«Россиянын бүгүнкү аянычтуу акыбалга жеткенин орус интеллигенциясынын абийрине койчу маселе».
Андрей КОНЧАЛОВСКИЙ

Өткөн жылы 11-октябрь күнү Түркмөнстандын диссидент-акыны Шералы Нурмурадов 71 жашында жарык дүйнөдөн өткөнү белгилүү. Алгач тагдыры катаал Ш.Нурмурадов туурасында 2004-жылы Амирбек Азам уулу даярдаган «Азаттык» радиосундагы интервьюсу кыргыз коомчулугунун чоң кызыгуусун жараткан эле. Интервьюда диссидент-акындын: «Дүйнө жүзүндө канча миңдеген жолдор бар, бирок тилекке каршы, мени ошол жолдордун бирөөсү да Мекениме алып барбайт!» дегени кимге кандай билбейм, а мага өзгөчө таасир эткен. Ошондон тарта бул акындын чыгармачылык тагдырына болгон кызыгуум артып, чыгармаларын издөөгө аракет кылдым, бирок эч бир интернет булагынан ырлары колго урунбай келди.

Узак жылдар бою саясый бозгунда жүрүп, түрмөлөрдө, колонияларда турмуш кечирген бунтар мүнөздүү акындын Амирбек Азам уулу менен болгон маектешүүсүндөгү өнө бойду титиреткен айрым учкул сөздөрүн кийин дүйнө ойчулдарынын афоризмдер жыйнагынан турган «Алтын сырга» аттуу котормолорума да кыстарганым бар.

Ушул жерден окурман назарын акындын «Азаттыкка» курган маегиндеги чыныгы тагдырын эч бир боёгу жок чагылдырган учкул кептерине бургум бар…

* * *

Окурмандарга жол издеген акын калемин ыргытыш керек. Чыныгы окурман акынга өзү жол издейт.

* * *

Иосиф Бродскийдин “…мени унуткан адамдардан шаар курса болот” деп жазганы бар. Мен да ырларымдын биринде Бродскийдин деңгээлинде жазбасам да, аныкына окшош ойду жазгам: “Мен жоготкон адамдарды чогултса, бир көрүстөн эл болот…” 

* * *

Катаал шартта эмнегедир ырлар көбүрөк жана жакшы жазылат. Ырас, жанга кыйын дечи. Баамдашымча ырларымдын 20%ын үйдө отуруп, 30%ын чет жерлерде, 50%ын түрмөлөрдө жана колонияларда жүрүп жаздым.

* * *

Мен Атажуртума кайтып келгенимде мекендештеримдин башыман сылап аяганын эч каалабас элем… Ага менин жүрөгүм чыдабайт. Тепкиден пайда болгон жараатты кол менен ушалап айыктыра албайсың. Бул өтө коркунучтуу, ал нерсе эсимден эч чыкпай, мени өмүр бою коштоп жүрөт. Кичинемде атам мени көп уруп, аёсуз сабачу. Анын ур-токмогунан эс-учумдан танган да күндөрүм болгон. Ал турсун бир ирет шымыма заара кылып да койгонмун. Бирок ошондо да мен эчкачан жалооруп да, ыйлаган да эмесмин. Үн чыгарбай чыдачумун.

* * *

Карышкырды канчалык астейдил баксаң да, ал барыбир токойду эңсейт, а мен биринчи мүмкүнчүлүк болгондо Мекениме бармакмын.

* * *

Аркандай революция – бул зордук, кан төгүү, көзжаш.

* * *

Анан эле 2016-жылы, 11-октябрда акындын көзү өткөнүн узак жылдардан бери Прагада жашаган кесиптешибиз Амирбек Азам уулунун оозунан угуп, суук кабар көкүрөгүмдү сыйрып өттү. Ошондон кийин айрым ырлары колума тийгени менен, кыргыз окурмандарына которуп жеткирүүгө чолом тийбей жүрүп, жакында гана чыгынгансыдым. Өз убагында анын ырларын сүйгөн мекендештери түркмөн адабиятынын Высоцкийи санап келишкен экен. Эмесе, кезекти акындын армандуу ырларына берели. Андан соң сөзүбүз улансын…

Кутман курак
Бүтүндөй жер шарына кат жазасың чар тарап,
кайра бирок жообун алаар дареги жок көчөңүн.
Уча аласың жер шарында чатырлардын үстүнөн
жок болсо да өз үй, өлөң төшөгүң.

Канча үйлөрдүн жер үстүндө
кагаласың каалгасын,
бирок анын бирине да жок өзүңдүн ачкычың.
Кээде түйүп кабагың
ойлоносуң өлүмдүн да кабарын,
бирок аз-маз шүгүр дээр
кубанчы кем жашооң өтүп чубурат.
Түбү сени апарышат бир жайга,
Ошол анан… Ошол жай саа буюрат.

… Кайсы бир тил, кай арипте жазылган
күмбөз ташың сен жөнүндө үндөбөс.
Стокгольм, 06.12.1995

 

Көп тилдүү билерманга кеңеш
Сайра,
сайра
бөтөн тилде, ар түрдүү,
ырдагын,
ырда бирок
өз тилде
түшүнүксүз,
а мүмкүн
арсалаңдайт
түшүнгөнү
балким ыйлаар
бирөө-жарым.
Өз тилиңде сөгүнгүн,
бөтөн тилде урушкун,
кыя чапкын,
кыйраткын
өз тилиңде
сүйгүнүң бөтөн тилде
ар тилде,
бир гана
жалган айтпа
суранба,
өз тилде, бөтөн тилде.
Стокгольм, 21.12.1995

Бул ырлардан Шералы Нурмурадов кайсы тилде ырдасаң да, сайрасаң да, эң башкысы: жалган айтпоого үндөйт. Анын кайсы ырына үңүлбө, ырларынан адеп-ахлагы көрүнүп турганын баамдап, аргасыздан менде бир ой туулат. Өлкөбүз өз эгемендигине ээ болгон жылдардан тарта Салижан Жигитов, Алым Токтомушев, Талип Ибраимовдон башка кайсы акын-жазуучубуз чындыктын тили менен сүйлөөгө үйрөттү башкаларды?! Албетте, түркмөн акыны Ш.Нурмурадовго окшоп мен жогоруда атаган үч асыл инсаныбыз диссиденттик тагдырга тушуккан жок, качкын-бозгун тагдырына кабылбады. Анын да жөнү бар. Себеби 90-жылдардан тарта Кыргызстан Борбор Азиядагы жападан жалгыз демократия аралчасы саналып келди. Ал боюнча сөз узак…

Ал эми Түркмөнстандын жөнү таптакыр башка. Бирок ошого карабай, өзүн Түркмөнбашы санаган Сапармурад Ниязовдун саясый катаал режимине каш каккан түркмөн акын-жазуучуларынан Шералы Нурмурадов баш болгон (бирок ошентсе да бул акын СССР убагында эле советтик Түркмөнстандын партиялык төбөлдөрү жүргүзгөн саясатка каршы чыккан бунтарлык мүнөзү үчүн камалып кеткен) Худайберди Халлы (Халлыев) өңдүү акын-жазуучулары жана интеллигенция өкүлдөрү эмнеге канжыгыга баштарын байлап койду деп ойлойсуз, азис окурман? Себеби абийир парасатын бийик койгон акын-жазуучу гана чыгармачылык кредосун өзүнүн керт башынан, кызыкчылыгынан жогору коё алат экен. Чыныгы сүрөткер болуу деген ошол эмеспи…

А бизде кандай болду? Бизде бийлик төбөлдөрү менен чычайган интеллигенция өкүлдөрү бүгүнкү күнгө дейре табакташ бойдон келатат! Атургай улутка рухий дөө-шаа саналган Ч.Айтматов баш болгон аксакалдар бийликтин жылуу колтугунан чыкпай келишти. Бөпөлөнүп. Союз убагынан бери. Анысы ал, 90-жылдардан кийин бөлүштүрүлгөн мамлекеттик мүлктөрдү талап-тоноо башталганда да кимиси бийликке каяша кайтарды?! Кимиси чыркыраган чындыкты айтып кан сийгени үчүн кыргыз «Эл Баатыры», «Манас», «Даңк» ордендери менен сыйланды?! Наамдан баш тартып койгону болдубу? Жок! Тарыхый кадамга бара алышпады…

Бул аталган сыйургаал, наамдардын кадыры өсүп кеттиби же? Өсөт эле – агер улуттук абийирибизге жол бербес чындыкты асаба тутуп добулбас кагыгып чыгышса. Добулбас какмак түгүл аттуу-баштуу аксакал жазуучу-акындардын далайы мамлекеттик мүлктөрдү бөлүштүрүүгө келгенде четте калбады: алдыга жулкунганы кайсы бир мейманканага ээлик кылса, арты борбор калаадагы базарларга кожоюндук кылып калышкан эле…

Тек, караламан калктын кайнаган турмушундагы калпып алаар акыр-чикирге көз жумуп келишти. Сөз башында эпиграфка колдонулган А.Кончаловскийдин «Россиянын бүгүнкү аянычтуу акыбалга жеткенин орус интеллигенциясынын абийрине койчу маселе», – деп күйгөндөн айткан кебин Кыргызстандын турмушуна оодарсак да куп келишип туру бүгүн!

Кош, Ата журт

Узакка эмес күн жарк этип тагдырда:
Кайра сунуп капкандагы татууну…
Кантип эле мени өгөйсүп Мекеним,
Кантип эле болуп калдым жат уулу?!

Мына, Мекенин сүйгөн чыныгы акындын бейнеси ушул төрт сабында жатат. Өзүнүн керт башынан тургай, киндик каны тамган ыйык Мекендин топурагынан ажырап жүрүп өтүп кетти.

Улуу трагедияны башынан кечирген боордош акыныбызга таазим этүүдөн бөлөк чара жок экен дедим да; акынга болгон улуу таазимим ушул болду – алымдын жетишинча айрым ырларын кыргызчага которумуш болдум…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.