АДАБИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭССЕ

КИРИШМЕ

Өткөндө бирөө айтат: бу акындарың аман болсун, өздөрү өмүрүндө ким бирөөнү чындап сүйүп көрбөсө деле махабат темасына келгенде мажнун болуп кетишет деп.

Ушуга окшош сөздү ыракматы Салижан агайдан да укканым бар эле. Бир ирет а кишинин дачасында, «күмүш булак» дегени бар экен, ошонун жанындагы чоң ташка отуруп алып, «замзам суудан» анча-мынча сеп этип коюп, өңчөй адабиятка ынтаасы барлар чогулган экенбиз, аркы-теркини кеп кылып жаткан элек, акыры ушу теманын учугу чубалып кетти.

«Бу акындар асмандан түштү дейсиңерби, алар деле жашында делбетап болуп, өңдүү-түстүү кыздардын артынан чуркаган, күйдүм чок болгон, дегдеткен кыздарына баары эле жеткен эмес. Ичинде калган ошол арман-күйүтүн, бактысыз сүйүүсүн айтканды көбү намыс көрөт, аялдарынан да коркот болуш керек, анын үстүнө бала-бакырасынан ийменет, мунун ордуна асмандын башын сүйлөп, адамзаттын кайгысын жазабыз деп каадалана беришет, ошондон улам ырларында жалыны аз, аксымдыгы арбын, баары эле жасалма мажнун болуп калып атпайбы», -деп калды кайран киши. (Так ушунтип айтты деп азыр кепилдик бере албайм, бирок жалпы мааниси ушуга жакын эле).

Агайды сөзүнөн кармайлы деп, бир-экөөбүз жарыша анын өзүнүн ырларын, айрыкча «Муңдуу баян» поэмасын эстетип, «сиз деле ошенткен турбайсызбы» маанисинде кеп кайрыгандай болдук. А киши адатынча тамашага салып: «Боюм корто, башым чоң болсо, кулагым антеннадай делдейип турса минтип, ушу менин кебетеме кайсы кыз кызыкты дейсиңер, бирок өзүм ошо жаман алыма карабай кыздардын жалаң көзөлдөрүн жакшы көрбөдүмбү, кысталак, мага ырлардын баарын ошо кудай аткырлар жаздырбадыбы!»- деп санын чаап карсылдаган эле.

Мунун эми чын-төгүнүн айтыш кыйын, албетте; мүмкүн, ырастан эле ошондой болгондур, а балким, чеберчилигидир, эмне болгон күндө да Салижан агайдын ырлары чычаладай кызарып анын өз сезиминен чыккандай таасир калтыра турганы анык.

Бу жерге болгону бир нерсени кыстара кетели. Бир акын: «Сени сүйдүм, аны эч ким биле албады,

сенин атың китепке кире албады»,- деп жазган экен, буга Токтосун акын (Самудинов) – акылы тапкыр киши эмеспи – биздин ушу сөздүн так үстүнөн түшкөнсүп мамындай шакаба арнаптыр:

Мунуң ким? — деп басмадан сурабастыр,

Сураганга бети да чыдабастыр.

Китебиме атыңды киргизсем дейм,

Болор эмес… үйдөгү редактор.

Деген менен моюнга алуу керек, сүйүү деген сүмүрөн калгыр бу сезимди бала кезде, мурдубузга анча-мынча жыт кире баштаганда ылгый ушу акындардан үйрөнбөдүкпү. Бул жагынан бизге ушулар баш тоголотушту, агезде СССРде секс жок, ал жок болгон соң сүйүү да жок деп элдин баарын мышык сопу кылып салган учур эле. Биздин кыргызда андан бетер бу маселе жабык тема болчу. Кокус кайсы бир бала баланча бир кызга кат жазып койсо барбы, мектеп уу-дуу түшүп, күпүр-күдүң сөздөр бүт айылды аралап, «мааладагы дүү-дүү кеп» болуп кетчү. Жаңылбасам, ошондой кезең болсо керек, кайсы бир жылы Омор акындын (Султанов) бир ыры жарыяланды. Ал мындай эле:

Эзелтен акындардын баары ырдашты,

Сүйдүк деп айдай сулуу карындашты.

Ай да эмес, Күн дагы эмес, Жылдыз да эмес,

Колума бирөө тийип багымды ачты.

Башкаларды билбейм, мага бул ыр турмуштун жылаңач чындыгындай көрүндү ошондо. Карандай акылга салып караганда муну азыр деле ушундай дегенге болот. Туура да, ак көрпө жайыл бирөөгө туш келсең, аның агартып уулдарды, кызартып кыздарды таап берсе, балдарга жалбырак болуп төшүлүп, аларга кошо жакаңды агартып, көңүлүңдү көгөртүп, бириңди эки кылып, учуңду узартып турса, эркек кишиге мындан башка дагы кандай бакыт керек дейсиң да!

Иши кылып, бул ыр ошондо жаңы гана боз бала куракка келип, дүйнө жалаң кыз болуп көрүнүп, эдиреңдеп келаткан кезде мурдуман «эшек куртумду» кагып салгандай эле болду.

Өңгөсү өңгө, ушу поэзияга калганда абдан тез таасирленип кетет элем. Бул ыр мени дароо эле «аскет» кылып таштады. Сүйүү деген жок турбайбы деп ойлодум, аны акындар ойлоп тапкан экен да көрсө! Биздин класстагы сулуусымак кыздар көркүнөн кемий түштү, жөпжөнөкөй бирдеме болуп калышты.

Ошентип жүргөн кезде «Ала-Тоо» журналынын жаңы саны колго тийип калды. Агезде гезит-журнал, анын ичинде «Ала-Тоо» дээрлик ар бир үйгө келет эле. Барактап кирдим, Омокемдин ырлары жүрөт, алары «Сен жөнүндө поэма» деп аталыптыр. Окусам, укмуш! Жалаң сүйүү жөнүндө экен. Болгондо да ыпым муңканган саптар, тим эле муун-жүүнүңдү бошотот. Окуганын окуп алып, көңүлгө жагып турса да эмнегедир ичим сууй түштү. Ту-уу, ата! – деп койом өзүмчө. – Ушундай да болобу?! Идеал көргөн акындарың деле туруксуз болот окшойт, кечээ эле башканы айтып, бүгүн минтип өлдүм-талдым деп өзөлөнүп отурса,кайсы сөзүнө ишенсе болот эми?!

Ошол ырлардын биринде:

Сен кетип жалгыздыкты калдым билип,

Селейип кең дүйнөнүн ортосунда.

Коолдоп көөдөнүмө суук кирип,

Муз тоңуп жүрөгүмдүн толтосуна.

 

Кайрадан карап чыгам дүйнөнү артып,

Капилет көрөмбү деп карааныңды.

Кайрадан бир боштукта жүрөм калкып,

Кай жактан сени билбей табаарымды,

-деген саптар бар эле. Ары ойлоп, бери ойлоп, акыры баягы «багын ачкан» аялы менен акын ажырашып кеткен окшойт, ошого арман кылып, кайгырып жүргөн кези экен деп тыянак чыгардым.

Анан эле Ырысбай ырчы — агезде ооматы келип, доораны жүрүп турган кез эле — бир күнү радиодон:

Билбейм кайдан табылгансың сен мага,

Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.

Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга,

Башкалардын сага миңи татыбай,

— деп боздоп чыкты. Бүттү, бассак-турсак мурдубуздан кыңылдап, «биз экөөбүз эки сандай барабар, биз экөөбүз эки суудай бириккен» болдук да калдык. Омокемдин ырларына жазылган дагы бир топ обондор жаралды. Ошолорду биз армияга баратып да ырдап кеттик, армиядан кайтканда да ырдап келдик.

Мынча болду, Омокемдин ырларын кантип «пропаганда» кылганымды да айта кетейин. Онунчу класста элек, Каныбек деген досум бар эле, экөөбүз арткы партада отурчу элек, ал көп өтпөй мени «ыр завод» кылып алды. Сабакка келер менен «бүгүн түкүнчө кызга ыр чыгар» деп заказ берет, болду, мен ишке киришем, ал мурдун чукуганча төрт сапты жаза салам. Кайдан алам, кимдин ыры, өзүм чыгарамбы, же башкабы, анын иши жок, колу сулуу эле, мен жазып бергенди алакандай кагазга көчүрүп чыгат да, анан танаписте ошо ыр «арналган» кыздын дептерин же китебин сурап алып, жаңкы «арноосун» ошого салып койот. Экөөбүз анан кантер экен деп аңдып калабыз. Айрым кыздар анчейин деле маани берген жок буга, кайра жакшы ыр экен дегенсип бизге баш бармагын көрсөтүп койот эле. Кээ бир «сезимталдары» болсо биртке чычалап, биз тарапка алая карап, сөөмөйүн кезеп калат. Ошентип жүрүп кыздардын көбүн жадаткан окшойбуз, бир күнү кыргыз адабият сабагы жаңы гана башталганда алды жактан бир кыз биздин кезектеги «арноо ырыбызды» агайыбыз Курманбек Дөлдөевгө бере салды. Агай үнүн чыгарып окуду да, класска кайрылып:

— Муну ким жазды? – деп сурады жөн-жайынча. Жаңкы кыз артка кайрылып, биз тарапты көрсөттү. Агай эчтеме дей электе эле уурулугу кармалып калгандан бетер Каныбегим бозоруп-татарып, ордунан тура калып, «тамашаладым эле» иретинде кечирим сурап жиберди.

— Омор Султановдун ырларына кызыгып жүрөсүңбү?!- деп сурады агай андан. Менин досум ушундай акын бар экенин кайдан билсин, будаланып туруп калды. Агай ага отур дегенсип кол жаңсап койду да, мага кайрылды:

— Эсенбай, сен билесиңби Омор акынды?

— Билем, -дедим. – «Ала-Тоого» жаңы ырлары чыгыптыр, агай.

— Мен да окудум, ырлары жакшы экен, — деди агай. Анан баарыбызга кайрылып: — Силер эми башталгыч класстын окуучулары эмессиңер да, ушундай мыкты акындарды окуп, биле жүргөнүңөр жакшы, андан зыян тартпайсыңар, — деп койду адатынча алпейим үн менен.

Адабият жагынан Курманбек агай менен «дос» элем. Минткеним — агезде «Кыргызстан пионери» гезитине, «Жаш ленинчи» журналына анча-мынча ырларым чыгып, мектепте «атактуу» болуп турган чагым эле, адабий темада агай менен көп сүйлөшөт элем. А киши адабий сынчылардан Кеңешбек Асаналиевди биринчи орунга койот эле, мен болсо Салижан Жигитовду башкы «пьедесталга» чыгарат элем. Агай өзү да бир жыл мурда эле университеттин филология факультетин бүтүрүп, биздин мектепке келген, ойлосом, ошондо жыйырманын кырынан жаңы эле ашып, кырчылдап турган курагы экен. Ал менин «акын болом» деген дымагымды жакшы билет эле, айтору. Кез-кезде: «Мектепти бүтөрдө сен мага сочинениени ыр менен жазып бересиң»,- деп калчу.

Айткандай эле агайдын тапшырмасын аткарып, мектепти бүтөрдө сочинениени – азыр дилбаян деп коюшат экен го – ошону эркин темада ыр менен жаздым. Кийин билсем, бул иш бүт районго дүң болуп, биздин Ноокен орто мектебине, айрыкча агайым Курманбек Дөлдөевгө жакшы сөздөр айтылыптыр. Менден болсо акын чыкпады, университетке кирген соң ыр жазбай калдым.

Кой эми, бабырап таптакыр башка сөзгө кирип кеттим окшойт, негизги темабызга кайрылайын.

 

МАХАБАТКА МАКТАЛ СӨЗ

Ошентип, кеп сүйүү лирикасы тууралуу болгону атат. Дале болсо Омор акынды дагы бир жолу ортого тартып алгым келип туру. «Сен жөнүндө поэмасында» мындай бир саптары бар:

Кайда гана кор болбогон бул өмүр,

Кимден гана калбай жүргөн бу көңүл?!

Сүрү таттуу унуткарган бардыгын,

Сүйүү деген бир керемет түгөнгүр.

………………………………………………..

Жаш-карыбы баары бирдей тартылаар,

Жаш куракка карабаган салты бар.

Сүйүү керек алоолонуп өрттөнүп,

Ал антпесең өрттөп ийер анты бар.

Анты катуу кашайгыр бу керемет сезим деги ошондо өзү эмне? Анын кандайдыр бир аныктамасы, жаш-карыга бирдей төп келер түшүндүрмөсү барбы?

Азыркы нейробиология буга мындайча жооп тапты: ургаачыбы, эркекпи, ким бирөөгө ышкы оту жанып калган адамдын баш мээси өзгөчө бир гормон – допамин (dopamin) бөлүп чыгара баштайт. Допамин – дофамин деп да айтылат – ырахат гормону, ал жаш куракка карабайт, тирүүлүктүн жыргалын ким кандай сезет, ошого жараша болот. Сүйүү ошо гормондон жаралат, муну коомдук илимде жуп болуп алакалашуу, социалдык мамиле, байланыш түзүү муктаждыгы дешет. (The Journal of Sexual Medicine. V. 7 (11). 2010).

Демек, илимпоздорго ишенсек, махабат – биологиялык касиет болуп чыгат. Биология иштеп турганда аял менен эркек бир-бирине магниттей тартыла берет, ал ымаланы ким кандай формада ишке ашырат, ага кандай мазмун берет – бул барып келип адамдардын өзүнө жараша болот дешет.

Жарайт, бирок ошо ысык ымала, жалындуу сезим канчага созулат? Өмүр бою өтпөгөн, өчпөгөн махабат болобу?

Буга чейин илимий чөйрөдө арзышкан адамдардын ортосундагы ысык сезимдер ашып барса он беш айга араң жетет, анан убакыт өткөн сайын баштагы табынан кайтып, муздай баштайт деген пикир үстөмдүк кылып келген эле. Мунун чын-төгүнүн текшерип чыгуу үчүн Нью-Йорктогу Стони Брук институтундагы профессорлор жыйырма жылдан ашык бирге жашаган түгөйлөрдүн мээсин изилдеп көрүп, допаминдин деңгээли төмөндөй электигин, алардын сезимдеринде деле жаңыдан гана сүйүшүп-күйүшүп жүргөн жаштардай эле алоо илеп бар экенин аныкташкан.

«Биздин бул ачылышыбыз сүйүү сезими бат өчөт деген карапайым түшүнүк чоң жаңылыштык экенин ырастады, -деп билдирген изилдөө иштеринин жетекчиси профессор Артур Арон. – Адам адашат, жалган айтат, бирок анын мээси эч качан жаңылбайт, калп айтпайт, ал аң-сезимдеги кыбыр эткен бардык кыймылды, өзгөрүүнү сканердей тап кармап, так сактап калат. Биз ушуга таянып, кайтпас махабат адамда болот деп так кесе айта алабыз»( The Sundy Times).

Ошентсе да башы ачылбаган айрым суроо-соболдор калат. Мисалы, эмне үчүн жалындап, акыл-эстен тангыдай болуп, «парктын ичи жалаң гүл да, жалаң кыз, сендейди мен кайдан гана таба алдым?! » (Омор акын), же болбосо «сенден сулуу болсо дагы алганым, сендей мага бу дүйнөдөн табылбайт» (Анатай акын) дегендей ак эткенден так этирген сезимге кабылып, анан улам жаш өйдөлөгөн соң барып эле «жаш кезгидей ынак сүйүү жок экен, отуз жаштын улам аркы жагында» (Алыкул акын) болуп, махабаттан көңүл калган учурлар турмушта арбын жолугат?

Буга илимпоздор мындай жооп беришет: өчпөс махабат, арийне, массалык көрүнүш эмес. Ал баарына эле буйруй бербейт, тетирисинче, сейрек кезигет, бирок болот. Махабат чынында эле акылга сыйбаган, аңдап-түшүнө алгыс, сырдуу жана сыйкырдуу келет. Же сен андан коркушуң керек, же ага жан дилиң менен ачылышың керек. Экинчисине караганда биринчиси реалдуу турмушта көп кезигет.

Айныбас махабат сейрек көрүнүш экени, чанда жолугары кала берсе байыркы мифтерде да баяндалат. Мисалы, Еврипиддин «Алкеста» трагедиясында үч Мойра – тагдырдын кудайлары — Фессалиянын падышасы Адметке эрдиги үчүн узак өмүр берүүнү чечет, бирок бир шарт коюлат: ажалы жакын калганда анын ордуна ким бирөө өлүшү керек болот. Адметтин өмүрүн узартканы анын аялы Алкеста буга өз эрки менен макул болуп, жанын кыят. Адам пендесине мүнөздүү келбеген мындай жосунга жана эрдикке таң калган Кудайлар өздөрүнүн өзгөргүс өкүмүнөн баш тартып, Алкестаны кайра тирилткенге аргасыз болушат. Башка бир вариантта Алкестаны тозоктун оозунан Геракл куткарып, күйөөсүнө кайтарып берет.

Ал эми Орфей жөнүндөгү мифте сүйүү ырларынын күчү даңазаланат. Орфей лирада (хордофон) ойногондо жапайы жандыктар анын буйругун аткарып, дарактар жана аскалар козголуп, түп орду менен жылып, бийлеп турган. Ага Эвридика аттуу бийке өзгөчө шык жана эргүү берген. Капыстан аны жылан чагып, каза болгондо Орфей күйүтүнө чыдабай, шумдуктай бир ыр чыгарат. Аны укканда Өлүм өзү күчүнөн тайып, акыреттин – Аиддин — кара күчтөр кайтарган эшиктери ачылат. Эвридика тирилип, Орфей жер алдына кирип, сүйгөн бийкесин жарык дүйнөгө баштап жөнөйт, бирок максатына жетпей калат. Анткени караңгы дүйнөдөн жарыкчылыкка чыкканга чейин артыңды карабайсың деген Кудайлардын шартын бузуп, ээрчип келаткан бийкесине кылчайып карап алат. Эвридика кайра өлөт, Орфей болсо жер безип, тентип кетет, акыры аны вакхандар – бузуку аялдар — тытмалап өлтүрүшөт. Ошентип, анын артында сүйүү ырларынын өлбөс-өчпөс күчү жөнүндөгү аңыз кептер калат, алар кийин барып диний маанидеги парафилософиялык агымга – орфизмге айланат.

Христиан дининде ыйык делинген апостолдордун бири: «Качандыр бир кезде адамдын эң акыркы душманы – өлүм жеңилет»,- деп айткан имиш. Муну өйдөкү мифтердин аңытына салганда, балким, ошол апостол сүйүүнүн өлгөн адамды да тирилтип жибергидей күчү болот деп ишенген байыркы түшүнүктөрдү эске алганбы дегендей кыяз келет.

Айтмакчы, эллин доорундагы эзелки гректер сүйүүнүн бир нече түрүн белгилешкен экен. Тикелей эркек менен аялдын мамилесине байланышкандарын «эрос», «людус» жана «прагма» деп бөлүшкөн. Биринчиси – жан кумарын, дене лазатын башкы орунга койот, муну жер бетинде адам тукумун уулантуунун жолу катары карайт. Эрос – сүйүүнүн кудайы, Афродитанын жардамчысы. Гесиод аны такылеттик кудайлардын эң сулуусу деп атаган жана ал баарын акылдан адаштырып койорун белгилеген («Теогония«).

Людус (лат. ludus) – көңүл черин жаза турган сүйүү. Биздин кыргызда да мунун аныктамалары бар: сыпаасы – көңүлдөш, одоносу – ойнош. Мындайда махабат сезими жасалма, үстүрт болот, эки тарап тең бир-биринин көзүнө чөп сала берет.

Ал эми «прагма» дегени болсо карандай акылдан турган, пайданы, өзүнө ыңтайлуу жагдайды же башка бир максатты, көбүнесе жакшы мүдөөнү көздөгөн сүйүү. Прагмада жалындаган сезим болбойт, бирок үй-бүлө бир топ эле бекем болот.

Биздин кыргызда күйдүм-сүйдүм иши негизинен байыркы гректердин ушу «прагмасы» менен бааланат, атүгүл ата салтка айланган «элдик философия» десек болот.

Өзүм билген бир икая. Бир кызды университеттин экинчи курсунда жайкы каникулда айылга барганда коңшу кыштактан бир жигит ала качып кетет. Мурда көрбөгөн-билбеген неме окшойт, сотко берем, антем-минтем маанисинде жер тепкилеп, чатак салат. Акыры эптеп үйгө киргизишет, жаңкы кыз дале азармандан-безерман болумуш этип, эки колу менен бетин басып, соолуктап ыйлап отуруп, кандай немелер экен дегендей кылтыйып көзүнүн кыйыгы менен үй ичине көз чаптырат. Байкаса, турмуштары бир топ эле тың сыякты, атүгүл байгер турат шекилди, калса калып деле калчудай жер экен деп ойлойт ичинен. Ошентип, ошо жерге келин болуп калат. Азыр небере-чебере таап, ошо күйөөсү менен жашайт. Ичинде калган арманы деле жок өңдөнөт.

Буга окшогон икаялар четинен чыгат. Салижан агайдын бир поэмасында мындай саптар бар:

Бейгам адам аны да, муну сүйүп,

көп нерсени кур бекер ыйык кылат.

Башка түшсө түйшүктүү тиричилик,

сүйүү эмес, үмүттү унуттурат.

 

Ал эми мен – оокатка чара барбы –

эстей бербей эскини шуу үшкүрүп,

кажаң-кажаң карч уруп кара жанды

токоч таап жеп жүрөм, шүгүрчүлүк!

«Прагманын» ток этер маңызы ушул.

СҮЙҮҮ ДЕГЕН СҮМҮРӨН

Деген менен махабат дегенди адамзат дамамат эле даңазалап, ага мактал айтып турган эмес, арийне. Маселеге тетири көз менен карагандар, тескери маани бергендер, анын жыргалынан кечип, таркы дүйнө кылып таштап, кечил болуп кеткендер, ушундай жашоо жолоюн жолдоп, муну атайы ташбыйкат кылгандар да болгон, андайлар азыр деле аз эмес.

Акыл-эстин, жалпы эле адамзат маданиятынын эң алгачкы тепкичтеринде көзү өттү делинген адам өз тукумунан төрөлгөн ымыркайдын денесинде жерге кайтып келет, ал небере же чөбөрө болуп жашап, түбөлүк уланып турат деген түшүнүк күчтүү болгон. Кийин ошол ишенимдер Күн чыгышта — реинкарнация, Батышта — метемпсихоз аталышында диний фалсафага өсүп чыккан (буддизм, орфизм, пифагореизм, каббалистика ж.б.).

Пифагорчулар (пифагореи́зм) менен орфиктердин түшүндүрмөлөрүндө ар бир адамдын жаны эки жыныстан турат, анда эркек менен ургаачынын башталмасы бирдей болот, бири — Эрот, экинчиси – Психея делинет.

Байыркы санскрит адабиятындагы Упанишад трактаттарында (б.з.ч.VIII-III кылымдар) адамдын жан-тыны улам бир жыныстан экинчи жыныска айланып кайталана берет, ал керек болсо өзүнө өзү үйлөнүп турат деп айтылат. Ал качандыр бир өзү эмген ак маманы жан кумары жанганда мыжыга кармайт. Качандыр бир өзүн жараткан сукруктан лазат алат… Болмуштун айлампасында ушинтип … адам каңгып жүрө берет. ( «Ту грудь, что некогда питала его, он сжимает, охваченный страстью. В том лоне, что некогда породило его, он предается наслаждению. …Так в круговороте бытия… блуждает человек» (Упанишады. М.,1967, 228).

Булардын баары Ницшенин «түбөлүк кайталанма» (вечное возвращение) теориясында жалпыланган десек болот. Ал өзү сүйүүгө оң көзү менен эле караган. «Атүгүл Кудайдын да өз тозогу бар, бул анын кишилерди жакшы көргөнү», -дегени бар. Кудайдын биринчи катачылыгы деп Ницше эркекти жаратканын, экинчи катачылыгы деп аялды жаратканын айткан. Анын баамында, «эркек коркунучтуу жана оюнкарак жан болот, ошону үчүн ага аял керек, аял болсо коркунучтуу оюнчук». Ал эми «нике ортозаар адамдар үчүн ойлоп табылган нерсе, андайлар бирөөнү жарытып сүйө да билбейт, чындап күйө да билбейт».

Сүйүүгө дегеле ишенбегендердин, ага мыскылдап карагандардын бири Зигмунд Фрейд болгон. Анын түшүндүрмөсү кыскача мындай: эркек менен ургаачынын жакындыгы түбү барып бир гана нерседен – жыныстык ышкыдан (либидо) чыккан. Биз сүйүү деп атаган иштин өзөгү –жыныстык кумардан турат, анын максаты — жыныстык жакындык. Болгону ушу. Түпкү насилинде сүйүү жер каймактаган кезеңдерде кандай жапайы болсо, азыр деле ошондой. Ага кийинки замандарда гана маданий түр берилген, болбосо анда эч кандай рухий башталма жок.

Фрейддин сублимация (психикадагы энергиянын башка түргө, көбүнчө социалдык энергияга айлануу) теориясы сүйүүнү эң баштапкы сексуалдык инстинктке алып барып такап, бирок муну адамзаттын өнүгүшүндөгү негизги демөөр кылып көрсөтөт. Бу жагынан ал биздин заманга чейинки реинкарнация жана метемпсихоз түшүнүктөрүндөгү түйүндүү жоболорду бышыктагандай болгон, мисалы, Эдиптин комплексин универсалдуу феномен кылып көрсөтүп, ал эми К.Юнг сунуш кылган Электранын комплексин болбогон бирдеме деп атаган. (Буга байланыштуу адабияттар өтө көп. Алардын айрымдарын көрсөтө кетели: Зигмунд Фрейд. Очерки по психологии сексуальности. 2015; По ту сторону принципа удовольствия. 2010; Жак Деррида. О почтовой открытке от Сократа до Фрейда и не только. Минск. 1999; Джонс Э. Жизнь и творения Зигмунда Фрейда. М,1996).

Азыркы замандагы ашынган феминизм философиясында сүйүү аялды эксплуатациялоонун бир түрү катары каралат. Алардын айрым өкүлдөрү махабатты эркектер ойлоп тапкан, «мен сени сүйөм» деген сөздүн сыйкыры менен алар аялды баш ийүүгө гана көндүрүшөт, ургаачы затына жан кумарын кандыруунун каражаты, укум-тукумун улай турган инкубатордой карашат, болочокто – постгендердик доордо – мунун баары жок болушу керек, жыныс ышкысын биотехнологиянын алдыңкы үлгүлөрүн колдонуп ооздуктаса, тукум улоо маселесин клондоштуруу аркылуу чечсе болот, ошондо сүйдүм-күйдүм деген сезимден эчтеме калбайт дегендей кыязда ой жорушат (Кейт Миллет, Жульет Митчелл ж.б.)

Ашынган феминисткалардын чырагына май тамызып, америкалык нейробиологдор быйыл ооз ачырган дагы бир жаңылыгын жарыялашты. Алардын божомолдоруна ишенсек, жакынкы он жылдыктарда – илимде бул бериси элүү, арысы жүз жылга чукул мезгилди алат – жан кумарын кандыруу үчүн аял эркекке, эркек аялга муктаж болбой калат. Мунун баарын кол телефондой эле чакан аппарат аткарып калат, ал атайын түзүлгөн вирус-сигналдар менен жабдылат, лазат алгысы келген киши укумдай бир басмакты басса, ырахат сигналдары мээге жетип, мукураткан муктаждыгын алеки саатта алымсындырып берет. Бирок бул адам өмүрү үчүн өтө зыяндуу жана кооптуу болот, жыныс лазаттына тойбогон токурлар, эркек-ургаачысы болобу, аппараттын акысыз кызматынан ашкере пайдаланып, «бекер жыргал турганда жаман жан куруп калсын» принцибине салып, ашыкча мээнип-сөөнүп алгысы келип отуруп эртелеп керектен чыгып, же жүрөгү кармап, мүрт өлүп кетиши ыктымал. (Andriod-robot, Woman’s Day журналы, июль 2017).

Иши кылып, сүйүү деген кудай аткыр бу сүмүрөн сезим биотехнологиянын доорунда адамзаттын түбүнө жетип тынышы да ажеп эмес.

P.S. Бул үзүндү белгилүү публицист Эсенбай Нурушевдин али эч жерде жарыялана элек «Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга»аттуу адабий-философиялык эссесинен алында.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.