Абийрбек АБЫКАЕВ: Айылчы катын жөнүндөгү жомок

Илгери-илгери көчүгү жер жыттабаган айылчы аял болуптур. Айылчысы аз келгенсип көз ирмебей жалган сүйлөгөн калпычы да экен. Күйөөсүнө күндө бир шылтоо айтып, үйүнөн карга бок чокуй электе чыгып, кеч күүгүмдө кайтмай анын адаты эле. Ошондой күндөрдүн биринде “бул айылда менден башка мыкты бычмачы жок, тон бычтырганга мени чакыртты”,- деп кетет аялы. Анын калп-чынын көрөйүн деген ой менен күйөөсү аңдып барып, боз үйдүн үзүгүн акырын ачып шыкаалайт. Башка аялдар тон бычып, аялы чоң казанга тамак бышырып атыптыр. Эринин аңдып калганын сезип […]

Абдил ШЕРМАТОВ: Молдо Кылычтын казалдарын барактап…

Бүгүнкү улуттук жана дүйнѳлүк адабияттын бийик үлгүлѳрүндѳ тарбияланып, бирок китепке караганда Интернет менен гаджетке оп тартылып бараткан жаштар Молдо Кылычтын чыгармаларын жантыгынан жата калып окууруна кѳп ишене бербейм. Окубайт деп аларды күнѳөлѳгѳ да болбойт. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери кѳп. Ошолордун айрымдарын сомолоп айтсак, бүгүнкү дүйнѳ цифралык доордун тилкесине кирди, биз кааласак да, калаабасак да жаш муундар үчүн жаңы технологиялар чѳйрѳсү алардын табигый жашоо ыңгайына айланып, ошолордун ичинен жалаң онлайн режиминде жашоого ѳткѳндѳрү кѳбѳйүп барат. Ошонун натыйжасында муундан муунга ѳтүп […]

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин ырлары

ТҮШКӨ КИРДИҢ Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп, күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп – кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп? Карап көрсөм ортобузду ой чулгап: канча деңиз таарып-толкуп олтур, кап! Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш, тайанычы – жер, көк кошо солкулдап! Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай кармап алып сайасатты араадай. Токой болуп сансыз күндөр ортодо тосуп турат, кесип турат айабай. Оттук сымал сезим жанып дүрт эле, оо, ал кездин атаманы күлкү эле! Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн – канчаларга калка болуп турчу […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Тынчтык

АҢГЕМЕ Мен узун, Тынчтык кыска. Бир сом менен элүү тыйындай болуп дайым ээрчишип жүрөбүз. Көзү көк болгондуктан, Көкөман деп койчубуз. Аябай өжөр болчу. Эркелигинен мектепти “катыра” окуду. Өмүрүндө эки жолу беш алды. Эки бешти тең мен алып бердим. Биринчисин кол эмгектен Жумаев Сыдык агай жаздын күнү чымчыктарга уя жасап келгиле дегенде, тактайдан кесип убараланып уя жасап, оозун тегерек кылып кесээрде жалкоом кармап ыргытып салсам, жанымда чеңкейип мурдунун суусун куюлтуп карап отурган. — Мага берчи уяңды, — деп жалдырап сурайт. — […]

Асан АХМАТОВ: Эрендер да ыйлашат

ПОВЕСТЬ  Ахматов Асан – жаңыдан жаза баштаган жазуучу, анын чыгармачылыгы кесиптик иши менен тыгыз байланышкан. Чыгарманын каармандары менен алгыр куштун кайгылуу тагдыр жолдору кесилишкен окуя Кыргызстандын Баткен областында болуп өтөт. Алар кырдаалдын, мезгилдин жана тагдырдын барымтасына кармалган жандар. Мурда Афганистанда аскердик кызмат өтөп, тагдыры талкаланып, ак сүйүүсүнөн ажырап, бирөөгө ишенүүнү койгон Тимур Байсеитов өзүн курчап турган дүйнөгө каршы туруп №1 террористке айланган. Ал өз уулу, чек ара кызматынын сержанты бар экендигин, Мекен чегин коргогон согушта аны менен кездешери оюна да […]

Дилазык: Уурдалган махабат

ПРИТЧА Кечилден сурашты: — Сиз үй-бүлө жана сүйүү тууралуу көп нерселерди айтып келесиз. Эркек-аял никеде же эркин сүйүүдө жашаганында кандай айырма бар? Кечил мындай деп жооп берди: — Нике – бул Кудай тараптан адамдар ортосундагы сүйүүнүн көбөйүшү үчүн жаралат. Бирок тилекке каршы, адамдар муну кыянаттык менен пайдаланышат. Мисалы, сиздин унааңыз бар дейли. Ал сизге кубаныч жана ыракат тартуулайт. Эгер аны уурдап алсаңыз, уурдаганыңыз үчүн жазасын тартасыз. Никеден тышкаркы сүйүү да уурдалган болуп саналат. Байлык  Илгери-илгери бир адам болгон экен. Анын […]