Авар жомогу: Түлкү менен төө

Бир жолу төө талаада жайбаракат оттоп жүрсө түлкү анын жанына келип: — Эй ыйлаак! Менин жериме жайылгандай кандай акың бар? Көзүмө көрүнбөй жогол! — Кандайча бул сенин жериң?- буркулдады төө. — Ошондойчо! Бул жер мага атамдан мураска калган. Ага болсо чоң атамдан энчиленген. Эгер сен буга ишенбесең күбөнү чакырам,- деген түлкү карышкырды ээрчитип келди. — Эй, ийри тумшук! Сен эмне бөтөн бирөөнүн коругунда оттоп жүрөсүң? Бул күнөөң үчүн мен сени жешим керек!- деп ыркырады бөрү. — Туура кыласың, эң туура […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Балмуздак

АҢГЕМЕ Канат шаарга жумуштап каттаганы менен эски иш-кагаздарды сактаган жайды билчү эмес. Бет алдынан чыккандардан улам сурап, күндүн көзү көрүнбөгөн көлөкөлүү бактын ичи менен жүрө-жүрө эки кабат мекемеге туш келди да, күзөтчү ээк шилтеген каалганы абайлай ачты. Көзүнө дубал бойлой орнотулган миң көз суурмаларга сүйөнө олтурган жаш келин урунду. Бийкечтин субагай бет, ак жуумал, нурлуу жүзүнө жаак ылдый куюлган саамайы куп жарашып турат. Селки окуп жаткан китебинен баш көтөрүп, чачын кулагына кыстара, жигиттин саламына баш ийкеди. Төбөсүндөгү саамайына серейте бантик […]

Аман САСПАЕВ: Ууру

АҢГЕМЕ Колхоздун алма багына сакчы болуу милдетин алды да, Бөкөбай абышка бардык убактысын бакта өткөрүп калды. «Азыркы кишилер түшүнөт, кантип эле карасанатайлык кылып бир алма үчүн чарбактан секирсин? Мүшөктөн уурдоо жөнүндө ойлонуп да кажети жок. Балдар да мектепте окуп, тарбия алып жатышат, бул дүйнөнүн анык коргоочулары ошолор. Алар биз үчүн эмес, өзүлөрү үчүн коргошот. Анткени, биз – кары-картаңдар убакты келгенде тигилген алманы да таштап кете беребиз… Демек, эч ким да суук колун салбайт», деп ойлонуучу Бөкөбай. Бирок бул ой чыныгы […]

Султан Раевдин антистандарт поэзиясы

«РухЭш»: Белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевдин аңгеме, повесть, романдарын окуган, пьесаларынын негизинде коюлган спектаклдерин көргөн адам анын көп жылдан бери купуя ыр жазып келгенин билбесе да керек. Чыгармачыл адам өзүнүн ойлоосу, көз карашы, ой-жүгүртүүсү, формасы, стандарты менен өзгөчөлөнүп турат. Көркөм сөздүн чеги жок. Чындыгында азыркы оомал-төкмөл дүйнөдө көз караштардын багыты да өзгөрдү. Былтыр Султан Раевдин көптөн бери “өзү үчүн” жазып келген ыр топтому “Антистандарт” деген ат менен жарык көрдү. Китепти окуган адам да дүйнөгө болгон анти ойлордун чалкеш сезиминде […]

Жапондордун акыл казынасынан: Миң чакырымдык жол бир кадамдан башталат

Жапониянын маданияты башкалардыкына окшобойт. Жапон эли акылман калк, алар табигат жана курчап турган дүйнө менен шайкеш жашоону көндүм адатка айландырышкан. Ашыкча убаракерчилик, ызы-чууну сүйүшпөйт. Алар жадакалса көпөлөктүн канат кагышына чейин абай салып, чөптө жорголоп бараткан ар бир кумурскага кызыгуу менен карашат. * * * Шылтоо менен малаамды (пластырь) кай жерге болбосун чаптап коюуга ыңгайлуу. * * * Тойлошконго башкалар, кайгырышканга өзүңдүкүлөр келишет. * * * Ашыкча буюм – ашыкча убайым. * * * Жүрөктө жеңил болсо, басыгың да жеңил. * […]