Илгери-илгери көчүгү жер жыттабаган айылчы аял болуптур. Айылчысы аз келгенсип көз ирмебей жалган сүйлөгөн калпычы да экен.

Күйөөсүнө күндө бир шылтоо айтып, үйүнөн карга бок чокуй электе чыгып, кеч күүгүмдө кайтмай анын адаты эле. Ошондой күндөрдүн биринде “бул айылда менден башка мыкты бычмачы жок, тон бычтырганга мени чакыртты”,- деп кетет аялы.

Анын калп-чынын көрөйүн деген ой менен күйөөсү аңдып барып, боз үйдүн үзүгүн акырын ачып шыкаалайт. Башка аялдар тон бычып, аялы чоң казанга тамак бышырып атыптыр. Эринин аңдып калганын сезип калган аялы казандагы тамакты чөмүч менен ары-бери чалып, тон бычкан аялга үйрөткөн киши болуп: “Жеңеке, жеңин жети карыш, алка жакасын алты карыш кыл”,- деп бакылдап акыл үйрөтөт дейт.

Иштин жайын түшүнгөн күйөөсү акырын кетип калат да кечинде чарчап-чаалыккан кебетеленип келген аялына ачууланып:

– Эй, ыйманы жок, бул чөлкөмдө жеңи жети карыш, жакасы алты карыш тон кийген алп адамды кайдан көрдүң эле? Же дөөгө бычып аттыңбы тонду? Мындан кийин калп шылтоо менен айылчылаганыңды көрбөйүн да, укпайын! — деп катуу тыюу салган экен.

Мынакей кыздарым, калптын казаны кайнабайт. Калп айтаңар, кырк жыл өтсө да ашкере болот. Силер да тиги аялча калп шылтоо айтпай, оокатыңарды тың кылып, барган жериңерге жакшы бүлө болгула!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.