Бир жолу төө талаада жайбаракат оттоп жүрсө түлкү анын жанына келип:

— Эй ыйлаак! Менин жериме жайылгандай кандай акың бар? Көзүмө көрүнбөй жогол!

— Кандайча бул сенин жериң?- буркулдады төө.

— Ошондойчо! Бул жер мага атамдан мураска калган. Ага болсо чоң атамдан энчиленген. Эгер сен буга ишенбесең күбөнү чакырам,- деген түлкү карышкырды ээрчитип келди.

— Эй, ийри тумшук! Сен эмне бөтөн бирөөнүн коругунда оттоп жүрөсүң? Бул күнөөң үчүн мен сени жешим керек!- деп ыркырады бөрү.

— Туура кыласың, эң туура кыласың! Мындай немелерден жеп эле кутулуш керек,- деп түлкү өзүнө да андан бирдеме ашаарынан үмүттөнүп шакылдады.

— Андай болсо тагдырым ушул экен да!- деп төө букулдап ыйлап жиберип, анан карышкырдан суранды:- Таттуу чөптү жакшы көргөн тилимдин айынан өмүрүмдөн айрылып отурам. Ошон үчүн мени тилимден баштап жегин. Анын үстүнө ал аябай таттуу да, жумшак даны,- деп төө оозун ача калды.

Карышкыр төөнүн тилин жулуп алмакчы болуп анын оозуна башын тыкканда арсайган тиштер кабыштыра тиштеп, чириген жаңгактай быркыратты. Ал эми түлкү иш жаман экенин көрүп, бул жерден көздөн кайым болуп, азыр деле ал алды-артын карабай кайдадыр качып жүрөт дешет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.