Кээде жашоонун ташпүшү желкеден жерге ныгырып, ооздон көк түтүн буркурап турганда Ширалынын* ырларын окумай адатым бар. Себеби, анын ырлары Батыштын жашоосуна, социологдордун тили менен айтканда, маданий жана психологиялык жактан интеграцияланганы менен балалыгы жана жигит курагы кыялында өткөн чөйрөгө улам-улам кайрылып, шаракташып чогуу өскөн жоро-жолдоштору менен бака-шака сүйлөшө албаганына, эне тилинин атмосферасына балыктай чумкуп кетпегенине жаны кейип жүргөн адамдын абалын көз алдыңа кинодой кылып тартып, өзүңдү түшүнүүгө көмөктөшөт.

Ал чөйрөгө сүңгүү үчүн чоңдугу алакандай, калыңдыгы жети-сегиз чабатыдай болгон көк тыштуу китепти ачам. Ал китеп 1997-жылы 20 миң нуска менен орус тилинде Швециядан чыккан. “Прощай, Родина…” (Кош, Ата журт…) деп аталат. Береги жыйнактагы ырларды окуп жатып, Ширалыны апасындай сагынткан жана Күнгө баргек өрүктөй какталган Түркмөнстанына экинчи кайрылып барбасын, сөөгү ага башпаанек берген Швециянын нымдуу топурагын жастанып каларын билген деп ойлойм өзүмчө.

Узакка эмес күн жарк этип тагдырда:
Кайра сунуп капкандагы татууну…
Кантип эле мени өгөйсүп Мекеним,
Кантип эле болуп калдым жат уулу?!

Алдагы саптарды Ширалы Нурмурадов 1996-жылы 30-январда Стокольмдо жазган. Бул убакта табияты желдей эркин акын конвойдун коштоосунда Ашхабад менен кош айтышып кеткенине беш жыл болуп калган. Эмнеге конвой? Себеби Ширалы 1998-жылдан баштап “төбөлсүздүк”, “улуттук кадр саясаты жүргүзүлсүн”, “эски партиялык кадрлар ротация болсун” деп советтик Түркмөнстандын партиялык төбөлдөрүнүн түн уйкусун бузган улуттук интеллигенциянын алдыңы катарында жүргөн. Ал ошондой эле 1989-жылы түзүлгөн бейрасмий элдик кыймыл “Агзыбирликтин” башкармалыгынын мүчөсү болчу. Акындын мындай позициясы, албарс кылычтай курч ырлары, эл арасындагы популярдуулугу КПССтин Түркмөн ССРиндеги “биринчи секретарь” даражасындагы вассалы — Сапармурад Ниязовго жакпайт.

Ошого тили устарадай курч акынды Түркмөнстандын болочокку саркери Сапармурад Ниязов жалгама жалаа токутуп (тааныштарына борчун кайтарбай жүрөт деген), 1991-жылы 7 жылга кестирип жиберет. Кийин ал мөөнөт кыскартылат. Ушундан улам мекени төбөлсүздүк алганда Ширалы Россиянын Саратов облусунда абакта отурган. Москвадан күнкорсуз Түркмөнстандын эски-жаңы жетекчилиги акын уулун өгөйдөн бетер жерип, тагдырына кол шилтеп салат. Анткени акын горбачёвдук “кайра куруу” жылдары жазган саясый памфлеттерди түркмөндөр бири биринен көчүрүп алышып, колдон колго беришип, республиканын жетекчилеринин бөтөгөсүндө көк таштай отурган.

Андрей Вознесенский баш болгон орус интеллигенциясы Ширалы эркиндикке чыгарылсын деп, Москвада дембе-дем үн кагып жатып, түркмөн акыны абактан чыгарылат. Бирок акын Москвада көпкө тура албайт. Анткени анын өмүрүнө орус бийликтери кепилдик бергиси келбейт. Түркмөнстандын коопсуздук кызматтарынын агенттери артынан акмалап калганын билген Ширалы 1995-жылы Швецияга аргасыз чыгып кетет. Акындын ырлары, түз айтканда, ойлору бу учурда ырасмий Кремлдин да гашына тийип калган. Ошонда ал:

Бөрк алуучу аксымдарга Мекенимдин ариети таланды.
Тааный албас өзү дагы нарксыз чыккан аларды.

Эсмаң. Маңкурт. Жердин бетин чукулаган курттардай…
Эдип болду Кремилдин чопулдатып эмчек уузун жуткандан…

Беткап кийген баш кесерлер чыкты сойлоп каяктан,
түнү жорткон ууруларча шыкаалап туш тараптан. 

Жулуп-жулкуп. Ээлек кылмай. Тыйуу салуу жазалап.
Кысмакка алып коркутушуп. Төбөлдүк күч азанап!

Бир колунда май токоч, бир колунда төбө жарчу камчы бар,
Жин урган бу өлкөбүздө санитарга айланышты аңчылар.

Санитар не, доктур эмес. Оорулуудан коркунучтуу ал түгөт!
Темир кишен нуру жарк-журк тийсе көзгө дал тийет.

Май токочуң түгөгөндө, камчы күүсү октон бетер ышкырат,
а түркмөндүн издегени чындык болбой, нан табам деп иш кылат!

Бирок элим чыдамкай, көнүп бүткөн үндөбөй.
Пешенеге жазганы деп жашай берет кың дебей.

Ширалы “Не царь, но Эдип” деген жогорудагы ырында жаңыдан күнкорсуздук алган өлкөнү Түркмөн башы жана анын табакташтары кайда алып баратканын жазбай көргөн. Бүгүн да башка бир ыр жандуу түркмөн уулу, өлкөнүн мурдакы Тышкы иштер министри Батыр Бердыев абакта отурат. Ал 2002-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Эрктүү Түркмөнстандын биринчи Тышкы иштер министри, турган турпаты менен интеллигент Авды Кулиев Норвегияда бозгунда жүрүп өлдү. Перс, өзбек, орус адабиятынын билерманы, жазуучу Худайберди Халлы (Халлыев) да чейрек кылымдан бери киндик каны тамган жеринде жашоого укугу жок Праганы байыр кылып жүрөт. Түркмөнстандын Улуттук банкынын мурдакы биринчи орун басары, терең билимдүү экономист, эрудит, мекенчил досум Аннадурды Хажиев дээрлик 20 жылдан бери Болгарияда жашайт. Алардын баарынын күнөөсү – эркин ойлонуп, бийлик тууралуу пикирлерин ачык айтып коюшканы.

Багжагай көкүрөк, быжыгый чач, басканда жүгүн улам бир бутуна таштап, аюудай чайпалган Ширалынын тилин түркмөнбашылар менен аркадаглар орто кылымдардагы тейде кесип салса дагы калемин колунан жулуп алалышмак эмес. Себеби Теңирим аны жараткандан чынчыл кылып жараткан экен. Ширалынын чындыкты же көргөнүн жымсалдабай жазганын өзү мага кол жазма түрүндө берген “Детство, которго не было” деген повести күбө. Бул автобиографиялык чыгармада жазуучу өз башынан өткөн ар түркүн окуяларды (китепте авторду ыңгайсыз абалда көрсөткөн сценалар толтура) жаап жашырбай,“мен ушундай ылайдан жасалганмын” деп, өтө көркөмдүү кылып сүрөттөп берет.

Менимче, мындай ачыктык Ширалынын кадыр-баркын төмөндөтпөйт. Тескерисинче, анын чындыкты бетке кармагандан тайманбаган күчтүү адам экенин күбөлөйт. Ширалынын дагы бир өзгөчөлүгү – марттыгы экенин акындын жакын санаалашы Худайберди аке айттып бергени эсимде.

«Ширалы “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы менен штаттан тыш кабарчы катары кызматташып жүрүп, анда-санда Прагага келгенде редакциядагы аялдарга үзбөй гүл көтөрө келчү. Мен бир ирет Стокольмго барганымда, Ширалы мени аэропорттон тосуп алды. Сыртка чыксак, бизди Ширалы дайындап койгон такси күтүп туруптур. Ал жанында сары чакасы жок болсо да, кенен жашаганды жакшы көрчү. Чөнтөгүндө акчасы бар экенде, нак орустун бариндериндей берешен болчу. Швеция жазуучуларынын Пен-клубунун Курт Тухольский атындагы сыйлыгы менен кошо берилген 150 миң швед кронун да дос-тааныштары менен чардап жок кылган. Атүгүл москвалык бир сулууга кымбат баалуу тон сатып бергенин зайыбы Марал даттанып айткан мага. Өздөрү аябай жупуну жашачу”, — деген эле Худайберди аке жаш кезиндеги үлпөттөшү жөнүндө сүйлөшүп отуруп.

Ширалынын колу ачыктыгы сүйүктүү жары Маралга (демек өзүнө да) гана жабыр кылбай, тээ бала кезинде атасына да зыяны тийген экен.

“Атам өз койнунда бапестеп өстүргөн биринчи жылан анын тун уулу же мен болдум. Маңкам мурдумдан куюлуп турган кезде эле дүкөндө сыйкырчыдай укмуштарды жасагам. Атам коңшу жайгашкан ашканага тамактанганы кеткенде, мен өзүмдү дүкөндүн ээси деп билип, сулуу жаш аялдарга жана курдаш кыздарга күнүмдүк турмушка зарыл товарларды жарым баасына саткам. Алтурсун акчасын албай коюп, товарды бекер берчүмүн” деп жазат балалык кездеги бейгамсыздыгын автобиографиялык повестинде. Болочок акындын мындай боорду эзген жоруктары жана аны осол абалда көрсөткөн учурлар береги китепте толтура!!!

Ыраматылык Марал ойлуу, алагар көздөрү чолпондой жанган, жайдары мүнөз, бетин кызыл нур чайган татынакай аял болчу. Өмүрү кыска экен, сүйүп жана бар кемчилигине кайыл деп баш кошкон жарынан эгесине эрте кетип, Ширалыны ботосу өлгөн төөдөй боздотконун акындын калемдеш жакын досу айтат.

Ширалынын жубайы Маралга арналган “Попытка успокоить любимую женщину” деген ыры акындын ала көөдөн эркектик мүнөзүн, кеңдигин шарданалап көрсөтөт десем жанылбайм.

Кысканба.
Уңулдаба кейиштүү.
Сен мени бакчаңдагы
элестеткин
сүйүктүү дарагым деп
жемиштүү.

Жемишке ким кол сунбайт?
Даамы кемип калбайт андан.
Мейли андан аялзаттын
анысы, мунусубу –
бирден үзүп ала берсин.
Мол бакчаң…
Не уңулдап
чач жуласың  –
өзүңкүн да
меникин?
Дарак бирок сеники го,
ой баксаң.

15.01.1996, Стокольм

Ширалы кайтпас сапарга кетеринен бир жылдай мурда ага телефон чалсам, мурдакы коңур үнү табынан качып, чарчаганы байкалып турду. Жарыктык киши, материалдык жактан да кыйналып жаткандай экен, унутпай гонорарын секретарь кызга айтып, салдырып жиберүүнү өтүндү. Ошо болду, башка сүйлөшпөдүк. Кийин эле Худайберди аке таң эртең телефон чалып: “Ширалы, арстаным кетти! Түркмөнстанды көрө албай кетти, кайран жигит!” деди үнү титиреп. Мен телефон байланышы үзүлгөндөн кийин Прагадагы түркмөн акем Худайберди Халлынын, Варнада жашаган досторум: Аннадурды (мурдакы банкир, дасыккан менеджер) менен Тажикандын (экономика илимдеринин кандидаты, мурда кафедра башчы) жана Вашингтондо жашаган жакын досубуз, ишкер-кондитер Алтын Магауинанын болочогун ойлоп жаттым. Алар жанындай сүйгөн Ата жерине качан барып, дос-туугандары менен шайма-шай жолугушат экен деп көпкө муюп отурдум.

Баса, түркмөн тилинде булбулдай сайрачу Ширалы бозгунда жүргөндө ырларын негизинен орус тилинде жазган үчүн биз аларды котормосуз окууга мүмкүндүк алып отурабыз. Акынга аудитория жана окурман аба менен суудай керек. Акын ырларын түркмөнчө жазганы менен — Түркмөнстандагы азыркы жана мурдакы бийлик тыш дүйнөнүн кабарын кой, ички маалыматты букараларына алтындай граммдап, атүгүл миллиграммадап бергендиктен, — мекендештернине жетмек эмес. Болбосо, Сергей Есенин, Осип Мандельштам, Анна Ахматова, Борис Пастернак сыяктуу орус поэзиясынын берметтерин өз эне тилинде сүйлөткөн Ширалы ырларын түркмөн тилинде эле жазмак деп ишенем. Бир жолу орус тилинде жазуу себебин акындан сураганымда, “Ыр заказ менен жазылбайт. Ыр көкүрүңдү тээп, уйкуңду бузуп, мээңди уйгу-туйгу кылып, өзү дарыядай агылып келет”, — деп жооп берген эле Ширалы.

Амирбек АЗАМ уулу. Прага.
P.S. Ширалы Нурмурадовдун ырларын кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

*Ширалы деп жазган себебим, ал киши менен 1990-жылдардын аяк ченинде Прагада алгач таанышканда эле: “Эй, кымбаттуум! Мага Сиз дебестен, сен деп кайрылсаң болот” дебеспи. Мен “канткенде да өзүмө ыңгайлуу болгондой болсун” деп, ага “Сиз” деп кайрылып жүрдүм. А бул эскерүүнү жазып жатканда, эмнегедир канча ынтаа кылбайын, болбой эле Ширалы деп жазылып жатты. Айлам кеткенде, Худайберди акеге телефон чалып, абалымды айттым. “Ширалы — теке уруусунан. Алар улуубу, кичүүбү, ак сакалбы, кара сакалбы – баарына сен деп кайрылышат. Ошон үчүн сен өзүң, сенин балаң, небере-чеберелериң Ширалыны сен деп айтса, эч кандай адепсиздик болбойт”, — деп мени соороттуу жазуучу түркмөн агам Худайберди Халлы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.