Унутулган жазгыч акындардын дээрлик баарысынын көркөм мурастарынан кеңири жолуккан жанр болуп айтыш ырлары эсептелет. Даашышман акын Нурмолдо эл чогулган чоң-чоң жыйындарда да, аш-тойлордо да журт алдына чыгып ар кандай деңгээлдеги акындар менен айтыш өнөрүнүн бардык түрүндө ат салышып келиптир. Колдо бар материалдарга көңүл бурчу болсок «Нурмолдо Кашмирден, ажыдан келгенде Анжиянда Алымбек датканын медресесинде кыпчак уламалары менен учурашканы», «Молдо Кыргыз медресесинде ыр», «Өлөңчүлөр Ташкендеги тойдо» деп аталган жана Эшкожо куудул, Мыса ырчы менен болгон айтыштары Нурмолдонун өмүр таржымалына байланыштуу материалдары менен гана көңүл бурдурбаса, көркөмдүгү, айтыш жанрына мүнөздүү курчтук жана таамай-тактыктары жагынан анча деле кызыгууну жарата алышпайт. Биздин баамыбызда аталган айтыш ырларынын мындай талапка жооп бере албай тургандай мажирөө жаралып калышынын бирден бир себеби болуп Нурмолдонун өнөктөштөрү талант-дараметтери жагынан чектелүү ырчылардан болуп калгандыгы эсептелинет. Тагыраак айтканда, Наманган, Анжиян тарапта

Кодура талдай жанашып,
Биринен бири талашып,
Ырчымын деген көп болот.
Жазгы кара жамгырдай,
Нөшөрлөтүп сабаган,
Ашкере ырчы жок болот,
[1;132-б.] — деп алп акын Арстанбек таамай белгилегендей, жогорку айтыштарда Нурмолдонун өнөктөштөрү келендер Жуман, маселчи Хасанбай мударис, Даанышман мударис, мударис Байыш улама, мударис Шаир акын, Кыдыраалы, Үсөн, Арзыкул, Тиллабай, Устажолдош, Эсенбай, Эшкожо, Мыса сыяктуу «кодура талдай» ырчылар болуп калгандыгында.

Бирок Нурмолдонун ырчылык өмүрүндө өзгөчө көңүл бурарлык бир нече айтыштары да болуптур. Булар Жеңижок, Найманбай, Нурбай ырчы жана Токтогул, Эшмамбет менен болгон айтыштары.

Баарыбызга белгилүү Жеңижок менен болгон айтыш жөнүндө ар кандай уламыш сөздөр бир топ арбын. Ал аңыз кептерге эми Нурмолдонун өзүнүн айткандары кошулуп, бул баян андан бетер кызыктуу абалга келип жетти. Биз буга чейин окуп келгендей жаш Өтө ырчы өз устаты Нурмолдо менен болгон айтышта эки жеңи карысынан жок кемсел кийип ырдап туруп устатын утуп алганы үчүн «Жеңижок» атка конот. Ал эми бүгүнкү күндө Нурмолдо акындын жыйнактарынан момундай деген маалыматтарды окуп олтурабыз: «Нурмолдонун көп сөздөрү ылакап болуп тарап кете турган. Өтөнү окутуп жүргөндө ысымын унутуп калып: «- Эй, жеңижок бала бери кел, — деп чакырат. Ошондон улам балдар «Жеңижок, Жеңижок» деп атап жүрүшүп Жеңижок атыгып кеткен.» Ал эми Нурмолдо өзү болсо:

Ырдан да болсун шакиртим,
Ысымыңды койдум «Жеңижок»,
– деп ырдап турат. [2; 21-б.] Демек, Өтө «Жеңижок» деген атка устатын жеңген күнү ээ болбостон, тескерисинче, Өтөгө «Жеңижок» деген ылакап ысымды берген устаты Нурмолдо болуптур. Бул сөздүн ырастыгын далилдеп Жеңижок өзү да:

Пайгамбар мөөрүн көрсөткөн,
Карматып калем оң колго.
Илимий жолго жетелеп,
Тай-тайлаткан Нурмолдо,
[3; 5-б.] деп моюнга алып ырдап турат. Ырасында эле тай-тайлатып жүрүп Нурмолдо берген дал ушул илимдин аркасында Жеңижок далай жолу чоң-чоң айтыштарда утушчул позицияга ээ боло алган. Мунун классикалык үлгүсү катары Жеңижок менен Барпынын айтышын көрсөтүп кетсек болот. Дегеле Жеңижок айтыш өнөрүнүн бардык жол-жоболорун, ар кандай ыкмаларын терең өздөштүрүп алган орошон ырчы катары  ар качан өзүнө ыңгайлуу позицияны жарата алган. Айталы, Нурмолдо менен болгон айтышында устатынын шарыят, тиги дүйнө жөнүндөгү айткандарын мазак сөзгө айландырып жиберип («Барсаң орун кең бекен. // Периштелер башкарган //  «Бейиш» деген жайыңар») утушка ээ болсо, Барпы менен болгон айтышында, тескерисинче, анын дал ушул мусулманчылык багытындагы илиминин чектелүү экендигинен пайдаланып ага жалаң Куран, исламдын жол-жоболору, мусулманчылыктын парыздары жөнүндөгү суроолорду жаадырып туруп алат.

Нурмолдонун айтыш ырларынын эң мыктыларынын бири болуп, албетте, Нурбай ырчы менен болгон айтышы эсептелет. Көлөмү жагынан да бул башкаларга салыштырмалуу бир топ бараандуу. Ал эми козгогон проблемасы жагына келчү болсок, анда Нурбай менен болгон айтышты өзгөчө бийик даражага көтөрүп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп, анан да жарышка түшкөн акындардын кимиси ким экендигин аныктап турган анын дал ушул проблемасы болуп эсептелет. Тагырак айтканда, бул айтышта Нурмолдо менен Нурбай заман көйгөйүн, заман бейнесин чечмелеп ырдоо менен бирин бири сынашат. Нурбай ырчы:

Заман акыр, жер такыр
Болуп бара жатпайбы,
– деп кебин баштап, анан маңдайында турган Нурмолдо акынга:

Супсунуң суур тим эле.
Суроолорду беремин,
– деп сөзүн улантат да, ырасында бу заманда кулпенделердин айласы түгөнгөндүгүнүн, бу замандын бычактап союп жегидей кой болуп калгандыгынын ж.б. бир топ көкөй кескен ал-абалдардын себебин чечмелеп берүүнү сунуш кылат. Даанышман ырчы өнөктөшүнүн кырынан коюлгансыган бул соболдорунан жүрөксүп калбай, тескерисинче,

Тике тиктеп өзүңө,
Жооп берем сөзүңө, – дейт ачык эле. Баарынан да акындын терең ишеними бул: «Чындыгы үчүн коомдун // Карабаймын көзүңө». Ошону менен бирге Нурмолдо акындын терең ишениминде коомдогу чындык момундай:

Тоголото чапкыдай,
Тобуң эмес замана.
Кааласаң союп жегидей,
Коюң эмес замана.
Катындар башка салынчу
Жоолук эмес замана.
Белиңе байлап алчудай
Боолук эмес замана. [2; 23-б.]

Анан да эң башкысы, ар бир инсандын калктын катарында, элдин сабында болуусу, жалпы журттун үмүт-тилеги, ой-санаасы менен жашоосу замандын бакубат болуусунун бирден бир өбөлгөсү экендигин ачык айтат акын:

Көпчүлүктү жактасаң
Бакыт болгой замана.
Жаркыраткан түнүңү
Жакут болгой замана. [2; 24-б.]

Албетте, Нурмолдону улуу ырчы, даанышман акын кылып турган дал ушул сыяктуу төгөрөгү төп келип, уккан адамды муюткан саптары болуп эсептелет. Анан да Нурмолдо акындын терең ишениминде:

Ыргагын таап черте алсаң
Күүң болгой замана.
Обонун таап ырдасаң
Үнүң болгой замана. [2; 25-б.]

Андан ары акын карама-каршы көрүнүштөрдү, бирин бири жокко чыгарып турган түшүнүктөрдү кош катар коюп кебин улантат да, «түзгөн», «бузган» деген сөздөрдү пайдалануу менен замана, коом үчүн кимдер жаратман да, кимдер кыйратуучу экендигин баяндоого өтөт: «Калк мүдөөсүн көздөгөн // Канык түзгөн замана. // Кара оокатка касташып // Маңлар бузган замана». Түрмөктөлгөн ушундай бакубат ойлордун зор толкунунан кийин даанышман акын мыйзамдуу түрдө момундай жыйынтык оюн ортого салат:

Замана деген ушундай:
Колуңдагы кушуңдай.
Таптаганга жараша
Түшүм берет кызылдай. [2; 25-б.]

Чогулган эл Нурмолдонун кебине муюшту, Нурмолдонун ойлорун туура табышып акынды жакташты. Нурбай ырчы да шыр эле ээрден түшүп бергиси келген жок, тескерисинче, жарлап турган элдин мусулманчылык сезимине ойноп, ал турсун Нурмолдонун жеке өзүнө асылып ырдаганга өттү. Жогоруракта айтылгандай, даанышман адам катары Нурмолдо биринчи дүйнөлүк согушта жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн тыл жумушуна барып иштөөсүн колдогон. Николай IIнин жарлыгынан баш тарту калың элди андан бетер кыйноого, керек болсо кырылууга алып келет деп терең ишенген. Акындын ушул аракетин эми Нурбай ырчы «оруска сатылуу», «каапырга жан тартуу» катары интерпретациялап, көпчүлүктүн мусулманчылык сезимин дүргүтө баштады. «Атса көрбөй доңузча // Болушасың оруска»,
Мусулмандын кафирге,
Мамилесин билбейсиң!
Каяша айтсам оруска,
Кайра мени тилдейсиң?
[2; 26-б.] деп келип, шылдың аралашкан момундай деген өтө оор айып-күнөөлөрдү коёт:

Сөзүң башка молдосуң,
Өзүң башка жолдосуң.
Эрдиги жок эшенсиң,
Элден чыккан кеселсиң.
Орустарды колдойм деп
Кафир болдуң Нурмолдо! [2; 27-б.]

Мындай оор айып-күнөөлөр ар кандай адамды күйбөгөн жерин күл кылып, тең салмактуулуктан чыгарып, өнөгүнө акаарат сөз айттырганга чейин барышы ыктымал. Бирок даанышман акын бузуку сөзгө бурулбай, тескери сөзгө терикбей жанда жок сабырдуулугун, салкын кандуулугун көрсөтүп, «Кордогонуң жукпайды // Колтугума чыкпайды. // Арбаганың жукпайды // Ашыгыма чыкпайды. // Кафир сөзүң жукпайды // Капталыма чыкпайды. // Эшендигим эл билет // Молдолугум мол билет» деп эч бир кебелбестен туруп:

Уу сөзүңдү жолотпойм
Убактымды коротпойм.

Жамандарча чарпышбайм,
Жакшыларча айтышам,
[2; 29-б.] деп ошол кездеги тарыхый кырдаалды терең түшүнүү менен орус-кыргыз маселесине карата өз оюн көпчүлүктүн алдында жарыя айтат. ХIХ кылымдын 70-80-жылдарындагы орус империясынын жазалоочу отряддарынын кыргыз жергесиндеги жүрөк үшүн алган кандуу жүрүштөрүн эске салат. (Бул кызыл кыргын экспедициялар жөнүндө Кыяз Молдокасымов баш болгон тарыхчылардын соңку жылдардагы эмгектеринде эң сонун баяндалып берилүүдө.)

Миң-Төбөдө эр түгүл.
Калбады бала, аялы.
Тыптыйпыл болду эгини,
Суусуз койду талааны.
Миң-Төбөгө алиге
Маңбайды инсан аягы!
Баштамаксың маң Нурбай
Мына ушундай балээни!
[2; 31-б.]

Коңшу элдин башына түшкөн азап-тозоктордон бери Нурбайдын эсине салып кетет акын:

Каяша айтып оруска
Казак хандар не болду?
Аяк-башы белгисиз
Айтышып жүрүп жоголду.

Ошондуктан

Ойлончу бир аз токтолуп:
Каяшаң тиер ок болуп.
Алакандай аз элсиң
Каласың дароо жок болуп. [2; 33-б.]

Даанышман акын мына ушундай чекеге черткендей жүйөөлүү кеби, моюнга албай коюуга мүмкүн болбогон негиздүү сөзү менен угуп турган элди муютат.

Нурбай ырчы менен болгон бул айтыш, ырасында эле, Нурмолдонун акыл-парасатынын тунуктугунан, тарыхый кырдаал-шартты илгертпей биле алган чыныгы акылгөйлүгүнөн, анан да өз элинин нукура патриоту, өз калкынын амандыгы үчүн күйүп-бышкан ашкере асыл атуулдугунан эң сонун кабар берип турат. Анын айтыштарындагы мына ушундай сапат-белгилерден улам белгилүү адабиятчы Батма Кебекова төмөндөгүдөй туура жыйынтыкка келген: “…Нурмолдо кандайдыр бир даражада өз мезгилинин социалдык жүгүн, идеологиясын аркалаган акын, бул мотив анын айтыштарынан да орун алат.” [4; 390-б.]

Ал эми акындын Токтогул, Эшмамбет менен болгон «Бир Аллах» деген айтышы жанрдык жактан табышмактатып айтылган санат айтыш болуп эсептелет. Мында ырдалчу теманы ортого таштап кеп баштаган Нурмолдо сунуш кылат. Болгондо да табышмак түрүндө ортого салат. Бул жашоодогу ар кандай көрүнүштөрдү айтып туруп, анан «муну жараткан эмне?» деген собол таштайт. Токтогул менен Эшмамбет ар бир айтылган собол-санатка дал ошондой ырааты менен айтылган  жоопторун узатышат. Мисалы:

Нурмолдо: Дүйүм мөмө жасаган
Даракчан ыйык эмине?

Токтогул: Дүйүм мөмө жараткан
Даракчан өзү бир Аллах. [3;18,19-бб. ] ж.б.

Ал эми Эшмамбет болсо бул ыргакты андан ары улантып:

Желписин деп ысыса,
Желди берген бир Аллах.
Жарашсын деп сулууга,
Меңди берген бир Аллах.
[3; 21-б.] деп айтышты андан ары кызыткан. Дегеле бул айтыш кандайдыр бир деңгээлде ыймандык, адеп-актык (нравалык) жүк көтөрүү менен ырчылар поэзиясындагы айтыш өнөрүн тематикалык жактан да, жанрдык жактан да байыткан жана бул катарда өз орду бар чыгарма болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар:

  1. Арстанбек. Ырлар. Түзгөн: Б.Кебекова [Текст] // Арстанбек. – Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1994. – 180 б.
  2. Нурмолдо. Молдо Кыргыз медресесиндеги ырлар. [Текст] // Нурмолдо. – Ала-Бука райондук басмаканасы, 1997. — 92 б.
  3. Нурмолдо. Замана. (Ырлары, айтыштары, опсундук икаялары) [Текст] // Нурмолдо. (Түзгөн: Калмурат Рыскулов) – Жалал-Абад. – 1995. – 48 б.
  4. Кебекова,Б. Кыргыз эл ырчыларынын тарыхынын очерктери. [Текст] // Б.Кебекова. – Б.: Турар.- 2009. – 496 б.

Садык АЛАХАН, Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору, филология илимдеринин доктору, профессор.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.