Авар жомогу: Түлкү менен кашкулак 

Түлкү менен кашкулак достошуп, бирге жашай баштайт. Бир ирет алардын жолдору болуп сүрсүтүлгөн май куйрук таап алышат. Не бар, не жок деген экөө куйрукту жеп салбастан кыйын күндөргө сактап коюшат. Бирок бир күнү түлкүнүн куйрук жегиси келип, кашкулакка кайрылды: — Кел, куйрукка мелдешебиз: кимибиз эң кызыктуу түш көрсөк, аны ошонубуз жейбиз. Кашкулак макул болуп, уйкуга баш коюшту. Ал дароо эле уктап кетти. Түлкү болсо куйрукту шашпай жеп алып, анан коңурукту кош тартууга киришти. Бир кезде кашкулак туруп, түлкүнү ойготуп мындай […]

Абдилаат ДООРОВ: Ыр автордун айыл же шаарда жашаганынан айырмаланбайт

Маектешибиз элетте жашап, айылдын кирсиз асманындай тунук, Лейлектин аптабына бышкан жүзүмүндөй ширин ырларды жазган Абдилаат Дооров учурда Лейлек райондук “Ата Журт” гезитинин баш редакторлук кызматын аркалап келет. — Абдилаат агай, элет жеринде өмүр кечирип, ыр жыйнактарын чыгарып келаткан калемгерлердин бирисиз. Айылда жазылган ыр менен борбордо, шаарда жашап жазылган ырдын айырмасы эмнеде? — Ооба, элетте жашоонун өзгөчөлүгү бөтөнчө. Мен өлкөбүздүн түштүк-батышындагы Исфана шаарында (фарсы тилинде ис-жыт, фана-атыр), атыр жыттуу аймакта жашаймын. Сулуунун кош өрүм чачындай Козу-Баглан, Ак-Суу дайралуу, санжырага бай Алтын-Бешик […]

Жек ЛОНДОН: Жалган күндөрдүн шооласын ээрчип[1]

АҢГЕМЕ Ситка Чарли оозуна канжасын тиштеген бойдон «Полис-газеттин» дубалга чапталган бир сүрөтүн көпкө үңүлө тиктеп турду. Андан жарым саатча көз айырган жок, бирок улам алдыртан тымызын ага көз жиберип байкап турдум. Анын башына кандайдыр бир ой түшкөнсүдү — кандай ой экенин кудай билсинби, иши кылып кызык болуу керек. Ал өз өмүрүндө көптү көрүп, далайды башынан өткөрдү жана укмуштуудай өзгөрүп кетүү да колунан келди: ал өз элинен четтеп, колунан келишинче бүт дити менен ак адам болуп кетти. Биздин ортобуздагы жылуу жайга […]

Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү

Конфуций эрдик жана күч-кубаттуулук тууралуу сөздөргө, адам ишениши кыйын иштер боюнча талаштарга, уруш-талаштарга жана кудай жөнүндөгү талкууларга аралашчу эмес. Конфуций төрт нерсеси менен башка адамдардан жогору турган: ал божомолдорду айтчу эмес, кежирлик кылбаган, сокур тырышчаактыкты көрсөтпөгөн, ал өзүн күнөөсүз периште сезбеген. * * * Цзэн Цзы айткан: “Мен күн сайын өзүмдү үч тарабымдан талдап турам. Башкаларга жакшылык жасай албасам да аны кылууга ниеттендимби? Досторум менен маектешүүдө ак ниет жана чынчыл болдумбу? Устатым берген билимди ичимден унутпай кайталап жүрөмбү?» * * […]

«Ал көйнөк» жөнүндө элдик уламыш

Сузак районундагы Кыз-Көл айылынын этегиндеги сай үстүндөгү тумшукту айыл эли «Ал көйнөк» деп коюшат. Ал эмнеден улам ушинтип аталып калды экен? Эмесе, эл оозунда калган кепке кулак салалы. Өткөн кылымдарда болгон го, жакырчылык заманбы, айтор, бир кийип жыртылар көйнөктүн айынан элдин эсинен түбөлүк чыкпас окуя болуптур. Жаз келип, табият көркүнө чыгып калган кезде айт майрамы болуп калат. Айылдын кыздарынын баары жасана кийинишип айттап жөнөгөндө, бой жетип калган бир кедейдин кызы аларды ээрчимек болот. Ээрчийин десе, алардын көйнөгүндөй кооз көйнөгү жок. […]

Садык АЛАХАН: Арстанбек – айтыш өнөрүнүн улуу устаты (2-макала)

Арстанбектин көркөм мурасынын ичинде анын айтыш ырлары да өзгөчө орунга ээ. Бизге анын Чоӊду менен, казак ырчылары Кантарбай, Сүйүнбай менен болгон айтыштары келип жетти. Бул тексттердин таржымалы да өзгөчө кызык. Жакынкы күнгө чейин Улуттук илимдер академиябыздын колжазмалар корунда Арстанбек ырчынын айтыштары жөнүндө айрым маалыматтар гана бар болчу. Оӊдой берди болуп, улуу ырчынын бүгүн биздин колдо бар мурасынын көпчүлүгү капилеттен табылып калды. Кабай Абдырахман уулу деген айылдык мугалим Арстанбектин көркөм мурасынын сары изине чөп салып чогултуп жүрүптүр. Ал жөнүндө адабиятчы Б.Кебекова […]

Абдил ШЕРМАТОВ: Көр тириликтин көркөм интерпретациясы (адабий сын)

Ушу тапта жүрүп жаткан кыргыз коомундагы өзгөрүүлөр адабий процесске да олуттуу таасирин тийгизгенин байкоо анча деле кыйын эмес. Жашоо тиричилиги рыноктук түр-түспөл ала баштаган элдин эпчил өкүлдөрү баарын сатыкка койгон сыңары, рухий ишмердик менен алектенгендер да ар кандай тематикада, жанрда, көркөмдүктө жараткан продукцияларына товардык статус берип чыгара башташты. Бирок жаңыдан түптөлүп жаткан өлкөбүздө, маселен, китеп чыгаруу тармагында, аны аземдеп басып чыгарып, анан анын алармандарын таап, акчага айландыруу индустриясы өнүкпөгөндүктөн, ошол басылмалар же авторунун ажаатын ачканга жарабай, же жапайы рынокту жандандыра […]