АҢГЕМЕ

Түнүндө немистин самолеттору кыштакты бомбулады. Эл кыйсыпыр түшүп калды. Бир-эки үй аман калыптыр, калгандары жер менен жексен болуп, чаңы көккө учуп талкаланды, өрттөндү, бузулду. Өлүктөр аралашып калыптыр: адамдар, уйлар, чочколор, иттер, канаттуулар, баарынын боткосу чыгыптыр. Чала өлүк, жарадарларды эртеменен өзүнчө, бөлөк алып кетишти.Соо калгандары стансага чейин өздөрү барышып, аерден поездге салышкан. Фронттун чегинен өткүчө вагондор улам чиркеле берип, баш-аягы капкайда созулуп кетти. Поездегилер: балалуу аялдар, кыздар, кемпирлер, чалдар, жаш балдар, анан бирин серин аскер курагындагы эркектер.

Фронттун чегинен өткөндөн кийин поезд күн-түнү тыным албай жүрүп отуруп, анан станса сайын бирден-жарымдан вагондорун калтырып отурду.

Ошондогу эвакуацияда Евдокия эри Митрофан экөө ушерге келип түшкөн. Ушу кезге чейин жер которуп кетишкен жок, туулган жеринен айырмасы билинбей жашап калышты. Экөө тең “Фронт үчүн!” деп темир чайнап, көө жутуп, жан сабап заводдо иштеди.

Митя тырмактай кезинен жетим калып, жылаңаяк, ач-ток жүрүп, көкүрөк ооруга чалдыгып алган. Аскер комиссариаттагылар: “Согушка жарабайсың, бизге ден соолугу мыкты жоокерлер керек. Сен тылдын жоокерисиң, жумушуңу кыла бер” деп кайра жөнөтүп жиберишкен. Митяны аскерге алышса, мен да суранып барам деп жүргөн келинчеги. Эри согушка жараксыз болуп калгандан кийин Дуня да күйөөсүнүн кашында кала берген. А кезде экөө тең солкулдап жаш, биринен бири бир мүнөткө ажырашкысы келбей, ойносо оюнга тойбой турган курагы. Ошол кол кармашкан бойдон мурда кулактары гана чалбаса, эч бир кызыгып көрбөгөн, атүгүл мындай элдин, жердин бар экенин элес албаган, ата-бабаларынан укпаган аркайган-аркайган шиш тоолору басып калчудай болуп турган бир өлкөгө туш келишти. Адегенде көнө алышпай жер үшөп, учу- кыйырсыз түздүктү, шалбалуу токойду, атүгүл суусунан бери сагынып жүрүштү. Сомуран калгыр согуш болбосо буерге саякаттап гана келбесе, бир мүнөт байралып турчу жер эмес сыяктанды. Орус кыштагынын шаңы бир сонун эмес беле! Андан калса, майрам да көп болучу. Майрамдарда кыштактын кары-жашы дебей баардыгы ырдачу. Адегенде гармончулар менен мондолинчилер чыгышчу көчөгө. Анан артынан аялдар, эркектер ээрчип алышчу не бир муңдуу да, шаңдуу да обон созуп. Көчө-көчөлөрдө ыр менен бий батпай кетчү. Өзгөчө үйлөнүү салтанатын айтпайсызбы, кыштактын кыздары, жигиттери той болот дегенди укканда эле жасана баштачу.

Митя менен Дуня үйлөнгөндө да жаш-карысы дебей эки күн кечке ырдап-бийлеп чоордошкон. Баары тең куттук айтып, эркектер менен аялдар  ыстакандагы куюлган арактын бир тамчысын калтырбай ичип, экөөнү өбүштүрүшкөн. Ой, ошондогу жаш жубайлардын эриндеринин ысыгын айтпа! Өрт болуп куйкалап кетпеди беле! Андан кийин деле далай өбүшүп, далай сорушуп, бирок ошондогу чоктой ысыктык күнү бүгүнкүдөй эстеринен кетпей койду. Ысыгына карабай бал даамданып, ошо татуу ширенин даамы далайга чейин тарабай жүрбөдү беле! Эриндериндеги балдын ширеси тарай электе немистер басып келишип, кыштактын чаңын көккө сапырып, тирүү калгандарды чилдей таратып жиберди. Баарынан да жаш балдарга убал болбодубу, бир түндүн ичинде томолой жетим калат деген эмне? Байкуштар бөжүрөшүп, чөжүрөшүп, эмне кылаарын билишпей, ар кимдин оозун карашат. Ыйлап атышып, үндөрү чыкпай калыптыр көбүнүн. Деги бу дүйнөдө бала аттуу коркпосунчу, тарс эткен үн чыкса, баштарын колтуктарына катып, асманды карашат. Кечээ эле энелери укта дешсе болушпай төшөктүн үстүндө оңкобашатышып, куушуп-кыйкырышып, бирине бири арызданып балалыктын бир жыргалдуу доорун сүрүп атышып уйкуга кетишпеди беле. Ай, кудай ай! Канчалары ошо түнү уктаган бойдон турбай калышты. Ушул кыштактын көп балдары мурдагыдай салып-уруп тосуп чыкпай калганын Күн билип-көрсө кантти экен?

Деген менен буердин Күнү деле өздөрүнүкүнө окшош экен. Болгон бир айырмасы – ысып чыкканда куйкалап жиберет. Андан бөлөк эч айырмасы жок. Эртеменен чыгып, кечинде батып кетет. Асманы деле опокшош. Тияктагы жылдыздар биерде да бар экен. Ай деле ошол. Балким немистердин бомбулары аларга да тынчтык бербей койгондон кийин буякка жүрө беришкендир.

Эмгиче кыштакты толук бойдон немистер басып алгандыр. Басканда эмнесин алышмак эле, бары-жогун талкалап салышты да бир түндүн ичинде. Жерин көчүрүп кетмек беле…

Дуня  кыз кезинде алыс барып көргөн эмес. Бир жолу атасы арабага салып, коңшу кыштактагы тегирменчи досунукуна алпарган. Жол токойду аралап өтөт экен, а токой аябагандай чоң, узак. Токойго жакындаганда атасы арабадагы чөптүн астынан мылтыгын алып чыгып октоп, тизесине коюп алган.

— Бул ээн токойдо карышкырлар көп,- деген атасы ошондо.- Мылтык алып жүрбөсө, атыбызды, ага кошуп өзүбүздү жара тартып жеп кетишет.

Дунянын ошондо коркконун айтпа! Карагай-черлерден шыбырт эткен үн чыкса, карышкырлар азыр секирип келип баса калчудай көрүнүп, атасына бекем жабышып алып, тула бою калчылдап, кыйкырганга алы келбей, үнү чыкпай калган.

— Коркпо,- деген болчу атасы,- мылтык турганда тийбейт, качып кетишет дарынын жытын алып. Кокус көрүп калсак, мылтыгыбыз менен тарс бир коюп атып алабыз да терисин сыйрып, жака жасап алабыз.

— Баары бир коркуп атам,- деген Дуня ыйламсырап.

— Анда мындан кийин сени эч жакка ээрчитпейм. Коркпосоң карышкырлар да жолой албайт.Дмитрийдин кызы коркок экен деп шылдың кылышпайбы эл экөөбүздү,- деп атасы алаксытып, анан колдур-колдур этип бир ырды обон созгон.

Чагында ал бир сулуу кыздын токойдон бүлдүркөн, гүл терип жүргөндө жаш жигитке жолугуп, анан экөө кол кармашкан бойдон алыс-алыс тарапка кетип калганы жөнүндө болсо керек эле.

Дуня ал ырга деле алаксыбай корко берген. Токойдон чыкмагы бир азап болгон кызга. Улам эмки имерилиштен түгөнөт, аркыдан түгөнөт деп отуруп уктап калган. Ойгонсо, талаа, түз менен кетип баратышыптыр. Кыз “өх” деп эс ала түштү. Артына караса, токой тээ алыс калыптыр дүпүйүп.

Атасы досунукунан ун, буудай алып, түнүчүндө токойдун ичи коркунучтуу деп, жолго эртеси чыгышкан. Келатканында кыз мурдагыдай калчылдап корккон жок. Кийин чоңойгондо дагы эки курдай барган ошол кыштакка. Экөөндө тең үйлөнүү тоюна барышкан. Биринде беш араба толтура болучу, кийинкисинде өзүнүн таежеси Марфа күйөөгө чыкканда колхоздун чоң машинеси менен келишкен. Кыз менен күйөө экөө кабинага отурушкан, калгандары кызыл-тазыл кийинишип, машиненин үстүнө чыгып туруп алышкан. Жетер жеткиче ырдап барышканы эсинде.

Дуня андан алыс барып көргөн эмес. Ырас, бир жолу хуторлорду аралап өтүп, стансага келген. Анда Митяга жаңы тийген кези. Стансанын дүкөнүнөн кийим-кече, буюм-тайым алып кетишкен. Паровозду көрсөм деп дегдеп калган ошондо.Болгону үйдөй-үйдөй үч вагон турган экен, анан упузун, түптүз болгон темир жолго аябай таңгалган.

Өзүнүн кыштагында чоңоюп-өсүп, ошерге күйөөгө тийип, дүйнөдө мындан ашкан кооз, бейпил жай жоктой туюлчу. Кыштактын адамдары боорукер, иштерман, анан ак пейил болучу. Башка жактан бир күнгө да оокаты өтпөй калчудай сезчү өзүн.

Эми тагдыр деген тоо аралатып, талаа- түздү кыдыртып отуруп, буерге апкелип салды. Буери шаар деп аталат экен. Көчөлөрү түптүз кетип, үйлөрдүн үстүнө дагы үйлөрдү салышып, эки, үч кабаттуу болуп кетет. Эли көп экен шаардын. Эркектери аз көрүнөт, согушка кетишсе керек. Өздөрүнө окшоп жер оодарып келгендер жүрөт.

Дуня менен Митяга заводдун жатаканасынан бир бөлмө беришти. Экөөндө эмне буюмдар болсун, ортодогу бир чемоданын көрүп алышып, кирип кетишти.Бөлмөнүн ичинде бир темир керебет, бир эски үстөл, бир узун скамейка бар экен. Анан ушерде иштеген азиялык жашап калган аял экөөнү ээрчитип барып, ары жактан эки матрац, бир жууркан, бир чоң жаздык, шейшеп, сүлгү берди.

— Мындан кийин силердин үйүнөр ушер, тар болсо да жашап тургула, айла жок. Ынтымак болсо тарлык билинбей калат деген макал бар биздин кыргызда. Казан-аяк тиги ашканада, эки үйбүлөгө бирден. Кезектешип турсаңар  кийин ийдиш-аяк болуп калар,- деп ал аял Дуняны ээрчитип барып ашкананы көрсөттү.

Нечен күндөн бери вагондо тыгылышып келген экөөнө бир бөлмө жатакана  бейиш төрүндөй сезилди.

— Менин атым Мария. Кем-карчыңар болсо уялбай сурагыла. Болгонун аямак белек. Бирок…өзүңөр көрүп турасыңар…

— Түшүнөбүз, түшүнөбүз,- деди Дуня.- Буга да тобо.

— Мени буердегилер Мария эже дешет,- деди аял.- Ошентип чакырышат.

— Менин апамдын аты да Мария болучу,- деп жиберди Дуня кубанып.- Мен аны унутпайм, бирок берки сөзү…

— Эже. Мария эже. Бизде, кыргызда кыздарды, аялдарды өзүнөн улуу болсо эже дешет, эркектерди агай дешет. Эже дейт, агай дейт,-деп дагы кайталады.

Ошондо Дунянын эң биринчи үйрөнгөн кыргызча сөзү “эже” болду.

 

Күндөр өтө берди. Митя менен Дуня заводго жумушчу болуп орношту. Адегенде үйрөнчүк болуп киришип, кийин өз алдыларынча иштеп кетишти. Буерде пушка менен атылчу снаряддын бир тетигин жасашат экен. Жумуш оор. Тамак-ашты карточка менен алышат. Бардыгынын тилектери бир: “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!” Суткасына он эки-он үч саат иштешет. Снаряддар көп эле чыгып жаткандай, завод күн-түн тыным билбейт, анан ушулар да жетпей атса, анда немистер жер жайнап кетсе керек. Снарядды канчалык көп чыгарышса, душман ошончолук көп талкаланат деп ишеништи. Ошол ишеним ар жумушчунун көкүрөгүндө турду.

Бара-бара бу үйбүлө ооштуруп-кыйыштырып, дагы бир керебеттүү болду. Эми экөөнү катар коюп алышты. Катар жаткан жакшы экен, чарчаганыңды унутуп, чыканак тийишип, ого бетер жакын, кыйышпастыкка өбөлгө түзөт тура. Ошонүчүн атамзамандан бери эрди-катын бирге, чогуу жатышат окшойт. Болбосо, жалгыз кууш керебетке экөө батыша албай, бири жерге жатчу. Мария эже ошонүчүн алдын ала эки мартац берген турбайбы.

Жумуштун оордугу, тамак-аштын тартыштыгынан болду окшойт, Дунянын боюнан эки курдай түшүп калды. Жаштар буга көп деле капа болушкан жок, көңүлдөрүнө алышпады. Дуня экинчисинде кайгы тартып, алданемеден чочулагандай кеп айткан.

— Койчу, ошо сөзүңдү,- деп эри тыйып койгон,- жарабагын бирдемени ойлобой. Андан көрө баягы бомбудан аман калганыңа тобо кыл. Өлүп калсак кентет элең? Кудайга шүгүр де…

Андан кийин да Дунянын боюна эки бүтүп, эки түштү. Дагы биринде мурдагысынан жеңилирээк жумушка которулду. Бир ылаажы болоор бекен деп Богоматерица- Бүбүмаржанын иконасын апкелип, бурчка кадап коюп эртели-кеч чокунуп, тилегимди берегөр деп жалыныч этти. Чымырканып үч айдан ашык көтөрдү. Іч айдан ашык тамак ичерде, жатаарда, турганында күн сайын иконага чокунуп турду. Анан өзү катуу ооруп калды. Эки өпкөсүнө суук тийип, сезгенип кетиптир. Ошондо боюндагысы дагы түшүп калды. Бу жолу Дуня катуу кайгырды. Тагдырына наалат келтирип, эстеген сайын шолоктоп ыйлап жүрдү. Иконанын алдына чөгөлөп алып, арыз-арманын айтат. Өзүңө шек келтирген жок элем. Жаман жакка баспадым, тилегим, үмүтүм – Митяма бир чүрпө төрөп берейин дегем, кайжеримен жаздым өзүңө дейт

Богоматерица – Бүбүмаржа ушу ниети ак пендесинен сан миң сырын ичине катып, ак дебей ,көк дебей башын бир жагына кыйшайткан калыбында телмирет да турат. Карегинде пенде аттууга түшүнүп болбогон, эч качан ачылбаган, бир өзүнөн башка жан чече албаган не деген сырлар бар дейсиң. Ошонун баары пендесинин кыйма-чийме тагдырлары, келечеги.

 

Заводдун жатаканасына төртүнчү жыл аяк басып, согуштун бүтөөр учу билинип калды. Эл мурдагыдан да тырышып, өжөрлөнүп иштеп атышты. Болгон күч-кубатын аяган эч ким жок. Деген менен эл каржалып калыптыр: оорулуулар көбөйдү, жаш балдарды өлүм басып кетти.

Элдин бели бир аз тыңый түшкөндө көпчүлүк менен кошо Митя менен Дуня шаардын чет жакасынан жер алышты. Жумуштан бошоор замат кетмен-күрөктөрүн көтөрүп жүрүшүп, кара жанын карч уруп, тыпыйган эки бөлмө там салып, ыракматын айтышып жатаканасын бошотуп беришип, өз үйүнө көчүп киришти. Жатакана да жаман кылган жок, керебет, жууркан-төшөктөрүн берип бөлүп чыгарышты.

— Бизде уул-кызын бөлүп чыгарганда ушинтип төшөнчү-орун кошо берет,- деди Мария эжеси.

— Бизде да ушундай,- деди Дуня кубанып.- Сиз Митя экөөбүздүн апабыз болуп калбадыңызбы. Төшөнчү-орун гана эмес, андан чоңун берүүгө милдеттүүсүз,- деп тамашалады.- Бир күнү төркүлөп келем.

 

Митя менен Дуня буерге келгени дос-тамыр күтүштү, атүгүл кыргыздардын эки-үч үйбүлөсү менен туугандашып, катыш жасап алышты. Кубанычтарына орток бөлүшүп, кайгыларын тең бөлүштү.

Согуш бүтүп, тыңышкандан кийин жер оодарып келишкендердин бир топтору кайра туулган жерине кетишти кыйынчылык кара түн баштарына түшкөндө кучагын жайып батырып алган кара жердин топурагын өбүшүп, элинин айкөлдүгүн өмүр бою эстерине тутуп. Митя менен Дуня да адегенде кетүүгө камынып жүрүштү эле, сапар чукулдуп калганда кайра айнышты дос-тамырларынын көздөрүн жалдыратып кыйып кеталбай. Ошо бойдон кала беришти тагдырыбыз экен деп.

Экөө сүйлөшүп, балдар үйүнөн  кара көз татынакай бир бала багып алышты. Балага өздөрүнүн фамилиясын беришип, Жеңиш деп ат коюшту. Экөөнө эрмек да, түйшүк табылды.

Согуш күндөрүндөгү жан кыйнаган оор жумуш менен катаалдык ден соолугун оңдурбай салган экен, Митя барган сайын көп ооручу болуп алды. Соо жүргөндөн догдурда жатканы көп. Ага деле карабай өжөрлөнүп жүрө берди. Анан ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыкты. Евдокия үйгө жакын деп кездеме токуган фабрикага которулуп алган.

Уулу мектепти бүтөөр жылы Митрофан оорусунан кутулбай, кайтыш болуп кете берди. Көпчүлүк аза күтүп, кастарлап жайына узатышып, бейитиндеги эстеликке: “Митрофандын жалгыз уулу менен жесиринен” деп жаздырышты.

Ошентип, энеси менен уулу калды. Көртирлик өтө берди. Уулу мектепти бүтүп, чоң шаарга окууга кетти. Аерден бир татынакай кыз таап алып үйлөндү. Кийин кызмат беришип, үйбүлөсү менен ошерде калды. Евдокия менен уул-келини кыйма-чийме келип-кетип турушту. Келини уулу төрөп берди. Анысы эмчектен чыккандан кийин чоң энеси алып кетти. “Митрофанымдын тукуму үзүлгөн жок” деп кубанып жүрдү.

Небереси кемпирге дем болуп өстү. Евдокия аны да окутту, чоңойтту. А да мектепти бүткөн соң окууга чоң шаарга, атасына кетти. Кемпир ошентип кайрадан жалгыз калды. Уул-келини чакырса азыр тыңмын, кийин өзүм барам деп болбой койду.Анткен менен бели бүкчүйүп, дене-бою курушуп, эти качып баратты. Карылыктан мурда бут ооруга чалдыгып алды. Ылай кечип, үй салып жүрүшкөндө чучугу ичкерип, оңбой калган көрүнөт, ошондон бери тизеси сыздай калчу. Догдурга ана барам-мына барам менен ушуга чейин келди. А кезде, мурда,  догдурлап жүргөнгө күн кайда-а, кокуй! Митрофанынан айрылып калып, үйдөгү, сырттагы түйшүкөрдүн баары жалгыз башына жүктөлүп калбады беле. Кийин мынтип карылыгы жетпей таяк кармап каларын кайдан билиптир! Эмнеси болсо да күзгө чейин чыдаса, балким жакшы болуп кетер, суук түшкөндө уулунукуна кыштап чыкса, жаз менен кайра келет.

Евдокия пенсияга чыкканы үй чарбасы менен алек болду да калды.Уул-келин, неберелериме деп алты ай жаз жаны тынбайт. Анан пиязын, сабизин, картөшкө, алмасын, тырмактай чарбагындагы болгон-бүткөнүн ташып алпарат. Кышта туздалган, кургаткан жашылча-жемиштерин көтөрүп жөнөйт. Эми буту ооруп, аларды көтөрмөк турсун, өзү араң басып калды. Дагы жакшы, тамак-аш саткан дүкөн үйгө жакын, эртели-кеч керектүүлөрүн ошерден алат.

Евдокиянын буту сыздады дегиче бүттү, аба ырайы бузулду дей бер. Бир жолу апта бою сыздаган кыйнап. Анан жаны жай алып, уктап кетиптир, бир кезде ойгонсо, күн чайттай ачылып, буту оорубай калган экен. Сыртка чыккысы келди. Уул- келининин, неберелеринин амандыгын тилеп, бурчтагы иконага сыйынып, чайын ичкенден кийин таза абага, көчөнүн боюндагы эки мырза теректин ортосуна орнотулган скамейкага келип отурду. Ушуну Митя байкуш жасады эле.

— Өлүп калсам ушерге отурганда эстеп, дуба окуп кой,- деген ошондо тамашалап. Ооруп жүргөн кези болучу.Өлөрүн билген экен байкуш. Анда бул теректердин солкулдаган жаш кези. Дуня да жаш, карылык менен эч бир иши жок курагы. Митясын өлөт деп ким ойлоптур. Өмүр бою экөө ушинтип алышып-күрөшүп ойноп жүрө берчүдой көрүнчү эле.

Кемпир буерде отуруп далай нерсени эсине түшүрдү. Турмуштун жакшылыгы менен жамандыгын да башынан кечирди. Ырас, жакшылыгы көп болду. Жакшылык марттыгын аяган жок. Немистердин бомбусунан кыштактын элинин көбү кырылып калганда Дуня аман калып, ушул кезге чейин тирүү жүрбөйбү. “Аман калганыңа кудайга тобо де” деп эри туура эле айтыптыр. Ошондогу жалгыз чемодандан бөлөк  эчтемеси жок  коколой эки баш мынтип уул, келин, небере күтүп, шаар болуп отурат. Ушу Митянын гана эрте өлүп кеткени жаман болду. Адеп келишкенде бу кыргыз деген  кандай эл деп чочулап алышкандары да чын болучу. Көрсө, элден эмес, өзүнөн экен. Жеткире билим албай калганы го жашында, окуусун уланткан болсо, бу элдин кабарын ошондо эле угуп, билип алмак. Өзүбүздөй болгон, эчтемени бөлүп-жарбаган тунук эл тура. Пейли ток экен.

— Евдокия Павловна, ойлонуп отуруп калыпсыз, — деген үндөн башын көтөрсө, бир көчөдө турган кошунасы жанына келип калыптыр.- Амансызбы?

— Аманчылык,- деди кемпир.- Таза абага чыктым эле. Бир жумадан бери бутум сыздап, күн ачылып кеткенинен эми жаным жай алып…

— Биздиине баш бакпай калдыңыз, же менин колум тийбейт. Кошун туруп, көрүшө албай… Дени-кардыңыз жакшыбы?

— Ыракмат, жакшы. Бутум эле…- Кемпир тизесин кармалап койду.- Кудая шүгүр, калган жеримде оору жок.

— Түф, түф, түф…- Кошуна аял артына кылчайып, үч ирет түкүрүп койду.- Көз тийбесин.

Ушу кошунасы да согуштан кийин Евдокиялар менен чогуу жер алып, үй салышкан. Анда бу турган Жумабү солкулдаган жапжаш келин болучу. Эри экөө бой келишип, ушерден төрт балалуу болушту. Баары үйлөнүп-жайланып, кичүүсү колунда, эки небереси бар. Абышкасы менен Митрофан экөө аябай ынак эле. Абылай согуштан жараат алып келген. А да о дүйнө салып кеткенине үч жыл болду. Евдокиянын туушкандап катышкан үйбүлөнүн бири ушулар. Жумабү да кемшейип карып баратат.

-Уул- келиниң кандай жүрүшөт?- деди Жумабү.

— Жакшы,- деди Дуня.- Быйыл отпускеде келебиз дебатышат. Экөө тең иште. Кат жазып турушат. Карыдың, арыдың, көчүрүп кетели дешет дайым. Мен айтам аларга, эмне, тиякта мага суутуп коюптурбу деп. Өз жерим, өлөң төшөгүмөн эч жакка кетпейм деп мен жүрөм…

— Неберең да чоңоп калды…

— Ал быйыл окуусун бүтөт. Дипломду алсам эле буякка келем дейт кагылайыным. Ата-энеси менен чогуу келишет го. Экөөбүз бири бирибизди бат эле сагынышып калабыз.  Тиякта калбайт, келет.

— Анысы дурус экен,- деди Жумабү.-  Ушерде өсүп-өнүп дегендей, кол бала болуп калбадыбы…

— Ооба. Ошо неберемден топурак буюрсун деп тилеп отурам.

Кошуналар аркы-беркини сүйлөшүп көпкө отурушту. Жаштык курактарын эскеришти, келечектен үмүт этишти. Неберелеринин кылык-жоруктарын кубаныч, сыймык менен айтып беришти.

 

Күндөр өтө берди. Евдокия уул-келинин, небересин күттү эртели-кеч жол карап. Бир күнү кат келди уул-келининен. Алар азыр баралбай калдык, кийинчерээк келебиз дептир.Небереси өзү эле келмей болуптур. Окуумду бүтсөм эле өз мекениме  келем, иштеп, чоң энемди багам дечү.

Ошентип, небереси окуусун бүтүп, дипломун алып, мекенине, чоң энесине кайтып келди. Евдокиянын сүйүнгөнүн айтпа! Небересине эмне айтаар сөз таппай, карт жүзү албырып, тагдырына ыраазы болуп отуру. Элчилеп тиякка туулган жерим деп көчүп кетпегени ырас болуптур.

Кээде уул-келинине, небересине айтчу, түбөлүк жашаган адам жок, кудайдын берген жашынан кийин ичер сууң түгөнөт, мен өлгөндө сөөгүмдү Митрофандын катарына койгула, жанаша бололу дечү. Эми небереси колуна келип бул тилеги аткарылат экен да!

— Беш жыл окуу деген оңой бекен, эс ал,- деди Евдокия небересине.

Небере өнүп-өскөн жерин сагынып калыптыр; жолдош-жоролоруна кезикти, окуган мектебине барып, мугалимдерине учурашты, кошуна-колоңдору менен көрүштү. Бир ирет достор чогулуп, тоого чыгышты.

— Чоң эне,- деди небере тоодон келип,- биздин жерибиз аябай кооз, жыргал. Кийин тоого жакын жакка саяжай салып, жаз, жай, күз ошоякта болобуз. Таза аба, уу-дуу жок, өзгөчө жашы өтүп калгандарга өтө мыкты.

—  Кудай тилегиң берсин. Сен кандай десең мен макулмун. Сага жаккан нерсе мага да жагат. Кудайым ден соолук берсе, аны да көрөрмүн,- деген чоң апасы.

“Оо, кудайым, неберемдин тилегин берегөр. Бир өзүңөн суранып, кулдук урам.. Сенин алдыңда акпыз, пейлибиз таза. Жалгайгөр, жараткан” деп иконага келип, үч курдай чокунган. Небересине ичи элжиреп, кийин эр жеткенде Мекенине ак кызматын өтөп, сыймыктуу, абройлуу адамдардын катарынан көргүсү бар.

Бир күнү:

— Менин басып-турганым тың кезинде үйлөнсөң боло, чөбөрөмдү чоңойткуча тирүү турсам экен,- деди.

— Адегенде иштейин, чоң эне, буюрса баары болот. Андан көрө кудай өзүңө дем берсин.- Небере чоң апанын мойнунан кучактап, бетинен өптү.

Ал кечээ дипломун көтөрүп алып, министрликке барган. Барса, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси жок экен, кайсы бир жыйынга кетиптир, берки экөө бош кызмат боюнча жетекчи өзү чечет, эртең келиңиз деген.

Чоң эне бүгүн эрте туруп, куймак жасап, иконага зыярат этип, небересине ак жол каалады. Анан бир аздан кийин терезеге келип, небереси кучагы толо кубаныч менен жүгүрүп келатканын элестеп, акыйып тура берди.

Кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси ордунда экен, жигиттин дипломун көрүп, бир топко аңгемелешти. “Жеңилди жерден, оорду колдон алчу”, келечекте мыкты адис боло турган кызматкер чыгарын баамдады. Бирок өзүнө ак, көк да дебей, эртең келгин, жогорку жактагылар менен сүйлөшөйүн” деди. Жигит эртең кызматка кирерине толук ишеним менен үйүнө кайтты.

Небересинин маанайын баскан кадамынан жаспай билген чоң эне капкайдан сезди. Ичинен кудайга жалынды.

— Эртең кел дешти, эртең чечилет.- Неберенин үнүндө ишеним турду.- Баамымда кызматка алышчудай…

— Кудайым өзү кубат бергей эле,- деди чоң эне сүйүнүп.

Кемпир эртеси да иконага барып, небересине ак жол каалады.

Небере тез эле келди кайра, маанайы пас экен. Чоң эне муну жүрөгү менен сезди.

— Алышкан жок,- деди небере. – Жогоркулары жактырбай коюшса керек.

Чоң эненин маанайы түшүп калды. Небересинин көңүлүн көтөрмөккө:

— Эчтемемес, дагы көрөсүң да, бөлөк жакта деле бардыр. Колуңда дипломуң туруп, талаада калмак белең,- деди.- Капаланба.

— Капаланганым жок,- деди небере.

— Кудайымдын буйруганы тургандыр,- деп кемпир ичинен келмесин келтирди.

Эки күн өтүп, небере газеттен жарыя окуду. Жарыянын талабы өзүнө туура келет экен. Документтерин алып жөнөөрдө чоң энеси ийгилик айтып, ичинен кымыңдап сүйүндү.

Адатынча кудайга жалынды. Анан кубанып келаткан небересин элестетип, терезеден кетпей турду. Небереси түш оой келди. Евдокия аны тээ, капкайдан эле көрүп, иштин болбой калганын жүрөгү менен сезди.

— Болбой калды,- деди небере.

— Капаланба,- деди чоң эне,- болуп калаар. Ар нерсенин сааты чыкмайын аткарылбайт.

Кийинки бир жуманын ичинде небере адистиги боюнча иш издеп төрт жерге барды, төртөө тең аны-муну шылтоо айтып, кайтарып жиберди.

Ошентип, бул шаардан иш табылбай койду. Неберинин адистиги боюнча жарыялар, рекламалар өтө эле көп, бирок чоң эне айткандай “сааты чыкпай” атса керек.

Неберенин келгенине үч айдан ашып кетти. Чоң энеси экөө тең иш ана чыгат, мына чыгат менен үмүттөрүн үзүшкөн жок. “Болбой калган нерсенин арты жакшы менен бүтөт” деген лакапты бетке кармашты.

Небере жарыя боюнча бүгүн да бир ишканага барды. Кадрлар бөлүмүнүн кызматкери документтерин көрүп, анан жарым саатча маек курду.

— Сен бизге керектүү адис экенсиң, баары жайында, баары жакшы, бир гана нерсе сага жолтоо болуп турат,- деди.

Небере түшүнгөн жок. Көзүн бакырайтып, суроолуу карап калды.

— Тил билбейт экенсиң. Бизде азыр мамлекеттик тилди өнүктүрүү өнөгү жүрүп жатат. Жергиликтүү, улуттук тилди билишиң керек. Ансыз болбойт.- Инспектор эки алаканын жайды.

— Бизге аны убагында окуткан эмес,- деди небере.

— Мен кайдан…- деп инспектор сөөмөйү менен жогору жакты көрсөттү.- Мен деген кичинекей кишимин. Аны өйдөкүлөр чечет.

Небере үйүнө келди. Чоң эне күтүп отуруптур, көздөрүндө мурдагыдай үмүт оту жок. Небере болгон окуяны айтып берди.

— А-а… ошондой де…- деди Евдокия чок баскан тооктой секирип.- Айтам да, толтура бош орундар…ушуеде туулуп-өстүң, билимиң да жакшы…

Чоң эне бөлөк эчтеме айтпады. Өмүр бою ушерде иштеп, ушердин эли болуп, мекен тутуп жүргөнүнө гана ыза болду. Заводдун оор жумушунда эркектер менен теңтайлаша иштегенде, турмуштун азап-тозогунда ачка- ток жүргөнүндө, темир эритип, көө жутуп, ден соолуктан ажыраткан күндөрдө аны тил билбейсиң деп эч ким айтпаптыр. Ал нерсе түшүнө кирбеген.

Кемпирдин көкүрөгү ачышып, ызалык ээлеп алды.Анан тарыхый Ата Мекенине көчүп кетишкен тааныштарын, досторун, кесиптештерин, кошуналарын эстеди. Алар эмгиче очок-жай алып, тиричилиги калыптанып калгандыр деп ойлоду. Мурда кат жазышып, оңу келсе барып-келип кабар үзүлбөгөн. Кийин чоң мамлекет тарап, республикалар өз алдынча бөлүнүп кеткенде кат-кабар да солгундап калган.

Небере эртеменен туруп, үйдүн көчө тарабындагы дубалына чоң эненин калтыраган колу менен “Үй сатылат” деп жазылган жарыяны окуду.

Чоң эне менен небере бөлөк өлкөгө , өздөрү тааныбаган чоочун жерге көчүп кетүүгө камылга көрө баштады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.