АҢГЕМЕ

Канат шаарга жумуштап каттаганы менен эски иш-кагаздарды сактаган жайды билчү эмес. Бет алдынан чыккандардан улам сурап, күндүн көзү көрүнбөгөн көлөкөлүү бактын ичи менен жүрө-жүрө эки кабат мекемеге туш келди да, күзөтчү ээк шилтеген каалганы абайлай ачты.

Көзүнө дубал бойлой орнотулган миң көз суурмаларга сүйөнө олтурган жаш келин урунду. Бийкечтин субагай бет, ак жуумал, нурлуу жүзүнө жаак ылдый куюлган саамайы куп жарашып турат.

Селки окуп жаткан китебинен баш көтөрүп, чачын кулагына кыстара, жигиттин саламына баш ийкеди. Төбөсүндөгү саамайына серейте бантик байлаган беш-алты жашар кыз анын жанында оюнчугу менен убара.

Жаш аял көкүрөгүн жагжайта ачып, көйнөгүнүн жеңин чыканагына дейре түргөн Канаттын элеттик экенин чамалады. Анын оюн жигиттин кыска кыркылган чачын сол жагына кайрыганы да күбөлөдү. Жигит келген жөнүн айтты.

— Анда бир аз кармаласыз. Жумушка жаңы орношуп, аки-чүкүсүн али өздөштүрө элекмин, – деген селки кардардын өтүнүчүн бүтүрө албаганына өзүн ыңгайсыз сезди. Маңдайдагы терезе түбүнө коюлган олтургучтун ээсин түшүндүрө, сөөмөйүн ошол жакка нускады: — Тигил эжеке келсин, күтө туруңуз.

Канат узак жолго аттанмак болгондуктан убакыты тартыш экендигин, эгер келин оор санабаса, ишин эртерээк бүтүрүп берүүнү кыйытмак болду. Бирок бу жердегилердин чоо-жай, аки-чүкүсүн билбегендиктен артыкбаш сүйлөөнү эп көрбөдү. Түр калемди чиймегилеп, өзүнчө кыңылдай ырдаган ойноок кыз куштай талпынып, там-туң басканда чарчаган чүрпөсүн эске салды. Ал улутунуп алды, денесин баскан оор жүктөн арылгансыды. Бойтоң-бойтоң ойногон кызы тирүү турганда эмдигиче мектепте окуп калмак. Ошондон бери келинчегинин согончогу канабай, үйүнөн бала үнү, наристе күлкүсү угулбай, бири-бирин кыйышпас жаш үй-бүлө перзент жытын искей элек. Жан этинен айрыгыс кара тору кызы көз ирмемге элестегенде табиятынан өксүү Канаттын көз кычыгына таруудай жаш айланды.

— Бутуңуз талып кетмей болду, мобуга олтуруңуз,- деди келин дале тике турган жигитке.

Наристе стол үстүндөгү калем сап, дептер, кээде олтургучтун кырын кармап, өзү менен өзү. Селкинин сунушунан кийин Канаттын көңүлү биротоло кызга ооду. Маашырланып, анын ар бир кыймылын коштой көз жүгүрттү. Ойдо жок жерден ага кол сунду.

— Бери келчи, садага! Кел, тиземе олтур!- деди эркелеткиси келип.

Кыз чукчуң эте баш чайкаганда, төбөсүндөгү кош бантиги да серпилди.

— Барбайм.

Бөлмө ээси чоочун кишиге тил тийгизип койбогой эле деген таризде чүрпөсүн тыйды.

— Аида, антпе! Адам деген бейтааныш менен өзүнөн улуу-кичүүгө “сиз” деп сүйлөшү керек. Байкенин сендей кызы бар тура! Ошон үчүн сага үйрүлүп атат.

Аида апасынын артына өтүп, башын кылтайтты. Канаттын андан көз үзбөгөнүн байкап,кайра жашынды. Кийин караганда жигитке тилин бултайтып койду.

Жигиттин эси-дарты эми келинге ооду. “Кызынын атын го билдим, а өзүнүкү ким? Көз күйдүргөн жылдыздуу жан экен! Татыналыгы кыздан айырмасыз. «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.” Ойдо жок жерден шылтоо тапты:

— Аида, атаң досум болот. Сени ала кел деген. Барасыңбы? .

Кыздын көзү жайнап, Канатка умтулду:

-Атам.., атамабы? Барам.

— Бара гой, атаң жактан ырас келиптир. Ошондойбу, агасы?

Бөлмөнү тунжуроо каптады. Кыз кимге ишенерин билбей, курчоодо калган коён сымак бирде энесине, бирде Канатка жал-жал тиктейт.

— Күйөөңүз иш сапарда окшойт, — деди Канат.

— Түрмөдө олтурат. – Көңүлсүз үн каткан селки алданемеге күнөөлүүдөй, тетири бурулду. Далайдан бери жубайын эч ким оозго алып, сурай элек болчу. Аида курсагында экендигинде эри үйүнөн кол үзгөн. Эмдигиче үй-бүлөсүнөн кабар алган жок. Көрсө, мурдатан жытташып жүргөн кызматташ кыздын үйүнө кирип алган экен. Кийин ойношу экөө ишкананын казынасына кол салганбы, айтору, ири өлчөмдөгү байлыкты жок кылганы билингенде иши сотко ашып, камалып кеткен. Аялынын катына да, чалган телефонуна да али күнчө жооп кайтарбайт. Келин жалгыз бой турмушун ойлогондо убайым тартып, чырайлуу жүзүн көлөкө каптап, ичинен кымырылды.

Канат Аиданын атасын сагынганын боолгоду. Аида жигиттин маңдайына келип, жалбара карады:

— Байке, атама ала барчы!?!

Канат бул мекемеге келген жөнүн унутту. Эмнегедир эт-жүрөгү элжирейт. Бүткүл ой-көңүлү заматта Аида менен анын энесине тартылды да калды. Дилинде кызга бирдемке тартуулоону чечти. Бирок ага эмне жагарын билбейт.

Кыз жигиттин дитиндегисин жоромолдоп билгендей:

— Апам көчөгө чыкканда мага көп таттуу сатып берчү,- деп өзүнчө күбүрөдү.

Бөлмө ээси кызын тыя албай, амалы түгөндү. Жигитке баамдатпай, көзүн ымдаганына Аида караган жок.

Канат аны кучагына тартып, чачынан сылады. Көз алдынан бөбөктөрдү тамшандырган таттуулар чубурду.

— Балмуздакпы? – Ушу шириндик оюна түшкөнүнө кубанды.

Аида анын айтканын кайталап, сүйүндү. Балмуздак оозунда тургандай тамшанып, кичинекей алаканын чапкылады.

Энеси аны зекигенге өттү. “Тек турбасаң, сага мобу” дегендей шапалак көрсөттү. Жигит үндөбөй, сыртка ашыкты. Келин анын дилиндегисин дароо туйбай койгон жок.

— Ал айта берет, бала болбоңуз… – Чоочун адамдан тартынбаган чүрпөсүн тыя албаганына ызаланып, кызын жемеледи. – Сени кошунага калтырбай… Уят кылчу болдуң.

Шыпылдай баскан Канаттын балмуздак сатчу жай издеп, элеңдегени эки жак. Күтүүсүздөн кимдир-бирөө чакыргандай болду. Туш-тарапты караса, бет маңдайынан чыккан же ары-бери өткөн адамдардан аны тааныган жан көрүнбөйт. Көзү жол четинде токтоп турган жашыл түстүү жеңил машинага түштү. Андан башын чыгарган киши кол булгады. Ал Айыл чарба академиясынын окутуучусу Миша. Колду кармайт бу эми! Болжогондой эле Миша Канаттын убакыты тар экени менен иши жок, маалкатып, ар демени сурай берди. Атүгүл көңүлдөш аялынын дайын-дарегин суроону да унуткан жок. Мунун айынан Канатка кошуна үй-бүлө ажыраша жаздаган. Миша менен ынак келиндин эри “жолуктурсам, Мишаңа Чым-Коргонду же Үч-Коргонду көрсөтөм”, — деп кекенген. Бирок Канат аны Мишага угузган жок.

— Куулугуңа баракелде! Тымызын жайлайсың, сен! Эмесе, тырмактай балага жок издеп, эмне шам? Шаардык кыздар жебей жүрүптүрбү?… Андан көрө балмуздакты апасына жедиргим келип атат десең, жашырбай эле, — деп окутуучу ар демеге кыйытты. Ооз учунда: – Кап, элеттиктер капыс учурап, адамды уят кыласыңар. Үйгө тие кет, даам ооз тий… Кычашкансып, машинанын майы аз калыптыр. Э мейли, ушу сенден дөөтү аяганча… Айылга барганда терс бурулуп жүрбө!.. Ай, бийкечиңе мен да барайын, мага подружкасынан бирди тап. Чыгымы менен тейлөө жагы менден. Чоң-Ташпы же Арашан жаккабы, чыгып кетебиз, төртөөлөп. – Машинасын от алдырып айдап баратып, тийишкенин койбоду. – Ай сен кыйынсың, ай! Кайырмагыңа дароо алтын балык илинтип…

Канат актанбады. Антсе, Мишанын табаасы канмак.

— Ишенбесең, беттештирейин, — деген болду.

Миша дөөтүнүн ылдамдыгын азайтты:

— Ой, кайдагы шылтоо… Бу элеттиктер кыйынсыңар, ай, — деди да жооп күтпөй, жолдун аркы бетиндеги көлөкөдө каз-катар тизилген кезекке сөөмөй шилтеп: – Тигине, балмуздак. Тез өт да, алаарыңды алып, артыңа бат кайт. Аидаңа ылдам жеткирейин. — Окутуучу ырсая берип, дагы какшык узатты.

Канат унаадан түшүп, кызыл жарыкка карабай, чуркап баратканда мугалим анын артынан сөгүнгөнүн уккан жок:

— Кополдон дөңгөч айлангыр! Каалганы жаап түшүүнү да билбейт, айбан! Мындай дөөпөрөс шаардык аялдын баркына жетпес. Менчиги баштанып, жол акы да бербеди.

Канат каптал жагына келип, кыйч токтогон машинага урунуп ала жаздады. Айдоочудан баш ие кечирим сурады да, чекесинде чыбырчыктаган терин жүгүрүп баратып аарчып, катарга жетти. Өпкөсүн баса албай, кезек кыйлада тиерин болжоду. Башка жердегисин издегиче убакыттан уттурмак. Ачуу тийген күн дене-боюн куйкалап, көз уялтат. Чайыр төшөлгөн аянттан чыккан ысык илеп лап-лап этип бетке урат. Жүз аарчуу менен улам сүртсө болбой, бети-башынан аккан тер моюн ылдый сөөлжандай сойлоду. Арадан кыйла мезгил өткөнсүдү. Кезек такыр түгөнбөчүдөй чыдамы кетти.

— Эки жүз граммдыктан алтыны,- деди ал аптыгып.

Балмуздакты кош колдоп кармап Миша токтогон жерге келсе, анын өзү турмак дөөтүсү да жок. Бир жактан иретсиз чачы тердеген бешенесине жабышып жүдөттү.

Көлөкөлүү бак менен жүрсө да күндүн ысыгы жалгыз өзүн куйкалагансыйт. Балмуздак эрип, чайпалганда кагаз чөйчөктүн кырынан төгүлөт. Мекеме кыйла алыстап кеткендей, жолу арбыбай чый-пыйы чыкты. “Муну кармаганга муздаткыч сурап албаймбы дүкөндөн. Болбосо кагазга оролгон момпосуй балмуздакты тандабай!” — дейт бир ою.

Бекем жабылган каалганы кантип ачаарын билбеди. Балмуздакты жерге коюп, тутканы тартайын дейт, аны Аида менен апасы көрүп калса, жийиркенер. Чакырарга селкинин атын да сурап албаптыр.

Сыртка адегенде Аида чуркап чыкты. Артынан энесинин карааны көрүндү. Кыз Канаттын колундагы балмуздактын бирин алып, ыстаканы менен өйдө көтөрдү. Канааттангансып, көздөрү күлүп, ууртунан жылмайды.

Наристени сүйүнткөнүнө Канат курсант. Ал кечиккен айыбы үчүн келинден кечирим сурап:

— Шашканда жарымы сүткө айланды. Такси жалдаш ойго келбей… А бул сизге! – Билегине кыса келген чоктой үч кызыл гүлдү келинге карматты.

Селки өзүнө арбалган жигиттин сүйүп калгандыгын дароо түшүндү. Канаттын балмуздактын тамчылары тийип булганган үстү-башына ыйбаа көз жүгүрттү. Аида үчүн анын машакат тартканына уялды. Бөлмөдөн ала чыккан идишке калган балмуздактарды салып, жигиттен мейманчылап кетүүнү өтүндү.

— Кийимиңиз булганды, жууп берейин!

Канат рахмат айтып, келин тактап койгон карыянын кагаздарын алып жөнөй берди.

Кыйладан бери эркектен сый көрө элек аялдын ичи жылып, таалайга тунду. Балмуздактын акчасын төлөбөгөнүн чеки көрдү да, Канаттын соңунан жүгүрдү. Бир колу менен оозу ачык сумкасынан акча издейт. Анын ниетин болжогон жигит арышын ого бетер тездетти.

— Токтосоңуз!.. Шашпасаңыз, тилегиңиз орундалгыр. – Чоочун келин бул ирет жалынычтуу өтүндү. – Бери кайрылсаңыз…Сиздин да бала-чакаңыз бар. Алар жол карайт. Менин атымдан кур дегенде момпосуй ала барыңыз.

— Эсептешкен дос болбойт, — деди Канат. – Андан көрө атыңызды айтып, үй дарек, телефон номуруңузду жазып бериңиз, сүйлөшкөнгө.

— Канышай…

— Аман туруңуз, Канышай…

Энеси менен бейтааныш кишиден көз албаган бантикчен Аида узата жылмайды да, имараттын тепкичинде кол булгалап койду.

Жай басканга көнбөгөн Канат артына кылчайды. Мекеме көздөн далдаа калганы менен көчө ортосунда Канышай дагыле аны узатып турган. Улам алыстаган сайын анын карааны иңирде бүлбүлдөгөн шам чырактай кичирейди. Жигит өзүнөн кайра сурады: “ Эмнеле Канышайга үйрүлөм, ыя?” Кер-мур айтышкандан бери жубайынан көңүлү калган эле.

Экөөнүн ортосунда сезим жоктой, аялынын мамилеси да салкын. Демек… Адатынча кере-кере арыш таштаган жигит кадамын жайлатты. “Жок, — деди ал ичинде, – минтип жанымды кыйнап, өз сезимимди муунтсам, жарыбасмын. Канышай мага жагат тура! Ага ыйык сүйүүмдү туюнтпасам, азапка түшөрмүн. Калганын Канышай өзү билер. Айтканымды кабыл албаса, ал да өз эрки. Өмүрүмдө бир келген тун сезимди кордобоюн! Сүйөөрүмдү Канышайдан мурда кимге айттым эле? Үйүмдө ансыз деле мени сүйүп, кучагына кыса тосуп алаар адам жок”.

Ал артына бурулуп, жаңы тааныш селкини көздөй жөнөдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.