салып, өзү […]

Түркмөндөрдүн Высоцкийи саналган Шералынын өлгөн күнү жана кыргыз интеллигенциясынын абийри жөнүндө сөз

«Россиянын бүгүнкү аянычтуу акыбалга жеткенин орус интеллигенциясынын абийрине койчу маселе». Андрей КОНЧАЛОВСКИЙ Өткөн жылы 11-октябрь күнү Түркмөнстандын диссидент-акыны Шералы Нурмурадов 71 жашында жарык дүйнөдөн өткөнү белгилүү. Алгач тагдыры катаал Ш.Нурмурадов туурасында 2004-жылы Амирбек Азам уулу даярдаган «Азаттык» радиосундагы интервьюсу кыргыз коомчулугунун чоң кызыгуусун жараткан эле. Интервьюда диссидент-акындын: «Дүйнө жүзүндө канча миңдеген жолдор бар, бирок тилекке каршы, мени ошол жолдордун бирөөсү да Мекениме алып барбайт!» дегени кимге кандай билбейм, а мага өзгөчө таасир эткен. Ошондон тарта бул акындын чыгармачылык тагдырына болгон […]

Дилазык: Жамгыр менен күн

ПРИТЧА Бир аялдын эки уулу болуптур. Улуусу кол чатыр сатса, кичүүсү кездемелерди боёкко салчу экен. Эгер күн чайыттай ачык болсо кол чатыр сатып алган кардарлар жок үчүн улуу уулунун иши токтоп калчу дешет. Эгер жамгыр жааса кичүү уулунун кездемелери кургабай турган болот. Ал эми энесинин жашоосу кайгылуу жана үмүтсүз эле. Бир күнү ал акылман адамды жолуктуруп, акыл насаат алды. Ошондон кийин ал аял күн жааса улуу уулунун,  күн ачылса кичүү уулунун жүрүп жаткан ишине кубана баштады. Жашоодо жакшы нерселерге көңүл […]

Халил ЖЕБРАН: Балдарыңызга чексиз сүйүүңүздү жеткире аласыз, бирок оюңузду жеткире албайсыз

Арабдардын залкар философу жана жазуучусу Жебран Халил Жебран “Пайгамбар” аттуу китеби менен атак-даңкка жеткен. Бул китеп жүздөн ашуун тилдерге которулуп, баардык замандын эң кадырлуу китептеринин катарын толуктаган. Ошондой эле дүйнө боюнча биринчи бешиликке илинген. Ливандык ойчулдун аталган китебинен башка китептеринде да чоңдор менен балдардын ымаласы жөнүндө кыска жана нуска айтылган учкул сөздөрү арбын кездешет. * * * Сиздин балдарыңыз – сиздики эмес. Алар уланууну көксөгөн жашоонун уул-кыздары. Алар сизден жаралбайт, болгону сиз аркылуу жаралат. Алар сиз менен дайым бирге болсо […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Көңүл калуу

АҢГЕМЕ Түнүндө немистин самолеттору кыштакты бомбулады. Эл кыйсыпыр түшүп калды. Бир-эки үй аман калыптыр, калгандары жер менен жексен болуп, чаңы көккө учуп талкаланды, өрттөндү, бузулду. Өлүктөр аралашып калыптыр: адамдар, уйлар, чочколор, иттер, канаттуулар, баарынын боткосу чыгыптыр. Чала өлүк, жарадарларды эртеменен өзүнчө, бөлөк алып кетишти.Соо калгандары стансага чейин өздөрү барышып, аерден поездге салышкан. Фронттун чегинен өткүчө вагондор улам чиркеле берип, баш-аягы капкайда созулуп кетти. Поездегилер: балалуу аялдар, кыздар, кемпирлер, чалдар, жаш балдар, анан бирин серин аскер курагындагы эркектер. Фронттун чегинен өткөндөн […]

Амирбек АЗАМ уулу: Мекени өгөйлөгөн Ширалы

Кээде жашоонун ташпүшү желкеден жерге ныгырып, ооздон көк түтүн буркурап турганда Ширалынын* ырларын окумай адатым бар. Себеби, анын ырлары Батыштын жашоосуна, социологдордун тили менен айтканда, маданий жана психологиялык жактан интеграцияланганы менен балалыгы жана жигит курагы кыялында өткөн чөйрөгө улам-улам кайрылып, шаракташып чогуу өскөн жоро-жолдоштору менен бака-шака сүйлөшө албаганына, эне тилинин атмосферасына балыктай чумкуп кетпегенине жаны кейип жүргөн адамдын абалын көз алдыңа кинодой кылып тартып, өзүңдү түшүнүүгө көмөктөшөт. Ал чөйрөгө сүңгүү үчүн чоңдугу алакандай, калыңдыгы жети-сегиз чабатыдай болгон көк тыштуу китепти […]