Бүгүнкү улуттук жана дүйнѳлүк адабияттын бийик үлгүлѳрүндѳ тарбияланып, бирок китепке караганда Интернет менен гаджетке оп тартылып бараткан жаштар Молдо Кылычтын чыгармаларын жантыгынан жата калып окууруна кѳп ишене бербейм. Окубайт деп аларды күнѳөлѳгѳ да болбойт. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери кѳп. Ошолордун айрымдарын сомолоп айтсак, бүгүнкү дүйнѳ цифралык доордун тилкесине кирди, биз кааласак да, калаабасак да жаш муундар үчүн жаңы технологиялар чѳйрѳсү алардын табигый жашоо ыңгайына айланып, ошолордун ичинен жалаң онлайн режиминде жашоого ѳткѳндѳрү кѳбѳйүп барат.

Ошонун натыйжасында муундан муунга ѳтүп келген баалуулуктардын жол-жобосу бузулду. Ушундай шартта окумуштуулар айткан цифралык доордогу миллениалдарга биз Молдо Кылычтай феноменди, ашкере билимдүү адабиятчы К.Асаналиев таамай белгилегендей, «шѳкѳттѳп жасалгалабай», «үстүртѳн утурумдук саясаттын кызыкчылыгынан карабай», «ѳткѳндѳгү тарыхка, тарыхый мураска… реалдуу баа» берип, жеткиришибиз керек. Биз анте албай жатабыз. Айтса айтпаса тѳгүнбү, Молдо Кылычка кайрылган акыркы кездеги изилдѳѳлѳрдѳ негизги кѳңүл кѳбүнчѳ акындын ата-тегинин айланасындагы фактылардын жана большевизмдин апологеттеринин анын чыгармаларына жармаштырган саясый «ярлыктарынын» тегерегине топтоштурулуп, аны элдин кызыкчылыгын ырдаган акын катары кѳрсѳтүүгѳ басым жасалат. Мындай тарыхый аянты чектелген форматтагы айрым эмгектер жалпы адамзаттык цивилизациядан кабардар, дүйнѳ жүзүндѳ эмне болуп жатканын заматта билип алган, илимий тилде центениалдар делген жаңы муунду «Казалдардан» жатыркатары айтпаса деле түшүнүктүү.

Реалдуулук ушундай болуп жаткан соң, биз улуттун эн тамгасы болгон тилибизди, ошол тилде жаралган тарыхый, маданий баалуулуктарыбызды виртуалдык дүйнѳгѳ оой баштаган муундарга кантип жеткиребиз жана аны жеткирүүнүн кандай жолдору бар? Бул жолду бүгүн маалыматтар селинен абдыраган бүт дүйнѳ издеп жатат жана ага адекваттуу делген ар кандай концепциялар сунушталууда. Ошолордун оптималдуу эсептелгендерине ыктасак, биз аталган миллениалдар менен бирге ошолордун виртуалдык дүйнѳсүнѳ кирип, алар «аш кыла ала тургандай» рухий меню түзүү приоритетине артыкчылык беришибиз керек окшойт. Ошондо натыйжа болчудай жана дүйнѳлүк коомчулук үмүт артып жаткан ушул жолду тандоо ылайыктуу сыяктанат.

Балким, ошондо алар Молдо Кылычтын «Зилзалласына» жазган баш сѳзүндѳ (Казань. 1911) эне тилибизде ушундай китептер кѳп чыгып, элим билимдүү болор бекен деп зар какшаган агартуучу И.Арабаевдин ѳксүк арманга, үмүттү жандырган асыл тилектерге жык толгон саптарын жүрѳгү менен кабыл алаар? Балким, ошондо кыргыздардын жазма адабияты болгон эмес деген расмий пикирди бийликтин таңуулаганын билип туруп, тымызын сыймыктануу менен «Кылыч – жазуучу акын» (Кыргызмамбас,1998) деген китепти эргип жазган адабиятчы Т.Саманчиндин кордолгон тагдыры, ошондой жол менен элдин рухий таянычы болгон баалуулуктарды улуттун эс тутумунунан жок кылуу аракети алардын ѳздүк аң-сезимин ойготор?

Кандай болгон күндѳ да Молдо Кылычтын мурасын, анын маанисин ушундай жолдор менен жайылтуу ашкере актуалдуу болуп турат. Анткени ал буржуазиянын саясый аренага чыгышы, ар кандай социалдык — саясый идеялардын жайылышы жана капитализмдин империалисттик стадияга ѳтүшү менен шартталган татаал тарыхый доордун туундусу. Ал күнүмдүк пендечиликтин кызыкчылыктарынан ѳйдѳ болуп, ѳзүн курчаган дүйнѳнү жана ѳзүн ѳзү таанып билүүгѳ дилгирленген личносттун символу.

Адабият менен айланышып жүргѳн соң, Молдо Кылычтын ѳмүр таржымалын, чыгармаларын окуйм. Окуган сайын, ырасын айтсам, анын жазгыч акын болуп калганы кѳп ойлондурат. Адабиятчы Т.Саманчин («Кыргызмамбас», 1948) аны эл кыдырып, ашта-тойдо ырдаган эмес, Кылыч жазуучу болгон, XIX кылымдын аягында биринчи ыр жазып, кыргыздын биринчи жазма адабиятын негиздеген деп түшүндүрѳт. Адабиятчы К.Асаналиев («Адабият» басмасы, 1990)  акындын диний мектептен сабатын жойгонун, диний китептер, ошонун ичинде Чыгыштын поэтикалык чыгармалары менен таанышканын, ошолор анын китептин жана жазуунун артыкчылыктарын кѳрүүгѳ, ырларын кагазга түшүрүүгѳ түрткү бергенин санап келип анан акын дүйнѳгѳ турмушка карата болгон мамилесин жазуу жүзүндѳ билдирүүнү ѳзүнүн зарыл милдети катары караган болуу керек деген жоромол айтат. Эки адабиятчы тең Молдо Кылычтын диний китептер, мусулман жазуучуларынын чыгармалары, араб, фарсы тилинен түркчѳгѳ которулган дастандар менен тааныш болгонун, казактардын ѳлѳң-кысаларын жана татар тилинде чыккан газета-журналдарды окуганын жазма ишине шыктандырган фактор катары белгилешет.

Моюнга алуу керек, адабиятчылардын кѳркѳм чыгарма жаратуунун мыйзам ченемдүүлүктѳрүнѳ жана анын субъективдүүлүгүнѳ негизделген аргументтеринде ишендире турган моменттер кѳп. Бирок ушундайча трактовкаланган жоболорду Молдо Кылычтын жазгыч акын болуп калышына мотивация катары кароого болобу?

Ырас, ал изилдѳѳчүлѳр коомдук, саясый ж.б. кубулуштар таптык позициядан ченеп-бычылган, личностко жана анын ишмердигине ушундай алкактан баа берүү тенденциясы күчѳп турган драмалуу мезгилде жашаган. Андыктан ушул сыяктуу илимий жоболорго ошол доордун реалиялары катары мамиле кылган жѳн. Ошентсе да мындай мотивация кѳп канааттандыра бербейт.

Белгилүү го, кандай гана чыгармачылык болбосун, анын түртүлүп чыга турган «старттык аянтчасы», делѳѳрүткѳн идеялык «угуту» болот. Эмне себептен Молдо Кылыч ыраларын кагазга түшүрүүнү «ѳзүнүн зарыл милдети катары» караш керек эле? Бул риторикалык суроолор эмес. Бул алгачкы жазгыч акыныбыздын орошон умтулусун түшүнүүгѳ багытталган аракет.

Анда оболу Молдо Кылычтын кандай билим алганын тактап алалы. Адабиятчы Т.Саманчин анын мектептен окуп, системалуу билим алган киши эмес экенин, ал ар кайсы молдолордон анча-мынча сабак алганын, бирок китеп окуп, кат жазууга кѳбүнчѳ ѳз аракетинин натыйжасында жетишкенин айтат. Кийинки маалыматтарга караганда ушундай эле пикирди адабиятчы Ш.Үмѳталиев да айтыптыр (Л.Үкүбаева. Молдо Кылыч «Тил жана маданият», 30.08.2017). К.Асаналиев болсо Молдо Кылыч диний мектептерден кат сабатын ачкан дейт. Ал эми тарыхчы А.Кубатованын, адабиятчы Л.Үкүбаеванын маалыматтарында Кылычтын агасы Ѳтѳмбай медресе ачып, ал ошол медресеге кирип, 2-3 жыл окуганы айтылат («Тил жана маданият», 30.08.2017).

Ушул жерде кѳңүл бура турган бир жагдай бар. Бул «мектеп» жана «медресе» деген түшүнүктѳргѳ байланыштуу.

Эгерде тарыхчы А.Э.Кубатованын («Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы. 1900-1916») жана түрк изилдѳѳчүсү Эбубекир Гүнгѳрдүн («Ала-Тоодогу агартуучу») эмгектеринде берилген илимий маалыматтарга таянып айтсак, «мектептик билими» деген – бул башталгыч диний билим. Андай билим эл жыш отурукташкан жерлердеги мечиттердин алдында, ал эми кѳчмѳн калктарда – боз үйлѳрдѳ берилген. Мындай билим берген дин адамын дамулла, андан жогору деңгээлдеги медреседе билим бергендерди — мударис дешкен. Эгерде Молдо Кылычты бала кезинде окутуш үчүн Батоян молдону Жумгалдан алып келишсе, анда алардын айылында ошол учурда мечиттин да, медресенин да болгону күмѳн туудурат. Ушундан улам Т.Саманчин Молдо Кылычтын ар кайсы молдолордон билим алганына, окуганды жана жазганды ѳзүнүн карандай мээнети менен ѳздѳштүргѳнүнѳ бекеринен басым жасап жатпаса керек?

Ал эми Кочкордо медресе болгону чын. Аны Молдо Кылычтын тууганы Ыбыке уулу  Канат (Канат ажы) 1912-жылы Талаа-Булактын сеңирине он бѳлмѳлүү кылып, астын-үстүн тактайлатып, темир тунуке менен жаптырып салдырган. Анда жергиликтүү жана Уфадан окуп келгендер болуп тогуз мударис билим берген. Алардын ичинде Уфадан медресени бүтүп келген Канат ажынын баласы Ысак да болгон. Ал кезде Молдо Кылыч 46 жашта болчу. Медресени 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштѳ падышанын жазалоочу аскерлери ѳрттѳп кеткен (А.Э.Кубатова. Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы.1900-1916-жж).

Ошентип, Молдо Кылыч ошол кезде кеңири колдонулган «кадымчылык» усулу боюнча башталгыч диний билим алган. Тарых изилдѳѳчүсү А.Э.Кубатованын жана түрк изилдѳѳчүсү Эбубекир Гүнгѳрдүн маалыматтарына таянып айтсак, 2 жылга же 7 жылга созулган башталгыч диний билим алгандар Алиппеден араб алфавитинин тамгаларын 3-6 ай жатташып, андан кийин муунга бѳлүп окуганды үйрѳнүш үчүн, Аптиекти окушкан. Ошондон кийин гана Куранды, Чааркитепти, Хожа Хафизди, Суфи Аллаярды ж.б. дин маселесине тийешелүү китептерди окушкан. Бул китептер перс тилинде жазылгандыктан, мааниси түшүнүксүз болгон. Сабактар үйрѳнүү ыкмасында окутулбай, жаттоо ыкмасы менен жүргүзүлгѳндүктѳн, окуучулар тил үйрѳнѳ алышкан эмес.

Ушундай маалыматтардан соң мындай бир ой келет: окуткан молдолору тил үйрѳтпѳсѳ, кѳчүп конгон айылда тил үйрѳнгѳндѳй чѳйрѳ же китепкана болбосо, Молдо Кылыч Күн чыгыш жазуучуларынын араб, фарси жана түрк тилдериндеги чыгармаларын кантип окуган? Бул бир жагы. Экинчи жагынан, кырктан ашып калган Молдо Кылычтын чыгармачылыгына 1905-жылдан кийин чыккан татар тилиндеги газета, журналдар менен таанышуу кандай таасир берди? А.Э.Кубатованын илимий маалыматында татар эли журналдарды жана газеталарды улуттук тилде чыгаруу укугуна 1905-1907-жылдардан кийин, казактар 1911-жылдан кийин ээ болгону айтылат. Ушул жылдары Токмокто «Таржиман», «Юлдуз», «Идель», «Ялт-юлдуз» газеталарын жана «Шура», «Айкап» журналдарын; Караколдо «Юлдуз», «Нур», «Вакт» газеталарын; Ат-Башыда «Вакт» газетасын алып турган. Ушундай фактылардан соң эмне үчүн газета-журналдар татар тилинде, деги бу татар агайындар кайдан келген деген суроолор ой чабытын тороп туруп алат. Мындай маселерди тактап алыш үчүн ѳткѳн тарыхка кайрылуу зарылчылыгы ѳзүнѳн ѳзү чыгып жатат.

Молдо Кылыч жашаган доордо кыргыздардын жашоо-турмушу күнкорчулуктун запкысында ѳткѳн. Ал доордо капиталисттик ѳнүгүүнүн жогорку стадиясына жеткен империалисттик мамлекеттер дүйнѳнүн картасын ѳз кызыкчылыктарына ылайыктап бычып-бѳлүп, кызыкчылыгына кирген мамлекеттерге жашоо ыңгайын, динин таңуулап, алардын байлыгын ар кандай жолдор менен талап-тоноп жаткан мезгил болчу. XIX кылымдын экинчи жарымындагы ушундай опурталдуу учурда кыргыздар Кокон хандыгынан бошонуп, Россиянын амирине баш ийип калган заман эле.

Кантебиз, бул ич ара иттей тытышкан уруучулук чатактан, кошуна калктар менен кырды-бычак абалда болуудан алсыраган кыргыз эли үчүн цивилдүү коомдук мамилелерден үмүттѳндүргѳн кадам болчу. Дүйнѳ картасын ѳз кызыкчылыгына ылайык бѳлүштүрүүгѳ түздѳн түз тийешеси бар империя катары Россия кыргыздарды ѳзүнѳ кошулду кылып алып, эки максатка жетти. Биринчиси, Россиянын чалгындоо иши менен байланышкан императордук география коомунун саякатчылары картага түшүрүп кеткен табигый ресурстарга ээлик кылуу укугун алды. Экинчиси, империянын түштүк чек арасын кеңейтип, ѳлкѳнүн коопсуздугун камсыз кылды. Алардын мындай ийгилиги Ата-Журтубуздун Түштүк чѳлкѳмүндѳгү эркиндигин жан аябай коргогон кыргыздардын эр азаматтарынын жок кылынышы, карапайым калктын аеосуз кырылышы менен коштолгону ошол эле орустардын маалыматтарынан белгилүү. Бул тукум курут болуудан чоочулап, баш ийүүгѳ аргасыз болгон майда калктардын тагдыры.

Укуктук негизде колго тийген аймакты бекемдѳѳнү Россия империясы «Талаа жобосунун» негизинде кеңири артыкчыктар берилген орус келгиндерин жергиликтүү элден зордоп тартып алынган суусу мол, түшүмдүү жерлерге жайгаштыруу, жерге ээ болгусу келген кыргыздардан орус армиясында кызмат ѳтѳѳнү жана проваславие динин кабыл алууну талап кылуу, салыктардын санын кѳбѳйтүү, жерди, жерде жашаган жан-жаныбарлардын, ѳскѳн нерселердин баарын орус ѳкмѳтүнүн менчиги деп жарыялоо, жергиликтүү калктарга ар кандай чектѳѳлѳрдү киргизүү аркылуу чечти.

Арийне, бул монархиялык Россия империясын Батыштагы башка империялардан ѳзгѳчѳлѳп турат. Маселен, монархиялык бийлик жоюлуп, парламенттик башкарууга ѳткѳн айрым империялардын колониалдык бийликтери баскынчылык, талап-тоноочулук, катал мыйзамдарды киргизүү жагынан Россиядан ашса ашкан, бирок кем калган эмес. Ошентсе да алар колонияларга оболу капиталды, ѳндүрүш технологияларын алып келишкен жана жергиликтүү элдин сабаттуу болушуна, алардан колонисттердин тилин билүүсүнѳ кызыкдар болушкан. Анткени ошол мамлекеттердин буржуазиясы үчүн ѳндүрүштү, тилди билген арзан жумушчу күчү кѳбүрѳк пайда табууга ѳбѳлгѳ түзгѳн. Бул колониялардын байлыгын ызы-чуусуз алып кетүүнүн айла-амалы дечи. Россиянын падышалык бийлиги болсо жергиликтүү индеецтерди кызыл кыргын кылган, кошуна Мексиканын жана Канаданын жерлерин зордоп тартып алган, ал жерлерге америкалыктарды отурукташтырган Американын баскынчылык моделине артыкчылык берген. Мындай саясат акырындап, маалы келгенде жарыла турган бомба сыяктуу абалды түзѳт. Бул Россия империясы үчүн орустарды коргойбуз деген шылтоо менен жергиликтүү элди баш кѳтѳртпѳй чѳгѳлѳтүп туруунун бир жолу.

Молдо Кылычтын ышкыбоз-ынтызар балалыгы, акылы жетилген жигиттик күндѳрү кыргыздар табиятына жат ушундай коомдук-саясый мамилелерге аргасыз тартылган драмалуу мезгилге туш келди. Ал учурда империалисттердин экспансиясы күргүштѳп күч алып, колонияга айланган күнкор ѳлкѳлѳрдүн саны кѳбѳйгѳндѳн кѳбѳйүп бараткан. Ушундай кырдаалда колонизаторлорго каршы регионалдык чектеги жана улуттук масштабдагы куралдуу кѳтѳрүлүштѳрдүн ѳртү бирде жалындап, баскынчылардын жүрѳгүн түшүрсѳ, бирде жалп ѳчүп, калктын каны суудай тѳгүлүп жатты. Ошондо колониалдык эзүүгѳ туш болгон улуттардын, асыресе ислам дининдеги элдердин алдыңкы ѳкүлдѳрү стихиялуу чыккан, баш-аягы жок башаламандык коштогон боштондук күрѳшүн концептуалдуу теорияга жана туруктуу программага негизделген идеология менен камсыз кылуу аракеттерин кѳрѳ баштаганын да белгилеп кетүү керек.

Ошолордун ичинен XIX кылымдын аягында мусулман ѳлкѳлѳрүнѳ тездик менен жайыла баштаган диний-саясый панисламизм идеологиясы жана жаш түрктѳрдүн «Биригүү жана прогресс» деген ат менен белгилүү буржуазиялык-улутчулдук пантүркизм идеологиясы Россия империясынын колтугунда улуттук укуктары басмырланып, кор болуу ызасын тартышкан мусулман калктарына да ар кандай жолдор менен жетип, алардын рухий жактан жаңыланышына жана ѳздүк аң-сезиминин ойгонушуна позитивдүү таасир тийгизген.

Ислам дининин нускалуу салттарына негизделип, колониялык кѳзкарандылыктан бошонууга, жалпы түрк жана мусулман мамлекетине биригүүгѳ үндѳгѳн бул идеялар алардын кылымдар бою эңсеген тилектерине дал келген. Ошондон улам Европа континентине кеңири жайылып, революциялык тѳңкѳрүштѳргѳ желек болуп, монархиялык бийликтерди талкаланууга алып келген, мамлекеттин саясый жана экономикалык негизин ѳзгѳрткѳн социалисттик идеялардан ансыз да жүрѳкзаада болуп отурган падыша бийлиги бул идеологиянын жактоочуларын (кийин большевиктер бийлиги да) аябай куугунтукка алышкан.

Поликонфессиалдуу Россиянын мындай кыймылдардан чочулай турган жѳнү бар эле. Империянын борборундагы татар, башкыр жана чет жакасындагы ѳзбек, казак, кыргыз, түркмѳн, азербайжан ж.б. ондогон миллион мусулман диаспоралары кыймылга келсе, ѳлкѳнү ичтен ыдыратып, бѳлүнүп-жарылуу коркунучун жаратмак. Панисламизм идеологиясын биринчи негиздеген Жемал-ад-дин аль-Афгани да аны негизинен, антиколониалдык күрѳштүн максатына ылайыкташтырып, колонизаторлорго каршы уюшкандык менен чыга алуучу саясый бирикмелерди жана саясый борборлорду түзүү максатын кѳздѳгѳн. Алар ошол шартта канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеди же эмне себептен натыйжалуу иштеген жок – ал тууралуу бизде азырынча илимий маалыматтар жок. Бирок мусулман дүйнѳсүн түп кѳтѳрѳ козгоп, тарыхка улуу күрѳштѳрдүн контурун чийип кеткен бул идеологиянын айрым жоболору Россия империясындагы мусулмандар арасында дүркүрѳп ѳнүм алганы тарыхый чындык.

Ошол жоболордо империалисттик экспансиянын күч алып кеткенин, анын натыйжасында мусулман ѳлкѳлѳрүнүн эзүүдѳ калып жатканынын башкы себеби катары алардын биримдигинин жоктугу, коом жана жаратылыш жѳнүндѳ илимий-билимдин системалуу ѳнүкпѳгѳнү, ошолордон кабары жок элдин караңгылыгы жана түркѳйлүгү ѳзгѳчѳ жанды сыздатуу менен белгиленген. Панисламизмдин, пантүркизмдин мына ушул улуттук сыймык, ата-бабалар аздектеген эркиндик жана санжыралуу улуттук маданият сыяктуу унутта калып бараткан баалуулуктарды эс тутумда жандандырган жоболору

Россия империясындагы мусулмандардын, асыресе алардын эң билимдүү бѳлүгү татарлардын, алдыңкы ѳкүлдѳрүн шыктандырып, жадидизм деген жаңы идеологиянын жаралышын шарттаган. Бул кыймылдын теориялык-практикалык негизин түзгѳндѳр татар элинин Г.Курсави, Ш.Маржани, К.Насири, Х.Файзханов,  З.Бегиев, И.Гаспиринский сыяктуу Байыркы Грециянын, Орто кылымдагы Чыгыштын, жаңы замандагы Батыштын философторунун, акын-жазуучуларынын чыгармаларын кана окуган, Европа континентиндеги саясый-маданий окуялардан кабардар алдыңкы ойчулдары, аалымдары жана агартуучулары. Канча айткан менен татарлардын Орто кылымда очор-бачар мамлекети, диний-улуттук жана маданий-тиричиликтик цивилизациясы, социалдык уюмдашуусу жогорку даражадагы эли болгон. Ѳз заманында алардын Аравия, Түркия, Иран, Египет, Орто Азия жана Европа ѳлкѳлѳрү менен соода-сатыктык жана маданий байланыштары ѳнүккѳн, ошол ѳлкѳлѳрдѳн билим алган жаштары арбын болгон.

Кылымдар бою уланып келген мындай байланыштар татар коомунда илимий билими бар аалымдардын, товар жүгүртүү ѳнѳрүндѳ бышкан соодагер-ѳндүрүшчүлѳрдүн, тил билген адистердин, кол ѳнѳрчүлѳрдүн социалдашкан катмарынын жаралышына ѳбѳлгѳ түзгѳн. Бирок XVI кылымда татар хандыктары (Казань, Астрахан, Крым) кулатылып, алардын жерин, элин орустар зордоп кошуп алгандан кийин, татарларды куугунтуктоо, күч менен православие динине киргизүү, алардын мечиттерин талкалоо массалык мүнѳз алып кеткенде, алардын кыргыз, казак жерине, Орто Азия хандыктарына алгачкы ири миграциясы башталган.

Орус империясынын амириндеги эң эле кѳп мусулман калкы болгондуктан, татарлар канча бир кылым басмырланып, социалдык, укуктук, диний кысымда жашап келген. Ушундай колу байланган тарыхый кырдаалда татарлар радикалдуу панисламизм менен пантүркизмге альтернатива катары диний-улуттук негиздеги агартуучулук идеяларды тандап алышкан. Алардын кѳз карашы боюнча ушундай багыттагы аракет гана мусулмандардын алдыңкы илимий билимге ээ болуусуна, цивилизациялык жетишкендиктерди ѳздѳштүрүүсүнѳ жана ѳнүккѳн Европа ѳлкѳлѳрү менен интеграциялануусуна жол ачмак. Анан ушул жылдар аралыгында жадидизмдин илимий жана окуу-методикалык базасы түптѳлѳ баштады.

Тарыхчы А.Кубатованын маалыматына таянып айтсак, маселен татар агартуучусу Каюм Насыры Чыгыш ойчулдарынын чыгармаларын татар тилине которуп, ошондой үлгүдѳ ѳз чыгармаларын жараткан. Ал Казань университетинин илимпоздору менен байланышта татар тилинин грамматикасын жана адабий тилин иштеп чыккан. Биринчи жолу татар тилинде тарых, география, арифметика, гигиена жана илимдин башка тармактары боюнча 40ка жакын аталыштагы китептерди басып чыгарып тараткан. Ал эми алгачкы татар агартуучусу жана реформатору Ш.Маржани антика философторунун эмгектериндеги ойлорду чечмелеп комментарийлеген китеп жазганы, билим берүүгѳ реформа жүргүзүп, жаңы ыкма менен окуткан медресени ачканы белгилүү. Анын заманга шайкеш реформалык идеяларын колдоого алган Санк-Петербург университетинин чыгыш факультетинин окутуучусу Хусаин Файзханов мусулман мектептерин гимназиянын программалары менен окутуунун стандартын түзүп, ошондой жол менен аларды университетте билим алууга даярдоонун планын иштеп чыккан.

Жадидизм усулуна негизделген программа менен окуткан Исмаил Гастпиринскийдин крым-татар мектеби жана ар кандай аталышта басылып чыккан татар тилиндеги газеталар, журналдар жадидизм идеясы менен куралданган агартуучулардын жана мугалимдердин жаңы муундарынын ѳсүп чыгышын ылдамдаткан. Мында татар буржуазиясынын салымын ѳзгѳчѳ белгилеп кетүү керек. Ага ишениш үчүн 1889-жылы Оренбургга «Хусения» медресесин курган соодагер Ахмет Хусеиновдун сѳзүн келтирсек жетиштүү: «…бул башым менен 20 миллион каражатты айландырам, Лондондогу жана Париждеги кеңселеримди башкарам. Бирок бул башымды 12 жыл ичинде араң кол коюуга жана сандарды эсептѳѳгѳ үйрѳтүштү. Буга менин башым эмес, эски калпалардын баштары күнѳѳлү. Мына силер жаңыча окуп жатасыңар. Эртерээк билим алгыла. Окууну жана жазууну эле үйрѳнбѳстѳн, эсепти да үйрѳнгүлѳ. Силер, мугалимдер, тезирээк окуткула. Биздин фирманын кеңсесине иштей турган билимдүү адамдар эң керек».

Мына ушундай шартта тарбияланган жана билим алган татар улутунун билимдүү адамдары Кайра жаралуу доорундагы гений-титандардай караңгылык менен сабатсыздыктын азабын тарткан мусулман калкын билимдүү кылабыз деген улуу максатка шерденип, билим берүүнүн жадидчилик ыкмасын Россия мусулмандарынын арасында ишке ашыра баштаган. Ошого ылайык мусулман мектептеринде диний предметтерден тышкары математиканы, физиканы, химияны, географияны жана табият таануу сабактарын окутууга ѳткѳн.

Панисламизм, пантүркизм идеяларынан агылып чыгып, диний-улутчулдук ыраң ала баштаган жадидчилик кыймылынын алгачкы маданий-агартуучулук умтулуулары адегенде ички карама-каршылыкка туш болгон. Бир жагынан ал мусулман балдарын ѳндүрүшү, технологиялары ѳнүккѳн Батыш цивилизациясынын европалык билим берүү системасы боюнча окутуп, илимий билим беребиз десе, экинчи жагынан, канча бир кылым элдин аң-сезимин кунарсыз догмалар менен тушап, ой чабытына монополиялык кылган динден кол үзѳ алган эмес. Ошондон улам алардын алгачкы кадамдары клерикалдардын катуу каршылыгына кабылган.

Ал эми татар жергесинен башталган бул жаңычыл кыймыл кыргыздардын арасына кантип жайылган? Ушул жадидчилик идеологиясынын жаралышын шарттаган панисламизм жана пантүркизм идеологияларынын алгачкы толкуну кыргыз жерине мусулман ѳлкѳлѳрүнѳн келип-кетип жүрүшкѳн миссионерлер, соодагерлер, билимдүү ѳнѳр адамдары аркылуу тараганы тарыхый маалыматтардан белгилүү. Ошолор жалындап айткан диндештиктин, муңдаштыктын духундагы жан дүйнѳгѳ бүлүк салган маалыматтары жадидзм идеологиясынын кыргыз коомунда ѳнүм алып кетишине ыңгайлуу кыртыш даярдаган. Анан кыргыз жерине татарлардын келиши, татар тилинде газета-журналдардын таралышы, шаар формасын ала баштаган Пишпекке, Токмокко, Караколго мектеп-медреселер, дүкѳндѳр ачылып, бирин-серин мануфактуралык ѳндүрүш жанданып, алардын шаардык маданияттын, коомдук ойлордун очогуна айланышына ѳбѳлгѳ түздү.

Татарлардын кыргыздар арасындагы агартуучулук ишмердиктери жѳнүндѳ кѳп эле сѳз болуп калат. Бирок алардын биздин жерге кандайча келип калганын элдин кѳбү биле бербесе керек. Илимий китептерде, Интернетте кѳчүп-конуп жүргѳн маалыматтарга караганда татарлар Россия империясындагы эң кѳп сандагы мусулман калкы катары зордоп христиандаштыруудан, ырайымсыз кысымдан аргасыз миграцияланганын жогоруда айтканбыз.

Алардын кыргыз, казак жергесине миграцияланышынын экинчи этабы Екатерина  II нин доорунда башталган. Мусулман калктары, асыресе татарлар менен башкырлар активдүү катышкан Пугачевдун козголоңунан эси чыгып калган Екатерина  II казандык татарларга карата жүргүзүлгѳн диний саясатты ѳзгѳртүүгѳ аргасыз болгон. Ѳзгѳртмѳк түгүл татарларды Россия империясынын курамына кошула баштаган кѳчмѳн калктарды маданиятташтыруу, исламдаштыруу ишине тарткан, мусулман дини алардын башын бириктирип, башкарганга оңой болот деп эсептеген. Ушундай курска багыт алган Екатерина  II нин ѳкмѳтү мечиттерди, диний мектептерди курууга, диний адабияттарды басып чыгарууга, кѳчмѳндѳр үчүн казандык татарлардан молдолорду, мугалимдерди даярдоого каражат бѳлгѳн. Татарлардын кѳчмѳндѳр арасында соода-сатык жүргүзүүсүнѳ колдоо кѳрсѳтүлгѳн. Ошентип, татар калкынан кыргыз, казак жергесине массалык түрдѳ келишине жана отурукташуусуна шарт түзүлгѳн. Ошонун натыйжасында татар тили дээрлик Октябрь революциясына чейин падыша бийлиги менен кѳчмѳн калктардын пикир алышуусуна, жазма маалымат алып турушуна кызмат кылган расмий тилдин милдетин аткарган. Муну бийлик менен мусулман калкына ортомчулук кылган татар тилмечтер, татар тилинде басылып, Орто Азия калктарына келип турган газета жана журналдар ырастап турат.

Татарлардын Орто Азияга миграцияланышынын жаңы толкуну Крым согушунда, татар рекруттары дини бир Түркия менен согушуудан баш тартканда башталган. Миграциянын андан кийинки эң кубаттуу толкундары 1884-жылы жана 1892-жылы Поволжьедеги айланы кетирген ачкачылыктын айынан келип чыккан. Татарлардын илимий, диний билими бар, чарба жүргүзүү ѳнѳрүн, кол ѳнѳрчүлүктү жакшы билген, дин, тил, дил жагынан жакын ѳкүлдѳрү кыргыз жерине мына ушундай кысталыш кырдаалдарда келип, жашап калышкан экен. Алардын келиши кыргыздардын маданий ѳнүгүүсүнѳ импульс берип, билимдүү чѳйрѳнүн түзүлүшүнѳ негиз салган.

Ошентип, Молдо Кылыч жашаган мезгилдин тарыхый фонунда улутубуздун тагдырына таасирин тийгизип, ѳзгѳрүүлѳргѳ алып келген ушундай орошон окуялар болуп жаткан. Анан алар кыргыз коомуна жана анын Молдо Кылычка окшогон акылы сергек, жаңыланууга жаны кумар ѳкүлүнѳ таасирин тийгизет беле же тийгизбейт беле? Аны түшүнүү үчүн акындын ѳмүр жолуна, чыгармачылыгына байланыштуу фактыларды эске салсак жетиштүү.

Биз шилтеме жасап жаткан изилдѳѳчүлѳр, маселен, Т.Саманчин, Кылычтын 1911-жылы Казандан басылган «Зилзалласынын» кириш сѳзүндѳгү маалыматка таянып, анын 20 жашында, тагыраак айтканда 1886-жылдары ыр жаза баштаганын, ал эми тарыхчы А.Кубатова Молдо Кылычтын ѳтѳ жакын адамдары кайтыш болгондо, кайгыдан алаксытуу үчүн Мамбеталы деген Чүйлүк молдо аны 1880-жылдары үй-бүлѳсү менен кѳчүрүп кеткенин, ал молдонун, ошол мезгилдин ченинде алганда, билимдүү, ошонусуна жараша бай китепканасы болгонун белгилешет. Демек, Молдо Кылычтын Чүйгѳ келиши, ырларын кагазга түшүрүп жаза башташы 1880-1890-жылдардагы кыргыздардын турмушуна ѳзгѳрүүлѳрдү киргизген тарыхый окуяларга туш келип жатат. Ал ошол окуяларды кандай кабыл алганын кесе айтыш кыйын, бирок падыша ѳкмѳтүнүн жергиликтүү калкка жасаган аёосуз кысымдарынан жаралган кыргыз коомундагы протесттик маанай жана панисламизм, пантүркизм идеологияларынын элет жериндеги жаңырыгына аралаш келген билим берүүнүн жадидчилик идеясы Молдо Кылычты кайдыгер калтырган эмес.

Ошол кырдаалда окууга, кѳп нерсени түшүнүүгѳ жардам берген Мамбетаалы сыяктуу окумал, билимдүү татар аалымдарынын чѳйрѳсү анын кѳз карашын ѳстүрүп, чыгармачылык ишке шыктандырган деп айтышка негиз бар. Жаштайынан шарият жолун ыйык тутуп, сыпайы жүргѳн, бийлик кумарына азгырылбай, мансаптан, дүнүйѳкорлуктан ѳзүн оолак кармаган Молдо Кылыч, жазган ыраларына караганда, мырза мүнѳз адам болгону кѳрүнүп турат. Ушундай мүнѳзү менен ал молралдык, ыймандык чектерди карманбаган, жан дүйнѳсү керең адамдарга аралашып кете албай, рухий жалгызчылыктын азабын тарткан.

Классикалык исламдын моралдык-философиялык категориялары менен ойлонуп, динди адамдын кѳкүрѳгүндѳгү ыйманы жана ишеними катары түшүнгѳн, түркѳй коомдун туткунунда буюккан, жан дүйнѳсү жаңыланууга ынтызар Молдо Кылычты жадидизмдин диний-улутчулдук жана агартуучулук идеялары анын улутташтарымды сабаттуу билимдүү кылам деген улуу максатка умтулуусуна жол ачкан. Ошондон улам ал жаңыланууга үндѳгѳн ырларды жазган, кырктан ѳтүп калганына карабай Россия мусулмандарына илимий билимдин негиздерин үйрѳткѳн жадидчилик ыкмасын Токмоктогу татар мектебинин мүдүрү Закир Халфадан үйрѳнүүгѳ барып, 1910-жылдары айылындагы мектепте балдарды ошол ыкма менен кыргызча окуткан (А.Кубатова). Ушулардын баары, атап айтканда, Молдо Кылычтын 20 жашында, эр жетип, элге аралаша баштаганында ырларын кагазга түшүрүп, анысын шакирттери аркылуу тарата баштаганы – анын мезгил чакырыгына берген жообу катары мотивациялоого мүмкүнчүлүк берет. Демек, анын ыр жазып калышын ушундай тарыхый кырдаалдар шарттаган.

Молдо Кылычтын чыгармалары ѳз учурунда белгилүү адабиятчылар Т.Саманчин, К.Асаналиев тарабынан ар тараптуу жана жогорку деңгээлде талданып анализделген. Аларга алымча-кошумча киргизүү мүмкүн деле эмес. Бир гана белгилеп кете турган жагдай – Молдо Кылычтын чыгармаларында эл-жерди таануучулук, орнитологиялык, ѳсүмдүктѳр дүйнѳсү, мифологиялык жана адеп-ахлактык тематика басымдуулук кылат. Абай салсаң алар окурмандарынын ушул тармактагы билимин ѳстүрүүгѳ жана системага салууга багыталгандай таасир калтырат. Сыягы мектеп, медресе окуучуларынын Кылычтын ырларын жабыла окуп жаттаганы, кѳчүрүп таратканы, аларды жаш мугалимдер жан баштыгына салып жүргѳнү (А.Кубатова) жана ал ырлардын Түндүктүк кыргыздар арасында ѳтѳ популярдуу болуп, макал-лакапка айланып кеткени (Т.Саманчин) ошондон окшойт.

Бул популярдуулуктун сыры эмнеде же бул ырларда кандай касиет болгон? Биринчиден, бѳтѳн тилдеги түшүнүксүз тексттерди жаттаган менен түшүнбѳгѳн мектеп, медреседеги кыргыз балдарына ал ырлар эне тилинде жазылгандыгы жана кѳңүлүндѳгү ойлорго үндѳштүгү менен жаккан. Экинчиден, Молдо Кылычка чейин кыргыздар тѳкмѳ-акындарды аш-тойлордо же шарты келгенде угууга мүмкүнчүлүгү болгон. Убакыттын аздыгына байланыштуу угармандар ал ырлардан эмоционалдык заряд алуу менен гана чектелишкен. Ал эми Кылычтын ырлары жазуу жүзүндѳ болгондуктан, аларды окурман жеке ѳзү окуп, автордун ойлорун, байкоолорун, кѳз караштарын, эстетикасын ж.б. куду автор сыяктуу жан дүйнѳсүнѳн ѳткѳрүп таасирленген.

Негизи жазма чыгарма ѳзүндѳ кээ бир баалуулуктардын системасын алып жүрѳрү жана кабыл алуучулардын аң-сезиминде эмоционалдык-баалуулуктук ориентир берүүнүн белгилүү бир тибин бекемдѳѳгѳ умтулары белгилүү. Ушунусу менен ал адамдын баалуулуктар системасына таасир берип, аны тымызын ойлонгонго, сезимтал болгонго, талдаганга үйрѳтүп калыптандырат. Ошол түркѳйчүлүк заманда китеп сыңары кабыл алынып тараган Молдо Кылычтын кол жазмалары кат сабаты жоюлган же жѳн эле жазма текстке жаны кумар кыргыздар үчүн так мына ушундай кызмат аткарган. Молдо Кылычтын жазгыч акын катарындагы баалуулугу да, улуулугу да мына ушунда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.