ПОВЕСТЬ 

Ахматов Асан – жаңыдан жаза баштаган жазуучу, анын чыгармачылыгы кесиптик иши менен тыгыз байланышкан.

Чыгарманын каармандары менен алгыр куштун кайгылуу тагдыр жолдору кесилишкен окуя Кыргызстандын Баткен областында болуп өтөт. Алар кырдаалдын, мезгилдин жана тагдырдын барымтасына кармалган жандар.

Мурда Афганистанда аскердик кызмат өтөп, тагдыры талкаланып, ак сүйүүсүнөн ажырап, бирөөгө ишенүүнү койгон Тимур Байсеитов өзүн курчап турган дүйнөгө каршы туруп №1 террористке айланган. Ал өз уулу, чек ара кызматынын сержанты бар экендигин, Мекен чегин коргогон согушта аны менен кездешери оюна да келбейт. Повесттин кейипкери тагдырдын буйругу менен туңгуюкка камалган адам. Ал бул абалдан чыгып, террористтен (“Түлкү”) кайрадан афганчы Тимур Байсеитов болууга күчү жетеби? Биз аны Асан Ахматовдун “Эрендер дагы ыйлашат” аттуу повестин окугандан кийин гана биле алабыз.

Кайран өмүр – өттү

өткөн өмүр – кетти

кеткен өмүр кайрылбайт.

Чынгыз Айтматовго арналат

Чынгыз Айматовдун бул дүйнөдөн өтүп кеткенин ойлогондо оор улутунуп, кайгырбай коё албайсың. Арийне, анын кейипкерлери биз менен жашап, жүрөгүбүздө түбөлүккө кала бермекчи. Биздин айрымдарыбыз Танабайга, Султанмуратка, Аселге жана Эдигейге бир аз да болсо окшошуп кетебиз. Айтматовдун дүйнөсү – бизбиз. Анын чыгармаларынын каармандары  ХХI кылымда да бизди жакшылыктын жана намыстын эрежелери боюнча жашоого үйрөтүүнү улантууда.

Улуу урматтуу Чыңгыз ага, Сиздин жашап өткөндүгүңүзгө жана биздин жүрөгүбүздө жашай берээриңизге тобо кылабыз!…

Кайра жаралуу үчүн курман болуу

Учурдагы проза жөнүндө жазууну ойлогондо, авторго болочок чыгарманын жан-жайын тандап алуу өтө кыйын. Адабий жанрдын талабына жооп берип гана тим болбостон, адамдын делебесин козгоп, азыркы куулук-шумдукка толгон жашоонун ыгын таап, ага ээ болуп алган жан дүйнөсүндө кыпындай да кымбат эч нерсеси жок шумпайлар жөнүндө эмес, түбөлүктүү акыл-эс байлыгы болгон: намыс, уят, эл сөзү, жакшылык жана жамандык жөнүндө көп ойлонууга мажбур кылган чыгарманы издейсиң.

Асан Ахматовдун жазуучулук жаатындагы аракетинин “Эрендер да ыйлашат” аттуу саамалык повестин окуп көрүп, жогорудагы талапка жооп берген чыгарма экендигине көзүм жетти. Повесттеги үч агым: адамдын жан-дүйнөсүн козгогону, элдик тажрыйбаны, элдин акыл-эсин ыктуу пайдаланганы, учурдагы жашоого туура талдоо жүргүзгөнү жана кейипкердин бул дүйнөдө жасаган акыркы кадамы (Айтматовдукуна окшоп кетет) адамдын көңүлүн өзүнө бурбай койбойт.

Повесттин башкы каармандары – Бүркүт менен Тимур Байсеитов, алардын көркөм элестери менен жазуучу адам менен куштун турмушундагы кырдаалдардын канчалык өзгөрүлүп турганын ачып көрсөткөн. Жер Бүркүт үчүн жашай турган жер болбой, “жексурлардын” планетасына айланып кеткендиги байкалат.

Адамдан көргөн жамандыгы, талкаланган турмушу, тагдыры  үчүн өч алууну ойлогон Тимур Байсеитов элге башка бир жамандыкты алып келген, кыйраткыч жана киши өлтүргүч болуп калды. Ал өз күнөөсүн туулуп-өскөн шаарына келип, согушта бирге болгон досу Болот Абдрасуловду (Афганда бирге болгон) жана өмүр бою көрсөм деп көксөп жүргөн баласын жолуктургандан кийин гана түшүндү.

Өмүр башаты болгон: балалыгына, үй-бүлөсүнө, биринчи сүйүүсүнө жана өткөн өмүрүнүн элестерине кайрылып келүү, ага тандап алуу кырдаалын түзөт – куш да, каарман да тагдырдын жазуусу менен бурчка камалып калды. Жазмыштын буйругу менен камалган бурчунан жана бузуку чөйрөсүнөн Тимур Байсеитов чыга алаар бекен? Ооба, ал чыгып кетет, бирок ал үчүн өз өмүрүн кыят. Ал өз өмүрүн, жашоосу түгөнбөгөн айлампанын ичиндеги чуркоого айланбасын деп баласы үчүн кыйды.

Зинаида Ивановна Плех – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын доценти.

Ак бата

Асан Ахматовдун «Эрендер да ыйлашат» аттуу повестин мен кызыгып бир дем менен окуп чыктым. Повесттин мазмуну анын темасына төп келишип турганын баамдадым. Окуя биздин заманыбызда, башкача айтканда XX кылымдын аягы XXI кылымдын башында болуп өтөт. Анда эл аралык идеологиялык күрөштүн кесептинин натыйжасында болуп жаткан кандуу кагылышуулар жөнүндө, душмандардын биздин элибизге бүлүк салгысы келген террорлук кылмыш-аракеттери жана аларга каршы биздин чекисттердин жана чек арачы жоокерлерибиздин Мекенибизди коргоо боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери жөнүндөгү окуялар ишенимдүү жакшы баяндалган.

Чыгармада Ооганстанда болгон согушта бирге болуп салгылашкан, андагы азап-тозокту баштарынан бирге өткөрүшкөн кыйышпас эки достун (Абдрасулов менен Байсеитовдун) «тагдырдын тамашасы менен» бири Ата Мекенинин коргоочу сакчысы, экинчиси «өздөн чыккан жат жаман» болуп (албетте, ал үчүн жүйөөлүү себептер менен, б.а. сүйгөн кызы Аселдин атасынын чагымчыл аракетинин кесепетинен) акыры барып эл аралык террорлук кыймылга кошулуп кетип өзү туулуп өскөн мекенине, элине каршы террорлук кылмыштарды уюштуруп жасаганы айтылат.

Автор бул эмгегинде патриоттуулуктун, Ата Мекенге берилгендиктин духунда тарбиялаган жаш жоокерлердин өз элинин, өз жеринин бир муштум ташын да, бир кадам жерин да бөтөн элдик баскынчыларга алдырбас үчүн өз кан-жандарын аябай, канкор душмандар менен салгылашканын баса белгилейт. Муну менен алардын Мекенге болгон сүйүүсүн даңазалайт. Эненин жана ата-баланын тунук сүйүүсүнүн ыйыктыгы, туруктуулугу, бир сөз менен айтканда, сүйүүнүн улуулугу чыгарманын өзөгүн аралап өтөт.

Бул Асандын жазуучу катарында бел байлап, жаңыдан жазган алгачкы болгону менен мен калеми төшөлүп калган жазуучунун чыгармасындай эле деңгээлде жазылганына ынандым. Чынында, Асандын алдына койгон улуу максаты ишке ашкан деп эсептейм.

Жазуучулук сапары байсалдуу болуп баралына келгенде Асан кыргыз элинин белгилүү жазуучуларынын катарынан татыктуу орун аларына шек. Бирок ал деңгээлге жетүү үчүн андан сөзсүз аянбай изденүүнү, талыкпаган эмгекти талап кылары белгилүү.

«Аккан арыктан суу агат», – деп акылман элибизде бекер айтылбаса керек. Асандын жазуучулук дарамети тегинен го (генинен) – дүйнөгө аттын кашкасындай белгилүү таякеси Чыңгыз Айтматовдон, өз атасы Кенжебай Ахматовдон (окумуштуу-илимпоз, чыгармачыл инсан), энеси Төрөкул кызы Люциядан мурасталган го деп ойлойм. «Эр тайын тартат» деген сөз чын окшобойбу. Асан чынында эле Чыңгыз таякесинин жолун жолдогондой көрүнөт. Бул алгачкы чакан чыгармасын Асандын Чыңгыз таякесинин арбагына арнаганы да окурманды кубандырбай койбос. Асанды ылайым эле жараткан кудайым, Чыңгыз таякесинин жана акылман, чыгармачыл, кыдыр даарыган ата-бабалардын арбактары жылоолоп жазуучулук жолу байсалдуу болсун деп ак дилимден бата бердим.

Ормонбек Алапаев – СССРдин жана Кыргыз ССРинин журналисттер союздарынын мүчөсү, персоналдык пенсионер

БҮРКҮТ

Карыган бүркүт денесин көккө көтөрүп учуу үчүн бет алдыдан соккон аба толкундарын жиреп канаттарын жанталаша каккылап бара жатты. Кашайып леп эткен жел да жок болчу. Жел боло тургандай белги да жок эле. Ал тээ бийик асманда катып калгансып жыла албай, канаттарынан бир нерсе салмактанып ылдый тартып тургансып оордоп баратканын сезди. Мындай жел жүрбөгөн мезгилдер эмнегедир бүркүттү коркутуп, ага ушундай тынчтыктын ары жагында, анын учуусуна чек койгон кандайдыр бир нерсе күтүп тургандай сезилчү. Анын үстүнө, канатынын бир эле күүсү менен баш айланткан бийиктикке көтөрүлүп, жерден көргөн жемине жетүү үчүн канаттарын куушуруп, жылдыздай зымырап учуп келе жатып, канын дүргүтүп жылынып алчу заманы өткөн. Тээ ободо калкып, дүйнөгө өзүнөн ашкан жандык жок экенин көрсөткөн мүнөттөр, анын куштук өмүрүндөгү бактысынын туу чокусу болчу. Оо, анда элик болсун же башка чоң жаныбар болсун андан кутулуп кете алчу эмес. Ал барчын кезинде шамдагайлыгы жана акылы менен айырмаланган карышкырды да илип кетчү эле. Азыр болсо бүркүткө андай бийиктикке көтөрүлүү улам кыйындап бараткан кези. Эми анын ордун жаш бүркүттөр ээлеп, аны басмырлап, жаратылыштын мыйзамына жараша жерге жакындата кууп салышты. Куш асманда канчалык эркин учпасын, аз-аздап ага мейкиндиктеги орду азайып баратат.

Азыр да бүркүт аскалуу бийик капчыгайдын кыры менен тең бийиктикке төмөндөп келүүгө мажбур болду. Бирок ал андан корккон жок. Ага анын өзүнүн себептери бар болчу. Эгерде адам үчүн бул тоолор тике, чыга алгыс бийик жана коркунучтуу болсо, бүркүт үчүн жакын да, жакшы да сезилчү. Ал тоолорго жашынып, ар кандай коркунучтан өзүн сактап кала алаары бышык. Бүркүт бир гана нерседен– адам баласы менен жолугушуудан коркчу. Тилекке каршы, дайыма ошондой болуп, эмнеден корксоң ошого биринчи жолугасың.

Капчыгай бойлоп төмөн учуп баратып бүркүт сол тарабынан кандайдыр бир кыймылды байкап калды. Алар бир топ киши эле. Адамдар ушунчалык жакын болгондуктан, дем алгандары да сезилип турду. Алар каз– катар тизилип, аскага жабышып алышып араң гана байкалган жалгыз аяк жол менен акырындап жогору карай чыгып келатышты. Курал салган баштыктарынын оордугунан, ийилип-майышып араң эле басышат. Алдыда келатканы бүркүттү көрсөтүп бир нерсени түшүндүрүп жатты. Алар токтой калып талашып-тартышып келатышты, бирөө бүркүттү көздөй автоматын да сунуп жиберди. Бүркүт аябай коркуп кетти. Аны коркунуч бийлеп алды, анткени, адам бүркүт тукумунан күчтүү эле, ошондуктан ал адамдан коркчу. Адам баласы анын уясын бузуп, кыраан куштун жашоо чөйрөсүн талкалап кеткенден бери эле бүркүт андан коркуп келатат. Жаш бүркүтчү беймарал жаткан бүркүттүн уясына чыгып келип, балапан кезинде өзүн уурдап кеткен. Бүркүтчү балапанды өзүнүн үңкүрүнө алып келип, анын эркиндигине чек коюп, өз эркине баш ийдирүүгө аракет кыла баштады. Бирок бүркүт анын эркине көнбөй койгон. Кичине чоңоё түшүп, биринчи мүмкүнчүлүк болгондо эле качып чыккан. Капаста жүргөндө ал адамдын жүрүм-турумун жакшы үйрөнүп алган эле. Кыраан куштун акыл-эси аны башкарган чөйрөгө таптакыр жат болчу. Ошол күндөн бери бүркүт-куш адамды душманым деп билип, аны менен жолугушуудан качып турат. Азыр дагы аны ошондогу коркунуч кол жеткис алыс жакка учуп кетүүгө мажбур кылды. Бирок, бүркүт карып, ал-күчтөн тайып калган. Ага бет алдыдан соккон желден башка дем алуу да керек эле. Кыраан куштун башына “Ушуну менен бүттүбү, кайра да колго түшүп каламбы?” деген ой келди. Карып калганда капаста  өлөмбү деген ой аны аябай коркутуп жиберди. Капысынан бүркүттүн башына эркиндигин жоготкондон көрө, капчыгайдын түбүнө боюн таштап жиберип өлүү керек деген ой пайда болду. Эркиндигинен айрылгандан көрө өлгөнү оң. Ошентип, бүркүт өлүүгө даярданып жатты. Бирок, бүркүт аба толкундары аны жогору көтөрүп баратканын сезди. Бул ага коркунучтан кутулуу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Жел күчөп согуп, бүркүттүн ишенимин күчөттү. Ал көккө көтөрүлүп, кишилерден алыстай баштады. Бул убакта тиги адамдардын бүркүт менен иши болбой калган. Адам баласынын колуна түшүп чыккандан  бери, өзүнүн жүрүм-туруму өзгөргөнүн бүркүт оюна алган жок. Азыр кишилер тоого мылтык алып тамак-аш  табыш же бүркүттүн уясын бузуш үчүн барышпайт. Алар баңги зат ташыгыч болуп дүйнөгө ак өлүм таркатып калышкан. Жанагы бүркүт жолуктурган кишилер да ошондой адамдардан болгондуктан, бүркүткө коркунучтуу эмес эле. Бирок, бүркүт аны билген жок. Ал үчүн адам– бул коркунуч деген жалгыз гана мыйзам бар болчу.

БИРИНЧИ АЙКАШ

Бүркүт кишилердин көз алдынан дароо эле алыстап кете албады. Наркы капчыгайдан аны дагы бир куралдуу топ байкап калды. Булар контрабандисттер эмес, Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын Абдрасулов Айдар башкарган чек арачыларынын тобу болчу. Чек ара кайтарган топто аны менен төрт жаш жоокер бар эле. Алардын арасынан бүркүттү биринчи жолу көргөндөр да чыкты. Сержант Алымкулов Темирлан кайкып учуп бараткан кушту таңдана карап туруп калды. Аны таң калтырган бүркүттүн канатынын чоңдугу болчу. Мындай күтпөгөн көрүнүштөн ал кыйкырып жиберди.

– Карасаңыз, лейтенант, кандай укмуштуудай куш!

– Ал бүркүт, сержант, мурда көрө элек белең? – деп сурады офицер андан.

– Мында кызмат кылганыма бир жыл болуп калды, бирок жаратылышта эркин учуп жүргөн мындай алп кушту биринчи жолу көрүп отурам.

– Туура айтасың, булар азыр өтө сейрек кездешип калды. Алар азыр Кызыл китепке киргизилген. Биз “адамдар” аны жашап жүргөн жеринен кууп чыктык, ошондуктан алар азайып кетти.

– Алар бийик зоолорду мекендейт эмеспи, жолдош лейтенант, андай жалама аскаларга жөнөкөй адам жете албайт да.

– Жөнөкөй адам дейсиңби, азыр жөнөкөй адамды табуу кыйын болуп калбадыбы, түшүнүп жатасыңбы, сержант?

– Мен сиз менен баары бир макул эмесмин, жолдош лейтенант, ал адам үчүн кол жеткис бийикте жашайт – деди сержант өзүнүкүн бербей.

– Бийик, бийик дейсиң, адам деген кайда болсо да жетет, сен экөөбүз ушундай бийик жерде эмне кылып жүрөбүз?

– Биз чек арабызды кайтарып жүрөбүз.

– Кимден, билсең айтып берчи?

– Ар кандай контрабандисттерден жана биздин мекенибизге жамандык ойлогон адамдардан.

– Туура айтасың, жолдош сержант.  Ошону менен бирге – деди ал эми бардыгына кайрылып, биз өз жерибизди гана кайтарбастан, андагы болгон бардык нерсени, жада калса кызыл китепке киргизилген тээтиги бүркүттү да кайтарабыз. Ал дагы биздин– элдин байлыгына кирет, түшүнүктүүбү жолдош жоокерлер? – деп сурады да, саатын карап алып “Чарчап калдыңар окшойт, он беш мүнөт эс алып алгыла!” – деген буйрук берди.

Жоокерлер ийиндеринен автоматтарын алып, ырахаттануу менен жерге сулап калышты. Алардын экөө жаңы чакырыктан болгондуктан кайгуулга биринчи жолу чыгып жатышат. Лейтенант аларды көз жаздымынан калтырбай, байкап келаткан. Экөөнө бул биринчи кайгуул өтө оор болуп жатканы сезилип турду. Анысы көнбөгөндүктөн болуп жатканы көрүнүп турбайбы. Анын үстүнө жер шарты өтө оор эле. Кайгуулдун жолун аска-зоо тосуп тургандыктан, аларга капчыгай менен жүрүү керек болду. Бирок “жаштар” ага жагып калышты. Алардын тың адамдар экендиги сезилип турду “Туура тарбия берсе жакшы жоокер чыгат булардан” – деп өзүнчө ойлоп койду, лейтенант. Айдар өзү тамеки тартчу эмес, жоокерлер тамеки тартып алгыча, ал командирдин кеңешмеде берген акыркы көрсөтмөлөрүн эсине түшүрдү.

Командир берген оперативдик бөлүмдүн жана чалгындоонун маалыматында, контрабандисттер ушул жол менен афгандык баңги затты алып өтүшөөрү айтылган. Андан тышкары такталбаган маалымат боюнча, ушул капчыгай менен Республиканын территориясында террористтик иштерди жасоо үчүн бир эл аралык террористтик уюмдун террористтери өтөөрү белгилүү эле. Ошол себептүү командир жоокерлерден кайгуул учурунда этиет жана сак болууну талап кылган. Согушкерлер жөнүндөгү маалымат жаш лейтенанттын эсинен кетпей туруп алды. Эмнегедир анын ички сезими, өзүнүн кайгуул тобу ушул контрабандисттер, тактап айтканда, террористтер менен бет келишээрин айтып турду. Бул ишеним кайдан пайда болгонун билген жок. Бирок ал өзүнүн ички сезимине ишенип көнүп калгандыктан, өзүн ошол жолугушууга даярдап жатты.

Алардын коркунучтуу душман экендиги жөнүндө айтып да кереги жок эле. Аны бир гана бетме-бет жолугуп калсам ушул жаш жоокерлер, чын-чынына келсе балдар менен террористтерге каршы тура аламбы, деген ой кыйнап турду. Мындай жан кыйнаган ойду кууп таштап, дүрбүсүн кабынан сууруп чыгып капчыгайдын наркы бетин ынтаа коюп карай баштады. Ал жак тынч жаткандай эле көрүнүп, чек ара бузгандай белги жок эле. Көзүн дүрбүдөн албай туруп, тамеки тартып бүтүп калышкан жоокерлерге кайрылып:

– Тээтиги жогорудагы кыр менен биздин чек ара өтөт. Ошол жерден силер колуңардагы курал менен кайтара турган биздин мекенибиз башталат, андан бери жакка чымын да учуп өтпөш керек.

– Жолдош лейтенант, бул жерде тоо-таштан башка эч нерсе жок экен, мунун кимге кереги бар? – деп сурады Ильяс аттуу жоокер. Эски жоокер болгондуктан, ал жаш офицерге ушундай мамиле кыла алат эле. Деги эле өзүнүн мүнөзү катаал, адилеттикти сүйгөн адам болчу. Ушул мүнөзү үчүн дайыма жапа чегип калчу. Жоокер катары азамат эле. Аскердик кесиби боюнча– эң жогорку деңгээлдеги снайпер.

– Сага, мага керек – деп, кесе айтты офицер. Бул жер үчүн ата-бабабыз канын төккөн, бул– биздин жерибиз. Бул жердин ташы эмес кичинекей куму да биздики. Жолдош ага сержант, сиз жаш чек арачыларга үлгү көрсөтүшүңүз керек– деди ал Ильяска дүрбү менен байкоосун улантып жатып.

– Эй, коюңузчу, мунун бардыгы кооз сөз эмеспи, сиз идеалист экенсиз– деди ал басылып калбай, андан көрө мага айтыңызчы, эмне үчүн чоңдордун жана байлардын балдары сиз айткан мекенибизди коргоп, бизге окшоп өтүгүнүн таманын ташка тилдирип, ушул тоолорду аралап баcып жүрүшпөйт, эмне унчукпай калдыңыз, айтаар сөзүңүз түгөндүбү? Анда мен айтып берейин, алар мекенге жана сиз экөөбүзгө түкүрүп да коюшпайт. Алардын өздөрүнүн мекени бар. Ал-акча, көп акча. Биз келесоодой болуп алардын мекенин, байлыгын коргоп жүрөбүз.

– Сен муну менен эмне айткың келип жатат? – деди Айдар анын оозунан сөзүн жулуп алып.

– Сизди билбейм, мен алар үчүн эшектей иштегим келбейт, менин дагы жакшы жашагым келет– деди да, Ильяс колун шилтеп унчукпай калды.

– Жакшы дегениң кандай? – деп сурады Айдар.  Бул суроо Ильястын жинин келтирип, ал кайрадан узун сөзгө кирип кетти.

– Билесизби, жолдош лейтенант, ушул аскалардын арасында да акча жасаган адамдар бар.

– Кантип жасашат экен? Айдар кайрадан какшыктагандай сурады.

– Көрмөксөн болуп – деди Ильяс жини келгендей.

– Эмнени көрмөксөн болуп?

– Өзүңүз деле билесиз да, эч нерсени көрбөгөн, билбегендей болбоңузчу.

– Жетишет, Ильяс! – деди Темирлан аны токтотуп. Ал да Ильястай эле эски жоокер эле, экөө бир чакырыктан болчу. Анын тартынбаган мүнөзүн билген Темирлан мындай деп кошумчалады.

– Эмне эле жабышып калдың? Лейтенант аны кайдан билмек эле. Ар бир адам өзү үчүн жооп берет, сени кайсы чымын чагып алды? Арабызда “жаштар” да бар, булардын көзүнчө дөөрүп жатасың!

Бул катуу сөздөр Ильяска таасир берди окшойт, унчукпай калды, ал аша чаап кеткенин түшүндү да, офицерден кечирим суроого шашылды.

– Эмне болуп жатканымды өзүм да түшүнбөйм, кечирип коюңуз, жолдош лейтенант. Бирок, анын сураган кечирими анчалык ишеничтүү угулган жок. Ильяс лейтенантты сыйлаганы менен, өз оюнан кайтпай тургандыгы ачык эле көрүнүп турду.

– Эй, болуптур – деди лейтенант колун шилтеп, үйүңдү сагынып, сүйгөн кызыңа шашып жатасың го.

– Сагынбай анан, айткан сыныңызды моюнга алам – деди, Ильяс токтолбой жооп берип, анан сөз бүттү дегендей түр көрсөтүп, тамеки күйгүздү. Бирок Айдардын бул талашты токтотуп коёюн деген ою жок болчу.

– Билесиңби Ильяс, мунабу жаштардын көзүнчө айпасам болот эле, мейли эми, алар да уксун. Сен эмне жөнүндө айтып жатканыңды мен жакшы түшүндүм. Мага да келип, көрмөксөн болуп койсом көп акча беришээрин айтышкан. Бирок, билип койгун биз ошол көрмөксөн болуп койгон баңги заттардын айынан биздин балдар ийнеге отуруп, маңкурт болуп жатышат. Мейли, бул сөзүм өтө эле аша чапкандай угулса да айтайын, ошол кесепет биздин жерге кирип кетпеши үчүн кимдир бирөө каршы туруш керек да. Дагы бир нерсени айта кетейин, ошол баңги заттардан түшкөн акчалар террористтик уюмдарга жардам жана ар кандай террористтик иштерди жасоо үчүн жөнөтүлөт. Сен менин айткан сөзүмө макулсуңбу, Ильяс? – деп лейтенант сөзүн бүтүрдү. Ильяс унчуккан жок. Анын айта турган сөзү түгөнгөн, жакында эле анын бир досу баңги затты көп сайынып алып өлдү деген кат келген. Ошондуктан, лейтенанттын келтирген мисалдары менен макул болбой коё алган жок.

Өзүнүн кол алдындагы жоокер менен болгон жагымсыз маектен кийин пайда болгон ыңгайсыз абалды жеңилдетүүгө жетише алса дагы, берки жаш жоокерлердин алардан мындай саясий сабак алууларына жол бербеши керек эле. Ал сөзүнүн акырында жоокерлерге кайрылды:

– Силер бир нерсе билип алгыла, Ата Мекенди коргоону же коргобой басып кетүүнү ар ким өзү чечет, бирок мекенибиздин уулу катары ар бирибиз өзүбүздүн ыйык милдетибизди аткарышыбыз керек…бул жөнөкөй гана кооздук үчүн айтылган сөз эмес, мени атам, атамды Улуу Ата Мекендик согушта Сталинградда бизге окшогондор үчүн курман болгон атасы ушул маанайда тарбиялаган. Биз дагы өз балдарыбызды, алар өз балдарын ушундай тарбиялашы керек. Ушул тартип менен биз кылымдар бою өз жерибизди сактап келатабыз. Эгерде бардыгыбыз эле Ильястай ой жүгүртө берсек, анда бизди кудай урду дей бер. Эл катары, өлкө катары жер жүзүнөн жок болобуз.

– Мен сиз менен макул эмесмин– деди Ильяс, каяша айткандай күңкүлдөп, анан чөнтөгүнөн жаңы чылым алып, ушалап жатып сөзүн андан ары жай улады:

– Бул бизге окшогон аңкоолор үчүн айтылган эле жомок, менин эркиме койсо бардык чиновниктердин, байлардын балдарын чек арага алып келип, жашоо эмне экендигин түшүнгөндөй кылып, тизелерин тилдирип, тээтиги таштардын арасынан боору менен сойлотот элем. Лейтенант, сиз мени өлтүрүп койсоңуз да, мен мындай адилетсиздикке түшүнбөйм.

– Ушул жерде жүргөнүңө рахмат айт, эгерде, өзүң айткандай, байдын баласы болсоң, сен биринчилерден болуп ийнеге олтуруп, эмгичекти өлүп калмаксың.

– Эмне үчүн мен ошентет элем?

– Анткени, ошол ууну саткан пайдакечтер байлардын балдарын издеп таап, аларды атайын ийнеге отургузушат. Адегенде бекер берип көндүрүп, анан акчаларын акырындап каалагандай соро башташат. Түшүндүңбү, макоо? – деди Айдар ачуусу келгендей, – анан сен ХХI кылымдын маңкурту болмоксуң.

– Маңкурт-саңкурт дегениңиз эмне?

– Эй, жоокер, эмне деп жатасың, сен эмне Айтматовду окуган жок белең? Сен адам башына төөнүн терисин кийгизип кыйнаган адамдар жөнүндө уктуң беле? Тери күндүн нуруна кургап, адамдын башын аябай оорутуп кыскандыктан, адам эс-акылын жоготуп койчу экен. Ал эс-акылын ушунчалык жоготкондуктан, өз тууган энесин да тааныбай калып, өлтүрүп койгон мезгилдер болуптур. Баңги зат да дал ошол теридей эле нерсе. Мүмкүн андан да жамандыр, ким билет.

Талаш-тартыштын күчөп баратканын сезип, бирок буга чейин унчукпай турган Темирланга кайрадан сөзгө кийлигишүүгө туура келди. Экөө тең болгондуктан, ушул мезгилдин ичинде ал командиринин кызуу кандуу мүнөзүн жакшы билип алган жана аны кантип жоошутууну да билчү. Ал акырын лейтенантка кайрылды.

– Билесизби, жолдош лейтенант, сиздики туура, эгерде баары эле Ильястай ойлой берсе, аскерде ким кызмат кылат. Бирок, сиз дагы аны түшүнүшүңүз керек. Кээ бирөө мекенин коргоп аскерде жүрсө, айрымдары үйүндө жыргап жүрөт. Карап көрүңүзчү, биздин арабызда бир дагы чоң кызматтагы адамдын баласы жок. Бизге жаңы келген балдарды эле алалы. Камчыбек– жөнөкөй дыйкандын, ал эми Сапар– токойчунун баласы.

– Бирок, баары эле андай эмес да – деди кайрадан ачуусу келе түшкөн офицер, анан бир аздан кийин колун шилтеп алып, мүмкүн силердики туурадыр, ошентсе да силердин алардай эмес экендигиңер адамды кубандырбай койбойт. Сапар, сен каяктан армияга чакырылдың эле?, – деп, ал жаңы келген жоокерге кайрылды

– Жолдош лейтенант, мен Ысык-Көл облусунан аскерге чакырылгам-деп ал шартылдата жооп берди.

– Тагыраак айтчы, жоокер.

– Жети-Өгүз району, Чырак айылы.

– Камчыбек сен каяктансың?

– Жолдош лейтенант, мен Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Жар айылынан чакырылгам.

– Сен Ильяс, кайдан болосуң? – деди ал өзү менен сөз талашып жаткан жоокерге кайрылып.

– Мен Оштукмун, жолдош лейтенант.

– Мен Бишкектенмин, сен Темирлан, жаңылбасам, Чолпон-Атадан болушуң керек эле. Көрдүңөрбү, биз бардыгыбыз Республиканын ар кайсы бурчунан экенбиз. Ар кай жерден келип, чогулуп алып биз эмне кылып жүрөбүз бул жерде? Же, Ильяс айткандай, аска-тоону аралап жүргөндөн башка кылаар жумушубуз жокпу? Эсиңерге түйүп алгыла жоокерлер, биз бул жерде Мекенибиздин чегин коргоп жүрөбүз. Сен Ильяс Ошто, Сапар Ысык-Көлдө, Камчыбек Нарында туулуп өскөнүңөр менен Баткен дагы биздин жерибиз.

Бардыгыбыздын сыймык менен “Кыргызстан” деп атаган мекенибиз бир. Мекенибиз ушул Баткен жеринен, тээтиги аска-таштардан башталат. Түшүндүңөрбү, жоокерлер?

Айдар бардыгына бир сыйра көз чаптырып чыкты. Бул жолу бири да унчуккан жок.

– Бардыгыңарга түшүнүктүүбү? – деп сурап жатам, жолдош чек арачылар, – ал суроосун кайталады, үнүнөн аскердик офицерлерге гана таандык катаалдык байкалып турду.

– Түшүнүктүү, жолдош лейтенант, – деп жоокерлер бир добуштан жооп беришти.

– Мен дагы бир нерсе айтып берейин, менин атам да силер айткандай чоң кызматтагы адам, кааласам мага деле жылуу орун таап, штабга отургузуп коймок. Бирок мен силер менен жүрбөймүнбү. Мобу силер менен жүргөн жолдошуңар Алымкулов Темирлан деле аскерге келбей койсо болмок, эмне үчүн дейсиңерби? Анткени, ал үй-бүлөнү бага турган жалгыз адам. Биздин мыйзам боюнча альтернативдүү кызмат өтөп, мурдун балта кеспей жүрө бермек, бирок ал силер менен отурбайбы. Мен эмне, туура эмес айтып жатамбы,Темирлан айтчы? – деп, ал Темирланга суроо менен кайрылды.Темирлан бул суроодон кызарып кетти да, үнүн акырын чыгарып:

– Туура айтасыз, мен жалгыз баламын, – деди.

– Мына көрдүңөрбү, ал силердин аркаңарга жашынып калган жок. Демек, баарыбыз тең эле, Ильяс айткандай, жаман эмес экенбиз да. Лейтенант капысынан сүйлөгөнүн токтото койду.

Ал ошол замат Темирлан чычкан аңдыган мышыктай ордунан жылбастан, көзү менен жакында эле бүркүт учуп чыккан капчыгайдын алкым жагын көрсөтүп жатканын байкай койду. Темирландын коркунучтуу бир нерсени көрүп калганы шексиз. Чынында эле, капчыгайдын алкымынан куралдуу топ көрүндү. Жакындап калган коркунучка туура баа берип, жашыруун белги менен “Согушка даярдангыла”, –  деп буйурду. Мындай ишке канык болгон жоокерлер таш жамынып жата калышты.

“Кудай жалгап, жел башка жакка уруп жатканы жакшы болду”– деп ойлоду Айдар ичинен. Кебетеси ошол үчүн контрабандисттер алардын үнүн укпай калышты. Ал кайрадан дүрбү салып, аларды санай баштады: “бир, эки, үч, төрт… төртөө эле экен”.

Түзүлгөн абалды байкап туруп, лейтенант каршылаш эки топ бири -бири менен  кагылышпай койбостугуна көзү жетти. Айдар булар жөнөкөй контрабандисттер эмес, кайсы бир террористтик уюмга тиешеси бар адамдар экенин дароо эле баамдады. Күчтөр саны да, курал-жарак жагынан да бирдей болгону менен жашы жана тажрыйбасы жагынан контрабандисттердин артыкчылыгы бар экендиги шексиз болчу. Ал дүрбүдөн согушкерлердин орчундуу  даярдыгынан өткөн толуп турган жигиттерди көрдү. Анын оюнун тууралыгын тигилердин шайдоот кыймылы, кийген кийимдери жана курал-жарактары тастыктап турду.

– Бригаданын командири полковник Садыбакасов эскерткен адамдар ушулар эмеспи? Булар кой-айга келе турган көрүнбөйт. Дагы эмне болуп кетет деп, лейтенант учурдагы окуянын боло турган жактарын ойлонуп жатты. Лейтенанттын бир артыкчылыгы бар эле. Ал ошону пайдаланууну чечти. Ал– капысынан кол салуу. Жоокерлерге күжүрмөн тапшырма берип, топтун  снайпери Ильяска капчыгай толук көрүнө турган жерди ээлеп, душмандарды баш көтөртпөй турууга буйрук берди. Эки жаш жоокерди “каптал жактарды карагыла”– деп, коркунучсузураак жерге жайгаштырды. Алардын милдети – согушкерлер айланып өтөбүз десе, топтун эки капталын жана арт жагын кайтаруу эле. Радиостанцияны көтөрүп келе жаткан Камчыбекке обого чыгып, жардам суроону буйурду. Бирок, ал бөлүк менен байланыша албай койду. Жоокерлер турган капчыгай өтө эле терең болгондуктан чек ара отрядынын радиостанциясына чыгуу мүмкүн эмес эле.

Өз күчүнө гана ишениш керек болду. Бирок дагы бир жол бар эле, ал азыр аларга жолтоо болбой коё берип, анан чоң күч менен кол салуу. Лейтенант бул мүмкүнчүлүктү ошол замат эле четке какты. Алар душманды так ушул таш капчыгайдын оозунан тосушу керек. Бардыгын өз орундарына жайгаштырып бүткөндөн кийин:

– Менин буйругумсуз атпагыла! – деп көрсөтмө берди. Лейтенанттын жанында таш жамынып Темирлан жатты. Ал калбаат жана кайраттуу көрүндү. Темирлан душмандарга чейинки аралыкты көз менен болжоп жаткан. Алар таштан ташка секирип, чек арачылардын тобу жаткан жерге жакындап калышты.

Капысынан эле лейтенанттын эсине бир аз мурда Темирлан менен сүйлөшкөн сөзү түштү. Согушкерлер ок жетээр жерге келгенче алардын дагы үч мүнөтчө убакыты бар эле. Ошол сөздү улантып лейтенант суроо берди.

– Темирлан, бери карачы, сен эмне атасы жок өстүң беле?

Темирлан буга дароо эле жооп бере койгон жок. Чынында, ал бул темада сөз кылганды жактырчу эмес. Бирок, лейтенант аны менен жашташ гана болбостон, экөөнүн көңүлү да түз эле. Ал эмнегедир лейтенантка көптөн бери атасын таап, таанышкысы келип жүргөнүн айтып бергиси келип кетти.

– Билесизби, лейтенант, мен атасыз гана өспөстөн, мен анын ким экенин да билбейм.

– Кантип билбейсиң? – деди лейтенант таң калып, андай болбойт да, бардыгы эле билишет атасы ким экенин.

– Кебетеси мен туура эмес айтып алдым окшойт. Чынында, мен атамды көргөн эмесмин жана ал жөнүндө эч нерсе билбейм. Бирок, менин эңсеп жүргөн бир оюм бар. Мен атамды тапкым келип жүрөт. Ал ким болсо да, кайда жүрсө да мейли. Бир аздан кийин лейтенант кайра суроо берди.

– Аябай… көргүң келип жүрөбү?

– Ар бир эле мага окшогон бала атасы ким экенин билгиси келсе керек.

– Сен анын, болжол менен болсо да, каякта экенин билесиңби?, – деп сурады Айдар.

– Жок, бирок мен “Сени күтөм” теле берүүсүнө кайрылсамбы дейм, мүмкүн мага алардын жардамы тийээр.

– “Сени күтөм” эмес, – деди лейтенант аргасыз жылмайып, – “Мени күт”, бирок ал үчүн жок дегенде атаңдын сүрөтү болуш керек. Сүрөтү барбы?

– Бар бир сүрөтү, бирок эскирип калган. Айтмакчы, ал Афган согушунда тартылган.

– Афганистандабы?

– Апам анын Афганистанда кызмат өтөгөнүн, тагыраак айтканда, согушта болгонун айтып берген. Сүрөткө ал жапжаш эле бойдон өзүнүн досу менен түшүптүр. Биздин жашыбыздагы эле жыйырма жаштагы жигит экен. Кебетеси бир салгылашуудан кийин БТР дин үстүндө отуруп түшүшсө керек.

– Эмне, апаң атаң жөнүндө эч нерсе айткан жок беле?

– Билесизби, жолдош лейтенант, апам атам жөнүндө сөз кылганды көп жакшы көрбөйт. Мен анын кайгысын билем. Ал өмүр бою атамды күтүп келатат. Мага атаңа аябай окшошсуң деп айтышат. Мынабу согушкерлер менен ишибизди бүтүрүп, тирүү калсак мен ал сүрөттү сизге сөзсүз көрсөтөм.

Атам экөөбүздүн коёндой окшош экенибизди өз көзүңүз менен көрүп ишенесиз.

Мүмкүн боло турган өлүм жөнүндөгү сөз лейтенантты эсине келтирди. Айдар аларды кандай коркунуч күтүп жатканын эми гана түшүндү. Картага алардын дүйнөдөгү эң кымбат нерсеси-өмүрү коюлуп жаткан. Офицер катары ал бардыгы үчүн  чечим кабыл алышы зарыл. Чечим бирөө-мекен же өлүм. Лейтенант буга чейинки окуяларды, аскердик көнүгүү катары гана көрүп жүргөн. Айдар өзүнүн жана жоокерлеринин алдында ойдон чыгарылган же шарттуу душман эмес, тажрыйбалуу согушкерлер турганын түшүнүп, биртке шашып калды. Бирок аракет кылыш зарыл эле. Ал жоокерлер үчүн үлгү болуп, жол көрсөтүшү керек.

Бүт эркин бир максатка – душманды жок кылууга чогултуп, кырк жаштардагы чокчо сакалчан адамга мылтыгын сунду. Ал дагы бирөөнүн күйөөсү, атасы, иниси жана агасы болуш керек деген ой лейтенанттын эсине түшө калды. Эмне үчүн ал колуна курал алып, биздин жерге келди экен? Айдар анын жүзүн ачык көрүп турду. Бир гана көз ирмемде автоматтын машаасын басып, кишини өлтүрүп коюга болот. Бирок, өмүрдөн өлүмгө кадам таштоо жана бир эле заматта киши өлтүргүч болуп калуу жеңил эмес. Адамды өлтүрүп, кудай берген бирөөнүн өмүрүн кыюу кыйын экен. Ал үчүн бир аз болсо да жырткыч боло калып, анын табигый сезимине баш ийиш керек тура.

Ага көз ирмемге жырткыч болууга туура келди. Бул өзүн -өзү сактоого болгон табигый сезим эмес, бул өз жердештерине “ак өлүмдү” алып келе жаткан душмандарга болгон жек көрүү сезими болчу. Машааны илип турган манжасы анын эркине баш ийди. Айдардын көз алдына ашык доза алгандан өлүп бара жаткан жүздөгөн жаш жигиттер менен кыздардын жана террористтердин жардырууларынан каза тапкан адамдардын элеси тартыла түшкөндө, атып жиберди.

Чек арачылар менен чек араны бузуучулардын ортосундагы согуш көпкө созулган жок. Мылтыктын үнү, гранатанын жарылганы, жоокерлердин кыйкырыгы жана өлүп бара жаткандардын оор онтоосу сыяктуу майда-бараттар лейтенанттын эсинде калган жок…

Баары бүтүп, тынчтык орногондо, ал колуна автоматын алып, өлтүрүлгөн согушкерлерге басып келип бирден санап чыкты. Төртөө тең ар кандай абалда жатышат, алардын жүзүндө өлүм алдындагы кыйналуу да, эч нерсе кетире албаган абдырагандык жана корккондук да бар эле. Чек арачылар жеңип алышты, бирок лейтенант Ильястын кыйкырыгы эсине келтиргенче түш көрүп жаткансып өлгөн адамдарды улам-улам санай берди.

– Жолдош командир, сизге эмне болду?

Эми өз жоготууларын эсептөөгө убакыт жетти. Санакка бирөө жетпей калса кантем деген ой аны коркутуп жиберди. Аң-сезиминин тереңинде кимдир бирөө эликтеп “сен тирүү калбадыңбы, сүйүнө бер. Калганы – эмне болсо ошо болсун” дегенсиди.

Ал ушул оюнан жийиркенип да, уялып да кетти. “Адам кандай алсыз жана өзүмчүл” деген ой пайда болду. Адамда эки “мени” бар. Ошондуктан адам башка жаныбарлардан айырмаланса керек. Ар бир эле адам бул дүйнөдөгү болуп жаткан окуялардын баардыгы ага байланыштуу жана көз каранды деп ойлойт. Ошону менен бирге, ар бир адамды, кудай анын жүзүн нары кылсын, ага бир нерсе болуп кетсе, бүткүл ааламга оңолгус терс таасирин тийгизет деген ой өмүр бою ээрчип жүрөт. Бирок өлбөс адам болбойт, дүйнө ансыз деле эч нерсе болбогондой тура берет. Баардыгы тең илгертен келаткандай өз жолун улантат. Жер миллиондогон жылдар бою келаткандай эле, өз огу менен, күндүн тегерегинде жылдык жолун уланта берет. Адамзат дагы мурдагыдай эле эртең менен туруп, сүйүп, жек көрүп жана көз артып күнүмдүк жашоосу менен алектенет. Чындыгына келгенде, сен өтүп кетсең, жакындарыңдан башка эч ким билбей да калат. Убакыт өткөн сайын алардын кайгысы басаңдап, унутула баштайт. Сен элдин эсинде жасаган иштериң менен каласың, алар жакшы да, кудайга жакпаган жаман да болушу мүмкүн. Биздин жерге курал кармап келген ушул адамдардын кандай иштери бар болду экен? Булардын жаны бейишке же тозокко түшөбү? Эстеп жүрөөр кишилери бар болду бекен? Аларды ким жерге берип, жандары жаннаттан жай тапсын деп, ким куран окуур экен? Алар бул жолду өздөрү тандап алышкан”. Кулак-мурун кескендей тынчтыктан Айдардын ою үзүлүп кетип, эки жагын карады.

Жанында төрт жоокери тең аман-эсен турушуптур. Темирлан гана жеңил жарадар болгон окшойт. Анткени, жеңинен кандын тагы көрүнүп турат, бул бакыт эле. Ага ушул жаш балдарды өлүмгө жибергендигин ойлоп, жашоо кыйын болмок. Кубанычтын көз жашы пайда болуп, ал алсырап кетти. Буттарынын алы кетип, Айдар жыгылып баратканда жоокерлери эмес, эми бир тууган болуп калган жигиттер кармап калышты. Алар лейтенантты акырын жерге отургузушту. Айдар бир да сөз сүйлөй албай койду. Башынан өткөргөн согуш коркунучу анын тулку боюна ушундай таасирин тийгизди. Жоокерлердин ар бири болуп өткөн бул окуяны өзүнчө кабыл алып жатышты.

Лейтенант күтпөгөн жерден ыйлап жиберди. Ал үнсүз ыйлап, көзүнөн ысык жаш гана агып жатты. Бул энелеринин алдында керт башы менен жооп бере турган жоокерлери аман калып, жанында турганы үчүн кудайга болгон ыраазычылыктын көз жашы болсо керек. Кудай буюрса, алар эми өз энелерине аман-эсен жетишет. Ал ыйлап жатты, бирок өз көз жашы үчүн эч уялган жок. Бул– алсыздыктын эмес, өзү жана жоокерлери менен сыймыктангандыктын көз жашы эле. Ал атасынын баласы болгондугу үчүн жана өз мекенине кызмат кылып, аз да болсо пайда келтиргенине сыймыктанып жатты.

Башын көтөрүп ал өзүн тиктеп турушкан жоокерлеринин жүзүнө көз чаптырды. Лейтенант алардын жүзүнөн да көз жашты байкады. Капысынан ага “эркектер ыйласа, анын бир маанилүү себеби болот” деген бир ой келди Тээ бийикте бүркүт-төрөкуш дагы эле каалгып учуп жүрөт. Ал ушунчалык бийик учуп жүргөндүктөн, кагаз бетиндеги кичинекей чекиттей гана болуп көрүнүп жатты.

“Ушул адамдын бузукулугуна толгон жердин убарасын тартпаган, тээтиги бүркүткө эле жакшы окшойт” деген ой келди Айдардын башына.

Бирок, офицер ошол адамдар жандырган тозок отунан сактанып, бийик учуп кеткен куш– карыган бүркүт экенин билген жок. Жарылуулар жана автоматтан жааган октордун үнү ага акыр-заман келгендей эле болуп көрүндү. Бүркүткө жерде да, көктө да орун жок эле. Бүркүт көктө өз өлүмүн күтүп жүрдү, ошол күтүүдөн башка ага эч коркунучтуу нерсе жок болчу.

ТЕМИРЛАН

Айдар ойлогондой эле, Темирландын согушкерлер менен болгон кармашта алган жарааты анчалык коркунучтуу эмес экен. Кудай жалгап, ок олуттуу жаракат келтирбей, оң колунун булчуң этин гана тешип өтүптүр. Согуш жүрүп жатканда Темирлан ага ок тийгенин сезген эмес, ал айкаш бүткөндө гана жараатын көрдү. Жоокер согуштун майда-баратына чейин эстей албай койду. Анын эсинде согуштун башталышы гана калды. Командир биринчи болуп ок чыгарып, бандиттердин бирөө кулап түштү. Калгандары ташка жашынып калууга үлгүрүшүп, чек арачылар жаткан жакка автоматтан ок жаадыра башташты. Ал өзүңдү көздөй өлтүрүп коюучу ок жаап жатканда мындай коркунучтуу болоорун ойлогон эмес. Адамдын жанынын морт болоорун ушундай убакта гана билет экенсиң.

Темирлан бул согушту ийне-жибине чейин эстөө үчүн бир нече жолу аракет кылса дагы, убакыттын ошол бөлүгү такыр эсине келбей койду. Ким билет, мүмкүн ал бүт дитин өз денесин октон сактоого койгондуктанбы же  коркунуч денесин кыймылсыз кылып салганбы? Коркунуч менен беттешкенде кан басымы көтөрүлүп кетип, адамдын акылын жана убакытка, мейкиндикке баа берүүчү сезимин жок кылат окшобойбу. Ал атышып жатып, оюна келген сөздү айтып кыйкыргысы келген. Азыр ооруканада жатып алып, согуштун жүрүшүн толугу менен эсине түшүрүүгө канчалык аракет кылса да болбоду. Бирок, Темирлан үмүтүн үзгөн жок. Бардыгын эстеп, калыбына келтирүүгө убакыт жетиштүү. Дарыланып жаткан оорукананын жагдайы да ага шарт түзө тургандай көрүнөт. Баштан өткөн жамандык адамды адеп-ахлактык жактан тарбиялап, чоң ачылыштарды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Адам кантип тирүү калганын эстегенде, ал аргасыздан өз өмүрүндөгү маанилүү жана кубанычтуу окуяларын эсине түшүрөт. Темирлан өзүнүн эң бактылуу күндөрү– апасы менен өткөн экен деген чечимге келди.

Андан тышкары жакын досторуңду, классташтарыңды жана биринчи сүйүүңдү эстейсиң. Ар бир жыл, ички дүйнөңдө коңгуроо сыяктуу шыңгырап, жаш жүрөктүн тереңинде сакталып калат. Ушул ачылыш менен бирге Темирлан өзү үчүн дагы бир нерсени ачык билип алды.

Канчалык аракет кылса да, атасы жөнүндө эч нерсе эстей албады. Кандай кылбасын атасынын өңү-түсүн элестете алган жок. Буга Темирлан аябай капаланды. Атасы жөнүндөгү чындыкты билбегени үчүн аябай өкүнүп жүргөн. Ушул ойлордон ал өмүр бою азап чегип келди. Жаш адамдын жан дүйнөсү канчалык азап тарта турган болсо, Темирлан да ошондой эле азап тартты. Өзүн “мен” деп биле баштагандан тартып, атасы жөнүндө чындыкты билүүгө аракет кылып келатат. Өсүп бараткан баланын адам болушу үчүн, атасы менен баарлашуу керек деген эскирип бүткөн педагогикалык ойду илимий жактан ырастоо, адам баласынын жашоо мыйзамына жана чындыгына жатат. Ата менен болгон мамиле баарыбызга: жолоочуга– түнөк, саякатчыга– жол, суусаганга – суу катары керек.

Темирландын атасы жөнүндө бир билгени, анын Афганистанда аскерде болгондугу эле. Ал апасын аябай жакшы көрчү, апасы менен көпкө сүйлөшүп, жакында үйлөнөөрүн да апасына айтып жүргөн экен. Бирок, белгисиз себептер менен дайынсыз жоголгон. Ал байкоосуздан киши өлтүрүп алып, кесилип кеткенин апасы кийин айтып жүрдү. Атасы көп жыл бою Россиянын түрмөлөрүндө жатыптыр. Ошону менен атасынын өмүр баяны алар үчүн бүтүп калган. Апасынын айтканына караганда, ал баласы бар экенин уккан эмес. Эгерде ал тирүү болсо, дагы эле баласы бар экенин билбесе керек. “А кызык, – деди ал жаздыкты кучактап жатып, – атам тирүүбү, тирүү болсо кайда жүрдү экен?”. Анан Темирлан күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн целлофанга тыкан оролгон сүрөттү алып чыгып, апасы сенин атаң деп көрсөткөн өзү үчүн бейтааныш адамдын өңүн ынтаа коюп карай баштады.

Согуштук кийим кийген эки киши 10х15 өлчөмдөгү сүрөткө советтик БТР маркасындагы бронетранспортердун үстүндө отуруп түшүптүр. Чарчагандай түрлөрү бар. Кандайдыр бир согуштук татаал тапшырманы аткаргандан кийин, үйрөнчүк сүрөтчү тарткан окшойт. Атасынын кебетесинен– эрки күчтүү, акылдуу адам экендиги көрүнүп турат. Ал өтө күчтүү да болсо керек. Баарыдан мурда анын өзгөчө жөндөмдүүлүгү байкалып турду.

– Сен кандай киши болдуң экен? – деп ойлоду Темирлан сүрөттү улам-улам карап жатып. Көңүл түпкүрүндө мындай адам, апасын таштап, таптакыр жоголуп кетпейт эле деген ой бар эле. Кебетеси, анын өтө бир маанилүү себеби болсо керек. Мынчалык, айласыз эмне болуп кетти экен? Атасын тапканда, эмне себеп болгонун атасынан сурап билет. Мүмкүн, атамды сүрөткө бирге түшкөн адам аркылуу таап алаармын, деп ойлоду Темирлан. Ал атасынын досу болсо керек. “Ушул кишини тапсам эле, – деп ой учугун улады Темирлан, ал атам жөнүндө көп нерсени айтып берип, аны тапканга жардам берет эле” деген ойдун үстүндө болду жаңы  пайда болгон баатыр, далайдан бери эле үй-бүлөлүк эстелик болуп калган сүрөттү карап жатып, тагдыр ага эми эле бүткөн контрабандисттер менен болгон согуштан да татаал дагы бир сыноону камдап жатканын билбей. Тагдырды сынап, боло турган ишти шаштырбаш керек, бардыгы өз орду менен болгону жакшы. Аны  көргөнү, бирге кызмат өтөгөндөр, же тагыраак айтканда, согушта бирге болгон достору келишти. Алардын ичинде Абдрасулов Айдар да бар. Бардыгынын, өзгөчө Ильяздын көңүлү көтөрүңкү. Анысы түшүнүктүү болчу. Аскерден бошонооруна саналуу эле айлар калды, ошондуктан палатага кире элек жатып, Темирланга үйгө медаль тагынып кетебиз деп бир нерсенин четин чыгарды. Бул жөнүндө өзүнүн командири лейтенант Абдрасулов официалдуу жана салтанаттуу түрдө айтып берди.

– Жолдош сержант, Алымкулов Темирлан, мекенибиздин чегин коргоодо көрсөткөн баатырдыгыңыз үчүн бардыгыбыздай эле сиз да “Эрдик үчүн” медалы менен сыйландыңыз. Медаль сиз ооруканадан чыккандан кийин тапшырылат.

Бул жаңылык Темирланды кубантпай койгон жок. Мекениң сени унутпаганын уккан жана билген жагымдуу болот тура. Бул жаңылыкка Сапар менен Камчыбектин да кубанып турушканы Темирланга көрүнүп турду. Биринчи согуштук сыйлык тамаша эмес да. Ал бардыгы үчүн сыймыктанып жатты.Темирлан “менин атам да “Эрдик үчүн” медалы менен сыйланганымды билсе сыймыктанат эле”деп ойлоду.

Балдар бир аз сүйлөшүп туруп, тез айыгып чык деген каалоону айтышып, коштошуп чыгып кетишти. Палатада жалгыз Айдар калды. Ал Темирланга алар колго түшүргөн контрабандисттер көп сандагы баңги зат алып бара жатышкан террористтик уюмдун мүчөлөрү экендигин айтып берди. Муну укканда Темирлан аябай таң калды. Ал Айдарды бир карап алып, бул анда тамаша эмес го, жолдош командир, – деп сурады.

– Туура айтасың, бул биздин республиканын территориясына чек араны бузуп өтүү же жок дегенде ага даярдык көрүү дегендикке жатат.

– Аларга эмне керек болду экен?

– Эмне керек экенин билбейм, бирок мага бир нерсе айдан ачык: алар биздин чек арадан өтүп, өлкөдөгү абалды оордотууга аракет кылып жатышат.

– Эмне үчүн? – деп, дүйнөдөгү баардык нерсени лейтенант билип койгонсуп, Темирлан суроосун улантты.

– Билесиңби Темирлан, дүйнөдө биз билбей жана биле албай турган иштер бар. Сен акылдуу жигитсиң – муну саясат же геосаясат деп койсок да болот. Буга ким кызыгып жатат – америкалыктарбы, европалыктарбы, же башкаларыбы, муну кудай гана билет. Бирок, биз өзүбүздү коргой алышыбыз керек.

– М-да-а, сиздин айтканыңыз туура, кудай эле нысап бербесе аларга…

– Болуптур эми, тез сакайып чык – деп, Айдар сөзүн бүттү. Баса, – деди ал чыгып баратып, – биздин жетекчилер апаңа ыраазычылык катын жибергени жатышат. Ага бул өтө жагымдуу болуш керек.

– Согушкерлер менен болгон кагылышты жазбай эле коюшсун– деп суранды Темирлан.

– Албетте– деди лейтенант анын тынчсызданганын басып, мындан башка өтүнүчүң барбы? Темирлан ойлонуп туруп, анан бир нерсени эстегендей, мындай деди:

– Эсиңиздеби командир, согуш башталаар алдында, мен сизге, тирүү калсак, атамдын сүрөтүн көрсөтөм деп убада берген элем

– Эсимде, эсимде эмей, анан.

– Мен азыр көрсөтөйүн дедим эле, бирок балдар күтүп калат го.

– Эчтеке эмес, күтө турушат. Биздин сөз бүтпөй калбадыбы, – деди лейтенант олуттуу Темирланды карап.

– Так ошондой, – деди Темирлан кубанып.

– Кана көрсөтчү.

– Мына, – деп Темирлан эски сүрөттү командирине сунду, менин атам, сиздин оң кол жагыңызда турат.

Ортодо бир топко тынчтык өкүм сүрүп турду, Айдар сүрөттү көпкө ынтаа коюп карап туруп, капысынан мындай деп суроо берди.

– Бери карачы Темирлан, сенин атаңдын аты ким?

– Атамдын аты Тимур экен.

– А менин атамдын аты Болот. Сага айта турган бир нерсе бар, таңгалгандан, жыгылып кала көрбө. Сүрөттө сенин атаңдын жанында турган киши, менин атама окшоп турат, ал дагы Афганистанда болгон. Лейтенант сүрөттү дагы бир жолу карап алып, кошумчалады, менин эле атам. Мына жаңылык десе.

Муну укканда Темирлан таң калбай койгон жок, ал мындай болоорун күткөн эмес. Атамды мына табам деген ой, анын төбөсүнөн ылдый муздак суу куюп жибергендей чыйралтып жиберди.

Ал акырын шыбырады:

– Жолдош лейтенант, сиз мага атамды табууга жардам бересизби?

– Колумдан келсе эле жардам берем.

– Менин оюмча сиздин колуңуздан келет. Сиздин атаңыз жардам бере алат деп ойлойм.

– Мен ал үчүн сүрөттө сенин атаңдын жанында менин атамдын тургандыгына көзүм жетиш керек, андан кийин бир нерсе кылса болот.

– Мен сизден суранам, жолдош командир…

– Болуптур, сүйлөштүк. Атам менен байланышсам баары билинет. Сен көп эле тынчсыздана бербе.

– Рахмат, жолдош лейтенант– деп, Темирлан өзүнүн командирине чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдирди.

Лейтенант бул өтө кылдат иш экенин түшүндү. Ошондуктан Темирландын көңүлүн оорутпай, атасын табууга жардам берерин айтып, палатадан чыкты. Кетээр алдында Темирланга дагы бир суроо берди:

– Бери карачы Темирлан, мен бул суроону сага бербешим керек эле, бирок иш мындай болгондон кийин мен бир нерсени билип алганым жакшы.

– Угуп жатам командир, бул чындыгында эле мага өтө маанилүү иш.

– Анда мындай, менин билишимче, атасыз өскөн балдар көңүлдөрүнүн тереңинде үй-бүлөсүн таштап кеткен атасына таарынычын катып жүрүшөт, сенде андай таарыныч жокпу?

– Жок!

– Эмне үчүн?

– Билбейм. Мен төрөлгөндө эле ал биз менен болбоптур. Атамдын жок экенин билген күнүмдөн баштап, менде деле бир-эки жолу ошол таарыныч сезими болгон, апамды таштап кетүүгө аны эмне мажбур кылганын билбейм. Апам да ушул кезге чейин анын себебин билбейт. Атам тирүү болсо, менин бар экенимди билбесине толук ишенет. Эгерде ал менин бар экенимди билсе, мүмкүн иш башка болот эле. Мына командир, иш ушундай, мен аны кандай да болсо табышым керек.

– Болуптур, мен аны издеп табууга жардам берем, – деп палатадан чыгып кетти.

Темирлан кайрадан атасы жөнүндөгү ою менен жалгыз калды. Атасын мына-мына табам же ал жөнүндө маалымат алам деген үмүт ага канат бүткөндөй көңүлүн көтөрдү. Өлүм менен беттешкенден бери, эмне үчүн атасы жөнүндө көп ойлоорун түшүндү. Бул ата-бабалардан калган кандын чакырыгы эле. Бекеринен кыргыздар өспүрүмдөрдөн “Сен кимдин баласысың, уругуң ким, жети атаңды билесиңби?”– деп сурашпаса керек. Эмне үчүн ар бир бала жети атасын билиши керек экендиги Темирланга эми гана түшүнүктүү боло баштады. Ар бир эркек табигый маалыматты, жана өзүнө гана тиешелүү генетикалык өзгөчөлүктү алып жүрөт, бул маалымат атадан балага улам сапаты жагынан жакшырып өтө берет: баласы атасынан күч жагынан да, сулуулук жагынан да, акыл жагынан да жана адамкерчилик жагынан да өйдө болуш керек. Бирок, эмне үчүн он эмес, жети эле атасын билиш керек? Мына ушул суроого ал жооп тапкандай болду.

Темирлан бир илимий журналда басылып чыккан макаланы эсине түшүрдү. Анын мааниси төмөндөгүдөй эле. Илимпоз генетиктер жакшы бир гендин пайда болушу үчүн укумдан тукумга өтүп отуруп, ал 350 жылды талап кылат экен деген чечимге келишкен. Эгерде, адамдын өмүрү орто эсеп менен элүү жылга созулса, 350 жылды элүү жылга бөлсөк жети муун болот тура. Мындайча айтканда, бир жакшы тукум чыгыш үчүн жети муун алмашат турбайбы. Жаратылышта сен жетинчи атаңдын тартып, анын сапаттарын жаңыртып жакшыртат экенсиң. Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан бул чындыкты илимий изилдөөсүз эле жети деген санды эсептеп алышып, жети муун өтмөйүнчө тукум бузулат дешип, тууган арасындагы үйлөнүүгө жол беришкен эмес. Мүмкүн сенин уругуңду жана жети атаңды сурап алып, сага жана сенин келечектеги укум-тукумуңа мүнөздөмө берип, билип жүрүшпөсүн. Сен уругунду айтчы, мен сенин ким экенинди айтып берем деген сөз, балким, ушундан чыккандыр. Темирландын алдында да ушул маселе турган. Бүгүн ал дагы бир чындыкты түшүндү, өмүрүн алга улантып жашоо үчүн, өзүнүн кимдин тукуму экенин билиш керек. Терең ойго түшүп кеткен Темирлан көзүн жумган менен, түнү уйкусуз өтөөрүн билди.

Капысынан эле баягы бүркүт эсине түштү. Анын көз алдына ошол кыраан куштун учушу тартылды. Жаратылыш аларды өз тукумун сактап, улоо үчүн жан куткарбаган жырткыч кылып жараткан. Чындыгында эле, бүркүт жаратылыштын койгон мыйзам ченине баардык жагынан төп келе турган асыл куш. Анын ушул асылдыгын бүркүт тукуму, укумдан тукумга жакшыртып келген. Ал эмес, бүркүт деле учаарда атасынан бата алат. Темирлан болсо дагы эле атасынан бата ала элек. Мезгил байланышы үзүлүп кетпес үчүн ал атасын ким болбосун, кайда болбосун табышы керек…

АБДУВАЛИ (“Түлкү”)

Адамга ысым бир эле жолу коюлат деп, бекеринен айтылган эмес. Өзүнүн жаңы ысымына Абдували такыр эле көнбөй койду. Билген адамдар адамдын ысымы анын тагдырына коюлган өчпөй турган мөөр деп айтышат экен. Албетте, бул жерде ысымды ким койгондугунан жана анын ичинде кандай маани бар экендиги да чоң мааниге ээ болот. Ысымды алып жүргөн адамдын тагдырына таасирин тийгизген аттын энергетикасы жана күчү да ошого көз каранды экендигин айта кетиш керек. Эгерде ысымды өзгөртсөң тагдырыңа жазылган келечегиңди талкалайсың. Кебетеси ал ошондой эле болду окшойт.

Эмнеси болсо да, ага атасы атактуу кол башчы аксак Темирдин же Амир-Темирдин атын коюптур. Өзү тарыхчы болгондуктан, атасы бул илимди, өзгөчө орто кылымдагы чыгыштын тарыхын өтө терең окуп үйрөнгөн. Атасы Чынгызхан, Александр Македонский жана Юлий Цезарь сыяктуу тарыхый инсандардын өмүр баянын да кунт коюп окуган. Ал ошол убакта советтик илимге жакпаган тарыхый инсандар жөнүндө материалдарды жыйнаган. Өмүрүнүн акырына чейин таза адам бойдон калгандыктан өзүнүн жашоо эрежелерин бузган эмес. Өмүрүндө жетишкен ийгилиги– илимдин кандидаты болуп, тарых институнун илимий ага кызматчысы болуп дайындалган. Чогуу иштеген жолдоштору изилдеп жаткан эмгегин жана диссертациясынын темасын илимий марксизм-ленинизмге алмаштырып, иштөөгө кеңеш беришкен. Бирок, ал өзүнүн оюн берген жок. Ал дүйнөнү чыгыштын басып алуучулары, өзгөчө Амир-Темир жөнүндө өтө бай материал жыйноого жетишти. Ошондуктан уулу төрөлгөндө улуу аскер башчысын тартсын дегендей, атын Тимур койгон. Кебетеси атасынын батасы жана Тимур деген аттын күчү анын адам болуп өсүшүнө таасирин тийгизди окшойт. Ал кайда жүрбөсүн биринчи болчу. Мектептеги мугалимдери жана спорттогу машыктыруучулары анын келечеги чоң дешчү. Жадагалса ага чейин адам качып көрбөгөн түрмөдөн биринчи болуп качып кеткени да анын атына байланыштуу болсо керек. Чынында эле, ал баардык жагынан окууда да, музыкада да, спортто да таланттуу болчу. Баардыгы тең ал үчүн жеңил эле. Тимур баардык балдардай эле мушташып, эч кимге жемин жедирчү эмес, бирок ал чындык жана адилеттүүлүк үчүн мушташчу. Мугалимдер да, тааныштары да анын келечеги кең болуп, көп нерсеге жетишет деп ойлошчу. Көрсө, жашоодо баардыгын алдын ала көрө албайт экенсиң. Өзгөчө буга сүйүү сезим аралашып кетсе.

Афганистанда дайыма алдыңкы катарда болуп, бычактын мизи менен жүрүп, кан кечкен кырылыштан аман келгенине ошол жөндөмдүүлүгү чоң роль ойноду окшойт. Кээде сыйкырлап койгондой жолдошторуна өлүм менен ойноп жаткандай көрүнчү. Ок андан корккондой жолочу эмес. Офицерлер ага “шайтандын өзү жардам берет”, – деп айтышаар эле.

Атасы баласынын ошол кан кечкен согуштан аман келээрине күмөн саначу эмес. Ойлогондой эле ал аман-эсен келди. Үйүндө эки ай гана жүрүп, киши өлтүргөндүгү үчүн кесилип кетти. Атасы муну көтөрө алган жок, ал дайыма баласы менен сыймыктанчу. Тимурга атасы кичинекейинен тартып эле таза жашап, чынчыл бол деп айта берээр эле. Темир менен Чынгызхандай болуп дайыма акылдуу, күчтүү, чыдамкай жана эр жүрөк болсоң, жашоодо бардыгына жетишесиң. Ал атасы айткандай жашап келди. Бул жолу да ал өз өмүрүн  коргоого аракет кылды. Ал кол салган жок, ага кол салышты.

Көп жыл өткөндөн кийин, ага кол салгандарды алардын үйлөнүүсүнө каршы болгон өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызынын атасы жалдап жибергенин билди. Айтмакчы, ошол эле киши военком менен сүйлөшүп Тимурду Афганистанга жиберткен. Ал ушундай кылып Тимурдан кутулууну чечкен. Тимур тирүү келбейт деп үмүт кылган.

Дем алганга, күтүүгө жана ишенүүгө тыюу сала албагандай эле, сүйүүгө да тыюу сала албайсың. Аселдин сүйүүсү Тимурду октон сактап, күчүнө күч кошту. Ал Тимурду аскерден келгенче күттү. Бирок Аселдин атасы мурдагыдай эле алардын сүйүүсүнө каршы болуп туруп алды. Ал сүйүүнү өлтүрүп эле койбосоң, бардык тоскоолдуктарды талкалап өтөөрүн түшүнгүсү келген жок. Асел үйүнөн качып келип, экөө Ысык-көлдө унутулгус он күндү бирге өткөрүштү. Көл менен асман гана алардын бактысына күбө болду. Кыз жигит жана аларды курчап турган жаратылыштан башка эч нерсе жок эле. Алар бирдей дем алып, жүрөктөрү бирдей согуп турду. Ушулардын бардыгын талкалай турган адам табылабы? Ооба, табылат экен.

Тимурга кайын ата болбой калган адам алардын жашоосун талкалап салды. Ал Тимурга сабак болуш үчүн, бир нерсесин майып кылып койгула деп он чакты жигитти жалдап жиберди. Кол салгандардан коргонуп жатып, Темир бирөөнү өлтүрүп алды.

Сот аны он беш жылга эркинен ажыратып, мөөнөтүн катуу тартиптеги Россия федерациясындагы бир түрмөдө өтөө үчүн этап кылууга чечим чыгарган күнү Тимур дүйнөдө адилеттик бар экендигинен күмөн санап калды.

Атасы аны түрмөдөн келгиче күтө алган жок. Кайгысынан инсульт болуп дүйнө салды. Энеси мурда, ал аскерден келээрдин алдында эле каза болгон. Баласын көрбөй кете берген. Оорулуу жүрөк чыдабай, сарсанаа болуп күтүүнүн акыркы сааттарын кагып бүтүп койгон… Ошентип ал бир заматта, сүйүүсүн да кошуп баарынан ажырап калды. Он беш жыл бою жалгыздыкка ким чыдамак эле? Адилеттикке болгон ишенимине кошо сүйүүгө болгон ишеними да өчтү. Ал сүйүүсүнөн баш тартуу менен бирге бардыгынан баш тартып, бүткүл дүйнөгө согуш жарыялады. Бул анын маңдайына жазылган жүгү эле, ошол жүгүн жыйырма жылдан бери көтөрүп келе жатат.

Ага чейин эч ким качып кутулбаган Россиянын түрмөсүнөн качып чыгып, Чеченстандагы жалданма-согушкерлердин катарына келип кошулду.Тагдырдын жазганы менен ал өмүр бою бир гана кесипке– согушууга үйрөндү. Тоолуу жерде согушуунун тактикасын жана стратегиясын жакшы билген Тимур жалданма согушкерлер үчүн табылгыс казына болду. Ошол эле жактан ал террористтик уюмдун көзүнө түшүп, анын чалгынчылары Тимурду Пакистанга өткөрүп жиберишти. Террористтик уюм колуна кандай асыл таш келип түшкөнүн билбей койгон жок: советтер союзунун тандалма аскердик чалгындоо бөлүмүндө согуш даярдыгынан өтүп, үч– англис, немис жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн мурдагы  афган жоокери. Анын үстүнө, ал алыбеттүү, татынакай, адам менен сүйлөшө билген жигит эле. Бул аны дүйнөнүн көп жеринде уюмга керектүү тааныштарды табуу үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Согуштук даярдыгына караганда ал даяр террорист болчу. Эми ага идеологиялык жактан гана кичине тарбия керек болду. Ишеничи кеткен адамдын аң-сезимине жаңы идеологияны жат кылуу жеңил эле. Уюм ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аны өзү каалагандай №1 террорист кылып тарбиялап алды.

Аны жаңы адам кылып тарбиялап, өткөн өмүрүн унутсун деп Абдували деген жаңы ат коюшту. Башын ушунчалык айландыргандыктан ал жараткандын жазмышын аткарып жатканына ишенип калды. Ошондон бери Абдували кайда жүрбөсүн, жараткандын жардыгы деп, күнөөсүз кандар төгүлчү болду. Көңүлүнүн түпкүрүндө ал уюмдун тапшырган ишин аткаруу менен өзүнүн талкаланган өмүрү үчүн өч алып жүргөнүн түшүнчү. Өз атын Абдувалиге алмаштырган күндөн бери анын турмушунда көп өзгөрүүлөр болду. Акыркы күндөрү ага башка бирөөнүн жашоосун жашап жаткансып көрүнчү. Эртең менен күзгүгө келип өз атын гана эле эмес жүзүн да жоготуп койгон бейтааныш адамды көрчү болду. Жыйырма жылдын ичинде канча жолу ысымын алмашырганын өзү да билбей калды. Ал Хасан да, Бауржан да, Абдыкерим да болуп жүрдү. Бир кезде атасы койгон Тимур деген ат өзүнүн өткөн өмүрү сыяктуу аз-аздан унутула баштады.

Жыйырма жылдан кийин гана ал тоо аралап, жалгыз аяк жол менен мекенин көздөп жөнөдү. Убакыт токтоп калгансып, саат, ай жана жылдар артты карай жылып, аны сот залына алып келди. Ошол күн ага тиги дүйнөдөгү сурак күнү болуп калды. Тимур ал күнү бир маанилүү ишти түшүндү, көрсө, өткөн убакыттын ичинде өзүнөн өзү качууга аракет кылып чуркап келаткан экен. Бул чуркоонун аягы көрүнбөй, туңгуюкка алып жөнөдү. Бирок, адам тагдыры адамды туулуп-өскөн жерине бир кайрып алып келбей койбойт тура. Тимур да турмушунан аксаган жерге кайрадан кадам таштады. Ошол кадам анын өмүрүнүн башталышы да, акыры да боло тургандай көрүнөт.

ТҮЛКҮ

Ага кезектеги жалган паспортту Өзгөн шаарынын тургуну Карабалаев Амиржан деп жасап беришти. Уюмдун башчыларынан Кыргыз Республикасынын территориясында халифаттын идеясын колдогон кишилерден террористтик топторду уюштургун деген тапшырма алды. Союз тарагандан кийин андай кишилер көп эле. Буга ошол убакта жакшы идеологиянын болбой калгандыгы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Анткени эски идеология талкаланып, жаңысы иштелип чыга элек болчу. Исламдын үгүтчүсү болгон даватчынын атына жамынып Республиканын ар кайсы бурчуна барып, кишилерди жакшылап тандап, текшерип туруп өз уюмуна жалдап киргизе баштады. Кыска убакыттын ичинде эле республиканын түштүгүндөгү кээ бир шаарлар менен райондорунда уюмдун кичинекей топторун түзүп коюуга үлгүрдү. Эми республиканын түндүгүндө жана борборунда бир аз гана иштеп коюу калган.

Ушул максат менен ал Бишкекке бир ай мурда келген. Шаарды жакшы билгендиктен ал атайын кызматтардын жана улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин көзүнө илинбей жүрө берди. Абдували аны жалгыз эле Кыргызстандын атайын кызматтары гана эмес, өзү из калтырып кеткен дүйнөнүн башка өлкөлөрү да издеп жүргөнүн жакшы билчү. Бирок, бардыгынан ага кыргыздын “комитетчиктери” жакын келип калышты. Кыргыздын чекисттери анын артынан калбай келатканын билип, “аз күндө капканга түшөм го” деген ой Оштогу ага койгон буктурмадан аман-эсен кутулуп кеткенден бери ээрчип алды. Анын кайда бараарын чекисттерге кандай белгилүү болуп калаарын ал азырынча биле албай койду. Бирок “Түлкү” ал жөнүндө маалыматты өз чөйрөсүндөгү эле бирөө берип жатканын билчү. Акырындап Абдували чекисттер анын уюмуна өз кишисин “момолой чычканды” киргизип коюшканын түшүнө баштады. Өз ичинен чиеленген көп жүрүштөрдү ойлоно, Абдували Чүй чоң көчөсү менен “Айчүрөк” дүкөнүнөн “Эркиндик” аянтын көздөй жөнөдү. Кебетесин өзгөрткөнгө чебер болгондуктан, ал бат эле башкалардан айырмаланбаган ардагер болуп чыга келди. Анткени ардагердин образы, Феликс Дзержинский деп бир кезде жомокко айланып кеткен чекисттин аты коюлган көчөгө бап келип калды. Өзүнүн чекисттер үчүн даярдаган “оюну” ушул жерде өтөөрүн ойлоп, кээкер жылмайып койду.

Жер алдындагы өткөөлдөн өтүп, соода күркөсүнүн алдына токтоду.

– Кызык, мен шаардан кеткенден бери көп нерсе өзгөрүп кетиптир– деп ойлоду ал көчөлөрдүн өзүнө тааныш эмес аттарын окуп баратып. -Мынабу көчө мурда “Биринчи май” эле, азыр Касым Тыныстанов атындагы көчө болуп калыптыр. Анан кантмек эле? – деди ал өзүнө-өзү кайрылып, көчөлөрдүн аттары эмес, шаардын аты да өзгөрүп кетсе. Шаар ушунчалык өзгөрүп кеткендиктен ал өзүн башка өлкөдө жүргөндөй сезди. Батыштын маданиятынын белгисин баардык нерседен көрүүгө болот: шаардын сырткы түрү гана өзгөрбөстөн, ички дүйнөсү да өзгөрүп кеткендей көрүнөт. Бир кезде революционер-кол башчы Михаил Фрунзенин аты коюлуп, Советтер союзунун картасында Кыргыз ССР инин борбору катары сыймык менен белгиленип жүрсө, азыр андан жаңы дүйнөнүн маанайы бадырайып көрүнүп турат. Бул эч кимге ээ бербеген эркиндиктин жана демократиянын маанайы.

Аянтта ары-бери басып жүргөн элди көрүп, Абдували өзүнчө ойлонуп бара жатты; “Килейген Советтер Союзу деген өлкө кантип бир заматта талкаланып калганына акыл жетпейт. Өзү каршы чыгып, кордук көргөн ошол өлкө, анын кийлигишүүсүз эле жар көчкөндөй кулап калды. Азыр, көп жыл өткөндөн кийин, ал таптакыр башка өлкөдө турат, өлкөгө эмне болгонун “Түлкүгө” дагы түшүнүш керек эле. Азырынча бир гана нерсе, мурда учу-кыйырсыз Советтер союзунун бир бөлүгү болуп, өнүгүүнүн социалисттик жолунда жашап келген республика биротоло тарых барагында калды. Республиканын эркиндикке карай жасаган биринчи кадамы да тарыхка айланды. Биринчи президент абройлуу демократиялык коомду түзө албай койду”. Аянтты көздөй бара жатып, өткөн жана азыркы мезгил жөнүндө ой учугун улай берди.

“Ала-Тоо” аянтына келип оппозиционерлер уюштурган кезектеги пикетти көрдү. Пикетчилер колдорундагы жазууларын булгалап, жаңы шайланган президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышты. Деги адамды түшүнүп болбойт, кыргыз демократиясынын мааниси ошол демократияны түшүнбөгөндүктө жатат. Абдували кайрадан ичинен күлүп койду: “Улуу Рим кыйрагандан бери эч нерсе өзгөргөн жок, биз, адамдар, кандай кыялкечпиз. Бир ууч гана киши максатына– өзүлөрүнүн эле үстүнөн бийликке жетүү үчүн аларды пайдаланып жатканын түшүнүшпөйт. Бийлик үчүн күрөш гана адамды убара тарттырат”. Капысынан анын оюна, халифат да аны кимдир бирөө ойлоп тапкан бийликке жетүү үчүн пайдаланып жатканын ойлонду. Азыр алардын террористик уюму үчүн жакшы учур түзүлдү, анткени Кыргызстандагы абалдан пайдаланып бийликти тартып алып, халифатты түзүүгө аракет кылып жатышат. Бул жаңы халифаттын тартиби кандай болоор экен? Диний жетекчилер дайыма убада кылып келе жаткан адилеттүүлүк болоор бекен? Же бул дагы кезектеги кыялбы? Бирок азыр ал бул жөнүндө ойлогусу келген жок. Деген менен, ушул ой  ал Кыргызстанга келгенден бери эсинен кетпей койду. Пикет болгон жерди тосуп турган милициянын көңүлүн бурбай, гүлбакка бурулуп, темир жол бекетин карай жөнөдү.

80-жылдардагы муун гүлбакты “Дзержинка ” деп атап коюшчу. Бул гүлбак менен өлкөнү таштап кеткенден бери баса элек. Тагыраак айтканда, буга жыйырма жыл эки ай болду. Гүлбакка ал өзгөчө жылуу мамиле кылчу. Шаарга келгенине эки ай болгону менен гүлбакка келүүнү улам кечендетип келди.

Гүлбак аны, адамды сергиткен жели менен тосуп алды. Бактардын жалбырактары ага салам айткандай шуудурап жатышты. Абдували чалкалай асманды карап, көзүн жуумп, жан жыргаткан шамалдан дем алды. Жыт адамдын өткөнүн эске түшүрөт деп бекер айтпаса керек. Ал дагы унутулбас өткөн өмүрүн эске түшүрдү. Анын жүрөгү узак айрылуудан кийин жылыткан биринчи жана акыркы сүйүүсүн көргөндөй сого баштады. Балалыктын жыты менен кошо, ага эски шаардын көчөлөрү, кайрылгыс кеткен Битлз менен Хиппинин мезгилинин күндөрү кайрылып келди. Бул анын жан дүйнөсү, жашоосу болчу.

Бул жерде ал туулуп өскөн. Ал шаар жана бир кылка, катар отурузулган дарактар менен чогуу өскөн. Анын бүткүл өмүрү: анын үй– бүлөсү жашаган үй, өзү окуган мектеп, мурдун  кан жалаткан биринчи мушташ, биринчи сүйүүсү ушул гүлбак менен байланыштуу болгон. Өмүрүндө биринчи жана акыркы сүйгөн бала жөнүндө кино тартса аны көргөн аялдар да, эркектер да ыйлашат болчу. “Дзержинкадагы” отургучка жаш балдарды чогултуп алып гитара менен ошол мезгилде тыюу салынган “Мезгил машинасын” тамагы бүткөнчө ырдаган сыланкороз жигит кайда кетти? Афганистанда өзүнүн улуттар арасындагы милдетин өтөп, согушта жолдошторун өлүмдөн куткарган жигит кайда кетти? Азыр эски географиялык карталарда калган СССРди мекендеген жакшы тарбия көргөн комсомол жана пионер кайда кетти? Азыр “Эркиндик” гүлбагы аталган жерде ошондогу жөнөкөй баланын ордуна эч жамандыктан кайра тартпаган, “Түлкү” аттуу биринчи номердеги террорист турганын укса эч ким ишенбейт эле.

“Түлкү” өзүн бирөө тикирее тиктеп турганын сезип, алтынчы мектептин бет мандайдындагы отургучтун жанына токтой калды. Отургучта кыз жигит отуруп бир нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатышат. Шашпастан гезитти ачып, кыз жигиттен арыраак отургучтун четине көчүк басты. Ал да бир убакта кечинде Асел менен ушундай отургучта отураар эле. Гезитти окуп жатып көзүнүн кыйыгы менен өзүн тиктеп турган көздү көрдү. Анын артынан аңдып жүрүшкөнүнө күмөн кылбай калды. Бирок корко тургандай эч себеп жок эле. Аны бул жерден кармабай тургандыктарына Абдувалинин көзү жетип турду. Чекисттер аны акырына чейин аңдып, уюмдун чабарманы менен жолуккан кезде гана кармашаары ачык эле. Аны мектептин жанында токтоп турган тогузунчу моделдеги жигулинин ичинде отуруп алып, аңдып турушканын катасыз аныктап, бирок ошол аңдуу ага эч кандай таасир бербегенине таң калды. Мурдагыдай эле анда эч кандай коркуу сезими жок болчу. Аны каалаган убакта жер алдынан чыга калгандай куралдуу спецназ кармап кетээри же снайпер эле жок кылып коёру да тынчсыздандырган жок. “Түлкүдө” бала кезинен эле коркуу сезими болгон эмес. Кандайдыр бир жаңы сезим анын тынчын алып жатты. Бул сезим мурда өзүнүн башына келген сезимдерге окшош эмес болчу. Мүмкүн, тээ алыста калган өткөн өмүрү менен жолугушу анын ички дүйнөсүндөгү кандайдыр бир жаңы, унутулган нерсени ойготкондур. “Кебетеси мындай сезим мекенине узак убакыттан кийин кайрылып өлгөнү келген адамдарда гана болсо керек”– деп ойлоду ал. Абдувалинин тынч жатып, катуу уктап, анан ойгонуп, өзүнүн тегерегинде отурган чоң үй-бүлөсүн көргүсү келди. Өзүнүн жок, бирок ал жөнүндө өмүр бою көксөп келген баласын кучактагысы келди. Анткени, адамдын өмүрүнүн жыйынтыгы анын балдары болот эмеспи.

Отургучка чалкалай отуруп Абдували көзүн жумду. Ошол убакта мобилдик телефону шыңгырады. Ичинен жылмайып ал: “адамдын жашоо эсебине караганда ал көп деле узак жашаган жок, бирок ушул убакыттын ичинде кандай гана окуяларды башынан өткөрбөдү. Бул анын гана турмушунда эмес адамзаттын өнүгүү тарыхында да өз изин калтырды. Ал ушул жерде ХХI кылымдын босогосунда туруп, дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо дагы, өзүнө керектүү адамдар менен токтоосуз мобилдик телефон аталган кичинекей аппарат менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Аны да дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун таба алышат. Кызык, мында адамдын акылынын жеңиши жана адамзаттын азабы жатат. Адам сезим менен жашабай калды, адамдар аялдамаларда, гүлбактарда, саябан бактарда жолугушпай, киного барбай калышты, компьютер менен интернет баардыгын болбосо да көп нерсени алмаштырып койду. Биз сезими, жыты жок, кыялдагы жашоонун бир бөлүгү болуп калдык, биздин жүрөгүбүз жезден жасалган зымдай муздап калды… ”

Мобилдик телефон дагы эле шыңгырап, Абдувалини бир азга болсо да өз оюнан алаксытып кетти. Ал телефон чалып жаткан адам менен байланышты. Ал уюмдун байланышчысы Абдыкадыр экен. “Түлкү” анын телефон чалганын күтүп жаткан. Абдыкадыр гана “Түлкүнүн” кайда экенин билчү.

– Эмне кылып жатасыңар, жанагы адам менен жолугуштуңарбы? – деп сурады ал.

– Жолуга элекмин– деп жооп берди “Түлкү”, анан бир аз токтоп туруп, –  өзүң кайдасың? – деп сурады Абдыкадырдан.

– Сизден алыс эмесмин, борбордук аянттамын, – деп жооп берди ал.

– Анда, сени он мүнөттөн кийин гүлбактын отургучтарынын биринде күтөм, темир жол бекетин карай өйдө баса бер, сен мени ошол жерден табасың, түшүндүңбү? Кайталачы.

– Түшүндүм, он мүнөттүн кийин гүлбакта болом, – деп кайталады Абдукадыр.

– Бүттү, сени күтөм, – деди “Түлкү” сөзүн бүтүрүп, кайрадан өз оюна кирип кетти. Биртике ойлонуп туруп, өзүн чекисттердин аңдып турушканын эстеди.

Тегерегин карап, машинада отуруп байкоо жүргүзүп жатышкандардан башка дагы эки кишинин отургучта гезит окумуш болуп отурганын көрдү. Алар кантип аны таап алышты экен? Кебетеси ал бул суроого жооп тапты. Абдыкадыр менен кезиккенге чейин сегиз гана мүнөт калган. Анын уюмунда иштеп жаткан “келемиш” жөнүндө ой аны көп кызыктырбай калды. Анын эсине Асел менен биринчи жолу кантип таанышканы түштү. Ал мектепти бүтүп жаткан, Асел болсо кошуна мектепте бир класс кийин окуучу. Чоң кызматкердин кол жеткис зымырайган кызы сулуулугу менен баарынын жүрөгүнө чок салды. Сүйүү бир көргөндө эле пайда болду. Мындай сүйүү бир жана өмүрүнүн акырына чейин болот. Ромео менен Жульеттадан бери келаткандай эле, кыздын ата энеси бул сүйүүгө каршы болушту. Ата энесинин ою боюнча, жигит алардын чөйрөсүнөн эмес эле. Анын үстүнө Аселди жигит менен сүйлөшүүгө али эрте деп ойлошчу. Кыздын ата-энеси тарабынан, бул сүйүүгө каршы баардык тоскоолдуктар коюлду. Чоң кишилер балдарына эмне керек экенин алардан жакшы билебиз деп ойлошот. Алар канчалык ажыраштырабыз деп аракет кылган сайын, кыз жигиттин сүйүүсү күчөй берди.

Кийин жигитти аскерге алып кеткенде, алар бир топко кат алыша албай жүрүштү. Бирок сүйүү үчүн эч кандай тоскоол жок. Алар бул жерден да жол табышты. Катты жолдошторунун дарегине жазышып, алып жүрүштү. Асел аны аскерден келгенче күттү. Мүмкүн ал согуштан, ошол Аселдин жакшынакай каттарынын негизинде аман келгендир. Афганистан Тимурду гана эмес Аселди да бышырды. Ошентсе да алардын бактысы узакка созулган жок. Ал баарына кол шилтеп салып Ысык-Көлдө контузиядан кийин дарыланып жаткан Тимурга баса берди. Ошондогу он күн Тимур үчүн эң бактылуу күндөр болду. Эки жактуу сүйүүдөн бактылуу эч нерсе жок. Ошондой керемет сезимди ал кийин башынан эч качан өткөргөн жок. Баардыгы жомоктордой эле, алардын жомогу да тез эле бүттү. Абдували анчалык деле сезимге берилип кетчү эмес, бирок ушул эскерүү анын көзүнө жаш тегеретти. Ал ичинен: “убакыт өтүп, адамдын өмүрүнүн белгилүү бир мезгили бүткөндө, адам эмес ошол окуя болгон жер да өзгөрөт экен. Мурдагы жаныңа кымбат нерселердин баарына кайрадан баа берилип, аларды түшүнүп жана кабыл алуу башкача болот тура. Мурда глобалдуу жана чечилбестей көрүнгөн меселелер убакыт өткөн сайын жөнөкөй жана түшүнүктүү болуп калат экен” деп ойлоп койду. Алдын ала ой жүгүртүп, маанилүү окуялардын алдындагы кырдаал жана аларга катышкан кишилер ар бирибиздин өмүр жолубузга таасирин тийгизбей койбосо керек деп ойлоду Абдували. Эгерде бир нерсени тагдырдын жазымышына жараша болду десе, ошол жазмыш да, тагдыр да белгилүү эле бир адамдар турбайбы.

Ооба, ошол эле белгилүү адамдар аны түрмөгө отургузушту. Ошол эле белгилүү адамдар ага Абдували деген ат коюп, анын колго илинбестиги, кыйындыгы жана куулугу үчүн согуштук “Түлкү” деген ысым ыйгарышты, азыр ал үчүн бир гана чындык бар, ал тегерегибизде болуп жаткан окуяларды элдер жасайт, ошол адамдарга башка адамдардын келечеги көз каранды экендигинде жатат. Ушул чындыктан башка чындык ал үчүн жок эле. Азыр ошол чындык Абдыкадыр чабармандын жана анын Тимурга жиберген адамдарынын тагдырына өз таасирин тийгизет.

ШУМКАР

Дзержинский гүлбагында кыргыздын атайын кызматынын адамдары так бүгүн бүткүл дүйнөнүн атайын кызматтарынын адамдары да издеп жүргөн, “Түлкү” атка конгон өтө коркунучтуу террористти, бизге белгилүү Байсеитов Тимурду колго түшүрүү үчүн атайын операция жүргүзүп жатышты. “Түлкүнү” тегеректеп алышкан тажрыйбалуу оперативдик кызматкерлер, УККнын “Альфа” бөлүмү жүргүзө турган колго түшүрүү боюнча буйрукту күтүп жатышты. Бирок, операциянын жетекчиси полковник Абдрасулов дагы бир кишини күтүп жаткан, ал “Шумкар” деген агенттин маалыматы боюнча “Эркиндик” гүлбагына “Түлкү” менен жолугушууга келмек. Агенттин ою боюнча, келе турган адам террористтик уюмдун Орто Азия региону боюнча өкүлү экен. Ал “Түлкүдөй” эле өтө маанилүү адам. Экөөнү тең колго түшүрүү боюнча чечим кабыл алынды.

“Өкүл” деп жашыруун ат коюлган атайын операциянын жетекчиси полковниктин өзү болду. Штабдык машинанын ичинде отуруп, ал аябай туталанып жатты. Анын ички сезими бул операцияны даярдап жатканда бир нерсе калпыс болуп калганын билгизип жатты. Ал “Түлкүнү” жакшы билгендиктен, анын мындай жерде жолугушуу өткөрүүсү бекеринен эмес экенин түшүндү. Бирок, жашыруун иштердин мыйзамы боюнча гүлбак бул ишке аябай ыңгайлуу болчу. Ачык мейкиндик аңдууну тез байкап качып кетүүгө мүмкүндүк бермек. Маалымат берген агент ката кетирмек эмес. Уюмга, жумушка киргизилген агенттин билдирүүсүнө караганда, “Түлкү” ушул гана жерден террористтик уюмдан көрсөтмө жана тапшырма гана эмес, аны каржылоонун булактарын да алмак. Анын үстүнө агент республиканын түштүк регионунда, атап айтканда, Баткен областында жүргүзүлө турган террористтик ишке байланыштуу тапшырма татаал экендигин билип алган. Бул терракт республиканын түштүк чектеринде нааразычылыкты пайда кылып, акыркы кезде эл аралык террористтер аракет кылып жаткан Орто Азиядагы абалды оордотууга алып келмек. Ошондуктан Абдрасуловго “Түлкүнү”, террористтик топтордун мүчөлөрүн жана уюмдун өкүлүн кандай болсо да колго түшүрүү керек эле. Бул өлкөнүн коопсуздугуна  кепил боло алмак. Мында Абдрасулов гана эмес, республиканын территориясында “Түлкүнүн ” тобу жасай турган террактты болтурбай коюу жана террористтик топторду толугу менен жок кылууга буйрук берген анын жетекчилери да ушундай ойдо болушкан. Полковник аябай толкунданып жатты, анын канча уйкусуз түндөрдү өткөргөнүн эч ким билбейт. Бирок, максатына жетүү үчүн Абдрасулов дагы жүз түндү уйкусуз өткөргөнгө даяр эле. Чекист катары ал бул буйрукту аткарууга милдеттүү болчу.

Узарып бараткан тынчтыкты бузуу үчүн полковник абалдын кандай болуп жатканын сурады. Сырткы байкоочулар объектинин отургучта гезит окуп отурганын айтты. Анын жанында отурган кыз жигит туруп түндүктү көздөй борбордук аянтына басышты. Абдрасулов кайрадан ойлонуп калды. Ал саатын карап алып, “Түлкү” бир жерде отурганына жыйырма мүнөт болгонун жана анын бирөөнү күтүп жаткандай көрүнбөгөнүн белгилеп кетти. Полковник анын агенти беш мүнөттөн кийин “Түлкүгө” телефон чалып, мындан аркы иштин көрсөтмөсүн ала турганын унуткан жок. Азыр “Шумкар” оппозиция уюштурган пикет менен митинг болуп жаткан жерден алыс эмес эле. “Ушул саясатчылар мени аябай тажатып бүттү, республикада качан бир тынчтык болоор экен” деп ойлоду ал, саатын карап жатып. – Э– эх ушулар өлкөгө кандай коркунучтуу экендигин билсе гана -деди ал чын жүрөгүнөн оппозицияларга каргыш айтып. – Терроризм менен наркотрафик биздин элге тынчтык бербей, чыр-чатакты алып келе берет. Митингде жүргөндөрдүн жетекчилери өкмөттү маанилүү маселерди чечүүдөн алаксытып, ушул кесепеттин тарап кетишине көмөктөшүп жатат. Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери катары ал ушул митингдерди уюштурууга республиканын эле эмес, бүткүл регионду татаал абалда кармап өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн чет элдик атайын кызматтар да аралашып турарын билчү. Ошол эки жүздүүлүк кылып жаткан өлкөлөрдүн бетин ачууга мүмкүнчүлүк берилсе гана. Мына мындай болуп жатат деп, болгон маалыматты элге билгизип койсо болмок. Террористик уюмдарды кимдер каржылап жатканын, терракттарды ким уюштуруп жатканын жана алардын артында кайсы өлкөлөр турганын ачык эле айтып койсо болот эле. Кебетеси, чындыкты элге жеткирүүгө мезгил келе элек окшойт. Ушул өлкө үчүн татаал мезгилде улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган маселелерди чечүүгө туура келип жатат. Анын үстүнө мынабу оппозиция деген нерсеси Кыргызстандын өнүгүүсүнө жолтоо болуп, ар кандай талаптар менен улам -улам митингге чыгып жатышат. Анан биздин мамлекет үчүн бүткүл жоопкерчиликти мойнуна артып алган президентке боору оруп кетти. “Оппозиция биздин мамлекеттүүлүгүбүздү талкалоого кызыкдар өлкөлөрдүн таасирине кирип кетсе кандай болоор экен? Эгерде алар биздин улуттук  … кыйратууга бара турган өз иштерин токтотпосо эмне болот? Бул жөнүндө  ойлонууга полковниктин убакыты жок эле. Керектүү саат токтолбостон жакындап келе жатты, бирок алар күтүп жаткан өкүл дагы эле келе элек. Бул “Түлкүнүн” оюну болуп жүрбөсүн деп ойлоду полковник.  Эгерде андай болсо “Түлкү” биз менен шахмат оюнун ойноп жатат, анда артыкчылык ал тарапта. Анткени, ал оюнду актар менен баштабадыбы”.

Ушул убакытта “Түлкү” бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатат деп, рация аркылуу билдиришти. Саатына карап алып полковник агент “Шумкар” “Түлкүгө” телефон чалганын түшүндү, демек сүйлөшүп бүткөндөн кийин “Шумкар” полковникке телефон чалышы керек. “Шумкар” көп күттүргөн жок, телефон шыңгырады.

– Угуп жатам, – деди полковник кыска.

– “Түлкү” он мүнөттөн кийин гүлбакта жолугалы деп буйрук берди– деп, агент кыскача жооп берди.

– Сен эмне кылайын деп жатасың? – деди полковник, алган маалыматты  талдап жатып.

– Менин оюмча жолугуш керек, анан көрөбүз да, башка жол жок.

– Эмне үчүн?

– Антпесек “өкүл” жөнүндө биле албай калабыз да.

– Мен макулмун, бирок өтө этият бол. Биз баары бир аны кармашыбыз керек.

– Түшүнүктүү, кабатыр болбоңуз.

– Шарттуу белгини унуткан жоксуңбу– деп сурады ал агенттен.

– Унуткан жокмун.

– Кудай деп бара бер.

Ошол менен алардын сөзү бүттү. Полковник рация аркылуу баарына эскертип чыкты: “он мүнөттө даяр болгула, менин буйругумдан кийин колго түшүргүлө”. Баардык беш база тең даярбыз деп жооп беришти. Эми күтүү гана калды. Өзүнүн байланышчысы менен күтүп жатып, “Түлкү” түзүлгөн кырдаалды талдап чыкты, бирок Абдрасуловго караганда ал “өкүл” менен боло турган жалган жолугушууну ырас гана кармата салдым деп бир аз бошоңдой түштү. Алдыда боло турган жолугушуу убакытын жана ордун өзү жана анын байланышчысы гана билчү. Көп ойлонуп отурбай гезитти тоголктоп ороп алып, жаздын абасынан терең дем алды.  Жаздын жыпар жыты бакыттын жана балалыктын жытына кошулуп “Түлкүнүн” тынчын кайрадан ала баштады. Тээ алыстагы балалык деген өлкөдөн  калган эскерүүлөр кино сымал көз алдына тартылды. Мына чурулдаган кичине балдардын тобу бир убакта арыктын жээгине бирөө отургузган жапайы алманын кичинекей мөмөлөрүн үзүүгө жөнөштү. Ата-энесинин кой дегенине болбой, бышпаган көк өрүктөн тоё жешти. Буларды жегенден кийин дайыма ичтери ооруп, мектепке барбай калууга себеп табылчу. Ушунун баары болгон, кээде алар тикенектүү бөрү карагаттын арасына жашынып алышып  өмүрүндө биринчи жолу тамеки тартып көрүшкөн. Көздөрүнөн жаш чыкканча жөтөлүп, чоңдор бул болбогон нерсени эмне тартышат деп таң калышкан. Анан ал өзүнүн эрининен биринчи өбүшүүнүн таттуу даамын сезди. Кебетеси жашоодо биринчи өбүшүүдөн жана ургаачыга  кол тийгизүүдөн башка эч нерсе эсте калбайт окшойт. Ал убакта баардыгы таза болчу. Алардын жаш жүрөгү калпка жана алдоого чыдачу эмес. Кийин  чоңойгондо ал калп менен алдоо курчап алган жашоо үчүн тынымсыз күрөшүү керек экендигин, эки жүздүүлүк, чыккынчылык, көрө албастык жана табалоо адамдын жашоосунун бир бөлүгү болоорун түшүндү. Байланышчынын үнү аны эсине келтирди.

– Салам алейкум, таксыр!

Саламына баш ийкеп жооп берип, көзү менен жаныма отур дегендей белги берди. Анан саатын карап алып “Түлкү” мындай деди:

– Сен адаттагыдай эле немис сыяктуу таксың

– Анан эмне, кечигиш керек беле?

– Жок, андай эмес, бир гана учурда кечиксең болот, билесиңби кайсы учурда?

– Билем, өзүңдү мүрзөгө коюп жатканда.

– Туура айтасың, – деди да “Түлкү”байланышчыны сынагандай көпкө тиктеп туруп, анан кошумчалады:

– Билесиңби, муну айтканды ким жакшы көргөнүн?

– Жок, – деди Абдыкадыр бул суроодо кандайдыр бир жаман ой бар экенин сезе коюп.

– Менин Болот деген эски досумдун. Анын жашыруун аты “Ак жолтой” эле. Сен аны кокусунан тааныбайсыңбы?

Болот деген атты укканда ал кулак түрө калды. “Түлкү” ага кандайдыр бир күтүлбөгөн тамашаны даярдап жатканын сезип турду.

Анын башына “Мени билип койгонбу” деген ой келди.Так ушул учурда митинг болуп жаткан борбордук аянт тараптан чуу чыгаруучу гранатанын  жарылган үнү чыкты. Борбордук аянтта митингиге чогулган элди кууп таратуу боюнча милиция кызматкерлери атайын операция өткөрүп жаткан. Пикетчилердин чоң тобу милициянын кысымына чыдабай гүлбакка чегинип, көчөнүн аягына толуп кетишти. “Түлкүнүн” байланышчысы Абдыкадыр УККнын жашыруун агенти Сөлпүев Арстанбек деген жигит эле. Арстанбек өзүнүн карамагында он гана секунд убактысы бар экенин түшүндү. Көзүнүн кыйыгы менен “Түлкүнү” байкап туруп, оң чөнтөгүндөгү мобилдик телефонду кармап, мурдатан даярдап койгон “Түлкүнү” колго түшүрүүнү баштагыла деген шарттуу белгини полковниктин телефонуна жөнөтүүгө даярданды. Ойлонуштурулган шарттардан тышкары учурда, “Түлкүнү” өзү жок кылышы керек экендиги эсинде турду. Ал бул буйрукту аткарууга даяр болчу.

“Түлкү” коркунучтуу учурларда өзүн-өзү колго алып, аң-сезимдин тереңинде жаткан адамдын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук иштетүүгө мажбур кылчу. Өтө кыйын кезеңде ал душманы үчүн кол жеткис, коркунучтуу да болуп кетээр эле. Азыр да саналуу гана секунд ичинде түзүлгөн кырдаалды байкай коюп, жең ичиндеги бычагын сууруп алып байланышчынын мойнуна жогортон төмөн карай бычак урду. Бул мурдагы Союздун атайын диверсиялык бөлүмдөрүндө гана окутулуучу аябай көндүм болуп бүткөн ыкма эле. Абдыкадыр пистолетин алып чыгууга буйдамы келбей, мойнуна сайылган бычак менен отурган жеринде кала берди. Полковник Абдрасуловго “Түлкүнү ” кармагыла деп буйрук берүүгө көз ирмем гана убакыт жетпей калды. “Түлкү” андан бир аз гана озуп кетти. Өлтүргөн адамынын телефонун алып, “Түлкү” элге аралашып, шаарга сиңип кетти.

ТЕРРОРИСТТЕР

Төкөлдөш чөлкөмүндөгү бир үйдө террористтик уюмдун эки мүчөсү жашырынып жаткан. Алардын Саладин дегени эшикти абайлап ачып “Түлкүнү” үйгө киргизди. Эшиктин алдына токтогон “Түлкү”, тиги экөөнө тигиле карады да, акырын сөз жөнөттү:

– Биз билинип калдык, кетиш керек.

– Эмне болуп кетти? – деп сурады, үнүнөн коркуп кеткени байкалган Саладин, башчысынан.

– Биздин изибизге комитетчиктер түшүп алыптыр– тиги экөөнө жаңылыкты айтып, аларды бир сыйра карап алды.

– Ага эмне болду?

– Жаны жаннатка кетти, – деп  “Түлкү” колунун кыры менен мойнунан мууздагандай түр көрсөттү. Алар “Түлкүнүн” эки  сүйлөбөй турганын билишчү. Демек Абдукадыр бул дүйнөдө жок, кебетеси ага “Түлкүнүн” өзү жардам берсе керек. Ага жактырганын билгизип баштарын ийкеп, мындан ары эмне кылууга көрсөтмө күткөндөй түр көрсөтүшүп, анан аларга өзгөчө тапшырма алып четтен келе турган “өкүлдүн” эмне болгонун сурашты.

– Эч кандай өкүл жок. Аны мен эле “момолойдун” ким экенин билейин деп ойлоп тапкам. Эми мени көңүл коюп уккула. Мен “Момолойдун” бетин ачкандан кийин ар бирибиз мындай кырдаалда эмне кыларыбызды билебиз деп ойлойм. Биринчиден, биз азыр бир-бирден бөлүнүп кетишибиз керек. Комитетчиктер бардыгын текшерээрине эч кандай күмөн жок, ошондуктан өтө этият болушубуз зарыл. Бара турган жерди билесиңер. Сен Саладин Бишкекте, 6– кичи райондогу жашыруун квартирада каласың. Тажикстандан бүгүн кечинде келе турган товарды күтөсүң. Бул жолу бардыгы жакшы болот деп ойлойм. Биринчи партияны, өзүңөр билгендей чек арачылар кармап алды. Ошондуктан биз чет өлкөдөгү досторубуздун тапшырмасын аткара албай калдык. Азыр алардын кишилери жаңы маршрутту табууга аракет кылып жатышат. Сатыктан түшкөн акчанын бардыгы жакшы иштерге жумшалат.

– Түшүндүм таксыр, бардыгын мүмкүн болушунча жакшылап бүткөрөбүз– деди Саладин “Түлкүнүн” сөзүн бөлүп, башчысы ооз ача электе түшүнөөрүн көрсөтүүнү каалагандай, бирок “Түлкү” аны көз карашы менен токтотуп:

– Улуулардын, өзгөчө менин сөзүмдү бөлбөй жүр. Анын каардуу көз карашы Саладинди полго кадап койгондой болду. Саладин аябай коркуп кетти. Коркконунан өңү кубарып, бүтүйгөн, митайым көздөрүн кыбыңдатты. Ал жасакерленгендей үн менен “Түлкүгө” кайрылды:

– Таксыр? жеңилдик кылгандыгым үчүн мени кечирип коюңуз, экинчи бул кайталанбайт.

“Түлкү” жактырбагандай, салкын гана сөзүн улады.

– Көңүл коюп угуп тур мени Саладин, эч кандай ээнбаштык кылбагын. Товар келгенде сенин телефонуңа “Мегаком” компаниясынын  999 менен бүткөн номеринен телефон чалып мындай дешет: “Биз алыскы Египеттен, Каирден, сизге Хайдардан салам алып келдик”. Сен мындай деп жооп беришиң керек: “Ооба, мен Хайдардын саламын көптөн бери күтүп жатам, силерге чоң ыракмат, менин үйүмө келип палоо жеп кеткиле”. Эгерде кандайдыр бир коркунуч пайда болуп, жолугушуу болбой кала турган болсо, сен: “Саламыңа ырахмат, бирок Хайдар аке мага кечээ телефон чалып, жакында келем деп айтты” деп жооп беришиң керек. Сен түшүндүңбү?

– Түшүндүм таксыр.

– Акыркы шарттуу сүйлөмдү кайталачы, – деди “Түлкү” аны сынагандай карап.

Cаладин, биринчи класстын окуучусунан үй тапшырмасын сурап жаткандай шатырата баштады:– жиберген саламыңа чоң ыракмат, бирок мага Хайдар акем кечээ телефон чалып, жакында келээрин айтты.

– Жетишет – деп, “Түлкү” анын сөзүн бөлдү. Ал Саладиндин эс тутуму аябай жакшы, тил алчаак, элпек экенин билчү, анын ишенимдүүлүгүн далай жолу текшерген. Андан ары ал сөзүн улады: шарттуу сөздөр айтылып бүткөндөн кийин сен аларга квартиранын дарегин бересиң. Тапшырма түшүнүктүүбү, Саладин?

– Түшүнүктүү таксыр– деп жооп берди Саладин нааразы болгондой.

Ал жанындагы террористке “Түлкү” менен кандай жакшы мамиледе экенибизди көрдүңбү– дегендей карап койду.

– Алар сага товарды машинасы менен берет. Товар жашыруун жерде катылуу.

– Жашыруун жери кайда?

– Аны сен билбей эле кой, машина менен Чолпон-Атага чейин жетесиң, ал жерде биздин кишибиз бар, анын мейманканасында Казакстандан келген кишилер күтүп жатат. Алар Чолпон-Атага эс алган болуп келишет да, сага акчаны төлөп беришет.

– Алар эмне товарды көрүшпөйбү?

– Текшерип көрүшөт, бирок товарды аларга биздин Чолпон-Атадагы киши көрсөтөт. Түнү бою алар товарды туристтердин машинесине салып, Түп,  Казакстандын Райбердиев району аркылуу … шаарына алып кетишет, шаардын атын сага билиштин кереги жок деди “Түлкү”. Сенин ишиң товарды алып барып берип, акчасын алып келүү. Сурооң барбы?

– Бар. Машиненин документтери кайда?

– Машиненин документтери жасалма эмес, баары чыныгы документтер. ишеним кат сенин атыңа жазылган. Техосмотр үчүн акча төлөнгөн. Кыскасы документтердин  баары таза, баардыгы мыйзам ченеминде, эч ким тийише албайт. Сен өзүң аяктан ээнбаштык кылбасаң болду. Анан саатына 150 километр менен айдай көрбө.

– Албетте, андай болбойт.

– Эгерде токтотуп калса, биздин автоинспекторлор саткын болот, 200 сом бере койсоң, баарына жетишет. Түшүндүңбү? Ии баса, бангизаттан түшкөн акчаны он бөлүккө бөлүп, беш бөлүгүн “Вестерн юнион” менен жибер, калганын башка банктар аркылуу, алардын Ош, Баткендеги филиалдарына жибер. Акчаны жөнөтө турган кишилердин дарегин жана аттарын мен сага интернет аркылуу берем. Шарттуу сөздү унуткан жоксуңбу?

– Жок таксыр, унуткан жокмун, тапшырмаңызды колдон келишинче аткарып берем, күмөн санабаңыз– деп ал “Түлкүнү” тынчтандырууга аракет кылды.

Чынында эле, бул жерде күмөн санай турган иш бар эле. Алар аз жерден кармалып кала жаздашты. Чекисттер алардын изине кайрадан түшүшү мүмкүн. Бирок акча аябай керек болуп турган. Ал бир катар чоң террактарды каржылоого жумшалмак. Ушуга чейин унчукпай отурган Исмаил аттуу үчүнчү террорист чекисттер тууралуу өзүнүн күмөн санаган оюн ортого салды.

– Менин оюмча, азыр биз өтө этиет болушубуз зарыл, шаарда шектүүлөрдү кармап жатышат, комитетчиктер баардыгына тапшырма беришкен. Анын үстүнө мынабу оппозиционерлердин митинги болуп жатпайбы. Ал бир жагынан жардам берсе, экинчи жагынан шаарга милиция деген неме толуп кетти, ошондуктан курал алып жүрүштүн кереги жок деп ойлойм. Документтери менен өмүр баяны жакшы.

– Туура айтасың Исмаил, бул акылың туура– деди “Түлкү” аны мактай чалып.– Саладин сен азырынча курал алып жүрбөй эле койчу.

Исмаил жаш болсо да өзү курдууларга караганда улуу да, акылдуу да көрүнчү. “Түлкү” аны эрктүүлүгү үчүн жакшы көрчү, көп сүйлөбөгөн, өз ишине берилген жигит эле. Азыр жигитти карап отуруп “Түлкү” өз ичинен кийинки мезгилде ушу жигитке көбүрөөк көз салып жүргөнүн ойлоп койду. Кезеги келгенде маанилүү ишке алып барса болот. Жетилип калды. Ал Исмаилди ийинге таптап мындай деди:

– Менин оюмча, баардыгыбызга түшүнүктүү болду го дейм. Исмаил сен экөөбүз бир сааттан кийин шаардан кетебиз. Өзүбүзгө тааныш, шаар аралык таксистти чакыр. Бара турган жерибиз Ош. Исмаил таксисттин номерина уюлдук телефон менен чалды.

– Бул мен, Асанбайдын эң акыркы аялдамасында сени 20 мүнөттөн кийин күтөбүз, анан “Түлкүнү” карап, андан нары кандай көрсөтмө берээрин күтүп калды.

Ушул азыр Исмаил ага жаш кезиндеги өзүндөй көрүнүп кетип, акыркы кезде эмнегедир “Түлкү” ушул балага атасындай мамиле кыла баштаганын ойлоду. Коромжу болбогон аталык мээрим, мураскер жана Байсеитовдордун тукумун уланта турган балалуу болсом деген каалоо Исмаилге өз баласындай мамиле кылууга мажбур кылды. Азыр Исмаилди карап туруп жүрөгү “тыз” дей түштү: “Ушул балага мунун эмне кереги бар. Муну менен тең балдар окуп, билим алып, иштеп, үй-бүлө күтүп жатышат. Өзүнүкү болсо түшүнүктүү, “Түлкү” Афганистандан башталып, жарыяланбаган жана бүтпөгөн согушунда жүрөт. А мынабу өзүнүн баласына окшогон бала кайсы согушта жүрөт?” Ушул ойлор менен ал таксиге отурду. Эч кимге билинбей шаардан чыгып, Ошко жөнөп кетишти. Сосновка айылынан өткөндөн кийин  өзүн кичине эркин сезип, үргүлөп кетти. Уктап бара жатып ал адамдын эки бөлүнгөнү башталды деп ойлоду: бүгүн Дзержинский гүлбагында Байсеитов Тимур тирилип келип, “Түлкү” деген жашыруун аты бар немени жекеге чакырды.

Уктап бара жатып, “Түлкү” Бишкек шаарынын 6– кичи районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эл аралык наркотрафик боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери эки наркокурьерди кармап алышканын, алар “Түлкү” менен байланышы бар, террористтик уюмдун мүчөсү Саладинди көрсөтүп беришкенин билишкен жок.

БОЛОТ

Полковник Абдрасулов башында турган оперативдик топ “Түлкүнү” кармай албай калды. “Түлкү” өзүнүн жакын адамдарынын арасына кирип, оперативдик жашыруун  “Шумкар” деген аты бар агент Сөлпүев Арстанбекти өлтүрүп, митингге чыккан оппозиционерлердин тобуна аралашып, таптырбай кеткен. Бирок, комитеттин «Н» башкармалыгында иштеген жолдоштордун жардамы менен “Түлкүнүн” изине кайра түшүштү. Наркокурьерлерди кармоого аракет кылып жатканда, Саладин спецназдын жоокерлерине каршы ок чыгарып, өзү да оор жарадар болду. Анын жашаарына бир эле саат калган, аны алып келген шаардын ооруканасында Абдрасулов өзү сурак жүргүздү. Саладин полковникке  “Түлкү” жакын аранын ичинде Баткен облусунда чоң терракт жүргүзүүгө ниеттенип жатканын айтууга үлгүрдү. Бул аз да болсо маалымат болчу.

“Түлкүнүн” кылаар ишин болжоп болбой тургандыгы жана анын комитетчиктердин көз алдында Мамлекеттик кооопсуздук органынын эң мыкты агентин өлтүрүп кеткендиги чекистердин намысына тийип, аны эмне болсо да кармоону чечишти. Комитеттин жетекчилери террорго каршы бөлүмдөр, башка башкармалыктар менен тыгыз байланышта иштеп, кыска мөөнөттүн ичинде жашыруун террористик топтордун жана анын башчысы Байсеитов Тимурду жок кылууга тапшырма берди. Полковник Абдрасулов жетекчилик кылган атайын операциянын жыйынтыгы начар болгондугуна карабай, комитет аны “Түлкүнү” жок кылуу боюнча оперативдик топтун жетекчилигинен четтеткен жок.

Биринчиден, анын терроризмге каршы күрөштөгү чоң тажрыйбасы, экинчиден “Түлкүнү” колго түшүрүүгө, митингге катышуучуларды кууп таратуунун жолтоо болушу, анан комитеттеги адистердин ичинен “Түлкүнү”  полковник Абдрасуловдой жакшы эч ким билбегендиги эсепке алынды.

Ушул мезгилден баштап, Абдрасулов Болот үчүн “Түлкүнү” колго түшүрүү намысына тие турган иш болуп калды. Полковник жыйынтыктуу, чечкиндүү боло баштады, жаңы операцияга “Капкан” деген жашыруун ат коюшту. МУККда полковник Абдрасуловдун Афганистан республикасындагы чектелүү аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн аз эле киши билчү. Комитеттин кызматкерлеринин арасында Афганда кызмат өтөгөндөрдү, атайын кызматтын элитасы деген пикир бар эле. Абдрасулов ал жөнүндө айтып, мактанганды жакшы көрчү эмес. Комитеттин жетекчилери жана бирге иштешкен адамдар аны жогорку деңгээлдеги кызматкер деп эсептешкендери эле жетиштүү болчу. Өзүнүн кесиптик тажрыйбасына ал СССРдин МКК кызматында иштеп жүргөндө эле ээ болгон. Ал Афганистанда жүргөндө орден, медалдар менен сыйланганын дээрлик эч ким билчү эмес. Анын бири өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы болгон “Кызыл жылдыз” ордени болчу. Бул орден менен жоокерлерди согушта көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйлашаар эле. Анын өздүк делосунда МЧБ да кызмат өтөп, атайын диверсиондук даярдыктан өткөнү жазылган. 1982-жылы Абдрасулов Болот белгилүү “Түлкү” менен бир взводдо кызмат өтөгөнүн комитеттин жетекчилеринен башка эч ким билчү эмес. Абдрасулов менен “Түлкү” душмандарды жок кылуу боюнча аскердик операцияларга катышкан, ошондой согуштардын биринде гвардиянын сержанты Байсеитов Тимур катардагы жоокер Абдрасулов Болотту айныксыз өлүмдөн сактап калган. Ал өз өмүрүн коркунучка салып, Абдрасуловду күйүп жаткан БТРден сууруп чыгып, жардам келгенге чейин калкалап согушуп турган. Ошол согушта отуз кишинин ичинен тогузу гана тирүү калган. Согуш адамдарды бир тууган кылып салат экен. Чогуу кызмат өтөгөндөр аларга “Ак жолтойлор” деп ат коюп алышкан. Экөөнү тең ушул ат менен чакырышчу. Тагдыр аларды аягандай болду. Алар советтик солдаттарды туткундан куткаруу боюнча атайын кызмат жүргүзгөн операцияларга бир нече жолу катышып аман-эсен келишкен. Бирок, турмуш экөөнү эки жакка бөлүп кетти. Тагдырдын жазмышы менен экөө тосмонун эки жагында калышты. Бирөө террорист болсо, экинчиси Кыргыз Республикасынын МУККнын террористерге каршы борборунун кызматкери болуп калды.

Операциянын жыйынтыгын чыгаруу боюнча чогулуш бүткөндөн кийин, Абдрасулов өзүнүн кабинетинде отурду. Ага өз оюн жыйынтыктап алуу керек эле. Ал операциянын майда баратына чейин кайрадан талдап жатты. Ага “Түлкү” агенттин бетин ачыш үчүн жалган маалымат бергени ачык болду. Эч кандай өкүл жолугушууга келмек эмес, бул жөн эле ойдон чыгарылган киши окшойт. Кебетеси “Түлкүнүн” өзү террористтик уюмдун Орто Азиядагы өкүлү болсо керек. Эми “Түлкүнү” колго түшүрүп, өзүн актоо керек. Алган жаракатынан бир саат мурда ооруканада каза болгон террористтин айтусууна караганда, республиканын түштүгүндө олуттуу терракт даярдалып жатат. Бул террактка чет өлкөдөн келген “коноктор” да катышуусу мүмкүн. Полковник бир аз көзүн жумду. Уктагысы келип турат, Афганистан жана “Түлкү” менен биринчи жолугушканы эсине түштү.

Бул 1982-жылдын жаз айында болгон окуя. Ал экинчи экзаменден, математикадан кулап калып, бир жыл курулушта иштеди. Университетке өтпөй калгандан кийин, окууну келерки жылга калтырууга туура келди. Болот СССРдин куралдуу күчтөрүнүн катарына Фрунзе шаарынын Биринчи Май аскердик комиссариаты тарабынан чакырылды. Чың ден-соолугу, анын  “самбо боюнча спорттун чеберлигине талапкерлиги” аскердеги жолун ачты.  Абдрасуловду Түркмөнстандын Мары шаарындагы окуу борборунун атайын тобуна жиберишти. Шаар Афганистанга жакын чек арада жайгашкан. Ушул эле топко дзюдо боюнча спорттун чебердигине талапкер Байсеитов Тимур да кошулду. Алардын ичинен он экисин тандап алышты. Баары тең спортсмен-балбандар экен. Аларды автобуска отургузуп, аэропортко алып келишти. Ошол жапжаш балдар, аскердик атайын бөлүккө түшкөндөрүнө аябай сыймыктанышты. Мекен тандап алып, аларга ушундай ишеним берди.  Көрсө, балдар баёо экен, алар досторуна, кыздарына мактангысы келишкен. Алардын оюна жыйырма жигиттин ичинен төртөө кайрылып келээри кирген эмес. Согушта жыйырма жаштагы жигиттер өлүмгө далай жолу бет келип, чачтары алтымыш жаштагы аксакалдардыкындай агарып келээрин ойлошкон эмес. Офицерлер, майор менен жапжаш лейтенант, аларды автобуска отургузуп, Манас аэропортуна жөнөштү. Узатып ата-энелери, бир туугандар, эже-карындаштар, достор кетип бара жаткан автобуска кыйкырып кала беришти. Көпчүлүк энелер балдары менен биротоло ажырашып жатканын сезгендей буркурап ыйлап жатышты. Аскерге чакырылган балдар болсо автобустун терезелерине жабышып, күлүп, узатып жаткандар менен кыйкырып кош айтышып жатышты, мүмкүн көпчүлүгү үчүн ушул коштошуу акыркы болсо керек. Алар анда эч кимди аябаган таш боор согушка кетип баратканын түшүнүшпөптүр. Ошондо башкалардай болуп кыйкырып, коштошпой, тынч отурган балага Болоттун көзү түштү, ошол көрсө “Түлкү”   экен. Ал башкалардан бөлүнүп, көп сүйлөбөй, арткы отургучтун оң тарабында отурган эле. Жигит узатып келгендердин арасынан бирөөнү издеп жаткандай болгон. Булчуңдуу келген тулку бою, төрт чарчы ээгинен эрктүүлүгү көрүнүп турган бул жигиттин мүнөзү катуу болсо керек эле. Сары чачтуу, кой көздүү жигит бир нерсеге капа болуп тургандай көрүнгөн. Деги эле, ал башкалардай өз кубанычын көргөзгөн эмес. Алар достошкондон кийин Болот анын ошондо Асел деген кызды күткөнүн билди. Бирок, ал узатканы келген жок. Кыздын ата энеси буга тоскоол болушкан, себеби  жөнөкөй эле. Кыздын атасы аны– томаяк, кызга тең эмес деп ойлогон. Ошентип, ал кызга болгон чексиз сүйүүсү анын жаман жолго түшүп кетишине себеп болду.

Полковник аны менен биринчи жолу, Ашхабадга бараткан самолётко түшкөндөн кийин, кантип таанышканын эстеди. Алар жанаша отуруп калышкан экен. Полковник бийиктиктен аябай коркчу, учуу жөнүндөгү ойдон кутулуу үчүн ал жанындагы жигит менен сүйлөшүп барууну чечти. Бирок “Түлкү” корксоң жүз грамм арак ичип ал, мен да корком деп, атайын эле терезени тиктеп отуруп алды. Экөө сүйлөшө албай коюшту. Алар Ашхабадга чейин унчукпай учуп келишти. Бирок самолет жерге коноюн деп жатканда Тимур капысынан Абдрасуловго кайрылып суроо берди: “Сен сүйүп көрдүң беле? Анан бир аз токтоп туруп, убайымга толгон үн менен –өлгөндөй”– деп кошумчалады. Жооп күтпөй кайрадан терезеге бурулуп кетти. Экөө, ошентип, Түркмөнстандын асманында биринчи жолу таанышкан болчу. Кийин экөө эки жыл айрылгыс дос болуп жүрүштү. Афган жериндеги өмүр үчүн эмес, өлүм үчүн болгон согуштар, аларды жигиттик бекем достукка бириктирип салды.

Полковник капысынан, аскерден бошоноор алдында БТРдин үстүнө жатып алып, аскерден келгенден кийин ким эмне кылаарын айтып сүйлөшүшкөнүн эстей койду. Ошондо “Түлкү” мединститутту бүтүп, кардиолог болууну каалаганын айткан. Анын ою таң калаарлыктай көрүнгөн, анткени ал жоокер болуп туулган адам эле. Бирок Тимурдун кардиолог болом дегенине негиздүү себеби бар болчу: энесинин жүрөгү ооруп жүргөн. Ал анда энесин көрбөй калаарын билген эмес. Үйүнө учуп келип, туулуп-өскөн шаарынын аэропортунан энесинин баласын күтүүгө  чамасы келбей,  жүрөк оорусунан кайтыш болгонун укту.

Бирөө врач, экинчиси экономист болом деп кыялданган күндөн эстелик болуп, экөө бир түшкөн сүрөт калды. Алар кезектеги согуштан кийин БТРдин үстүндө отуруп алып түшүшкөн. Ошол сүрөттү ал абайлап альбомунда сактап келет. Адам эскерүүсүз жашабайт. Өткөн өмүрү болбосо адамдын келечеги болбойт. Алардын ою ордунан чыккан жок. Экөө тең болобуз деген кесиптеринин ээси болбой калышты. Көп жыл өткөндөн кийин ошол саргайган сүрөттү карап жатып Абдрасуловдун ыйлагысы келди. Жан дүйнөсү сары санаага толуп кетти. Анын катындарча озондоп ыйлагысы келип турат. Алардын элдешкис душман болуп калышаары ойлоруна да келген эмес. Эрксизден көзүнө жаш толду. Полковник мындай бошоп кеткенди жактырчу эмес. Аялдар ыйлап, кайгысын жеңилдетип алышат окшойт. Табият адамга көз жашы менен кайгысын жеңилдетип алуучу сапат берген.

Эмнегедир, өмүрүндө бир жолу “Түлкүнүн” ыйлаганына күбө болгону эсине түштү. Афганда көз жашты көп эле көргөн. Алар оорунун, жоготуунун жана коркуунун көз жашы болчу. Бирок ал чыныгы эркектердин ыйына такыр эле көнө албай койду. “Түлкү” бошоп кетүүгө эч качан өзүнө жол берчү эмес. Ал оттук таштан жасалгандай бекем эле. Кээде ал өлүмдөн коркпой тургандай көрүнчү. Сыйкырлап койгондой ага ок да тийчү эмес. Кандайдыр бир көрүнбөгөн кол аны калкалап тураар эле. Мүмкүн анын ошол кызга же эненин ага болгон чексиз сүйүүсү болуп жүрбөсүн. Деги эмне дебейли, ошол эки сүйүү аны коргоп жүргөндөй болду. Бир жолу анын апамдан, анан сүйгөнүмдөн айрылып каламбы деп корком деп айтканы бар. Тилекке каршы, эмнеден корксоң ошол биринчи келет эмеспи. Апасы аны күтө албай, көзү өтүп кетти. Кебетеси, уулуң аман-эсен келатат деген кабарды укканда толкундангандан, жүрөгү жарылып кетсе керек.

Айла канча, согуштагы жоготуулар ушул жоготуудай ага анчалык оор тийген эмес. “Түлкү” Афганистандан энесин жерге берүүгө келди. Кайгылуу кабарды жакын досу, ошол кездеги гвардиянын сержанты, азыр Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Абдрасулов Болотко угузууга туура келди.

Байыртадан кыргыздарда жакын адамынын өлүмү тууралуу кайгылуу кабарды угузуу жаман иш деп эсептелип келген. Илгери хандар мындай кабар алып келген адамды өлүм жазасына буйрушкан. Бирок, бул кабарды жакын досунан башка ким угузмак эле. Болотко ошол жагымсыз милдетти аткарууга туура келди.

Өзү үчүн бир жагынан кубанычтуу, экинчи жагынан кайгылуу болгон ошол күн кайрадан анын эсине түштү. Афганистандан кайтып келаткан жоокерлердин тобун офицерлер Дүйшөмбүнүн аэропортунан жөнөтүп жатышкан. Согуштун азап-тозогун көргөн жигиттердин арасында, эки жыл мурдагы момурайган балдар жок эле. Жашына карабай эрте эр жеткен жигиттер намыс, достук жана согуштук бир туугандык эмне экенин билип калышкан. Ушул сапаттарынын аркасы менен алар мекенине тирүү келишти. Алар узатып жаткандарын кошкондо отузка жакын киши эле. Коштошоордо кучакташып, достукту эч качан сатпай тургандыктарына ант беришип, жашый түшүп каттоодон өтүү үчүн артын карабай кирип кетип жатышты. Эми тагдыр аларды бүткүл Советтер Союзу боюнча, Камчаткадан Кушкага чейин таркатат. Жоокерлерди Афганистанды чогуу басып өткөн офицерлер узатып жатышты. Алардын ичинде Сан Саныч деп жоокерлер эркелетип ат коюп алышкан ага лейтенант Маркушин Александр Александрович да бар эле. Ыңгайлуу учурун таап, ал Болоттун кулагына, бөлүктүн командиринин атына досу “старшина Байсеитов Тимурдун энеси өлдү деген жаман кабар келди, ошону ыгын таап угузуп кой”, – деп шыбырады. Сан Саныч бул жумушту Болоттон жакшы эч ким аткара албасына ишенген. Бирок Фрунзенин аэропортуна келгенге чейин Болот бул кайгылуу кабарды досуна айта албай койду. Тимурдун көңүлү көтөрүңкү болчу. Ата-энеси, сүйгөн кызы менен жакында жолугам деген ой менен ал аябай кубанып турган. Анын көздөрү жайнап, мындай толкунданганын Болот бир гана ушул жолу көрдү. Мына минтип чын жүрөктөн балдар гана кубана алышат.

Бул жаман кабарды Тимур Фрунзенин аэропортуна келип түшкөндөн кийин укту. Канчалык оор болсо да, Болотко бул кабарды угузууга туура келди. Оор кайгыны жеңилдетүүгө мындайда керектүү сөздөр да табылбайт экен. Ал тик карай албай акырын мындай деди: “Кайрат кыл досум, сен дүйнөдөгү эң жакын адамыңдан– апаңдан айрылып калдың”.

Тимур үчүн мындан кайгылуу, мындан жаман сөз жок эле. Дүйнө талкаланып, жер көчүп кеткендей болду. Ал тим эле жарадар жырткычтай улуду го чиркин, көздөрүнөн аккан жаш жамгыр сымал жаак ылдый агып турду. Чыныгы эркектер сейрек, бирок ыйласа ушундай гана ыйлашат. Афганистандын азап-тозогунан өткөн жоокер энесин көрбөй калганын укканда, ага кошулуп аэропорттогулардын бардыгы ыйлады. Согуштан чүрпөсүнүн аман-эсен кайтканын укканда, толкунданган эненин жүрөгү чыдабаптыр. Ошондо анын бир нерсеси үзүлүп кеткендей болду. Ушундай оор ойлордун кучагында калган полковник үйүнө көңүлсүз кайтты. Аялы эшик ачып, сага эмне болду, жумушуң жайындабы? – деп, чочулагандай сурады.

– Эч нерсе болгон жок, бардыгы жакшы– деп жооп берди ал. Өмүр бою бирге жашап келаткан аялды алдоо кыйын эле. Ал чекисттин аялы болгондуктан, көп суроо бербей көнгөн. Болот өзүн аялы ооз ача электе түшүнгөнүнө дайыма ыраазы болчу. Ал чечинип ваннага кирип кетти. Аялы таза ич кийим, сүлгү даярдап берип, тамак жылытканга киришти. Жылуу сууга чөмүлүп, көзүн жуумп, Болот бардыгын унуткусу келди. Бирок жанды эзген оор ойдон арыла албады. Курман болгон агент Сөлпүев Арстанбектин элеси көз алдынан кетээр эмес. Эми аны үй-бүлөсүнүн, жакындарынын эсинде калгандай жерге татыктуу узатыш гана калды. Анын артында тукумун улагандай эркек бала калганы жакшы болду.

Капысынан эле бир нерсени сезгендей көзүн ачып, кол жуугучтун үстүндө илинип турган күзгүдөн “Түлкүнүн” өңүн көргөндөй болду. Бүткүл жан-дүйнөсү менен анын жакын эле жерде турганын сезди. Ушул убакта ашканадан анын мобилдик телефону шыңгырап калды. Адатта ал сууга түшүп жатканда телефонго анын аялы жооп берет. Бул жолу ал эмнегедир көнгөн адатын таштап, аялына кыйкырды:

– Cауле, телефонду алып келчи.

Аялы көп күттүрбөй алып келип берди. Телефонду алып, анын бетинен бейиши болгон “Шумкардын” телефонунун номерин көрүп, таң кала түштү. Ал “Түлкү” чалып жатканына шек санаган жок, кебетеси Арстанбекти өлтүргөндөн кийин телефонун алып кетсе керек.

– Сени угуп жатам, – деди ал акырын. Жооптун ордуна бирөөнүн оор дем алганын укту. Ал эми бул “Түлкү” экенине күмөн кылбай калды.

– Эмне унчукпайсың, досум– деди ал суроосун кайталап. Бир аздан кийин небакта унутулуп калган үн угулду. Үнү тартынып жаткандай, чарчаңкы чыкты.

– Иштериң кандай? Көрүшпөгөнүбүзгө көп болду го.

– Ооба, туура айтасың, андан бери далай жылдар өттү. Сен менин номеримди кайдан билип алдың?

– Номериңдиби? Жөнөкөй эле. Сен өз бүркүтүңө жашыруун иш кылуунун жолдорун жакшы үйрөтпөпсүң. Кебетеси сени менен сүйлөшкөндөн кийин номериңди өчүрбөй койгон көрүнөт.

– Айтчы, ал жигитти эмне өлтүрүп койдуң?

– Ал согуштук эреже эмеспи.

– Жок, бул согуш эмес, сен аны өзүң ойлоп таап алып, көп жылдан бери өзүң менен өзүң согушуп келатасың, токтотсоң боло.

– Аны мен же сен оюңан чыгарып алган жоксуң, муну сен жакшы билесиң. Сен экөөбүз болбосок, дагы бирөөлөр баштайт. Согуш дайыма жүрө берет. Афганистанды унута элексиңби?

– Эсимде, бардыгы эсимде. Сен мени өлүмдөн алып калганыңды, экөөбүздүн бир кашык менен тамак жегенибизди кантип унутайын.

– Анда жакшы, бирок жашоо бир орунда турбайт экен. Бул дүйнөнү сен экөөбүз оңдой албайбыз. Ошондуктан ар бирибиз өз оюбузда эле кала бергенибиз оң. Андан көрө айтчы, канча балалуу болдуң?

– Үч– эки кыз, бир уулум бар.

–  Уулуң бары жакшы экен. Мен ошол бойдон балалуу болбой калдым. Бир күнү ит катары, силердин огуңардан өлөм го. Мен сенден алыс качып кеталбай турганымды сезип турам.

– Качпай эле койбойсуңбу анан.

– Эмне, биздин советтик сот дүйнөдөгү эң адамгерчиликтүү жана адилет сот деп айтканы турасыңбы, баса, балаң канчага чыкты?

– Эмне эле ал жөнүндө сурап калдың, жакында жыйырма бирге чыкты.

– Менин балам деле бери болгондо жыйырмага чыгып калмак экен.

– Ооба ,чыгып калмак.

– Балаң эмне иш кылат?

– Чек арачы, офицер.

– Ошондой де, анда ал чын эле сенин балаң турбайбы.

– Сен аны кайдан билесиң? – деп сурады “Түлкүнүн” сөзүнөн кийин жүрөгү зырп дей түшкөн Болот.

– Мен го билбейм, бирок менин тааныштарым ага тиш кайрап жүрүшөт. Сен сурап көрсөң, жакында алар төрт кишини өлтүрүп, отуз килограмм героинди алып коюшуптур. Сөзгө да келбейт экен дешет, кебетеси сени тарткан окшойт.

– Балама тийбегиле, бул сен экөөбүздүн ишибиз эмеспи.

– Мен го тийбейм, бирок ал таарынтып койгон кишилерди кантебиз, болуптур, бул сөздү токтотолу. Мен сага эски дос катары кеңеш берейин, эртерээк алып кет аны башка жакка. Башка мен сага эч жардам бере албайм. Сен ушуга да рахмат айт.

– Эскерткениң үчүн рахмат, мен сага дагы карыздар болуп калдым.

– Эчтеке эмес, эсептешип алаарбыз, андан көрө айтчы, азыр Аселдин кайда экенин билесиңби? Баягы мен сүйлөшүп жүргөн кызчы.

– Чынын айтсам, билбейм. Бирок, сени түрмөгө отургузгандан кийин үйүнөн таптакыр кетип калганын жакшы билем. Менимче, ал Чолпон-Атада жашаса керек эле, ал эми анын ата-энеси Америкага биротоло жер которуп кетишкен.

– Силердин колуңар узун эмеспи, эски дос катары анын кайда экенин билип берчи.

– Болуптур таап берем, эмне дагы эле унута элексиңби?

– Унутканым жок, унута да албайт окшойм. Болуптур эми, кош бол, аман жүр. Сенин үнүңдү укканыма кубанычтуумун, жолдош полковник.

– Кош, сен да аман жүр.

Эски достор менен жаңы душмандардын сөзү ушуну менен аяктады. Эртеси эртең менен Абдрасулов өзүнүн почта кутучасынан “Шумкардын” уюлдук телефонун тапты. Бул убакта “Түлкү” Бишкектен небак алыстап кеткен. “Түлкү” анда эки күндөн кийин эле Абдрасулов өзүнүн тобу менен из кубардан бетер артынан түшүп алаарын билген эмес. Алар анын артынан түшүп, дем алдырбастан кутурган иттей кууп алышты. МУККнын атайын иштер үчүн дайындалган “Альфа” бөлүгүнүн адистери менен бирдикте Абдрасуловдун тобу “Түлкүнүн” баардык байланыштарын жана жолугушуучу жерлерин жок кылышты. Бирок, айласы кеткен карышкырдын акыркы секирикке дагы бир мүмкүнчүлүгү болот деп айтышат. “Түлкү” ошол акыркы мүмкүнчүлүгүн Баткен районунда пайдаланууга даярданып жатты. Июндун аягында анын дареги Баткенден табылды. Оперативниктер ойлогондой, ал бир топко дайынын билгизбей жатып алды. Жетекчилердин чечими боюнча оперативдик топ жана “Альфанын” адистери шаарда калышты. Ушул мезгилдин ичинде Абдрасулов убакыт таап, заставага барып баласы менен жолугушуп келди. “Түлкү” менен сүйлөшкөндөн кийин баласынын өмүрү коркунучта экенин билип, бир топ чочуп калды. Ошондуктан баласына барып, аман-эсенин көрүп келейин деп чечкен.

БЕКТЕМИР

Заставага ал буйдалбай тез эле жетип келди. Кудай жалгап ага өзгөчө бөлүмдүн балдары жардам беришти. Алардын арасынан Бектемир деген жигит Абдрасуловдун киндик уулу болчу. Жаштыгына карабай кыска мөөнөттүн ичинде подполковникке чейин жетип, аскердик контчалгындоонун бир бөлүмүн башкарып калган. «Азамат» мен үчүн өзү келген тура, – деп ойлоду Абдрасулов, бөлүмдүн УАЗигинин алдынкы орунтугуна отуруп жатып. УАЗиктин айдоочусу көп сүйлөбөгөн, өз ишин жакшы билген жоокер экен. Бул жол менен бир эле жолу айдабаганы көрүнүп турат. Анын жоопкерчилиги жана чек арадан алган жоокерлик тарбиясы сезилип тургансыйт. “Бектемир өзүнө жакшы айдоочу таап алыптыр, мындайга ишенсе болот, жолдо калтырбайт”– деп ойлоду өз ичинен Абдрасулов.

– Бектемир, дагы канча убакытта жетебиз – деп, ал Бектемирге кайрылды.

– Эмне дейсиз, дагы бир жолу айтыңызчы? – деп сурады Бектемир, мотордун үнүнөн тигинин сөзүн укпай калып.

– Качан жетебиз деп жатам?

– Аа, дагы бир саатча бар.

– Токтотуп, тамеки тартып алсак кантет? Чайпала берип, табарсык жарылып кетмей болду.

– Болуптур.

Бектемир айдоочуга токтот деп буйрук берди. Ал өр жолдун бир бурулушуна чейин айдап келип, машинаны аяр токтотту. Абдрасулов машинадан чыгып, шашпастан тамекисин күйгүздү. Ал тамекини кээде гана, толкунданганда жана көп ойлонгондо гана чеге калчу.

– Кебетеси татаал участок көрүнөт деди ал, машинадан өзүнөн кийин чыккан Бектемирге кайрылып.

– Ага көп деле кейибейбиз, бирок жашырганда эмне, татаалдыгы татаал эле участок. Душман бул жерде уктап жатпайт. Муну сиз өзүңүз деле жакшы билесиз.

Командир бул сөздү бекер баштаган жок– деп ойлоду Бектемир, полковниктин ойлогон оюн табууга аракет кылып.

– Бери карачы, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Ылдыйда суроого убакыт болгон жок. Сен бул жердеги оперативдик абалды жакшы билесиңби?

– Баардыгын болбосо да, көбүн билем деп ойлойм, жолдош полковник.

– Мен аны-муну айтып сенин башыңды оорутпайын, ушул заставада менин баламдын кызмат өтөп жатканын билесиңби?

– Таарынткыңыз келип турабы, билбегенде анан.

– Кой, таарынба. Мен сени таарынтайын деген оюм жок эле. Баламдын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы жөнүндө менде так маалымат бар.

– Ал баягы өлтүрүлгөн төрт контрабандисттерге байланыштуу болсо керек.

– Ооба, бир нече ай мурда ал чек арачылардын тобу менен котрабандисттерди жок кылган. Сен аны билсең керек.

– Билбей анан, алар ошондо отуз килограмм героин да колго түшүрүп алышпадыбы.

– Андай болсо, силерде алар жөнөкөй эле контрабандисттер эмес, террористтик уюмдун кишилери экендиги жана алардын колго түшкөн героини белгилүү бир максаттар үчүн жиберилгендиги тууралуу маалыматыңар барбы?

– Бар, биздин ал жактагы кишилер бизге керектүү маалыматтарды жиберишкен. Азыр биз героинден түшкөн акча терракттарды жүрүзүүгө арналгандыгы тууралуу ойдун үстүндө иштеп жатабыз. Ошол товар ала турган кишилердин бири, азыр силер издеп жүргөн адам болушу мүмкүн.

– Туура, сен бул жерде уктап жатпапсың– деди Абдрасулов канааттануу менен Бектемирди далыга чапкылап. Сен мага өзгөчө иштер боюнча иштеген адис катары айтчы, контрабандисттер бизде эмне болуп жаткандыгы жөнүндөгү маалыматты кайдан алып жатышат. Мисалы менин уулум жөнүндө кайдан билип алышты?

– Тагыраак айтыңызчы, командир– деди Бектемир киндик атасына суроолуу карап.

– Сенден жашыра турган эч нерсе жок– деди полковник бир аз унчукпай туруп, анан сөзүн улады -чек арачылар төрт кишини жок кылып, отуз килограмм героинди колго түшүрүп алгандан кийин, кайсы жолдор аркылуу экенин билбейм, ошол ишке катышкан чек арачылардын аты тигилерге белгилүү болуп калыптыр. Азыр алар менин баламдан өч алууга аракет кылып жатышат деген сөз бар.

– Туура айтасыз, акыркы күндөрдө биз контрабандисттерди бир аз кысып койдук. Алар биздин офицерлерди жаман аттуу кылыш үчүн материал издеп жатышат деген маалымат бар. Кыскача айтканда, биздин кызматтагы адамдарды сатып алып, жол ачып алсакпы деген ойлору бар. Сиздин балаңыз бул маселелер боюнча өтө таза жигит. Кебетеси сизди тарткан көрүнөт.

– Кой, көп эле жагына бербе.

– Менин оюмча, алар маалыматты негизинен жергиликтүү элдерден алышат көрүнөт. Жакында келишим менен иштеген бир адам биздин жашыруун сырларыбызды контрабандисттерге айтып берип жүргөнүн билип алдык. Ал албетте бекер айткан эмес. Жакында аны кармап, калган саткындарды да айттырып алабыз.

– Душмандын чалгынчылары уктап жатпайт деген сөз туура эле.

– Чынын айтсам, алардын мүмкүнчүлүгү чоң, баңги заттын тегерегинде эсепсиз акчалар айланып жүрөт.

– Мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле.

– Айта бериңиз, жолдош полковник.

– Мен ата эмесминби, түшүнөсүң да– деп полковник бир аз унчукпай туруп, анан башын чайкап алып – кыскасы, менин уулумду башка жакка, эң жакшысы, штабга которуп койсоңор жакшы болот эле.

– Түшүнөм -деди Бектемир сырткы түрү менен ал үчүн бардыгын жасай тургандыгын көрсөтүп, бирок сиз балаңыздын мүнөзүн билесиз да….

– Билем Бектемир, ошентсе да, ушуну сөзсүз жасаш керек болуп жатат. Мен анын өмүрү үчүн аябай чочулап жатам. Сен мени билесиң да, маселе мынчалык олуттуу болбосо сурабайт элем.

– Түшүндүм, жолдош полковник.

– Жүрү, эмесе кеттик. Бул жөнүндө эртең чогулуштан кийин сүйлөшөлү. Эртең бизде бардык бөлүктөр жана аскерлердин катышуусу менен өткөрүлө турган кеңешме пландаштырылган. Мен сага кыскача эле айтайын, уюмдун кишилеринин сүйлөшүп жатканы спутник аркылуу кармалган. Алар чоң терракт даярдап жатышат. Аны менин эски таанышым даярдап жатат. Согушкерлердин топторунун ушул багыт менен да өтүп келиши күтүлөт. Полковник тамекисин тартып бүтүп, – жүрү кеттик– деди.

Бир сааттан кийин баласы Айдар кызмат өтөп жаткан заставага да жетип келишти. Абдрасулов түшкөн машина заставага жеткенде, Айдар өз жоокерлери менен кезектеги кайгуулдан жаңы эле келген.

ЗАСТАВА

Ар бир эле эркек адам эркек балалуу болуп, аны менен сыймыктанып, эл арасында башын жогору көтөрүп жүргөндөй, татыктуу уул болсо экен деп тилейт. Абдрасулов да баласы менен сыймыктанса болот. Аны жалгыз бала болгонуна карабай, чыныгы эркек кылып өстүрдү. Кебетеси, ал ошол үчүн энеси экөөнүн таптакыр эле каршы болгонуна карабастан, аскердик кызматка кетип калды окшойт. Баарыдан мурда, ал күнүгө бычактын мизинде жүргөн чек арачы болуп кетти. Анда өжөрлүгүн кошуп, атасынын бардык жакшы мүнөздөрү бар эле. “Бүт бойдон эле сени тартыптыр, эмне кылаарымда да билбей калдым”, – деп айткандан Сауле тажачу эмес, баласы экөө бир нерсе талаша түшкөндө. Үй-бүлөлүк кеңеште канча айтышса да болбой, аскердик татаал кесипти тандап алды: “Ата, сен өзүң аскер кызматкери эмессиңби”– деп болбой койду.

Баласынын мүнөзүн жакшы билген Абдрасулов анын Россиянын чек арачыларын даярдаган академияда окуйм дегенине макул болду. Ошол кезде мамлекеттер арасында аскердик билим берүү боюнча келишимдер бар болчу. Эркектердин чечимине макул болгондон башка, энесинин кылаар эч нерсеси калган жок. Окуусун жакшы бүтүп, эрезеге эрте жеткен уулу Москвадан келээр замат, Баткен багытындагы эң татаал жерге суранып кетти. Бул жолу да кой дегенге болбой койду. Тээ көңүлүнүн тереңинде Абдрасулов баласы ушуну кылаарын сезип эле жүргөн. Мурдатан эле тааныштары аркылуу тынчыраак жерден кызмат таап коюп, ал баласын Баткенге жибергиси келген эмес. Айдар өз сөзүнөн кайтпай койду. Мына эми эмне болуп жатат. Бир жыл өтпөй эле баңги зат менен шугулдангандар баласына тиш кайрай башташты. Бул көңүл бурбай койгондой майда-барат иш эмес эле. Баласынын өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыктан, ал аны болтурбай коюунун амалын издей баштады. Абдрасулов ошол максат менен чек арага келди. Полковник эмне кылса да баласын заставадан которуп кетүүнү чечти.

Баласынын учурашканда колду кыса кармаганы, өз күчүнө ишенген адамдыкындай эле. Айдардын сырткы турган турпаты да анын чыныгы аскер адамы экендигин көрсөтүп турат. Чынында эле Абдрасулов баласы менен сыймыктанса болот. Алар кучакташып көрүшүп, бирин-бири далыга таптап коюшту. Убакыт кандай күлүк -деп ойлоду полковник, адамдын эркине көнбөгөн, кечээки эле киринткенде алаканга батып кетчү кичиникей бөбөкчө бүгүн атасын далыга таптап, керек болсо кучагына кысып, демин куушуруп койгондой абалга жетти.

– Салам алейкум, атаке, көргөнүмө кубанычтуумун, бул жакка кайдан келип калдыңыз? – деди ал атасына эркелегендей.

– Кандай балам, мен да сени көрүп кубанып жатам, сен бизди, апаң экөөбүздү ойлобогондон кийин, өзүм келбейимби.

– Ооба, мен сизди жакшы билем да, бул жакка жөн келмек эмессиз, аны мен сиздин көзүңүздөн эле көрүп турам.

– Койсоңчу, көзүмдөн эле көрүнүп турабы?

– Анан эмне, андан көрө айтыңызчы, өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү, апам ооруган жокпу?

– Биз жакшы элебиз, апаң гана сени сагынып жүрөт, дагы жакшы, эжелериң балдары менен көп келип турушат, алар балдары менен келбегенде, бизге кыйын болмок экен.. Болдучу, биз жөнүндө эле сүйлөй беребизби, андан көрө айтчы, өзүңдүн иштериң кандай?.. Сени бул жердегилердин бардыгын дем алдырбай жатат дейт го.

– Сизге жеткиришкен экен да.

– Жок, эч ким айткан жок, баарынан кызыгы, мен эң артында угуп жатам. Сен кичине этият болуп жүрчү балам.

– Этият болуп эле жүрөм, мен үчүн чочулабай эле коюңуз. Бардыгы жайында болот.

– Кантип чочулабайм, балам, менин эмне беш уулум бар беле? Жок дегенде аял алып, небере күттүрсөң да тынчыраак болот элек. Апаңды аясаң боло. Менин оюмча, сен Бишкекке которулуп, келинчек ал, андан кийин таманыңды кайдан жыртаарыңды көрө жатаарбыз.

– Ата, кайра баштадыңызбы? Мен эч нерсе болбойм!

– Кантип эч нерсе болбойт? – деди Абдрасулов баласынын сөзүн аягына чыгарбай бөлүп, – мен ошол болуп калганынан келип жатам.

– Эмне болуп кетти?

– Сенин артыңан түшүп калышыптыр.

– Ким?

– Мындай эле болжолдоп билсе болот. Сен отуз килограмм “герычын” кармап алып, төрт кишисин жок кылып койгон кишилер го деп ойлойм. Сен эмне, бирөөлөр артыңан түшүп, өмүрүңө коркунуч туулуп жатканын билбейсиңби?

– Мен ошол жер куруткурларды жок кылып, ак кесепеттин эл арасына таркап кетишине жол бербейин деп ушул жакта кызмат өтөп жүрбөйүмбү.

– Ооба, айтканыңда калет жок, бирок иштин дагы бир башка жагы бар -деди Абдрасулов ачуусу келе түшкөнүн билгизип, үнүн жогорулата.

Айдар атасын аябай сыйлачу, ошондуктан ушул азыр каяша айтпай эле коё турайын деп чечти. Атасы жөндөн-жөн эле бул сөздү баштабай тургандыгын билчү. Анын өмүрүнө, чынында эле, коркунуч туулуп жатканын түшүндү. Айдар саамга унчукпай туруп, анан башын төмөн салып мындай деди:

– Ата, сиздин эки балаңыз жок экенин билем, бирок тим туруп эле которулуп кете берсем, бирге иштегендер эмне дейт.

– Болуптур, бул сөздү азырынча токтото туралы– деди Абдрасулов баласына аталык мээримин төгө карап, – муз ордунан козголду, эмкисин коё туралы.

– Жүрү, заставаны айланып келели, биздин кандай жашап жатканыбызды көрөсүз– деди Айдар атасын колдон жетелеп, анан офицердик тартипти эстей коюп, атасынын артынан ээрчий басты. Мунун өзүнчө бир көзгө жакшы көрүнгөн жагы бар эле. Ата-бала казарманы бойлогон жалгыз аяк жол менен үй-бүлөлүк иштери боюнча маектешип баратышты. Капысынан эле Айдар өз жоокерлеринин бири– өзүнүн атасынын сүрөтүн көрсөткөн Темирландын суранычын эстей койду. Айдар күтүп отурбай ошол сүрөт жөнүндө сөз козгоого ашыкты.

– Ата, менин Темирлан деген жоокеримде атасынын сүрөтү бар. Ал атасын эч качан көргөн эмес, бирок аны тапсам дегенде эки көзү төрт…

– Көргөн эмес деген эмнең, тагыраак айтчы– деди Абдрасулов.

– Мен ал атасыз өскөндүгүн айтып жатам. Менин түшүнүгүм боюнча, атасы энесинин боюнда бар экенин билбей кеткен экен.

– Ии, анан эмне болуптур?

– Эмне болмок эле, ал атасын издеп жүрөт, бирок анда атасы жөнүндө эч маалымат жок.

– А сенин атаңдын бул жерде кандай тиешеси бар? – деп полковник таң калгандай суроо берди.

– Иштин жагдайы мындай, атакебай, ошол сүрөт кебетеси Афганистанда тартылган окшойт.

– Тартылса эмне экен?

– Ошол сүрөттө дагы ким бар экен дебейсизби?

– Ким бар экен?

– Сиз же сизге коёндой окшош бир киши.

– Ошондойбу? Кызык экен– деди Абдрасулов таң калгандай. Мен азыр гана бир нерсени түшүнө баштадым. Эгерде ошол сүрөттөгү бейтааныш адамдын жанындагысы мен болсом, силер мен аркылуу ал кишини тапкыңар келип жаткан турбайбы.

– Так ошондой, жолдош полковник– деди Айдар атасына күлө карап.

– Менин эми эмне кылышым керек?

– Мунун эч деле кыйынчылыгы жок, сүрөттү карап көрүп андагы сиз же сиз эмес экениңизди, эгерде сиз болсоңуз жаныңызда ким турганын айтсаңыз эле болду. Сизден мындан башка эч нерсе талап кылынбайт.

– Болуптур, мен макулмун. Бирок сен да мен үчүн жеңил эле бир нерсе кылып беришиң керек, сүйлөштүкпү?

– Куусуз ээ ата, айтыңыз, эмне кылып берейин?

– Экөөбүз жанагы баштаган сөзүбүздү аягына чыгалы.

– Макул ата, айта бериңиз.

– Менде сенин өмүрүңө коркунуч туулуп жаткандыгы жөнүндө так малымат бар. Ал наркотрафик менен байланыштуу. Кыскасы, сен ушул участоктон жол таап баңги заттарды өткөрүп жүргөн уюмдун куйругун басып, жолтоо болуп жатыптырсың. Ошол баңги заттардан түшкөн акча менен алар бул жактагы баштапкы уюмдарын каржылап турушчу. Акыркы партиядан түшкөн акча менен алар бир катар чоң терракттарды өткөрүшмөк экен. Бул жерде биздин кызматкерлердин бирөө аларга сатылып, маалымат берип турганы белгилүү болду. Сен жөнүндө алар бардыгын болбосо да көбүн билишет. Баягы колго түшкөн отуз килограмм баңги зат жана каза болгон төрт кишиси үчүн алар сага тынчтык беришпейт. Ыңгайлуу учур келсе…эми түшүндүңбү? Муну айтып бүтүп Абдрасулов баласына карады да– мен сенин Бишкекке келгениңди каалап турам, сен бизди, чал-кемпирди ая. Балам, –  деди…

Алар казармандын бет маңдайына токтошту, Айдар бир аз ойлонуп туруп жооп берди:

– Болуптур ата, сиз айтканды аткарайын, бирок мага бир аз убакыт бериңиз. Бир паста эле которулуп кетүүгө болбойт го, бирге иштегендер эмне деп ойлойт? Кыйынчылыктан коркуп, атасынын аркасына жашынып калды дешет го…

– Мен сени шаштырбайм, балам– деди Абдрасулов кубанычын араң жашырып, бирок бул ишти көпкө созбо.

– Макул ата, мен сиз айткандай кылам.

– Мен сага эскертип коёюн, биздин оперативдик маалымат боюнча, силер жактан жакында өтө олуттуу ойлор менен уюмдун кишилери өтүшү мүмкүн. Алар өлкөдө бир катар терракттарды жасаганы, анын ичинде Баткен облусундагы суу сактагычты жардырууну көздөп келатышат. Алардын максаты– өлкөдөгү абалды курчутуу. Эми эң негизгиси, аларды жетектеп жүргөн адам менин эски таанышым. Ал террористтердин арасында эң коркунучтуу жана белгилүү адам. Сен жана мен жөнүндө ал бардыгын билет. Ушул кырдаалды эсиңе алып, өтө этият боло көр.

– Сиз ошол үчүн келдиңизби?

– Ооба, мен өзгөчө милдетти аткаруучу “Альфа” бөлүмү менен ошол топту жана анын башчысын жок кылуу үчүн келдим.

– Бардыгы түшүнүктүү, колдон келишинче этият болуп аман-эсен калууга аракет кылам. Эми менин өтүнүчүмдү аткарасызбы?

– Сүрөтүң кана?

– Айдар күзөтчү жоокерге башын ийкеп, Алымкуловду чакыр дегендей белги берди. Бир аздан кийин Темирлан казармадан чыгып, тез– тез адымдап командирин көздөй бет алды. Ушул солдатта кайдагы сүрөт болду экен– деп Абдрасулов да кызыга баштады. Ал жакындап келип ага аскердик тартип боюнча:

– Жолдош полковник, жолдош лейтенантка кайрылууга уруксат этиңиз, – деп кайрылганда, Абдрасулов аны бир жерден мурда жолуктургандай же бирөөгө окшоштой көрүнүп кетти. Ал жоокерди дагы бир сыйра кунт коюп карап алып:

– Силерде баардыгы аскердик тартип менен экен, каалаганыңызча лейтенантка кайрыла бериңиз– деди Абдрасулов жоокерди тамашалап.

– Чакырттыңыз беле, жолдош лейтенант? – деди Темирлан тамашага көп кысынбастан.

– Мен сени атам менен тааныштырайын дедим эле.

– Өзүмдү тааныштырууга уруксат этиңиз. Сержант Алымкулов Темирлан, – деп такылдай сүйлөп бүтүп, жооп күткөндөй унчукпай калды.

Лейтенант атаңды табууга жардам берем– деп убада кылгандан бери, Темирландын ушул жолугушууну канча күткөнү Абдрасуловдун оюна да келген жок. Ооруканада жатып алып: ал сүрөттү көрсөткөндө лейтенанттын атасы: “Оо, бул Тимур турбайбы, мен аны жакшы билем, экөөбүз Афганистанда чогуу кызмат өтөгөнбүз, доспуз, азыр ал баланча жерде жашайт”– деп айтаарын күтүп, канча жолу ушул жолугушуу жөнүндө кыялданбады.

– Кана, сүрөтүңдү көрсөтчү жоокер, анын эмне сүрөт экенин көрөлү.

Кайрадан ушул жаш чек арачы, өткөндөгү бирөөгө окшошуп кетти. Жоокер күрмөсүнүн топчусун чечип, ички чөнтөгүнөн целлофан баштык алып чыкты. Баштыктын ичинде дагы бир баштыкчага тыкандык менен оролгон сүрөттү алып полковникке узатты. Абдрасулов сүрөттү алып, шашпай карай баштады.

Ал аз жерден жыгылып кете жаздады, ушундай эле сүрөт анын аскердик альбомунда да сакталып турат. Бул “Түлкү” экөө БТРдин үстүндө түшкөн эки сүрөттүн бири эле. Ал муну кайдан алган деген ой полковниктин башына келди. Жоокерди кайра бир карап алып, анын кимге окшош экендигин эми түшүндү. Алар коёндой окшош эле. Анын алдында куюп койгондой Байсеитов Тимур турат. Ушундай да болобу, “Түлкү” кайдан балалуу боло калган? Абдрасулов өзүн-өзү араң кармап калды. Созулуп бараткан тынчтыкты чыдабай кетип Айдар бузуп жиберди.

– Ата, сүрөттө сиз бекенсиз?

– Ооба, менмин– деди Абдрасулов үнүн араң чыгарып, дагы эле көргөн көзүнө ишене бербей.

– Сиздин жаныңыздагы киши ким, сиз аны тааныйсызбы?

– Тааныйм– деди полковник, кайрадан үнүн акырын чыгарып.

Ал ким деп ойлонууга убакыт бербей Айдар суроосун уланта берди.

– Ал менин эски досум– Байсеитов Тимур.

– Мына көрдүңбү Темирлан, биз туура эле ойлогон экенбиз. Менин атам сенин закымга айланган атаңды табууга жардам берет деп тамашалады, бирок өзүнүн тамашасынын ыксыз экенин түшүнө коюп, Айдар – туурабы ата?…– деп көп ишенбегендей кошумчалады.

Абдрасулов унчуккан жок. Ал балдарга эмне деп жооп берээрин билбей турду. Өмүр бою көрө элек, бирок көрөм деп көксөп жүргөн балага “сенин атаң өз кишилери менен ушул эле жерде, өз элине каршы карасанатайлык кылууну көздөп жүргөндүктөн, азыркы учурда ал эң коркунучтуу, №1 террорист катары издөөдө жүрөт” деп тике айталбай койду. Бирок бир нерсе деп жооп бериш керек эле. Жоокердин көзүнөн, андан жардам күтүп, үмүттүн оту жанып турган. Анын шаабайын суутпай, Абдрасулов калп айтып коюуну чечти.

– Биз бул сүрөткө Афганистандан түшкөнбүз. Биз чогуу кызмат өтөп, аябай дос элек. Бирок аскерден келгенден кийин биз жолукпай калдык, азыр анын кайда экенин билбейм. Сен көп кабатыр болбо, биз сенин атаңды табабыз. “Аны кантип издеп, канча күч жумшалып жатканын билсе эмне болот эле”– деп ойлоду полковник ичинен, ушул ойдун өзү эле анын жанын жай таптырбай жатты.

Анын “Түлкүнүн” баласы экенине Абдрасуловдун күмөнү жок эле. Бирок, бул бала кайдан пайда боло калганы дагы эле болсо табышмак бойдон калгандыктан, сырдын түйүнүн чечүү үчүн ал кайра суроо берди.

– Апаңдын аты ким?

– Апамдын аты Асел, аа…түшүндүм. Менин кантип төрөлүп калганыма кызыгып жаткан турбайсызбы– деди Темирлан.

– Туура таптың– деп жооп берди Абдрасулов, бардыгын түшүнүп турса да.

“Түлкү” дүйнө кезип жүрүп, баласы бар экенин да билбейт. Эски достордун балдары да жыйырма жылдан кийин, баягы Афганистанда жүргөн экөөндөй болуп чогуу аскердик кызматты өтөп жатышат. Ал эми “Түлкү” аларга жана бүт Кыргызстандын элине каршы өз согушун жүргүзүп жатат.

КЕҢЕШМЕ

“Түлкүнүн” жаңы пайда болгон баласы Темирланга угузбай, полковник Абдрасулов баласына досу гвардиянын сержанты– Байсеитов Тимурдун тарыхын кыскача айтып берди. Айдар атасынан кем таң калган жок. Жакын эле жерде улуу тоону аралап, Кыргызстандын эле эмес дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн атайын кызматтары издеп жүргөн террористтердин башчысы жүрөт. Баласы болсо атасына окшогон кишилерден өлкөбүздүн чегин  коргоп, өз милдетин аткаруунун аракетинде. Баардыгынан таң калыштуусу– “Түлкүнүн” өзү ушул жерде баласы бар экенин билбегендигинде жатат. Абдрасулов өзү кайдыгер карабаган эки тагдырдын чоң кайгысын көрдү. Өмүр бою атасын издеп жүргөн баланын кайгысы менен өмүр бою балалуу болсом деп көксөп жүргөн атанын кайгысы анын көз алдына тартылды.

Абдрасуловго “Түлкүнүн” көпкө качып жүрө албасы айдан ачык эле. Улуттук коопсуздук комитетинин мыкты адистери иштеп чыккан “Капкан” операциясы аягына чыгайын деп калды. “Түлкү” канчалык качпасын, иши бүтөйүн деп калган. “Түлкүнүн” мүнөзүн жакшы билген Абдрасулов аны тирүү колго түшүрүү кыйын болоорун түшүндү. Учурдагы түзүлгөн абалда маселенин эң кыйыны ушунда жаткан. Бирок “Түлкү” азырынча колго түшө элек. Эртең эмне болоорун бир кудай билет. Абдрасуловду азыр башка бир нерсе– баласынын коопсуздугу кыйнап турду.

Ушундай коогалаңдуу ойлор менен ал кайра келе жатты. Алдыда оор күн күтүп турган. “Капкан” операциясы аягына чыгайын деп калды.

Эртең менен эртеден баштап эле МУККтун Баткен облустук башкармалыгында Бишкектен келип, полковник Абдрасулов башында турган  атайын топтун кеңейтилген оперативдик кеңешмеси башталды. Бул кеңешмеге “Капкан” операциясынын жалпы жетекчиси болуп дайындалган комитеттин биринчи орун басары генерал Кулназаров да келди. Бул татаал участок генералга жакшы тааныш эле. Бул башкармалыкты бир кезде өзү уюштуруп, өзү башкаргандыктан арасында өзүнүн окуучулары бар  оперативниктердин көпчүлүгү менен тааныш болчу. Алардын бирөө– азыр Баткен облусу боюнча башкармалыкты жетектеген полковник Саякбаев Аскар эле. Кеңешменин катышуучулары анын кабинетинде чогулуп, генералды күтүп жатышты. Сегизге беш мүнөт бар. Кеңешменин башталаарына дагы беш мүнөт калды. Саякбаевдин толкунданып, тынчы кетип турганы көрүнүп турду. Ал түшүнүктүү эле, анткени операцияны уюштуруунун оорчулугу анын жана анын оперативниктеринин жоопкерчилигинин астында өтүп жаткан. Түндө ал операцияны кантип ийгиликтүү аяктоо планын иштеп чыгууга катышкан. Ойлогонго караганда, операция көп жүрүштүү жана татаал эле. Аскер күчтөрүн кошконго караганда ал көлөмү жагынан 2001-жылы согушкерлерди жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн операциядан калыша турган эмес. Ал кезде Аскар терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болгондуктан, бул ишти жакшы билчү.

Туптуура саат сегизде генерал кабинетке кирип келди. Полковник Саякбаев:

– Офицерлер! – деп буйрук бергенде кеңешмеге келгендердин бардыгы орундарынан туруп, какайып калышты.

– Жолдош офицерлер, отуруңуздар, – деп генерал кыскача буйрук берип, кеңешме өтө турган үстөлдүн ортосуна өттү. Тегерете бардыгын бир сыйра карап чыгып, Абдрасуловдон бардыгы келиштиби? – деп сурады.

– Бардыгы келишти, жолдош генерал! Радиочалгындоонун башчысы гана жок, ал өзүнүн кишилери менен иштеп жатат.

– Отуруңуздар, аны менен өзүнчө бөлөк сүйлөшөбүз. Кеңешменин башында эле айтып коёюн, – деп cөз баштады генерал– биздин операция, сырыбызды эч кимге ачпай турган болсок гана ийгиликтүү аяктайт. Эч кандай маалымат сыртка  чыкпасын. Биздин кишилердин өмүрү ошого байланыштуу болот.Ошондуктан бардык оперативниктерге дагы бир жолу  жашыруун сырды эч кимге ачпагыла деп көрсөтмө бергиле. Кеңешмени өткөрүүнүн тартибин дагы бир жолу айта кетейин. Биринчи полковник Абдрасулов чыгып, операциянын негизги маселелери боюнча билдирүү жасайт, андан кийин чалгындоого каршы бөлүмдөрдүн башчыларын угабыз. Түшүнүксүз маселелер болсо кийин сүйлөшөбүз. Бирок, баарыдан мурда мен силерге төмөнкүнү айтайын деп турам– генерал бир аз унчукпай тургандан кийин офицерлерди дагы бир сыйра карап алып– акыркы алынган оперативдик маалыматка караганда кошуна өлкөлөрдүн бир катар террористтик уюмдары Кыргызстандын территориясына жашыруун кирип, чоң террористтик иштерди уюштурууга аракеттенип жатышат. Кандай максат менен? Ал региондогу абалды оордотууга багытталган. Алардын ою боюнча, абал оордосо, ансыз деле куураган пикетчиктер менен митингиге чыккандардын айынан кыйындап турган республикадагы ички саясий абал курчуп кетээри бышык. Биздин агентуранын берген маалыматы боюнча, ошол терракттардын, уюмдун жашыруун тобунун башчыларынын бири Байсеитов Тимур, ошол эле “Түлкү” деген неме өзү башында туруп өткөргөнү жатыптыр. Ушул иштер үчүн террористтердин бир нече тобу даярдалып, Кыргызстандын территориясына Баткен тараптан өтөт. Алардын бардыгы чек арадан бир эле мезгилде өтүшөт. Эки топ бизди алаксытуу үчүн аракет кылса, негизги тобун чек арадан  “Түлкүнүн” өзү тосуп алат. Азырынча биз алардын кайсы жерден өтөөрүн билбейбиз. Радиочалгыны иштеп жатат. Бирок биздин милдетибиз түшүнүктүү. Террористтерди зыянсыздандыруу керек. Ошол үчүн биз коргоо министрлиги менен ички иштер министрлигинин күчтөрүн ишке киргиздик. Мен бул иштин олуттуу экендигин бардыгыңар түшүнөсүңөр деп ойлойм. Операцияны майда-баратына чейин полковник Абдрасулов айтып берет. Операцияны жалпысынан өзүм жетектейм, баардыгыңарга түшүнүктүүбү? – деп сурады ал отургандардан.

– Түшүнүктүү, – деп жооп берди Саякбаев бардыгы үчүн. Көп жылы чогуу иштегендиктен генералды жакшы билчү. Генерал советтик КГБнын мектебинен өткөн, эски чекист, анык профессионал эле, аны оперативниктер ошонусу үчүн сыйлашчу. Азыр да кеңешмеде отуруп, көпчүлүгү ага ишенгендиктен, операция ийгиликтүү бүтөөрүнө күмөн санашкан жок. Генералдын бул жерде болушу Абдрасуловдун да күчүнө күч кошкондой болду. Ал отургандарга келет деп ойлогон террористтердин сүрөтүн көрсөттү. Негизинен алар, согушкерлердин лагеринен даярдыктан өтүшкөн Баткендин тургундары эле. Алар көп  убакыт бою Тажик Республикасынын Тавильдарья деген жеринде, андан мурда Афган Республикасындагы “Кандагар”, “Кабул” лагерлеринде болушкан. Алардын көпчүлүгү жан-дили менен динге берилген адамдар болсо, терракттарды акча үчүн жасагандары да бар эле. Кезек “Түлкүнүн” сүрөтүнө келгенде генерал оперативниктер ким менен кармашып жаткандыктарын билишкендей кылып, ал жөнүндө толук маалымат берип коюусун өтүндү.

Полковник Абдрасулов досунун өмүр баянын жатка билчү. “Түлкү” жөнүндө болгон оперативдик маалыматты айтып берип жатып төмөнкү урунттуу маселелерге токтолду:

– Байсеитов Тимур 1961-жылы Бишкек шаарында, интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси каза болгон. Жакындарынан жалгыз эжеси бар, бирок аны менен байланышы такыр үзүлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, “Мары” окуу борборуна, аны бүткөндөн кийин Афганистанга мамлекеттик чалгындоо башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча бөлүмүнө кызмат өтөөгө жиберилген. Ал атайын даярдыктан өткөн, жардыруу иштерин жакшы билет, чыгыш мушташынын чебери. Мүнөзү катуу, башкаларды өзүнө бат эле баш ийдирип алат. Моджахеддер менен болгон согушта контузия алып, ошонун негизинде кичине шашма болуп калган. Аскерден келгенден кийин Ысык-Көлдөгү “Кыргызское взморье” санаториясына дарылануу үчүн жиберилген. Дарыланып бүтүп үйүнө келатканда темир жол вокзалынан мушташа кетип, өзүнө кол салгандардын бирин кокусунан өлтүрүп алып, 15 жылга кесилип кеткен. Жазаны Россия федерациясында өтөп жатып, СССРдин кулаарына аз калганда түрмөдөн качып, көпкө чейин ар кайсы аттар менен жашырынып жүргөн. Төрт тилди билет. Өңүн өзгөртө коюунун чебери. Акырында чечен согушуна катышып, ал жерден террористтик уюмдун көзүнө урунат. “Түлкүнү” ошол уюм даярдаган, азыр ал дүйнөдө болбосо да Орто Азияда №1 террорист экендиги анык. Кыскача ушул – деп, ал жакында Баткен облусунун жерине келе турган кишилер жөнүндөгү баяндамасын бүттү.  – Баса, – деди ал кошумчалап, террористтердин арасында башка өлкөлөрдөн жалданып келгендер да болушу мүмкүн.

Андан кийин полковник Абдрасулов “Капкан” операциясынын майда-баратына чейин айтып келип, анан террористтер келе турган үч багытка токтолду. Биринчи багытына аскердик өзгөчө бөлүм тосмо койсо, калган эки багытты “Альфа” өзгөчө кызматынын топтору тосмой болду. Полковник үч топтун эки тобу алаксытуучу топтор экендигин белгилеп кетти. Алар биздин территорияга терең киришпейт. Бирок террористтик акты  “Түлкү” башкарган топ аткарат.

Кеңешме аяктап калганда кабинетке радиочалгындоо бөлүмүнүн башчысы Кумарбаев Сраждин кирип, радиодон кармалган маалыматты генералга берди. Ал кагазды ынтаа коюп окуп чыгып, бардыгына кайрылды:

– Биз террористтердин эртең жолго чыгаарын ырастаган маалыматты колго түшүрдүк. Атап айтканда, эки террористтин спутниктик телефону менен жүргүзүп жаткан маегин кармап алдык, анда “Жалгыз карышкырдын” тобу чек арадан өтүүгө камынып аткандыгы айтылган. “Жалгыз карышкыр” деген “Түлкүнүн” экинчи аты экенин билесиңер. Канчалык катуу болсо да генерал куудул киши болчу: Биз үчүн ал түлкү, ал эми алар үчүн – карышкыр – деп какшыктады. Анда ал үчүн биз – кимбиз? Мергенчибиз. Демек, мырза мергенчилер, бардыгы түшүнүктүүбү? Азыр иштелип чыккан план боюнча бардык участоктордо зарыл иш-чараны уюштура берүүгө буйрук беремин. Кимдир-бирөөгө түшүнүксүз нерсе болсо, полковник Абдрасулов менен иш катары чечип алыңыздар. Азыр Абдрасуловдон башкаңар, бошсуңар. Кайталаймын, операциянын ийгилиги – биздин так иш-чарабызга жараша болот. Баары кабинеттен чыгып, өз-өз иштерине шашылыш жөнөгөндөн кийин генерал Абдрасуловго кайрылып:

– Көзүңдөн көрүп турам, мага айта турган сөзүң бар окшойт– деди.

– Туура айтасыз, жолдош генерал.

– Кулагым сизде.

– “Түлкү” жөнүндө кошумча маалыматтар табылды, тагыраак айтканда, ал жөнүндө эмес, анын өмүр баянынын белгисиз жактары менен байланыштуу маалыматтар.

– Эмне экен айтпайсыңбы.

– Бирок сиз таң калбаңыз.

– Кана таң калтырып көрчү мени, – деп тамашалады генерал.

– “Түлкүнүн” никесиз баласы бар экен.

– Мына кызык, менин билишимче, бизде мындай маалымат жок.

– Андан да кызыгы– анын баласы ушул Баткенде, чек арада кызмат кылат.

– Дагы эмне дейт? – деп генерал бул маалыматка чын эле таң калганын жашырбай. – Эмне кызматта экен?

– Катардагы эле жоокер, чек арада бир заставада кызмат өтөп жатыптыр.

– Мына жаңылык деген, мүмкүн ошол жардам берип жүрбөсүн террористтерге?

– Болушу мүмкүн эмес, жолдош генерал, бул бизге толук белгилүү. “Түлкү” өзүнүн баласы жөнүндө эч нерсе билбейт, тагыраак айтканда, анын бар экендиги жөнүндө түшүнүгү да жок.

– Тагыраак айтчы.

– Афганистандан келгенден кийин, “Түлкү” бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Алар үйлөнмөк болгондо кыздын ата-энеси буга каршы болушат. Кыздын атасы “Түлкүнүн” бир жерин майып кылып койгула деп, бир топ балдарды жалдайт. Мушташып жатканда “Түлкү” алардын бирин кокусунан өлтүрүп алат. Ошентип, “Түлкү” кыздын атасынын кесепетинен түрмөгө түшөт. Калганынын бардыгы сизге белгилүү.

– Демек, аны түрмөгө отургузганда, кыздын боюнда калган экен да?

– Ооба, ошол кезде кыздын боюнда бар экен. Ал жөнүндө “Түлкү” билген эмес. Соттун өкүмү чыкканда ал кыздан баш тартыптыр, кебетеси 15 жыл күттүрүп, кыйнабайын десе керек.

– Мунун баарын сен менден жакшы билесиң дечи, андан көрө айтчы ошол аял азыр кайда?

– Аты Асел, фамилиясы Алымкулова, Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында жашап, санаториялардын биринде врач болуп иштейт.

– Аны текшердиңер беле? Эгерде текшере элек болсоңор анын ким менен байланышы бар экендигин аныктагыла. “Түлкүнүн” аны менен жолугушуп калышы да мүмкүн. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгыш керек.

– Түшүндүм, жолдош генерал, мен Ысык-Көлдөгү бөлүмгө шифротелеграмма жөнөттүм.

– Жакшылап карай көр, бул жолу аны өлүү болсо да, тирүү болсо да кармашыбыз керек.

– Түшүнүктүү, жолдош генерал.

– Түшүнүктүү болсо план менен ишиңди уланта бер.

Ушуну айтып генерал кабинеттен чыгып кетти. Ага чек аранын кооптуу жерлерин тосуу жөнүндө аскердик бөлүм менен да сүйлөшүп коюу керек эле. Ушул маселени чечүү үчүн вертолёт да даяр турат.

Абдрасулов жалгыз калды. Радиочалгындоонун маалыматын көңүл коюп окуп бүткөндөн кийин, аны агентурадан алынган маалыматтар менен салыштырып көрдү. Жакында өзүнүн досу менен өмүр үчүн эмес, өлүм үчүн кармашууга туура келет. Үстөлдө отурган бойдон ал көзүн жумду. Анын эсине кайрадан Афганистан түштү. Ал “Түлкү” экөө буктурмада отуруп, адаттагыдай эле аскерден келгенден кийин эмне кылышаарын сүйлөшүп жатышкан, капысынан эле “Түлкү” жаман түш көргөнүн айта баштады. Түшүндө ал баш-аягы жок жол менен чуркап баратыптыр. Канчалык катуу чуркап баратса да, чарчоону билбейт экен. Чуркаган сайын күч кире баштаганын сезиптир. Бир кезде ал өзүн адам эместей сезе баштайт. Жаны денесинен учуп чыгып, жер үстү менен сызып, өзүнүн карышкыр болуп дүйнө жүзүн кыдырып чуркап жүргөнүн көрөт. Түшүн айтып бүтүп “Түлкү” “түшүмдө жараткан мага аян берди, армиядан келгенден кийин менин жашоом ошол учу-кыйырсыз жол менен чуркап бараткан карышкырдыкындай өтөт окшойт”– деди.

ЧЕК АРАДАН ӨТҮҮ

Пяндж тоосунун этегинде согушкерлердин тобу акыркы көрсөтмөнү алып жатышты. Көрсөтмөнү Абу-Бакар деген жалданма согушкер берүүдө. Ал динге жан-дили менен берилген, шахидден баштап бир нече террористтерди даярдап чыккан. Топтун башында турган тажик аны ынтаа коюп угуп, колго жасалган картага бир нерселерди белгилеп алып жатат. Топто сегиз киши бар эле. Бардыгын бир сыйра карап алып, Абу-Бакар көз карашын Наби деген жаш тажик жигитке токтотуп, “бул эмне үчүн жанын кыюуга даяр, буга эмне түрткү болуп жатат, акчабы же өзү ал үчүн жүздөгөн өмүрлөрдү кыюуга даяр турган динге берилгендикпи?”-деп ойлоду саткын өз ичинен.

– Дин үчүн өлүү– бул сыймык– сен ал үчүн жаныңды кыйып, өз милдетиңди аткарууга даярсыңбы? – деди ал Набиге кайрылып.

– Даярмын– деп жооп берди Наби, анын бетинен бир дагы булчуң кыймылдаган жок.

Абу-Бакар топтун калган мүчөлөрүнө дагы бир жолу сынагандай көз жиберди, алардын бардыгы эски жалданма согушкерлер эле. Абу-Бакар алар менен Афганистанда, андан кийин Чечен жериндеги согушта бирге болгон. Бардыгы ар башка улуттан болчу. Эки өзбек, үч тажик жана эки араб. Ал кайрадан жалданма жаш жоокерге кайрылып, анын автоматын жана жардыргыч салынган баштыгын оңдоп:

– Этият бол -деди.

– Эч кабатыр болбоңуз, таксыр. Бардыгы жайында болот.

– Мен сага ишенем– деди ал жигитти ийинге чаап, анан калгандарына кайрылды– Бардыгыңар түшүндүңөрбү эмне кылаарды?

– Түшүндүк– деп бардыгы чогуу жооп беришти.

– Анда кудай деп жолго чыккыла, чек аранын нары жагынан сүйлөшүлгөн жерде силерди “Жалгыз карышкыр” тосуп алат. Ал жактан топту ошол башкарат, бардыгыңар ага баш иесиңер, ал эмне кылаарды билет.

Террористердин башчыларынын ою боюнча, Кыргызстандын чек арасынан үч топ менен өтүшмөк.

Чек арадан эки топ бир эле мезгилде өтүп, андан кийин үчүнчү топ КРдин чек арачыларынын негизги күчүн алаксытып турмай болду. Абу-Бакар көрсөтмө берген биринчи топ таштуу капчыгайда “Түлкү” менен жолугушуп, андан ары көрүнбөй суу сактагычка жетип, аны жардырышса, суу өрөөндү каптап, элди коркутуп тополоң башталмак. Террористтик уюмдун ою ушундай эле.

Абу-Бакардын белгиси менен операция башталды. Эки топ этияттык менен Кыргыз чек арасына жакындап, жалаң кыргызстандыктардан турган өзгөчө топ чек арачыларды алаксытуу иштерине киришти. Бул учурда “Түлкү” террористтик пландын өзүнө тиешелүү бөлүгүн аткарып жаткан. Ал дагы бир жолу түрүн өзгөрткөнгө өтө чебер экенин далилдеди. Жергиликтүү элге окшоп кийинип алып, жол көрсөткүчтөрдүн бири менен чек ара постторуна көрүнбөй, таштуу капчыгайдагы мурда сүйлөшүлгөн жерге, согушкерлердин тобун тосуп алуу үчүн келди. Жолугушканга чейин эки сааттан көп эмес убакыт бар эле. Чапандарына оронуп, таштын кычыгынан ыңгайлуу орун таап алышып, жол көрсөткүч экөө топту күтө башташты. Аскар аттуу жол көрсөткүч отураар замат уйкуга кирди. “Түлкү” баарыдан мурда анын көп сүйлөбөгөнүн жактырчу. Анын үстүнө ал алдына киши салбаган, ашкан мергенчи эле. Ал бул жердеги жолдордун бардыгын билчү. Анын атасы, чоң атасы экөө тең мергенчи болгондуктан, өздөрүнүн байыртадан бери келаткан кесибин баласына өткөрүп беришкен. Ал өзү да ушул жерде аңчылык кылчу. Бирок, ХХI кылымдын башында аңчылыкты тамак үчүн эмес, жаныбарларды кыруу үчүн кылып калышты. Эгерде анын чоң атасы үй-бүлөсүн багуу үчүн бүркүт менен гана аңчылык кылса, азыр беш атар мылтык, оптикалык кароол жана космостон жаныбарларды карап таап бере турган ЖПС деген өлтүргүч куралдардын аралашмасы менен аңчылык кыла башташты. Азыр эл тамаша жана көңүл ачуу үчүн аңчылык кылышыт. Бирок бул ХХI кылымдын башка бир балакетине караганда эч нерсе эмес эле. Дүйнөдө күнөөсүз элди өлүмгө учураткан терроризм деген коркунучтуу ааламат бар экендиги жаш мергенчинин түшүнө да кирчү эмес. Азыр үргүлөп отуруп ал карыган бүркүттүн шаңшыганын укту. Көзүн ачып капчыгайдын үстүнөн кайкып учуп бараткан бүркүттү көрдү. Бүркүттүн учушунда адаттан тышкары кандайдыр бир нерсе бар эле. Бул ошол чек арачылар көргөн бүркүт болчу. Анын балапан кезинде атасы кармап алып колго үйрөтө албай койгон бүркүт экенин Аскар билген жок. Бирок, бүркүткө баары бир болчу, ал алдан тайып өлүп бараткан. Ажалы жакын турса дагы, адам баласынын эрки менен тоо кушуна орун калбаган жерде жанын кыйгысы келген жок.

“Түлкү” да кайкып учуп бараткан бүркүттү көрүп, анын көктө эркин учуп баратканына суктана карап алды. Эмне үчүн бүркүт болуп туулбай калдым экен деген өкүнүчтүү ой пайда болду. Эмне үчүн адам баласы учуу бактысын тата албайт, эмне үчүн алар төрөлүү менен бирге өзүлөрүн азапка салып коюшат. Биздин өмүрүбүз канчалык кыска! Бир гана балалыктын капарсыз өткөзгөн күндөрү, эркин куштун учуу мезгилине окшошуп кетет.

Кайрадан тээ алыс калган бала чагы эсине түштү. Ата-энеси баштап бүт үй-бүлөсү майрамдык дасторкондо нооруз майрамын тосуп,бардыгы күлүп– жайнап отурушат. Энеси гана бардыгын кубана карап, сүйүнүчтүн көз жашын байкатпай аарчып жатты. Ал үчүн апасы үйдүн куту эле. Энесинин деми жана колунун жыты дайыма анын эсинде жүрчү. “Түлкүнүн” тээ алыста калган бактылуу балалыгына жетип, энесин кучактап алып, буркурап ыйлап эс-учун жоготуп коюп, эсине келгенде бул жерде, Баткен тоолорунда эмес, башка жерде, тагдыры башка адам болуп тургусу келип кетти. Алыстап бараткан бүркүттү карап алып, ал капысынан бир нерсени– дүйнөнү кармап турган жалгыз сүйүү сезими экендигин түшүндү.

Анын үй-бүлөлүү, балалуу болгусу келди. Балалуу болсом, балам кандай болот эле деп элестетүүгө аракет кылды. Кай жерде жүрөт болду экен анын кайрылгыс кеткен сүйүүсү? Көз алдына ошол алыс калган 1986-жылдын жай айынын ысык күндөрү тартылды. Асел экөө кол кармашып көл бойлоп сейилдеп жүрүшкөн, ал Аселге бир айдан кийин үйлөнүшөөрүн айтты. Бирок  анын элеси алыстап көрүнбөй калганда “Түлкү” уктап кетти. Түшүндө атасы экөө тоону аралап жайлоону көздөй ат чаап баратышат, аларды келишкен сындуу бир үйүр жылкы ээрчип алыптыр. Тээ алыста Аселдин чакырып жатканын көрүп көкүрөгү кубанычка толду…

АСЕЛ

Санаториянын бир кабинетинде отуруп алып врач Алымкулова Асел санаториялык китепчелерди толтуруп жаткан. Капысынан анын көзүнө Байсеитов аттуу китепче урунганда жүрөгү “зырп” дей түштү. Ошол замат ал китепчени карады. Аты башка экен. “Ушунусу жакшы болду” -деп ал өзүн-өзү тынчтандырды.– Менин балам бар, мага андан башка эч кимдин кереги жок. Анын жалгыз баласы Темирлан бир жылдан бери Республиканын түштүгүндө аскердик милдетин аткарып жүрөт. Ал канчалык альтернативдик кызматта калгын деп суранса да баласы болбой койду. Ал аябай өжөр эле, өз айтканын кылбай койчу эмес. “Кимди тартып калган?” деп ойлогондо дайыма анын атасы эсине түшчү. Ал ата-энеси менен туугандарынан эмнени гана көргөн жок. Ата-энеси Америкага кетип калышты, ал дагы эле Тимурду кыйып кете албай калып калды. Ал мени издеп калып жүрбөсүн? Адам эч качан дайынсыз жоголуп кетпейт да. Андан бир гана сүрөт калды. Ал аны күтүп, бир күнү келип калаар деп жүрө берди. Күтүү менен жыйырма жыл өттү. Бир нече жолу колун сурап келишсе да турмушка чыккан жок… Э-э койчу, ойлонбой эле коёюнчу.

Ал баласынын катын үкөктөн алып чыгып, кайра окуп кирди. Ичи элжиреп, “ушул мобилдик байланыштын доорунда кат окуп отурган кызык экен,  деп ойлоду ал, номерди терип дүйнөнүн каалаган бурчу менен сүйлөшө бер, жок бул жерде илгеркидей кат жазыш керек экен да”.

Кымбаттуу апа! Менден сизге ысык салам. Менин кызматым жакшы өтүп жатат. Мага таарынбаңызчы апаке. Мен сизге айткан эмесмин, менин Баткенде чек арада кызмат кылганыма алты ай болду…

Андан ары ал эч нерсеге көңүл бурбай окуй берди. Жүрөгү бир нече жолу солкулдап барып токтоду. Ал бир нерсе болгонун сезип жатты. Эне деген баласы үчүн корко берет эмеспи. Келээрине эки гана ай калды–  деп, өзүн-өзү тынчтандырууга аракет кылды.

Капысынан кабинеттеги телефон шыңгырап, анын оюн бөлүп кетти. Ага дарбазадан бирөө чалып, бир киши келип жекече сүйлөшөт элем дегенин айтты. Жүрөгү эмнегедир дагы бир жолу булка согуп,бүт денесин коркуу сезими ээлеп алды. Ким болуп кетти экен? – деп ойлоп жатып, кароолчудан ал кишини киргизип жиберүүнү суранды. Бейтааныш адам кабинетине  киргенче, беш мүнөт убакыт аябай узак көрүнүп кетти. Ал МУККтун Ысык-Көлдөгү бөлүмүнүн кызматкери капитан Кыдырмышев Самат деген жигит экен.

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тажрыйбалуу кызматкери дароо эле жылуу мамиле кыла баштады. Себеби тапшырманын өзү сак болууну талап кылган. Андыктан ал, сөзүн анын уулуна жана “Түлкүгө” тийгизбей, алыстан баштады. Самат бардык адамдар менен мамиле түзө билчү. Бул жолу да анын бул жөндөмүнүн пайдасы тийди. Асел Саматка бардыгын айтып берди, маектин жыйынтыгында капитан Аселдин турмуш тарыхын бүт билгенден кийин, Аселди аяп турду.

– Самат, сен бул сөздү жөн жеринен баштабагандыгыңды сезип турам, Тимур жөнүндө бир нерсе билесиң го. Айтсаң, ал тирүүбү?

– Билесизби, Асел эже, Тимурдун тирүү экендигин менин сизге келгендигимден эле түшүнсөңүз керек. Сизге кантип түшүндүрсөм… Биз азыр аны издеп жатабыз, бирок ал сизге телефон чалып же үйгө келип байланышка чыкса, бизге кабарлап коюшуңузду суранабыз.

– Ал эмне балээни жасап жибериптир?

– Мен азыр сизге эч нерсе айта албайм, бирок, иш абдан катаал.

– Менин уулума тиешеси жокпу?

– Менимче, жок болуш керек.

– Кудайым өзү сактасын. Ал менин жалгыз балам.

– Мен бир гана нерсени айта алам, анын чек арага барып, аскердик кызмат өтөгөндүгүнүн өзү – азаматтык.

Ушуну менен сөздөрү да аяктады. Капитан Кыдырмышев тагдыр жолу татаал экендигине дагы бир жолу көзү жетти. Асел ошондо тагдыр ага дагы бир жолу сыноо даярдап тургандыгын билген да жок. Бирок, анын жан дүйнөсүндө Тимур менен дагы бир жолу көрүшөм деген үмүт пайда болду.

Ошентип, Асел капитандын артынан көчөгө чыгып, көлдү карай бет алды. Ага өз оюн жыйнап алуу керек эле. Ал үчүн Ысык-Көлдүн жээги абдан ылайыктуу болчу.

Көл жээги тынч жатат. Алыс эмес жерде, аллеяда, улгайып калган түгөйлөр кол кармашып, сейилдеп жүрүшөт. Алар, балким, башынан өткөндөрү тууралуу, балким, неберелеринин келечеги жөнүндө сүйлөшүп бара жатышкандыр. Алардан алыс эмес жерде мажүрүм талдан ат минип алган небереси чуркап жүрөт. Кичинекей бала өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай сезип, чыбык атына түрдүү буйруктарды берип, ары-бери чапкылап жүрдү. Асел бул бири-бирине эриш-аркак жашаган адамдарды жана алардын небересин суктануу менен карап турду. Булардын жашоосу кандай болду экен? – деген да ой келди. Жөн гана жашап коюу оңой, бирок анын маңызы– маанилүү. Алардын ордуна азыр өзүн Тимур экөөнү коюп көрүп, “эх…” деп терең үшкүрүп койду да, кайрадан чеги жок ойго батып кетти. Жумшак, майда кум үстүндө аяр басып, баягы өзүнүн багын көздөй бет алып, ага жетпей токтой калды да, мелмилдеген көлгө карап, “Көз жетпеген көлдүн ортосунан толкун башталат да, жээкти карай сапар алат. Адам турмушу да ошол толкундарга окшош. Ал жашоо океанынын ортосунан пайда болуп, өз жээгине талыкпастан талпына берет. Бул түгөнбөс түйшүктүү кыймылда, эң негизгиси, өз жээгин, өз конушун табуу болуш керек. Өзүнүн жээги кайда болду экен? Өз жолунан жаңылбады бекен? Балким, башкача жашап өтсөм болмок беле”– деген ойго кетти. Бул оюнан өзү чочуп, көз ирмемдик алсыздыгына өзүн күнөөлөп, мажүрүм талдын алдына жашырына кетти.

Башына оор түйшүк түшкөн мезгилдерде Асел дал ушул даракка келчү. Себеби дарак анын бардык сырын билээр эле. Бутунан башына чейин суу болушкан экөө, мындан жыйырма жыл мурда дал ушул жерде, анын жалбырактарынын астында бирин-бири бекем кучактап, дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар сымал, демдери менен бирин-бири жылытып, жаандан корголошкон. Ошол кезде Тимур Аселге карап: “Жүзүңдөн жаш агып жатат, эмнеге ыйлап жатасың?”, -деп, суроо узатканы эсинде. “Бул жөн гана жамгырдын тамчысы” деп, жооп берген эле. Тимур болсо анын көздөрүнөн назик өөп: “Жамгыр туздуу болбойт, неге ыйлап жатасың, мени алдабачы?”  деген, жалооруп. “Сен да ыйлап жатпайсыңбы”– деп, Асел суроого суроо менен жооп берген. Тимур аны көкүрөгүнө бекем кысып, олуттуу үн менен: “Эркек ыйлап жатса, демек, себеби бар. Мен сүйгөндүгүм үчүн ыйлабайм”.

Асел, тескерисинче, сүйгөн адамынын кучагында, сүйүү деген сезимдин тереңдигине дуушар болуп, бактысына кубанып ыйлап жатты. Ошол учурда анын эрининен таттуу, кучагынан назик эч нерсе жок болчу.

Азыр алардын баары Аселдин кыялында гана жашап келет. Ошол алыстап бара жаткан сыйкырдуу сезимдерди дагы бир жолу башынан өткөрүү үчүн чанда гана бул жакка келип турчу. Кантсе да, ургаачы адамга жалаң эле эскерүүлөр менен жашоо жеңил эмес. Абдан кыйналган учурларда мажүрүм тал менен бирге көз жашын төгүп алчу. Экөө бирдей ыйлап турушчу, бири тагдырынын татаалдыгына ыйласа, экинчиси ага боору ооруп ыйлачу. Ошол себептен бул даракты “ыйлап жаткан тал” деп аташкан да. Ал ар дайым ушул мажүрүм тал менен жалгыз калганда  “бактылуу болуу дегенди кандай түшүнсөк болот” деген суроону узатат. Мажүрүм тал: “Аял болуунун өзү эле – бакыт. Себеби, Жараткан ага гана эне болуу, ааламга жаңы жашоо берүү бактысын берген” – деп жооп берет. Асел бул жоопко макул болбоско аргасы жок эле. Чындыгында, аял гана аалам сырларын, жашоонун жаралыш сырын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Чындыгында эле, сенин денеңде жаңы адамдын жүрөгүнүн согушун сезүүдөн ашкан кызык нерсе болбостур.

Ушундай түгөнбөгөн ойлордон арыла албаган Асел мажүрүм талга жөлөнүп, андан кубат алгысы келди. Бир маалда дүйнөдө толук бактылуу  адам болбостугун түшүндү. Эгерде толук бактылуу адам болгон болсо, анда “бакыт” деген сөздүн өзүнүн эле мааниси жоголуп кетмек. Бакытты кармап алып, аны сезе билүү гана керек. Себеби, бакыт көз ирмемдик гана болот.  Мисалы, чүрпөңдүн эң алгачкы сөзү – бул бакыт. Анын биринчи кадамы, ал гана эмес анын мектептен алган эң биринчи эң жакшы баасы – бул дагы бакыт. Ал эми бакыттар арасындагы аралык – азап жана күтүү. Аялдын тагдыры ушундай экен– түбөлүк күтүү менен өмүрү өтөт… Өзүнүн сүйгөнүн, жарын жана балдарын күтүү…

Мажүрүм талдын ийилген жалбырактарынын арасынан Асел Ысык-Көлдү  ойлуу тиктеп турду. Алыстан-алыстан толкундарды жиреп, Тимурдун: “Мен сени сүйөм!” деген үнү жаңыргансыйт. Суу, чынында эле, бардыгын эсинде сактап каларын Асел мурда эле байкаган. Көл Асел менен Тимурдун бири-бирине арнаган ыйык сөздөрү, чуркагандары көлдүн эсинде экендигин Аселге эскертип келет…

Күтүүдөн тажаган Асел азыр дал ошол жыйырма жыл мурдагыдай шамалга жүзүн тосо чуркап: “Менин Тимурум, кайдасың, мен сени күтүп жүрөм!!!” деп, аалам жаңырта кыйкыргысы келди. Бирок, ал антпестен терең үшкүрүнүп, анын көзүнөн жаш тегеренди. Анын көз жашы көгүлтүр Ысык-Көлдүн суусундай туздуу эле…

СОГУШКЕРЛЕР

Шарт боюнча “Түлкү” согушкерлер тобун таштуу капчыгайдан тосуп алды. Алдын ала даярдалган жашыруун жайда алар бир күн күтүп жатышып, түн кирери менен жол көрсөтүүчүнүн артынан жүрүп отурушту. Таңга чейин чек араны жээктеп Төрткүл суу сактагычы тарапка бара жатышты. Таң атаар менен “Түлкүнүн” тобу коктулардын бирине жайгашып, акыркы өтмөккө даярдана башташты: жашырынган “Түлкүнүн” тобун азырынча таба алышпайт, бирок, аларды жакын арада кармап алчудай сезим пайда болуп турду. Анын алтынчы сезими бул анын акыркы фиестасы экендигин айтып турду..

Бадалдардын арасына ыңгайлуу жайгашып алып, ал дүрбүсү менен айланага көз чаптырып, өз картасына белгилерди коюп жатты. Алыс эмес жерден застава көрүнүп турду. Анын эсеби туура чыкты. Заставанын жанынан аларды эч ким издеген жок. Атайын даярдалган жоокерлер үчүн “Түлкү” жерге сиңип кеткендей болду. Дүрбү аркылуу “Түлкү” заставадагы  кайгуулга күчөтүлгөн күчтөрдүн жиберилип жатканын көрүп турду. Чек арачылардын бардыгы– он сегиз жаштан жыйырма жашка чейинки жаш балдар. Бул заставада анын досунун уулу – лейтенант Абдрасулов Айдар да бар эле. Бирок, “Түлкү” өз турмушундагы эң башкы нерсени билген жок, ал жакта анын өзүнүн да баласы бар болчу. Кайгуулдун башчысы, сержант Алымкулов Темирлан лейтенант Абдрасуловдон Кыргызстандын чек арасын коргоого киришүүгө буйрук алды. Бул жолу кайгуул күчөтүлгөн түрдө болчу.  Кыргыз Республикасынын аймагына кирип келген душмандарды кармоо максатында жоокерлер жергиликтүү аймакты текшерип чыгуулары керек эле. Жоокерлердин алдында Айдар өзү, анын артынан Темирлан менен Ильяс бара жаткан. Бул алардын акыркы кайгуулу болушу керек. Себеби, аларды жакында дембель күтүп турган. Чек арачылар душман аскерлери жашынып жаткан тарапка бет алышты. Алар жашырынып жаткан жол аркылуу чек арачылардын маршруту өтчү. Чек арачылар тобу террористтерге ок атымдай жакын калганда “Түлкү” оптикалык мылтыктан топтун башчысын мээлеп, мээлөө борбору аркылуу Айдардын жаш жүзүн көрдү. “Сен Болот атаңа куюп койгондой окшош экенсиң” – деп сүйлөндү “Түлкү”.– Карасаң, жада калса басканы да окшош экен” – деп, оптикалык мээлөөсүн кийинки чек арачыга жылдырды. Бутада Темирлан көрүндү. Азыр “Түлкү” биринчи жолу, мылтыктын оптикалык дүрбүсү аркылуу өз баласын көрдү. Көпкө чейин тиктеп турду да “Карап кой, кандай гана мыкты жоокер”, – деп өз ичинен сүйлөндү. Эч нерседен кабарсыз кетип бараткан Темирландын башын мээлеп туруп, оюнда мылтыктын машаасын “басып” калды. Мылтык октолгон эмес эле. “Бир эле “чик” этүү менен жоокер жок болот. Адам баласынын өмүрү кылдын гана учунда” – деп сүйлөнүп койду. Ошентип, мылтыгынын дүрбүсү аркылуу сегиз чек арачыны санап чыкты. Чек арачылардын жарымы аскердик зарыл даярдыктардан өтпөгөндүгү байкалып эле турду. Балдар өтө жаш болчу, андыктан согушкерлердин аларды оңой эле жок кылып коюуга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок, анын азырынча кереги деле жок болчу.   “Түлкү” өз баласын кайрадан даана көрүп турду, 40-50 метр аралыкта чек арачылардын тобу өтүп бара жатышты. Жоокердин карааны, сырткы келбети ага тааныш көрүндү. Өзүнө окшоштурду. Ал өтүп кеткен жаштыгынан кабар берип тургансыды. “Бул жоокерлер кимдер? – турмушту көрө элек мадыра баштар” – деп койду өз ичинен.

“Түлкү” көзүн жумду, кайрадан жан дүйнөсү ооруп чыккан эле. Ал учурда дал ушул жаш уландай болуп, жолдоштору менен аты жыты жок мамлекет үчүн өмүрлөрүн кыйган улан кезин элестетип кетти. Алар өз Ата-Мекенинин чыныгы патриоттору, эр жүрөк жигиттер эле. Ал учурда ал чындык үчүн күрөшкөн инсан болчу. Азырчы, азыр ким өзү? Кайрадан ал өзү жооп таба албаган суроолорго тушукту. Жоопсуз суроолор аны коркутуп жиберди. Өзүнүн идеалдары картадан жасалган үйдөй болуп талкалангандыгын эми чындап сезди. Кетип бара жаткан чек арачылардын артынан карап туруп, бул согушта ал-өздөрүнүн жазасын ала турган кесепет экендигин түшүндү. Ал жана ал сыяктуу адамдар кандайдыр бир топтун жамандыкка арналган максатына жетүү үчүн пайдаланылган курал экендиги эми гана мээсине жетти. Калпыс чакырыктарга жамынып, дин үчүн жаны күйгөн адамдардын кейпин кийип алышып, дүйнөдөгү бир да диний көз карашка туура келбеген иштерди жазашкандыгын да түшүнүп турду.

Ошентип ал өзүнө окшош жаш жоокер менен дагы бир жолу жолугуша тургандыгын сезди. Акыркы убакытта пайда болгон ички күрөш өзүнүн логикалык жыйынтыгына чыкканы турат.

“МЕРГЕНЧИЛЕР”

Кыргыз Республикасынын МУККсынын антитеррордук борборунун талаа штабында, Кыргыз Республикасынын аймагында терракт жасоо аракетин көргөн террористтик топту жок кылуу боюнча иш-чараны жыйынтыктоосуна катышып жаткан бардык бөлүмдөрдүн командирлеринин жыйыны өтүп жаткан. Жыйындын катышуучулары бүт өткөрүлө турган иш чаранын зарылдыгын түшүнүп турушту. Полковник Абдрасулов абал тууралуу маалымат берип жатты. Генерал анын маалыматын кунт коюу менен угуп, өз китепчесине зарыл нерселерди жазып отурду.

Жыйындын катышуучуларына төмөндөгүлөрдү айткым келет. Аскердик атайын багытталган жоокерлердин жана “Альфа” комитетинин топторунунун биригишкен күчү он эки адамдан турган террористтик топту жок кылуу. Азыр алардын артынан бул аймактарда көзөмөлдөө жүргүзүлүп жатат – деп полковник таягы менен картадан белгилеп көрсөттү.

– Ал эми бул жерде болсо биздин жоокерлер менен согушкерлердин ортосунда салгылашуу жүрүп жатат, “Альфа” мүчөлөрү душмандарды жок кылып, иш чараны акырына чыгарат деген ишеничим бар. Бирок, тынчтанып отуруп калууга болбойт, алдыда дагы көп иш бар. Террористтердин үчүнчү тобу азырынча табыла элек.

– Ооба, сенин айтканыңа макулмун, террористтерди тыптыйпыл жок кылганча “Капкан” операциясы аякталбайт деп эсептейбиз, – деп генерал полковник Абдрасуловдун  айтканына кошулду.

– Иштелип чыккан план боюнча аймактык топтордун бардыгы тең, өзгөчө, чек ара райондорунда болуп жаткан оперативдик абал тууралуу маалыматтарды бериши зарыл. Террористтердин арасында биз менен чогуу иштешип жаткан адамдардан сатылып кеткендери да бар болушу мүмкүн. Аларды байкап, кармап, оперативдик-изилдөө бөлүмгө өткөрүп беришибиз керек. Алардын арасында бизди өзгөчө кызыктырган бир адам бар. Бардыгыңар ал жөнүндө билесиңер. Ал – “Түлкү” деген ат менен белгилүү болгон Байсеитов Тимур. Ал бизге же тирүү, же өлүү болсо дагы керек. Мен сөзүмдү аяктадым, жолдош генерал – деп бүтүрдү полковник.

– Тапшырма бардыгыңыздарга түшүнүктүүбү? – генерал бардык бөлүмдүн башчыларына кайрылды.

– Түшүнүктүү – бардыгы чогуу жооп беришти.

– Кайталаймын, иш-чара али аяктай элек. Бардыгыңыздардан көңүл коюп, тыкан болушуңарды талап кылам. Азырынча бошсуңар.

Тапшырманы жекече алышкан офицерлер, өзүлөрүнүн оперативдик аймактарына тарап кетишти. Чатырда генерал менен полковник Абдрасулов гана калышты.

– Сен кандай ойлойсуң? – генерал полковникке кайрылды.

– Менде дагы бир ой пайда болду.

– Айта бер.

– Биз артынан түшкөн топ жөн гана бизди алдап адаштыруучу гана топ болуу керек. Булардын арасында “Түлкү” жок.

– А кайда деп ойлойсуң?

– Биз азырынча таба албай жаткан “негизги” топ бар. Алар азыр суу сактагычка жакын жерде болуш керектигин сезип турам. Дал ошол топту “Түлкү” башкарып алып жүрөт, менимче.

– Демек, объектини кайтарууну күчөтүү керек.

– Албетте, күчөтүү керек деңизчи. Бирок мени түйшөлткөнү – аларды плотинага жакындатпай кармоо керек.

– Анан?

– Мен “Түлкүнү” жакшы билем. Биз аны учурунда байкабасак, плотина канчалык бекем кайтарылбасын, ал плотинаны жардыргандан кайра тартпайт.

– Өтө эле аша чаап кеттиң окшойт. Ал эмне, желмогуз бекен!?

– Мүмкүн – деп койду полковник.

– Тим эле, америкалык кино! Сенин “Түлкүң” “Рембобу”?

– Балким “Рембодур”.

– Эмне себептен сен аны экинчи топто эмес деп ойлоп жатасың? – генерал полковникти сынай карады.

– Билбейм, бирок сезип жатам.

– Сезим менен эле бардыгы бүтүп калбайт. Сен балким туура айтып жаткандырсың, бул вариантты да иштеп чыгуу керек.

– Террористтер тобу байкалгандан бери генерал менен полковник эки сутка бою укташа элек. “Альфанын” атайын бөлүгү душмандардын артынан калбай аңдып келет. Акыркы маалыматтар боюнча, капчыгайлардын биринде үч душман жоокери кармалган. Ал эми “Түлкү” тууралуу маалымат жок.

Ушул учурда чатырга спутник телефонун кармаган байланыш бөлүмүнүн офицери кирип келди.

– Байланышта “Альфанын” командири.

Телефон менен сүйлөшүп болгон соң, генерал буйрук берди:

– Өзүңөр жайгашкан координатыңардын так квадратын бергиле. Биз полковник экөөбүз силерге вертолет менен барабыз. “Түлкүнү” Абдрасулов гана тааный алат.

Генералдын бул сөзүнөн улам, полковник “Альфа” тобу террористтердин калганын талкалап, жоготушкандыгын түшүндү. Генерал сөздү өзү баштамайын, ал демин ичине тартып күтүп турду.

– Учууга даярдан. “Түлкүнү” ликвидациялоо иш-чарасы аяктап калды окшойт. Дегинкиси, ушуга үмүттөнүп туралы. “Альфанын” башчысы тарабынан жок кылынгандардын арасында “Түлкү” да болушу мүмкүн деп маалымат берди. Чындыгында, алардын бири ошого окшош окшойт. Менимче, аны сен гана тааный аласың – “Түлкүнүн” өлүмү полковникти кандайдыр бир деңгээлде кабатырлантып койгондугун сезген генерал унчукпай калды. Абдрасулов буга акысы бар экендигин генерал түшүнүп турду, себеби, качандыр-бир учурда “Түлкү” полковниктин өмүрүн сактап калган эле. Түбөлүк достук тууралуу антташкан адамынын сөөгүн таанууга баруу полковникке жеңил эмес болчу. Вертолет  обого учуп чыгып, белгиленген тарапка багыт алганда, генерал Абдрасуловду жаман ойлордон алаксытуу максатында:– Баса, анын уулу эмне болду? – деген суроону узатты.

– Аскердик кызматын өтөөнү улантып жатат. Атасы тууралуу эч нерсе билбейт.

Полковник унчукпай калды да, кайрадан ойго батты.

– Болот, биз экөөбүз кечирилгис ката кетирдик.

– Эмне ката?

– Анын уулун республиканын башка регионуна которсок болмок экен. Элестетип көрсөң. Согуш талаасында атасы менен баласы кездешип калса эмне болот?

Генералдын бул сөзү дал келип калаарын анда полковник билген эмес.

Бул учурда Айдар менен “Түлкүнүн” уулунун тегерегинде, бул трагедиянын катышуучуларынын турмушун кескин өзгөрткөн окуялар болуп жатты. Аскер күчтөрү атайын багытталган топтун күчү менен бирдикте террористтер жок кылынган аймакты тазалоо иш-чарасын жүргүзүп жатышкан. Аларды кармап, жок кылуучу атайын иш-чара аягына чыгайын деп калган. Топтун бири “Альфа” тарабынан жок кылынган, калган эки топ аскер, милиция жана атайын даярдалган жоокерлердин күчү менен республиканын чегинен чыгарылып салынды. Ошол мезгилде дал ушундай оперативдик кырдаал түзүлүп калган. “Түлкүнүн” бир топту экиге бөлүп жибергендигин алар билген жок. Ошентип, үч топтун ордуна төрт топ пайда болгон. “Түлкүнүн” эң чоң куулугу дал ушунда жаткан болчу. Мындан сырткары, ал өзүнүн жетекчилери менен кеңешип, топко “Түлкүгө” окшогон адамды кошуп алышкан.

Генерал менен полковник келген вертолет душман жоокерлери жок кылынган капчыгайлардын бирине келип конгондо гана полковник бул атайын уюштурулган куулук экендигин билди. Башка террористтер менен кошо жансыз жаткан адам Байсеитов Тимур эмес, жөн гана ага окшош адам болчу.

– Чын эле ал эмеспи – генерал кайра сурады.

– Ал эмес, жолдош генерал!

– Анын денесинде кандайдыр бир мүнөздүү белгилер бар беле?

– Далысында Афган моджахеддери менен болгон кагылышуулардын биринде бычак жеген тырыгы бар.

– Далысын көрсөткүлөчү, – генерал атайын багытталган топтун өкүлдөрүнө буйрук берди. Жоокерлер буйрукту күттүрбөй аткарышты.

– Көрдүңүзбү, эч кандай тырыгы жок – полковник ишенимдүү сүйлөдү.

– Тим эле индия киносундай – генерал ачууланды.– Демек, “Түлкүнү” издөө улантылмакчы, “Капкан” иш-чарасын токтотуу тууралуу сөз да болбошу керек. Учууга даярданууга буйрук берип, генерал “Альфанын” башчысын өзүнө чакырды:

– Юра, аткарылган тапшырма үчүн ыраазычылык билдиремин. Сенин жигиттериң абдан жакшы иштеп беришти– генерал “Альфанын” башчысын жана анын жардамчысын сынагандай карады. – Муса, Алмаз, мен силерди түшүнүп турам, силер чарчадыңар, күчүңөр түгөнүп барат. Душмандардын артынан мындай куугунтуктоодон, ал гана эмес, шайтан да чарчайт. Бирок, биз азыр “Түлкүнү” табышыбыз керек. Ошондуктан мен силерге азыр буйрук бербейм, өтүнөм. Суу сактагычка жакын жайгашкан жердин баарын тинтип чыгуу зарыл. Атып түшүрүлгөн душмандарды кайтарууну аскерлерге тапшыр, алар бул жакка келе жатышат. Силер болсо Төрткүл тарапка карай учушуңар керек, вертолетко күйүүчү майды заставадан куюп алгыла.

– Тапшырма аткарылат – командир жооп берди да, өзүнүн жардамчыларына керектүү тапшырмаларды берди. Сегиз мүнөттөн кийин террористтердин денеси жаткан капчыгайдан “Альфа” тобу менен эки вертолет эски достордун балдары – лейтенант Абдрасулов Айдар менен Алымкулов Темирлан– аскердик кызмат өтөгөн чек ара заставасын көздөй учуп чыгышты.

КЕЗДЕШҮҮ

Абдрасулов Айдар жетектеген кайгуул үч сааттан бери чеги таш капчыгайга жеткен тарапты багыттап бара жатышат. Бир нече сааттан кийин алар радиостанция аркылуу кайсы-бир аймакты тинтип чыгуу тапшырмасын алышты. Тапшырма аткарылган соң, чек арачылар заставага кайтып келиши керек эле. Бул топто “Түлкүнүн” уулу Темирлан да бар. Чек арачылар кайгуулунун тутумунан аны “Түлкү” биринчи жолу көргөндөн бери төрт саат өттү. “Түлкүнүн” тобу өтө сактык менен Кыргызстандын аймагына, региондогу эң ири деп эсептелген Төрткүл суу сактагычын карай тереңдеп кирип бара жатты. Албетте, бул суу сактагыч жарылса эки чоң мамлекеттин аймагын суу каптап, көптөгөн имараттар талкаланып, эл арасында баш аламандыкты пайда кылмак. Террористтер дал ушундай гана жыйынтыкты максат кылып коюшкан. Бирок, суу сактагычка канчалык жакындаган сайын, “Түлкү” өзүлөрү даярдаган пландын негизиндеги катастрофанын картинасын ошончолук бат-баттан көз алдына элестетип жатты.

 

– Эс алуу керек! – “Түлкү” буйрук берди. Бардыгы тең таш артына жашынып жайгашышты да, эс ала кетишти. Анын эсеби боюнча, суу сактагычка чейин дагы бир жарым сааттык жол бар. Душман жоокерлери чарчоону сезишкен эмес, бардыгына даяр турушат. Ошентсе да, бул убакыттан пайдаланышып, алар бир аз чырм этип, күч топтоп алышты. “Булар накта префессионалдар – деп ойлонду “Түлкү”.– Мындайлар кыйынчылыктарды да жеңип чыгышат”. Көзүнүн кыйыгы менен эң жаш жоокер Исмаилди карап койду. Ал көзүн жуумп алып, бир нерселерди ойлонуп жаткан. “Балким анын көз алдына жолунда кездешкендердин бардыгын жайлаган суу ташкыны, аялдардын, балдардын кыйкырыгы келип жаткандыр” – деп ойлоду “Түлкү”. Бирок, бул ойлор Исмаилдин эмес, “Түлкүнүн” ойлору эле. “Түлкү” бул тууралуу ойлонбой коё алган жок. Ал көз алдына элестеткендердин бардыгы бүткүл дүйнөлүк топон суу каптоонун фрагменттерин эскертип турду. Бир маалда “Түлкү” өзүнүн эки анжы болуп жаткандыгын, анда эки түрлүү адам, бири– боорукер, аң-сезимдүү, экинчиси – мыкаачы адам жашап жаткандыгын сезди. Байсеитов Тимур Абдувалигеанын өмүрү бир тыйынга да татыбастыгын айтып жатты. Ал кайдадыр-бир жерден жаңылып, башка багытка бет алган. Мындай мүнөттөрдө өзүн таштап койбош керек эле, андыктан ал Байсеитов Тимурдун ойлорун өзүнөн алыс айдады. Өзүнүн экинчи “МЕНин” тынчытуу менен, алыс эмес жерден кимдир-бирөөнүн добушун даана укту. Бадалдын бутагын ийип карап, “Түлкү” алыс эмес жерден чек арачыларды көрө койду. Алардын бири токтой калып, жерди изилдей баштады да, башчысына кайрылды:

– Жолдош лейтенант, бул жактан жакында эле бирөөлөр өтүптүр. Тура калып, бадалдарга көз жүгүрттү да:– Карасаңыз, бул жакта да бутактар сындырылган экен. – ал офицерге суроолуу карады да, көзүн кайгуулдун чек арачыларына бурду.

– Чын эле, ал туура айтып жатат – Темирлан жоокердин айтканын тастыктады. – Жолдош лейтенант, карасаңыз, бул тараптарда да бутактар сындырылган – Темирлан дагы бир табылгасын көрсөттү. Калгандары экөөнү колдогондой болду.

– Сенин оюңча канча адам өттү деп ойлойсуң? – биринчи жылы кызмат өтөп жаткан жаш жоокерге кайрылды лейтенант.

Көзүн ирмебей туруп:– Бештен кем эмес– деп жооп берди да, негедир жүзүн чүйүрүп койду.

– Ишенем. Балким, булар геологдор болуп жүрбөсүн?

– Андай эмес. Геологдор биринин изи менен экинчиси жүрбөйт.

– Ммм де, – офицер ойлоно калды да, байланышчыга штаб менен байланышып, абалды түшүндүрүүгө буйрук берди.

Булардын сүйлөшүп жатышкандарын “Түлкү” да, анын жашынып жаткан жолдоштору да угуп турушту.

– Жакшы-ы. Булардын жанында кубарлар жок экен – деп ойлонду “Түлкү”. Тезинен бир чечимге келиш керек эле. Аларды кармап алуу тууралуу сөз да болбош керек. Алар чек арачылар менен бир жерде кандайча болуп калгандыгын “Түлкү” түшүнө албай жатты. Эсеп боюнча “Түлкүнүн” тобу алардан астыда болуш керек эле. Аларды жараткан тагдыр жолуктуруп жаткандыгын ал түшүнгөн жок. Деги эле, бул турмушта ата менен бала жолугушу керек эле да. Бирок, “Түлкү” азыр алдыдагы аракеттер тууралуу ойлонушу керек. Мындай күтүүсүздүктү колдонуп, ал кайгуулду талкалап жок кылып, кошумча аскер келгенче изин тазалап кетүүнү ойлоду.  Алар жайгашкан абал да бул ойду ишке ашырууга согуш тактикасынын мыйзамы боюнча ылайыктуу эле. Анын үстүнө, “Түлкү” мындай согуш практикасын Афганистандан өткөрүп көргөн. Башынан өткөргөн практикасы согуштан соң, качып изин жашырып кетүүгө тоолуу аймак эң сонун өбөлгө болуп берерин эскертип тургандай.

“Түлкү” чек арачылар тобуна кол салууга даярданууга шарттуу белги берди. Кайгуулдун башчысы лейтенант Абдрасуловду эң биринчилерден болуп жок кылуу керек болду. Эч нерседен бейкапар Айдар белгисиз адамдардын издерин издөөнү уланта берди. “Түлкү” снайпер мылтыгын ага карай багыттады. Азыр анын мылтыгы октолгон болчу жана каалаган учурунда өзүнүн майдандык досунун уулунун өмүрүн кыйып коё алат. Ошентип, анын сөөмөйү мылтыктын мушун ыңгайлата кармап турду. Алгачкы ок чыгаруу “Түлкүдөн” болмок. Эреже боюнча терең дем алып, тынчтанып туруп атыш керек эле. Согушчандар да чабуулга берилүүчү белги болгон биринчи атууну күтүп турушат. Бирок “Түлкү” атууга эрки жетпеди. Чыңалуудан колдору тердеп чыгып, жини кайнай баштады. Ушул маалда чек арачылар рация аркылуу штаб менен байланышып, белгисиз адамдардын издерин байкагандыгын билдиришти. Мындан ары күтүп турууга болбоду. Бирок, “Түлкү” досунун уулун жөн жеринен эле өлтүрүп коё албады. Сөөмөйүн мылтыктын машаасынан алып, жанындагы душман жоокерге офицерди бутага алууга белги берди. Жанындагысы аны дароо эле түшүндү. Өзү болсо башка баланы бутага алды. Ал бала буга чейин наряд заставадан чыгып бара жатканда “Түлкү” шарттуу түрдө атып түшүргөн жаш улан эле. Жигит террористтер жашынып жаткан жерди көрсөтүп, командирине бир-нерселерди айтып жаткан.

– Жолдош лейтенант, чоочун адамдар жүрөт – Темирлан кыйкырууга үлгүрдү.

– Согушка-а! Айдар дароо буйрук берди да, жерге кулап түштү. Октон буйтап кетүүгө Темирланга кандайдыр бир секунда гана жетишпей калды. Өзүлөрүн байкап калгандыгын сезген “Түлкү” өз уулун атып жиберди.

Жарадар чек арачы колун көтөргөн бойдон жерге көмкөрөсүнөн кулап түштү. Ал жерге кулаганча “Түлкү” жаш жооокердин жүзүнөн тааныш белгилерди көрдү. Темирлан да “Түлкүнүн” жүзүн көрүп калууга үлгүрдү. Сүрөттөгү адам аны карап тургандай сезилди. Ошентип, алардын көз караштары чагылыша түштү. “Менин атама окшош экен” – деп ойлоп жиберди Темирлан. Дал ушул мүнөттөн баштап Темирлан үчүн убакыт токтоп калгандай болду. Жай жүрүп жаткан кинофильмдей болуп, анын көз алдынан согуш өтүп жатты. Душмандар жоокерлерди биринин артынан бирин кырып жатышты. Анын жанына ок жеген досу Ильяз да кулап түштү. Ильяздын көзү айнектей ката түштү, өмүрү атылган октой тез эле жалп этип өчтү. Досторунун өмүрү кыйылып жатканын Темирлан карап тура албады. Ал ордунан туруп, аларга жардам бергиси келди. Бирок, анте албады. Көзүнө жаш тегеренди. Акыл-эсин жоготуп бара жатканын сезди, жаны денесинен бөлүнүп чыгып бара жаткандай сезилди да, жеңилдик каптап, тынчтык орун алды. Бир маалда апасынын тааныш силуети көз алдына тартылды. “Апа, апакебай, жардам берчи”, – деп апасын жардамга чакырды.

Эч кандай аралык бала менен эненин ортосундагы табият тартуулаган байланышты үзө албайт турбайбы. Балким, ушул көз ирмемде Аселдин жүрөгүндө бир нерсе үзүлүп кеткендир, ал жалгыз келбес кырсыкты сезип турду. Себеби эне мезгилге жана мейкиндикке карабай өз баласын сезип турат турбайбы!

УУЛУ

Өлүп жаткан жоокерлердин бири да чала жан калып калбасына көзү жетиш үчүн “Түлкү” төмөн түштү. Согуш талаасын аны менен бирге, жанындагылар да карап жүрүштү. “Түлкү” өзү алгач аткан жаш уланды көрө койду да, эңкейип көрүп, жоокер чала жан экендигин билди. Жаралуу жигиттин жанын такыр кыюу үчүн жанына Исмаил басып келди. Бирок “Түлкү” кескин үнү менен Исмаилди токтотту:

– Токто, атпай тур.

Башчысынын буйругуна баш ийген душман жоокери ары басып кетти. Калган душман жоокерлери “Түлкүнү” суроолуу тиктеп, бири суроо узатты:

– Босс, мунун бизге эмне кереги бар, тезинен өлтүрүп, булардын иттери артыбыздан келгенче кетип калалы.

– Жетишебиз – “Түлкү” кескин жооп берип коюп, жарадар жоокерге эңкейип карады. Ал жоокердин башын буруп, жүзүн көрдү. Ошол замат “Түлкү” катый түштү. Бул дал “Түлкүнүн” өзү болчу, бирок, жыйырма жыл мурдагы “Түлкү” эле. “Түлкү” эмнегедир чек арачынын чөнтөгүндөгүлөрдү текшерүүнү чечти, бирок, анын чөнтөктөрү бош эле. Жанындагылар аны шаштырып жатышты. “Түлкү” жоокерди жүрөккө атып өлтүрүүнү ойлоду. Өзүнүн жаш кезин эске салган бул жаш жигиттин жүзүнүн тамтыгын чыгаргысы келген жок. Мылтыктын мушуна сөөмөйүн такап, “Түлкү” атууга камынганда, мылтык сабы катуу нерсеге тийип кеткендигин байкады. Чек арачынын көкүрөк чөнтөгүндө кандайдыр-бир оролгон нерсе бар болчу. Жоокердин чөнтөгүн тинтип, орду менен оролгон конвертти таап чыкты да, аны ачууга ашыкты. Колго жасалган конверттин ичинде бир нече сүрөт бар болчу. Бир маалда “Түлкүнүн” көзү караңгылап, башы айланып, бут алдындагы жер көчүп кетти. Сүрөттөрдүн биринен ал жаш кездериндеги өзүн жана Абдрасулов Болотту көрдү. Бул ошол жыйырма жыл илгерки сүрөттүн өзү болчу. “Бул сүрөт бул баланын колуна кантип түшүп калды болду экен? – деп түшүнбөй жатты.

Душмандар аны кайрадан шаштырышты.

– Эй, командир, тезирээк, тигилердин жардамчылары келгенче, өлтүрүп сал алдагы баланы – деп таджиктердин бири автоматынын кундагын жарадарга карай мээледи.

– Токтот. Мен аны өзүм өлтүрөм. Менин буйругумсуз эч кимге тийбегиле.

Душмандардын бардыгы “Түлкүнү” таңкалып карап калышты.

– Муну дагыбы – деп, офицерди көрсөтүштү.

– Офицер тирүү болчу. Ал булчуңунан гана жаракат алган. Октун оорусунан эсин жоготкон лейтенант эми эсине келген. Ал Айдар болчу.

– Ага дагы менин буйругумсуз тийбегиле.

– Бул учурда жарадар болгон Темирлан көзүн ачып, бет маңдайынан “Түлкүнүн” жүзүн көрдү. Бул ага көрүнчүдөй сезилди. Аны баягы өзү көкүрөк чөнтөгүндө сактап жүргөн сүрөттөгү адам карап турат.

– Сиз кимсиз? – жарадар жигит суроону араң узатты.

– А сен өзүң кимсиң?

– Мен Темирланмын – анын көзү караңгылап, араң жооп берди.

– А мен Тимурмун – “Түлкү” жарадарга карай эңкейип, сүрөттү ага көрсөттү:

– Бул сүрөттү сен кайдан алдың?

– Апам берген.

– Эмнеге?

– Бул сүрөттөгү адам менин атам деген.

– Сенин апаң сага эмне дегенин билбейм, бирок ал сүрөттөгү менмин.

Узак тыныгуудан соң, жарадар жигит болгон күчүн жыйнап:

– Демек, сиз менин атамсыз – деп жооп берип, эсин жоготуп койду.

Бул билдирүү “Түлкүнүн” эсин эки кылды.

– Кантип, сенин атаң? Менин балам жок – деп кыйкырды “Түлкү”. Бирок, жарадар жоокер унчукпады.

– Ооба, бул сиздин уулуңуз – деген жаш офицердин үнүн “Түлкү” артынан укту. – Шектенбеңиз, ал сиздин уулуңуз.

“Түлкү” бурулуп карады. Анча чоң эмес ташка жөлөнүп, араң эсине келген лейтенант отурат.

– Сен, Болоттун уулусуң го?

– Ооба.

– Сен дагы атаң сыяктуу “жолдуусуң” го. Өлбөптүрсүң.

– Сиз сыяктуу да жолдуумун.

– Айтчы, бул жигит эмне себептен “сенин уулуңмун” деп жатат? “Түлкүнүн” көзү кызарып, чыдамсыздык менен жооп күтүп калды.

– Себеби, ал Сиздин уулуңуз. Анын апасынын аты – Асел. Сиз аны жыйырма жыл мурун таштап кеткенсиз.

– Мындай болушу мүмкүн эмес?! – “Түлкү” акыл-эсинен ажырап бараткандай болду. – Апасынын аты ким дейсиң?

– Асел – Темирлан өзү жооп берди. Ушул бир гана сөздү айтууга араң чамасы жеткен Темирлан, кайрадан эсин жоготту. “Түлкү” кайрадан сүрөттү тиктөөгө аргасыз болду. Бул чындык эле. Майдандаш достор түшкөн эки сүрөттүн бири бир гана ургаачыда болушу керек. Бул сүрөттү ал Афганистандан почта аркылуу Аселге жөнөткөн эле. Сүрөттүн артында анын кол тамгасы бар экенини эстей койду да, сүрөттүн артын карады: “Сүйүктүүм үчүн Тимурдан” деген өзү жазган саптарды окуду. Өзүнүн кол жазмасынын жанынан кичине баланын колу менен жазылган “Бул менин атам” деген жаңы жазууга көзү түштү. Күмөн саноонун бардыгы четке кагылды. “Түлкү” өз өмүрүндө бардыгын күткөн, бирок, тагдырынан дал ушундай бурулушту күткөн эмес эле. Ал аргасыздан көзүн жумду. “Түлкү” ата болгонун түшүнгөндөн бери кылым өткөндөй сезилди. Бирок, анын акыл эсинде анын тукумун улоочу адамы бар экендиги, ошол тукум улоочусу – бул жараланган жигит экендиги сыйышпай жатты. Бул узак убакыттар бою ал уулу тууралуу эч нерсе билбегендиги ага абдан катуу тийди. Уулу бар экениги тууралуу билбеген, ал гана эмес анын дүйнөдө жашап жаткандыгы тууралуу бейкапар болгон “Түлкү” эми минтип уулу менен жолугушар  замат, андан ажырап каларын да билди. Ал гана эмес өз уулунун канкору, жан алгычы өзү болору оюна да келген эмес эле. Бир гана ушул ойдон анын бут алдындагы жер көчүп кетти. Жарадар уулунун алдына тизелеп жыгылып, жүзүн тигиле тиктеп, калтыраган үнү менен:

– Мени кудай жазалады. Сени өлтүрүү менен мен өзүмдү өлтүрдүм… Бейтааныштын каргышы тийди… – деп жиберди.Бул сөздөрдөн кийин “Түлкү” жыйырма жыл мурдагы окуяны эсине түшүрдү: Ал күнү “Түлкү” мекеме тапшырган биринчи тапшырманы аткарган эле.

Ошол каргашалуу күнү ал террористтик акт уюштурарына күмөн санаган да эмес. Батыш Европанын шаарларынын бириндеги метрополитенде жардырууга даярдануунун кесепети аны түйшөлткөн жок. “Түлкү” үчүн акыл-эсинен башканын баарын бүт тарттырып жиберген адам эмнеге гана жөндөмдүү экендигин бүткүл дүйнөгө көрсөтүү гана зарыл болчу, ошону менен ал өз миссиясын аткармак. Бирок, буга чейин “Түлкү” өзү үйрөнгөнүп алгандай жарылчу каражатты өз колу менен жасап чыгышы керек да, аны алып барып, пландалган орунга орнотушу керек болчу.

Арзан мейманкананын номерлеринин биринде отуруп, “Түлкү” дагы бир жолу  өткөн өмүрү тууралуу жалгыз эстелиги болгон “Полёт” маркасындагы саатын карап койду. Саат төрткө он беш мүнөт калыптыр. Теракты уюштуруунун эң ыңгайлуу мезгили– саат беш-алты чендер. Саат бештен кийин метродо эл абдан көп болот. Убакытты текке кетирбестен, “Түлкү” өзүнүн тозок алып келчү машинасын чогултууга киришти. Чачылган түрүндө ал бир килограммдык жарылгыч заттан, электродетонатордон, батареядан жана саат механизми – таймерден турчу. Талкалоо күчүн күчөтүү үчүн “Түлкү” мык менен болтторду да колдонууну чечти. Бул компоненттердин баарын ал ар башка адамдардан алган. Алар кимдер, кайдан келишкен, ага баары бир болчу, билүүнүн зарылдыгы да жок эле. Алар менен ал түрдүү жайлардан жолугушкан да, жолугушуулары беш секундага жетпеген мезгилди камтыган. Оромолдорду өткөрүп берүүгө ушул эле убакыт жетиштүү болгон.

Өзү колго жасаган жардыргыч затты чогултуп, ишке киргизүүнү ал көзүн жуумп алып деле ишке ашыра алат. ХХ кылымда пайда болгон бул коркунучтуу өнөрдү ага душмандарды даярдоочу лагерлердин биринде үйрөтүшкөн. Он беш мүнөттөн кийин бул тозок алып келчү машинасы даяр болду да, аны тери сумкасынын түбүнө аярлап салды. Үстүн спорт костюму, анын үстүн бокс мээлейи менен бастырып койду. Алтыга он беш мүнөт калганда жүргүнчүлөр арасынан өзгөчөлөнбөй, машыгуудан келе жаткан адамча метрополитенге кирди. Метрополитенде коопсуздук системасы болгонуна карабай, “Түлкү” үчүн андан байкатпай өтүп кетүү кыйынчылыкты туудурган жок. Перронго чыкты да, күтүп жаткан топко аралашып кетти. Бир нече мүнөттөн кийин платформага кезектеги электричка келип токтоду. “Түлкү” башка жүргүнчүлөр менен бирге ортоңку вагонго кирди. Бош орунга отуруп алып, вагон ичиндеги жүргүнчүлөргө көз чаптыра баштады. Бул адамдар эмгек күнү аяктап, үйүнө чарчап кайтып келе жатышкан түрдүү диндеги, түрдүү улуттагы адамдар эле. Арасында ар түрдүү мүнөздүү, улгайгандар да, түрдүү кесиптеги жаштар да бар. Бир нерсени кызыктуу талкуулап келе жатышкан студенттер өзгөчө бөлүнүп турат. Кимдир-бирөө ылайыктуу жайгашып алып, МП плеердин кулакка таккычы аркылуу чыккан музыканын артынан акырындык менен ырдап бара жатты. Орто жаштагы көпчүлүк жүргүнчүлөрдүн айрымдары гезит окуп отурушса, айрымдары терезени карап алып, тынчтык мүнөттөрүнө кумарланып отурушат. Булардын бардыгын бир гана нерсе бириктирип турат – алар өз түйшүктөрү, кубанычы жана кайгысы бар жөнөкөй гана адамдар эле. Алардын эч кимиси жакынкы мүнөттө өмүрлөрү кыйыларын ойлоп да коюшкан жок болчу.

“Түлкүнүн” бет маңдайында төрт-беш жашар уулун тизесине алып, аял отурат. Коюу көздүү наристе апасынын кулагына шыбырап, “эмне үчүн”, “эмне себептен”, “эмнеге” деген сыяктуу суроолорду берип тажатып келе жатат. Бир маалда “Түлкү” менен аялдын көздөрү чагылыша түштү. Бейтааныш аял тааныш адамындай ага жылмайып койду. “Түлкү” да ага жылмайып жооп берди да, терезеге бурулуп кетти. Бирок, анын жылмаюусу табигый эмес, жасалма болуп калды. “Түлкүнүн” жан дүйнөсү  тынчсызданып, өз аракетине ишенбестикти пайда кылды. Башын силкип жиберип, оюн куугандай болду да, көз ирмемдик алсыздыкка алдырып жибербөө аракетин жасады. Бир маалда баягы наристе ага эки колун сунуп, анын алдына отурууга сурангандай болду. “Түлкүнүн” жан дүйнөсү дагы бир жолу толкундап алды. Бул ага тааныш эмес сезим эле. Балким, бул аталык сезимдир. Мындай сезимден такыр кутулуу үчүн “Түлкү” ордунан ыргып турду да, башка вагонду карай бет алды. Ал жакта жүргүнчүлөр аз болчу. Бош орунга отуруп, ал эч кимге байкатпай жардыргыч салынган сумкасын отургучтун алдына жылдырып койду. Анын алдында ал демин терең чыгарып туруп, таймерди иштетип койгон эле. Ошентип, колго жасалган жардыргыч өзүнүн иш абалына келди. Ошол учурда  ал өзүнүн кайра артка кетүүчү эсебин коё бергендигин ойлогон жок. Эки аялдама жүргөн соң, “Түлкү” вагондон түштү да, перрон аркылуу эскалаторго багыт алды. Ал бардыгын так эсептеген эле: ал түшүп калган электричка сегиз мүнөттөн кийин башка станцияга келип калат да, дал ошол маалда жарылуу болот. Уюштуруу эмиссарынын инструкциясы боюнча, ал таксиге отурду да аэропортту карай багыт алды. Ал жакта ал үчүн жаңы паспорт жана Азия өлкөлөрүнүн бирине авиабилет даяр турган. Бирок, эмнегедир ал акыркы мүнөттө ойлогон оюнан баш тартып, таксистти кайра артка кайрылууга өтүндү. Жан дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын “Түлкү” өзү да түшүнбөй, аны кимдир-бирөө ичинен түрткүлөп жаткандай болду. Жарылуудан кийин эмне болгонун көргүсү келип, буйрукту бузуп, артка кайрылды, демек, өзүн да, уюмду да коркунучка калтырды. Такси метрого келип токтогон кезде, ал жакта түшүнүксүз нерселер болуп жаткан. Кыймыл токтоп калган. Метродон коюу түтүн чыгып, иске уулугуп, айрылган, канга жуулган кийимчен адамдар баш аламан чуркап чыгып жатышты. Бир нече мүнөттөн кийин көчө өрт өчүрүүчү жана сактоочу машиналарга толуп калды. “Түлкү” таксинин айдоочусу менен эсептешип коюп, коюу түтүн чыгып жаткан метрого бет алды. Аны көздөй баш аламан адамдар чуркап келе жатат. “Түлкү” качандыр-бир жолу “Помпейдин кыйрашы” деген картинаны көргөн эле. Бул окуя экинчи Помпей болчу, бирок андан да коркунучтуураак, андан да ырайымсыз. Бир маалда саатын карады. Мезгил токтоп калгандай сезилди. Адамдардын онтогонун да, кыйкырган үндөрүн да укпай калгандыгы кызык болду. Сактагыч, өрт өчүргүч техникаларынын жаңырган коңгуроосуна, жарадар жүргүнчүлөрдүн кыйкырыгына карабай, ага тынчтык орун алгандай сезилди. Тезинен бул жерден кетиш керек болду. Бирок, анын буттары баш ийбей жарылуу болгон жакка алып бара жатты. Жер алдынан кетчү жолдун чыга беришинде накта баш аламандык болуп турган, бирок бул көргөндөрүнөн “Түлкү” кебелген жок. Себеби Афганистандан ал мындан да коркунучтуу кан төгүлүүлөрдү, жарадар жоокерлердин азабын көргөн эле. Бир маалда метродон каны куюлуп агып жаткан аял чыгып бара жатканын байкады. Анын кийимдери бүт тамтыгы жок тытылган эле. Колунда кичине баланы көтөрүп алган. Баланын денеси “Түлкү” жасаган өлүм машинасынын мыктары  жана болттору менен сайылган. Баланын жансыз колу шалактап барат. Аял тизелей жыгылып, уулунун денесин көкүрөгүнө кысты да, уулун дагы эле тирүү деп ойлоп: “Уулумду сактап калсаңыз, уулумдун өмүрүн сактап калсаңыз” – деп, шыбырады. Бир маалда аял уулунун жаны жок экендигин, эми ага эч бир күч жардам бере албастыгын  түшүндү да, кан жууган бетин асманга буруп: “Уулум өлүп бара жатат, жардам бергилечи!” деп аянычтуу кыйкырды. Анын көзүнөн жан дүйнөнү козгогон азапты көрүп, “Түлкү” чыдай албай бурулуп кетти. Жан дүйнөсү сыздаган аял: “Ушул азапты жасагандарга наалат. Алар эч качан өз балдарын көрбөй калсын, тозок отунда күйүшсүн” – деп, кыйкырып жатты. Бир маалда ал “Түлкүнү” көрө коюп, колу менен аны көрсөтүп, бир нерсе айтканга аракет кылды. “Түлкү” аны тааныды, бул электричкада баласы менен ага жанаша отурган аял эле. Электричканы жардырып, уулунун өмүрүн кыйган дал ушул “Түлкү” экендигине көзү жеткен аял, аны колу менен кесе көрсөтүп кыйкыра берди. Бирок, мындай баш аламандыкта ага көңүл бурган жан болбоду. Аял уулун көкүрөгүнө акыркы жолу бекем кысты да, “Түлкүнүн” көзүн тикирейе карап туруп: “Өз уулуңду көрбөй кал” деп шыбырады. Уулун көкүрөгүнө бекем кыскан боюнча эсинен танып жыгылды.

“Сен мени каргасаң да, каргабасаң да баары бир, менин балам жок”– деп “Түлкү” белгисиз бирөөгө кебелбей жооп берди да, басып кетти.

Ошол учурда ал өч алуучу күн келерин сезген эмес. Бир топ жылдардан кийин Баткен тоолорунда минтип ошол аялдын каргышы тийип отурат. Жарадар Темирланды карап туруп уулу аркылуу баягы жардырууда өлгөн кичине бала тирилип келгендей сезип кетти. “Түлкү” башын мыкчып, баягы апасы каза болгонун укканда кыйкыргандай, жырткычча улуп жиберди. “Түлкү” азыр гана баягы аялга кандай азапты алып келгендигин түшүндү. Анын азабын өз денесинде татып көрдү. А азап ушунчалык чыдагыс эле. Физикалык азап чегине жеткенде, адам баласынын мээси акыл эсти токтотуп коёт да, түшүнүксүз абалга алып келет. Жан дүйнө оорусу үчүн бул мыйзам иштебесин “Түлкү” билген эмес. Жан дүйнөнүн азабы чексиз болуп, мындай азапка чыдабай бараткан “Түлкү” өз жүрөгүндө баягы аялга жалбарып, суранды:

– Кечир мени, кечир! Мен сенин наристеңди өлтүргүм келген эмес. Мен сенден суранам, өтүнөм, уулумду менден ажырата көрбө. Сенин уулуңдун өмүрү үчүн менин өмүрүмдү ал, мен дагы ошол тозок отуна күйөйүн…

Анын суранычы ошол аялга жеттиби, же жеткен жокпу “Түлкү” билген жок. Балким, ал аял же алган жараатынан, же уулуна болгон кусадан каза тапкандыр. Бул тууралуу ал мурда эмне үчүн ойлонбоду экен? Эгерде ал аял каза болгон болсо, эми анын каргышын ким тазалап берет? Ушул ойлор анын жан дүйнөсүн тытып жиберип, Темирланды аянычтуу карады. Бул маалда уулунун жүзү токтоо тартып калган эле. Адам жүзүнүн мындай абалы “Түлкүгө” тааныш болчу. Афган жергесинде анын майдандык досторун ажал дал ушинтип алып кетчү.

– Өлө көрбө, өзүңдү карма, ажал менен күрөш…? – деп жалдырай баштады. Бирок, анын сөзү уулуна угулган жок. “Түлкү” көзүн жуумп, үнсүз  сыздап турду. Тамагы буулуп, дем жетпей баратты. – Уулумдун жаны чыгып баратат, сактап калчы – деп, ал жаратканга жалынды да, көзүн ачып– Өлбө балам, суранам сенден, өлбөчү!.. – деп күчүнүн барынча кыйкырды.

Анын аянычтуу ач кыйкырыгы тоодо жаңырык болуп жаңырды да, айлананы тынчтык каптады. Дал ушул тынчтыкта “Түлкү” бүркүттүн шаңшыганын даана укту. Бул дагы азапка баткан карыган куштун кыйкырыгы эле. “Куш дагы да азапка түшөбү?” – деп ойлоп койду “Түлкү”. Өз уулунун жан алгычы болгон соң, ал үчүн бардыгы бүттү деп чечти. Бирок, өз бактысына, “Түлкү” жаңылып жаткан.

Бүркүттүн үнүн уккан сымал, Темирлан көзүн ачты. Балким, Темирландын жан дүйнөсү заматта бир топ азапка бата түшкөн атасын аяп кеткендир.

– Мен, чын эле, сизге окшошмун, ата – кыйналганын сездирбей, атасына жылмая сүйлөдү. Байсеитов Тимурду буга чейин эч ким “ата” деп атаган эмес. Дал ушул учурда “Түлкү” ата менен баланын жан дүйнөсү биригип, бирдиктүү боло калганын сезди. Дал ушул мүнөттөр үчүн “Түлкү” өз өмүрүн берүүгө даяр эле.

Террористтер болсо алардын башчысына эмне болгонун түшүнбөй таңгала карап, аны шаштыра башташты.

– Аны эмне аяп жатасың, итти атып өлтүр, ошону менен иш бүтөт, анын тантыраганын угуп кереги барбы? Азыр бул жерге атайын даярдалган аскерлер келип калат.

“Түлкүнүн” мээсинде “Кайсы тантырак!” деген сөз жаңырып турду. – Булар – ата менен бала. Болуп жаткан окуяга ишенбеген “Түлкү” – акылынан адашкан го”, – деп ойлонуп койду.

Бул баланы өзүбүз менен кошо алабыз, тигилерден сактанганга кереги тиет – деди да, жарадар уулун артына көтөрүп жөнөдү. Бир нече кадам алдыга жылган соң, бул абалында уулу көпкө, эки сааттан ашык жашабасын түшүндү. Мындай жаракат алган жоокерлер Афганистанда бир сааттан ашык жашабагандыгын эстеди.

– Ал эми мунусун эмне кылалы? – деп, Айдарды көрсөтүп турган Исмаилдин сөзү “Түлкүнү” эсине келтирди.

– Аны эмне кылсак – деп, акыл эсин башкара албай калган “Түлкү” өзүнөн өзү сурады. Бул абалдан чыгуунун амалын ойлой баштады. Мындай  жүк эч кимге керек эмес эле, андыктан эртеби, кечпи бул эки баланы тең атып өлтүрүшү керектигин “Түлкү” түшүндү. Тандоо мөөнөтү келип: “Бул эки жоокер тең тирүү калсын. Буларды биз бул жакта калтырып, өз жолубузду улайбыз” – деген “Түлкүнүн” чечими, жанындагыларды таң калтырды.

– Сен эмне, жинди болуп калгансыңбы? – террористтердин бири ага катуу тийди.

– Жок, бирок менин шартым ушундай – “Түлкү” да катуу жооп берди. Террористтер ары барып кеңешип алууну чечишти. Ал эми жарадар болгон Темирлан онтоп жатты, акырындык менен өмүрү аягына чыгып бара жаткан эле. Тез жардам зарыл болчу. “Түлкү” кеңешип жаткан террористтерден көзүн албай туруп, жарадар болгон Айдарга көзү менен белги берди. Бул белгини Айдар айттырбай дароо түшүндү. Уулунун өмүрү үчүн  “Түлкү” досторун кырып жок кылууга даяр болду.

– Анан дал ушундай болду. Душмандар ок каяктан жаап жатканын түшүнө албай калышты. Жети адамдан турган душман тобу Баткен жергесинде түбөлүк жатып калды. Күтүүсүз болгон окуядан эси оогон жол көрсөтүүчү гана “О-о, кудай, эмне болуп кетти” деп сүйлөнүп жатты. “Түлкүнүн” жана Айдардын террористтерди атып жок кылган мылтыгынан гана түтүн чыгып турду. “Түлкү” Темирландын жаракатын таңып бүтүрдү да, уулунан агып жаткан кан, анын да каны экендигин түшүндү.

Бактыга жараша, ок өмүр үчүн коркунучтуу жерге тийбептир. “Түлкү”өз баласынын жан алгычы болбогонуна Кудайга ыраазычылык билдирди. Бирок, уулунун өмүрүн сактап калуу үчүн тез жардам керек эле. Уулунун жаракатын таңып бүтүп, лейтенантка жардамга келди.

– Мындан ары сиз эмне кыласыз, – лейтенант аны суроолуу тиктеди.

– Эмне кылмак элем, уулумдун өмүрүн сактап калам.

Чек арачылардын радиостанциясын колуна алып, тумблердин иштешин текшерип көрдү да: “Көңүл бургула, мени угуп жаткандар, жооп берсеңиздер, жооп бериңиздер” – деп кайрылды. “Түлкү” Афганистанда мындай моделди далай жолу колдонгон эле. Аны менен иштөөнү беш колундай билчү.

– Өзүңүздүн жашыруун атыңызды айтыңыз, – деген үн чыкты кулакка тагуучу аппараттан.

– Менин жашыруун атым – “Жолдуу”. Мен – Советтер Союзунун Социалисттик Республикасынын Коргоо Министрлигинин 40 аскер бөлүгүнүн атайын даярдалган өзгөчө батальонунун гвардий сержанты Байсеитов Тимур – жарадарларды эвакуациялоону сураймын.

ЭПИЛОГ

Капчыгайда вертолеттун үнү чыгардан мурун “Түлкү” уулунун жанына жатып, аны бекем кучактап алып, жытына тойбой жатты. “Өз балаңдын жыты кандай таттуу”– деп ойлонду көзүн жумуп жатып.

– Мени кечир, уулум, кечир! – уулунун кулагына шыбырады.

– Атаке, мен сизди абдан көпкө издедим – Темирлан кыйналып жооп берди.

– Кечир, кечир!

– Апам сизди өмүр бою күтүп келди. Ал сизди гана сүйөт…

– Менин сүйүктүүлөрүм, мени кечиргиле…

– Кечирим сурабаңыз, ата.

– Кыйналып жатасыңбы, уулум?

– Азыр эми кыйналган жокмун. Оору сезилбей калды.

– Вертолет учуп келе жатат, чыда, уулум. Сен өлбөйсүң.

“Уулуңдун кыйналып жатканы сен үчүн да кыйын турбайбы, көрсө” деп ойлонду “Түлкү”. Бир сааттан ашык эмес убакыт гана көргөн уулун, ал эми кайра кайрылып эч качан көрбөстүгүн түшүнүп турду. Ушул маалда “Түлкү” көкүрөгүндө өйүп жүргөндөрүнүн бардыгын, азабын, өз бактысын өз колу менен кыйратканын жана башка ушул сыяктууларды уулуна айтып бергиси келди. Бирок, убакыт абдан тар эле.

Бирин-бири жашырган эки вертолет таш капчыгайга кирип келди. Алардын биринде  “Альфа” тобу, экинчисинде – генерал Кулназаров, полковник Абдрасулов жана контрчалгындын офицерлери бар. Багыт катары “Түлкү” колго жасап, сайып койгон ак желектин жанындагы жарадарларды учкучтар дароо байкашты. “Түлкү” уулун акыркы жолу кыса кучактады да:

– Атаң начар адам экен деп ойлобо. Качандыр-бир учурда, кай-бир жерден байкоосуздан жаңылып алгам да, башка жолго түшүп кеткем. Сен менин катамды кайталай көрбө, – деп өтүндү.

Абдрасулов вертолёттун иллюминатору аркылуу “Түлкү” жарадарлардын жанынан кетип, жардын жаракаларына кирип кеткенин көрдү. Жарадарлардын бири, анын уулу, таякка таянып туруп, учкучтарга вертолет конуучу орунду колу менен көрсөтүп жатты. Полковниктин жүрөгү жеңилдей түштү. Себеби анын уулу тирүү болчу. Мындай жеңилденүүнү ал буга чейин такыр сезген эмес. Балким, Афганистандан тирүү кайтып келгенде гана ушундай абалда болгондур. Азыр эң негизгиси артта калды. Жарадарларды эвакуациялоо башталып, “Түлкү” эч жакка кача албай калды. Ушул учурдан пайдаланып “Альфа” тобунун башчысы “Түлкү” жашырынган аска жаракаларын курчоого алууну буйрук берди. Тешиги бар аска жылчыгы дал ушул жерде болчу. Генерал “Альфанын” башчысына буйрук берди:

– Аны колго тирүү түшүрүү керек. Өз жоокерлериңди периметр боюнча жайгаштыр.

– Жарайт.

– Болот, сен болсоң, аны менен сүйлөшүүгө барасың. Менимче, ал сени гана угат.Узак убакыттык ажырашуудан соң, эки достун кездешүүсү ушундай болмок беле? Ал экөө тең кездешүүлөрүн башкача элестетип, башкача ойлоп жүрүшпөдү беле. Алар бир гана нерсени түшүнүшкөн, жолугуулары такыр башкача болмок. Эски достор жардын кырында турушту. Алар бирин-бири душман сезишкен жок. Кучакташып алып, Болот менен Тимур бирин -бири  тиктеп турушту. Эң негизгиси, алардын бири-бирине болгон жек көрүү сезими жок эле. Алар көпкө чейин көздөрү менен сүйлөшүп, биринин оюн экинчиси айттырбай сезип турушту. Анан, унчукпастан экөө баягы кездегидей, дембелди жана келечектеги жарык турмушту күтүп жаткандай, бир тамекини тегерете тартып чыгышты. Алыстан карап тургандарга эки дос өткөн-кеткендери тууралуу сүйлөшүп жаткандай сезилди. Тоо арасында жашыруун түрүндө “Түлкүнү” бутага алып турган атайын багыттын снайперин эсептебегенде Болот менен Тимурдун ортосунда экөөнү бөлүп турган тосмо жок эле.

Ошентип, экөө унчукпай отуруп, тамекини тартып бүтүрүштү. Бир маалда Болот “Чынгысхан” кинофильминен Темуджиндин жоокерлери анын досу жана душманы Джамуханы кармап алып анын алдына алып келгенин, алар бирге отуруп алып өткөн-кеткендерди эстеп, Чынгысхан досун баш ийип берүүсүн суранган эпизодду эстеди. Бирок, Джамуха өлүмдү тандап алган. Болот дагы анын досу өлүмдү тандап алганын түшүндү.  Бирок, ажалды тандоонун алдында “Түлкү” досуна суроо узатты:

– Уксаң, тиякта биздин балдар кандай жүрүшөт, баягыдай эле он бешинчи февраль “афганчылар” күнүндө жолугушуу өткөрөсүңөрбү?

– Ошондогудай эле чогулабыз, бирок убакыт өткөн сайын катарыбыз суюлуп баратат. Жыйырма жыл аралыгында бизден афгандагыдан да көп адам “өтүп кетти”. Айрымдары – жан дүйнөсүнүн оорусунан каза тапса, кээси оорудан каза табышты. Билесиңби, бул согушту бардыгы эле көтөрө албайт экен.

– Ооба, туура айтасың, бардыгы эле көтөрө алышкан жок. Фрунзеде интернационал-жоокерлерге эстелик тургузушуптур, уктуңбу? Ал жакка барып, жоокерлерге таазим эте албай калдым. Сен ушул вазийпаны мен үчүн аткарып койчу. Баса, Мукаш кандай жүрөт? Аскердик чыныгы дос ошол болчу. Эсиңдеби, тарых мугалими болууну кыялданчу эмес беле. Ал азыр тирүүбү?

– Тирүү, мугалим болуп иштеп жүрөт. Бирок, анын жан-дүйнөсү жабыркап калган. Ага азыр абдан кыйын болуп турат.

– Эмне болду эле?

– Уулу наркоман болуп кеткен. Жакында мага келип кетти. Жардам сурайт. Уулумду сактап кал дейт. Кеч киришип калбадыбы. Уулу героинге такыр эле отуруп калды. Баткенге учуп кетердин алдында, көзү көгөрүп келиптир.

– Эмне болуптур?

– Уулу акча талап кылып, коюп жибериптир. Сайыныш үчүн үй ичиндегилердин баарын сатып бүттү дейт. Кыргызда уулу атасына качан кол көтөрчү эле? Кайда бара жатабыз, өз балдарыбызды манкурт кылып баратабыз. Келип, көпкө ыйлады. Мен аны эч качан мындай абалда көргөн эмесмин. Бирок, бул жолу… Эң коркунучтуусу, ал баласын бул жолу такыр жоготуп алды окшойт. Уулу тирүү болсо да, жан-дүйнөсү жок. Биздин досубуздун башында ушундай азап турат.

Болоттун бул сөзү “Түлкүгө” катуу тийди. Ал досунун сөзүнүн төркүнүн түшүндү. Бул азапка өлкөгө XXI кылымдын манкуртунун баш кийимин, ак өлүмдү тараткан анын чет өлкөлүк досторунун да тиешеси бар болчу.

– Кээде мага Афганда жүргөн учур жеңилирээк болгондой сезилип кетет – башын жерге салып, күнөөлүү жооп берди “Түлкү”.

– Анда сен башка болчусуң.

– Мезгил да башка болгон.

– Мүмкүн. Бирок, сага мен бир гана нерсени айта алам, Тимур. Эгерде сен чындыкты билгиң келсе, ал биз үчүн бирөө гана. Биз Афганистанда бекер кан төккөн жокпуз. Мейли, бардыгы билишсин, биздин жоокер досторубуздун, ошол гүлдөп турган жапжаш жигиттерибиздин өмүрү бекер кыйылбаган, алар тынчтык үчүн, азыркыдай терроризм, биздин балдарыбыздын жаш өмүрүн кыюучу ак өлүмдүн таралышы болбошу үчүн өмүрлөрүн беришкен. Сен абдан жакшы билесиң, Баткен жергесине эл аралык террористтик душмандар кирип келгенде, биринчилерден болуп биз, афганчылар бир муштумдай биригип, биринчилерден болуп эл-жерибизди коргоого турганбыз. Себеби, биз согуш эмне экендигин өз көзүбүз менен көрүп, өз жонубуз менен сезип калганбыз. Мекен баасын толук түшүнөбүз. Ошол учурда сен гана биздин катарда жок элең. Сен бизди сатып кеттиң, андыктан мага абдан оор болду. Кечирип кой, бирок мен сага башка эч нерсе айта албайм, “бача”…

Афган жергесинде жоокер достор бири-бирин дал ушинтип аташчу жана бул алардын жоокердик достугунун эң бийик баасы болчу. Болоттун жан дүйнөсүнүн тереңинен чыккан акыркы сөз жоокер досу үчүн өкүм катары болду. “Түлкү” өзүн актагыдай эч бир сөз таба албады, балким, актануунун да кереги жоктур. Аны акыркы сөз күтүп турду.

– Туура айтасың, мени кечирүүгө да, актоого да болбойт – басыңкы үн менен баштады “Түлкү”. – Мен бир гана нерсени айта алам, аталык сезим ушунчалык таттуу болорун эч качан ойлобоптурмун. Эгер мен ушул жол менен кетпегенде, бактылуу адамдардын бири болмок белем. Бүгүн мен бир нерсени түшүндүм: эч нерсе жана эч кандай дин террорду актоого акысы жок. Бардыгына сурак бар экен. Сен болбосоң да, сенин жасаган иштериң үчүн балдарың жооп берет тура. Ошондуктан, жер бетине жакшылыктын үрөнүн сээп, багуу керек. Мени кечирип кой, досум. Мен качандыр бир мезгилде каар жолуна түшкөнүм үчүн элимден кечирим сурайм…

Бул сөзүнөн кийин “Түлкү” унчукпай калды.

Бир маалда полковниктин алдында жөнөкөй гана адамдык чындык ачылды. Бардыгыбыз адамбыз, жаңылбаган адам болбойт. Мейли падыша болсун, мейли хан же император, же жөнөкөй адам болсун, бардыгы азап чегишет, достошот, сүйүшөт, ажырашат. Ал гана эмес, шайтанга жанын саткан “Түлкү” да адамгерчилик – адам баласынын эң баалуу сапаты экендигин түшүндү. Бир маалда полковник досу ажалды токтоо кабыл алышына шарт түзүү үчүн бир нерсе жасагысы келди. Ал спутник телефонун колуна алып, Аселдин Ысык-Көл башкармалыгынан алган номерин терди. Болоттун кимге телефон чалып жатканын түшүнгөндөй, “Түлкү” ыраазычылык менен телефонду колуна алып, баягы тааныш назик аял үнүн укту. Өзүн токтотуп, акырын сүйлөдү:

– Саламатсыңбы.

Ага жооп келгенче кылым өтүп кеткендей болду.

– Кайдасың, кандай жүрөсүң? – Асел тааныш үнгө жооп берди. Анын үнүн угууну күтүп, канчалаган азаптуу жылдарды өткөрдү! Ал  экөө эч качан ажырашпагандай сезилип кетти. Ортодо жыйырма жыл болбогонсуп кеткенсиди.

– Жакшы. Өзүң  кандайсың? – “Түлкү” араң жооп берди  Аселдин үнү жоголуп кетчүдөй коркуп, көзүн жумду. “Түлкү” баягы алыскы Ысык-Көлдүн жытын кайрадан сезди. Ал жыт баласынын таттуу жытын эскертип турду.. Ушул жыт көл жээгинде төрөлгөндөрдүн бардыгына сиңип калат окшобойбу… Ошол көлдүн толкундары аркылуу алыстан анын жалгыз жана улуу сүйүүсүнүн үнү назик угулуп турду.

– Сенин уулуң бар. Сен аны билишиң керек. Уулуң азыр Мекен чегинде аскер кызматын өтөп жүрөт.

– Билем. Мен аны көрдүм.

– Эмнегедир жаным жай таппай турат. Ал кандай жүрөт, бардыгы жайындабы?

– Бардыгы жайында – “Түлкү” калп айтууга мажбур болду. Ал өз уулунун жан алгычы болуп кала жаздаганын Аселге кантип айтмак эле. Уулунун өлүмү Асел үчүн өлүм жазасына тете болуп калбайт беле.

– Кудайга шүгүр! – Аселдин жүрөгү ордуна келгендей болду. Тимурдун жан дүйнөсүндө азыр эмне болуп жаткандыгын сезбеген Асел – Кимге окшош экен? – деп суроо узатып койду.

– Мага окшош экен, бирок көздөрү – сеники.

– Аны менен сүйлөштүңбү?

– Сүйлөштүм. Ал үчүн сага ырахмат. Сен аны накта жигит кылып тарбиялаптырсың – ыраазычылык менен жооп берди.

– Качан келесиң?

– Билбейм. Эгерде көрүшпөй калсак, мени бардыгы үчүн кечирип кой. Мен сени дайыма сүйчүмүн. Сен – менин жалгыз жана түбөлүктүү сүйүүмсүң…

Телефондон шык эткен үн угулуп, байланыш үзүлүп калды. Тынчтык өкүм сүрдү. Бир гана алыскы космос мейкиндигинде спутник орбитасында байланыш жаңырык болуп уланып, “Сүйөм, сүйгөм, сүйүү…” сөздөрү ааламга тарап жатты.

“Түлкү” үнсүз ыйлап, анын жүзүнөн жигиттин жашы куюлуп жатты.

Полковник Абдрасулов кошо ыйлап турду. Экөө бекем кучакташып, “Түлкү” анын кулагына: “Ар бирибиз өз чындыгыбызды издейбиз, бизге Кудай гана сот боло алат. Сен мени сактап калгың келип турганын билип турам. Бирок, менин жан дүйнөмдү эми эч ким сактап кала албайт. Бүттү, тынчтык менен кете бер. Жараткан мага өз жазасын чыгарды, бүгүн менин Жооп берчү күнүм, – деп шыбырады.

– Уулум Айдарды сактап калганыңа ырахмат. Мен кайрадан сага карызмын.

– Балдар – биз үчүн бардыгы. Балдар – бул биз. Аларды коргоо. Бир гана нерсени өтүнөм, эми сен менин уулумду сактап кал. Эгер мүмкүнчүлүгүң жетсе, уулума бардык чындыкты айтып бер. Балдар өз аталарынын катасын кайталабашы керек…

“Түлкү” бурулбай туруп, асканын чегине келип жетти. Анын кадамы бекем болуп, оюнда эки анжылык жок болчу. Ар бир адам өз жолун өзү тандайт, жана ал жол дайыма туура болуш керек.

Бүркүт темирден жасалган, канатсыз кушту эч качан көргөн эмес. Алар учуп бара жатканда, эмнегедир жер жарылып бара жаткандай катуу үн чыкчу. Куш акыркы жолу бир нерседен коркту да, алсызданып баратты. Бул бүркүттүн өлүм алдындагы бийиктикке учушу болчу, андыктан ал канатсыз темир куштан жашырынгысы келди. Бийиктиктен, мурдагы учурлардай болуп, канатын жыйнап, төмөн карай денесин тик таштады. Анын акыркы учушу жерге түшүп бараткан жылдыздай тез болду. Аска таштарына урунуп түштү да, алсыз денеден жаны кетип бара жатты. Бүркүттүн жанында башын жерге салып тизелеп отурган адам, куран окуй берди. Ал катуу келип ташка тийген бүркүткө да көңүл буруп койгон жок. Эмнегедир, бүркүт да адамга жакын болгондон коркпой калды. Балким, бул адамдын да өмүрү аяктап калганын бүркүт сезип жаткандыр. Эмнеси болсо да, куш адамдан корккон жок. Байсеитов Тимур кушту карап туруп: “Ысымыбыз  өмүрдөй бизге бир жолу гана берилет, биз дүйнөдөн өтүп кеткен күндө да, ошол ысымыбыз биздин ордубузда калат. Сен дагы жашагың келип жатабы? Коркпо, ажал коркунучтуу эмес… ЭРЕНДЕР ыйлаган коркунучтуу” – деп шыбырады. Тимур башын көккө бийик көтөрүп, ал өзү сактап калган уулу кетип бара жаткан вертолеттун артынан бир карады да, колундагы гранаттын ачкычын ачып жиберди.

Каракол шаары

8-апрель, 2009-жыл. Саат 11.30

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.